Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-июну № 348
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 28-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
28 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду | 45 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппарат | 36 |
| - аймактык бөлүктөр | 9 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- эки айлык мөөнөттө түзүмүн жана штаттык санын ушул токтомго ылайык келтирсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |