Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-июну № 352
"Өзү билемдик менен курулган үй курулмаларын легалдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.Турсунбеков демилгелеген "Өзү билемдик менен курулган үй курулмаларын легалдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусунун долбоору жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы № 352 токтому менен жактырылган |
"Өзү билемдик менен курулган үй курулмаларын легалдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А.Турсунбеков демилгелеген ''Өзү билемдик менен курулган үй курулмаларын легалдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Сунушталган мыйзамдын долбоору Бишкек жана Ош шаарларынын жаңы конуштарынын аймагындагы 2012-жылдын 3-августуна чейин өзү билемдик менен тургузулган үй курулмаларын легалдаштыруу боюнча бир жолку акциясын өткөрүү маселесин жөнгө салууга багытталган жана аларды легалдаштыруунун тартибин белгилейт.
Белгилеп кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында "бир жолку акция" деген түшүнүк каралган эмес, ошондуктан аны практикада так колдонуу максатында аталган түшүнүккө каралып жаткан Мыйзамдын долбоорунда так аныктама берүү зарыл.
Мыйзамдын долбооруна маалымкат негиздемеде курулмалардын жогоруда көрсөтүлгөн датасын (2012-жылдын 3-августуна чейин) белгилөө себептерин жана критерийлерин жүйөлөштүргөн маалымат жок.
2. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык үй курулмаларын өзү билемдик менен куруу деп ушул максаттар үчүн бөлүнүп берилбеген жер участокторуна курулган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген зарыл уруксаттарды албай туруп курулган турак үй курулмаларын же кыймылсыз мүлктүн башка объектилерин курууну билебиз.
Ошондой болсо да Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 454-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте уруксат албастан объекттерди куруу жана колдонуудагы кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүү үчүн администрациялык жоопкерчилик каралган.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 254-1-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, эгерде курулган курулушту сактап калуу башка адамдардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын бузууга алып келсе, болбосо алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирсе, адамдардын өзү билемдик менен курган курулушуна менчик укугу таанылбайт. Ушуга байланыштуу, аталган мыйзамдын долбоорунун 2-беренесин төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толуктоону сунуштайбыз:
"3. Ушул Мыйзам өзү билемдик менен тургузулган үй курулмаларынын ээлери категориясына, эгерде алар башка адамдардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузса, жайылтылбайт.".
3. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 3-бөлүгүндө кыймылсыз мүлк бирдигине акысыз негизде техникалык изилдөөнү жүргүзүү сунушталган.
Бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 388 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөөнү кыймылсыз мүлк бирдиги жайгашкан жердеги жергиликтүү каттоочу органдар акы төлөмө негизде жүргүзүшөт.
Жергиликтүү каттоо органдары өзүнүн ишин өзүн-өзү каржылоо принцибинде жүзөгө ашыргандыгын эске алганда, Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 3-бөлүгүнөн "акысыз" деген сөздү алып салууну максатка ылайык деп эсептейбиз.
4. Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы жоболор коррупциялык мүнөздө болуп, так эмес айтылган, ушундан улам субъектке тигил же бул кырдаалды өз каалагандай чечмелөө боюнча дискрециялык ыйгарым укуктарды берет, ушуга байланыштуу 4-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "мүмкүн" деген сөздү алып салуу керек.
5. Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 6-пунктта органдын аталышы белгиленген (мэриянын жеке турак жайларды куруу департаменти), анын жетекчиси Өзү билемдик менен курулган үй курулмаларын легалдаштыруу боюнча комиссиянын курамына кириши мүмкүн.
Бирок Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ведомстволук жана башка бөлүмдөрүнүн аталыштары дал келбей калышы мүмкүн экендигин эске алып, мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 6-пункттун редакциясын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
6. Мыйзам долбоорунун 4 жана 5-беренелери боюнча документтерди даярдоо маселелери, Комиссиянын ишин тартиби тиешелүү мыйзам алдындагы актылар менен регламенттелүүгө тийиш экендигин белгилейбиз.
7. Инфраструктуранын негизине электр менен камсыздоо да киргендигин эске алып, 4-берененин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы "11" пункт менен толуктоону сунуштайбыз:
"11) электр менен камсыздоочу уюмдун өкүлү.".
8. Мыйзам долбоорунун 7-беренеси менен фундаменттин астындагы жерлер жана кыймылсыз мүлк объектилерине жанаша жаткан жерлер муниципалдык менчикте качары каралган.
Бирок Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 44-беренесине ылайык имараттар менен курулмалар ушул имаратка жана курулмага бекитилип берилген жер участогуна укуктан ажыратылбайт.
Ошондуктан Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин алып салуу максатка ылайык келет деп эсептейбиз.
9. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ошону менен бирге, каралып жаткан Мыйзамдын долбоорун кабыл алган учурда кайра карам чыгууга тийиш ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү маалымат, ошондой эле Ош шаарындагы өзү билемдик менен тургузулган үй курулмалары жөнүндөгү статистикалык маалыматтар мыйзамдын долбоорунун маалымкат негиздемесине камтылган эмес.
10. Белгилеп кетчү нерсе, өзү билемдик менен тургузулган үй курулмаларын легалдаштырган учурда келечекте инфраструктураны түзүү (электрлештирүү, канализация, жолдор, мектептер ж.б.) талап кылынышы мүмкүн, бул болсо андан ары республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге финансылык оорчулук алып келет.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкатында каржылоо булактары жөнүндө маалымат дагы камтылууга тийиш. Ошол эле учурда. "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жогоруда аталган иш-чараларга финансы каражаттары каралган эместигин белгилеп кетүү зарыл.
Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жер участокторуна жеке турак жайларды тургузуу, ушул жерлерди калктуу конуштардын жерлери категориясына которуу (трансформация) жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимисиз жүргүзүлгөндүгүн белгилей кетүү керек, бул көрүнүш Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын одоно бузуу болуп саналат.
Ошондой эле жер участоктору жеке турак жай менен курулганга чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте тиешелүү категорияга которулушу керек болчу. Алсак Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11-беренесине ылайык жерлерди бир категориядан экинчисине которуу жерлердин негизги максаттуу багыты өзгөргөн учурда жүргүзүлөт.
Мында курулуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча шаар куруу документтерин иштеп чыгуу жерлерди бир категориядан башкасына которуу (трансформация) жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
Ушуга байланыштуу, жер участокторунда курулуш жүргүзгөн жана курулуш жүргүзүүгө жол берген адамдардын аракеттери мыйзамсыз болуп саналат, анткени Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 120-беренеси менен кызмат адамдары, жер участокторунун ээлери жана жерди пайдалануучулар жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жарандык, администрациялык жана жазык жоопкерчилигине тартылат деп каралган.
Жогоруда баяндалгандарды эске алганда, жер мыйзамдарын бузган адамдардын жоопкерчилиги жөнүндөгү маселе ачык бойдон калууда.
11. Мындан тышкары, "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-1-беренесине ылайык, бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагындагы эл үчүн бөтөнчө баалуулук болгон тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жагындагы укуктук ченемдерди белгилейт.
Мыйзам бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жагындагы алардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
Жогоруда агалаган Мыйзамдын 32-беренесине ылайык суу каптап кетишине же ландшафтын олуттуу өзгөрүшүнө алып келүүчү курулуш, жол жумуштарын же дың жерлерди өздөштүрүүнү, карьерлерди иштетүүнү же плотиналарды тургузууну жүргүзгөн уюмдар инженердик-издөө жумуштарынын стадиясында жана жерди которууда (трансформациялоодо) ажыратылган аймакта тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигине археологиялык изилдөө жүргүзүүгө милдеттүү.
Археологиялык изилдөө жөнүндө корутунду маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууга тийиш.
Жогоруда айтылганды эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдын долбоорун айтылган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен толуктап иштеп чыгууну максатка ылайык деп эсептейт.