Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-июну № 354
"Соттуулук жөнүндө маалымат маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Соттуулук жөнүндө маалымат маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы № 354 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Соттуулук жөнүндө маалымат маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык адамдын аты-жөнү жана туулган жылы жеке маалыматтарга кирет. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле жеке маалыматтардын субъектиси (ээси) өзү жеке маалыматтарга жетише алат. Буга байланыштуу мыйзам долбоорунун 1-беренесинин онунчу абзацындагы "ар кандай жактар" деген сөздөр "жеке маалыматтардын ээси" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "кандайдыр бир" деген сөздөр алып салынсын.
Мындан тышкары жогоруда аталган Мыйзамдын 10-статьясынын 4-бөлүгүнө ылайык маалымат жалпыга жеткиликтүү түрдө, так жана ачык баяндалып берилиши керек. Буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин онунчу абзацындагы "кең-кесири" деген сөздү алып салууну сунуштайбыз.
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 8-пунктунун экинчи абзацында ыйгарым укуктуу орган суратылган маалыматты үч жумушчу күндүн ичинде жөнөтүүгө милдеттүү деп каралган. Адамдын соттолгондугу тууралуу маалыматты суратуунун жана алуунун тартиби мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүндө турган маалыматтарга жетүү тууралуу мыйзамдар менен белгиленет.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясына ылайык жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарга жооп даярдоо эки жумалык мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
Буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 8-13-пункттарын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Ушундай эле пикир мыйзам долбоорунун 4-беренеси боюнча бар.
Жалпысынан Мыйзамдын долбоорунун 1-беренеси боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 2-статьясына ылайык Кодекстин максаттары: кылмыштардын алдын алуу, граждандардын инсандыгын, укуктарын жана эркиндиктерин, юридикалык жактарды, менчикти, жаратылыш чөйрөсүн, коомдук тартипти жана коопсуздукту, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, адамдардын тынчтыгын жана коопсуздугун кылмыштуу кол салуулардан коргоо болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин милдеттери кылмыш-жаза жоопкерчилигинин принциптерин, кылмыш-жаза жоопкерчилигинин негизин, кылмыштын жалпы түшүнүгүнүн белгилерин, коомдук кооптуу жосундардын айланасын, кылмыш жасаган адамдарга карата колдонулган жазанын түрлөрүн аныктоо болуп эсептелет.
Муну менен, соттолгон адамдардын маалыматтарынын электрондук базасын жүргүзүү боюнча ишти уюштуруунун зарылдыгын аныктоочу, аталган адамдар тууралуу маалымат алуу, анын ичинде жумушка кабыл алуу, мамлекеттик, муниципалдык жана башка кызмат орундарга дайындоо же шайлоо тартибинин маселелерин козгоочу КР КЖКнын 76-статьясына сунушталган толуктоолор Кылмыш-жаза кодексинин максаттарына жана милдеттерине жооп бербейт.
Буга байланыштуу КР КЖКнын 76-бepeнесине сунушталган толуктоолор максатка ылайык эмес деп эсептейбиз.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Өкмөт конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга негизденүү менен аларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт.
Милдеттерди бөлүштүрүү жогоруда аталган мамлекеттик органдар тууралуу укуктук статусун, ишин уюштуруунун, иш тартибин, алардын укугун, милдеттерин, жоопкерчилигин деталдуу жөнгө салуучу, ошондой эле башка органдар, мекемелер жана жарандар менен өз ара мамилелерин аныктоочу жоболорду бекитүү аркылуу ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тийиштүү кандайдыр бир ченемдерди мыйзам деңгээлинде бекитүү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жогоруда аталган беренесине каршы келет.
3. Мыйзам долбоорунун 2-беренесинде сот арачыларынын катышуусу менен сот ишти караганда мамлекеттик айыптоочу айып коюу корутундусунун чечимдик бөлүгүн жарыя кылууда соттолуучунун соттолгондугунун фактылары жөнүндө эске салууга укуксуздугун караган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 331-16-статьясынын 4-бөлүгүн күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.
Ошол эле учурда ушул статьянын 6-бөлүгүндө соттолуучунун мурдагы соттолгондугуна байланышкан маселелер каралгандыгын белгилейбиз. Мындан тышкары, бул учурда соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сот арачыларынын алдында терс образ түзүлүп калышына байланыштуу соттолуучунун укуктары бузулат.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык бул мыйзам долбоорунун максаты администрациялык жол-жоболорду кыскартуу жана айрым документтерди башкача aйтканда соттолгондугу тууралуу маалыматты алуу шарттарын жөнөкөйлөтүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 331-16-статьясынын 4-бөлүгүнө сунушталган оңдоп-түзөтүү ушул мыйзам долбоорунун максатына ылайык келбегендиктен Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
4. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин бешинчи абзацындагы "суратат" деген сөздү "суратууга милдеттүү" деген сөздөр менен алмаштыруу максатка ылайык, анткени мындай редакция иши жашы жете элек балдарды тарбиялоо, окутуу жана тейлөө боюнча иш менен байланышкан иш берүүчүгө соттуулугу бар жумушчуларды аталган кызмат орунга кабыл алууда же андан ары иштөөсүндө милдет жүктөйт.
5. Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 3-бөлүгү соттуулугу бар адамдардын электрондук маалымат базасын уюштурууну караган. Ошону менен бирге эле мындай базаны түзүү айрым финансылык чыгымдарды талап кылат.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбай тургандыгын белгилейбиз.
Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык бул мыйзам долбоорунун максаты администрациялык жол-жоболорду кыскартуу жана айрым документтерди алуу шарттарын жөнөкөйлөтүү болуп саналат.
Буга байланыштуу соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу жарандар, мамлекеттик, муниципалдык жана башка органдар тарабынан маалымат алуунун шарттарын жөнөкөйлөтүү максатында акы төлөнүүчү маалымдамаларды алуудан түшкөн каражаттардын эсебинен азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартылган жарандарды эсепке алуунун автоматташкан электрондук базасы түзүлүүдө.
Бул иштин алкагында республиканын облустук борборлорунда маалыматтардын автоматташкан электрондук базасын этап боюнча орнотуу, ошондой эле арыздарды жана тиешелүү маалымат алуу үчүн суроо-талаптарды кабыл алуу пункттарын түзүү пландалууда. Бул соттолгондугу бар же жоктугу тууралуу маалымат алууда жеке жана юридикалык жактардын убактысын жана финансылык чыгымдарын кыскартууга мүмкүндүк берет.
Жогоруда белгиленгендердин негизинде, ошондой эле азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан "Бузууларды, жосундарды жана кылмыштарды жасаган адамдардын мамлекеттик реестри жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралып жаткандыгын, анда сунушталган мыйзам долбоорунда камтылган маселелерди толук көлөмдө камтыгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайык эмес деп эсептейт.