Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдары үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн аныктоонун МЕТОДИКАСЫ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдары үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн аныктоонун ушул методикасы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында адистерди республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен окутуу наркын эсептөөнүн эрежелерин жана тартибин аныктайт.
2. Методика кесиптик жогорку билим берүү программаларын мамлекеттик органдар тарабынан ченемдик каржылоого өткөрүүнү жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыкты.
3. Ушул Методиканын максаттары үчүн төмөндөгү түшүнүктөр пайдаланылат:
мамлекеттик билим берүү гранты - республика үчүн артыкчылыктуу болгон даярдоо багыттары (адистиктер) боюнча адистерди даярдоонун мамлекеттик заказына киргизилген даярдоо багыттары (адистиктер) боюнча жеке жак - грант алуучу ЖОЖдо окуусуна төлөөгө берилген республикалык бюджеттин каражаттары;
мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли - мамлекеттик билим берүү грантынын минималдуу өлчөмү;
даярдоо багыттарынын (адистиктердин) нарктык топтору - даярдоо багыттарын (адистиктерди) бириктирүүчү топтор, булар боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын барабар өлчөмдөрү аныкталат;
түзөтүү коэффициенттери - даярдоо багыттарынын (адистиктердин) ар бир нарктык тобу үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүн аныктоодо мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине карата колдонулуучу, даярдоо багыттары (адистиктер) боюнча билим берүү программаларын ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрүн чагылдырган жогорулатуучу коэффициенттер.
2. Мамлекеттик билим берүү грантынын түзүмү
4. Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн эсептөө кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын иш жүзүндө түзүлүп калган консолидацияланган чыгымдарынын негизинде бюджеттин эсебинен да, билим берүүнүн акы төлөнүүчү кызматтарынан түшкөн каражаттардын эсебинен да 1 студентке эсептелип жүргүзүлөт.
5. Мамлекеттик билим берүү гранты түз жана кыйыр чыгымдар болуп бөлүнүүчү, окуу процессин камсыз кылууга байланышкан учурдагы чыгымдардын ченемдерин камтыйт.
6. Мамлекеттик билим берүү гранттарынын өлчөмүн эсептөөдө студенттерге берилүүчү стипендия чыгымдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна ылайык жетим студенттердин тамак-ашына кеткен чыгымдар эсепке алынбайт.
3. Даярдоо багыттарынын (адистиктердин) нарктык топторун аныктоо
7. Бүтүрүүчүгө "бакалавр", "адис", "магистр" квалификацияларын ыйгаруу менен тастыкталуучу кесиптик жогорку билим берүү адистиктери чыгымдар жана экономиканын артыкчылыктуу тармактары боюнча даярдоо багыттарынын (адистиктердин) 9 нарктык тобуна бириктирилди.
Таблица
Чыгымдары жана экономиканын артыкчылыктуу тармактары боюнча даярдоо багыттарынын (адистиктердин) нарктык топтору
№ | Топтор | Адистиктердин коддору |
1 | Билим берүү | 51/52/53/54/55 |
2 | Курулуш, экономика жана башкаруу, экология, туризм | 52/58/60/62/75 |
3 | Энергетика | 64 |
4 | Too кен өнөр жайы, транспорт, айыл чарба | 61/63/65/67/73 |
5 | Саламаттык сактоо | 56 |
6 | Музыка искусствосу | 57 |
7 | Маданият, искусство (музыкалык искусствону кошпогондо) | 57 |
8 | Компьютердик технологиялар, телекоммуникация жана байланыш | 59/70/71/69/ |
9 | Жабдуулар, технологиялык адистиктер | 65/68/72/74/76 |
8. Адистиктердин коддору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна ылайык аныкталды.
4. Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн эсептөө
§ 1. Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн эсептөө үчүн база
9. Даярдоо багыттарынын (адистиктердин) нарктык топтору боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмү ушул багыттар (адистиктер) боюнча студенттеринин саны басымдуулук кылган ЖОЖдордун иш жүзүндөгү чыгымдарына жараша эсептелет.
10. Чыгымдары даярдоо багыттарынын (адистиктердин) тиешелүү нарктык топтору боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн эсептөөнүн негизинде жаткан мамлекеттик ЖОЖдордун тизмеги ушул Методиканын тиркемесинде берилген.
§ 2. Түз чыгымдардын ченемин эсептөө
11. Түз чыгымдардын ченеми төмөнкүдөй чыгымдарды камтыйт:
- ЖОЖдордун профессордук-окутуучу курамына жана башка персоналынын эмгек акысына;
- билим берүү кызматын көрсөтүү процессинде керектелүүчү материалдарды сатып алууга.
12. Түз чыгымдардын ченеми даярдоо багытынын (адистиктердин) нарктык топтору боюнча 1 студентке эсептегенде учурдагы муктаждыктары үчүн материалдарды сатып алууга жана эмгек акы төлөө фондуна иш жүзүндөгү консолидацияланган чыгымдарды аныктоо жолу менен эсептелет.
13. Түз чыгымдарды мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө эсептөө төмөнкүлөргө негизделет:
- бюджеттин эсебинен жана контракттык негизде күндүз окуган "бакалавр", "адис", "магистр" багыттары боюнча студенттерди окутууга багытталган учурдагы муктаждыктары үчүн материалдарды сатып алууга жана эмгек акы төлөө фондуна каражаттардын иш жүзүндөгү консолидацияланган чыгымдарына;
- бюджеттин эсебинен жана контракттык негизде окуп жаткан, "бакалавр", "адис", "магистр" багыттары боюнча күндүз окуган студенттердин тийиштүү жылдын башындагы санына.
14. Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө түз чыгымдардын ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
ПРi - даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-нарктык тобу боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндөгү түз чыгымдарынын ченеми;
ФОТi - студенттерди даярдоо багыттарынын (адистиктеринин) i-нарктык тобу боюнча окутууга бюджеттин жана атайын каражаттардын эсебинен эмгек акы төлөө фонду боюнча ЖОЖдордун консолидацияланган чыгымдары;
МРi - студенттерди даярдоо багыттарынын (адистиктеринин) i-нарктык тобу боюнча окутууга бюджеттин жана атайын каражаттардын эсебинен билим берүү кызматын көрсөтүү процессинде керектелүүчү материалдарды сатып алууга ЖОЖдордун консолидацияланган чыгымдары;
ЧСi - тийиштүү жылдын башында бюджеттик каражаттардын эсебинен жана контракттык негизде окуган, даярдоо багыттарынын (адистиктеринин) i-нарктык тобу боюнча "бакалавр", "адис", "магистр" багыттары боюнча окутуунун күндүзгү формасында окуп жаткан студенттердин саны.
§ 3. Кыйыр чыгымдардын ченемин эсептөө
15. Кыйыр чыгымдардын ченеми төмөнкү чыгымдарды камтыйт:
- транспорттук кызматтарды сатып алуу;
- профессордук-окутуучу курамынын квалификациясын жогорулатуу;
- коммуналдык кызматтарга төлөө;
- имараттар менен бөлмөлөрдү учурдагы оңдоо;
- жабдуулар менен инвентарларды учурдагы оңдоо.
16. Кыйыр чыгымдардын ченеми транспорттук, коммуналдык кызматтарды сатып алууга, имараттар менен бөлмөлөрдү, жабдуулар менен инвентарларды учурдагы оңдоого, иш сапар чыгымдарына иш жүзүндөгү консолидацияланган чыгымдарды аныктоо жолу менен даярдоо багыттарынын (адистиктердин) нарктык топтору боюнча 1 студентке карата эсептелет.
17. Кыйыр чыгымдарды мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө эсептөө төмөнкүлөргө негизделет:
- окутуунун күндүзгү формасында бюджеттин эсебинен жана контракттык негизде окуган "бакалавр", "адис", "магистр" багыттары боюнча студенттерди окутууга багытталган иш сапар чыгымдарын, имараттар менен бөлмөлөрдү, жабдуулар менен инвентарды учурдагы оңдоого, транспорттук, коммуналдык кызматтарды сатып алууга кеткен иш-жүзүндөгү консолидацияланган чыгымдарга;
- "бакалавр", "адис", "магистр" багыттары боюнча бюджеттин эсебинен жана контракттык негизде күндүз окуган студенттердин тийиштүү жылдын башында алынган санына.
18. Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө кыйыр чыгымдардын ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелет:
КPi - даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-нарктык тобу боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндөгү кыйыр сарптоолордун нормативи;
Ti - ЖОЖдордун даярдоо багытындагы (адистиктердеги) студенттерди i-нарктык тобу боюнча студенттердин окуу процессин камсыздоо үчүн бюджеттик жана атайын каражаттардын эсебинен транспорттук кызматтарды күтүп алууга жумшалган консолидацияланган чыгымдары;
КРi - даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-нарктык тобу боюнча бюджеттик жана атайын каражаттардын эсебинен профессорлор-окутуучулар курамынын командировкалык чыгымдары;
КУi - даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-нарктык тобу боюнча бюджеттик жана атайын каражаттардын эсебинен төлөнүүчү коммуналдык чыгымдары;
ТРi - даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-нарктык тобу боюнча бюджеттик жана атайын каражаттардын эсебинен имараттар жана жайларды, жабдуулар жана инвентарларды учурдагы оңдоого жумшалуучу ЖОЖдордун консолидацияланган чыгымдары;
ЧСi - "бакалавр", "адис", "магистр" багыттарында i-нарктык тобу (адистиктери) боюнча тиешелүү окуу жылынын башталышындагы абалы боюнча бюджеттик каражаттардын эсебинен жана контракттык негизде күндүзгү окуу формасындагы студенттердин саны.
§ 4. Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн эсептөө
19. Даярдоо багыттарынын (адистиктердин) нарктык топтору боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
РГi - даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-нарктык тобу боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмү;
ПРi - даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-нарктык тобу боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын түз чыгымдарынын нормативи;
KPi - даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-нарктык тобу боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын кыйыр чыгымдарынын нормативи.
20. Мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли катары мамлекеттик билим берүү грантынын "Билим берүү" нарктык тобу боюнча минималдуу өлчөмү алынат.
21. Мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине карата даярдоо багыттарынын (адистиктердин) ар бир нарктык тобу үчүн төмөндөгү формула боюнча эсептелген түзөтүү коэффициенттери колдонулат:
мында:
Кi - даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-нарктык тобу үчүн түзөтүү коэффициенти;
РГi - даярдоо багыттарынын (адистиктердин) i-нарктык тобунун мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмү;
Б - мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли.
22. Мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээли жыл сайын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин макулдугу менен эсептелинет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
|
| Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдары үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн аныктоонун методикасына тиркеме |
Кесиптик жогорку билим берүүчү мамлекеттик мекемелерди мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүн эсептөө үчүн даярдоо багыттарынын (адистиктердин) нарктык топтору боюнча БӨЛҮШТҮРҮҮ
Нарктык топтун аталышы | ЖОЖдун аталышы |
Билим берүү | Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети А.Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институту Кыргыз-Өзбек университети Талас мамлекеттик университети Жалал-Абад мамлекеттик университети Баткен мамлекеттик университети |
Курулуш, экономика жана башкаруу, экология, туризм | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети Ош мамлекеттик университети К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясы К.Дикамбаев атындагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы |
Энергетика | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети И.Адышев атындагы Ош технологиялык университети |
Тоо кен өнөр жайы, транспорт, айыл чарбасы | У.Асаналиев атындагы тоо кен жана тоо технологиялары институту И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети И.Адышев атындагы Ош технологиялык университети К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети |
Саламаттык сактоо | И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Ош мамлекеттик университети |
Музыкалык искусство | К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы |
Маданият, искусство (музыкалык искусстводон сырткары) | Т.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети |
Компьютердик технологиялар, телекоммуникациялар жана байланыш | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети И.Адышев атындагы Ош технологиялык университети |
Жабдуулар, технологиялык адистиктер | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети И.Адышев атындагы Ош технологиялык университети |