Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-июну № 344
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч.Текебаев, Ч.А.Турсунбеков, К.К.Исаев, О.М.Артыкбаев, А.У.Жапаров, К.М.Жумалиев, А.А.Шадиев, К.Дж.Рыспаев тарабынан демилгеленген "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июнундагы № 344 токтому менен жактырылган |
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч.Текебаев, Ч.А.Турсунбеков, К.К.Исаев, О.М.Артыкбаев, А.У.Жапаров, К.М.Жумалиев, А.А.Шадиев, К.Дж.Рыспаев тарабынан демилгеленген "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Сунушталган Мыйзамдын долбоорунун айрым бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев трабынан мурда демилгеленген "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун жоболорун кайталай тургандыгын белгилейбиз, ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтү расмий корутунду берген (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-мартындагы № 99 токтому).
Мында бардык жагынан мурда каралган Мыйзамдын долбооруна негизделген бул сунушталган Мыйзамдын долбоорунун жоболорун талдоодо аны толуктап иштеп чыгууда мурда сунушталган Мыйзамдын долбооруна карата да актуалдуу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган расмий корутундусунда баяндалган сын-пикирлер жана сунуштар эске алынбагандыгы аныкталган,
2. Сунушталган Мыйзамдын долбоору электр энергиясы чөйрөсүндөгү жана отун-энергетикалык комплекси, жылуулук энергиясы чөйрөсүндөгү да маселелерди да жөнгө салууга багытталган. Муну менен бирге Мыйзамдын долбоорунун айрым жоболору электр энергиясына гана тийиштүү болуп калган, ошол эле учурда ал жылуулук энергиясына да тийиштүү болушу керек эле. Мисалы, Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесиндеги "тиричилик абоненти" жана "акыркы керектөөчү" терминдерин ачып берүүчү аныктамалар.
3. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесине ылайык аталган Мыйзам электр энергетикасы чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана мамилелерди жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органдардын негизги ыйгарым укуктарын аныктайт. Буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинде тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын түшүнүктөрү ачылып берилет. Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинде мамлекеттик органдардын функцияларын бөлүштүрүү маселеси регламенттелет. Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинде электр энергетикасындагы саясат, жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө жаатында мамлекеттик органдардын ишинин негизги багыттары аныкталат. Мыйзамдын долбоорунун 11-беренесинде жөнгө салуучу органдын ыйгарым укуктары ачылып берилет. Аталган мамлекеттик органдардын компетенциялары Мыйзамдын долбоорунун башка беренелеринде да ачып берилген. Мында аталган беренелер бири бирин кайталоочу жоболорду камтыйт, ал эми "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык берененин (пункттун) тексти башка беренелерде (пункттарда) кайталанып баяндалбайт.
Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тийиштүү кандайдыр бир ченемдерди мыйзам чыгаруу деңгээлинде бекемдөө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине каршы келет.
Алсак, аталган конституциялык Мыйзамдын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга негизденүү менен аларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт, ошондой эле аталган мамлекеттик органдар жөнүндө жоболорду бекитет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган ыйгарым укуктары түздөн түз Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине негизделет, ага ылайык Өкмөт министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарынын иштерин жетектейт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине да негизделип, ал министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Өкмөткө баш ийүү менен иштээрин аныктайт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Мыйзамдын долбоорунан министрликтердин, административдик ведомстволордун укуктук статустарын, ыйгарым укуктарын жана компетенцияларын регламенттөөчү жоболорду алып салуу жана зарыл болгон учурда аларды ченемдик эскертүүлөргө өзгөртүп түзүүнү сунуштайбыз. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн электр энергетикасы чөйрөсүндөгү компетенциясын аныктоону жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик органдардын ортосунда аталган укуктарды бөлүштүрөт деп көрсөтүүнү сунуштайбыз.
Аталган сунуштар эске алынбаган учурда, долбоордун тийиштүү жоболорун толуктап иштеп чыгууда Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин жоболорунун логикалык баяндалышына көңүл бурууну сунуштайбыз, ошондой эле монополияга каршы жөнгө салуу монополияга каршы мыйзамдарга ылайык ишке ашырыларын эске алып, Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 4-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
4. Мындан тышкары Мыйзамдын долбоорунун 8-беренеси боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) укуктуу мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын тизмеги "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде аныкталганын белгилейбиз. Министрликтер менен административдик ведомстволор бул тизмекке киргизилген эмес, буга байланыштуу алардын ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга укуктары жок. Ошол эле учурда аталган Мыйзамдын 8-беренесинин алкагында ченем жаратуучу органдар өздөрүнүн ченем жаратууга ыйгарым укуктарын тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын карамагындагы маселелер боюнча ыйгарууга укуктуу.
Баяндалгандарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 8 жана 76-беренелеринин жоболорун кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
5. Мыйзамдын максатын ачып берүүчү Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгү аталган беренени жөнгө салуу предметинен ашып түшкөн, анткени анын аталышына жараша аталган беренеде Кыргыз Республикасынын электр энергетикасы жаатындагы мыйзамдары аныкталышы керек эле. Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 3-бөлүгү боюнча да ушундай эле сын-пикир айтабыз. Буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүн долбоордун өз алдынча беренеси катары тариздөөнү, ал эми Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 3-бөлүгүн долбоордун 2-беренесине которууну сунуштайбыз, анткени буларда жөнгө салуу предмети окшош.
6. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренеси боюнча.
Экинчи абзацтагы "электр энергетикасындагы авария" деген сөздөрдү "авария" деген сөз менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунда пайдаланылган терминдердин маанилерин тактоо максатында төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- он төртүнчү абзацты төмөнкүдөй редакцияда баяндоону:
"улуттук электр тармагы - 110 кВ жана андан жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларынын, подстанциялардын жана бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн жыйындысы";
- кырк экинчи абзацты төмөнкүдөй редакцияда баяндоону:
"системалык оператор - улуттук электр тармагы боюнча электр энергиясын берүүнү, аны техникалык тейлөөнү, улуттук энергосистеманы борборлоштурулган ыкчам-диспетчердик башкарууну, системалык кызматтарды көрсөтүүнү ишке ашыруучу, ошондой эле башка мамлекеттердин энергосистемалары менен параллел ишти камсыздоочу уюм";
- элүү үчүнчү абзацты төмөнкүдөй редакцияда баяндоону:
"энергетика чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - техникалык жөнгө салуу жана эмгекти коргоо, электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын иштеп чыгуунун, берүүнүн, бөлүштүрүүнүн жана керектөөнүн ишенимдүүлүгү жана үзгүлтүксүздүгү жаатындагы техникалык коопсуздукту көзөмөлдөөчү жана контролдоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы;".
Мыйзамдын долбоорунун аталган беренесинде рыноктун администратору, ошондой эле рыноктун кеңеши деп коммерциялык эмес өнөктөштүк формасында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм түшүнүлөт.
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде коммерциялык эмес уюм деп кызыкчылыктардын жалпылыгынын негизинде рухий же башка материалдык эмес керектөөлөрдү өз мүчөлөрүнүн жана (же) бүткүл коомдун кызыкчылыгында жеке жана (же) юридикалык жактар тарабынан түзүлгөн, алар үчүн пайда табуу иштин негизги максаты болуп саналбаган, ал эми алынган пайда мүчөлөрдүн, уюштуруучулардын жана кызмат адамдарынын ортосунда бөлүштүрүлбөгөн ыктыярдуу өз алдынча башкарылуучу уюм түшүнүлө тургандыгын белгилей кетүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 85-беренесинин 3-пунктуна ылайык коммерциялык эмес уюмдар катары саналган юридикалык жактар мекеменин менчик ээси тарабынан финансылануучу кооперативдер, саясий партиялар жана башка коомдук же диний уюмдар (бирикмелер), кайрымдуулук жана башка коомдук фонддор, ошондой эле мыйзамда каралган дагы башка түрлөрдө түзүлүшү мүмкүн.
Мында Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде да жана "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында да юридикалык жактарды коммерциялык эмес өнөктөштүк формасында түзүү мүмкүнчүлүгү каралган эмес.
Буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунда "коммерциялык эмес өнөктөштүк" деген эмнени түшүндүрө тургандыгын тактоону сунуштайбыз. Эгерде коммерциялык уюмдарды өз алдынча уюштуруу-укуктук формасында түзүү пландалса, Мыйзамдын долбоорунун алкагында аларды уюштуруу тартибин, уюштуруучу катары чыгууга укуктуу субъектилерди, башкаруу органдарын, ишинин тартибин ж.б. аныктоо зарыл.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасында азыркы учурда электр энергиясынын дүң рыногу жок экенин белгилейбиз, буга байланыштуу рыноктун субъектилерине рыноктун администраторун киргизүүнүн, аталган юридикалык жактын жоболорун регламенттештирүүнүн максатка ылайыктуулугун кошумча изилдөө зарылдыгы келип чыгат. Рыноктун кеңешин түзүү боюнча да ушундай эле сунуш айтабыз.
2020-жылга карата Евразия экономикалык бирлигинин алкагында рыноктун сегменттерин аныктоо менен электр энергиясынын жалпы рыногун түзүү пландалууда, муну менен республикада административдик рынокту түзүү зарыл болбой калат.
Баяндалгандарды эске алуу менен "бирдиктүү сатып алуучу" терминин жана Мыйзамдын долбоорунун аталган уюмга тийиштүү жоболорун алып салууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун аталган беренесинде "отун-энергетикалык комплекси" жана "отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (жөнгө салуучу орган)" түшүнүктөрү ачып берилген. Отун-энергетикалык комплекси деп көмүр, мунай, газ, жылуулук жана энергия жабдуучу жана керектөө системаларында жана аймактык подсистемаларда алектенген мамлекеттик жана мамлекеттик эмес түзүмдөрдү камтыган экономиканын өз ара байланыштагы тармактарынын жыйындысын түшүнөбүз. Өз кезегинде жөнгө салуучу орган деп - отун энергетикалык комплексинин субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салуу, тарифтерди белгилөө, керектөөчүлөрдү тейлөө боюнча стандарттарды бекитүү, лицензияларды берүү, лицензиялык контролдоону ишке ашыруу жана рыноктордун иштешине мониторинг жүргүзүү боюнча функцияларды ишке ашыруучу аткаруу бийлик органын түшүнөбүз. Ошентип, аталган ыйгарым укуктуу органдын жөнгө салуусуна көмүр жана мунай тармагы кирет, булар азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан жөнгө салынбайт.
Мыйзамдын долбоорунда колдонулган түшүнүктөрдү толук ачуу максатында беренени төмөнкүдөй терминдер менен толуктоону сунуштайбыз:
"электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу системасы - электр энергиясынын жана кубаттуулуктун чыгымын аныктоо үчүн коммерциялык эсепке алуу приборлорунун жыйындысы (электр энергиясынын эсептегичи (счетчик), токту жана чыңалууну өлчөөчү трансформаторлор) жана белгиленген схема боюнча өз ара бириктирилген түзүлүш (коммутациялык аппарат);
башкаруучу компания - отун энергетикалык комплексинин компанияларынын акционери болуп эсептелген жана анын акциялары мамлекеттин гана менчигинде болгон акционердик коом;".
"Электр энергетика субъекттери" түшүндүрмөсүн "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин талаптарын эске алуу менен кайра карап чыгууну сунуштайбыз, анда иштин лицензиялануучу төмөнкүдөй түрлөрү каралган:
электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо жана импорттоо (энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануу менен алынган электр энергиясын өндүрүүдөн, ошондой эле өздүк колдонуу үчүн кубаттуулугу 1000 кВт чейин болгон каалаган энергия булактарынан электр энергиясын өндүрүүдөн тышкары);
жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу (энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануу менен алынган электр энергиясын өндүрүүдөн, ошондой эле өздүк колдонуу үчүн каалаган энергия булактарынан жылуулук энергиясын өндүрүүдөн тышкары).
Ошондой эле, аталган Мыйзамдын 15-беренесинин жоболорун көңүлгө алып, Мыйзамдын долбоорунун 50-беренесинин 3-бөлүгүнүн редакциясын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
"Релейлик коргоо" түшүндүрмөсүндөгү "нормалдуу эмес кооптуу" деген сөздөрдү "авариялык" деген сөз менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун тексти боюнча "мамлекеттик маанидеги электр тармактары" термини колдонулбагандыктан аны алып салууну сунуштайбыз. Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актыда колдонулган терминдерди жана түшүндүрмөлөрдү аныктоо үчүн алардын маанисин түшүндүрүүчү берене (пункт) жайгаштырылаарын маалымдайбыз.
7. Мыйзамдын долбоорунда электр энергиясы жана кубаттуулук өзгөчө товар катары таанылган. Мыйзамдын долбоорунда электр энергиясы менен кубаттуулукту жүгүртүү (өндүрүү) бир эле учурда каралган, ошондой эле электр энергиясы өзүнчө же кубаттуулук өзүнчө каралган. Бирок, кубаттуулук товар катары таанылбайт, ал кызмат көрсөтүү категориясына кирет, анткени электр энергиясынын иштелип чыгышын коштойт жана электр тогунун жыштыгы катары контролдонуучу кубаттуулуктун балансын колдойт. Белгиленгендерди эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун тиешелүү беренелерин кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
8. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесиндеги "уюштурулуучу укуктук түзүмү ар кандай түрүндө боло алат" деген сөздөрдү "ар кандай түрдө болот" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
9. Энергетика тармагын башкарууну реформалоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-январындагы № 4 токтому менен "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коому түзүлгөн. Мыйзамдын долбоорунда электр энергетикасы чөйрөсүндөгү бардык субъекттердин укуктук статусу аныкталган, Мыйзамдын долбоорун төмөнкүдөй мазмундагы берене менен толуктоону сунуштайбыз:
"__-берене. Башкаруучу компания.
Башкаруучу компания - өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырат жана көз карандысыздык, ачыктык жана айкындуулук принциптеринде иштейт.
Башкаруу компаниясынын негизги функциялары:
- энергия компанияларынын стратегиялык көз карашын иштеп чыгуу;
- энергия компанияларынын ишинин максаттуу көрсөткүчтөрүн аныктоо;
- энергия компанияларынын финансылык абалына мониторинг жүргүзүү;
- башкаруу системасынын натыйжалуулугун арттырууга жана энергетикалык компаниялардын чыгымдарын кыскартууга багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгуу.".
10. Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда "диспетчеризацияны" деген сөздү "ыкчам диспетчерлик башкаруу" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
11. Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 4-пункттарынын сүйлөм түзүлүшү так эместигине байланыштуу редакцияларын кайра карап чыгууну сунуштайбыз. Ошол эле учурда, аталган берене бир бөлүктөн тургандыктан аларды номерлөөнүн зарылдыгы жок. Долбоордун башка беренелери боюнча ушуга окшогон сын-пикирлер бар.
12. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ушул Мыйзам иштин, иш-аракеттердин, операциялардын айрым түрлөрүн, анын ичинде чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдалануу боюнча лицензиялоону жүзөгө ашырууга байланыштуу аткаруу бийлиги органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын ортосунда пайда болуучу мамилелерди жөнгө салат.
Аталган берененин 4-бөлүгүндө, ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн лицензиялоонун тартиби ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын ага карама-каршы келбеген бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылат деп белгиленген.
Ошол эле учурда, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия болгон учурда жана алардын ичинен бири дагы жогору юридикалык күчкө ээ болгон актыга карама-каршы келбесе, укуктук мамилелердин аталган чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жобосу колдонула тургандыгын билдиребиз. Ошентип "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ортосунда коллизия болгон учурда "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору колдонулат.
Сунушталган Мыйзамдын долбооруна талдоо жүргүзүүдө анын лицензиялоо жаатындагы жоболорунун жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын талаптарына каршы келе тургандыгы аныкталды. Ушуга байланыштуу мыйзамдардын ортосундагы карама-каршылыктарды болтурбоо максатында Мыйзамдын долбоорунун 12-беренесинде "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шилтеме ченемин кароо менен Мыйзамдын долбоорунан лицензиялоо маселелери боюнча жоболорду алып салууну же Мыйзамдын долбоорунун тиешелүү беренелеринин мазмунун "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүүнү максатка ылайык деп эсептейбиз.
Мыйзамдын долбоорунун 12-беренесин толуктап иштеп чыгууда 1-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз, анткени Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 84-беренесинин 1-пунктунун экинчи абзацы менен юридикалык жак тизмеси мыйзам менен аныкталуучу иштин айрым түрлөрүн атайын уруксаттын (лицензиянын) негизинде гана ишке ашыра тургандыгы каралган.
13. Мыйзам долбоорунун 14-беренесинин 5-пунктунда уланууга кайсыл мезгил кирерин тактоону сунуш кылабыз.
14. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-беренесине ылайык менчик укугу - бул өзүнө тиешелүү мүлккө өзү каалагандай ээлик кылууга, аны пайдаланууга жана тескөөгө субъекттин мыйзам актылары тарабынан таанылуучу жана корголуучу укуктары. Менчик ээси өзүнүн мүлкүнө ээлик кылууга, пайдаланууга жана башкарууга укуктуу. Жогоруда айтылгандарды эсепке алып, Мыйзамдын долбоорунун 14-берененин 10-бөлүгүнүн экинчи абзацында менчик ээлери менен катар энергия алуучу түзүлүштөрдүн же электр энергетика объекттеринин мыйзамдуу менчик ээлери катары ким аныктала тургандыгын тактоону сунуштайбыз. Ушул сыяктуу сунуш Мыйзамдын долбоорунун 74-беренеси боюнча берилет.
15. Мыйзамдын долбоорунун 17-беренесинин аталышын кайра карап чыгууну сунуш кылабыз, себеби ал аталган берененин мазмунун так чагылдырбайт.
16. Мыйзамдын долбоорунун 18-беренеси боюнча.
1-бөлүгүнүн 5-пунктундагы "жана ыкчам диспетчердик башкаруу кызматына" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз, анткени бөлүштүрүүчү компаниялар мындай кызматтарды көрсөтпөйт.
2-бөлүгүнүн биринчи абзацында электр жана жылуулук энергиясына болгон бааларды жана тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо монополияга каршы мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөөрү каралган. Бирок, "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык электр жана жылуулук энергия тармагы табигый монополия чөйрөсүнө таандык кылынган жана аталган Мыйзам менен башкалардын арасынан бул тармактагы бааларды жана тарифтерди мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуунун укуктук негиздери аныкталган.
Ушуга байланыштуу монополияга каршы жөнгө салуу монополияга каршы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырыла тургандыгын эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацын алып салууну максатка ылайык деп эсептейбиз.
17. Мыйзамдын долбоорунун 19-беренесиндеги түзүмдүк бөлүнүштөрдүн катар номерлерин карап чыгууну сунуштайбыз.
18. Мыйзамдын долбоорунун 20-беренесинде отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электр энергетикасында тариф түзүүнүн методологиясы жана тариф колдонуу эрежелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу тапшырылган. Ушуну менен бирге "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын эске алуу менен ар түрдүү ченемдик укуктук актыларга шилтеме келтирүүдө аларды иштеп чыгууга эмес, бекитүүгө компетенттүү органды көрсөтүүнү сунуштайбыз. Ушул сыяктуу сунуш Мыйзамдын долбоорунун 72-беренесинин 4-бөлүгү жана 78-беренесинин 1-бөлүгү боюнча берилет.
19. Мыйзамдын долбоорунун 21-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө тарифтерди кабыл алуу жол-жобосу электр энергиянын акыркы керектөөчүлөрү үчүн белгиленүүчү тарифтерге таандык экендигин тактоону сунуштайбыз.
20. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "лицензия шарттары" деген түшүнүк каралган эмес. Мындан тышкары, аталган Мыйзамдын 28 жана 29-беренелери лицензиялык талаптарды бузуу үчүн лицензиатка колдонулуучу таасир этүүнүн мүмкүн болуучу бардык чаралары белгиленген. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 22-беренесинин 1-бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
21. Ошондой эле көңүл бура турган нерсе, жогоруда аталган Мыйзам "лицензиялык кызматтарды" аныктабайт, ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 23-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана 46-беренесинин 5-бөлүгүнүн жоболорун кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары, Мыйзам долбоорунун 23-беренесинин 2-бөлүгү менен лицензиатка электр жана жылуулук энергияны жөнгө салуучу орган акыркы керектөөчүгө аныктаган тарифтерге караганда бир топ төмөн тарифтер боюнча сатууга укук берилет. Ошол эле убакта Мыйзамдын долбоорунун 19-беренесинде бирдей мүнөздө керектеген, бирдей бөлүштүрүүчү ишкана тейлеген бир топтогу бардык керектөөчүлөр бирдей тарифти жана тейлөөнү алууга тийиш деп каралган. Ошентип, лицензиат тарифтерди өз алдынча төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн алуу менен бир категориядагы керектөөчүлөр үчүн ар түрдүү тарифтерди белгилеши мүмкүн. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 23-беренесинин жоболорун колдонуу Мыйзамдын долбоорунун 19-беренесинин талаптарына каршы келет.
Жогоруда айтылгандын негизинде Мыйзамдын долбоорунун 23-беренесинин 2-бөлүгүнүн редакциясын кайра карап чыгууну сунуш кылабыз, мисалы, ушул берененин жоболору Мыйзамдын 19-беренесине каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.
Ошол эле убакта Мыйзамдын долбоорунун 23-беренесинин аталган бөлүгүн толуктап иштеп берүүдө лицензиялык иш кантип коркунучка дуушар болуу мүмкүндүгүн тактоо зарыл.
22. Мыйзамдын долбоорунун 24-беренесинин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөрдү "отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуш кылабыз.
Мыйзамдын долбоорунун 24-беренесинин 2-бөлүгүндө "атайын жагдайларда" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
23. Ушул Корутундунун 6-пунктунда келтирилген "системалык оператор" терминин жаңы редакцияда баяндоо туурасында сунушту эске алуу менен долбоордун 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "улуттук энергетикалык системанын - улуттук электр тармагынын операторунун атайын персоналы" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз.
24. Мыйзамдын долбоорунун 29-беренесинин 1-бөлүгүндө системалык оператор жөнүндө жобону бекитүү кайсы органдын укугуна кирерин көрсөтүүнү сунуш кылабыз. Муну менен бирге, Мыйзамдын долбоорунун 28-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык системалык оператордун, бөлүштүрүүчү электр тармактык уюмдардын, улуттук электр тармактарына кошулган түйүнү бар электр тармактарынын операторлорунун иши ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдык актылары, башкача айтканда, мыйзамдары менен регламенттелерин билдиребиз. Ушуну менен бирге, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык мыйзам деп белгиленген тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана тиешелүү чөйрөдөгү абдан маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салууну ченемдик укуктук акт түшүнүлөт, Мыйзамдын долбоорунун 28-беренесинин 4-бөлүгүндө "мыйзам чыгаруу" деген сөздөрдү "ченемдик укуктук" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуш кылабыз.
25. Мыйзамдын долбоорунун 33-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пунктунда "ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган көлөмдө" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
26. Мыйзамдын долбоорунун 35-беренесинин 4-бөлүгүндө 88-пунктка шилтемени кайра карап чыгууну сунуш кылабыз, анткени аталган берене 5 бөлүктөн турат жана аталган пунктту камтыбайт.
27. Мыйзамдын долбоорунун 37-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда 36-беренеге шилтемени тактоону сунуш кылабыз, анткени Мыйзамдын долбоорунун аталган беренеси дүң рыноктун субъектилерине карата талаптарды камтыбайт.
28. Электр энергия рыногунун субъекттерин тактоо үчүн Мыйзамдын долбоорунун 38-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
"1. Электр энергиясынын дүң рыногунун субъекттерине төмөнкүлөр кирет:
1) энергия өндүрүүчү уюмдар;
2) электр энергиясын керектөөчүлөр;
3) энергия менен жабдуучу уюмдар;
4) системалык оператор;
5) эсеп борбору;
6) региондук электр тармактык компаниялар;
7) электр энергиясынын борборлоштурулган соодасынын оператору;
8) электр энергиясынын дүң рыногунда иш жүргүзүүчү башка уюмдар.".
29. Дүң рынокто электр энергиясы аны берүүдө жоготуулар менен шартталган муктаждыкты камсыз кылуучу көлөмдө сатып алынаарын эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 39-беренесинин 6-бөлүгүнүн редакциясын кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
30. Мыйзамдын долбоорунун 41-беренесинин 2-бөлүгүндө "Кыргыз энергетикалык эсеп борбору" акционердик коомунун уставы менен" деген сөздөрдү "анын уставы менен" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
31. Мыйзамдын долбоорунун 42-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктун алып салууну сунуш кылабыз, анткени жоготууну эсептөө жана бөлүштүрүү эсеп борборунун компетенциясына кирбейт. Теңдемдөөчү рыноктун жана теңдемдөөчү электр энергиясынын, ошондой эле системалык жана көмөкчү кызматтардын жоктугуна байланыштуу аталган бөлүктүн 5-пунктун алып салууну сунуш кылабыз.
32. Мыйзамдын долбоорунун 46-беренесинин 6-бөлүгү менен экспортко электр энергиясын (кубаттуулукту) сатуу ачык аукциондук тооруктар жана/же Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү электр энергетикалык биржалары аркылуу дискриминациялабаган ачык түрдө жүргүзүлөрү каралууда.
Бирок Кыргыз Республикасы 2015-жылдын 12-августунан тартып Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болуп саналат. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 81-беренесине ылайык мүчө-өлкөлөр Бирликтин алкагында жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү жөнүндө эл аралык келишимдерди түзүшөт, алар Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүүнүн бекитилген концепцияларынын жана программаларынын жоболоруна негизделет.
Ушуга байланыштуу Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүүдө тоскоолдуктарды болтурбоо максатында Мыйзамдын долбоорунун 46-беренесинин 6-бөлүгүндө "Борбордук Азия өлкөлөрүндө" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз.
33. Мыйзамдын долбоорунун 48-беренесинин 1-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз, анткени Мыйзамдын долбоорунда колдонулуучу терминдердин түшүндүрмөсү Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинде камтылган. Мында аталган беренеде "электр энергиясынын чекене рыноктору" термини чечмеленип берилген.
Мыйзамдын долбоорунун аталган беренесинин 4-бөлүгү менен чекене рыноктун эрежелерин бекитүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына берилген. Аталган ыйгарым укукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жүктөө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына туура келет. Ошону менен бирге Мыйзамдын долбоорунун 8-беренеси менен дүң жана чекене рыноктордун иштөө эрежелерин жана негизги жоболорун иштеп чыгуу жана бекитүүгө энергетика чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жооптуу деп белгилөө сунушталууда. Ошентип, Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин аталган жобосу Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган мыйзамдарына жана Мыйзамдын долбоорунун 48-беренесинин 4-бөлүгүнө каршы келет.
34. Мыйзамдын долбоорунун 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда "ченемдик укуктук документтер" сөз айкалышын пайдаланууну тактоо сунуш кылынат, анткени бул жерде сөз ченемдик укуктук актылар туурасында же укуктук документтер жөнүндө жүрүп жаткандыгы белгисиз болуп турат.
35. Коммерциялык эмес уюм болуп эсептелген рыноктун кеңешинин ишине мамлекеттик органдардын кийлигишүү учурларын болтурбоо максатында энергетика чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүн аталган уюмдун курамынан алып салууну сунуш кылабыз. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 54-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарын алып салууну сунуш кылабыз.
Мында аталган бөлүктүн 6-пунктунда Электр энергетикалык рыноктун кеңеши жөнүндө жобо ким тарабынан бекитилерин тактоону сунуштайбыз.
36. Мыйзамдын долбоорунун 55-беренесинин 1-бөлүгүндө отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кепилдик берген жеткирүүчүлөрдүн, бөлүштүрүүчү электр тармактык же электр сатуучу уюмдардын жана керектөөчүлөрдүн укуктарын жана милдеттерин регламенттеген калк үчүн электр менен жабдууга, жеткирүүгө жана берүүгө типтүү келишимди иштеп чыгаруусу каралган. Мыйзамдын долбоорунун аталган беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык типтүү келишимдер мыйзамдарга ылайык бекитилет. Ошону менен бирге аталган берене кайсы органдын укугуна аталган келишимдерди бекитүү кирерин аныктабайт. Ошондой эле, типтүү келишимдер бирдей шартты белгилөөгө багытталгандыгын жана тиешелүү келишимдерди түзүү үчүн үлгү катары кызмат кыларын эске алганда түшүнүксүз болууда, Мыйзамдын долбоорунун 55-беренесинин 1-бөлүгүнүн кайсы критерийлери менен типтүү келишимдин жоболорун, эгерде тиешелүү шарттар ушул Мыйзамдын жоболоруна негизделген жана башка ченемдик укуктук актыларга дал келген болсо да, келишимдин бир да тарабы өзгөртө албастыгы белгиленген.
Мыйзамдын долбоорунун жогоруда аталган беренесин төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толуктоону сунуш кылабыз:
"4. Типтүү келишим Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган учурларда бузулушу мүмкүн.
Эгерде келишимдик милдеттенмелерин дайыма аткарбаган себептен жаран менен келишим бузулуп, натыйжада жеткирүүчүгө зыян келтирилген болсо же ушул жаран тарабынан төлөнбөгөн чыгымдар орун алган учурда, кепилдик берген жеткирүүчү жаран менен электр жабдууга келишим түзүүдөн баш тартууга укуктуу.".
37. Мыйзамдын долбоорунун 57-беренесинин 4-бөлүгүндө электр энергия абоненттери келишимдин шарттарына ылайык электр энергиясына алдын ала төлөө менен алдыртан төлөө функциясын колдоочу электрондук эсептегичтерди пайдалануу менен керектелген электр энергиясы үчүн төлөй алары каралган. Ушуну менен бирге аталган берененин 5-бөлүгүндө алдыртан төлөө менен керектөөчү электр энергияны алдыртан төлөө мезгилинде колдонулган тариф боюнча алары каралган.
Аталган жоболор өз алдынча бөлүктөр болуп таризделгенин эске алып, 5-бөлүк 4-бөлүктүн уландысыбы, же анда алдыртан төлөө шарттары өзүнчө каралып жатканы түшүнүксүз.
Буга байланыштуу, аталган жоболорду иш жүзүндө колдонууда кыйынчылыктар келип чыгышын болтурбоо максатында 57-берененин 4-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунушталат:
"4. Абоненттер электр энергияга төлөөнү электр энергияны коммерциялык эсептөөнүн жекече системасынын көрсөтүүлөрүнө ылайык, календардык айда бир жолу, же келишимдин шарттарына ылайык электр энергияга алдыртан төлөөнү берүү жолу менен алдын ала төлөө функциясын колдоочу коммерциялык эсепке алуунун электрондук системаларын колдонуу менен керектөө мезгилиндеги тарифтер боюнча жүргүзүшөт".
Мыйзамдын долбоорунун 57-беренесинин 5-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 57-беренесинин 7-бөлүгү менен иштеп чыгарган жеткирүүчү, бөлүштүрүүчү электр тармактык уюм же энергияны сатуучу уюм керектөөчүлөрдүн электр энергиясына болгон карызы 45 календардык күндөн ашып кетишине жол берүүгө укуктары жок. Ушуну менен бирге Мыйзамдын долбоору менен көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашкан учурда орун алуучу кесепеттер, аталган компаниялардын жоопкерчилиги, ошондой эле, карыздарды 45 календардык күндөн ашырбоо механизмдери жөнгө салынган эмес.
38. Мыйзамдын долбоорунун 58-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболору талаптарга жооп бербейт:
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 84-беренесинин 1-пунктуна ылайык юридикалык жак тизмеси мыйзам тарабынан аныкталуучу иштин айрым түрлөрүн атайын уруксаттын (лицензиянын) негизинде гана ишке ашыра алат;
- "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык лицензия алуучу тарабынан иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашыруу ыктыярдуу токтотулган учурда, лицензия алуучунун (лицензия алуучунун укугун мурастоочунун) арызы берилгенде лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу токтотулат. Лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу токтотулганда лицензия берүүчү лицензияны жана (же) уруксатты колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматты реестрге киргизет. Маалыматтар реестрге киргизилген датадан тартып лицензияны жана (же) уруксатты колдонуу токтотулду деп таанылат.
Мындан тышкары, аталган жоболор Мыйзамдын долбоорунун 12-беренесине каршы келет, ага ылайык тиешелүү лицензия албастан экономикалык иш жүргүзүүгө тыюу салынат.
39. Мыйзамдын долбоорунун 59-беренеси Мыйзамдын долбоорунун электр энергетикасы жаатындагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн, анын ичинде электр же жылуулук энергиясын уурдагандыгы үчүн жоопкерчилигин белгилеген 77-беренесинде камтылган жобону кайталайт.
40. Мыйзамдын долбоорунун 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүн төмөнкү редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
"Гидроэлектр энергиясын өндүрүүгө тиешеси бар бардык долбоорлор сууну энергетикалык эмес максаттарда колдонуу мүмкүндүгүн алдын ала изилдөөдөн өтүүгө тийиш.".
41. Мыйзамдын долбоорунун 62-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун редакциясын кайра карап чыгууну сунуш кылабыз, анткени отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган коштолгон (сагактоочу) электр берүү линияларын жана 110 кВ чыңалуудагы көмөк чордондорду курууга лицензия берүүгө укугу жок. Мындан тышкары, бул пунктту "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын эске алуу менен кайра карап чыгуу керек.
42. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Мыйзамда каралган коомдук муктаждыктар үчүн мүлктү алып коюу, ал мүлктүн наркынын жана башка чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү адилеттүү жана алдын ала камсыз кылуу менен соттун чечими боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 66-беренесинин 1-пункту менен жер участогун алып коюуга төмөнкү учурларда жол берилет:
1) жер участогунун максаттуу багытын бузуп пайдалануу;
2) ушул главага ылайык мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу (сатып алуу);
3) айыл чарба өндүрүшү үчүн берилген жер участогун же жер участогунун бир бөлүгүн үч жылдын ичинде пайдаланбоо;
4) айыл чарбасынан башка өндүрүш үчүн берилген жер участогун 5 жыл бою пайдаланбоо;
5) жер салыгын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө төкпөсө;
6) "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу акыларынын тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөрдүн ичинде камсыздандыруу акыларын төгүп бербөө;
7) "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда жер казынасын пайдалануу укуктарын мамлекеттик орган токтотсо (жокко чыгарса).
Аталган берененин 4-пунктуна ылайык мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу жер участогуна болгон укуктун сатып алуу баасы төлөнүп берилгенден жана зыяндардын орду толтурулгандан кийин жүргүзүлөт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Мыйзам долбоорунун 68-беренесинин жоболорун жогоруда аталган жоболорду эске алуу менен кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
43. Ошондой эле, лицензиялардын жана уруксаттардын толук тизмесин белгилеген "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен суу пайдаланууга уруксат берүү каралбагандыгын белгилей кетүү керек. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 71-беренесинин 2-бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуш кылабыз. Аталган Мыйзамдын 15-беренесинин жоболорун жетекчиликке алып, аталган бөлүктө "иштеп чыгуу" деген сөздү "өндүрүү" деген сөз менен алмаштырууну сунуш кылабыз.
44. Административдик органдын аракетине же аракетсиздигине берилген даттануунун негизинде талаш-тартыштарды сотко чейин чечүү "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынгандыктан, Мыйзамдын долбоорунун 78-беренесин алып салууну сунуш кылабыз.
45. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-главасына ылайык, ченемдик техникасынын талаптарын эске алуу менен, ошондой эле Мыйзамдын долбоорун туура баяндоо максатында сунуштайбыз:
- Мыйзамдын долбоорунда бирдиктүү терминологияны, ошондой эле так бир маанилүү түшүнүктөрдү колдонууну. Мисалы: Мыйзамдын долбоорунда төмөнкү түшүнүктөр колдонулууда: "жылуулук энергия" жана "жылуулук энергия"; "электр энергия" жана "электр энергия"; "отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу Мамлекеттик орган", "отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган", "ОЭК жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган", "отун-энергетикалык комплексинин субъектилерин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган", "энергетикалык саясатты жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган", "энергетика жаатындагы мамлекеттик орган", "энергетика маселелери боюнча мамлекеттик орган" жана "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган". Иш жүзүндө Мыйзамдын долбоорунда ар түрдүү түшүнүктөрдү колдонуу ар кандай кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн;
- Мыйзамдын долбоорунда тексти боюнча жалпысынан мыйзамдарга байлаштырууга багытталган шилтемелерди карап чыгып, "эреже катарында" деген сөздөр алып салынсын, колдонуудагы кыскартуулар чечмеленсин;
- Мыйзамдын долбоорунун 64-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө "биринчи" деген сөз "1" санына алмаштырылсын;
- Мыйзамдын долбоорунун 66-беренесинде "иретинде" деген сөз алып салынсын;
- Мыйзамдын долбоорунун 70-беренесинин 1-бөлүгүнөн "- чакан энергетика" деген сөздөр алып салынсын;
- Мыйзамдын долбоорунун 70-беренесинин 2-бөлүгүнөн "(мындан ары - энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө - ЭЖБ)" сөздөрү алып салынсын;
- Мыйзамдын долбоорунун 70-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "чакан электр энергетика" деген сөздөр "чакан энергетика" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- Мыйзамдын долбоорунун 75-беренесинде "жаратылышты коргоо" деген сөздөр "айлана-чөйрөнү коргоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
46. Ошондой эле кароодогу Мыйзамдын долбоорунун алкагында электр жана жылуулук коргоо зоналарын аныктоого байланышкан маселелерди жөнгө салууну сунуштайбыз.
47. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылары расмий жарыялангандан тартып он беш күндөн эрте эмес күчүнө кирет. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 79-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "10" деген цифраны "он беш" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
48. Мыйзам долбоорунун 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бир айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды аткаруу боюнча иш-аракеттердин программасын иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жактыруу сунушталат.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү киргизген жалпы мамлекеттик өнүктүрүү программасын бекитет. Ушуга байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү социалдык чөйрөдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыздоо зарыл экенин эске алуу менен (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинин 1-бөлүмүнүн 8-пункту) Мыйзамдын долбоорунун 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун алып салууну сунуштайбыз.
49. Мыйзамдын долбоорунун 79-беренесинин 3-бөлүгү боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- күчүн жоготууга сунушталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын номерлерин жана чыккан мезгилдерин алып салууну;
- аталган мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы же "Эркин Тоо" газетасында жарыялоону;
- 7, 8, 14 жана 15-пункттарында "Мыйзам" деген сөздү "Мыйзамдын 1-беренеси", ошондой эле "1-берене", "Мыйзамдын 16-беренеси", "Мыйзамдын 2-беренеси" деген сөздөргө алмаштырууну, анткени аталган пункттар мыйзамдар менен өзгөртүүлөр катары бир гана "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен чектелген эмес;
- "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жокко чыгарууга себеп болбогонуна байланыштуу 16-26-пункттарды алып салууну;
- "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготуусу менен биргеликте 2016-жылдын 20-январындагы № 5 "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп таанууну.
50. Аналитикалык катты укуктук жактан талдап келгенде Мыйзамдын долбоорунун ченемдери колдонуудагы мыйзамдарга каршы келбегени белгиленди, бирок мыйзам долбоорун карап чыкканда бир катар карама-каршылыктар табылды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жобосуна, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүүчү система жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карама-каршылыктар бар.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ишкерлик субъектилеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөндөө таасирин талдоо методикасына ылайык (мындан ары - Методика), "кандай болсо, ошол бойдон калсын" вариантынан тышкары экиден кем эмес альтернативдүү варианттарды берүү керек, мында ар бир вариант Методиканын түзүмүнө ылайык маалыматты камтууга тийиш.
Муну менен бирге, аналитикалык катты негизги кызыкдар тараптардын/топтордун ой-пикирлерин, бизнес-ассоциацияларынын кызыкчылыктарын көрсөтүп, сунушталган жөнгө салуу варианттары менен толуктоо зарыл, ошондой эле варианттарды салыштыруу керек.
Мындан тышкары, жумушчу топтун мүчөлөрүнүн кол коюуларын берүү зарылдыгы тууралуу билдиребиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, ошондой эле "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору бүгүнкү күндө көбү эскирип, кайрадан карап чыгуу талап кылынаарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды сөзсүз түрдө эске алуу менен аталган Мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алуу демилгесин колдойт.