Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 324 токтому менен бекитилген |
Контролдук-кассалык машиналарды каттоо, пломбалоо жана колдонуу ТАРТИБИ
1. Түшүнүктөр жана терминдер
1. Ушул Контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары - ККМ) каттоо, пломбалоо жана колдонуу тартибинде төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
а) контролдук тасма - ККМде кагаз жүзүнө басып чыгарылган, пайдалануучу менен сатып алуучунун (кардардын) ортосунда жүргүзүлгөн накта акчалай эсептешүүнүн жана (же) төлөм карталарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн эсептешүүнүн фактысын ырастаган, эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө акча каражаттарынын тиешелүү деңгээлде эсепке алынышын камсыз кылган ККМдин программалык-аппараттык каражаттарында катталган, мындай эсептешүүлөр жөнүндө маалыматтарды камтыган баштапкы эсепке алуу документи;
б) контролдук пломба - ККМдин каралган орундарында коюлуучу атайын энтамга;
в) контролдук-кассалык чек - ККМдин кагаз тасмасына басып чыгарылган, накта акчалай эсептешүүнүн жана/же эсептешүү операцияларын жүргүзүүдө төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүнүн катталганын күбөлөндүрүүчү документ;
г) кайрадан фискалдаштыруу - ККМдин суммалоочу эсептегичтерин нөлгө түшүрүү менен фискалдык режимди кайрадан кошуу;
д) субъект - уюштуруу-укуктук формасына, ишинин түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин формасына карабастан экономикалык иш жүргүзгөн жана/же салык салуу объекттери бар жеке жак, жеке ишкер, уюм, обочолонгон бөлүм, туруктуу мекеме;
е) техникалык акт - ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген, ККМдин техникалык абалы жөнүндө маалымат көрсөтүлгөн белгиленген формадагы документ;
ж) фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшү - кассалык операциялар боюнча маалыматтарды зымдуу же зымсыз байланыш каналдары аркылуу сактоочу жана жиберүүчү түзүлүш;
з) фискалдаштыруу - ККМге фискалдык режимди туташтыруу жана ККМди техникалык тейлөө борборунун жооптуу кызматкеринин паролун киргизүү менен фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшүн активдештирүү;
и) ККМди техникалык тейлөө борбору (мындан ары - ТТБ) - ыйгарым укуктуу салык органы менен өз ара аракеттешүү жөнүндө меморандумду түзгөн юридикалык жак.
2. ККМди колдонуу
2. Кыргыз Республикасынын аймагында соода операцияларын жүргүзүүдө же кызматтарды көрсөтүүдө накталай акчанын, төлөм карточкаларынын, чектердин жардамы менен ишке ашырылуучу калк менен акчалай эсептешүү контролдук-кассалык чекти берүү аркылуу ККМди милдеттүү түрдө колдонуу менен жүргүзүлөт.
3. ККМди колдонбостон калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө Ишинин өзгөчөлүгүнө же жайгашкан жеринин шарттарына байланыштуу контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алышкан уюмдардын же жеке жактардын тизмегине киргизилген субъекттерге жол берилет.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген ККМдин мамлекеттик реестрине (мындан ары - Мамлекеттик реестр) киргизилген ККМдин моделдерин гана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга жол берилет.
5. Мамлекеттик реестрден чыгарылган ККМди колдонууга жол берилбейт жана ТТБ аркылуу салык органынын каттоо эсебинен алып салынууга тийиш.
6. Төлөм терминалдарында милдеттүү түрдө ККМ (фискалдык каттоочулар) орнотулушу керек.
7. Субъекттер оң абалдагы төмөнкүдөй ККМди колдонууга милдеттүү:
а) Мамлекеттик реестрге киргизилген, ТТБда эсепке коюлган жана ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары - АМС) катталган;
б) ТТБда пломбаланган;
в) фискалдык эстутуму бар;
д) зымдуу, зымсыз байланыш каналдары боюнча маалыматтарды онлайн режиминде берген.
8. Төмөнкү учурларда ККМ бузук деп саналат:
- операцияларды аткарбаса же катачылыктар менен аткарса, контролдук тасманы же ККМдин моделдерине карата техникалык талаптарда каралган башка документтерди түшүнүксүз басып чыгарса же толук басып чыгарбаса;
- фискалдык эстутумда камтылган жана/же салык органдарынын контролдоосу үчүн зарыл болгон, зымдуу жана зымсыз байланыш каналдары боюнча берилүүчү маалыматтарды алууга мүмкүндүк бербесе;
- фискалдык эстутумунун блогу иштебей калса.
9. ККМ иштебей калган учурда субъект ТТБга кайрылат, ал эки жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө, техникалык бузулууну оңдоого милдеттүү. Техникалык бузулуу оңдолгондон кийин ТТБнын жооптуу адамы техникалык акт түзөт жана ККМдин оңдолгону тууралуу АМС аркылуу салык кызматына билдирет.
10. Эгерде ТТБ ККМдин бузулушунун себебин белгиленген мөөнөттө четтете албаса, анда оңдоо учурунда ТТБ субъектке акысыз негизде бузулган ККМдин ордуна техникалык мүнөздөмөлөрү бирдей болгон башка резервдеги (окшош, оңдолгон) ККМди берет.
11. Контролдук пломбасы жок же бузулган, ККМди жасаган заводдун маркасы жок ККМди, ошондой эле фискалдык эмес режимдеги жана фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшүнүн блогу жок ККМди колдонууга жол берилбейт.
12. ККМди жасаган завод тарабынан иштелип чыккан пайдалануу эрежелеринде башка бузулуулар да каралышы мүмкүн, андай учурларда аталган машиналар колдонулбашы керек.
13. ККМди колдонуучу субъекттер сатып алуучуларга (кардарларга) ККМде басып чыгарылган контролдук-кассалык чекти берүүгө милдеттүү.
14. Сатып алуучуларга (кардарларга) берилүүчү контролдук-кассалык чекте төмөнкү реквизиттер көрсөтүлүшү керек:
а) субъекттин аталышы;
б) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИСН);
в) ККМдин заводдук номери;
г) контролдук-кассалык чектин катар номери;
д) сатып алуунун/кызмат көрсөтүүнүн датасы жана убактысы;
е) сатып алуунун/кызмат көрсөтүүнүн наркы;
ж) төлөө ыкмасы (накталай/накталай эмес);
з) фискалдык режим жөнүндө ырастама;
и) кармалган салыктардын аталышы жана суммасы (кошумча нарк салыгы жана сатуудан алынуучу салык);
к) ККМдин каттоо номери;
л) QR коду (чек жөнүндө коддолгон маалымат);
м) ыйгарым укуктуу салык органынын веб-сайтынын дареги (чекти текшерүү үчүн).
15. Алмаштыруу бюросунда берилүүчү контролдук-кассалык чекте жогоруда саналган реквизиттерден тышкары, валютанын түрү жана курсу көрсөтүлүшү керек.
16. Ар бир ККМ боюнча субъект тарабынан ТТБнын жооптуу адамынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кассир-операция жүргүзүүчүнүн китеби жүргүзүлөт.
17. Калк менен акчалай эсептешүүлөрдүн жүргүзүлгөнүн ырастоочу контролдук тасма, кассир-операция жүргүзүүчүнүн китеби жана башка документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баштапкы эсепке алуу документтери үчүн белгиленген мөөнөттөрдүн ичинде сакталууга тийиш.
18. Субъекттер ККМди сатып алуу, каттоо жана колдонуу менен байланышкан документтерди белгиленген тартипте жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Бул документтердин сакталышы үчүн субъекттин жетекчиси жоопкерчилик тартат.
19. ККМди колдонуу тартибинин сакталышын жана түшкөн акча каражаттарынын толук эсепке алынышын контролдоону салык органдары ишке ашырат.
20. Базарлардын жана соода үйлөрүнүн жетекчилери соода аянттарын ижарага алуучулар тарабынан ККМдин орнотулушуна контроль жүргүзүүлөрү керек. Соода аянттарын ижарага алуучулар тарабынан ККМдин орнотулбагандыгы үчүн базарлардын жана соода үйлөрүнүн жетекчилери административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
3. ККМди каттоо жана пломбалоо
21. ККМди каттоо үчүн субъект ТТБГа кайрылуусу, ККМди жана төмөнкү документтерди бериши керек:
- ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча ККМди каттоо жөнүндө арызды;
- ККМдин техникалык паспортун;
- субъектти мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- ККМди каттоого документтерди берүүчү адамга ишеним кат (эгерде документ субъекттин жетекчиси тарабынан берилбесе).
22. ТТБнын жооптуу адамы ККМди каттоо жөнүндө маалыматтарды АМСга киргизүү жолу менен, ушул Тартиптин 21-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилген күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде ККМди каттайт.
23. ККМди каттоодо ТТБ ККМди фискалдаштырат жана пломбалайт. Контролдук пломба фискалдык эстутумунун блогуна жана мындай бөлүгү ККМ менен интеграцияланбаган учурда ККМдин корпусунун фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшү бекитилген жерге орнотулат. Контролдук пломба ТТБга ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан берилет.
24. ТТБнын жооптуу адамы ККМди каттоо, фискалдаштыруу, кайра каттоо, кайра фискалдаштыруу жана каттоодон чыгаруу жөнүндө маалыматтарды ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча контролдук-кассалык машиналарды каттоо карточкасына киргизет.
25. ККМдин каттоо карточкасы ККМди пайдалануу мөөнөтүндө, ошондой эле ККМ каттоодон чыгарылгандан кийин эки жыл ичинде субъектте сакталат.
26. ККМди каттоодо ТТБнын жооптуу адамы ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык формада ачылган кассир-операция жүргүзүүчүнүн китебин жана 4-тиркемесине ылайык формада ачылган акча каражаттарын эсепке алуу китебин колун жана мөөрүн коюу менен күбөлөндүрөт. Китептерге номер коюлушу жана көктөлүшү керек.
27. Акча каражаттарын эсепке алуу китеби субъект тарабынан ККМ бузулган учурда колдонулат. Субъект акча каражаттарын эсепке алуу китебине калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө тийиштүү жазууларды киргизет.
28. Субъект ККМ орнотулган иш жүзүндөгү дареги өзгөргөндө бул тууралуу ТТБга жазуу жүзүндө билдирет. ТТБнын жооптуу адамы АМСке ККМ орнотулган жаңы иш жүзүндөгү дарегин киргизет жана ККМдин каттоо карточкасына тийиштүү жазууларды киргизет.
29. ККМди кайра фискалдаштыруу процесси төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- ККМдин фискалдык блогу бузулганда;
- фискалдык маалыматтар толуп кеткенде.
30. ККМди кайра фискалдаштырууда ТТБ техникалык акт түзөт жана АМС аркылуу салык кызматына билдирет.
31. ККМди кайра фискалдаштырууда ТТБнын жооптуу адамы орнотулган контролдук пломбаларды чечет жана жаңы контролдук пломбаларды коёт.
32. ККМдин контролдук пломбасы бузулган (жулунган) же жок болгон фактылар аныкталган учурда, ТТБнын жооптуу адамы тийиштүү акт түзөт жана салык кызматына АМС аркылуу билдирет. Жагдайлар аныкталганга чейин ККМ ТТБда калышы керек.
33. ККМ катталгандан кийин субъект ККМди колдонуу менен жүргүзүлүп жаткан акчалай операцияларды көрүү үчүн АМСдагы салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүү мүмкүндүгүн ала алат.
34. ККМди каттоодон чыгаруу үчүн субъект ТТБга төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
- ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча ККМди каттоодон чыгаруу жөнүндө арызды;
- ККМдин техникалык паспортун;
- ККМдпн каттоо карточкасын;
- ККМди каттоодон чыгарууга документтерди берүүчү адамга ишеним катты (эгерде документ субъекттин жетекчиси тарабынан берилбесе).
35. ККМди каттоодон чыгаруу 34-пунктта көрсөтүлгөн документтер берилген күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде ККМден фискалдык отчетту чыгаруу жана ККМди АМСтин каттоосунан чыгаруу тууралуу маалыматтарды киргизүү жолу менен ишке ашырылат.
|
| Контролдук-кассалык машиналарды каттоо, пломбалоо жана колдонуу тартибинин 1-тиркемеси |
Форма
|
| ККМ техникалык тейлөө борборунун директору ______________________________ ______________________________ (субъекттин аталышы) ИСНи __________________________ |
Контролдук-кассалык машинаны каттоо жөнүндө АРЫЗ
Контролдук-кассалык машинаны эсепке коюуңузду суранам: |
|
ККМдин модели |
|
ККМдин заводдук номери |
|
ККМдин техникалык паспортунун номери |
|
Салыктык жана/же эсептик катталган жери боюнча салык органынын аталышы |
|
Субъекттин мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн номери |
|
Объекттин аталышы |
|
ККМ орнотулган иш жүзүндөгү дареги |
|
Субъекттин ишинин түрү |
|
Субъекттин юридикалык дареги |
|
Субъекттин байланыш номери |
|
Субъекттин жетекчиси | ________________________ (колу) | ________________________ (аты-жөнү) |
М.О.
|
| Контролдук-кассалык машиналарды каттоо, пломбалоо жана колдонуу тартибинин 2-тиркемеси |
Форма
Контролдук-кассалык машинаны КАТТОО КАРТОЧКАСЫ
Субъекттин аталышы ______________________________________________________________________________
(Уюмдун аталышы, жеке ишкердин аты-жөнү
ИСНи _________________________________________
МСКБнын коду _____________________ МСКнын ___________________________________ боюнча башкармалыгы
(салыктык же эсептик катталган шаары, району)
ККМди каттоо датасы | ККМдин каттоо номери | ККМдин модели | ККМдин заводдук номери | ТТБнын аталышы | ККМ орнотулган иш жүзүндө дареги | ККМдин контролдук пломбасынын номери | ФМБТ(*) контролдук пломбасынын номери | ККМдин фискалдык эстутумунун көрсөткүчү | ККМди эсептен чыгаруу жөнүндө белги |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(*) ФМБТ - фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшү
ТТБнын жетекчиси | ________________________ (колу) | ________________________ (аты-жөнү) |
М.О.
Арткы бети
Оңдоого берүүдө жана субъектке кайтарууда ККМдин башкы суммалоочу эсептегичинин КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ
Дата | ККМдин башкы суммалоочу эсептегичинин көрсөткүчү | ТТБнын жооптуу адамынын колу | Субъекттин колу | |
| Оңдоого жөнөтүүнүн алдында | ККМди субъектке кайтарууда |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Контролдук-кассалык машиналарды каттоо, пломбалоо жана колдонуу тартибинин 3-тиркемеси |
Кассир-операция жүргүзүүчүнүн КИТЕБИ
Контролдук-кассалык машинанын модели _____________________ заводдук номери ________________________
Датасы (нөөмөт) | Контролдук эсептегичтин көрсөткүчү | Күндүн башталышына карата өсүү жыйынтыгы менен түшкөн акча | Бир күндө түшкөн акча | Күндүн аягына карата өсүү жыйынтыгы менен түшкөн акча | Өсүү жыйынтыгы менен кайтаруулар | Бир күндөгү кайтаруулар | Бухгалтерияга өткөрүлгөн же инкассацияланган | Бухгалердин же инкассатордун колу | Кассадагы акчалай каражаттын калдыгы | Кассирдин колу | ||||
|
|
| Бардыгы | Накталай | Накталай эмес |
|
|
| Документтин номери | Дата | Сумма |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Контролдук-кассалык машиналарды каттоо, пломбалоо жана колдонуу тартибинин 4-тиркемеси |
Акча каражаттарын эсепке алуу КИТЕБИ
Дата | Убактысы | Товардын/кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Өлчөө бирдиги | Саны | Товардын/кызмат көрсөтүүнүн бирдигинин баасы | Суммасы | Төлөөнүн түрү (накталай/накталай эмес) | Акча каражатын кайтаруу | Кассир-операция жүргүзүүчүнүн колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Контролдук-кассалык машиналарды каттоо, пломбалоо жана колдонуу тартибинин 5-тиркемеси |
Форма
|
| ККМ техникалык тейлөө борборунун директору ______________________________ ______________________________ (субъекттин аталышы) ИСНи __________________________ |
Контролдук-кассалык машинаны каттоодон чыгаруу жөнүндө АРЫЗ
Контролдук-кассалык машинаны каттоодон чыгарууну суранам:
ККМдин модели |
|
ККМдин заводдук номери |
|
ККМдин техникалык паспортунун номери |
|
ККМдин каттоо номери |
|
ККМди каттоо датасы |
|
Салыктык жана/же эсептик катталган жери боюнча салык органынын аталышы |
|
Объекттин аталышы |
|
ККМ орнотулган иш жүзүндөгү дареги |
|
Субъекттин ишинин түрү |
|
Субъекттин юридикалык дареги |
|
Субъекттин байланыш номери |
|
ККМди эсептен чыгаруунун себеби |
|
Субъекттин жетекчиси | ________________________ (колу) | ________________________ (аты-жөнү) |
М.О.