Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июну № 325
Кыргыз Республикасындагы Гарантиялык фонддорду 2020-жылга чейин өнүктүрүүнүн концепциясын бекитүү жөнүндө
Чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин кредиттик жана башка финансылык ресурстардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, гарантиялык фонддор системасын өнүктүрүү аркылуу алардын экспорттук потенциалын арттыруу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасындагы Гарантиялык фонддорду 2020-жылга чейин өнүктүрүүнүн концепциясы (мындан ары - Концепция) 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасындагы Гарантиялык фонддорду 2020-жылга чейин өнүктүрүүнүн концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Концепцияны жана Иш-аракеттер планын жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- эки айлык мөөнөттө Концепцияны жана Иш-аракеттер планын жүзөгө ашыруу боюнча ведомстволук программаларды жана иш-чаралар планын иштеп чыгышсын жана бекитишсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддорду 2020-жылга чейин өнүктүрүүнүн концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттер ПЛАНЫ
Милдеттер | Ишке ашыруу боюнча иш-чаралар | Күтүлүүчү натыйжалар | Аткаруу мөөнөттөрү | Аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1-багыт МГФ түзүү | |||||
1.1-милдет. МГФ түзүү боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | МГФ уюштуруу документтерин иштеп чыгуу. | МГФ уюштуруу документтери иштелип чыгат. | 2016-жылдын II-III кварталы | Экономмин, Финмин, ГФ ассоциациясы (макулдашуу боюнча), ГФ (макулдашуу боюнча), Ишкерлер ассоциациялары жана бирликтери, мамлекеттик катышуу үлүшү менен банктар (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, донорлордун (Азия өнүктүрүү банкы жана башкалар) каражаттары |
МГФ ички ченемдик документтерин иштеп чыгуу. | МГФ ички ченемдик документтери, анын ичинде өнөктөш банктарды тандоо боюнча талаптар иштелип чыгат. | ||||
МГФ капиталынын өлчөмүн аныктоо | МГФ капиталынын өлчөмү аныкталат. | ||||
МГФ бизнес-планын иштеп чыгуу | МГФ бизнес-планы иштелип чыгат жана бекитилет | ||||
1.2-милдет. Мамлекеттик гарантиялык фондуларды капиталдаштыруу, өнөктөш банктарды тандоо | Республикалык бюджеттен жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусунан Мамлекеттик гарантиялык фондду капиталдаштыруу булактарын аныктоо. | Республикалык бюджеттен жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусунан каражаттар чегерилет. | 2016-жылдын II-IV кварталы | Финмин, Экономмин, ГФ ассоциациясы (макулдашуу боюнча), Ишкерлер ассоциациясы жана бирликтер, мамлекеттик катышуу үлүшү менен банктар (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин 72 млн. сом суммасындагы, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусунун, донорлордун (Азия өнүктүрүү банкынын 3 млн. АКШ доллар суммасындагы жана башкалар) каражаттары |
МГФны капиталдаштыруу үчүн эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. | МГФны капиталдаштыруу үчүн эл аралык донорлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. | ||||
Өнөктөш банктарды тандоо боюнча тендер өткөрүү | Тендер өткөрүлөт жана өнөктөш банктар тандалып алынат | ||||
1.3-милдет. Экспортко багытталган чакан жана орто бизнести колдоо | МГФ, чакан жана орто бизнес менен экспортко багыт алган чакан жана орто бизнестин жана банктардын өз ара аракеттенүү принциптерин иштеп чыгуу жана макулдашуу. | МГФ, чакан жана орто бизнес менен экспортко багыт алган чакан жана орто бизнести колдоо боюнча өз ара аракеттенүү принциптери иштелип чыгат жана макулдашылат. | 2016-жылдын III-IV кварталы | Экономмин, банктар - өнөктөштөр (макулдашуу менен) |
|
МГФ менен экспортко багыт алган ишканаларды колдогон банктардын кызматташуусу жөнүндө келишимди даярдоо, макулдашуу жана ага кол коюу | МГФ менен экспортко багыт алган ишканаларды колдогон банктардын кызматташуусу жөнүндө келишимдер даярдалат, макулдашылат жана аларга кол коюлат | ||||
1.4-милдет. "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорун ишке ашыруу боюнча МГФнын бюджеттик каражат-тарын натыйжалуу пайдалануу | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен "Айыл чарбасын каржылоо" ишке ашыруу боюнча өз ара аракеттенүү принциптерин макулдашуу. | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорлорун ишке ашыруу боюнча өз ара аракеттенүү принциптерин макулдашат. | 2016-жылдын III-IV кварталы жана андан ары | МГФ (макулдашуу боюнча), Финмин, Экономмин, өнөктөш банктар (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, донорлордун (Азия өнүктүрүү банкы жана башкалар) каражаттары |
МГФ жана "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорлорунун катышуучу банктарынын ортосунда келишимди даярдоо, макулдашуу жана ага кол коюу. | МГФ жана "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорлорунун катышуучу банктарынын ортосунда келишим даярдалат, макулдашылат жана ага кол коюулат. | ||||
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан МГФ айыл чарбасын каржылоо долбоорлорунун кредиттери боюнча пайыздарды субсидиялоо үчүн республикалык бюджетте бекитилген сумманы чегерүү | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан МГФ "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорун каржылоо үчүн бекитилген республикалык бюджетте макулдашылган суммалар чегерилет | ||||
2-багыт ГФ тарабынан чакан жана орто бизнестин финансы каражаттарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн колдоо | |||||
2.1-милдет. ЧОБ субъекттерин (ГФнын потенциалдуу кардарларын) институттук өнүктүрүү | ЧОБ субъекттери менен жолугушууларды өткөрүү жана ГФ менен кызматташуунун артыкчылыктарын түшүндүрүү. | ЧОБ субъекттери менен жолугушуулар өткөрүлөт жана ГФ менен кызматташуунун артыкчылыктары түшүндүрүлөт. | 2016-2019-жылдардын III кварталынан баштап | МГФ (макулдашуу боюнча), ГФ ассоциациясы (макулдашуу боюнча), ГФ (макулдашуу боюнча), ЧОБ субъекттери | МГФнын, ГФ ассоциациясынын, ГФ (макулдашуу боюнча) жана донорлордун каражаттары |
Ишкерлердин бизнес жүргүзүү, банктар жана ГФ менен кызматташуу бөлүгүндө финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу | Ишкерлердин бизнес жүргүзүү, банктар жана ГФ менен кызматташуу бөлүгүндө финансылык сабаттуулук деңгээли жогорулатылат | ||||
2.2-милдет. ЧОБ менен ГФнын кызматташуусу | Республиканын ар кайсы региондорунда ГФ банктар менен гарантияларды берүүнү камсыз кылуу. | ГФ жана өнөктөш банктар менен биргеликте чакан жана орто бизнес субъекттерине гарантиялар жана кредиттер берилет. | 2016-жылдын III кварталынан баштап 2020-жылга чейин | МГФ (макулдашуу боюнча), ГФ ассоциациясы (макулдашуу боюнча), ГФ (макулдашуу боюнча), ЧОБ субъекттери | МГФнын, ГФ ассоциациясынын, ГФнын жана донорлордун каражаттары |
Продукцияны экспорттоодо иш жүргүзгөн ишкерлерди колдоо жана алар тарабынан гарантияларды/кредиттерди алууда көмөк көрсөтүү | Продукцияларды экспорттоо боюнча семинарлар өткөрүлөт жана алар үчүн гарантияларды/кредиттеди берүү камсыздалат | ||||
2.3-милдет. Жаңыдан иш баштаган ишкерлерди колдоо (start-up долбоорлору) | Жаңыдан иш баштаган ишкерлердин финансы жактан муктаждыктарын баалоо. | Жаңыдан иш баштаган ишкерлердин финансы жактан муктаждыктары бааланат. | 2016-жылдын IV кварталынан баштап 2017-жылга чейин | Экономмин, МГФ (макулдашуу боюнча), ГФ ассоциациясы (макулдашуу боюнча), ГФ (макулдашуу боюнча), Ишкерлер ассоциациялары жана бирликтери (макулдашуу боюнча), жаңыдан иш баштаган ЧОБдор, мамлекеттик катышуу үлүшү менен банктар (макулдашуу боюнча) | МГФ (макулдашуу боюнча), ГФ ассоциациясынын, ГФ жана донорлордун каражаттары |
Жаңыдан иш баштаган ишкерлерди колдоо программасын иштеп чыгуу. | Жаңыдан иш баштаган ишкерлерди колдоо программасы иштелип чыгат. | 2017-жылдын II-IV кварталдары | |||
Жаңыдан иш баштаган ишкерлер үчүн финансылык сабаттуулук, бизнес жүргүзүү, ГФ менен кызматташуу маселелери боюнча семинарларды өткөрүү. | Жаңыдан иш баштаган ишкерлер үчүн финансылык сабаттуулук, бизнес жүргүзүү, ГФ менен кызматташуу маселелери боюнча семинарлар өткөрүлөт. | 2017-2019-жылдар | |||
Жаңыдан иш баштаган ишкерлерге ГФ аркылуу финансылардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алууда көмөк көрсөтүү | Жаңыдан иш баштаган ишкерлерге ГФ аркылуу финансылардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алууда көмөк көрсөтүлөт | 2017-2019-жылдар | |||
3-багыт Региондордо ГФнын филиалдарын, жаңы ГФларды ачуу жана аларды капиталдаштыруу | |||||
3.1-милдет. Региондордо ГФ филиалдарын, жаңы ГФларды ачуу жана аларды капиталдаштыруу үчүн каражаттарды бөлүү статьясын кошуу | Региондордун ЖӨБ субъекттеринин керектөөлөрүн аныктоо жана региондордо МГФнын филиалдарын ачуу. | Региондордун ЖӨБ субъекттеринин керектөөлөрү аныкталат жана региондордо МГФнын филиалдары ачылат. | 2016-2019-жылдардын III-кварталынан баштап | Экономмин, ГФ ассоциациясы (макулдашуу боюнча), жеке түзүмдөр (макулдашуу боюнча) | Жеке түзүмдөрдүн (макулдашуу боюнча) жана донорлордун каражаттары |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары региондордо ГФны ачуудагы сунуштарды даярдоо. | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары региондордо ГФ ачуу боюнча сунуштар даярдалат. | ||||
Менчик уюмдар жана донорлор менен мамлекеттик-менчик өнөктөштүк негизинде ГФны түзүү боюнча жолугушууларды өткөрүү | ГФны түзүү үчүн жеке түзүмдөрдүн бюджеттерине киргизүү маселелери макулдашылат | ||||
3.2-милдет. ГФны институттук өнүктүрүү. | ГФны түзүү жана аларды каттоодон өткөрүү боюнча уюштуруу документтерин иштеп чыгууда көмөк көрсөтүү. | Уюштуруу документтери даярдалат жана жаңы ГФ каттоодон өткөрүлөт. | 2016-2019-жылдардын III кварталынан баштап | ГФ ассоциациясы (макулдашуу боюнча), ГФ (макулдашуу боюнча) | ГФ ассоциация-сынын, ГФнын (макулдашуу боюнча) жана донорлордун каражаттары |
Ички ченемдик документтерди (саясатты жана жол-жоболорду) жана отчетторду формасын иштеп чыгууда көмөк көрсөтүү. | Ички ченемдик документтер (саясатты жана жол-жоболорду) жана отчеттордун формасы иштелип чыгат. | ||||
Региондук ГФнын иштөөсү үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана аларды киргизүү. | Региондук ГФнын иштөөсү үчүн программалык камсыздоо иштелип чыгат жана алар киргизилет. | ||||
ГФ кызматкерлерин мезгил-мезгили менен окутуп туруу | ГФ кызматкерлери мезгил-мезгили менен окутулат | ||||
Кыскартылган сөздөрдүн тизмеги:
ИДП | - | ички дүң продукт |
ИЧД | - | ички ченемдик документтер |
ГФ | - | гарантиялык фонд |
МГФ | - | мамлекеттик гарантиялык фонд |
КР | - | Кыргыз Республикасы |
ЧОБ | - | чакан жана орто бизнес |
Финмин | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
Экономмин | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |