Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-июну № 327
2016-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин андан ары иш жүзүнө киргизүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- Программаны ишке ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 20-январдан жана 20-июлдан кечиктирбестен, Программанын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 20-февралдан жана 20-августтан кечиктирбестен Программанын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте Программаны ишке ашыруу үчүн ресурстарды тартуунун маселелери боюнча эл аралык финансылык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын башчыларынын Программанын сапаттуу жана өз убагында ишке ашырылышы үчүн жеке жоопкерчиликтери белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
2016-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
Киришүү
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) дүйнө жүзүндө мамлекеттик кызматтарды кыйла натыйжалуу жана сапаттуу көрсөтүүгө жана инфратүзүмдүк объекттерди өркүндөтүүгө мүмкүндүк берген альтернативдүү метод катары таанылды.
МЖӨ инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана жеке секторлордун материалдык жана финансылык ресурстарын концентрациялоо аркылуу өлкөнүн экономикалык өсүшүн камсыз кылуунун, анын ичинде мамлекеттик бюджетке болгон жүктү төмөндөтүү жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу бөлүштүрүүнүн маанилүү инструменттеринин бири болуп саналат.
МЖӨнү ийгиликтүү ишке ашыруу жагымдуу мыйзамдык, институционалдык жана финансылык чөйрөнүн, ошондой эле долбоорлорду сапаттуу даярдоо үчүн тийиштүү ресурстардын болушун талап кылат.
Кыргыз Республикасы мыкты эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен өлкөдө МЖӨнү өнүктүрүү боюнча алгачкы кадамын баштады.
2012-жылы "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (мындан ары - МЖӨ жөнүндө Мыйзам) кабыл алынган, МЖӨнүн институционалдык базасы түзүлгөн, ага ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аныкталган, ошондой эле 2014-жылы МЖӨнүн долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду түзүлгөн.
Демек, зарыл болгон мыйзамдык жана институционалдык базаны түзгөндөн тышкары, акыркы 4 жылда МЖӨнүн пилоттук долбоорлорун даярдоо башталды, бул Улуу Британия, Голландия, Индия, Филиппин сыяктуу чет өлкөлөрдүн долбоорлорду даярдоо мезгили көп убакытты алган тажрыйбасына салыштырмалуу жакшы көрсөткүч болуп саналат.
Дүйнө жүзүндө МЖӨнү өнүктүрүүнүн даражасын баалоо үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүдө адистештирилген жана кыйла абройлуу булак болуп саналган The Economist Intelligence Unit көз карандысыз компаниясынын маалыматтарына ылайык, МЖӨнүн долбоорлорун ишке ашырууга карата даярдыгын баалоо боюнча талдоодо (2014) Кыргыз Республикасы изилденген 21 өлкөнүн ичинен 19-орунду ээлейт.
Бул рейтингге ылайык МЖӨнү өнүктүрүү 2011-жылы 25,6 баллга, 2014-жылы болсо - 29,5 баллга бааланган, бул Кыргыз Республикасын "жаңыдан жаралып жаткан МЖӨ" категориясынан "өнүгүп бара жаткан МЖӨ" категориясына өтүү үчүн 30 баллдык чектик мааниге тыгыз жакындатты. Бул позиция "МЖӨ үчүн жетишерлик күчтүү ченемдик укуктук база түзүлгөн, бирок ишке ашырылышы институттук базанын чектелиши, долбоорлорду илгерилетүү боюнча практикалык көндүмдөрдүн жоктугу, анын ичинде укуктук чөйрөгө карата инвесторлордун тынчсыздануусу менен кармалууда" деп белгилейт.
Ошентип, Кыргыз Республикасы МЖӨнүн механизмдерин практикалык жактан ишке киргизүү жана бул үчүн зарыл болгон жагымдуу шарттарды түзүү боюнча андан аркы маанилүү кадамдарды таштоонун алдында турат.
Азыркы күндө МЖӨнүн чөйрөсүндө жана мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлде процесстин бардык катышуучуларынын макулдашылган аракеттеринин бирдиктүү саясатын жүргүзүүнүн, өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу секторлорун аныктоонун зарылдыгы бар.
Ушул Программа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө МЖӨ чөйрөсүндө мамлекеттик башкарууну жакшыртууга жана адам ресурстарын күчөтүүгө, МЖӨ чөйрөсүндө мамлекеттик өнөктөштөрдүн потенциалын жана маалымдуулугун жогорулатууга, ошондой эле МЖӨнүн финансылык инструменттерин өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын аткарылышын координациялоого жана ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
1. Учурдагы абалды жалпы баалоо
1.1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү чөйрөсүндөгү абалга сереп
МЖӨ жөнүндө Мыйзам кабыл алынганга чейин "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" жана "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн айрым элементтери бар болчу. Бул мыйзамдар макулдашуунун негизинде мамлекет менен жеке сектордун узак мөөнөттүү кызматташуусун карайт.
2009-жылдын 11-майында "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзам кабыл алынган. Мыйзамда конкурстук тандоонун так жана ачык эрежеси, макулдашуулардын милдеттүү шарттары, МЖӨ моделдерин сүрөттөө, тобокелдиктерди бөлүштүрүү тартиби жана башка көп нерселер болгон эмес. Ошондой эле Мыйзамда долбоорлор боюнча түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мүмкүндүгүнө жол берилген, бул МЖӨнүн негизги концепциясын - "баа-сапат" катышы боюнча долбоорду ишке ашыруунун эң мыкты вариантын тандоону камсыз кылуунун негизги принцибин камсыздоонун көз карашынан алганда алгылыктуу эмес.
Буга байланыштуу, жогоруда аталган Мыйзам кайрадан иштелип чыккан жана 2012-жылы негизги эл аралык принциптерге шайкеш келген жаңы редакцияда кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын МЖӨ жөнүндө жаңы Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бир катар ченемдик укуктук актылары кабыл алынган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволорунун деңгээлинде МЖӨнүн катышуучулары МЖӨ жөнүндө Мыйзамдын жоболорун бир түрдө колдонуу үчүн ведомстволук актыларды кабыл алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Мамлекет менен жеке өнөктөштөрдүн ортосунда түзүлгөн МЖӨнүн макулдашуулары боюнча финансылык милдеттенмелерди аныктоо, баалоо, бекитүү жана мониторинг жүргүзүүнүн ырааттуулугун жана бирдиктүү процессин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 29-январындагы № 9-п буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында МЖӨнүн долбоорлору боюнча фискалдык тобокелдиктерди башкаруунун методикалык колдонмосу иштелип чыккан жана кабыл алынган.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2013-жылдын 28-февралындагы № 39 жана 2013-жылдын 7-мартындагы № 52 буйруктары менен МЖӨнүн долбоорлоруна жеке өнөктүн катышуу формаларын жана ишке ашыруу механизмдерин аныктаган Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна жеке өнөктөрдүн катышуу формасын колдонуу боюнча жобо жана Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча тендер өткөрүү тартиби бекитилген.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги МЖӨ боюнча колдонмонун долбоорун иштеп чыгууда, ал МЖӨ жөнүндө типтүү макулдашууну, ошондой эле эл аралык мыкты тажрыйбаларды эске алуу менен МЖӨнүн долбоорлорун ишенимдүү ишке ашыруу үчүн бардык негизги жоболорду жана нускамаларды камтыйт.
МЖӨнүн долбоорлорун даярдоодо колдоо көрсөтүү үчүн 2014-жылдын мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан МЖӨнүн долбоорлорун даярдоону каржылоонун фонду түзүлгөн (мындан ары - МЖӨнүн фонду), ал МЖӨнүн долбоорлорун даярдоодо башкы финансылык инструмент болуп саналат.
МЖӨнүн механизмдерин андан ары өнүктүрүү жана ишке киргизүү максаттарында МЖӨнүн долбоорлорунун кудуреттүүлүгүн жана финансылык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн зарыл болгон башка финансылык инструменттерди түзүү боюнча иштер мыкты эл аралык тажрыйбаларга ылайык жүргүзүлүүдө, атап айтканда төмөнкүлөрдү түзүү боюнча механизмдер иштелип чыгууда:
- улуттук валютада узак мөөнөттүү зайымдык каражаттарды берүү үчүн - инфратүзүмдү каржылоо фонду, бул ата мекендик финансы-кредиттик мекемелердин ушундай каржылоону берүү боюнча мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендигине байланыштуу;
- МЖӨнүн долбоорлорун каржылоонун жеке булактарынын тобокелдиктерге кабылышын азайтуу максаттарында - кепилдик фонду;
- экономикалык жактан негизделген жана жагымдуу болуп саналган, бирок керектөөчүлөрдүн төлөмдөрүнүн эсебинен түзүлгөн кирешелердин жетишсиздигинен улам финансылык жактан кудуреттүү болуп саналбаган МЖӨнүн долбоорлорунун кудуреттүүлүгүнүн жетишсиздигинде финансылык колдоо көрсөтүү үчүн - субсидияланган каржылоо фонду.
МЖӨнүн алгачкы долбоорлорун даярдоо процесстери, анын ичинде жеке өнөктөрдү андан ары тандап алууга даярдоо үчүн техникалык-экономикалык негиздемелерди даярдоо башталды. Бул үчүн, Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 147 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо жөнүндө" токтому менен бекитилген МЖӨнүн долбоорлорун тандоонун критерийлери иштелип чыкты, ал МЖӨнүн долбоорлорун даярдоонун ачык жана теңдештирилген жол-жобосун белгилейт. Бул критерийлер артыкчылыксыз долбоорлорду демилгелегенге жол бербөө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан даярдоонун сапатын контролдоону камсыз кылуу, ошондой эле "баа - сапат" принцибинин оптималдуу катышына жетишүү үчүн керек.
Мындан тышкары, 20дан ашуун долбоордук демилгелерге баалоо жүргүзүлгөн жана МЖӨнүн төмөнкүдөй 5 долбоорун андан ары даярдоо тууралуу чечим кабыл алынган:
- "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында компьютердик томографияларды орнотуу";
- "Бишкек шаарында гемодиализдик бөлүмдөрдү жана борбордук лабораторияны уюштуруу";
- "Улуттук госпиталдын базасында ангиографикалык борборлорду түзүү";
- "Бишкек шаарында жол жээктеринде муниципалдык унаа токтотмолорду уюштуруу";
- "Шаардык транспортту жакшыртуу".
МЖӨнүн сектордук саясатын өнүктүрүү максатында тармактык программалар иштелип чыгат, алар МЖӨнүн пландалган долбоорлорун кошкондо, бардык инвестициялык пландар боюнча маалыматтарды камтыйт.
МЖӨнүн маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу максатында МЖӨ боюнча адистештирилген веб-сайт ишке киргизилген, анда потенциалдуу инвесторлор жана жеке өнөктөр, мамлекеттик органдар жана калк үчүн зарыл болгон маалыматтар, анын ичинде юридикалык маалыматтар жана демилгеленген долбоорлор камтылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жакынкы жылдарда МЖӨнүн долбоорлорун ишке ашыруу максатында өлкө үчүн артыкчылыктуу төмөнкүдөй багыттар аныкталды: жол-транспорт инфратүзүмү, саламаттык сактоо, турак жай-коммуналдык чарба, курулуш, энергетика, туризм.
Бул тармактарга, атап айтканда, саламаттык сактоо, транспорт, турак-жай жана коммуналдык чарбага инвестиция ири мультипликациялык натыйжа менен мүнөздөлөт. Экономикалык жактан максатка ылайыктуулугу менен бирге, социалдык чөйрөдөгү МЖӨнүн долбоорлорун ишке ашыруу жарандардын жашоо сапатын кыйла жогорулатат.
Саламаттык сактоо сектору түзүмдүк реформалардан тышкары маанилүү технологиялык модернизацияны талап кылат, бул өз кезегинде олуттуу инвестицияларды талап кылат. Айрым өсүштөргө карабастан, ушул секторду мамлекеттик каржылоо өлүмдү азайтууга жана жашоонун узактыгын көбөйтүүгө таасирин тийгизүү үчүн дагы деле жетишсиз бойдон калууда. Азыркы учурда саламаттык сактоо жаатында МЖӨнүн үч долбоору иштелип чыккан, алардын экөөсү боюнча активдүү иштер жүрүүдө жана жаңы ангиографиялык жабдууну орнотуу боюнча долбоор даярдоо стадиясында, ал эрте өлүмдүн негизги себеби болгон кан айлануу системасынын ооруларында медициналык жардам түрүндө болгон тартыштыкты жоюуга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, социалдык чөйрөгө инвестициялар мисалга, калк үчүн спортту өнүктүрүү калктын саламаттыгы үчүн маанилүү маселе болуп саналат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна ылайык Кыргыз Республикасынын калкынын арасында дене тарбия жана спорт менен машыгуунун массалуулугу улуттун генофондунун коопсуз чектик деңгээлинен төмөн (бул көрсөткүч калктын репродуктивдүү бөлүгүнүн 15%ынан кем болбошу керек). Бул жагдай калктын дене тарбия жана спорт менен массалык тартипте алектенишин кеңири жайылтуу жана тартуу боюнча ыкчам чараларды көрүүнүн зарылдыгын тастыктайт, бул үчүн ушул багыттагы МЖӨнүн долбоорлорун ишке киргизүү жана ишке ашыруу зарыл.
Кыргыз Республикасында МЖӨнү натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн МЖӨнүн өнүгүшүнө ар тараптан баалоо жүргүзүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан төмөнкүдөй проблемалуу чөйрөлөр аныкталды:
1. МЖӨ боюнча тармактык программалардын мамлекеттик жана муниципалдык органдарда жоктугу, бул төмөнкүдөй кесепеттерге алып келет:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча так багыттардын жана стратегиялардын жоктугуна;
- узак мөөнөттүү инвестициялык программалардын жана инвестициялык муктаждыктарга тийиштүү баа берүүнүн жоктугуна;
- өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосун жана жеке каржылоо мүмкүнчүлүгүн талап кылган бюджеттик каржылоо боюнча узак мөөнөттүү пландын жоктугуна;
- бул артыкчылыктуу багыттарга жана максаттарга, ошондой эле жалпы Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына жооп бербеген системалык негизи жок жана тармактык максаттарга жана милдеттерге шайкеш келбеген долбоорлорду демилгелөө, бул долбоорлорду даярдоого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ресурстарынын туура эмес бөлүштүрүлүшүнө алып келет.
2. МЖӨнүн долбоорлорун даярдоо жана ишке ашыруу үчүн ресурстардын жетишсиздиги. Бул МЖӨнү даярдоо жана ишке ашыруу боюнча иштер үчүн түздөн-түз жооптуу, кызматкерлердин санына жана алардын компетенттүүлүк деңгээлине, тажрыйбасына тийиштүү.
3. Жогорку тобокелдик зонасы катары Кыргыз Республикасынын жеке секторунда МЖӨнүн механизмдерин кабыл алуу, бул потенциалдуу инвесторлордун кызыкчылыктарын чектейт.
4. Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу үчүн финансылык ресурстарга жетүүнүн чектелиши. МЖӨнүн механизмдеринин алкагында инвестициялардын келип түшүүсү, эреже катары инвесторлордун өздүк каражаттарынын жана финансылык институттардын узак мөөнөттүү кредиттеринин эсебинен болот. Азыркы учурда жергиликтүү финансылык институттар узак мөөнөттүк кредит берүүдө чектелген тажрыйбага ээ болсо, эл аралык коммерциялык жана финансылык институттар Кыргыз Республикасынын жогорку кредиттик тобокелдиктерине жана башка өлкөлөрдө кыйла ишенимдүү кредиттерди берүүнүн кеңири мүмкүнчүлүктөрүнө карата, мындай кредиттерди берүүсүнө чектөө коюлган.
5. МЖӨнүн чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жеке секторлорунун тажрыйбасынын чектелгендиги. Жергиликтүү бизнес коомчулук сапаттуу долбоордук сунуштарды даярдоо абалына жете элек, бул даярдоодо консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө карата олуттуу чыгымдарга алып келет, ошондой эле узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасына ээ эмес. Анын үстүнө, жергиликтүү ишкерлер тарабынан МЖӨ чөйрөсүндөгү эл аралык тажрыйбаларга карата түшүнбөстүктөр болууда жана МЖӨ процессинин жол-жоболорунун айрыкча татаалдыгына, ошондой эле жеке секторлор тарабынан МЖӨнүн долбоорлорун демилгелөөдө жеке өнөктөштөр конкурстук тандоого (тендерге) жалпы негизде катышуу зарылдыгына карата өздөрүнүн тынчсызданууларын билдиришүүдө.
1.2. Кыргыз Республикасында МЖӨнүн механизмдерин жөнгө салуунун жана пайдалануунун колдонуудагы системасын талдоо жана баалоо
1.2.1. МЖӨ чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Кыргыз Республикасында азыркы учурда МЖӨнү өнүктүрүүнүн маселелерин жөнгө салуучу тийиштүү ченемдик укуктук база түзүлгөн.
МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруунун негизги талаптары, аныктамалары, принциптери, жол-жоболору жана механизмдери төмөнкүдөй мыйзамдар, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдер менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасынын ведомстволук актыларында аныкталган. Атап айтканда, бул:
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө";
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө";
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө";
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө";
"Борбордун статусу жөнүндө";
"Ош шаарынын статусу жөнүндө";
"Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө";
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө";
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору:
2012-жылдын 14-сентябрындагы № 616 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө" токтому, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталган жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган болуп аныкталган.
2013-жылдын 28-январындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө" токтому, анда Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча жеке өнөктөрдү тандоочу тендердик комиссия жөнүндө жобо жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча тендер өткөрүү эрежелерин жана тендердик документтерди даярдоонун тартиби бекитилген.
2014-жылдын 17-мартындагы № 147 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо жөнүндө" токтому, мында Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду түзүлгөн, Фонд жөнүндө жобо жана Фонддун каражаттарынын эсебинен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо тартиби жөнүндө жобо бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 307 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун реестрин жүргүзүү эрежелерин бекитүү жөнүндө".
1.2.2. МЖӨнүн институттук базасы
МЖӨнү ишке ашыруу үчүн натыйжалуу институттук базаны түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөр камтылган түзүмдү иштеп чыкты:
- координациялоо, потенциалды чыңдоо, консультациялык жардамдар, МЖӨнүн долбоорлорун демилгелөө жана мониторинг жүргүзүү үчүн жооптуу МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
- фискалдык тобокелдиктерди башкаруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган;
- мамлекеттик өнөктөштөр, башкача айтканда тармактык министрликтер, ведомстволор, ошондой эле МЖӨнүн долбоорлорун бирдейлештирүү, демилгелөө, даярдоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү үчүн жооптуу аткаруучу агенттик катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.
2014-жылы Кыргыз Республикасынын аймагына жеке инвестицияларды тартуу, инвестициялык долбоорлорду жана программаларды, анын ичинде МЖӨ чөйрөсүндөгү долбоорлорду илгерилетүү, ишке ашыруу жана коштоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес коомчулуктун жана мамлекеттик эмес секторлордун өз ара аракеттенүүлөрүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдында Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик түзүлгөн.
2. Программанын максаты
Бул Программанын максаты МЖӨ үчүн ыңгайлуу жана ылайыктуу чөйрөнү түзүү, 2021-жылга жеке өнөктөштөр менен жалпы суммасы 20 млрд. сомдон кем болбогон, мыкты эл аралык принциптерге шайкеш келген МЖӨнүн долбоорлорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашууларды түзүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы (мындан ары - ТӨУС) инфратүзүмдөрдүн сапатына жана тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө карата боштуктарды тааныйт жана бюджеттик чектөөлөрдү эске алуу менен ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн зарыл болгон өтө маанилүү схема катары МЖӨнү аныктайт.
ТӨУС МЖӨнүн механизмдерин ишке киргизүү боюнча негизги максаттары катары инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттин жана жеке сектордун материалдык жана финансылык ресурстарын топтоо аркылуу экономикалык өсүштү камсыз кылууну, ошондой эле мамлекеттик бюджетке оорчулукту азайтуу жана бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүүнү белгилейт.
Бул үчүн ТӨУСта төмөнкүдөй милдеттер аныкталды, алар мамлекет менен жеке сектордун натыйжалуу кызматташуусу үчүн шарттарды түзүү; жеке секторду тартуунун эсебинен каржылоонун бюджеттен тышкаркы булактарын тартуу жолу менен мамлекеттик менчикте турган активдердин ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу; МЖӨнүн долбоорлорун ишке ашыруу процессин натыйжалуу башкарууну жана контролдоону камсыз кылуу; калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын баалоо аркылуу долбоорлорду жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугун баалоого мүмкүндүк берген ыкмаларды киргизүү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасындагы негизги басымдардын бири - инфратүзүмдүк, социалдык, региондук долбоорлорду ишке киргизүү жана колдоо үчүн ресурстардын чектелүү экендигин эске алып, МЖӨнү киргизүү. МЖӨ актуалдуу тармактарга бизнести тартуунун инструменттеринин бири катары мындай долбоорлорду инвестициялоонун маанилүү инструменти болуп калышы мүмкүн.
3. Программанын милдеттери
Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүүнүн ушул Программасынын алкагында коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкүдөй милдеттер ишке ашырылат:
1. МЖӨ чөйрөсүндө мамлекеттик башкарууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн потенциалын жакшыртуу
1.1. Инфратүзүмдөрдү түзүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө муктаждыктарды талдоону, анын ичинде финансылык керектөөлөрдү баалоону, МЖӨнүн долбоорлорун кошо алганда, долбоорлордун тизмесин камтыган МЖӨ боюнча тармактык жана региондук узак мөөнөттүү инвестициялык программаларды же атайын программаларды кабыл алуу.
1.2. Тиешелүү мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында МЖӨнүн долбоорлорунун натыйжалуу жана сапаттуу даярдалышын камсыз кылуу жана баалоо үчүн зарыл болгон адам ресурстарын бөлүп берүү.
Биринчи этапта Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде, энергетика секторун кошо алганда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинде атайын кадрдык потенциалды чыңдоо/түзүү зарыл.
Кийинки кадамдар МЖӨ чөйрөсүндө потенциалга ээ болгон башка бардык мамлекеттик органдарга карата кабыл алынат.
1.3. Ийгиликтүү эл аралык тажрыйбага ылайык МЖӨнүн долбоорлорун натыйжалуу даярдоону жана ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн МЖӨ боюнча колдонмону Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан бекитүү.
Ушул Колдонмо документтердин, нускамалардын зарыл болгон бардык үлгүлөрүн камтыган, МЖӨнүн долбоорлорун бирдейлештирүү, демилгелөө, даярдоо жана ишке ашыруу процесстерин жөнгө салуучу башкы практикалык жана кадамдык документ болуп саналат.
1.4. МЖӨ боюнча сертификаты бар эксперттерди даярдоо программасын ишке ашыруу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул программаны туруктуу колдоо үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен кызматташуу аркылуу көмөк көрсөтүлөт.
1.5. МЖӨсү өнүккөн өлкөлөр менен кызматташууну кеңейтүү жана эл аралык ийгиликтүү тажрыйбаны колдонууну жана МЖӨ чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн потенциалын жогорулатууну камсыз кылуу үчүн салыштырмалуу экономикада МЖӨнүн долбоорлорун ишке ашыруунун тажрыйбасы менен практикалык алмашуу.
2. МЖӨ маселелери боюнча ишенимди чыңдоо жана маалымдуулукту жогорулатуу
2.1. МЖӨнүн чөйрөсүнүн жана долбоорлорунун эл аралык алдыңкы тажрыйбага ылайыктуулугун камсыздоого багытталган өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен мындан аркы иштерди жүргүзүү.
2.2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн МЖӨ боюнча атайын сайтын андан ары башкаруу, анда бардык зарыл болгон ченемдик укуктук актылар, демилгеленген долбоорлор боюнча маалыматтар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызматташуу маселелери боюнча кызыкдар болгон тараптарга практикалык көмөк көрсөтүү үчүн ушул Программаны кошо алганда, башка документтер, инвесторлор жана консультанттар, ошондой эле калкка МЖӨ жана Кыргыз Республикасында инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымдоо үчүн маалыматтар камтылган.
2.3. Долбоорлордун жогорку сапатын камсыз кылуу, аларды ишке ашыруудан жогорку кайтарымга жетүү, ошондой эле жеке өнөктөш катары ири эл аралык инвесторлорду тартуу үчүн долбоорлорду даярдоо жана тендерлерди өткөрүү боюнча МЖӨ чөйрөсүндөгү тажрыйбасын жана беделин тастыктоо менен, консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган эл аралык компанияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү.
2.4. МЖӨнүн долбоорлорун даярдоону каржылоо боюнча фондго мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле МЖӨнүн долбоорлорун даярдоону каржылоо үчүн жетишээрлик каражаттарды камсыздоо максатында бул багытта өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга көмөктөшүү.
2.5. Толук ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана МЖӨнү өнүктүрүү максаттарын жактоону тастыктоо максатында МЖӨнү өнүктүрүүгө карата прогресстерди талкуулоо үчүн кызыкдар болгон тараптар менен активдүү диалогду колдоо.
3. МЖӨнүн финансылык инструменттерин өнүктүрүү
3.1. Төмөнкүлөр сыяктуу эң мыкты эл аралык тажрыйбага ылайык, МЖӨнүн долбоорлорунун турмушка жарактуулугун жана финансылык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн зарыл болгон финансылык инструменттерди түзүү боюнча механизмдерди иштеп чыгуу:
- улуттук валютада узак мөөнөткө зайым каражаттарын берүү үчүн ата мекендик банк секторлорунда мүмкүнчүлүктөр чектелүү болгондуктан, мындай каржылоо боюнча инфратүзүмдөрдү каржылоо фонду.
Жок дегенде, мүмкүн болгон төмөнкүдөй каржылоо булактарын жана финансылык камсыздоону карап чыгуу зарыл:
бюджеттик ресурстар;
өнүктүрүүнүн финансылык институттары;
капитал рыногу;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, каржылоонун башка булактары;
- каржылоонун жеке булактарынын тобокелдиктерге дуушарланышын, анын ичинде валюталык тобокелдиктерди камсыз кылуу, кредит берүүнүн наркын жогорулатуудагы тобокелдиктерди, жетишсиз кирешелүүлүк тобокелдиктерин, саясий тобокелдиктерди азайтуу максатында кепилдик фонду;
- экономикалык жактан негиздүү жана жагымдуу, бирок пайдалануучулардын төлөмдөрүнөн улам кирешелердин эсебинен финансылык жактан кудуреттүү болуп саналбаган МЖӨнүн долбоорлорунун жетишсиз иштөө жөндөмдүүлүгүн каржылоо үчүн субсидияланган каржылоо фонду.
3.2. МЖӨнүн долбоорлору боюнча узак мөөнөттүү бюджеттик милдеттенмелерди камсыздоо үчүн бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү.
3.3. Жеке капиталга жетишүүнү жеңилдетүү максатында Кыргыз Республикасынын суверендүү кредиттик рейтингин жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүү.
3.4. Инфратүзүмдөрдү жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө жана модернизациялоого жеке капиталдарды тартуу максатында өлкөнүн МЖӨ рыногунун жагымдуулугун жогорулатуу максатында INFRASCOPE эл аралык рейтингинде Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүү.
4. Жеке секторду өнүктүрүү
4.1. Кыйла натыйжалуу өз ара аракеттенүү, чет өлкөлүк ресурстарды пайдалануу жана ата мекендик ишкер чөйрөнүн тажрыйбаларына ээ болуу максатында эл аралык деңгээлде таанылган МЖӨ чөйрөсүндөгү ата мекендик бизнес-коомчулуктун жана жеке сектордун өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды түзүүгө көмөктөшүү, бул ата мекендик бизнес-коомчулукка МЖӨ чөйрөсүндө потенциалды жогорулатууга мүмкүндүк берет.
4.2. Ата мекендик жеке секторлор үчүн атайын иштелип чыккан кесиптик даярдоо, тажрыйба, билим алмашууну жөнгө салуу, тийиштүү окутуу материалдарын жайылтуу, ошондой эле системалык окутууну өткөрүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
Жогоруда аталган милдеттер ушул Программанын тиркемесине ылайык, 2016-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында МЖӨнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын алкагында ишке ашырылат.
4. Күтүлүүчү натыйжалар
Инфратүзүмдүк объекттерди жана Кыргыз Республикасын мындан ары социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн зарыл болгон башка ресурстарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча мамлекеттик башкаруунун механизмдеринин комплексин ишке ашыруу ушул Программаны ишке киргизүүнүн оң натыйжасы болуп саналат.
Ушул Программага киргизилген чараларды ишке ашыруунун жыйынтыгында төмөнкүдөй натыйжалар күтүлүүдө:
1. Иштелип чыккан жана бекитилген МЖӨ боюнча тармактык жана региондук узак мөөнөттүү инвестициялык программалар же жаңы инфратүзүмдөрдү жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүдө же болгондорун өнүктүрүүдө/модернизациялоодо инвестициялык керектөөлөрдү аныктоого мүмкүндүк берген атайын программалар.
Зарыл болгон инвестициялар жагынан алганда, керектөөлөргө баалоо жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы боюнча МЖӨнүн алкагында, ошондой эле башка инвестициялык инструменттердин негизинде ишке ашырууга мүмкүн болгон долбоорлордун портфели түзүлөт. Мындай чаралар түз колдоо көрсөтүү, ошондой эле кепилдик түрүндө зарыл болгон бюджеттик каржылоонун, тарифтик жана башка субсидиялоонун көлөмүн аныктоого мүмкүндүк берет, ошондой эле потенциалдуу инвесторлорго инвестициялык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө жана инфратүзүмдөрдө инвестицияларга дем берүү үчүн башка маалыматтын булагы катары кызмат кылат.
2. Тармактык жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда атайын кадрдык жана эксперттик потенциалдын болушу жана алардын потенциалын жогорулатуу, ошондой эле адистердин квалификациясын жогорулатуу МЖӨнүн долбоорлорун даярдоону тездетүүгө жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
МЖӨнүн концепциясынын маңызын эске алып, биринчи кезекте "мамлекеттик өнөктөштүк" кагары, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга багытталган мамлекеттик өнөктөштөр гана МЖӨнү өнүктүрүүнүн векторун аныкташы керек. Бул үчүн мамлекеттик өнөктөштөр МЖӨнүн процесстеринин бардык баскычтарын (инвесторлорду табуудан баштап, жеке өнөктөштөр менен макулдашууга кол коюлганга чейин) өз алдынча жана натыйжалуу ишке ашыруулары зарыл.
МЖӨ боюнча сертификаты бар мамлекеттик адистерди даярдоо ушул процесске чоң салымын кошот, ал МЖӨнүн келечектүү долбоорлорун бирдейлештире алат, ошондой эле зарыл болгон баалоону жүргүзөт жана аларды илгерилетүүнү камсыз кылат. 2021-жылга карата мамлекеттик органдарда МЖӨ боюнча сертификаты бар 20дан кем эмес адистер даярдалат.
Мындан тышкары, эл аралык компаниялардын жана консультанттардын тажрыйбаларын колдонуу, МЖӨнү өнүктүрүүнүн баштапкы этабында болуучу көпчүлүк каталардан качууга жана сапаттуу, потенциалдык жактан ийгиликтүү долбоорлорду даярдоого, ошондой эле Кыргызстандын рыногуна эл аралык инвесторлордун ишенимин арттырууга мүмкүндүк берет жана эл аралык банк секторлорунун тышкы түз каржылоосун көбөйтүү үчүн негиз түзөт.
3. МЖӨ жөнүндө колдонмону бекитүү бекитилген жол-жоболордун туура жана бир түрдө колдонулушун жеңилдетет жана бардык зарыл болгон кадамдык нускамаларды, жол-жоболорду, типтүү документтерди жана бардык ченемдик укуктук актылардын тизмесин камтуу менен, тармактык жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар үчүн башкы документ болот. Бул документ инвесторлор үчүн башкаруучу чечимдерди кабыл алуунун пайдалуу булагы болуп калат.
4. МЖӨ үчүн финансылык инструменттерди түзүү жана өнүктүрүү боюнча механизмдерди иштеп чыгуу. Объективдүү бюджеттик чектөөлөргө карабастан, ушул багытта практикалык натыйжаларга жетишүүлөр болот. Бул жеке секторлор үчүн мындай долбоорлордун жагымдуулугун жогорулатууга, ошондой эле финансылык институттар, анын ичинде эл аралык институттар менен жаңы финансылык инструменттерди түзүү боюнча кызматташуу процессин активдештирүүгө мүмкүндүк берет, бул Кыргыз Республикасына инвестициялоонун финансылык жагымдуулугун жогорулатат.
5. INFRASCOPE эл аралык рейтингинде өлкөнүн позициясын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын "Өнүгүп жаткан рыноктор" категориясына өтүүсү чет өлкөлүк инвесторлор үчүн оң натыйжа берет жана өлкөнүн жагымдуулугун жогорулатат.
Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан МЖӨнүн долбоорлорунун алгачкы портфели түзүлдү, ал даярдоонун ар кандай баскычында турат жана транспорт секторун, саламаттык сактоо, спорт, туризм чөйрөлөрүн жакшыртууга багытталган. Ушул долбоорлорду ишке ашыруу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана өлкөнүн инфратүзүмдүк объекттеринин абалын сезилерлик жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Мисалы, өлкөнүн саламаттыкты сактоо уюмдарында компьютердик томография бөлүмдөрүн түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу азыркы учурда мындай кызмат көрсөтүү болбогон региондордо тиешелүү изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылууга, томографиялык изилдөөнүн ыңгайлуулугун жана оперативдүүлүгүн, калкты диагностикалоо деңгээлин кыйла жогорулатууга жана чыгымдарды (транспорттук, убакыт) азайтууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле, ангиографиялык жабдуулардын комплексин орнотуу, өз учурунда диагностикалоо жана оорулууларды дарылоо аркылуу, жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык ооруларында оорунун жана өлүмдүн деңгээлин азайтууга мүмкүндүк берет, ошондой эле майыптуулук деңгээлин азайтууга салымын кошот.
Акы төлөнүүчү автоунаа жолдорун куруу боюнча долбоорлор жолдорду күтүү боюнча каражаттардын жаңы булактарын пайдалануунун мүмкүндүгүн берет жана калк үчүн кыймылдын кыйла ыңгайлуу шарттарын түзөт, бул өз кезегинде товарларды жүгүртүүнү активдештирет жана ишкердиктин активдүүлүгүнө оң таасирин тийгизет.
2021-жылдын аягына чейин, МЖӨнүн механизмдерин мындан ары туруктуу өнүктүрүү жана ийгиликтүү жайылтуу максатында инфратүзүмдөрдү мамлекеттик каржылоону көбөйтүү, МЖӨнүн финансылык инструменттерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүүсү талап кылынат.
5. Программаны каржылоо булактары
Ушул Программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын каржылоо бекитилген бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын чегинде ишке ашырылат.
Бюджеттик каржылоонун жетишсиздиги менен байланышкан тобокелдиктердин бар экендигин эске алып, ошондой эле кошумча каражаттарды тартуу максатында, Кыргыз Республикасында МЖӨнү мындан ары өнүктүрүү үчүн зарыл болгон иш-чараларды каржылоо мүмкүнчүлүгү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар эл аралык финансылык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.
6. Тобокелдиктер
Ушул Программаны ишке ашыруу учурунда пайда болушу (мүмкүн болгон) мүмкүн болуучу тобокелдиктерге төмөнкүлөрдү киргизсе болот:
- социалдык-саясий;
- экономикалык;
- уюштуруу-укуктук;
- экологиялык;
- маалыматтык;
- кадрдык.
Мамлекеттик сектордун пассивдүүлүгү, өлкөдөгү саясий туруксуздуктун кесепетинен ушул Программадагы иш-чаралардын аткарылбай калышы социалдык-саясий тобокелдиктердин себеби болуп калышы мүмкүн.
Ушул тобокелдиктерди азайтуу үчүн ушул Программаны ишке ашырууга кызыкдар болгон бардык мамлекеттик органдарды тартуу керек.
Ушул Программаны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бюджеттик каржылоонун жетишсиздиги, бюджеттен тышкаркы булактарды өз учурунда жана жетиштүү көлөмдө мобилизациялоонун мүмкүн эместиги, финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылбоо экономикалык тобокелдиктердин себеби болуп саналат.
Аталган тобокелдиктерди азайтуу үчүн төмөнкүдөй иш-чараларды жүргүзүү керек: бюджеттик каражаттарды өз учурунда бөлүү, эл аралык донорлор жана инвесторлор менен жолугушууда ушул Программаны ишке ашырууну каржылоо жана башка колдоолор жөнүндө маселелерди алдын ала талкуулоо, ушул Программанын иш-чараларын аткаруу үчүн арналган каражаттарды ачык-айкын сарптоо.
Укук колдонуучулук жактан жетишсиз тажрыйба, мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу реформасынын аягына чыкпай калышы уюштуруу-укуктук тобокелдиктердин себеби болуп саналат, натыйжада функциялар бири-бирин кайталап калат жана начар координацияланат, ошондой эле ушул Программаны ишке ашырууда мамлекеттик органдар тарабынан жылдык пландар канааттандырарлык деңгээлде аткарылбайт.
Бул тобокелдиктерди азайтуу үчүн төмөнкүдөй иш-чараларды жүзөгө ашыруу зарыл: тиешелүү деңгээлде контролдоону ишке ашыруу (аткаруу бийлик органдарынын ишинин натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен баалоо), ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун сапаттуу даярдоо жана аларды өз учурунда кабыл алуу, мамлекеттик өнөктөштөрдүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында ар жыл сайын отчёт берүү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы боштуктар, улуттук мыйзамдарга жаңы кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын адамдын ден соолугун сактоо жана курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү шайкеш эместиги, экологиялык талаптарды эске албастан МЖӨнүн долбоорлорун ишке ашыруу экологиялык тобокелдиктерге алып келиши мүмкүн.
Системалуу мамиле жана ведомстволук өз ара аракеттенүү айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү таасирлерди азайтууга, ошондой эле ушул Программаны натыйжалуу ишке ашырууга көмөктөшөт.
Маалыматтык тобокелдиктер МЖӨ чөйрөсүндөгү ар кандай мамлекеттик органдардын иштери жөнүндө маалыматтардын жетишсиздигинен пайда болот.
Ушул тобокелдиктерди азайтуу үчүн кызыкдар болгон бардык мамлекеттик жана жеке өнөктөштөр үчүн өз учурунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ар кайсы өлкөлөрдүн эксперттеринин жана уюмдарынын топтолгон тажрыйбасын жана билимин максималдуу түрдө пайдалануу менен иштеп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык органдар ортосундагы кызматташууну жана координациялоону өнүктүрүү зарыл.
Кадрдык тобокелдиктер башкаруучу персоналдардын даяр эместигинен жана тажрыйбасыздыгынан, менеджменттин катачылыгынан жана деңгээлинин жетишсиздигинен, жетекчилерди тез-тез алмаштыруудан жана кадрлардын келим-кетиминен улам пайда болот.
Мындай тобокелдиктерге бөгөт коюу үчүн МЖӨ чөйрөсүндө кесиптик даярдоонун, окутуунун жана адистерди аттестациялоонун туруктуу иштеген системасын түзүү, тиешелүү маалыматтык материалдарды даярдоо зарыл.
|
| 2016-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасына тиркеме |
2016-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары | Ишке ашыруу формасы |
1 | МЖӨнүн сектордук саясатын өнүктүрүү | Орто мөөнөттүү тармактык программаларды иштеп чыгуу же МЖӨнүн механизмдерин өнүктүрүү жана киргизүү боюнча өзүнчө бөлүмдөрдү тармактык программаларга киргизүү | 2017-жылдын 30-декабры | Бекитилген орто мөөнөттүү тармактык программаларды бекитүү же МЖӨнүн механизмдерин өнүктүрүү жана киргизүү боюнча өзүнчө бөлүмдү тармактык программаларга киргизүү | ЭМ, ФМ, ТКМ, ССМ, БИМ, ММТМ, АЧММ жана Кыргыз Республикасынын башка министрликтери жана ведомстволору | Бекитилген бюджеттин чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар | Стратегиялык документтер |
2 | МЖӨнүн долбоорлорунун реестрин кеңейтүү | Инвестициялык муктаждыктарды талдоо жана МЖӨнүн долбоорлорун демилгелөө | Дайыма | МЖӨ жөнүндө мыйзамдарга ылайык МЖӨнүн долбоорлору боюнча маалымдамалар | ЭМ, ФМ, ТКМ, ССМ, БИМ, ММТМ, АЧММ жана Кыргыз Республикасынын башка министрликтери жана ведомстволору | Бекитилген бюджеттин чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар | ЭМ корутундусу |
3 | Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында МЖӨнүн долбоорлорун натыйжалуу жана сапаттуу даярдоо жана баалоо үчүн зарыл болгон адам ресурстарын камсыз кылуу | Мамлекеттик жана региондук деңгээлде МЖӨнүн маселелери боюнча кызматкерлерди аныктоо | 2017-жылдын 30-декабры | Кыргыз Республикасынын министрликтеринде жана ведомстволорунда бекитилген штаттык бирдиктердин алкагында МЖӨнүн маселелери боюнча кызматкерлер аныкталды: ЭМ (3), ИИА (4), ФМ (3), ТКМ (2), ССМ (2), Бишкек ш. мэриясынын алдындагы Бишкек ш. өнүктүрүү агенттиги (2), калган министрликтер жана ведомстволор (1) | ЭМ, ФМ, ТКМ, ССМ, БИМ, ММТМ, АЧММ жана Кыргыз Республикасынын башка министрликтери жана ведомстволору | Бекитилген бюджеттин чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери |
4 | МЖӨнү практикалык жактан колдонуу үчүн методикалык базаны түзүү | МЖӨ жөнүндө Типтүү макулдашууну кошо алганда, МЖӨнүн колдонмосун иштеп чыгуу жана бекитүү | 2016-жылдын 31-августу | Документтердин бардык керектүү үлгүлөрүн, анын ичинде практикалык колдонуу үчүн нускамаларды камтыган МЖӨнүн долбоорлорун идентификациялоо, демилгелөө, даярдоо жана ишке ашыруу процесстери боюнча усулдук документтердин бар болушу | ЭМ | Бекитилген бюджеттин чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар | ЭМ буйругу |
5 | МЖӨ чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын сертификацияланган эксперттерин даярдоо боюнча программаны ишке ашыруу | Окутууну уюштуруу жана жүргүзүү | 2021-жылдын 30-декабры | МЖӨ чөйрөсүндө даярдалган мамлекеттик кызматкерлердин базасынын болушу | ЭМ, ФМ, ТКМ, ССМ, БИМ, ММТМ, АЧММ жана Кыргыз Республикасынын башка министрликтери жана ведомстволору | Өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн жардамы менен бекитилген бюджеттин чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар | 20дан кем эмес сертификаттарды берүү |
6 | Чет өлкөлөр жана өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен МЖӨ чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүү | Сүйлөшүүлөрдү жана жолугушууларды өткөрүү | Дайыма | Иш жүзүндө тажрыйба алмашууну уюштуруу, окутуу семинарларын өткөрүү | ЭМ, ИИА | Бекитилген бюджеттин чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар | Кызматташтык жөнүндө меморандумду түзүү |
7 | МЖӨ чөйрөсүндө тастыкталган тажрыйбасы жана аброю бар консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү тартуу боюнча иштер | Консультациялык компанияларды издөө, сүйлөшүү, ишке тартуу | Дайыма | Эл аралык консультациялык компаниялар менен кызматташуу | ЭМ, ИИА | Бекитилген бюджеттин чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар | Кызматташтык жөнүндө меморандумду түзүү |
8 | МЖӨнүн долбоорлорун даярдоону каржылоо боюнча фонддун каражаттарынын финансылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү | Эл аралык финансы уюмдарынын жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарын тартуу | Дайыма | МЖӨ фондунун каражаттарын көбөйтүү | ЭМ, ФМ | Бекитилген бюджеттин чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар | Макулдашууларды түзүү |
9 | МЖӨнүн долбоорлорун мамлекеттик финансылык колдоо менен камсыздоо | МЖӨнүн долбоорлорунун инфратүзүмүн каржылоо фондун түзүү боюнча механизмди иштеп чыгуу | 2017-жылдын 30-декабры | МЖӨнүн долбоорлорунун инфратүзүмүн каржылоо фондун түзүү боюнча иштелип чыккан ченемдик укуктук актынын долбоору | ЭМ, ФМ | Бекитилген бюджеттин чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар | КР Өкмөтүнө ЭМ сунуштары |
10 | МЖӨнүн долбоорлорун мамлекеттик кепилдиктер менен камсыздоо | МЖӨнүн кепилдик фондун түзүү боюнча механизмди иштеп чыгуу | 2017-жылдын 30-декабры | МЖӨнүн кепилдик фондун түзүү боюнча иштелип чыккан ченемдик укуктук актынын долбоору | ЭМ, ФМ | Бекитилген бюджеттин чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар | КР Өкмөтүнө ЭМ сунуштары |
11 | МЖӨнүн долбоорлорун мамлекеттик субсидиялоо менен камсыздоо | МЖӨнүн долбоорлорун субсидиялык каржылоо фондун түзүү боюнча механизм иштеп чыгуу | 2017-жылдын 30-декабры | МЖӨнүн долбоорлорун субсидиялык каржылоо фондун түзүү боюнча иштелип чыккан ченемдик укуктук актынын долбоору | ЭМ, ФМ | Бекитилген бюджеттин чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар | КР Өкмөтүнө ЭМ сунуштары |
12 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн МЖӨ боюнча атайын сайтын башкаруу | Зарыл болгон маалыматтарды үзгүлтүксүз жайгаштыруу, кайтарым байланышты камсыз кылуу | Дайыма | Сайт "он-лайн" режиминде жана толук көлөмдө иштейт | ЭМ | Бекитилген бюджеттин чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар |
|
13 | INFRASCOPE эл аралык рейтингинде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу | Көрсөткүчтөрдү жакшыртуу боюнча зарыл болгон иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу | Дайыма | "Жаңыдан жаралып жаткан МЖӨ" категориясынан "Өнүгүп бара жаткан МЖӨ" категориясына өтүү үчүн 30 баллдык чектик мааниге жетишүү боюнча иштерди жүргүзүү | ЭМ | Бекитилген бюджеттин чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар | Кыргыз Республикасынын "Өнүгүп бара жаткан МЖӨ" категориясына өтүшү |
14 | МЖӨ чөйрөсүндө дараметти жана билимди жогорулатуу | МЖӨ маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Дайыма | МЖӨ долбоорлору боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | ЭМ | Бекитилген бюджеттин чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар | Иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ИИА | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги; |
АЧММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги; |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
INFRASCOPE | - | МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууга даярдык боюнча эл аралык рейтинг; |
МЖӨ фонду | - | МЖӨнүн долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду. |