Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-июну № 330
«Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы жана статс-катчысы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө
Ушул Мыйзам менен кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган чаралар системасы белгиленет.
1-ГЛАВА. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) обочо турган банк – ал:
а) банк катары катталган жана (же) банк ишин жүзөгө ашырууга лицензия алган мамлекетте (аймакта) физикалык катышы болбогон же иш жүзүндө башкаруу органдары болбогон;
б) натыйжалуу бириктирилген көзөмөлдө турган кандайдыр бир жөнгө салынуучу финансылык топ менен аффилирленбеген резидент эмес банк;
2) бенефициардык менчик ээси – ал:
а) өзүнүн атынан же өзүнүн кызыкчылыгы үчүн операция (бүтүм) жүргүзгөн;
б) соңку жыйынтыгында (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) кардардын менчик укугуна ээлик кылган же кардарды контролдогон;
в) соңку жыйынтыгында (ээлик кылуу жана контролдоо тизмеги аркылуу) юридикалык жакты же чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык уюмду, чет өлкөлүк трастты иш жүзүндө контролдогон жеке жак (жеке жактар);
3) верификация – анык документтерди же анык булактардан алынган маалыматтарды колдонуу менен идентификациялоонун натыйжасында алынган кардар жана (же) бенефициардык менчик ээси же пайда табуучу тууралуу маалыматтарды текшерүү жол-жобосу;
4) пайда табуучу – ал:
а) каалаган чет өлкөлүк трасттан же чет өлкөлүк юридикалык уюмдан пайда алуу укугуна ээ болгон;
б) өмүрдү же инвестицияларды камсыздандыруу полисинен, ошол полисте каралган камсыздандыруу учуру келгенде киреше төлөнүп бериле турган;
в) коммерциялык эмес уюм тарабынан кызмат көрсөтүү катары кайрымдуулук, гуманитардык же финансылык жардамды алган;
г) акча которуунун алуучусу болуп саналган;
д) каалаган юридикалык жактан пайда алууга укугу бар каалаган жеке же юридикалык жак, же чет өлкөлүк юридикалык уюм;
5) жогорку тобокелдиктеги мамлекеттер – акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетиштүү деңгээлде колдонбогон мамлекеттер;
6) ишкер мамилелер – финансылык кызматтарды көрсөтүү тууралуу келишимдик мамилелердин (оозеки же жазуу) негизинде келип чыгуучу кардар менен финансылык мекеменин же кардар менен белгилүү бир категориядагы жактардын ортосундагы мамилелер;
7) операцияларды (бүтүмдөрдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу – каалаган каражаттарды өткөрүп берүүгө, өзгөртүүгө, ажыратууга же которууга же каражаттар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүгө тыюу салуу;
8) идентификация – кардар, анын өкүлү жана (же) бенефициардык менчик ээси же болбосо пайда табуучу жөнүндө маалыматтарды белгилөө жол-жобосу;
9) чет өлкөлүк траст – чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк трасттын уюмдаштыруучусу тарабынан түзүлгөн укук мамилелеринин системасы, мында чет өлкөлүк трасттын уюмдаштыруучусуна таандык болгон мүлк пайда табуучунун кызыкчылыгына (пайдасына) же белгилүү бир максат менен ишенимдүү башкаруучунун же көзөмөлчүнүн башкаруусуна берилет;
10) кардар – финансылык мекеменин же белгилүү бир категориядагы жактардын тейлөөсүнө алынган же тейлөөсүндө турган, же болбосо финансылык мекемелер же белгилүү бир категориядагы жактар менен ишкер мамилени түзүп жаткан же түзгөн жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык уюм;
11) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) – эгерде мүлк кылмыштардан түшкөн киреше экендиги белгилүү болсо, жосун үчүн жоопкерчиликтен качуу максатында мүлк чыккан кылмыштуу булакты жашырып-жабуу же айтпай коюу же кылмыш жасоого катышкан адамга жардам көрсөтүү максаттарында мүлктү кайра түзүү (конверсиялоо) же которуу боюнча кандай болбосун аракеттерди (операцияларды же бүтүмдөрдү) жасоо жолу менен кылмыштуу кирешелерге ээлик кылууга, пайдаланууга же тескөөгө укуктук түр берүү; эгерде мүлк кылмыштардан түшкөн киреше экендиги белгилүү болсо, булактын чыныгы мүнөзүн, мүлктүн турган жерин, аны тескөөнүн жана ордун которуунун ыкмасын жашырып-жабуу же айтпай коюу; же болбосо эгерде адамга мүлк кылмыш жасоонун натыйжасында алынгандыгы белгилүү болсо, кылмыш жасоого катышпаган адамдын мүлктү жаап-жашыруусу же үзгүлтүксүз кармап туруусу; же болбосо аны алган учурда адамга мүлк кылмыштардан алынган киреше экендиги белгилүү болсо, мүлктү сатып алуу, ага ээлик кылуу же пайдалануу;
12) эл аралык суроо-талап – кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга, террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө, ошондой эле маалыматтарды же документтерди алмашуу боюнча жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин компетенттүү органынын суроо-талабы;
13) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери – Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер;
14) эл аралык кызматташтык – кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга, террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө, ошондой эле маалыматтарды же документтерди алмашуу боюнча жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары менен чет мамлекеттин компетенттүү органдарынын ортосундагы кызматташтык;
15) кардарды талаптагыдай текшерүү – ушул Мыйзамдын 16-беренесине ылайык финансылык мекемелер же белгилүү бир категориядагы жактар тарабынан кардарды текшерүү боюнча көрүлүүчү чаралар;
16) коммерциялык эмес уюмдар – кайрымдуулук, диний, маданий, билим берүү, социалдык, саясий максаттарда акча каражатын же башка мүлктү чогулткан жана (же) тескеген коммерциялык эмес уюмдар;
17) жалпыланган материал – операциялар (бүтүмдөр) жана башка маалыматтар жөнүндө билдирүүлөрдү талдоонун жыйынтыгы боюнча финансылык чалгындоо органы тарабынан даярдалган кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жасалгандыгына жана предикаттык кылмыштарды, террористтик же экстремисттик ишти, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылангандыгына шек саналгандыгы тууралуу маалыматты камтыган документ;
18) көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү аспаптар – акча каражаттарын (акча жана эсептешүү чектери, акча милдеттенмелери жана тапшырмалары, векселдер, акча каражаттарын төлөө боюнча эмитенттин (карызкордун) милдеттерин күбөлөндүрүүчү документтик формадагы баалуу кагаздар) төлөө жүзөгө ашырылып жаткан жак көрсөтүлбөгөн көрсөтүүчүгө карата каалаган баалуу кагаздар же документтер;
19) операциялар (бүтүмдөр) – каражаттар менен жарандык укуктарын жана милдеттерин белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн каражаттар менен жасалган каалагандай операциялар (бүтүмдөр);
20) финансылык чалгындоо органы – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
21) накталай акча каражаттарын же көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү аспаптарды которуу – төмөнкү ыкмалардын бири менен жүзөгө ашырылуучу Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарынын же көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү аспаптардын каалагандай кирүүчү же чыгуучу физикалык алынып өтүшү:
а) жеке жак тарабынан өзү менен же багажда же болбосо транспорт каражатында алынып өтүшү;
б) контейнердик жүктө алынып өтүшү;
в) почта байланышы аркылуу жөнөтүлүүсү;
22) контролдо турган жактар – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик контролдоочу органдарынын контролунда (көзөмөлүндө) турган финансылык мекемелер жана белгилүү бир категориядагы жактар;
23) предикаттык кылмыштар – Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин жазык мыйзамдарында каралган каалаган кылмыш, аны жасоонун натыйжасында кылмыштуу кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун) объектиси (предмети) болуп саналган кылмыштуу киреше алынат;
24) кылмыштуу киреше – Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин аймагында кылмыш жасоонун натыйжасында түз же кыйыр түрдө алынган же чыгарылып алынган киреше (каражат);
25) өз аралык принцип – эл аралык мамилелердин жалпыга таанылган принциби, ага ылайык Кыргыз Республикасынын чет мамлекет менен түзүлгөн эл аралык келишими жок болуп калган учурда Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары чет мамлекеттин компетенттүү органдары менен өз ара пайда келтирүүчү, тең укуктуулук негизде жана ар бир тараптын эл аралык укуктук жардам көрсөтүү жөнүндөгү жазуу түрүндөгү милдеттенмесинин негизинде эл аралык кызматташууну жүзөгө ашыра алышат;
26) коомдук кызмат адамдары – кардар же бенефициардык менчик ээси же болбосо пайда табуучу болуп саналган төмөндөгү жеке адамдардын бири:
а) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы – чет мамлекеттин мыйзам чыгаруу, аткаруу, административдик, аскердик же сот органдарында жогорку мамлекеттик кызмат ордун ээлеген же мурда ээлеген каалагандай адам же чет мамлекет үчүн, анын ичинде чет мамлекеттик ишкана же мекеме үчүн кандайдыр бир коомдук функцияны аткаруучу каалагандай адам;
б) улуттук коомдук кызмат адамы – Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган Кыргыз Республикасында саясий мамлекеттик кызмат ордун ээлеген же мурда ээлеген адам, ошондой эле саясий партиялардын жетекчилери (лидерлери);
в) эл аралык уюмдун коомдук кызмат адамы - эл аралык уюмдун маанилүү функциялары ишенип берилген же мурда берилген эл аралык уюмдун жогорку кызмат адамы (эл аралык уюмдун жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары жана башкарма мүчөлөрү же эл аралык уюмда ага тете кызмат орундарын ээлегендер);
27) тобокелдик – кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо тобокелдиги;
28) тобокелдикке багытталган мамиле – тобокелдиктерди башкаруунун белгиленген жол-жоболоруна (тобокелдиктерди айкындоо, баалоо, мониторингдөө, контролдоо, азайтуу даражасы) ылайык тобокелдиктин жогорку даражасында күчөтүлгөн чараларды же тобокелдиктин төмөнкү даражасында жөнөкөйлөтүлгөн чараларды көрүү;
29) каражаттар – төмөнкү активдердин бири:
а) акча каражаттары жана каалагандай финансылык активдер;
б) экономикалык ресурстар;
в) сатып алуунун ыкмасына карабастан мүлктүн каалаган түрү (материалдык же материалдык эмес, кыймылдуу же кыймылсыз);
г) каалаган формадагы, анын ичинде электрондук же санариптик формадагы жогоруда аталган мүлккө же активдерге укук же үлүш берүүчү укуктук документтер же инструменттер;
д) банктык кредиттер, акча жана эсептешүү чектери, почта которуулары, акциялар, баалуу кагаздар, облигациялар, банктык траттар же аккредитивдер жана мындай каражаттардан же башка активдерден алынган же алар тарабынан өндүрүлүп чыгарылган каалаган пайыздар, дивиденддер жана киреше;
30) эсептер – Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында аныкталгандай банк эсептери же финансылык мекемелер менен кардардын ортосундагы же белгилүү бир категориядагы жактар менен кардардын ортосундагы ушул сыяктуу ишкер мамилелер;
31) акчаларды же баалуулуктарды которуу кызматтары – төлөм системаларын колдонуу менен накталай акча каражаттарын (анын ичинде үчүнчү жактардын пайдасына) жана башка көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттерди, төлөм каражаттарын жана башка аманат каражаттарын же баалуулуктарды кабыл алууну же төлөп берүүнү (өткөрүп берүүнү) кароочу финансылык кызмат көрсөтүүлөр;
32) массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо – каражаттардын ядролук, химиялык жана биологиялык куралды таратууну же аны жеткирип берүүнү каржылоо үчүн арналгандыгын же болбосо толук же жарым-жартылай колдонулаарын аңдап билүү менен каражаттарды берүү же топтоо же болбосо финансылык кызмат көрсөтүү;
33) террористтик ишти каржылоо – каражаттар террористти жана (же) террористтик уюмду толук же жарым-жартылай каржылоо үчүн же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чектеринен тышкары террористтик ишти уюштурууну, даярдоону же жасоону каржылоо үчүн багытталаарына же пайдаланылаарына ниеттенүү же аңдап билүү менен каражаттарды мыйзамсыз берүү, финансылык кызматтарды көрсөтүү же каражаттарды кандай болбосун метод же ыкма менен тикелей же кыйыр чогултууну жүзөгө ашыруу;
34) экстремисттик ишти каржылоо – каражаттар Кыргыз Республикасынын аймагында экстремисттик ишти уюштурууну, даярдоону же жасоону толук же жарым-жартылай каржылоо үчүн багытталаарына же пайдаланылаарына ниеттенүү же аңдап билүү менен каражаттарды мыйзамсыз берүү, финансылык кызматтарды көрсөтүү же каражаттарды кандай болбосун метод же ыкма менен тикелей же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) чогултууну жүзөгө ашыруу;
35) финансылык топ – өздөрүнүн финансылык ресурстарын жалпы максаттар жана кызыкчылыктар үчүн бириктирген ар кандай типтеги бир нече юридикалык жактардан турган топ, ал ушул топтун мүчөлөрүнө карата контролдоо (көзөмөлдөө) жана координациялоо функцияларын жүзөгө ашырат;
36) финансылык мекемелер же белгилүү бир категориядагы жактар – ушул Мыйзамдын 8-беренесинде көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактар;
37) максаттуу финансылык санкциялар – жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы тууралуу маалыматтар болгон учурда алардын каалагандай операцияларын (бүтүмдөрүн) жана (же) каражаттарын тоңдуруу жана (же) мындай жактарга, топторго жана уюмдарга каалаган каражаттарга же финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүгө (түз же ортомчулук) тыюу салуу;
38) электрондук акча которуу – төлөм системаларын колдонуу менен кардардын тапшырмасынын негизинде жүзөгө ашырылуучу акча которуунун жөнөтүүчүсүнөн алуучусуна акча каражаттарын (накталай, накталай эмес, электрондук акчалар) которуу боюнча операция;
39) юридикалык уюмдар – чет өлкөлүк мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ишеним фонддору жана башка ушул сыяктуу укуктук мамилелер (фидуция, фидеикомисс).
2. Ушул беренеде аныкталбаган жана ушул Мыйзамда колдонулган терминдер жана түшүнүктөр, эгер ушул Мыйзамда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында пайдаланылган маанисинде колдонулат.
2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери
1. Ушул Мыйзамдын максаты адамдын жана жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти жана Кыргыз Республикасынын финансы системасынын бүтүндүгүн кылмыштуу кол салуулардан коргоо болуп саналат.
2. Ушул Мыйзамдын милдеттери төмөнкү укуктук жана уюштуруучулук негиздерди аныктоо болуп саналат:
1) кылмыштуу кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоонун тобокелдиктерин баалоо боюнча;
2) кылмыштуу кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштардын, террористтик жана экстремисттик ишти каржылоонун алдын алуу, таап чыгуу, бөгөт коюу, ачуу жана иликтөө боюнча, ошондой эле ушул жосундарды жасоого түрткү берүүчү себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча;
3) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү үчүн максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча;
4) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга, террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча.
3-берене. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринен жана ушул чөйрөдөгү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларынан турат.
2-ГЛАВА. КЫЛМЫШТУУ КИРЕШЕЛЕРДИ ЛЕГАЛИЗАЦИЯЛООГО (АДАЛДООГО), ТЕРРОРИСТТИК ЖАНА ЭКСТРЕМИСТТИК ИШТИ КАРЖЫЛООГО, МАССАЛЫК КЫРГЫН САЛУУЧУ КУРАЛДЫ ТАРАТУУНУ КАРЖЫЛООГО КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ СИСТЕМАСЫ
4-берене. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруучу субъекттер
1. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруучу субъекттер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) финансылык чалгындоо органы;
2) контролдоочу органдар;
3) укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органы;
4) финансылык мекемелер жана белгилүү бир категориядагы жактар.
2. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга, террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруучу субъекттер ушул Мыйзамда жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган өзүлөрүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жетиштүү адам, финансылык жана техникалык ресурстарды камсыз кылышат.
5-берене. Финансылык чалгындоонун милдеттери
1. Финансылык чалгындоонун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ушул Мыйзамга ылайык берилүүчү же алынган кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), предикаттык кылмыштар, террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо менен байланышкан операциялар (бүтүмдөр) тууралуу, анын ичинде шектүү операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү, документтерди жана маалыматтарды белгиленген тартипте борборлоштурулган топтоо (алуу), иштетүү жана сактоо;
2) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), предикаттык кылмыштар, террористтик же экстремисттик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо менен байланышкан операцияларды (бүтүмдөрдү) же жосундарды айкындоо үчүн белгиленген тартипте аналитикалык ишти жүргүзүү;
3) кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону), предикаттык кылмыштарды, террористтик жана экстремисттик ишти каржылоону, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоону жасагандыгы тууралуу күбөлөндүрүүчү жетиштүү негиздер (шек саноолор) бар болсо, укук коргоо органдарынын жана улуттук коопсуздук органынын компетенцияларына ылайык алардын суроо-талаптары боюнча же өзүнүн демилгеси менен жалпыланган материалды же маалыматты даярдоо жана жиберүү;
4) ушул Мыйзамга, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте, мамлекеттик деңгээлде тобокелдиктерди баалоо боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү;
6) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), предикаттык кылмыштарга, террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын системасынын иштешин координациялоо;
7) ушул Мыйзамга ылайык эл аралык кызматташууну ишке ашыруу.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон финансылык чалгындоо органын функциялары жана ыйгарым укуктары (укуктары жана милдеттери), ошондой эле финансылык чалгындоо органынын отчеттуулук тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органы, контролдоочу органдар, мамлекеттик органдар, соттор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эркин экономикалык зоналардын башкы дирекциялары, ишкердик субъекттеринин ассоциациялары жана бирликтери, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде финансылык мекемелер жана белгилүү бир категориядагы жактар финансылык чалгындоо органына сураган маалыматты же документти жазуу жүзүндөгү суроо-талапта белгиленген мөөнөттө, бирок ушул суроо-талапты алган датадан тартып он иш күндөн кечиктирбей берүүгө милдеттүү.
Финансылык чалгындоо органына маалыматтарды же документтерди берүү тартиби жана формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ишканалары жана мекемелери финансылык чалгындоо органына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана көлөмдө электрондук мамлекеттик реестрлерге жана маалыматтар базасына жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.
5. Төмөнкүлөр кызматтык, банктык, салыктык, коммерциялык, статистикалык сырды жана байланыш сырын (акча каражаттарын почта аркылуу которуу жөнүндө маалыматтар бөлүгүндө) же башка сырды бузуу же ачыкка чыгаруу деп саналбайт:
1) ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды же документтерди, анын ичинде электрондук форматта финансылык чалгындоо органына берүү;
2) финансылык чалгындоо органы тарабынан жалпыланган материалды же маалыматты укук коргоо органдарына жана улуттук коопсуздук органына, ошондой эле чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына берүү.
6. Ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн финансылык чалгындоо органы сактаган маалыматтар жана документтер, ошондой эле финансылык чалгындоо органы түзгөн маалыматтар базасы купуялуу болуп саналат жана белгиленген тартипте корголот.
Финансылык чалгындоо органынын маалыматтарына, документтерине жана маалыматтар базасына жетишүү мүмкүндүгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын түзүүчү маалыматтарга белгиленген тартипте уруксаты бар финансылык чалгындоо органынын кызматчыларына гана берилет.
Маалыматтарды жана документтерди иштетүү, сактоо, өткөрүп берүү жана коргоо үчүн финансылык чалгындоо органында маалыматтык коопсуздуктун ички системасы түзүлөт жана иштейт.
7. Финансылык чалгындоо органынын кызматкерлерине, анын ичинде жетекчилигине жана мурунку кызматкерлерине, ошондой эле финансылык чалгындоо органы менен эмгек келишимин түзгөн адамдарга, кызматы же эмгек мамилелери токтотулгандан кийин, ушул Мыйзамда каралган учурларды жана Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык көрсөтмө берүү керек болгон учурларды кошпогондо, финансылык чалгындоо органынын иши тууралуу белгилүү бир адамдардын пайдалануусу чектелген купуялуу маалыматтарды, же кызматтык же эмгектик милдеттерди аткарууга байланыштуу аларга белгилүү болуп калган башка кызматтык маалыматтарды ачыкка чыгарууга, берүүгө жана кандайдыр бир жол менен колдонууга тыюу салынат.
Бул талаптарды сактабоо Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.
8. Ушул Мыйзамда каралган учурлардан тышкары, ушул Мыйзамда каралган өз милдеттерин аткарууда финансылык чалгындоо органынын ишине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
9. Финансылык чалгындоо органында кызмат өтөө тартиби жана финансылык чалгындоо органынын жетектөөчү курамын түзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Финансылык чалгындоо органында кызмат өтөө мезгилинде финансылык чалгындоо органынын кызмат адамдарынын саясий максаттарды көздөгөн саясий партияларга, кыймылдарга жана башка коомдук бирикмелерге мүчөлүгү токтотулат.
6-берене. Контролдоочу органдар
1. Аларга тийиштүү контролго алынуучу жактарды бөлүштүрүү менен контролдоочу органдардын тизмеги кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2. Контролдо турган жактардын ишин жөнгө салуу, текшерүү (контролдоо) жана мониторинг жүргүзүү маселелери боюнча, ошондой эле ушул Мыйзамды жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн контролдо турган жактарга методикалык жардам көрсөтүү маселелери боюнча контролдоочу органдардын функциялары жана ыйгарым укуктары (укуктары жана милдеттери) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
3. Ушул Мыйзамды жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларды сактоо маселелери боюнча контролго алынуучу жактардын ишин текшерүү үчүн тобокелдикке багытталган мамиле колдонулат.
4. Контролдо турган жактар кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган контролдоочу органдардын функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон талап кылынган маалыматты же документтерди тийиштүү контролдоочу органга суроо-талап алынган датадан он иш күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.
5. Контролдоочу органга маалыматтарды же документтерди берүү кызматтык, банктык, салыктык, коммерциялык, статистикалык сырды жана байланыш сырын (акча каражаттарын почта аркылуу которуу жөнүндө маалыматтар бөлүгү) же башка сырды бузуу же ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.
7. Контролдо турган жактардан алынган маалыматтарды же документтерди мыйзамсыз ачыкка чыгаргандыгы жана ушул Мыйзамды жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышын контролдоо боюнча өз функцияларын ак ниетсиз аткаргандыгы үчүн контролдоочу органдар жоопкерчиликке тартылышат.
7-берене. Укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органы
1. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды, террористтик жана экстремисттик ишти каржылоону айкындоо, бөгөт коюу, ачуу жана иликтөө Кыргыз Республикасынын изин суутпай издөө иши жөнүндө жана жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
2. Ушул Мыйзамды жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларды натыйжалуу ишке ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана улуттук коопсуздук органынын функциялары жана ыйгарым укуктары (укуктары жана милдеттери) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органы зарылдыгына жараша кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), предикаттык кылмыштар, террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо менен байланышкан жазык иштерин тергөөдө жана кароодо Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына суроо-талап жөнөтө алат.
Укук коргоо органдарынын жана улуттук коопсуздук органынын суроо-талабы жазуу жүзүндө жана негиздүү болушу керек, ошондой эле суралган маалыматты колдонуунун конкреттүү максаттарын камтышы керек.
Укук коргоо органдарынын жана улуттук коопсуздук органынын расмий жазуу түрүндөгү суроо-талабын карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча финансылык чалгындоо органы төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
- аналитикалык иш жүргүзүү жана жалпыланган материалды жиберүү жөнүндө;
- суралган маалыматты берүү жөнүндө;
- суралган маалыматты берүүдөн баш тартуу жөнүндө.
4. Финансылык чалгындоо органынын укук коргоо органдарына жана улуттук коопсуздук органына берген жалпыланган материалы же маалыматы изин суутпай издөө ишин жүргүзүү жана (же) кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн гана колдонулат. Финансылык чалгындоо органынын жалпыланган материалы же маалыматы жазык ишинде далил катары колдонулбайт жана жазык ишине кошулбайт.
Финансылык чалгындоо органынын жалпыланган материалын же маалыматын берүүнүн, каттоонун жана карап чыгуунун, ошондой эле укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органы тарабынан аларды колдонуу боюнча маалымат берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
5. Укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органы финансылык чалгындоо органынан алынган жалпыланган материалдын же маалыматтын купуялуулугун (үчүнчү жактарга берилбестигин жана ачыкка чыгарылбастыгын) камсыздайт жана расмий жазуу жүзүндөгү суроо-талапта көрсөтүлгөн максаттарга гана колдонушат.
8-берене. Финансылык мекемелер жана белгилүү бир категориядагы жактар
1. Операциялардын (бүтүмдөрдүн) төмөндө саналган түрлөрүнүн бирин же бир нечесин, же кардар үчүн же кардардын атынан ишти жүзөгө ашырган юридикалык жак (филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кошо алганда) финансылык мекеме болуп саналат:
1) жеке жана юридикалык жактардан кайтарылуучу негизде депозиттерди жана каражаттарды кабыл алуу;
2) кредит берүү;
3) регресс укугу (кайра талап кылуу укугу) бар же укугу жок факторинг (карыздык милдеттенмелерин сатып алуу же сатуу), регресс укугу жок векселдерди эсепке алууну (вексель кармоочудан анын мөөнөтү бүткөнгө чейин векселди сатып алуу) кошо алганда коммерциялык бүтүмдөрдү каржылоо;
4) керектөө товарларынын финансылык лизингин кошпогондо, финансылык лизинг;
5) акчаларды же баалуулуктарды которуу кызматын көрсөтүү;
6) төлөм каражаттарын (кредиттик жана дебеттик карталар, чектер, төлөм тапшырмалары жана банктык которулган векселдер, электрондук акчалар) чыгаруу жана башкаруу;
7) банктык же финансылык кепилдиктерди жана милдеттенмелерди берүү;
8) төмөндөгү операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүү:
а) финансылык рыноктун инструменттери (чектер, векселдер, депозиттик сертификаттар, туунду баалуу кагаздар) менен;
б) чет өлкөлүк валютаны алмашуу боюнча;
в) алмашуу курсуна, пайыздык ставкаларга жана индекстерге байланган инструменттер менен;
г) которулма баалуу кагаздар менен (ажыратууга болгон укугу чектелбеген баалуу кагаздар);
д) мөөнөттүү товардык бүтүмдөр боюнча биржалык соода менен;
9) баалуу кагаздарды чыгарууга катышуу же баалуу кагаздарды чыгарууга тиешелүү финансылык кызматтарды көрсөтүү;
10) жеке же жамааттык портфелдерди башкаруу (фондулук рынокто ишенимдүү башкаруу);
11) жеке жана юридикалык жактардын атынан накталай акча каражаттарын же өтүмдүү баалуу кагаздарды (жеңил сатылуучу баалуу кагаздар) сактоо жана тескөө;
12) жеке жана юридикалык жактардын атынан активдерди же акча каражаттарын инвестициялоо, тескөө же башкаруу;
13) өмүрдү же инвестицияларды камсыздандыруу;
14) накталай акча каражаттарын алмашуу (ар кандай банкнотторго алмашуу жана накталай акча каражаттарын накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу).
2. Белгилүү бир категориядагы жактарга төмөнкүдөй жеке же юридикалык жактар кирет:
1) кызыктыруучу лотереянын уюштуруучуларын кошпогондо, лотереяларды уюштуруучулар;
2) кыймылсыз мүлк менен болгон операциялар боюнча агенттер (риэлторлор) – өзүнүн кардары (кыймылсыз мүлктү сатуучу же сатып алуучу) үчүн кыймылсыз мүлктү сатып алуу же сатуу боюнча операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашырган учурда;
3) баалуу металлдар же асыл таштар боюнча дилерлер – кардар менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген чектик суммага барабар болгон же андан ашкан суммадагы накталай акча каражаттары менен ар кандай операцияны (бүтүмдү), анын ичинде өз ара байланышкан бир нече операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашырган учурда;
4) төмөндөгү кызматтарды ар кандай үчүнчү жактарга көрсөтүүчүлөр:
а) юридикалык жакты түзүү жана каттоо же юридикалык жакты башкаруу боюнча агент катары иштөө;
б) юридикалык жактын аткаруучу директору же катчысы, юридикалык жакта өнөк же катышуучу же юридикалык жакта ушуга тете башкаруу кызматын ээлеген катары аракеттениши үчүн жеке жакка шарттарды түзүү;
в) юридикалык жак же чет өлкөлүк траст үчүн катталган кеңсени же юридикалык даректи берүү;
г) чет өлкөлүк трастта ишенимдүү адам катары иштеши же юридикалык уюмда эквиваленттүү функцияны ишке ашыруу үчүн жеке жакка шарттарды түзүү;
д) номиналдык акционер катары иштеши үчүн жеке жакка шарттарды түзүү;
5) ушул берененин 1-бөлүгүндө саналган операциялардын (бүтүмдөрдүн) же иштин түрлөрүнүн бирин же бир нечесин өзүнүн кардары үчүн же өзүнүн кардарынын атынан жүзөгө ашыруучу жеке ишкер;
6) жеке ишкер катары контракттык негизде бухгалтердик эсеп же юридикалык кызмат (юридикалык жардам) жаатында кесипкөй кызматтарды көрсөткөн же ушул жаатта адистештирилген бухгалтердик же юридикалык уюмдун жалданма адиси катары кызмат көрсөткөн жеке жак, же бухгалтердик эсеп же юридикалык кызмат (юридикалык жардам) көрсөтүү жаатында контракттык негизде (бухгалтердик же юридикалык кызматтарды көрсөткөн адамдар) кызматтарды көрсөткөн адистештирилген бухгалтердик же юридикалык уюм – эгерде ушул адамдар же уюмдар өзүнүн кардарынын атынан же тапшырмасы боюнча төмөнкү жааттарда финансылык мамилелерди түзгөн учурларда гана:
а) кыймылсыз мүлктү сатып алуу же сатуу;
б) кардардын акча каражаттарын, баалуу кагаздарын же мүлкүн башкаруу;
в) банктык, аманат эсептерин же баалуу кагаздарды башкаруу;
г) юридикалык жакты түзүү, иштөөсүн камсыздоо же башкаруу максатында каражаттарын топтоо;
д) юридикалык жакты түзүү же иштөөсүн камсыздоо же юридикалык жакты башкаруу жана коммерциялык ишканаларды сатып алуу-сатуу.
3. Финансылык мекемелердин жана белгилүү бир категориядагы жактардын түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Жеке жана юридикалык жактардын айрым түрлөрү эгерде мамлекеттик деңгээлде тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктары боюнча алардын ишинде тобокелдиктин жогорку деңгээли белгиленсе, финансылык мекемелердин жана белгилүү бир категориядагы жактардын кээ бир түрлөрүнүн тизмегине киргизилет.
Финансылык мекемелердин жана белгилүү бир категориядагы жактардын түрлөрүнүн тизмегинин негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте финансылык мекемелердин жана белгилүү бир категориядагы жактардын тизмеги маалыматтардын электрондук базасы түрүндө түзүлөт.
4. Финансылык мекемелер жана белгилүү бир категориядагы жактар ушул Мыйзам жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылар менен аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруунун жүрүшүндө зарыл болгон учурда финансылык чалгындоо органына, контролдоочу органдарга, укук коргоо органдарына жана улуттук коопсуздук органына алардын компетенцияларына ылайык суроо-талап менен кайрылышат.
3-ГЛАВА. КЫЛМЫШТУУ КИРЕШЕЛЕРДИ ЛЕГАЛИЗАЦИЯЛООНУН (АДАЛДООНУН), ТЕРРОРИСТТИК ЖАНА ЭКСТРЕМИСТТИК ИШТИ КАРЖЫЛООНУН, МАССАЛЫК КЫРГЫН САЛУУЧУ КУРАЛДЫ ТАРАТУУНУ КАРЖЫЛООНУН АЛДЫН АЛУУ ЖАНА БӨГӨТ КОЮУ БОЮНЧА ЧАРАЛАР
9-берене. Тыюу салынган иш-аракеттер
1. Кыргыз Республикасында төмөнкүдөй иш-аракеттерге тыюу салынат:
1) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого;
2) Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга алардын катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегине киргизилген жактарга түз же кыйыр, толук же жарым-жартылай каражаттарды берүүгө же болбосо финансылык кызматтарды көрсөтүүгө;
3) обочо турган банктарды түзүүгө же обочо турган банктардын ишин улантууга, же болбосо өзүнүн эсептерин обочо турган банктардын пайдалануусуна уруксат берүүчү обочо турган банктарга же банк-респонденттер менен түз корреспонденциялык мамилелерди түзүүгө же улантууга, ошондой эле банктык жана ушул сыяктуу эсептердин обочо турган банктар тарабынан пайдаланылуусуна мүмкүнчүлүк берүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралбаган чет өлкөлүк трасттарды жана юридикалык уюмдарды түзүүгө же колдонууга;
5) ар кандай операцияны (бүтүмдү) жүргүзүү үчүн идентификацияланбаган (жашырын) алдын ала төлөнгөн картаны колдонууга;
6) жашырын эсептерди же атайылап ойдон чыгарылган аттарга эсептерди ачууга жана (же) жүргүзүүгө, ошондой эле кардарды талаптагыдай текшербестен, финансылык ишкер мамилелерди түзүүгө жана жүзөгө ашырууга;
7) шектүү операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнүн же финансылык чалгындоо органы сураган башка маалыматтын финансылык чалгындоо органына өткөрүлүп берилерин жана өткөрүлүп берилген фактысын кардарга же үчүнчү жактарга айтууга же аларды эскертүүгө. Финансылык чалгындоо органына маалыматтарды өткөрүп берүү фактысы тууралуу үчүнчү жактарга кабарлоо Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында түздөн-түз каралган учурларда гана мүмкүн болот;
8) Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга алардын катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине киргизилген жактардын менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жакты түзүүгө.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө тыюу салынган аракеттерди жасоо жазык жана административдик жоопкерчиликти тартууга алып келет.
10-берене. Тобокелдиктерди баалоо
1. Тобокелдиктерди айкындоо жана баалоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасында болгон жогорку тобокелдиктерди азайтуу боюнча чараларды көрүү үчүн мамлекеттик деңгээлде тобокелдиктерди баалоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт.
Мамлекеттик деңгээлде тобокелдиктерди баалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү тартиби жана мөөнөттөрү, ошондой эле ушул иш-чараларга катышуучу жактардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Мамлекеттик деңгээлде тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктары боюнча:
1) мамлекеттик деңгээлде тобокелдиктерди баалоо жөнүндө отчёт даярдалат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруучу субъекттерге жеткирүү үчүн мамлекеттик деңгээлде тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат жарыяланат;
2) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү үчүн мамлекеттик деңгээлде тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктары боюнча жаңыланып туруучу айкындалган тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу, ресурстарды бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик стратегия иштелип чыгат жана бекитилет;
3) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруучу субъекттер аныкталган тобокелдиктерге ылайык, кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча чараларды максаттуу жана натыйжалуу колдонуу үчүн тобокелдикке багытталган мамилени колдонушат.
Тобокелдикке багытталган мамилени колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан компетенцияларына ылайык белгиленет.
3. Финансылык мекемелер жана белгилүү бир категориядагы жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өздөрүнүн тобокелдиктерин баалоого, аныктоого, документ түрүндө белгилөөгө жана дайыма жаңылап турууга;
2) мамлекеттик деңгээлде тобокелдиктерди баалоонун натыйжаларын эске алуу менен жетекчилик тарабынан жактырылган саясатты, контролдоо чараларын, аныкталган тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча жол-жоболорду иштеп чыгууга жана колдонууга;
3) тийиштүү контролдоочу органга жана финансылык чалгындоо органына аныкталган тобокелдиктер жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө;
4) тобокелдиктин чен-өлчөмдөрүн эске алуу менен өздөрүнүн кардарларын классификациялоого;
5) жогорку тобокелдиктер аныкталган учурда кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын көрүүгө.
Тобокелдиктерди баалоо, классификациялоо, башкаруу жана азайтуу боюнча жалпы талаптар, ошондой эле жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү чен-өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы тарабынан өз компетенцияларынын чегинде белгиленет.
4. Жогорку тобокелдиктер айкындалган учурда, финансылык мекемелер жана белгилүү бир категориядагы жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кардарга күчөтүлгөн талаптагыдай текшерүү жүргүзүүгө жана кардарга карата кошумча чараларды колдонууга;
2) кардардын иши, ишкер мамилелеринин болжолдуу мүнөзү жана ал жүргүзгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) мүнөзү жана деңгээли жөнүндө жалпыланган маалыматты түзүү максатында кошумча маалыматтарды топтоону жүзөгө ашырууга;
3) кардар менен тике байланышпастан операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүнү камсыздоочу жаңы технологияларды пайдалануу менен берилүүчү кызматтар менен байланышкан кыянаттык кылуу тобокелдигин аныктоо, баалоо жана чектөө үчүн ички документтер тарабынан белгиленген башка чараларды көрүүгө.
5. Финансылык мекемелер жана белгилүү бир категориядагы жактар кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого шек туудуруулар болгон учурда, тобокелдиктерди башкаруунун жана азайтуунун жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонушпайт.
6. Финансылык мекемелер жана белгилүү бир категориядагы жактар, ошондой эле контролдоочу органдар, төмөнкүлөрдөн келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоого жана баалоого милдеттүү:
1) каражаттарды берүүнүн жана операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруунун жаңы механизмдерин кошо алганда, жаңы финансылык продукттарды жана жаңы ишкердик практиканы (иш жүгүртүүнүн салттарын) иштеп чыгууга жана жайылтууга байланышкан;
2) жаңы продукттарды жана технологияларды пайдалануу же болгон продуктуларды жана технологияларды өркүндөтүү менен байланышкан.
Жогоруда көрсөтүлгөн учурларда, финансылык мекемелер жана белгилүү бир категориядагы жактар, жаңы финансылык продуктулар жана кызмат көрсөтүүлөр ишке киргизилгенге же жаңы жана өнүгүп жаткан технологияларды пайдаланылганга чейин тобокелдиктерди баалоону жүргүзүүгө милдеттүү, ошондой эле жогорку тобокелдиктерди контролдоонун жана азайтуунун тийиштүү чараларын көрүүгө милдеттүү.
11-берене. Жогорку тобокелдиктеги мамлекеттерден чыгуучу тобокелдиктерден Кыргыз Республикасынын финансылык системасын коргоо максатында колдонулуучу чаралар (санкциялар)
1. Жогорку тобокелдиктеги мамлекеттердин жеке же юридикалык жактарына карата төмөнкү чараларды (санкцияларды) колдонушат:
1) жогорку тобокелдиктеги мамлекеттердин жеке же юридикалык жактары менен ишкердик мамилелерди түзүүдө жана (же) операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашырууда кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн жол-жоболорун колдонуу;
2) жогорку тобокелдиктеги мамлекеттердин жеке же юридикалык жактарынын катышуусу менен жасалган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү, бул операцияларды (бүтүмдөрдү) мониторинг кылуунун жана шектүү деп эсептөөнүн натыйжалары боюнча финансылык чалгындоо органына кабар берип туруу;
3) жогорку тобокелдиктеги мамлекетте катталган финансылык мекеменин филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө карата текшерүүнү (көзөмөлдөөнү) күчөтүү жөнүндө талаптарды белгилөө жана (же) тышкы аудиттин талаптарын катаалдаштыруу;
4) жогорку тобокелдиктеги мамлекеттердин жеке же юридикалык жактары менен ишкердик мамилелерди түзүүдөн жана операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдөн баш тартуу;
5) жогорку тобокелдиктеги мамлекетте катталган финансылык мекемелердин туунду коомдорун, филиалдарын же өкүлчүлүктөрүн Кыргыз Республикасында түзүүдөн же каттоодон баш тартуу;
6) жогорку тобокелдиктеги мамлекетте катталган финансылык мекеме менен корреспонденттик мамилелерди түзүүдөн баш тартуу же токтотуу;
7) Кыргыз Республикасында юридикалык жактарды түзүүдөн же каттоодон баш тартуу, эгерде анын уюштуруучусу катарында жогорку тобокелдиктеги мамлекетте катталган жак болсо.
2. Жогорку тобокелдиктеги мамлекеттердин тизмесин түзүү жана жарыялоо тартиби, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
12-берене. Террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү үчүн максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу
1. Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө аларга маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги (мындан ары - Тизмек) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлөт жана жарыяланат.
2. Тизмек төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:
1) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин топтомо санкциялык тизмеги;
2) Кыргыз Республикасынын топтомо санкциялык тизмеги;
3. Террористтик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жактарды, топторду жана уюмдарды аныктоо тартиби жана аларды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин топтомо санкциялык тизмегине киргизүү үчүн сунуштарды киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
4. Кыргыз Республикасынын топтомо санкциялык тизмеги төмөнкү документтердин биринин негизинде түзүлөт:
1) террористтик жана экстремисттик ишти жасагандыгына, ошондой эле ушул жосундарды каржылагандыгы үчүн жеке жактын күнөөлүү деп табылгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөрү;
2) топторду, уюмдарды жана юридикалык жактарды террористтик жана экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгы, ошондой эле ушул жосундарды каржылагандыгы менен байланыштуу деп табылгандыгы жана алардын ишин жоюу же тыюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими;
3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде же өз ара принциптерде Кыргыз Республикасында таанылган террористтик жана экстремисттик ишти жасагандыгы үчүн, ошондой эле ушул жосундарды каржылагандыгы үчүн жактар, топтор жана уюмдар соттолгондугу жөнүндө чет мамлекеттин сотторунун өкүмдөрү (чечимдери);
4) террористтик жана экстремисттик ишти жасагандыгы үчүн, ошондой эле ушул жосундарды каржылагандыгы үчүн шек туудурган же айыпталган жеке жактарга карата Кыргыз Республикасында чыгарылган жазык ишин козгоо жөнүндө же айыпталуучу катары ишке тартуу жөнүндө токтом;
5) террористтик жана экстремисттик ишти жасагандыгы үчүн, ошондой эле ушул жосундарды каржылагандыгы үчүн шек туудурганга, айыпталганга же соттолгонго издөө (улуттук жана эл аралык) жарыялангандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын жана (же) соттун чечими;
6) жеке жана юридикалык жак, топ, уюм төмөнкүлөрдү жасагандыгынан шек туудурган учурда финансылык чалгындоо органы кабыл алган чечим:
- террористтик же экстремисттик ишти же болбосо массалык кыргын салуучу куралды таратууну жасаган же жасаганга аракет кылган, ошондой эле ушул жосундарды жасоого катышкан же жардам берген;
- террористтик же экстремисттик ишти же болбосо массалык кыргын салуучу куралды таратууну жасаган жактардын, топтордун жана уюмдардын түз же кыйыр менчигинде же контролу астында болгон, ошондой эле ушул жосундарды жасаган жактардын, топтордун жана уюмдардын атынан же көрсөтмөсү боюнча аракеттенген;
7) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде же өз ара принциптерде Кыргыз Республикасында таанылган чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар же алар ыйгарым укук берген органдар тарабынан түзүлгөн террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги;
8) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине же өз ара принциптерге ылайык чет мамлекеттин компетенттүү органдары же эл аралык уюмдар тарабынан жиберилген террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга, ошондой эле ушул жосундарды каржылаганга катышкан жактарга, топторго жана уюмдарга карата расмий эл аралык суроо-талаптар.
Кыргыз Республикасынын топтомо санкциялык тизмегине төмөнкүлөр да кирет:
- Тизмекке киргизилген жактардын, топтордун, уюмдардын толук же биргелешкен менчигинде же түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) контролу астында болгон юридикалык жактар, уюмдар жана топтор;
- Тизмекке киргизилген жактардын, топтордун, уюмдардын атынан же тапшырмасы боюнча аракеттенген жеке жактар.
5. Жеке жана юридикалык жактар, топтор, уюмдар Кыргыз Республикасынын топтомо санкциялык тизмегинен төмөнкү учурларда чыгарылат:
1) ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер жокко чыгарылганда (чакырып алынганда) же колдонуу (аткарылуу) мөөнөтү бүткөндө;
2) жеке же юридикалык жактын, топтун, уюмдун арызын карап чыгуунун натыйжалары боюнча.
Кыргыз Республикасынын топтомо санкциялык тизмегинен жеке жана юридикалык жактарды, топторду, уюмдарды чыгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
6. Кыргыз Республикасынын аймагында аракеттенген жеке жана юридикалык жактар:
1) Тизмекке киргизилген жактардын, топтордун, уюмдардын операцияларын (бүтүмдөрүн) жана (же) каражаттарын ушул жактарга алдын ала билдирбестен, кечиктирбей бир калыпта кармоого милдеттүү;
2) Тизмектен чыгарылганга чейинки мезгилге чейин, Тизмекке киргизилген жактарга, топторго, уюмдарга финансылык кызматтарды көрсөтпөй жана кандай гана болбосун каражаттарына жетүүгө (түз же ортомчулук) мүмкүнчүлүк бербеши керек;
3) ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарынын талаптарын аткаргандыгы тууралуу, анын ичинде Тизмекке киргизилген жактардын, топтордун, уюмдардын операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо аракеттери жөнүндө финансылык чалгындоо органына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө билдиришет.
7. Төмөнкү каражаттар тоңдурулууга жатат:
1) Тизмекке киргизилген жактардын, топтордун, уюмдардын толук же биргелешкен менчигинде же түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) контролу астында болгон каражаттар, же болбосо Тизмекке киргизилген жактардын, топтордун, уюмдардын атынан же тапшырмасы боюнча аракеттенген жактардын каражаттары;
2) Тизмекке киргизилген жактардын, топтордун, уюмдардын толук же биргелешкен менчигинде же түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) контролу астында болгон каражаттардан алынган же өндүрүлгөн каражаттар;
3) террористтик жана экстремисттик ишти, террористтерди же экстремисттерди, террористтик жана экстремисттик уюмдарды же массалык кыргын салуучу куралды таратуучу жактарды каржылоо үчүн арналган каражаттар;
4) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюциялары менен аныкталган каражаттар.
8. Операциялар (бүтүмдөр) жана (же) каражаттар төмөнкү мөөнөттөрдө жана төмөнкү учурларда бир калыпта кармалат:
1) аныкталбаган мөөнөткө - Тизмекке киргизилген жактардын, топтордун, уюмдардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) же каражаттарына карата;
2) бир калыпта кармап туруу жөнүндө эл аралык суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөткө - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык жана өз ара принциптерде алынган террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга, ошондой эле ушул жосундарды каржылоого катышкан жактарга, топторго жана уюмдарга карата чет мамлекеттин компетенттүү органынын же эл аралык уюмдун расмий эл аралык суроо-талабы болгон учурда;
3) мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимди алганга чейинки мөөнөткө - террористтик жана экстремисттик ишти жасагандыгына, ошондой эле ушул жосундарды каржылоо үчүн шектелген же айыпталган жеке жакка карата Кыргыз Республикасында чыгарылган жазык ишин козгоо жөнүндө же айыпталуучу катары тартылгандыгы жөнүндө токтомду укук коргоо органдарынан алган учурда;
4) беш жумушчу күнгө чейинки мөөнөткө – террористтик же экстремисттик ишти жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну, ошондой эле ушул жосундарды каржылоону жеке жана юридикалык жактын, топтун, уюмдун жасагандыгын ырастаган жетиштүү маалыматтар (шектенүүлөр) финансылык чалгындоо органында болгон учурда. Ушуну менен бирге финансылык чалгындоо органы жеке жана юридикалык жактардан бир калыпта кармап туруу жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алгандан тартып үч жумушчу күн ичинде Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына маалымат жиберет.
9. Операцияларды (бүтүмдөрдү) жана (же) каражаттарды бир калыпта кармап турууда, чын ниети менен аракеттенген ак ниеттүү үчүнчү жактардын укуктары корголот.
Тизмекке киргизилген жеке жана юридикалык жактарга, топторго, уюмдарга мамлекеттик бюджетке жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөө үчүн же негизги чыгымдарды (тамак-аш азыктарын, ижараны же ипотекалык кредитти, дары-дармектерди жана медициналык тейлөөнү, камсыздандыруу төлөмдөрүн жана коммуналдык тейлөөлөрдү, юридикалык тейлөөлөрдү, ошондой эле учурдагы кармоону же бир калыпта кармалган каражаттарды тейлөөгө жыйноолорду жана төлөмдөрдү киргизүүнү төлөө) жабуу үчүн бир калыпта кармалган акча каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгү берилет.
10. Операцияларды (бүтүмдөрдү) жана (же) каражаттарды бир калыпта кармап туруу же бошотуу тартиби, ошондой эле бир калыпта кармалган акча каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгүн берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
13-берене. Бенефициардык менчик ээлерин айкындоо
1. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактар өзүнүн бенефициардык менчик ээcин же өзүнүн бенефициардык менчик ээлерин идентификациялоочу такталган жана жаңыланган маалыматты түзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте ушул маалыматты сактоого жана берүүгө милдеттүү.
2. Акционерлердин реестрин кармоочулар кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, юридикалык жактын акционердик реестрине жетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө жана юридикалык жактын акционерлери жөнүндө маалыматтын өзгөргөндүгү тууралуу маалыматты алганда ушул реестрди өз убагында жаңылап турууга милдеттүү.
3. Уюштуруу документтеринин, юридикалык жактын акционерлеринин реестринин жана Интернет желесинен алынган маалыматтардын негизинде юридикалык жактын бенефициардык менчик ээси, анын менчигинин түзүлүшү жана башкаруусу аныкталат.
Эгерде ушул Мыйзамда жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген чараларды көрүүнүн натыйжасында, юридикалык жактын бенефициардык менчик ээси табылбаса, юридикалык жактын аткаруучу органынын жетекчиси жана мүчөлөрү бенефициардык менчик ээси деп таанылышына жол берилет.
4. Жеке жактын бенефициардык менчик ээси кардар тарабынан берилген маалыматтардын негизинде аныкталат.
5. Бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо үчүн керектүү болгон маалыматтарды белгилеп жазуу, кардар (анын өкүлү) тарабынан берилген же жеткиликтүү булактардан алынган маалыматтардын жана (же) документтердин негизинде жүзөгө ашырылат.
6. Финансылык чалгындоо органы Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн юридикалык жактардын бенефициардык менчик ээлери жөнүндөгү маалыматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте электрондук маалыматтар базасы түрүндө түзүлөт.
Аталган электрондук маалыматтар базасын түзүү тартиби жана алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
7. Жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде финансылык мекемелер жана белгилүү бир категориядагы жактар финансылык чалгындоо органына, контролдоочу органдарга жана улуттук коопсуздук органына ушул берененин 1-4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн суралган маалыматтарды берүүгө милдеттүү, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бенефициардык менчик ээлерин аныктоосуна көмөктөшүүгө милдеттүү.
8. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары жана контролдоочу органдары кылмышкерлердин же алар менен байланышкан адамдардын юридикалык жактын маанилүү жана контролдоочу үлүшүн ээлеп калуусун жана контролдоосун же Кыргыз Республикасында түзүлгөн юридикалык жактын бенефициардык менчик ээси болуп калуусун алдын алуу максатында керектүү чараларды көрүүгө тийиш.
14-берене. Террористтик жана экстремисттик ишти каржылоодо коммерциялык эмес уюмдарды пайдаланууга каршы аракеттенүү боюнча чаралар
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктайт:
1) коммерциялык эмес уюмдарда болгон террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо тобокелдиктерин баалоо жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен анын натыйжаларын талкуулоо, ошондой эле ушул тобокелдиктерди баалоонун натыйжалары жөнүндөгү маалыматты финансылык чалгындоо органынын, ички иштер органдарынын жана улуттук коопсуздук органынын расмий сайттарына жарыялоо;
2) террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча коммерциялык эмес уюмдардын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү.
2. Коммерциялык эмес уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өзүнүн билдирилген ишинин максаттары жана милдеттери жөнүндө, өзүнүн уюштуруучулары жөнүндө, коммерциялык эмес уюмду ээлеген, контролдогон же башкарган жактар жөнүндө, бул коммерциялык эмес уюмдан каражаттарды алган жактар жөнүндө маалыматты түзүү жана беш жылдан кем эмес мөөнөткө сактоо;
2) өзүнүн кирешелери жана чыгашалары жөнүндө, каражаттар менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө финансылык отчётторду түзүү, ошондой эле аларды беш жылдан кем эмес мөөнөткө сактоо;
3) коммерциялык эмес уюмдун билдирилген ишине ылайык бардык каражаттарын жана алардын чыгымдарын эсепке алууну камсыз кылуучу контролдоо чараларын көрүү.
Жогоруда аталган маалыматты алуу мүмкүнчүлүгү кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына, ички иштер органдарына жана улуттук коопсуздук органына берилет.
3. Коммерциялык эмес уюмду террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого пайдаланып жатат деген шектенүүлөр болгон учурда, бул коммерциялык эмес уюм Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн тийиштүү билдирүүнү финансылык чалгындоо, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарына жиберет.
4. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдары террористтик жана экстремисттик ишти каржылоодо коммерциялык эмес уюмдарды пайдалануунун фактыларын тергөөдө кызматташууну, координациялоону жана маалымат алмашууну жүзөгө ашырышат.
5. Коммерциялык эмес уюмдардын террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого пайдаланылышына каршы аракеттенүү максатында мамлекеттик органдар тарабынан көрүлгөн чаралар коммерциялык эмес уюмдардын мыйзамдуу ишине жолтоо болбошу керек.
4-ГЛАВА. ФИНАНСЫЛЫК МЕКЕМЕЛЕРДИ ЖАНА БЕЛГИЛҮҮ КАТЕГОРИЯДАГЫ ЖАКТАРДЫ ИЧКИ КОНТРОЛДОО СИСТЕМАСЫ
15-берене. Ички контролдоо программасы
1. Финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программасын (мындан ары – ички контролдоо программасы) иштеп чыгышат жана ишке ашырышат.
2. Ички контролдоо программасында төмөнкүлөр каралышы керек:
1) ушул Мыйзамдын жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткаруу боюнча ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системасы;
2) ички контролдоо программасын ишке ашырууга жана аткарууга, ошондой эле финансылык чалгындоо органы жана тийиштүү контролдоочу органдар менен өз ара аракеттенүүгө жооптуу ички контролдоо кызматын (комплаенс-кызматын) милдеттүү аныктоо же улук кызматтык адамды (комплаенс-кызматкерди) дайындоо тартиби;
3) кызматкерлерди жумушка кабыл алууда (жалдоодо) текшерүү жол-жобосу;
4) ички контролдоо кызматынын (комплаенс-кызматтын) кызматчыларынын же жооптуу кызмат адамынын (комплаенс-кызматкердин) жана башка тийиштүү жумушчулардын квалификациясын дайыма жогорулатууну (окутууну) камсыздоо боюнча жол-жобо;
5) ушул Мыйзамдын жана ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын аткарылышына ички контролдоо системасынын ишин текшерүү үчүн көз карандысыз аудитти жыл сайын жүргүзүү тартиби;
6) маалыматты коргоонун тийиштүү каражаттарын пайдалануу менен финансылык топтун алкагында купуя маалыматты алмашуу жана пайдалануу жол-жобосу;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан өз компетенцияларынын чегинде белгиленген кошумча жол-жоболор жана чаралар.
3. Ички контролдоо программасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан өз компетенцияларынын чегинде белгилеген ички контролдоо программаларына коюлуучу жалпы талаптарга туура келиши керек жана финансылык мекеменин жана белгилүү категориядагы жактардын ишинин тобокелдигин жана масштабын эске алуу менен кабыл алынууга тийиш.
4. Филиалдары жана өкүлчүлүктөрү бар финансылык мекемелер жана топтор, топтун ичинде каалаган маалыматты алмашуу боюнча ички жол-жоболорду камтый турган корпорациялык (топтук) ички контролдоо программаларын иштеп чыгышат жана колдонушат, ошондой эле бардык деңгээлдерде натыйжалуу ишке ашырышат.
Финансылык мекемелер жана топтор чет мамлекеттин аймагында иш жүргүзүүчү филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн корпорациялык (топтук) ички контролдоо программаларын чет мамлекеттин мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен ишке ашырууну камсыз кылат.
Эгерде юридикалык жактын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан өлкөдөгү мыйзамдар корпорациялык (топтук) ички контролдоо программаларын колдонууга тыюу салса же жолтоо болсо, ошол филиалдар жана өкүлчүлүктөр тобокелдиктерди башкаруу боюнча зарыл чараларды көрүшөт жана бул туурасында Кыргыз Республикасынын тийиштүү контролдоочу органына билдиришет.
16-берене. Кардарды талаптагыдай текшерүү
1. Финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар кардарды талаптагыдай текшерүүнү төмөнкү учурларда жүргүзүшөт:
1) ишкердик мамилелерди түзүүдө;
2) каалаган бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) бир жолку кардар менен жасаганда, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген чектик суммага барабар болгон же андан ашкан суммадагы бир операцияны (бүтүмдү) же бир нече өз ара байланышкан операцияларды (бүтүмдөрдү) жасаган учурда;
3) электрондук акча которууну жасаганда;
4) кардардын (туруктуу же бир жолку) статусуна же эрежеден тышкары ар кандай учурларга карабай, же операциянын (бүтүмдүн) суммасына карабастан кылмыштуу кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоонун жасалышына шектенүүлөр болгон учурда;
5) кардардын ким экендиги тууралуу мурда алынган маалыматтар анык эмес же жетишсиз болуп табылганда.
2. Финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар өздөрүнүн бардык кардарларына карата кардарды талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкүдөй чараларын көрүүгө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өз компетенцияларынын чегинде белгилеген тартипте кардарды идентификациялоого жана верификациялоого;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өз компетенцияларынын чегинде белгилеген тартипте бенефициардык менчик ээсин жана пайда табуучуну идентификациялоого, ошондой эле бенефициардык менчик ээсинин жана пайда табуучунун инсандыгын верификациялоо үчүн жеткиликтүү чараларды көрүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өз компетенцияларынын чегинде белгилеген тартипте кардарды, бенефициардык менчик ээсин жана пайда табуучуну идентификациялоонун жана верификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарды документ түрүндө жазууга;
4) кардардын максаты жана ишкердик мамилесинин болжолдуу мүнөзү жөнүндө маалымат алууга;
5) ушул Мыйзамга жана тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктарына ылайык кардардын иши жана анын финансылык абалы жөнүндөгү маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди дайыма сактоого жана жаңылап турууга;
6) кардар менен ишкердик мамилелерди талаптагыдай текшерүүнү жана кардар тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн), анын ишинин мазмуну, финансылык абалы жана каражаттарынын булагы, ошондой эле тобокелдиктердин мүнөзү жөнүндөгү колдогу маалыматка туура келүүсүн талдоону туруктуу негизде жүргүзүүгө.
3. Эгерде кардардын атынан ишенимдүү адам чыкса, финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар мындай адамды идентификациялоого жана верификациялоого, ошондой эле тийиштүү ыйгарым укуктарын текшерүүгө милдеттүү.
4. Финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар ишкердик мамиленин масштабына жана тобокелдиктин деңгээлине жараша кардар менен ишкердик мамилелердин бардык мезгилинде кардарды талаптагыдай текшерүү чараларын колдонууга милдеттүү. Мында финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тобокелдиктерге багытталуучу мамиленин жардамы менен кардарды талаптагыдай текшерүү (күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн) чараларын колдонуу даражасын тандап алышат.
5. Финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар кардар менен ишкердик мамилелерди түзүүгө чейин же түзүүнүн жүрүшүндө же кардардын операцияларын (бүтүмдөрүн) жүргүзүүдө кардарды верификациялоого милдеттүү.
Тараптар катышпаган жана баалуу кагаздар менен жүзөгө ашырылуучу операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүү керек болгон учурларда жана тобокелдиктер төмөн болгон учурларда, финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар ишкердик мамилелер түзүлгөндөн кийин он календардык күндүн ичинде кардардын верификациялоосун бүтүрүшөт. Мындай учурларда финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар операциялардын (бүтүмдөрдүн) санын, түрлөрүн жана (же) суммаларын чектөө жана чоң же татаал операцияларга (бүтүмдөргө) мониторинг жүргүзүү боюнча чараларды камтыган тобокелдиктерди башкаруу жол-жоболорун верификациялоо аяктаганга чейин колдонууга тийиш.
6. Ушул беренеде каралган кардарды талаптагыдай текшерүү чараларын кошумчалап, финансылык мекемелер же белгилүү категориядагы жактар кардар жана бенефициардык менчик ээси болуп саналган коомдук кызмат адамдарына карата төмөнкү чараларды көрүүгө тийиш:
1) кардар же бенефициардык менчик ээси, же пайда табуучу коомдук кызмат адамы болуп санала тургандыгын аныктоо үчүн тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонууга;
2) коомдук кызмат адамы менен ишкердик мамилелерди түзүүгө же улантууга (болгон кардарлар үчүн) финансылык мекеменин жетекчисинин же белгилүү категориядагы жактардын жетекчисинин (бар болсо) жазуу жүзүндөгү уруксатын алууга;
3) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коомдук кызмат адамынын акча каражаттарынын же башка мүлкүнүн булактарын аныктоого;
4) жогорку тобокелдиктеги кардарлар үчүн белгиленген тартипте коомдук кызмат адамы менен ишкердик мамилелерге, анын ичинде ал тарабынан жүзөгө ашырылуучу операцияларга (бүтүмдөргө) туруктуу жана тереңдетилген мониторингди жүргүзүүгө.
Ушул бөлүктүн 2-4-пункттарында көрсөтүлгөн чаралар төмөнкүлөргө колдонулат:
- улуттук коомдук кызмат адамдарына жана эл аралык уюмдардын коомдук кызмат адамдарына карата, эгерде мындай адамдар менен ишкердик мамиледе жогорку тобокелдик аныкталса;
- коомдук кызмат адамынын үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакын досторуна жана ишкер өнөктөрүнө карата.
Улуттук коомдук кызмат адамдарынын тизмеси, ошондой эле улуттук коомдук кызмат адамдарынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын досторунун жана ишкердик өнөктөрүнүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлөт жана жарыяланат.
Өмүрүн камсыздандыруу боюнча кызматтарды көрсөткөн финансылык мекеме, камсыздандыруу учуру келгенде жана жогорку тобокелдик аныкталган учурларда, коомдук кызмат адамына өмүрүн камсыздандыруу полиси боюнча камсыздандыруу төлөмү аяктаганга чейин төмөнкү чараларды көрүүгө милдеттүү:
- финансылык мекеменин жетекчилигине маалымдоого;
- полисти кармоочу менен болгон бардык ишкердик мамилелерге күчөтүлгөн текшерүүнү жүргүзүүгө;
- финансылык чалгындоо органына операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнү жиберүү боюнча маселени кароого.
7. Төмөнкү учурларда финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар кардар менен ишкердик мамилени түзбөйт (тейлөөгө кабыл алуудан же эсеп ачуудан баш тартат) же болбосо ишкердик мамиле түзүүнү токтотуп турат же токтотот (тейлөөдөн баш тартат), же операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашырбайт, ошондой эле кардар менен түзүлгөн келишимди бузат:
1) мындай кардардын эсебине түшкөн каражаттарды киргизүү боюнча операцияларды кошпогондо, кардарды жана (же) бенефициардык менчик ээсин талаптагыдай текшерүүнүн жол-жоболорун жүргүзүү үчүн керектүү маалыматтарды жана (же) документтерди кардар бербегенде;
2) кардар тарабынан такталбаган маалыматтар жана документтер берилгенде;
3) кардардын - юридикалык жактын, анын дайыма иштөөчү башкаруу органынын же башка органынын жана ишеним катсыз кардардын - юридикалык жактын атынан аракет кылууга укугу бар адамдын жайгашкан жеринде жок болушу;
4) эгерде кардар, анын контрагенти же бенефициардык менчик ээси же пайда табуучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте түзүлүүчү Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине киргизилген учурда.
8. Эгер финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар ушул берененин 7-бөлүгүндө каралган негиздерге ылайык кардар менен ишкердик мамилени түзбөө (тейлөөгө кабыл алуудан же эсеп ачуудан баш тартуу) жөнүндө чечимди же ишкердик мамиле түзүүнү токтотуу же жокко чыгаруу (тейлөөдөн баш тартуу) жөнүндө жана операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашырбоо жөнүндө, ошондой эле кардар менен түзүлгөн келишимди бузуу жөнүндө чечим кабыл алган учурларда, финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар мындай чечимди кабыл алган күндөн тартып бир жумушчу күн ичинде финансылык чалгындоо органына тийиштүү билдирүүнү жиберүүгө милдеттүү.
9. Бардык жеке жана юридикалык жактар финансылык мекемелерге жана белгилүү категориядагы жактарга ушул Мыйзамга жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык кардарды талаптагыдай текшерүү үчүн керектүү маалыматтарды жана документтерди берүүгө милдеттүү.
10. Финансылык мекемелер жана белгилүү категориядагы жактар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарды сактоо шарты менен кардарга, бенефициардык менчик ээсине жана пайда табуучуга идентификация жана верификация жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында катталган кызматташуучу финансылык мекемелерге жана белгилүү категориядагы жактарга (үчүнчү тарапка) таянса болот. Мында, кардарды талаптагыдай текшерүүнү ишке ашыруу жоопкерчилиги, үчүнчү тарапка таянган финансылык мекемелерге жана белгилүү категориядагы жактарга жүктөлөт.
17-берене. Эл аралык корреспонденттик банктык жана башка ушу сыяктуу мамилелерди түзүүдө көрүлүүчү чаралар
Чет өлкөлүк банктар жана финансылык мекемелер (мекеме-респондент) менен эл аралык корреспонденттик банктык жана башка ушул сыяктуу мамилелерди түзүү үчүн финансылык мекемелер (мекеме-корреспондент) төмөнкү чараларды көрүүгө (кардарды талаптагыдай текшерүү чараларына кошумча) милдеттүү:
1) мекеме-респонденттин иши жөнүндө, анын финансылык абалы жана ишкердик бедели жөнүндө, көзөмөлдөө ишинин сапаты жөнүндө, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн контролдоочу орган тарабынан таасир этүү чараларын көрүү же жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды топтоо;
2) мекеме-респондент тарабынан кабыл алынган кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чараларын баалоо;
3) мекеме-корреспонденттин эсебине түз жетүүгө акысы бар кардарга карата кардарды талаптагыдай текшерүү жол-жоболорун мекеме-респондент жүргүзүүсү жөнүндө жана өзүнүн атынан иш жүргүзүү үчүн түздөн түз үчүнчү тараптар колдонгон корреспонденттик эсептерге (өтмө эсептерге) карата кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча керектүү маалыматты суроо-талап боюнча алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө канааттандырарлык ырастоону алуу;
4) корреспонденттик мамилелерди түзүүгө финансылык мекеменин жетекчилигинен уруксат алуу;
5) тараптардын ар биринин конкреттүү жоопкерчилигин аныктоо (мекеме-респонденттин жана мекеме-корреспонденттин).
18-берене. Эл аралык жана ички электрондук акча которууларды жүргүзүү боюнча жалпы талаптар
1. Электрондук акча которууну жүргүзүүдө финансылык мекемелер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) акчалай которуунун жөнөтүүчүсү жана алуучусу тууралуу талап кылынган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген тартипте түзүүгө;
2) акчалай которууну жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу талап кылынган маалыматтар электрондук акча которуунун ажырагыс бөлүктөрү болуп саналышын жана төлөмдү жүргүзүүдө электрондук акча которууну коштоп жүрүүсүн камсыз кылууга;
3) электрондук акча которууларга мониторинг жүргүзүүгө жана жөнөтүүчү жана (же) алуучу тууралуу маалымат болбогон электрондук акча которууларды айкындоого жана кардарды талаптагыдай текшерүүнүн тийиштүү чараларын көрүүгө;
4) акчалай которуунун жөнөтүүчүсүн жана алуучусун Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде бар же жок экендигин текшерүүгө;
5) акчалай которуунун жөнөтүүчүсү жана (же) алуучусу Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде бар болгон учурда электрондук акча которууну бир калыпта кармап турууга жана тезинен бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирүүгө.
2. Эл аралык электрондук акча которууларды коштоочу маалыматта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) жөнөтүүчүнүн - жеке жактын аты-жөнү же жөнөтүүчүнүн - юридикалык жактын аталышы;
2) эгер электрондук акча которууну жүргүзүүдө эсеп пайдаланылса, жөнөтүүчүнүн (жеке же юридикалык жактын) эсебинин номери;
3) жөнөтүүчүнүн - жеке жактын паспорттук маалыматтары же салык төлөөчүнүн идентификациялык номери же жөнөтүүчүнүн - юридикалык жактын чет өлкөлүк уюмунун коду;
4) кардардын идентификациялык номери;
5) алуучунун - жеке жактын аты-жөнү же алуучунун - юридикалык жактын аталышы;
6) эгер электрондук акча которууну жүзөгө ашырууда эсеп пайдаланылса, алуучунун (жеке же юридикалык жактын) эсебинин номери.
Эсеп жок болсо, электрондук акча которууга байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла турган электрондук акча которуунун уникалдуу номери көрсөтүлүшү керек.
3. Кыргыз Республикасынын ичиндеги электрондук акча которууларды коштоочу маалымат төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) жөнөтүүчүнүн - жеке жактын аты-жөнү же жөнөтүүчүнүн - юридикалык жактын аталышы же болбосо жөнөтүүчүнүн (жеке же юридикалык жактын) эсебинин номери, эгерде электрондук акча которууну жүзөгө ашырууда эсеп же электрондук акча которууну акмалоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла турган электрондук акча которуунун уникалдуу номери пайдаланылса;
2) алуучунун - жеке жактын аты-жөнү же алуучунун - юридикалык жактын аталышы же алуучунун (жеке же юридикалык жактын) эсебинин номери, эгерде электрондук акча которууну жүзөгө ашырууда эсеп пайдаланылса.
4. Электрондук акча которууну жөнөтүүчү финансылык мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) электрондук акча которуу ушул берененин 2 же 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн толук маалымат менен коштолушун камсыз кылууга;
2) эгерде ушул берененин 2 же 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн коштоочу маалымат болбосо, электрондук акча которууну жүзөгө ашырбоого.
5. Электрондук акча которуу транзит аркылуу жүргүзүлө турган финансылык мекеме (транзиттик финансылык мекеме) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жөнөтүүчү же алуучу тууралуу талап кылынган маалыматы жок электрондук акча которууну таап чыгуу үчүн чараларды көрүүгө;
2) жөнөтүүчү же алуучу тууралуу талап кылынган маалыматы жок электрондук акча которууну аткаруу, четтетүү же токтото туруу боюнча, ошондой эле кийинки жасала турган аракеттер жөнүндө маселелерди чечүү үчүн тобокелдиктерди баалоонун негизинде натыйжалуу саясаты жана жол-жоболору болууга.
6. Электрондук акча которууну алуучу финансылык мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу зарыл маалыматы жок болгон электрондук акча которууларды текшерүүгө жана айкындоого;
2) электрондук акча которууну алуучунун ким экендигин аныктоого жана текшерүүгө;
3) жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу талап кылынган маалыматы жок электрондук акча которууну аткаруу, аткарбоо же токтотуп туруу, ошондой эле электрондук акча которууну артка кайтаруу боюнча андан аркы аракеттер тууралуу маселени чечүү үчүн тобокелдикти баалоонун негизинде натыйжалуу саясаты жана жол-жоболору болууга.
7. Электрондук акча которууну жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу маалыматтар төмөнкүлөргө суроо-талап боюнча берилет:
1) Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык кылмыш иштерин иликтөө үчүн укук коргоо органдарына жана улуттук коопсуздук органына;
2) финансылык чалгындоо органына, ал өз функцияларын аткарышы жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча талаптарды контролдошу үчүн;
3) идентификациялоону жеңилдетүү жана шектүү операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү жөнөтүү, ошондой эле максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча талаптарды аткаруу үчүн жөнөтүүчү, транзиттик жана алуучу финансылык мекемелерге.
Электрондук акча которууну жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу маалымат ушул бөлүктө көрсөтүлгөн субъекттердин суроо-талаптары боюнча, анын ичинде электрондук форматта да үч жумушчу күн ичинде берилет.
8. Эгерде акча жана баалуулуктарды которуу кызматтарын көрсөтүүчү операторлор электрондук акча которуунун жөнөтүүчү жана (же) алуучу тараптарын контролдоодо шектүү электрондук которууну билип калса, анда ушул операторлор шектүү операция тууралуу билдирүүнү жана электрондук акча которуу жөнүндө тийиштүү маалыматты шектүү электрондук акча которуу байланышкан кайсы өлкөнүн болсо да финансылык чалгындоо органына жиберүүгө милдеттүү.
Акча жана баалуулуктарды которуу кызматтарын көрсөтүүчү операторлордун ишин жөнгө салуу тартиби Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталат.
9. Ушул берененин жоболору төмөнкү операцияларга карата колдонулбайт:
1) эгер кредиттик, дебеттик же алдын ала төлөө картасынын номери ушул операция (бүтүм) менен байланышкан бардык которууларды коштосо, кредиттик, дебеттик же товарларды сатып алуу же тейлөө акыларын төлөө үчүн алдын ала төлөө картасын пайдалануу менен болгон операцияга (бүтүмгө) байланышкан ар кандай которуулар. Кредиттик, дебеттик же алдын ала төлөө карталары адамдардын ортосундагы электрондук акча которууларды ишке ашыруу үчүн төлөм системасы катарында пайдаланылган учурда бул операция (бүтүм) электрондук акча которуу болуп саналат;
2) жөнөтүүчү да, алуучу да өзүнүн атынан иш жүргүзүүчү финансылык мекемелер болгон учурда финансылык мекемелердин өздөрүнүн арасындагы которуулар жана эсептешүүлөр.
19-берене. Маалыматтарды жана документтерди сактоо
1. Финансылык мекемелер жана белгилүү бир категориядагы жактар төмөнкү маалыматтарды жана документтерди сактоого милдеттүү:
1) кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтар, иш жазышуулары жана документтердин көчүрмөлөрү – кардар менен ишкер мамиле токтогондон, эсеп жабылгандан же бир жолку (туруктуу эмес) кардар менен операция жүргүзүлгөндөн кийин беш жылдан кем эмес;
2) бардык жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтар жана документтер – операция (бүтүм) бүткөндөн кийин беш жылдан кем эмес;
3) жүргүзүлгөн операцияларды (бүтүмдөрдү) талдоо боюнча корутундулар же маалымкаттар – операция (бүтүм) бүткөндөн кийин беш жылдан кем эмес;
4) ушул Мыйзамда жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалыматтар жана документтер – кардар менен ишкер мамиле токтогондон, эсеп жабылгандан же бир жолку (туруктуу эмес) кардар менен операция жүргүзүлгөндөн кийин беш жылдан кем эмес.
2. Электрондук которууну жөнөтүүчү же алуучу же болбосо ал аркылуу транзиттик электрондук которуу жүргүзүлгөн финансылык мекеме (транзиттик финансылык мекеме) электрондук которууну коштогон жөнөтүүчү же алуучу тууралуу бардык маалыматты, операция (бүтүм) бүткөндөн же кардар менен ишкер мамиле токтогондон же эсеп жабылган мезгилден тартып беш жылдан кем эмес сактоого милдеттүү.
Электрондук которууну коштогон жөнөтүүчү же алуучу тууралуу толук маалыматты сактоого техникалык каражаттар тоскоол болгон учурларда, алуучу транзиттик финансылык мекеме жөнөтүүчү финансылык мекемеден же башка транзиттик финансылык мекемеден алынган бардык маалыматтын жазуусун беш жылдан кем эмес сактоого милдеттүү.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн сакталуучу маалыматтар жана документтер жүргүзүлгөн операциянын (бүтүмдүн) мүнөзүн калыбына келтирүүгө же операциянын (бүтүмдүн) бардык тизмектерин калыбына келтирүү жолу менен каражаттардын изине түшүүгө жана керектүү учурда Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык тергөөдө же соттук териштирүүдө далил катары колдонууга мүмкүнчүлүк берген жетишээрлик көлөмдө болушу керек.
4. Финансылык мекемелер жана белгилүү бир категориядагы жактар ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды финансылык чалгындоо органына, контролдоочу органдарга, укук коргоо органдарына жана улуттук коопсуздук органына кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берүүгө милдеттүү.
5-ГЛАВА. КОНТРОЛДОНУУГА ЖАНА МААЛЫМДАЛУУГА ТИЙИШ БОЛГОН ОПЕРАЦИЯЛАР (БҮТҮМДӨР)
20-берене. Шектүү операция (бүтүм) тууралуу билдирүү
1. Финансылык мекемелер жана белгилүү бир категориядагы жактар шектүү операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнү төмөнкүдөй учурларда түзүшөт:
1) эгер каражаттар кылмыш жолу менен, анын ичинде предикаттык кылмыштардан алынгандыгы же кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкандыгы тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер бар болсо;
2) эгер каражаттар төмөнкүлөрдү каржылоого байланышкандыгы тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер бар болсо:
- террористтерди же экстремисттерди;
- террористтик же экстремисттик уюмду (топту);
- террористтик же экстремисттик ишти;
- массалык кыргын салуучу куралды таратууну;
3) ушул Мыйзамда каралган башка учурларда.
2. Шектүү операция (бүтүм) тууралуу билдирүү, шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо аракеттери тууралуу билдирүүнү кошо алганда, жасалган же жасалып жаткан операциянын (бүтүмдүн) суммасына карабастан жиберилүүгө тийиш.
3. Шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү белгиленген тартипте операция (бүтүм) шектүү деп таанылгандан тартып беш саат ичинде финансылык чалгындоо органына берилет.
4. Шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) айкындоо боюнча методикалык көрсөтмөлөр жана шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү берүү тартиби жана формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
21-берене. Жогорку тобокелдиктеги мамлекеттердин жеке же юридикалык жактары менен болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүү
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык, финансылык мекемелер жана белгилүү бир категориядагы жактар, жасалган операциянын (бүтүмдүн) суммасына карабастан жогорку тобокелдиктеги мамлекеттин жеке же юридикалык жактары (жогорку тобокелдиктеги мамлекетте катталган же иш жүргүзгөн жеке же юридикалык жактар) менен болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүнү финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү.
2. Финансылык чалгындоо органына билдирип турууга жаткан, жогорку тобокелдиктеги мамлекеттердин жеке жана юридикалык жактары менен болгон операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеси мамлекеттик деңгээлде тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Жогорку тобокелдиктеги мамлекеттин жеке же юридикалык жактары менен болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүү мындай операция (бүтүм) жасалган күндөн тартып эки жумушчу күн ичинде финансылык чалгындоо органына берилет.
4. Жогорку тобокелдиктеги мамлекеттин жеке же юридикалык жактары менен болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүнү берүүнүн тартиби жана формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
22-берене. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону), террористтик жана экстремисттик ишти жасагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жактар менен болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөр
1. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону), террористтик жана экстремисттик ишти жасагандыгы үчүн, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жактар менен болгон операциялар (бүтүмдөр) финансылык чалгындоо органы тарабынан кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону), террористтик жана экстремисттик ишти, ошондой эле ушул ишти каржылоону табуу жана алдын алуу үчүн милдеттүү мониторингге алынууга тийиш.
2. Финансылык мекемелер жана белгилүү бир категориядагы жактар кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону), террористтик жана экстремисттик ишти жасагандыгы үчүн, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жактар тарабынан жасалган операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүнү мындай операция (бүтүм) жасалган күндөн тартып эки жумушчу күн ичинде финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү.
3. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону), террористтик жана экстремисттик ишти жасагандыгы үчүн, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жактар менен болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүнү берүүнүн тартиби жана формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
4. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону), террористтик жана экстремисттик ишти жасагандыгы үчүн, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жактардын тизмесин түзүүнүн жана жарыялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
23-берене. Накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөр
1. Финансылык мекемелер жана белгилүү бир категориядагы жактар чектик суммага барабар болгон же андан ашкан суммада накталай жана накталай эмес акча каражаттар менен болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүнү берүүгө милдеттүү.
2. Накталай жана накталай эмес акча каражаттар менен болгон операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеси жана алардын чектик суммасы мамлекеттик деңгээлде тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
3. Накталай акча каражаттары менен болгон операция (бүтүм) тууралуу билдирүү мындай операция (бүтүм) жасалган күндөн тартып үч жумушчу күн ичинде финансылык чалгындоо органына берилет.
4. Накталай эмес акча каражаттары менен болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалымат, финансылык чалгындоо органынын суроо-талабы алынган күндөн тартып он жумушчу күн ичинде берилет.
5. Накталай жана накталай эмес акча каражаттар менен болгон операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнү берүүнүн тартиби жана формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
6-ГЛАВА. МАМЛЕКЕТ ИЧИНДЕГИ ДЕҢГЭЭЛДЕ МААЛЫМАТТАРДЫ ЖАНА ДОКУМЕНТТЕРДИ АЛМАШУУ
24-берене. Маалыматтарды жана документтерди алмашуу тартиби
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык системаны иштетүү жана колдонуу үчүн бирдей шарттарды аныктайт;
2) финансылык чалгындоо органы менен укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук органынын, контролдоочу органдардын, финансылык мекемелердин, белгилүү бир категориядагы жактардын ортосундагы маалымат алмашуу боюнча байланыштын бөлүнгөн, коопсуз жана корголгон электрондук каналдарын пайдалануу тартибин белгилейт;
3) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча чараларды аткаруучу субъекттердин табылган тобокелдиктер тууралуу маалымдоо, өз ара байланышта аракеттенүү жана иштерин координациялоо механизмин түзүүнү жана иштетүүнү камсыздайт;
4) массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча чараларды аткаруучу субъекттердин тизмесин аныктайт жана ушул чөйрөдө алардын өз ара аракеттенүү тартибин белгилейт;
5) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ыкчам маалыматтык кызматташтыкты жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү (координацияны) камсыздайт;
6) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын системасынын натыйжалуулугун баалоо үчүн керектүү болгон статистикалык жана башка маалыматтарды топтоо, талдоо жана сактоо тартибин жана формаларын бекитет.
25-берене. Накталай акча каражаттарын же көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттерди алып өтүү жөнүндө декларациялоо жана маалыматтарды алмашуу
1. Накталай акча каражаттарды жана көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттерди Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алып өтүү, ошондой эле аларды алып өтүүнү контролдоо Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кабыл алынган эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алынып өтүүчү накталай акча каражаттарды жана көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттерди декларациялоонун натыйжасында алынган маалымат декларацияланган кезден тартып беш жыл бою сакталууга, ошондой эле финансылык чалгындоо органына, укук коргоо органдарына жана улуттук коопсуздук органына кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеткиликтүү болууга тийиш.
3. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алынып өтүүчү накталай акча каражаттар жана көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттер жөнүндө маалыматтар (маалыматтар базасы) жана документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте пайдаланылат.
4. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттардын жана көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттердин алынып өтүшүн айкындоо же акмалоо боюнча биргелешкен чаралар бажы иши, миграция, чек ара маселелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органы жана финансылык чалгындоо органы тарабынан, маалыматтын талаптагыдай пайдаланылышын камсыз кылууга багытталган кепилдиктерди сактоо жана мыйзамдуу акча каражаттарын же көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү аспаптардын алынып өтүшү үчүн кандайдыр бир тоскоолдуктарды жаратпоо шарты менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аткарылат.
7-ГЛАВА. ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУ
26-берене. Эл аралык кызматташуунун жалпы жоболору
1. Эл аралык кызматташуу Кыргыз Республикасынын эл аралык өз ара мамиле маселеси боюнча ченемдик укуктук актыларына жана эл аралык келишимдерине ылайык же болбосо өз ара түшүнүшүү принциптеринде, ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) финансылык чалгындоо органы;
2) контролдоочу органдар;
3) укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органы;
4) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы;
5) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти.
3. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын эл аралык суроо-талабы, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса, мамлекеттик же расмий тилде, зарыл болсо англис тилине которуу менен таризделет.
Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын ар бир эл аралык суроо-талабы белгилүү болгон информациянын кыскача же толук баяндамасы менен коштолуп, берүү мөөнөтү жана суралган маалыматты пайдалануу максаты көрсөтүлүп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык башка маалыматтар тиркелүүгө тийиш.
Эл аралык суроо-талаптар кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же эл аралык келишимдеринде аныкталган байланыштын корголгон электрондук каналдары боюнча да келип түшөт жана жиберилет.
Эл аралык суроо-талаптарды даярдоо, жиберүү, аткаруу жана каттоо тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
Жиберилген жана алынган эл аралык суроо-талаптарды борборлоштурулган эсепке алууну финансылык чалгындоо органы жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары финансылык чалгындоо органынын суроо-талабына ылайык ага алынган жана жөнөтүлгөн эл аралык суроо-талаптар жөнүндөгү маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
4. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары өз компетенцияларынын чегинде чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына жана эл аралык уюмдарга тийиштүү маалыматтарды беришет:
1) эл аралык суроо-талапты алганда же өз демилгеси менен;
2) берилүүчү маалымат Кыргыз Республикасынын маалыматты берген компетенттүү органынын алдын ала макулдугусуз жана мындай маалыматты жайылтууга Кыргыз Республикасынын компетенттүү органы алдын ала уруксат берген же мындай маалыматты ачыкка чыгарууга же билдирүү боюнча юридикалык милдеттенмеси бар болгон учурлардан тышкары, суроо-талапта көрсөтүлбөгөн максаттарга колдонулбасын деген шартты коюу менен.
5. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары төмөнкү негиздердин бири боюнча эл аралык суроо-талапты канааттандыруудан баш тартат:
1) эгерде эл аралык суроо-талапта келтирилген фактылар жана жагдайлар кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), предикаттык кылмыштар, террористтик ишти каржылоо жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо менен байланышпаса;
2) эгер маалыматты берүү Кыргыз Республикасынын тергөөсүнүн же соттук өндүрүшүнүн жүрүшүнө таасирин тийгизсе;
3) эгер берилүүчү маалымат Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун кызыкчылыктарына зыян келтирсе же кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине каршы келсе;
4) эгер чет мамлекеттин компетенттүү органы берилген маалыматты натыйжалуу коргоону камсыз кыла албаса.
Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары баш тартуу үчүн негиздерди көрсөтүү менен эл аралык суроо-талапты аткаруудан баш тартуу жөнүндө чет мамлекеттин суроочу компетенттүү органына кабарлайт.
6. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары:
1) ушул беренеде каралган учурлардан тышкары банктык, коммерциялык, салыктык сырга шылтоолоп маалыматты берүүдөн же эл аралык суроо-талапты аткаруудан баш тартпоого тийиш;
2) эл аралык суроо-талаптардын жана аларда камтылган маалыматтардын, ошондой эле берилген маалыматтын купуялуулугун белгиленген тартипте камсыздоого милдеттүү. Купуялуулукту сактоо жөнүндө талапты аткарууга мүмкүн болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын компетенттүү органы эл аралык суроо-талапты жөнөткөн чет мамлекеттин компетенттүү органына бул тууралуу тезинен кабарлоого тийиш;
3) эл аралык суроо-талаптарды өз убагында жана натыйжалуу аткаруу максатында суралган маалыматы берүү үчүн бардык аракетин жумшоого милдеттүү;
4) эл аралык суроо-талапты алууда чет мамлекеттин компетенттүү органына алынган маалыматты колдонуу тартиби жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
7. Эл аралык суроо-талапты аткаруу менен байланышкан чыгымдар кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык орду толтурулуп берилет.
8. Эл аралык кызматташуунун жүрүшүндө алынган маалыматтар эл аралык суроо-талапта же эл аралык суроо-талапка жоопто көрсөтүлгөн максаттарда гана колдонулат.
Бул маалыматты башка мамлекеттик органдарга же үчүнчү жактарга берүү же ушул маалыматты мурунтан макулдашылбаган административдик, тергөө же соттук максаттарга колдонуу, маалыматты берген чет мамлекеттин компетенттүү органынан уруксат алууну талап кылат.
9. Кыргыз Республикасынын чет мамлекет менен эл аралык келишими жок болгондо, эл аралык кызматташуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органынын же чет мамлекеттин компетенттүү органынын эл аралык суроо-талабынын негизинде өз ара түшүнүшүү принцибинде жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын компетенттүү органы чет мамлекеттин компетенттүү органына эл аралык суроо-талапты өз ара түшүнүшүү принциби боюнча жиберип жатып, суралуучу тарапка келечекте анын эл аралык суроо-талабын карап чыгууга жазуу жүзүндө кепилдик берет.
Кыргыз Республикасынын компетенттүү органы чет мамлекеттин компетенттүү органынын эл аралык суроо-талабын суроочу тараптын өз ара түшүнүшүү принциби боюнча Кыргыз Республикасынын компетенттүү органынын эл аралык суроо-талабын келечекте алуусуна жана карап чыгуусуна жазуу жүзүндөгү кепилдиги болгондо гана карайт.
27-берене. Финансылык чалгындоо органынын эл аралык кызматташтыгы
1. Чет мамлекеттин компетенттүү органдары, анын ичинде финансылык чалгындоо бөлүмдөрү жана эл аралык уюмдар менен эл аралык кызматташтык төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүлүп берилүүгө тийиш эмес маалыматтардан же документтерден тышкары, финансылык чалгындоо органынын карамагында болгон же Кыргыз Республикасынын аймагында алууга мүмкүн болгон кандай болбосун маалыматтарды же документтерди алмашуу (алуу жана жиберүү);
2) кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды, террористтик ишти каржылоону жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоону аныктоого жана изилдөөгө, ошондой эле ушул мыйзамсыз иштерге катышкан жеке жана юридикалык жактарды аныктоого көмөк көрсөтүү;
3) кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды жасагандыгын, террористтик жана экстремисттик ишти жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылагандыгын күбөлөндүргөн жетиштүү негиздер (шектенүүлөр) болгон учурда, чет мамлекеттин финансылык чалгындоо бөлүмүнө маалыматты жиберүү (өз демилгеси менен же суроо-талап боюнча);
4) ушул Мыйзамга, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына жана эл аралык суроо-талаптарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу;
5) ушул Мыйзамда каралган жана (же) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган эл аралык кызматташуунун белгиленген түрлөрүнө катышуу;
6) Иши кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик ишти каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан чыгуу.
2. Чет мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрү менен эл аралык кызматташтык Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген «Эгмонт» финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн эл аралык тобунун уставдык документтерине ылайык да жүзөгө ашырылат.
28-берене. Кылмыштуу активдерди кайтаруу маселелери боюнча эл аралык кызматташтык
1. Кыргыз Республикасынын чегинен мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылган жана (же) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик ишти каржылоо жөнүндө кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын сотунун чечиминин негизинде конфискацияланган каражаттар Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык толук же жарым-жартылай Кыргыз Республикасына кайтарылууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын чегинен мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылган каражаттарды издөө жана тоңдуруу үчүн эл аралык кызматташтык ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Тоңдурулган каражаттарды контролдоо жана алып коюу тартиби, ошондой эле тоңдурулган каражаттарды бөлүү жана кайтаруу тартиби Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдары жана эл аралык келишимдери менен аныкталат.
4. Кыргыз Республикасына кайтарылган каражаттар жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтургандан кийин, Кыргыз Республикасынын кирешесине айланат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде эсепке алынат.
29-берене. Контролдо турган жактардын ишин жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндө тажрыйба жана маалымат алмашуу боюнча эл аралык кызматташтык
1. Чет мамлекеттин тийиштүү контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдары менен эл аралык кызматташтык маалыматтын төмөнкү түрлөрүн алмашуу жолу менен жүзөгө ашырылат:
1) кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын ишке ашырууга байланышкан көзөмөлдөө (контролдоо) чөйрөсүндөгү маалымат;
2) контролдоочу органдарга жеткиликтүү болгон контролдо турган жактар жөнүндө маалымат;
3) көзөмөлдөө (контролдоо) иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө маалымат;
4) контролдо турган жактардын иши, иштеги бедели жана бенефициардык менчик ээлери жөнүндө маалымат (пруденциялык маалымат);
5) контролдо турган жактардын ички контролдоо программалары жөнүндө маалымат;
6) кардарды талаптагыдай текшерүү жөнүндө, кардарлар жана бенефициардык менчик ээлери жөнүндө маалыматтар, ошондой эле эсептер жана операциялар (бүтүмдөр) боюнча маалымат;
7) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык башка маалымат.
2. Контролдоочу органдар чет мамлекеттердин контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдарынын эл аралык суроо-талабынын негизинде контролдо турган жактардын ишин текшерүүгө укуктуу жана зарыл болгон учурда кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык натыйжалуу контролдоочу (көзөмөлдөөчү) ишти камсыздоо максатында аларга көмөк көрсөтүшөт.
30-берене. Башка маалыматтарды алмашуу боюнча эл аралык кызматташтык
1. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары өз компетенцияларынын чегинде ушул Мыйзамга ылайык террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого катышкан коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө маалыматты жана бенефициардык менчик ээлери жөнүндө маалыматты алмашуу маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырышат.
2. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары өз компетенцияларынын чегинде бенефициардык менчик ээлери жөнүндө маалыматтарды берүү тууралуу эл аралык суроо-талаптарга, анын ичинде чет мамлекетте жашаган бенефициардык менчик ээлерин издөө жөнүндө суроо-талаптарга чет мамлекеттин компетенттүү органдарынын жоопторунун сапатына мониторинг жүргүзүшөт.
31-берене. Тергөө жана соттук иш-аракеттерди аткарууда маалымат алмашуу маселелери боюнча өз ара укуктук жардам
1. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары өз компетенцияларынын чегинде маалыматты топтоо, алдын ала изилдөө, соттук териштирүү жана соттук чечимдерди аткаруу баскычтарында эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырышат.
2. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), предикаттык кылмыштар, террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо менен байланышкан иштер боюнча маалыматтарды алмашуу, тергөө жана соттук иш-аракеттерди аткаруу маселелери боюнча өз ара укуктук жардам Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык же өз ара түшүнүшүү принциптеринде жүзөгө ашырылат.
8-ГЛАВА. ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ЖОБОЛОР
32-берене. Жоопкерчилик жана жоопкерчиликтен бошотуу
1. Ушул Мыйзамдын жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бузулушуна же талаптагыдай эмес аткарылышына күнөөлүү жеке же юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында каралган жазык, административдик жана башка жоопкерчиликке тартылышат.
2. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоону (адалдоону), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоону жасаган жеке жак Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
3. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого катышкан юридикалык жак Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
4. Финансылык мекемелер, белгилүү бир категориядагы жактар жана алардын кызмат адамдары (жумушчулары) ушул Мыйзамда жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда каралган милдеттерди ак ниет аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартышпайт.
5. Ушул Мыйзамга ылайык кызматтык, банктык, коммерциялык же башка сырды түзгөн купуя маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ же мурда ээ болушкан финансылык чалгындоо органынын, укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук органынын, контролдоочу органдардын жана мамлекеттик органдардын жетекчилиги жана кызматкерлери, анын ичинде мурункулары кызматтык, коммерциялык, банктык, салык сырын жана байланыш сырын (акча каражаттарын почта аркылуу которуулар тууралуу маалымат бөлүгүндө) мыйзамсыз ачыкка чыгаргандыгы, пайдалангандыгы, кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
6. Ушул Мыйзамда жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда каралган талаптарга ылайык каражаттарды жана (же) операцияларды (бүтүмдөрдү) тоңдуруу, ишкер мамилелерди түзүүдөн же банктык эсепти (аманатты) ачуудан баш тартуу же болбосо операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдөн баш тартуу, ошондой эле ишкер мамилелерди токтото туруу же токтотуу, кардар менен келишимди бузуу жана банктык эсепти жабуу жарандык-укуктук жана башка жоопкерчиликтин келип чыгышы үчүн негиз болуп саналбайт.
33-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши жана аны ишке ашыруу механизми
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы үч айлык мөөнөттө:
1) өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин;
2) ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алышсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) 2006-жылдын 31-июлундагы № 135 «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин-Тоо» гезити, 2006-жылдын 8-августу, № 58);
2) 2009-жылдын 2-июнундагы № 179 «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин- Тоо» гезити, 2009-жылдын 12-июну, № 45-46);
3) 2012-жылдын 25-июлундагы № 123 «Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренеси («Эркин-Тоо» гезити, 2012-жылдын 31-июлу, № 66);
4) 2014-жылдын 25-декабрындагы № 162 «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы («Эркин- Тоо» гезити, 2015-жылдын 9-январы, № 1);
5) 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренеси («Эркин-Тоо» гезити, 2015-жылдын 14-апрели, № 31);
6) 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси («Эркин-Тоо» гезити, 2015-жылдын 7-августу, № 72-73).
Кыргыз Республикасынын
Президенти