Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-июну № 332
"Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Ш.Өмүркуловдун демилгеси менен сунушталган "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.Ш.Өмүркулов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып (мындан ары - мыйзам долбоору), Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү эске алууга сунуштайт.
1. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин эске алуу менен мыйзам долбоорун главаларга бөлүүнү алып салууну сунуштайбыз.
2. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясын атайын мамлекеттик орган деп аныктоо сунушталат.
Бирок Кыргыз Республикасынын Конституциясында, "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө", ''Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзамдарында "атайын мамлекеттик орган" түшүнүгү белгиленген эмес. Ошондуктан мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктун кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында колдонулуучу туюндурмалардын бирдейлигин камсыз кылуу максатында мыйзам долбоорунун 2-беренеси төмөнкүдөй мазмунда баяндалышын сунуштайбыз: "Улуттук гвардиянын ишинин мыйзамдык негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын буйруктары жана директивалары түзөт.".
4. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинде төмөнкүнү сунуштайбыз:
- "Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана башка укуктук ченемдик актыларды так жана катуу аткаруунун" деген принципти алып салуу керек, анткени бул принциптин мааниси ушул беренеде айтылган "мыйзамдуулуктун" принцибинин маанисин кайталап жатат;
- берененин 2-бөлүгү алып салынсын, анткени анын мааниси Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын ишинин принциптерине тиешеси жок.
5. Мыйзам долбоорунун 4-беренесин алып салууну сунуштайбыз, себеби көрсөтүлгөн ченемдер "Улуттук гвардияны каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо" аттуу VII бөлүмүн кайталайт.
6. Мыйзам долбоорунун 5-беренесин алып салууну сунуштайбыз, анткени жер казынасын пайдалануу маселелери бул мыйзам долбоорунда каралуучу предмет эмес.
Мындан тышкары белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясында аба кемелери жоктугуна байланыштуу 2-беренеде көрсөтүлгөн жоболордун зарылдыгы барбы деген суроо жаралат.
7. Мыйзам долбоорунун 6-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- милдеттерди жана функцияларды иретине жараша 1 жана 2-бөлүктөргө ажыратуу;
- 9-пункту төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабына макулдашуу менен чет мамлекеттердин тийиштүү түзүмдөрү менен кызматташууну уюштуруу, аскердик жана аскердик-техникалык кызматташууну ишке ашыруу;".
Бул сунуш "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15 жана 15-1-беренелерине ылайык эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуу маселелери боюнча ыйгарым укуктар коргонуу маселесин тескөөчү мамлекеттик орган жана Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы тарабынан ишке ашырылаары менен шартталды;
- 18-пункт алып салынсын, анткени ушул пунктта айтылган маселелер ушул берененин 15-пунктунда камтылган;
- 19-пункт Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын укуктарын аныктагандыктан бул пунктту мыйзам долбоорунун 8-беренесине киргизүү зарыл. Ошондой эле ушул пункттагы ", ошондой эле Улуттук гвардиянын керектөөлөрү үчүн кызмат көрсөтүү жана подряддык жумуштарды аткаруу" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карама-каршы келгендиктен кайра карап чыгуу зарыл, анткени, иштин айрым түрлөрүн жүргүзүүгө лицензия берүү, тактап айтканда подряддык жумуштарды аткаруу лицензиялардын жана уруксаттардын реестрине киргизилет, реестрди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
8. Мыйзам долбоорунун 7-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 1-бөлүгүндө "жана жарандар" деген сиздер алын салынсын;
- 3-бөлүгү алып салынсын, анткени ушул бөлүктүн мааниси 7-берененин 2-бөлүгүндө камтылган.
9. Мыйзам долбоорунун 9-беренесин алып салууну сунуштайбыз, анткени эл аралык келишимдерди түзүү жана аткаруу маселеси "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жөнгө салуу предметине кирет.
10. Мыйзам долбоорунун 10-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы алып салынсын, анткени аскер кызматчыларынын укуктары, эркиндиктери жана чектөөлөрү "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ички кызматынын уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн;
- 5-бөлүгү "тескеген" деген сөздөн кийин "ыйгарым укуктуу" деген сөздөр менен толукталсын:
- 7-бөлүгү алып салынсын, анткени аскердик кызматка кандидаттарды тандоонун жана ар түрдүү категориялардагы аскер кызматчылардын аскердик кызматты өтөшүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуусунун) тартиби жөнүндө жободо аныкталган.
11. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык бюджет чөйрөсүндөгү мамлекеттик, муниципалдык жана башка категориядагы кызматчылардын жана кызматкерлердин санынын чеги жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Демек, акчалай камсыздоо менен кошумча төлөмдөрдүн (кошумча акчалай төлөмдөр) өлчөмүн белгилөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирет.
Айтылгандарды эске алуу менен, бюджеттик уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерине карама-каршылыктары бар болгондугуна байланыштуу мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 4-бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Ошондой эле мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын аскер кызматчылары үчүн согуштук кызмат шартында кошумча төлөө сунушталган. Бирок бул чара республикалык бюджеттен кошумча каражатты талап кылат, андан тышкары бул пункт боюнча финансылык-экономикалык эсептери жок. Согуштук кызматка Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн баардык аскер кызматчылары тартылат, андыктан ушул пункттун Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын аскер кызматчыларына карата киргизилиши башка күч түзүмдөрүнүн арасында прецедент жаратышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан акыркы убакытта аскер кызматчыларын акчалай камсыздоо жагында жүргүзүлүп жаткан реформа акчалай камсыздоону унификациялоого жана ведомстволук жөнгө салуудан кайтууга багытталган.
Мисалы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-октябрындагы № 620 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскерлик түзүлүштөрдүн аскер кызматчыларынын акчалай камсыздоосу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунда - Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын контракт аскер кызматчылары үчүн 20 пайыз өлчөмдө, ал эми оперативдик аскердик бөлүктөр менен бөлүнүштөрдө кызмат өтөп жана өзгөчө маанилүү стратегиялык объектилерди кайтаруучу прапорщиктерге, солдаттарга, сержанттарга жана старшиналарга - 30 пайыздык кошумча төлөм каралган.
12. Мыйзам долбоорунун "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын ыйгарым укуктары" деген III бөлүмүн алып салууну сунуш кылабыз, анткени андан айтылган ченемдер "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы № 55 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жөнүндө жободо белгиленген.
13. Мыйзам долбоорунун 15-беренесинин 1-бөлүгүн "колбашчысы тарабынан" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын сунушу боюнча" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
14. Мыйзам долбоорунун 16-беренесинин структурасын техникалык жана маанилик жагынан толугу менен кайра карап чыгуу сунушталат, анткени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын кол башчысынын айрым ыйгарым укуктары кайталанып жатат, айрым жоболору болсо Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын жөнгө салуучу предметине кирет.
15. Мыйзам долбоорунун 19-беренеси төмөнкүдөй мазмунда баяндалышын сунуштайбыз:
"1. Улуттук гвардиянын аскер кызматчысы ага тапшырылган милдеттерди аткаруу учурунда жеке өзү же бөлүктүн (топтун) курамында атайын каражаттарды колдонууга укуктуу.
2. Улуттук гвардиянын атайын каражаттарды колдонуусунун тартибин жана атайын каражаттардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.".
16. Мыйзам долбоорунун 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктчасында "дипломаттык өкүлчүлүктөргө жана чет мамлекеттик консулдук мекемелерге'' деген сөздөрдү "чет мамлекеттик дипломатиялык өкүлчүлүк, консулдук мекемелер жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү" деген сөздөр менен алмаштырылышын сунуштайбыз (алардын ичинде БУУнун, ОБСЕнин, ЕСтин, ДБнын, АБРдин өкүлчүлүктөрү болушу мүмкүн).
17. Мыйзам долбоорунун "Улуттук гвардиянын коллегиясы" деген VIII бөлүмүн алып салууну жана ушул маселелерди Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө жободо көрсөтүүнү сунуштайбыз.
18. Мыйзам долбоорунун 30-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылган. Ушуга байланыштуу, мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылчылыгын көрсөтүүнү сунуштайбыз. Эгерде андай маалымат киргизилбей турган болсо мыйзам долбоорунун 30-беренесинин 2-бөлүгүн алын салуу керек.
Ушуну менен бирге, мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык келтирүү зарылдыгын айтмакчыбыз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ушул корутундуда айтылган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга болот деп эсептейт.