Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-июну № 334
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июлундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчиктин менчиктештирүү программасына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизүү суралсын:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасында:
- 11-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү:
- акциялардын мамлекеттик пакетинин жана мамлекеттик үлүштүн менчиктештирилүүчү бөлүгүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталышы мүмкүн;
- 2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын "Менчиктештирүү акцияларынын мамлекеттик пакетин жана мамлекеттик үлүшүн белгиленген тартипте сатуу жолу менен ишке ашырылуучу объекттердин тизмеги" 1-тиркемесинин 6-1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти менчиктештирүү "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык ишке ашырылат;
- 2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын "Менчиктештирүү акцияларынын мамлекеттик пакетин жана мамлекеттик үлүшүн белгиленген тартипте сатуу жолу менен ишке ашырылуучу объекттердин тизмеги" 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"
6-1 | "БТА Банк" ЖАК | 1000000,0 | 15,4 | 15,4 | 1 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен жогоруда аталган токтомго өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө маселени кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө маселе каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |