Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-январындагы № 6, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 701, 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2016-жылдын 17-июну № 339
"Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында мамлекеттик лотереяны уюштуруунун жана өткөрүүнүн механизмдеринин толук кандуу иштешин камсыз кылуу максатында, "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2-1. "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасына кесиптик лотереяларды өткөрүүгө ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-январындагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- бир айлык мөөнөттө "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасына ишин уюштуруу үчүн 10000000 сом өлчөмүндө финансылык каражатты бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын коомдук телерадио берүү корпорацияларына "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасынын ишине эфирдик убакытты бөлүп берүү аркылуу көмөк көрсөтүү сунушталсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
"Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 701 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жобо
1. Ушул Устав "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт, ал мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн, чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана обочолонгон мүлккө ээ өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат. Ишкананын уюштуруучулук документи болуп Устав саналат.
3. Ишкананын ишин жалпы жетектеген жана координациялаган Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган саналат, ал ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишин жана ага бекитилип берилген мүлктүн натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт.
4. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
5. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсептин жана өзүн-өзү каржылоонун принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк укуктарга ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
6. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
7. Ишкана Ишкананын милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилдик берүүнү (кепилдикти) алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ишкананын пайдасынын бөлүгүн алууга укуктуу.
9. Ишкананын өкүлчүлүгү жана филиалы Ишкана бекиткен жоболордун негизинде иштейт.
Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
10. Ишкананын фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде - "Государственное предприятие "Государственная лотерейная компания".
Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде - "МЛК" МИ;
- расмий тилде - ГП "ГЛК".
11. Ишкананын юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 114.
12. Ишкана лотереялык ишти жүзөгө ашырат.
2. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
13. Ишкананын башкы максаты лотереялык ишти уюштуруу жана жүзөгө ашыруу болуп саналат.
14. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
- лотерея ишин жүзөгө ашыруу;
- спортту, маданиятты, билим берүүнү, илимди, искусствону, инсанды рухий жактан өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- балдарды, жаштарды, улгайган жарандарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү коргоо жаатында комплекстүү социалдык иш-чараларды ишке ашырууга финансылык колдоо көрсөтүү.
15. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- лотереялык утуштарды жүргүзүү;
- лотереялык билеттердин дизайнын иштеп чыгуу;
- лотереялык билеттерди сактоо жана жеткирүү, ошондой эле сатуу;
- лотереялык кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүүнүн иш-чараларын жана программаларын, аларды андан ары аткаруу менен иштеп чыгууга катышуу;
- спорттук жана маданий иш-чараларды жүргүзүүгө, балдардын эс алууларын уюштурууга, улгайган жарандарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүүдө юридикалык жана жеке жактарга финансылык колдоо көрсөтүү;
- лотереялык ишти жүргүзүү боюнча өз функцияларын ишке ашыруунун алкагында кызыкдар юридикалык жактар менен кызматташуу.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
16. Ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүзөгө ашырууга;
- кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
- өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өз атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди алууга жана милдеттерди аткарууга, сотто доогер жана жоопкер болууга;
- юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканадагы жумуштарды аткаруу үчүн белгиленген тартипте жеке жактарды тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле зарыл болгон учурда эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышууга жөнөтүүгө;
- эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, кызматташууга;
- зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү белгиленген тартипте түзүүгө;
- Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык иштерди камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
17. Ишкана өзүнүн максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган өзүнүн милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү;
- лотереяларды өткөрүүдө байге фондунун болушуна жана алардын өз убагында төлөнүшүнө кепилдик берүүгө;
- Ишкана алар үчүн жумуштарды аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;
- мамлекеттик ишканалар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик монополияга каршы орган менен макулдашуу боюнча товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) бааларды (тарифтерди) белгилөөгө;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын жеке каражаттарынын эсебинен Ишкананын кызматкерлери аткарган жумуштарды каржылоону камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
- ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын зарыл болгон отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
- оперативдүү башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
18. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого, анын ичинде Ишканада иштөөнү токтоткондон кийин да Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мөөнөттүн ичинде кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешеси бар маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.
4. Ишкананы башкаруу
19. Ишкананы директор башкарат.
20. Директор Ишкананын жетекчиси болуп саналат. Директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
21. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси директор менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
22. Директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
23. Ишкананын директору төмөнкүдөй учурда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- иши жана Ишкананын жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетторду кароонун натыйжасы боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда;
- эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
- Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес иш-аракеттери үчүн;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
24. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
- Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планды) ишке ашыруу;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун бекитүүгө киргизүү жана өткөн жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту берүү;
- Ишкананын финансылык-чарбалык иштери жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын аткаруу жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин аткарууну уюштуруу;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын штаттык түзүмүн жана расписаниесин бекитүү;
- кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын, анын ичинен эмгек акы фондун бекитүү;
- кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- Ишкананын уюштуруу-тескөөчү документтерин бекитүү;
- бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
- Ишкананын Уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
25. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
- Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Уставына жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Ишкананын ушул Уставында каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
- Ишкананын алдындагы максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын ушул Уставына ылайык башка укуктарга.
26. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча отчетторду, Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишине жана аны өнүктүрүүнүн стратегиялык планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин кайсы болбосун чөйрөсүнө байланышкан бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыздоого;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына билдирүүгө;
- Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
- ыйгарым укуктуу органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын ушул Уставында каралган башка милдеттерди да аткарат.
27. Ишкананын директорунун чечимдери буйруктар түрүндө кабыл алынат.
28. Ишкананын директору:
- Ишкананын атынан ишеним катсыз иштейт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
- Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алат жана бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
- компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
- Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
- Ишкананын кызматкерлерине эмгек акы төлөө өлчөмдөрүн, тартибин жана шарттарын бекитет;
- Ишкананын кызматкерлерине сый акы берүү жөнүндө жобону бекитет;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган бюджеттин алкагында чыгымдардын сметасын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын Уставында каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
- Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчетторунун абалы, финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын ушул Уставына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
29. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
30. Ишканада Ишкананын директорунун бир орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
31. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордун башка адам ээлегенге чейин анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын директорунун орун басарына жүктөлөт.
32. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтерди тартат жана укуктарды пайдаланат.
33. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын ушул Уставында каралган башка укуктарга ээ.
34. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, жарандар менен болгон чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндөгү мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
Ишкананын директору Ишкананын материалдык жана финансылык абалына карата жаралган кандай болбосун коркунуч жөнүндө же ушундай коркунучту жаратышы мүмкүн болгон башка жагдайлар тууралуу Уюштуруучуга дароо кабарлоого тийиш.
5. Ишкананын жетекчилик курамы
35. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр саналат:
- директор, директордун орун басары;
- башкы бухгалтер.
36. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өздөрүнүн укуктарын ишке ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыктарында иштөөгө тийиш.
Жетекчилик курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
37. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кире албайт:
- чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап туруу укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
- менчикке жана экономикалык иш жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттолгон, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
- мурда канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчилик кызмат ордунан бошотулган адамдар;
- менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте мурда жетекчилик кызмат орундарын ээлеген, аны банкроттукка алып келген адамдар;
- мамлекеттик, административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде жеке өздөрү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик иш жүргүзүүгө, алардын уюштуруучулук-укуктук жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.
6. Ишкананын мүлкү жана финансы
38. Ишкана мамлекеттик мүлк менен чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитилип берилген мүлккө карата менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү пайдалануунун негизи болуп кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана мамлекеттик мүлк болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген башка мүлктү чарбалык башкаруу укугу саналат.
39. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
40. Ишкананын мүлкүн түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр саналат:
- Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;
- мүлк, анын ичинде ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган кирешелер;
- чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
- гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кандай болбосун башка булактар.
41. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген өзүнүн финансылык-чарбалык ишинен алынган кирешелердин эсебинен Ишкана тарабынан түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте так максаттарына жана ишинин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижара) укугун ишке ашырат.
42. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
43. Ишкана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте өз мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыгын берүүгө милдеттүү.
44. Ишкананын мүлктү пайдалануунун натыйжасында, ошондой эле жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайдасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бекиткен таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүндө, бирок 50 пайыздан кем эмеси андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберүү менен анын алыш-бериш эсебине которулат.
7. Ишкананын эсеби, отчеттуулугу жана аудити
45. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген келишимдердин предметтерин тандоодо, милдеттенмелерди, чарбалык өз ара мамилелердин кандай болбосун башка шарттарын аныктоодо эркин.
46. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчетторду түзөт. Ишкананын финансылык отчеттору кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
47. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы жөнүндө отчетторду мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берет.
48. Ишкана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансылык-чарбалык ишин жүзөгө ашырат.
Өнүктүрүүнүн стратегиялык планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
49. Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- Ишкананын ишинин максаттары жана негизги багыттары;
- тармактын жана рыноктун, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсү;
- Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуу зарылдыгына негиздеме;
- Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоо;
- товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планы;
- уюштуруу планы;
- финансылык планы;
- тобокелдиктерди талдоо.
50. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизет.
51. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматтарды топтоонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
52. Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, маалыматты толук эмес бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчеттуулукту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
53. Ишкананын иши Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте текшерилет.
Мамлекеттик менчикти уурдоолорду жашыруу максатында отчетторду бурмалоого жол берген бухгалтердик отчеттордун маалыматтарынын аныктыгы үчүн жооптуу адам Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
54. Ишкананын ишин текшерүү максатында бир жыл үчүн финансылык отчетторду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүү предметине карата текшерүү үчүн көз карандысыз аудитордук компания тартылат.
Уюштуруучунун (мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын) чечими боюнча кандай мезгил болбосун аудитордук текшерүү жүргүзүлүшү мүмкүн.
8. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
55. Ишкананы кайра уюштуруу кошуу, бириктирүү, бөлүү, бөлүп чыгаруу же өзгөртүп түзүү түрүндө ишке ашырылат.
Ишкананы кайра уюштуруу кошуу, бириктирүү, бөлүү же бөлүп чыгаруу түрүндө кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
56. Ишкана төмөнкүдөй жоюлат:
1) уюштуруучулардын (катышуучулардын) чечими боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
57. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуучу Ишкананын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ичинен жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башкарат.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген жоюлуучу Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
58. Ишкананын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.