Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-январы № 6
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 339 "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик лотерея компаниясы" мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 339 "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасына кесиптик лотереяларды өткөрүүгө ыйгарым укук берилсин.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Мамлекеттик лотереялык компания" мамлекеттик ишканасынын уставында:
11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын аймагындагы мыйзамсыз лотереялык иштердин бетин ачууда мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү үчүн мониторинг жүргүзүү;".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Исаков |