Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-июну № 340
"Душанбе шаарында 2015-жылдын 15-сентябрында кол коюлган Аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияны ташуу жаатында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Душанбе шаарында 2015-жылдын 15-сентябрында кол коюлган Аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияны ташуу жаатында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Душанбе шаарында 2015-жылдын 15-сентябрында кол коюлган Аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияны ташуу жаатында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Душанбе шаарында 2015-жылдын 15-сентябрында кол коюлган Аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияны ташуу жаатында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Душанбе шаарында 2015-жылдын 15-сентябрында кол коюлган Аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияны ташуу жаатында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-июнундагы № 340 токтому менен жактырылган |
Душанбе шаарында 2015-жылдын 15-сентябрында кол коюлган Аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияны ташуу жаатында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Душанбе шаарында 2015-жылдын 15-сентябрында кол коюлган Аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияны ташуу жаатында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине туура келет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери: Эл аралык иштер боюнча комитет, Коргоо жана коопсуздук боюнча комитет менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-сентябрындагы № 439-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашууда аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияны ташууну жана аларды транзиттөөнү пландоо жана аткаруу, ошондой эле ал ташуулардын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде биргелешкен операцияларды же командалык-штабдык жана аскердик машыгууларды өткөрүү, тынчтыкты орнотуучу операцияларга катышуу, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу, алардын иштеши жана жашоосу үчүн туруктуу жана убактылуу жайгашуучу жерине ташуу сыяктуу иш-чараларды өткөрүүдө Тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби аныкталат.
Макулдашуу менен Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы ташуу боюнча табыштамалар 30 сутканын ичинде тиешелүү ташуулар башталганга чейин макулдашылып бүтүшү каралган.
Макулдашууну ратификациялоо кризистик жагдайлардын алдын алуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын капыстан текшерүү максатында табыштамаларды берүү мөөнөтүн Жамааттык коопсуздук кеңеши чечим кабыл алгандан кийин үч суткага чейин кыскартууга мүмкүнчүлүк берет. Табыштамаларды кабыл алуучу жана транзиттик тараптар абдан кыска мөөнөттө кароого тийиш.
Макулдашуу менен мамлекеттик чек арадан өтүүнүн жана бажы операцияларын аткаруунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби каралат (алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын бардык түрлөрүн албастан аларды биринчи кезектеги тартипте аткаруу каралат). Мында транзиттик тарап өзүнүн аба мейкиндиги аркылуу жүргүзүлүп жаткан аскердик жана башка түзүлүштөрдүн, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аталган максатта жүргүзүлүп жаткан аскердик дайындалыштагы продукцияларды ташууда, аба кемелерине конбогон транзиттик учууну камсыз кылат.
Бул Макулдашууну ратификациялоо финансылык чыгымдарга, экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.