Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-июну № 358
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоонун, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүүнүн алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери тиркелген тизмекке ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күчүн жоготкон чечимдеринин ТИЗМЕГИ
1. Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президиумунун 1990-жылдын 12-февралындагы № 2344-XI "Керектөө рыногун стабилдештирүү жана бааларга мамлекеттик контролду күчөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" СССРдин Жогорку Советинин токтомун ишке ашыруу тууралуу токтому.
2. Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1991-жылдын 28-июнундагы № 524-XII "Кыргызстан Республикасынын товар алмашуу фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө" токтому.
3. Кыргызстан Республикасынын Министрлер Кабинетинин 1991-жылдын 2-сентябрындагы № 422 "Кыргызстан Республикасынын товар алмашуу фондун түзүү жөнүндө" токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 31-декабрындагы № 647 "Колхоз рынокторун башкаруу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу боюнча чаралар тууралуу" токтому.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 15-сентябрындагы № 428 "Кыргыз Республикасынын Соода жана материалдык ресурстар министрлигинин заманбап шарттарда иштөө стили жана методдору жөнүндө" токтому.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 30-августундагы № 418 "Кыргыз Республикасынын аймагында ата мекендик өндүрүштүн товарларынын эркин сатылышын камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 16-сентябрындагы № 428 "Экспортту өнүктүрүү программасын аткаруунун жүрүшү жана экспортко багытталган өндүрүшкө жана импортту алмаштырууга дем берүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 6-январындагы № 11 "Дүйнөлүк соода уюму менен сүйлөшүүлөр боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтому.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-мартындагы № 163 "1996-жылы Экспортту өнүктүрүү программасын аткаруу жөнүндө" токтому.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 30-июнундагы № 384 "ДСУнун Жумушчу тобунун экинчи жыйынын даярдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 2-декабрындагы № 695 "ДСУнун мүчө-мамлекеттери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча делегациянын курамын бекитүү жөнүндө" токтому.