Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-декабрындагы № 790 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-июну № 362
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Төмөнкүдөй мазмундагы 115-1-статья менен толукталсын:
"115-1-статья. Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун эсебин чыгаруу маселелери боюнча мыйзамдардын талаптарын бузуу
Айыл чарба жерлерин жерлердин башка категорияларына которууда айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун эсебин чыгаруу маселелери боюнча мыйзамдардын талаптарын бузуу
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - отуздан элүүгө чейинки, юридикалык жактарга - элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмдө администрациялык айыл салууга алып келет.
Токой фондусунун участокторун токой чарбасын жүргүзүү менен байланышпаган максаттарда пайдалануу учурларында өндүрүштүн жоготууларынын жана чыгымдарынын ордун токой чарбалык толтуруунун эсебин чыгаруу маселелери боюнча мыйзамдардын талаптарын бузуу
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - отуздан элүүгө чейинки, юридикалык жактарга - элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмдө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 526-статьянын биринчи абзацы "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "115-1-статьясынын үчүнчү абзацында жана" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 546-5-статьядагы "106-117" деген цифралар "106-115-статьяларында, 115-1-статьянын биринчи абзацында, 116, 117," деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|