Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 71 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-июлу № 372
2016-2025-жылдарга жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын автомобилдик жолдор түйүнүн өнүктүрүү жана жол тармагын башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-2025-жылдарга жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
2016-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорун өнүктүрүүнүн НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ
Киришүү
Жол тармагы Кыргыз Республикасынын эң ири активдеринин бири болуп саналат, алардын наркын аларды курууга жумшалган чыгымдар аркылуу же алар камсыз кылган социалдык жана экономикалык пайдалар аркылуу ченөөгө болот.
Калктын жашоосунун жана ишкердиктин сапаты автомобиль жолдорунун абалынын автожолдорунун транспорттук-эксплуатациялык абалына жана алардын өнүгүшүнө түздөн-түз көз каранды. Жолдордун жакшы абалынын транспорттук чыгымдарды кыскартууга жана экономикалык өсүүгө көмөктөшөт. Эгерде жолдорду бүткөрүүнү каржылоонун көлөмүнүн жетишсиздигинен улам алардын бузулушуна мүмкүндүк берилсе, бүткүл коом мындай мамиленин кесепетин сезип туят.
2007-2010-жылдарда жол тармагынын кризистик абалынын туу чокусунан өткөндүгүбүзгө жана 2007-жылдан тартып жол тармагын каржылоону стабилдештирүүгө карабастан азыркы учурда көптөгөн проблемалар болуп, алар комплекстүү, кечиктирилгис чечимдерди талап кылат. Тармакты каржылоо дале болсо негизги проблема болуп калууда, анткени анын көлөмү жол тармагынын муктаждыгынын 50-55%ынан ашпайт. Жол тармагынын мындан ары стабилдүү иштөөсү көп жагынан каржылоонун көлөмүнө эле эмес, 2025-жылга чейин Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорун өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын алкагындагы жол тармагын өнүктүрүүнүн максаттарына жетүүдөгү алдыга коюлган милдеттерди чечүүнүн сапатына да көз каранды болот.
2016-2025-жылдарга чейин Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын иштеп чыгуунун зарылдыгы автомобиль жолдору системасындагы орун алган абал менен шартталган. Эгерде жолдорду күтүү, азыркы учурда салынган инвестицияларды талаптагыдай тейлөө системасын өркүндөтпөсөк жана акыркы жылдардын ичинде ишке ашырылгандар үзгүлтүккө учуроо коркунучунда калат.
ЖТӨНБ-2025 Инвестициялык климатты жакшыртуунун 2-чи программасынын 2-чи подпрограммасына ылайык иштелип чыккан жана жол тармагындагы топтолгон проблемаларды чечүүгө комплекстүү мамиле жасоону караштырат.
ЖТӨНБ-2025 2013-2017-жылдарда өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын приоритеттеринде негизделген.
Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорун өнүктүрүүнүн негизги багыттарды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн иш-аракеттер пландары түзүлгөн, алар 2016-2025-жылдар мезгилинде ишке ашырылат.
1. Жол тармагынын учурдагы абалын талдоо
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча Кыргыз Республикасында жүргүнчүлөрдү ташуунун 98%га жакыны жана жүк ташуулардын 96%ынан ашууну камсыздалат. КРдагы автомобиль жолдорунун жана көчөлөрүнүн жалпы узундугу 34000 км жакынды түзөт, алардын ичинен жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун узундугу 18585 кмны түзөт, алар КР Транскомминдин түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан тейленет, шаарлардын, шаар тибиндеги калктуу конуштардын жана айылдардын, айыл чарба, өнөр жай жана башка ишканалардын көчөлөрү жана жолдору - 15190 км. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору өзүнүн чарбалык жана административдик багыты боюнча эл аралык маанидеги жалпы узундугу 4100 км, мамлекеттик маанидеги - 5335 км жана жергиликтүү маанидеги - 9149 км автомобиль жолдоруна бөлүнөт. Жалпы пайдалануудагы катуу төшөлмөлүү автомобиль жолдорунун узундугу 7580 км түзөт, анын ичинде цемент бетон - 10 км, асфальт бетон - 5698 км жана шагыл төшөлмөлүү - 1871 км. Шагыл төшөлмөлүү жолдор - 9388 км. Дале болсо кара жолдор сакталып калган, алардын жалпы узундугу 1617 км түзөт(1).
Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгон учурдан тартып 2005-жылдын аягына чейинки мезгилде жол тармагын жетишсиз каржылоодон улам жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун техникалык абалы оор бойдон калууда. Жол тармагы
2006-жылдан тартып 2010-жылга чейин жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол тармагын курууга, оңдоп-түзөтүүгө бюджеттин көбөйүшү 7,7 эсени түзгөн, бул көпүрөлөрдүн, ар кандай өлчөмдөрдөгү чоң түтүктөрдү, асфальт бетон жана кара шагыл төшөлгөн 630 км ашуун жолдорду жана 200 км ашуун шагыл жолдорун жакшыртууга мүмкүндүк берди.
Жол тармагынын мындан аркы стабилдүү иштеши көп жагынан каржылоонун көлөмүнөн эле эмес, 2025-жылга чейин Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорун өнүктүрүүнүн негизги багыттардын алкагында жол тармагын өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүүдөгү негизги милдеттерди чечүүнүн сапатына да жараша көз каранды болот.
5.2.1. Категориялар
Жол тармагы СЧжЭнин функциялык классификациясына ылайык категорияларга бөлүнөт. Мындай классификациялоо "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан төмөнкү долбоордук критерийлер менен жаңыртылган:
1-таблица: Долбоордук категориялар боюнча жалпы маанидеги автожолдор ЖАБС маалыматтар базасындагы маалыматтар
Жол категориясы | Кыймылдын долбоордук интенсивдүүлүгү (ТС) | Геометриялык параметрлер | Бөлүнгөн тилкелер (өзөктүү линиянын эки тарабы) | Тиби | Км | Тармактын %ы |
I А | >9000 | 4 тилке, туурасы 15 м, бөлүнгөн өтүү бөлүктөрү Разделенные проезжие части | 32 м | Магистралдар | 149 | 1% |
I B | 7000-9000 | 4 тилке, туурасы 15 м | 32 м | Эл аралык жана мамлекеттик коридорлор | ||
II | 3000-7000 | 2 тилке, туурасы 7,5 м | 16 м | Эл аралык жана I категорияга кирбеген мамлекеттик жолдор | 374 | 2% |
III | 1000-3000 | 2 тилке, туурасы 7 м | 14 м | Эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү жолдор | 3,1 64 | 17% |
IV | 100-1000 | 2 тилке, туурасы 6 м | 13 м | Мамлекеттик жана жергиликтүү жолдор | 7,7 69 | 42% |
V | <100 | 1 тилке, туурасы 4,5 м | 12 м | Жергиликтүү жолдор | 7,1 29 | 38% |
5.2.2. Эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунун абалы
Эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунун узундугу 4100 км, анын ичинде эл аралык жол коридорлорунун узундугу 2242 км түзөт. Азия Өнүктүрүү Банкы, Реконструкциялоо жана өнүктүрүү Европа Банкы, Ислам Өнүктүрүү Банкы, Эксимбанк (КЭР), Дүйнөлүк Банк, Европа Биримдиги, Европа өнүктүрүү банкы, JICA Эл аралык Япон агенттиги, Араб координациялык тобу, КЭРдин Мамлекеттик банкы жана башкалар сыяктуу эл аралык донорлордун инвестицияларын тартуунун эсебинен 1997-жылдан тартып эл аралык маанидеги 1479 км автомобиль жолдору реабилитацияланган, 654 км автожолдорду реабилитациялоо боюнча долбоорлору менен камтылган.
2010-жылга салыштырганда 2015-жылы жакшы абалдагы эл аралык автомобиль жолдорунун участокторунун узундугу 2010-жылдагы 21%дан 2015-жылдагы 36,3%га чейин көбөйгөн.
2-таблица: 2010 жана 2015-жылдарда эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунун абалы
Жылдар | Реабилитацияланган км | Жалпы узундугу км | Жолдордун абалы | ||
жакшы | канааттандырарлык | Канааттандырарлык эмес | |||
2010 | 152 | 4152 | 858 | 2152 | 1142 |
2015 | 661 | 4183 | 1518 | 2215 | 450 |
1-сүрөт: 2010 жана 2015-жылдардагы эл аралык жолдордун абалынын диаграммасы
Эл аралык автотранспорттук коридорлорду түзгөн автожолдор участокторунун узундугу 2242 км түзөт. 2010-жылга салыштырганда 2015-жылы эл аралык транспорттук коридорлордун жакшы абалдагы участокторунун узундугу көбөйүп, 2010-жылдагы 38%дан 68%ды түздү.
3-таблица: 2010 жана 2015-жылдардагы эл аралык автотранспорттук коридорлордун абалы
Жылдар | Жолдордун абалы | |||
жалпы узундугу (км) | Анын ичинде | |||
жакшы | канааттандырарлык | начар | ||
2010 | 2242 | 850 | 603 | 790 |
2015 | 2242 | 1518 | 724 |
|
2-сүрөт: 2010 жана 2015-жылдардагы эл аралык автотранспорттук коридорлордун абалынын диаграммасы
5.2.3. Мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорунун абалы
2015-жылдын 31-декабрындагы абалы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү автомобиль жолдорунун жалпы узундугу 14576 км түзгөн, анын ичинен 46 км - эң жакшы (0,3%), 4600 - жакшы (31,6%), 7767 км - канааттандырарлык (53,3%) жана 2163 км канааттандырарлык эмес абалда (14,8%). 2010-жылга салыштырганда эң жакшы жана жакшы абалдагы автомобиль жолдорунун үлүшү 2015-жылы 19,6%дан 22,4%га чейин же 411 км (3,5%) көбөйгөн. Жол курулушунун жана ремонт иштеринин жетиштүү чоң көлөмдөрүнө карабастан 2010-2015-жылдарда негизги күч аракет 1997-жылдан 2005-жылдын аягына чейин мурдагы жылдардагы топтолгон физикалык зыян келтирүүлөрдү жоюуга багытталган.
4-таблица: Мамлекеттик жана жергиликтүү жолдордун абалы
Жылдар | Жолдордун абалы | ||||
жалпы узундугу | анын ичинде | ||||
эң жакшы | жакшы | канааттандырарлык | начар | ||
2010 | 14545 |
| 2848 | 9511 | 2186 |
2015 | 14576 | 46 | 4600 | 7767 | 2163 |
3-сүрөт: 2010 жана 2015-жылдары мамлекеттик жана жергиликтүү жолдордун абалын салыштыруунун графиги
5.2.4. Көпүрө курулмаларынын жана тоннелдердин абалы
Кыргыз Республикасынын эл аралык жана мамлекеттик автомобиль жолдорунда 924кө жакын көпүрө эсептелет, алардын ичинен 45и кризистик жана оор абалда. Япониядан келген эксперттердин алдын ала эсептөөлөрү боюнча "Кыргыз Республикасында көпүрөлөрдү жана тоннелдерди техникалык тейлөөнү башкаруунун потенциалын өнүктүрүү" долбоору боюнча 3 жыл ичинде 45 көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн 762,0 млн. сом көлөмүндөгү каражаттар болушу зарыл, алар автомобиль жолдорун ремонттоо жана күтүү боюнча иштерди пландаштырууда эске алынууга тийиш.
5-таблица: Эл аралык жана мамлекеттик жолдордогу көпүрө курулмаларынын абалы
Жолдордун маанилүүлүгү | Абалды баалоо | Изилденди | Бардык көпүрөлөр | ||||
Жакшы | Канааттандырарлык | Канааттандырарлык эмес | Авариялык | Кыйын абал | |||
Эл аралык | 296 | 67 | 43 | 23 | 8 | 437 | 451 |
Мамлекеттик | 204 | 133 | 39 | 32 | 16 | 424 | 473 |
Бардыгы | 500 | 200 | 82 | 55 | 24 | 861 | 924 |
% | 54% | 22% | 9% | 6% | 3% | 93% | 100% |
5.2.5. Автомобиль жолдорунун жыштык динамикасы
Эл аралык транспорттук коридорлор жолдордун башка категорияларына караганда чоң иштерди аткарышат. Кыймылдын интенсивдүүлүгүн талдоонун маалыматтары боюнча 75% иштин көптүгү автотранспорт коридорлоруна туура келет, мамлекеттик жолдорго - болжол менен 15% жана жергиликтүү автомобиль жолдорго - 10%, ошондой эле автомобиль жолдорун ремонттоону жана күтүүнү пландаштырууда эске алынууга тийиш.
Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына карата автомобиль жолдору боюнча Кыргыз Республикасында жук ташуулардын 96,6%ына чейин жана жүргүнчүлөрдү ташуунун 99,8%ына чейин камсыз кылынат, жыл сайын 40 млн. тонна ар кандай жүктөр жана 640 миллионго чейин жүргүнчүлөр ташылат. Автомобилдик жук ташуулардын көлөмү дайыма көбөйүп, өсүштүн орточо темпи 4%га чейинкини түзөт. Жүк ташуулардын жалпы көлөмүндөгү автомобилдик транспорттун үлүшү 2006-жылдагы 90%дан 2015-жылдын аягына карата 97%га чейин өскөн.
Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Сары-Таш-Эркечтам транспорттук коридорлорунун абалы жакшыргандан кийинки ишинин көптүгүн мисал келтиребиз. Транспорт коридорлору боюнча кыймылдын интенсивдүүлүгүн изилдөө туруктуу негизде жүргүзүлгөн эмес. Ошондуктан иштин көптүгүн талдоо үчүн КР Транскомминдин республиканын чек арасындагы өткөрүү пункттары боюнча эл аралык жүктөрдү өткөрүүнүн отчеттук маалыматтары пайдаланылды.
6-таблица: 2005-2015-жылдардагы кыймылдын интенсивдүүлүгүнүн өсүшү
Жылдар | Бардыгы | Бир автомобилдин жүк ташуусунун көлөмү | |
Рейстердин саны | Жүктүн көлөмү, тн | ||
2005 | 29996 | 349638 | 11,7 |
2015 | 56388 | 747872 | 13,3 |
4-сүрөт: 2005-2015-жылдардагы кыймылдын интенсивдүүлүгүнүн өсүшү
Диаграммадан көрүнүп тургандай негизги транспорттук коридорлордун акыркы 9 жылдагы ишинин көптүгү эки эседен ашуунга көбөйдү. Мындай тенденция иш жүзүндө бардык эл аралык транспорттук коридорлордон байкалат.
5.2.6. 2010-2015-жылдарда жол тармагын каржылоо
Жол тармагы жалпы муктаждыктын 50-55%ы чектеринде каржыланат.
Бирок, 2000-2005-жылдарга салыштырганда каржылоонун көлөмү 7 эседен ашуунга көбөйүп, акыркы 8 жылда 1,7-2,0 млрд. сом (30,0 млн. АКШ долларына жакын) деңгээлинде турат. Республикалык бюджет боюнча каражаттар 1,5-2,1%дын чектеринде бөлүнөт.
2007-2010-жылдарда каржылоонун көлөмү жыл сайын пландуу жол иштерин жүргүзүүгө жана өткөн жылдардагы топтолгон физикалык көлөмдүн бир бөлүгүн жоюуга мүмкүндүк берген, бирок 2011-жылдан тартып КМКнын жана жол битумунун баасы (орточо алганда 38%га) кескин өскөндөн кийин каржылоонун көлөмү пландуу жол иштеринин бөлүгүн гана аткарууга мүмкүндүк берген. Валюталарды алмаштыруу курсунун кийинки өзгөрүүлөрдөн улам каржылоонун көлөмү андан да көбүрөөк кыскарган.
7-таблица: Жолдорду күтүүгө бөлүнгөн каражаттар, млн. сом
Жылдар | Өлкөнүн бюджети, млн. сом | Жолдорду күтүү каражаттары, млн. сом | Өлкөнүн бюджетиндеги автожолдорду күтүүгө бөлүнгөн каражаттардын үлүшү, % | АКШ долл. курсу | Жолдорду күтүүгө бөлүнгөн каражаттар, млн. АКШ долл. |
2005 | 16813,4 | 221,70 | 1,32 | 41,01 | 5,41 |
2006 | 20478,9 | 410,20 | 2,0 | 40,13 | 10,22 |
2007 | 34136,7 | 1058,80 | 3,1 | 37,27 | 28,41 |
2008 | 44698,6 | 1564,50 | 3,5 | 36,60 | 42,75 |
2009 | 48105,8 | 1655,10 | 3,44 | 42,92 | 38,56 |
2010 | 65666,0 | 1552,50 | 2,36 | 46,00 | 33,75 |
2011 | 86099,6 | 1342,20 | 1,56 | 46,14 | 29,09 |
2012 | 101521,7 | 1633,80 | 1,61 | 47,01 | 34,76 |
2013 | 96679,7 | 2021,30 | 2,1 | 48,44 | 41,73 |
2014 | 102899,2 | 2150,70 | 2,1 | 53,66 | 40,08 |
2015 | 107657,3 | 1892,70 | 1,8 | 61,55 | 29,91 |
2016 | 146853,4 | 1866,33 | 1,3 | 76,5 | 24,72 |
5 жана 6-сүрөт: Жолдорду күтүүгө бөлүнгөн каражаттар, млн. сом жана млн. АКШ доллары
Диаграммадан көрүнүп тургандай, эгерде бөлүнгөн каражаттарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын орточо курсу боюнча АКШ долларына которсок, 2013-жылдан баштап жол тармагын каржылоонун төмөндөгөндүгү байкалат. Белгилүү болгондой, жол тармагындагы негизги курулуш материалдары наркы негизинен АКШ долларга байланган импорттук сатууларга көз каранды.
5.2.7. 2010-2015-жылдардагы жол иштеринин көлөмдөрү
2012-жылдан тартып жол иштеринин натуралык көрсөткүчтөрүнүн көлөмдөрү жыл сайын орточо алганда 20%га көбөйгөн, ошол эле учурда каржылоонун көлөмдөрү жыл сайын орточо алганда 5тен 15%га чейин көбөйгөн. 2010-жылга салыштырганда 30%дан (387,2 млн. сом) жолдорду ремонттоого жана күтүүгө бөлүнгөн финансылык каражаттардын көлөмдөрүнүн кыскарышынан улам 2011-жылы иштердин көлөмдөрүнүн кыйла азайгандыгы (17%га жакын) байкалат.
Жолдун үстүңкү катмарын бодуракайлоо (ШПО) сыяктуу иштердин түрлөрү боюнча көлөмдөрдүн жыл сайын көбөйүшү 40тан 50%га чейин түзгөндүгүн белгилей кетүү зарыл, бирок 2015-жылы көрсөткүч көпүрөлөрдүн ремонту жана асфальт бетон төшөлмөлөрүн учурдагы ремонту сыяктуу күндөлүк иштер боюнча көрсөткүч 18%га төмөндөгөн, жыл сайын төмөндөө орточо алганда 10%га төмөндөгөндүгү байкалат, ошол эле учурда ремонттун мындай түрлөрү боюнча иштерди чала ишке ашыруу келечекте капиталдык жана орточо ремонттоо боюнча иштердин пландаштырылбаган көбөйүшүнө алып келет. Жол чарба Департаментинин мындай саясатын кайра караштыруу максатка ылайыктуу.
8-таблица: Жолдорду ремонттоо жана күтүү боюнча иштердин көлөмү
Ремонттун түрү | 2010-ж. | 2011-ж. | 2012-ж. | 2013-ж. | 2014-ж. | 2015-ж. | Бардыгы |
а/б төшөлмөлөрүнүн түзүлүшү (км) | 64,2 | 63 | 127,1 | 113,7 | 136,4 | 138,7 | 643,1 |
К/шагылдын төшөлмөлөрүнүн түзүлүшү (км) | 4,9 | 2 | 2 | 6 | 14,3 | 18,1 | 47,3 |
ШПОнун түзүлүшү (км) | 217,6 | 70 | 119 | 166,5 | 225,7 | 184,7 | 983,5 |
Шагыл төшөлмөлөрүнүн түзүлүшү (км) | 151 | 135 | 126,9 | 88,4 | 115,6 | 110,0 | 726,9 |
Көпүрөлөрдү куруу (шт/п.м) | 5/135 | 4/60 | 8/145 | 9/187 | 3/100,6 | 2/33 | 31/660,6 |
Көпүрөлөрдү ремонттоо (шт/п.м) | 15/350 | 10/142 | 12/320,7 | 13/293 | 6/63 | 9/83 | 65/1251,7 |
Чуңкурларды ремонттоо (миң м2) | 271,1 | 215 | 251,2 | 218,6 | 215,3 | 238,0 | 1409,2 |
7-сүрөт: 2015-жылдагы жол тармактарынын чыгымдарынын структурасы
Жол бөлүмдөрүнүн жол техникасы жана шаймандар менен жабдылышы
2005-жылга салыштырганда 2015-жылдын аягында жол бөлүмдөрүнүн жол техникасы жана шаймандар менен жабдылышы 25%дан 44,7%га чейин көбөйдү. Жабдылууга олуттуу таасирди республикалык бюджеттен максаттуу каражаттарды (121 бирдик) бөлүү жана Япония Өкмөтүнүн кайтарымсыз жардамы таасир берди, анда гранттык каражаттарга 560 жол-курулуш техникалары жана жабдуулары сатып алынган.
9-таблица: Техникалардын жана жабдуулардын саны
(2015-ж. абалы боюнча)
№ | Жол-курулуш техникаларынын жана жабдуунун түрлөрү | Өлчөө бирдиги | Бардыгы: | Жабдылышы, % | |
Накталай | Керектөө | ||||
1 | Жеңил автомобилдер | Бирдик | 159 | 240 | 66,25 |
2 | Автосамосвалдар | Бирдик | 168 | 569 | 29,52 |
3 | Автоманипулятор | Бирдик | 30 | 56 | 53,57 |
5 | Жумушчуларды ташуу үчүн автомашиналар | Бирдик | 26 | 83 | 31,32 |
6 | Автогрейдер | Бирдик | 144 | 259 | 55,59 |
7 | Бульдозер | Бирдик | 71 | 201 | 35,32 |
8 | Фронталдык жүктөгүч | Бирдик | 81 | 121 | 67 |
9 | Дөңгөлөктүү трактор | Бирдик | 39 | 147 | 26,53 |
10 | Экскаватор | Бирдик | 37 | 135 | 27,4 |
11 | Каток | Бирдик | 38 | 81 | 47 |
12 | Асфальт төшөгүч | Бирдик | 11 | 48 | 23 |
13 | Компрессор | Бирдик | 101 | 136 | 74,26 |
14 | Башка ЖКМ (асфальт кескич, вибротрамбовка, битум кайнаткыч, кар тазалагыч ИСУЗУ) | Бирдик | 248 | 370 | 67 |
15 | Асфальтобетон заводу | Ед | 16 | 35 | 46 |
16 | Таш талкалоочу жабдуу | Ед | 16 | 35 | 46 |
| БАРДЫГЫ |
| 1185 | 2516 | 44,7 |
5.2.8. 2010-2015-жылдарга инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу
1996-2015-жылдары эл аралык маанидеги автомобиль жолдорун реабилитациялоого 1907,0 млн. АКШ доллары көлөмүндө эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттары тартылган жана 1479 км эл аралык автотранспорттук коридор реабилитацияланган. Эл аралык транспорттук коридорлорду калыбына келтирүү боюнча камтылган долбоорлордун жалпы узундугу 654 км түзөт, анын ичинде 499 км га курулуш иштери жүрүүдө. Негизинен өнөктөштөрдүн каражаттары ЦАРЭСтин алкагында макулдашылган транспорттук коридорлорду реабилитациялоого жумшалат.
5.2.9. Жол кыймылынын коопсуздугунун абалы
Кыргыз Республикасында өлүм жана майып болуу менен байланышкан жол кырсыктарынын саны БУУ ЕЭКтин башка өлкөлөрүнө караганда көп жана алардын оор даражасы өтө жогору (мисалы майып болуу менен 100 ДТПга өлүм менен байланышкан 22 ДТП жана ар бир 6,6 жарадар адамга 1 өлүм окуясы туура келет, мында өтө өнүккөн европа өлкөлөрүндөгү катыш 1:65 түзөт). Балким майда ДТПнын саны азайган, бирок жалпысынан кыймыл кыйла коопсуз.
2011-жылы бир миллион транспорттук каражаттарга 2,190 өлүм окуясы туура келет. Бул Кыргызстандагы жол коопсуздугу дүйнөдөгү бирден-бир эң олуттуу проблема экендигин билдирет.
Кыргызстанда акыркы он жылдагы ДТПнын статистикасы төмөнкү таблицада жана диаграммада берилет:
10-таблица: Кыргызстанда акыркы жылдардагы ДТПнын статистикасы
Жыл | Бардык ДТП | Каза болгондордун саны | Жаракат алгандардын саны | Транспорттук каражаттардын саны(*) | 100 ДТПга өлүмдүн саны | Өлүм окуяларына карата майып болгондордун катышы |
2001 | 3122 | 703 | 3808 | 261676 | 22,5 | 5,4 |
2002 | 2966 | 725 | 3561 | 267068 | 24,4 | 4,9 |
2003 | 3380 | 897 | 4091 | 253856 | 265,4 | 4,6 |
2004 | 3275 | 892 | 3969 | 262428 | 27,2 | 4,4 |
2005 | 3717 | 893 | 4568 | 266653 | 24,0 | 5,1 |
2006 | 3911 | 1051 | 4948 | 283892 | 26,9 | 4,7 |
2007 | 4692 | 1252 | 6223 | 318581 | 26,7 | 5,0 |
2008 | 4540 | 1138 | 5925 | 297368 | 25,1 | 5,2 |
2009 | 4248 | 1005 | 5680 | 315017 | 23,7 | 5,7 |
2010 | 4402 | 985 | 6192 | 430014 | 22,4 | 6,3 |
2011 | 4813 | 1018 | 6697 | 464878 | 21,2 | 6,6 |
2012 | 5803 | 1069 | 8509 |
| 18,4 | 8,0 |
2013 | 7497 | 1220 | 10728 |
| 16,3 | 8,8 |
2014 | 7119 | 1022 | 10510 |
| 14,4 | 10,3 |
2015 | 7066 | 1060 | 10402 |
| 15,0 | 9,8 |
8-сүрөт: ДТПнын, өлүмдүн жана майып болуулардын өсүшү, 2001-2011-жылдар
Булак: Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу боюнча долбоор.
Жол коопсуздугу боюнча улуттук стратегия жана иш-аракеттер планы.
(*) Маалыматтар 2012-жылдан тартып КР Мамкаттоодо жашырын сактоодо турат.
2. Жетишкендиктер жана проблемалар
Акыркы жылдардын ичинде жол тармагын республикалык бюджеттин 1,6-1,8% деңгээлинде стабилдүү каржылоого карабастан бул жылдардын ичинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин негизги көңүлү өткөн жылдардагы орточо ремонт өндүрүшүн жетишсиздигинен улам зыян келтирүүлөрдүн физикалык көлөмдөрүн жоюуга багытталган эле, ал учурда жол тармагын каржылоонун көлөмүн автожолдорду күндөлүк күтүү чыгымдары жана административдик персоналдын эмгек акысын төлөө камсыздандырылып келген. Мындай мажбурлаган саясат автомобиль жолдорунун абалын, өзгөчө эл аралык транспорттук коридорлорду кыйла жакшыртууга мүмкүндүк бергенде акыбети кайтарылып берилген. 2010-2015-жылдарда транспорт коридорлорунун 1000 км жакыны реабилитацияланган, мамлекеттик жана жергиликтүү автомобиль жолдорунда 670 км жаңы асфальт бетон төшөлмөлөрү төшөлүп, 1000 км жакын быдырлуу төшөлмөлөрүн (БТИ) иштетүү жүргүзүлгөн, жаңы 29 көпүрө курулуп, мурдагы 56сы ремонттолгон.
Жол тармагынын туруктуу иштөөсүнө боюнча күч аракеттер жетишсиз болуп, анын негизги белгилери төмөнкүлөр болуп саналат:
- ремонтту жана автомобиль жолдорун күтүүнү жетишсиз каржылоо;
- жолдордун абалын мониторингдөөнү жөнгө салуучу системасынын жана автомобиль жолдорун куруу, ремонттоо жана күтүү боюнча пландык иштердин жоктугу;
- ченемдик укуктук базанын өркүндөтүлбөгөндүгү;
- жол иштеринин сапатын контролдоонун азыркы системасынын жоктугу;
- автомобиль жолдорун пайдалануучулар менен кайра байланышуунун жөнгө салынган системасынын жоктугу;
- жол техникасын жана жабдууларын пайдаланууну контролдоонун жоктугу.
Эл аралык транспорт коридорлору Кыргыз Республикасынын товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн региондук рынокторуна чыгуусунун иш жүзүндөгү бирден-бир ыкмасын камсыздап, өлкөнүн ичиндеги негизги экономикалык борборлордун ортосундагы байланышты камсыздоодо олуттуу роль ойнойт.
Кыргыз Республикасы БАРЭКтин алкагында көп жыл бою эл аралык автотранспорт коридорлорунун абалын жакшыртуу боюнча эл аралык финансылык институттар менен активдүү кызматташып келген. 1997-жылдан тартып эл аралык финансылык институттардын каражаттарынын эсебинен 1479 км автомобиль жолдору реабилитацияланып, дагы 654 км жол реабилитациялоо долбоорлору менен камтылган.
Кыргыз Республикасынын региондук транспорттук коридорлорунун жалпы узундугу 2242 км түзөт.
Мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорун жакшыртуу республиканын ичиндеги экономикалык иштерди өнүктүрүүнүн зарыл шарты болуп саналат. Жолдордун абалын жакшыртуунун натыйжасында алынган ар тараптуу пайдалар баарыдан мурда төмөнкүлөрдү ичине камтыйт: (а) жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатат, (б) ташуулардын чыгымдарын азайтат, (в) барып-келүүлөр убактысын кыскартат, (г) транспорт каражаттарын эксплуатациялоо чыгымдарын, анын ичинде күйүүчү май жана запастык бөлүктөр чыгымдарын азайтат.
Бүгүнкү күндө эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунун, анын ичинде эл аралык транспорттук коридорлордун абалын жакшы деп баалоого болот.
2010-жылдан тартып мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорун кандайдыр бир жакшыртуулар байкалбайт. Мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги 14484 км жолдордун ичинен болгону 22,3% жолдор жакшы абалда. Жолдордун абалынын начардыгы дагы эле республиканын экономикалык өнүгүшүнө олуттуу чектөөлөрдү киргизүүдө. Анткени автомобиль жолдору негизинен тоо участоктору жана айылдык калктуу конуштар аркылуу өтүп, аларда айыл чарба өндүрүшү жана мал чарбасы басымдуулук кылат, жолдордун абалынын начарлыгынан улам айылдык тургундардын өздөрүнүн айыл чарба продукцияларын сатып өткөрүүнүн ири рынокторго жетүүсүн, райондордун, облустун борборлорунда жана борбордо топтолгон социалдык жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуусун кыйындатат.
2014-жылдан тартып узунду 433 км Түндүк-Түштүк альтернативдүү автомобиль жолун куруу башталган. Эл аралык транспорт коридорлорун көбөйтүүнү эске алганда жогорку категориядагы автомобиль жолдорунун узундугу көбөйүп 2675 км түзөт. Ремонттор ортосундагы ченемдик мөөнөттөрдү колдонуудагы бааларда катуу сактоодо аларды ремонттоого жана күтүүгө жыл сайын 1 млрд. 300,0 млн. сомдон ашуунду талап кылат (эсептөөлөр ЖТӨНБ-2025 тиркемеде келтирилген). Республикалык бюджеттен каржылоонун азыркы көлөмү 2000,0 млн. сомду түзөт. Эл аралык жолдордон кийин болжол менен 700,0 млн. сом калат. Алар жалпы пайдалануудагы 16135 км автомобиль жолдорун ремонттоого жана күтүүгө таптакыр жетишпейт.
ЖТӨНБ-2025 негизги багыттарынын приоритеттеринин бири эл аралык транспорт коридорлорунун жакшы структуралык абалын сактоо жана биздин республикабыздын аймагы аркылуу өткөн эл аралык коридорлорду, ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги артыкчылыктуу автомобиль жолдорун жакшыртуу болуп саналат.
Жогоруда айтылып өткөн жана бюджеттик каражаттардын чектүүлүгүн эске алсак, калктын товарлар, эмгек жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр рынокторуна жетүүсүн камсыз кылуу үчүн Транскоммин жолдордун мониторинг системасын жана мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорун ремонттоо жана күтүү иштерин пландаштырууну түп тамырынан бери өзгөртүүсү зарыл, алар да жол тармагын реформалоо маселелери менен тыгыз өз ара байланышкан.
3. Максаттары
2007-жылы иштелип чыккан жана кабыл алынган жол секторун 2007-2010-жылдарда өнүктүрүү Стратегиясы акыркы жылдарда тармактын динамикалуу өнүгүүсүн шарттады.
Эл аралык финансы институттары жана уюмдары менен активдүү кызматташуу, стратегияда коюлган негизги максаттардын бири - товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн регионалдык рынокторуна жеткиликтүүлүктү камсыздоого жетишүү үчүн эл аралык транспорттук коридорлорду калыбына келтирүү боюнча маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
2007-2010-жылдарда жол секторун өнүктүрүү Стратегиясында кабыл алынган кийинки приоритеттик багытты ишке ашыруу - товарлардын жергиликтүү рынокторуна, жумушка орноштуруу жана социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетишүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо максатында, көбүнчө республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпы узундугу 5500 км ички таяныч тармакты калыбына келтирүү боюнча чоң иштер жүргүзүлгөн. Мисалы, секторду каржылоо 2007-жылдагы 1058 млн. сомдон, 2009-жылдагы 1655 млн. сомго чейин өстү, бул 2006-жылдагы көлөмгө карата 260% түзөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн 2007-2010-жылдарга жол секторун өнүктүрүү Стратегиясы жетишкен жол тармагын өнүктүрүүнүн позитивдүү көрсөткүчтөрүнөн улам, ошондой эле узак мөөнөттүү мүнөздөгү маселелерди чечүү үчүн ЖТӨНБ-2025 иштелип чыкты.
2025-жылга чейин жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын максаттары калктын товарлар, эмгек жана социалдык кызмат көрсөтүүлөр рынокторуна жетишүүсүн өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн аркасында жана жол чарбасын башкаруу системасын өркүндөтүү аркылуу жол тармагынын туруктуу иштөөсүнө жетишүү болуп саналат.
4. Тармактын өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары
Артыкчылыктуу багыттар:
2025-жылга чейин жол тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын максаттарына жетишүү үчүн министрлик төмөнкү негизги артыкчылыктарды аткаруу зарыл деп эсептейт:
1. Жол тармагын башкаруунун системасын акырындап реформалоо.
2. Транспорттук коридорлорду жана мамлекеттик, жергиликтүү маанидеги артыкчылыктуу жолдорду калыбына келтирүү жана талаптагыдай күтүү.
3. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү.
5. Жол тармактарын өнүктүрүүнүн милдеттери жана чаралары
Милдеттери
"Жол тармагын башкаруунун системасын акырындап реформалоо" артыкчылыгына карата:
1. Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
2. Жол тармактарын башкаруу жана ишин мониторингдөөдө азыркы техникалык каражаттарды киргизүү;
"Транспорттук коридорлорду жана мамлекеттик, жергиликтүү маанидеги артыкчылыктуу жолдорду калыбына келтирүү жана талаптагыдай күтүү" артыкчылыгына карата:
1. Автомобиль жолдорун ремонттоонун сапатын жана күтүүнү контролдоо системасын киргизүү;
2. Жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу;
3. Жол боюндагы сервисти өнүктүрүү.
"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү" артыкчылыгына карата:
1. Автомобиль жолдорунун участокторун концессиялык макулдашууга берүү үчүн Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун даярдоо;
2. Концессиялык макулдашууга берилген жолдорду башкаруу системасын иштеп чыгуу.
ЖТӨНБ-2025 алкагында жогоруда айтылып өткөн милдеттерин толук түшүндүрүүлөрү тиешелүү бөлүмдөрдө чагылдырылган.
Чаралар/аракеттер:
5.1. Жол тармактарын реформалоо боюнча чаралар
5.2.10. 5.1.1. Башкаруунун азыркы системасынын анализи, анын артыкчылыктары жана кемчиликтери
Негизги багыттарда башкаруу системасынын кыскача анализи берилген жана жол тармактарынын башкаруунун азыркы системасынын негизги артыкчылыктары жана кемчиликтери гана баяндалган. Башкаруу системасынын толук анализи "Жол тармагын реформалоо үчүн консультациялык кызмат көрсөтүүлөр" Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын долбоорунун техникалык жардамдарынын алкагында 2014-жылы жүргүзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги автожол тармагындагы мамлекеттик саясатты жана башкарууну жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарбасы департаменти автомобиль жолдорунун куруу, оңдоо жана күтүү иштеринин аткарылуусуна жоопкерчилик алат.
Азыркы учурда заказчы менен подрядчиктин функцияларынын так аныкталбагандыгынан улам негизги натыйжасыз башкаруу жүргүзүлүүдө. Чечимдерди кабыл алуу процесси татаал келип, текшерүүнүн ашыкча деңгээлдерин камтыйт, бул акыр аягында каражаттарды пайдалануу жана иштердин сапаты/жетишилген натыйжалар үчүн ким жооптуу экендигинин түшүнүксүздүгүнө алып келет.
Жол тейлөө ишканалары жана Автомобиль жолдорунун өндүрүштүк тилкелик башкармалыгы/Автомобиль жолдор башкармалыгынын административдик персоналдарынын штатынын кайталануусу өндүрүмдүүлүктү төмөндөтөт жана күтүүгө чоң чыгымдарды талап кылат, ошол эле учурда мындай структура бюджеттин аздыгынан улам акыбетсиз иштейт.
Сапатты жетишсиз төмөн контролдоодон улам жол иштеринин сапаты төмөн, ошол эле учурда иштерди, чыгымдарды калькуляциялоонун жана бардык деңгээлдерде чыгымдарды бөлүштүрүүдөгү ачык-айкындык жок.
Бардык Автомобиль жолдорунун өндүрүштүк тилкелик башкармалыктарындагы/Жол тейлөө ишканаларындагы жабдуулар эскирип, көп учурда жараксыз болот же талаптагыдай иштебей ишти кыйындатат.
Персоналды мотивациялоо эмгек акынын жетишсиз деңгээлине байланыштуу жалпы проблемага айланып, көпчүлүк кызматкерлерди башка булактардан киреше табууга мажбурлап жана кадрлардын дайыма тез-тез алмашуусун жаратууда.
Отчеттуулук системасы да фундаменталдуу өзгөртүүлөрдү талап кылат. Анткени отчет берүү негизинен финансылык ресурстар үчүн берилет, физикалык иштерди баалоо жана жол иштериндеги кемчиликтер үчүн жоопкерчилик системасы жок.
Ошол эле учурда башкаруудагы орун алган системанын эки негизги артыкчылыктары бар:
- Өзгөчө кырдаалга көңүл буруунун жөнгө салынган системасы - зарыл болгон жол техникасын тез мобилизациялоо, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен координациялоо, өзгөчө кырдаал жөнүндө коомчулукка кабарлоо. Тоо жолдорундагы татаал участокторго жана климаттык өзгөчөлүктөргө карабастан өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды тез аткаруу;
- Утурумдук иштерди өз күчү менен аткаруу үчүн инженердик курулмалар (мисалы, асфальт бетон төшөлмөлөрүн жамап-жазгактоо иштери) жана жолдорду күтүү үчүн техникалар жана жабдуулар бар. Мындай иштердин наркы төмөн. Мындай иштерге жеке секторду тартып, контракт түзүү боюнча татаал жол-жоболордон арылууга болот.
Жол тармактарын реформалоонун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат: бюджеттик каражаттарды пайдалануунун ачык-айкындуулугу, башкаруу менен аткаруунун ар бир деңгээлин күтүү боюнча иштерди аткаруунун ортосундагы милдеттерди так бөлүштүрүү жана отчеттуулук -архивдерди башкаруунун азыркы системасын жана физикалык көлөмдөрдү эске алуунун азыркы системасын киргизүү жана аларды баалоо.
5.2.11. 5.1.2. Жол тармагын башкаруунун макулдашылган жана оптималдаштырылган схемасын даярдоо
Жол тармагын башкаруунун оптималдаштырылган схемасын түзүү жөнүндө маселе акыркы 5 жылдын ичинде активдүү талкууланууда жана бул багыттагы айрым кадамдар көрүлгөн.
2010-жылы "Кыргызавтожолдору" мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Бул ишканага Автомобиль жолдорунун өндүрүштүк тилкелик башкармалыктарын жана Жол тейлөө ишканаларын башкаруу жана эксплуатациялоо боюнча бардык функциялар берилген, бирок ошол эле жылы ал жоюлуп кетип, ал эми башкаруу боюнча функциялардын бир бөлүгү Жол чарба департаментин түзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине кайра кайтарылган. Чарба жүргүзүү укугундагы бекитилген активдерин Мамлекеттик ишкана башкарууга тийиш эле.
Башкаруунун жаңы схемасы кыска мезгилде да иштебегендигинин башкы себептеринин бири башкаруунун жаңы системасындагы мамилелердин түшүнүксүздүгү эле, башкача айткан башкаруу системасынын компоненттеринин аталышы өзгөртүлгөн, бирок мамилелер мурдагы бойдон калган - заказчы менен подрядчынын функциялары бөлүштүрүлгөн эмес.
Жол тармагын реформалоо саясаты үч башкы негизги максаттарды көздөйт: чоң ачык-айкындуулукка, жоопкерчиликке жана отчеттуулукка жетишүү.
Жол тармактарын реформалоо төмөнкүдөй чараларды камтууга тийиш:
- жол тармагына негизги катышуучулардын милдеттери так аныкталууга жана жаңы токтом менен же "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен дайындалууга тийиш эле;
- Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментин, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жөнүндө макулдашууга ылайык жөнгө салынуучу жана белгилүү бир финансылык көз карандысыздыкка ээ болгон Автожолдор агенттиги катары көрсөтүлүүгө, ошондой эле Автожолдор агенттигинин чакан региондук өкүлчүлүктөрү түзүлүүгө тийиш эле;
- жол тейлөө ишканасы менен бирге Автомобиль жолдорунун өндүрүштүк тилкелик башкармалыгы/Автомобиль жолдор башкармалыгын Мамлекеттик ишканалардын (МИ) чакан санына өзгөртүп түзүү жана мамлекеттик жабдуулар акырындап Мамлекеттик ишканаларга өтүп, МИге сатып алган ага таандык болгон жабдууларга алмаштырылган механизмди иштеп чыгуу;
- жол чарбасын башкаруунун деңгээлдеринин ортосундагы негизги функцияларды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен башкаруунун максималдуу мүмкүн болгон натыйжалуулугуна жетишүү жана кайталоочу функциялардан арылуу;
- мамлекеттик ишканаларды утурумдук ремонттоо жана күтүү боюнча иштерге тикелей келишим контракттарын түзүү үчүн атаандаштык чөйрөсү түзүлгөндөн мурда өткөөл мезгил жөнүндө макулдашуу. Ал үчүн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамына жана бааларды түзүү жана контролдоо механизмине өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат;
- куруу, реконструкциялоо, реабилитациялоо, капиталдык жана орточо ремонт иштерин толугу менен конкурстук тоорукка чыгаруу, мындай учурда Автожол агенттиги заказчы катары чыгууга тийиш;
- Кыргызстандагы жол тармагынын консультанттар рыногун долбоорлорду, тендердик документтерди даярдоодогу жергиликтүү керектөөлөрдү канааттандырылган даражага чейин, атап айтканда ар бир региондогу иштерге көзөмөл жүргүзүү жана атаандаштыкты акырындап киргизүүгө чейин өнүктүрүү керек;
- Агентствонун потенциалын чыңдоо жана электрондук отчеттуулукка өтүү;
- Дүйнөлүк банктын "Жол активдерин башкаруунун системасын киргизүү" долбоорун Техникалык жардамынын чектериндеги сунуштамаларга, маалыматтарга ылайык жол активдерин башкаруунун системасын иштеп чыгуу жана киргизүү;
- "Кыргыз Республикасындагы көпүрөлөрдү жана тоннелдерди күтүүнү башкаруу потенциалын күчөтүү" JICA долбоорунун Техникалык жардамынын чектеринде иштелип чыккан жана сунушталган көпүрөлөрдү жана тоннелдерди күтүү системасын киргизүү;
- "Жолдордогу өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча чараларды башкаруу үчүн потенциалды өнүктүрүү долбооруна" жолдордо өзгөчө кырдаалдарга бөгөт коюу үчүн маалыматтар базасын башкаруунун системасын киргизүү;
- зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү.
5.1.3. Башкаруу структурасынын негизги функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын элементтеринин тизмегин даярдоо
Министрликтин ведомстволук ишканаларынын жоболору, аларда негизги функциялар жана ыйгарым укуктар жазылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Министрликтин функцияларын кайра бөлүштүрүүнү зарыл болгон мыйзам актылары бекитилген ченемдик-укуктук актыларын толук киргизүү үчүн Заказчы-Инженер-Подрядчы схемасын эске алуу менен ишке ашырылат.
Бул ченемдик-укуктук актылардын маалыматтары мындан ары да өркүндөтүлөт. Жол тармагын башкаруу системасынын ар бир деңгээлинин жоболоруна таблицага ылайык (№ 1 тиркеме) тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол тармагынын менчик ээси боюнча калат. Мындай позиция жылдык Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты (ККС) жөнүндө макулдашууну түзүү менен аныкталат, анда жол пайдалануучуларга карата мамиле жана күтүүгө бөлүнгөн жалпы бюджет боюнча жол тармагынын милдеттери аныкталат. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги инвестициялык долбоорлорго кредит алуучунун ролун аткаруусун уланта берет, бирок заказчынын ролун Автожолдор агенттигине өткөрүп берет.
Автожолдор агенттиги азыркы Жол чарбасынын базасында түзүлөт. Ал Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги менен жылдык макулдашууларга ылайык жол чарбасын башкарууну жүргүзгөн уюм болуп калат. Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жөнүндө макулдашуусу Агенттиктин ишин жөнгө салат жана тармакты күтүү жана жакшыртуу үчүн ага ресурстарды бөлүштүрөт. Агенттик тармактын абалынын мониторинги жана курулуш боюнча иштерди контролдоо боюнча ишти күчөтүүгө тийиш жана Жол активдерин башкаруу системасы (ЖАБС) бөлүмүн түзүү аркылуу чакан региондук офистерди куруу жана күтүү жана көзөмөлдөө боюнча консультанттарды тартуу аркылуу иштерди контролдойт.
Азыркы Автомобиль жолдорунун өндүрүштүк тилкелик башкармалыгы/Автомобиль жолдор башкармалыгын жана Жол тейлөө ишканасы жолдорду ремонттоо жана куруу боюнча мамлекеттик ишканалардын чакан санынан бириктирилет. Мындай ишканалардын иштери көп жылдык контракттардын жана жол-ремонт иштерине катышуулардын алкагында жолдорду күтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө топтоштурулат. Мындай түрдө консолидациялоо административдик ресурстарды бошотот жана Мамлекеттик ишканага күтүү боюнча потенциалды чыңдоого жардам берет.
9-сүрөт Жол тармагын башкаруунун уюштуруу схемасынын өзгөрүлүшү
5.1.4. Жол тармагынын колдонуудагы ченемдик-укуктук жана техникалык ченемдик базаларынын системасын талдоо
Жол тармагынын ишин жөнгө салуучу колдонуудагы ченемдик-укуктук жана техникалык нормативдик база системасы төмөнкү ченемдик укуктук техникалык нормативдик актылардан турат:
- "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Шаар куруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-августундагы № 454 токтому жана башкалар;
- 2009-жылдын 10-февралындагы № 95 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
- 2008-жылдын 30-майындагы № 95 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому;
- Автомобиль жолдорун жана жасалма курулуштарды куруудагы жана ремонттоодогу эң көп кездешүүчү иштердин убакыттарынын бирдиктүү ведомстволук ченемдери жана баалоо. I бөлүк. Автомобиль жолдорунун жана линиялык имараттардын курулушу, ремонту. М - 1989-ж.;
- ЕНиР. Е17 жыйнагы. Автомобиль жолдорунун курулушу. М - 1989 г.;
- 1991-жылга чейин башка техникалык ченемдик укуктук актылар;
- иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча иш "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" КР Мыйзамы менен жөнгө салынат.
"Автомобиль жолдору жөнүндө" КР Мыйзамы уюмдардын жана ишканалардын республиканын автомобиль жолдорун башкаруунун экономикалык, укуктук негиздерин жана принциптерин аныктайт, жол тармагына тиешелүү маселелердин иш жүзүндөгү бардык спектрин козгойт жана жөнгө салат. Бирок жол тармагынын ишинин белгилүү бир багыттарын жөнгө салуучу бул Мыйзамдын бардык нормалары бир катар мыйзам алдындагы актыларынын жоктугуна байланыштуу ишке ашырылбайт.
"Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Жол фондусунун түзүлүшүнүн укуктук негиздерин жана булактарын, анын багыттарын жана пайдаланылышын аныктайт. Иш жүзүндө бул мыйзамдын көп жоболору ишке ашырылбайт. Мындан тышкары Жол фондунун булактары боюнча каражаттардын көлөмдөрү аз жана кайра каралбайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-августундагы № 454 токтому автомобиль жолдорун сактоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууга багытталып, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарын өткөрүүнүн тартибин аныктайт, жалпы масса, габарит, транспорт каражаттарынын өлчөмдөрү жана башка линиялык параметрлери боюнча чектүү нормаларды белгилейт. Бардык габариттик контролдоонун пункттарынын тизмеги ушул токтом менен бекитилген.
Убакыттын бирдиктүү ведомстволук нормалары жана баалары советтик мезгилде эле чыгарылган техникалык ченемдик укуктук актылар болуп саналат. Бааларды азыркы бааларга ылайык келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана коммуналдык-чарба мамлекеттик агенттиги бүгүнкү бааларга конвертирлөө үчүн индексациялардын коэффициенттерин чыгарат. Мындай система эскирип бүткөн. Жол иштеринин түрлөрүнүн булактарынын ченемдерин пайдалануу жагындагы эски нормалардын маанилүү кемчилиги жаңы техниканын жана жабдуулардын өндүрүмдүүлүгүнө ылайыктуу келбегендигинде. Бул проблема көп жылдардан бери чечилбеген бойдон калууда.
Кыска убакытта иштеп чыгара турчу ченемдик-укуктук, ченемдик-техникалык актылардын тизмеси № 2 тиркемеде көрсөтүлгөн.
5.1.5. Мыйзамдарды өзгөртүү боюнча чараларды көрүү
Жол тармагынын колдонуудагы ченемдик укуктук база системасынын анализин жүргүзгөндөн кийин жол тармагындагы ишти регламенттөөчү жана жөнгө салуучу колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча чараларды көрүү зарыл.
5.1.6. Кыска мөөнөттө иштеп чыгууну талап кылган ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун кыскача сүрөттөп жазуу
Ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун кыскача сүрөттөп жазуу (№ 2 тиркемедеги номерлөөгө ылайык)
1. Жол активдерин башкаруу Системасынын Долбоорун даярдоо боюнча Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоордун алкагында, эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорунун тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар даярдалган. Берилген сунуштардын жана айрым көйгөйлүү участкаларды тактоонун негизинде автомобиль жолдору боюнча акыркы тизмесин жана аны жактыруу жөнүндө токтомдун тиешелүү долбоорун даярдоо зарыл.
2. Жол ишмердигин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар базасында азыркы учурга чейин автомобиль жолдорунун абалынын сапатын баалоону жөнгө салуучу укуктук ченемдик акт жок, ал автомобиль жолдорун оңдоп-түзөө жана тутуу боюнча пландуу иштерди сапаттуу даярдоо үчүн керек. Жол активдерин башкаруу Системасынын Долбоорун даярдоо боюнча Дүйнөлүк банк каржылаган долбоордун алкагында жол иштерин мониторинг кылуу жана план түзүү боюнча сунуштар даярдалган. "Баалоо критерийлери менен автожолдордун абалын мониторинг кылуу боюнча Колдонмо" долбоорунун негизги концептуалдык жоболору Жол активдерин башкаруу системасын (ЖАБС) киргизүү боюнча Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында "ТЖМнин маалыматтар пилоттук базасынан колдонуучу үчүн Колдонмодо" камтылган. Бул Колдонмону автомобиль жолдорунун абалын мониторинг кылуу боюнча жол ишмердигин жөнгө салуучу техникалык ченемдик акт түрүндө иштеп чыгуу зарыл. Ошондой эле, Ченемдик-укуктук актылардын бул долбоору автомобиль жолдорунун маанисине жана приоритеттүүлүгүнө карата милдеттүү масштабдагы мониторингдик изилдөөлөрдүн мезгилдүүлүгүн камтышы керек, анын натыйжалары жол ишмердигин баалоочу жана жол секторун өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарын жана программаларын түзөтүүчү инструмент катары кызмат кылат.
3. Автомобиль жолдорун оңдоп-түзөө жана тутуу боюнча иштерди пландоо боюнча жол ишмердиги ошондой эле эч кайсы ченемдик укуктук акты менен жөнгө салынбайт. Ченемдик-укуктук актынын бул долбоору төмөндөгү көрсөтмөнү ичине камтышы керек:
- автомобиль жолдорунун абалынын сапатын мониторингдик баалоону жана пландаштырылган жол иштеринин тиешелүү приоритеттүүлүгүн милдеттүү түрдө пайдалануу боюнча;
- КРнын Өкмөтү автомобиль жолдорун оңдоп-түзөө жана тутуу боюнча ар жылдагы планды жактыруу процедурасы боюнча.
4. Иштеп чыгуу талап кылынбайт.
5. "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Жол фонду булактарын түзүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы Жол фондунун каражаттары жетишсиздиги менен түшүндүрүлөт.
6. Автожолдорду жана жол курулуштарын куруу боюнча долбоорлорду даярдоо, ишке ашыруу жана жол куруу органдарынын балансына өткөрүп берүү тартиби боюнча, Ченемдик-укуктук актылардын долбоору куруу, ишке ашыруу жана курулуш долбоорунун балансына өткөрүп берүү этаптарын өзүнө камтышы керек:
- курулуштун долбооруна техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо;
- курулуш жөнүндө чечимди кабыл алуу процедурасы;
- деталдуу долбоордун техникалык тапшырмасын жана курулуштун долбоордук-сметалык иш-кагаздарын даярдоо;
- курулуштун башталышына даярдоо (жер бөлүп берүү, уруксат берүү документтери);
- туруктуу техникалык контролго тендер өткөрүү;
- курулуштун долбоорун ишке ашыруу;
- курулуштун объектисин пайдаланууга берүүгө даярдоо;
- жаңы курулушту жол органынын балансына өткөрүп берүү процедурасы.
Ченемдик-укуктук актылардын бул долбоору Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин буйругу менен бекитилет.
7. "Автомобиль жолдорун оңдоп-түзөө жана тутуунун сапатынын стандарттары" ченемдик-техникалык актысынын долбоору төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- автожолдордун маанисине жана категориясына жараша автожолдорду оңдоп-түзөө жана тутуу сапатынын стандарттарынын түрү;
- сапат стандарттарынын түрлөрү үчүн оңдоп-түзөө ортосундагы мөөнөттөрдү жана негизги иштердин курамын аныктоонун ыкмалары;
- оңдоп-түзөө жана тутуу боюнча сапаттын стандартын конкреттүү автомобиль жолу үчүн бекитип берүү процедурасы.
8. Жол тармагындагы иштердин аткарылуу актысы совет учурундагы ЕНиРтердин негизинде түзүлөт. Аткарылган жумуштарга эски баалар КРӨгү караштуу Архитектура, курулуш жана ТТЧ Мамлекеттик агенттигинин индексация коэффициентинин жардамы менен бүгүнкү бааларга которулат, бул жол жумуштарынын реалдуу наркын чагылдырбайт. Бул аткарылган иштерди жабуу боюнча ыкма, жол иштерин - бюджеттик уюм (ӨТАЖБ, ЖТИ) же жеке компания аткаргандыгына карабастан колдонулат. Жол иштерин аткаргандыгы үчүн төлөмдү иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча жөнгө салуучу ченемдик укуктук актынын долбоору төмөндөгүлөрдү камтышы керек:
- бюджеттик уюмдардагы жумуштардын наркын аныктоо процедуралары;
- аткарылган иштердин актыларынын деталдаштырылган формалары (бюджеттик уюмдар үчүн);
- аткарылган иштердин актыларынын жыйынтыктоочу формалары;
- аткарылган иштердин наркы тендердин жыйынтыгы боюнча аныкталган формалары.
8. Жол техникасы үчүн отунду чыгымдоо ченемдери узак убакыт бою жаңыртылган эмес. Азыркы учурда отунду кириштен чыгарууда кыймылдаткычтын көлөмүнө жана кубаттуулугуна жараша эски ченемдерди колдонушат, бул отунду реалдуу чыгымдоону чагылдырбайт. Бул процедураны кайра кароо зарыл.
9-11. Иштеп чыгуу талап кылынбайт.
12. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин жана жол тармагы боюнча структуралык бөлүмдөрдүн функционалдык талдоосунун натыйжасы боюнча кайталоочу көп функциялар табылган жана жумуштун тапшырыкчысы менен шарт менен иштөөчүнүн функциялары бөлүштүрүлгөн эмес. Жол тармагындагы функцияларды кайра бөлүштүрүүгө жараша Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин, Автомобиль жолдорунун өндүрүштүк тилкелик башкармалыктарынын жана Жол тейлөө ишканаларынын жоболоруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл.
13. "Акы төлөнүүчү автомобиль жолдорун пайдалануу жана төлөмдөрдү алуу тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:
- акы төлөнүүчү автомобиль жолдорун пайдалануу тартибин жана шарттарын иштеп чыгуу;
- акы төлөө жөнүндө ченемдерди иштеп чыгуу;
- КРӨнүн токтомунун долбооруна регулятивдик таасир этүүнү талдоону иштеп чыгуу.
5.2. Автомобиль жолдор тармагын өнүктүрүү боюнча чаралар
Автомобиль жолдорун ремонттоодо жана күтүүдө асфальт бетон төшөлгөн жолдор үчүн капиталдык ремонттун ремонттор аралык мөөнөттөрү 17-18 жылды, ал эми орточо ремонт 5-6 жылды талап кылаары болжолдонот.
Иш жүзүндө кыймылдын интенсивдүүлүгүн жана жолду төшөөлөрдүн абалын эске алуу менен мөөнөттөр азайтылышы мүмкүн. Асфальт бетон төшөлгөн жолдор үчүн капиталдын ремонттун ремонт аралык мөөнөттөрү 18 жылды түзсө, 18 жылдын ичинде 5626 км жол капиталдык ремонттон өткөрүлүүгө тийиш, башкача айтканда биз жыл сайын асфальт бетон төшөлгөн автомобиль жолдордун ар кандай категориялары үчүн 312 км капиталдык ремонтун жүргүзүүгө тийишпиз.
Жол тармагын ремонттоону жана күтүүнү каржылоонун жетиштүү көлөмдөрүндө жана 2023-жылга карата эл аралык автотранспорттук коридорлорун реабилитациялоону толук аяктоо пландаштырылганын эске алсак, ремонттоонун ремонт аралык мөөнөттөрүн сактоодо иштердин зарыл болгон көлөмү 2032-2033-жылдарда жетишилүүгө тийиш экендигин эсептөөлөр көрсөтүүдө. Мындай чаралар экономикалык жактан акыбетти кайтарат, анткени утурумдук ремонттун көлөмдөрү азаят, адатта мөөнөттөрү капиталдык ремонттун эки-үч мөөнөттөрүнө тең келген реконструкциялоо боюнча иштердин мөөнөттөрү кыйла кийинки мезгилдерге жылдырылат. Белгилүү болгондой эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунун негизги бөлүгүн утурумдук жана капиталдык ремонт боюнча иштерди жүргүзүүнү жетишсиздиктен улам реабилитациялоого туура келген.
2016-жылы дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун ремонттоо жана күтүү боюнча сапат стандарттарына ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечим менен бекитүү зарыл, ал бул категориялардын жана жолдордогу жол кыймылын эсепке алуу менен жолдорду ремонттоону жана күтүүнү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Эл аралык автотранспорт коридорлорун ремонттоо жана күтүү боюнча стандарттар эң жогорку деңгээлде болууга тийиш.
Автомобиль жолдорун ремонттоону жана күтүүнү каржылоонун жетишсиздигинен улам жана Кыргыз Республикасы автомобиль жолдорун курууга жана реабилитациялоого тартылган кредиттик каражаттарды кайтарууга тийиш экендигинен улам Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун айрым участокторун акы төлөөгө которууну практикалайт. 2025-жылга карата мындай участоктордун узундугун 500 км көбөйтүү зарыл. Акы төлөнүүчү жолдордон алынган каражаттарынын негизги бөлүгү республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө келип түшөт.
5.2.1. Эл аралык автомобиль жолдорунун өнүгүшү
Өлкөнүн аймагынын рельефинин татаалдыгынан улам эл аралык автотранспорттук коридорлор системасы республиканын ичинде бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүүнүн бирден-бир куралы болуп саналат. Жолдордун мындай категориясын калыбына келтирүү жана куруу үчүн республиканын карызынын 60%дан ашууну тартылган. Эл аралык автотранспорттук коридорлорун өнүктүрүү биздин экономиканын бирден бир артыкчылыгы болуп саналат.
Эл аралык автотранспорт коридорлорун ремонттоо жана күтүү жогорку техникалык стандарттар боюнча ишке ашырылат. Капиталдык жана орточо ремонттордун ремонттор аралык мөөнөттөрү так сакталганда эл аралык автотранспорт коридорлорун ремонттоо боюнча иштердин көлөмү 2675 км барабар бардык узундуктагы курулуш жана реабилитациялык иштери аякталгандан кийин (Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолдорун - 433 км эске алуу менен) жыл сайын төмөнкүдөй курамда аткарылууга тийиш: 147 км дан кем эмес асфальт бетон төшөлмөлөрүнүн капиталдык ремонту 535 км дан аз эмес асфальт бетон төшөлмөлөрүнүн орточо ремонту, ремонттордун мындай көрсөткүчтөрүнүн параметрлерине 2032-жылы жетишилет, анткени эл аралык автотранспорт коридорлорун реабилитациялоо 2023-2024-жылдарга карата аяктоо пландаштырылууда.
Ошондой эле Ош шаарынын узундугу 28 км түзгөн айланма жолун куруу үчүн инвестиция тартуу маселесин иштеп чыгуу зарыл.
Бул багыттагы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин ишин баалоонун индикатору эл аралык автотранспорт коридорлорунун техникалык абалын 2014-жылы эң жакшы жана жакшы абалдагы 65%дан 2025-жылга карата 100%га чейин жеткирүү болуп саналат.
Инвестициялар жана тутуу боюнча иш-чаралардын планы № 3 тиркемеде.
5.2.2. Мамлекеттик жана жергиликтүү автомобиль жолдорунун өнүгүшү
Көрсөтүлүп өткөндөй мамлекеттик жана жергиликтүү автомобиль жолдорундагы жүк ташуулар өтө төмөн. Ага жараша республикалык бюджеттен жолдордун ремонтуна жана аларды күтүүгө бөлүнгөн каражаттардын чектелүүлүгүн эске алганда, мамлекеттик жана жергиликтүү автомобиль жолдорунда транспорт каражаттары жана башка жол пайдалануучулар үчүн коопсуздук боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү автомобиль жолдорунда минималдуу талаптарды камсыздоо зарыл. Калктуу конуштардын ичиндеги төшөлмөлөрдү өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Калктуу конуштардан тышкары да жолдогу жүк ташууларга жараша жол участокторунун төшөлмөлөрүнүн типтерин кайра караштыруу зарыл.
Автомобиль жолдорунун ремонту жана аларды күтүү жол-ремонттук иштердин артыкчылыгына ылайыктуу ишке ашырылат, ал төмөнкүдөй негизги критерийлерге көз каранды келет:
- автомобиль жолдорунун категориялары;
- автомобиль жолдорундагы жүк ташуулардын көлөмү (кыймылдын интенсивдүүлүгү);
- техникалык абалы;
- калктуу конуштун калкынын саны;
- социалдык жана медициналык кызмат көрсөтүүлөр объекттеринин жетиштүүлүгү;
- өнөр жай объекттеринин жетиштүүлүгү;
- саясий факторлор.
Автомобиль жолдорунун абалынын мониторинги боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорунда жол иштеринин планында толугураак баяндоо үчүн автомобиль жолдорунун мындай негизги критерийлерин баалоо милдеттүү эсепке алынат. Автомобиль жолдорунун абалынын мониторингине өзгөчө көңүл бурулат. Мындай иш-чара стабилдүү каржыланууга тийиш. Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук акты жол тармагы боюнча ар бир 5-6 жылдагы милдеттүү мониторингдик изилдөө иштерин камтышы керектиги болжолдонот, мындай иштердин натыйжалары техникалык саясатты оңдоп-түздөө жана тиешелүү зарыл чараларды көрүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол ишин баалоого кызмат өтөйт.
5.2.3. Автомобиль жолдорундагы кыймылдын коопсуздугун жогорулатуу
Автомобиль жолдорундагы кыймылдын коопсуздугун жогорулатуу боюнча саясат Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин коллегиясынын 2014-жылдын 12-декабрындагы № 32 токтому менен жактырылган 2015-2020-жылдарга жол кыймылынын коопсуздугу боюнча программага ылайык ишке ашырылат.
Мындай программаны ишке ашыруу боюнча сунушталган аракеттер № 3 тиркемеде баяндалган.
Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдарда жагымсыз табигый шарттарда транспорт агымын натыйжалуу башкаруу үчүн жолдордун ашуу участокторунда 2015-2016-жылдары автомобиль жолдорунун кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик органдар менен макулдашууда республиканын ашуу участокторунда жол кыймылынын атайын эрежелери боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу пландаштырылган.
(JICA) Япон Эл аралык кызматташтык агенттиги менен бирдикте ар кандай долбоорлордун алкагында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги жер көчкү, таш көчкү, сел, кар көчкү ж.б. сыяктуу жолдордогу өзгөчө кырдаалдарга бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүсүн улантат.
5.2.4. Сапатты башкаруу системасын өнүктүрүү
Жол тармагындагы аткарылган иштердин сапатын башкарууда Заказчы-Инженер-Подрядчы схемасы пайдаланылат. Мындай схеманын иштөөсү бир катар ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат: "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, "Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруудагы, ремонттоодогу жана күтүүдөгү туруктуу техникалык контролдоо жүргүзүүнүн жоболору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 742 токтому. Каражаттарды туруктуу техникалык контролдоону пландаштыруу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин буйругу менен бекитилген методикага ылайык ишке ашырылат.
Көз карандысыз инженерди аткарылган иштердин сапатын контролдоо үчүн ишке тартылуу сапаттуу башкаруу системасын өнүктүрүү жалпы дүйнөлүк тенденция болуп эсептелет. Сапатты башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча иштер улантылат. Бул негизинен Заказчы, инженер жана Подрядчылардын ортосундагы өз ара мамилелерди регламенттөөгө тиешелүү.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатынын мониторинги үчүн, анын ичинде мындай кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө өзүн жаманаттыга калтырган начар инженер-консультанттары үчүн инженер-консультанттар (жеке жана юридикалык жактар) боюнча маалыматтар базасын түзүү жана жүргүзүү зарыл, бул туруктуу техникалык көзөмөл тендерин жүргүзүүдө инженер-консультанттарды тандап алууга кыйла дыкаттык менен мамиле жасоого мүмкүндүк берет.
Сапатты натыйжалуу контролдоону жогорулатуу үчүн 2017-2020-жылдардын ичинде эки мобилдүү жол лабораториялары сатылып алынат. Мындай жабдууларды инженер-консультант менен бирдикте автомобиль жолдорунун техникалык абалын инспекциялык текшерүүлөр үчүн пайдалануу керек. № 8 тиркеме.
5.2.5. Техникалык каражаттарды өнүктүрүү
Жол тармагынын муктаждыктары үчүн азыркы техникалык каражаттарды пайдалануу негизинен бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуунун зарылдыгы, жол техникасын, жабдууларды пайдаланууга жана өзгөчө кырдаалдар учурунда жол кызматынын мобилдүүлүгүн жогорулатууну контролдоонун зарылдыгынан улам талап кылынат.
Жол техникасын пайдаланууну контролдоо боюнча пилоттук долбоор Бишкек-Ош автожолдорунун мамлекеттик дирекциясында киргизилген. Жол техникасында жана жүк автомобилдеринде GPS көрсөткүчү орнотулган. Алдын ала маалыматтар боюнча мындай чаралар 20% өлчөмүндө күйүүчү майды үнөмдөө түрүндөгү натыйжаларды азыр эле бере баштады.
Ошондой эле Бишкек-Ош автожолунун 80 км автотранспорт каражаттарынын кыймылынын интенсивдүүлүгүн автоматтык эсептөө көрсөткүчтөрү орнотулган, бул Бишкек-Ош автожолу боюнча тоннель аркылуу өтүү үчүн жыйымдарды чогултуу 26-28%га жогорулады.
Кыйла узакка чыдамдуу жана экономикалык долбоорлорду жана өзгөчө төшөөлөрдү модернизациялоо үчүн тармакта колдонулган стандарттарды жана ченемдерди жаңылоо боюнча комплекстүү программа жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу министрлик төмөнкүлөрдү изилдеп чыгат:
- көтөрүүчү жөндөмдүүлүктү жана узак мөөнөттүүлүктү көбөйтүү үчүн майда шагыл-мастик аралашмаларын жана башка азыркы асфальт-бетон төшөлмөлөрүн колдонууну;
- жол берилген өзөктүү күч келтирүү жана контролдоо методдорун кайра караштырууну;
- узундугу 20 м ашуун алдын ала чыңалуу бетондон курулган көпүрөлөрдү долбоорлоонун жана куруунун жаңы технологияларын изилдөөнү жана иштеп чыгууну;
- реабилитациялоо иштери жүргүзүлүп жаткан эл аралык жолдордун участокторундагы өзгөчө кырдаалдарга бөгөт коюу боюнча технологияларды киргизүү.
Министрлик тарабынан борбордоштурулган координациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин иш-аракеттерин контролдоонун техникалык каражаттарын киргизүү жана өнүктүрүү боюнча төмөнкү иш-чараларды көрөт:
- автотранспорт коридорлорунда жана мамлекеттик маанилүү автожолдорунун айрым участокторунда жана автотранспорт кыймылынын интенсивдүүлүгүн эсептөө;
- автомобиль жолдорунун техникалык параметрлерин ченөө;
- жол техникасын жана жабдууларды пайдаланууну контролдоо;
- жол пайдалануучулардын автожолдордун абалы жөнүндө билдирүүлөрүн каттоо;
- кыймылдагы салмагын ченөө системасын жана башка жаңы технологияларды жаңылоо аркылуу автотранспорт каражаттарынын параметрлерин контролдоо;
- жол пайдалануучулардан жыйымдарды алуу.
2025-жылга карата жол-курулуш техникаларынын жана жабдууларынын негизги түрлөрүн GPS көрсөткүчтөрү менен толук жабдуу пландаштырылууда.
Техникалык каражаттарды киргизүүгө жана өнүктүрүүгө жыл сайын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун ремонттоого жана күтүүгө бөлүнүүчү каражаттардын 1,5%га чейинки өлчөмүндө техникалык каражаттарды жумшоо пландаштырууда.
5.2.6. Жергиликтүү коомчулуктарды жергиликтүү автомобиль жолдорун ремонттоого жана күтүүгө тартуу
Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын көлөмү жол тармагын толук эмес каржылоо шарттарында артыкчылыктуу автомобиль жолдорун сапаттуу ремонттоого жана күтүүгө топтоо, жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорун ремонттоого жана күтүүгө жергиликтүү коомчулуктардын өз ара аракеттенүү формаларын киргизүү - аргасыз чара, бул экинчи жактан алганда дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй жергиликтүү автожолдорун башкаруунун эң натыйжалуу планы. Мындай өз аракеттенүүдө аткарылган иштердин сапаты үчүн жолдорун жергиликтүү пайдалануучулардын жоопкерчилиги жогорулайт, башкача айтканда өзүн контролдоо жүзөгө ашырылат.
Министрлик тарабынан жергиликтүү маанидеги автожолдорду ремонттоо жана күтүү боюнча жергиликтүү коомчулук менен өз ара аракеттенүүнүн эң натыйжалуу формалары изилденет жана киргизилет.
Асфальт бетон төшөлгөн автомобиль жолдору эң квалификациялуу персоналды жана азыркы технологиядагы жабдууларды талап кылат, ошондуктан жергиликтүү коомчулуктар шагыл төшөлгөн автомобиль жолдорун жана жергиликтүү маанидеги кара автомобиль жолдору үчүн гана ишке тартылат.
Мындай максаттар үчүн жыл сайын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун ремонттоого жана күтүүгө бөлүнгөн каражаттардын 0,5%ын бөлүү пландаштырылууда. Республикалык бюджеттен каржылоонун көбөйгөнүнө жараша бөлүштүрүлгөн каражаттар кайра каралып турат.
5.2.7. Жол боюндагы сервистин өнүгүшү
Жол боюндагы сервистин өнүгүшү туристтик өлкө катары Кыргыз Республикасынын жагымдуулугун жогорулатуу куралдарынын бири болуп саналат.
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2016-2018-жылдарда жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору үчүн бөлүнгөн жерлерди мамлекеттик каттоону жүргүзөт.
Жол боюнча сервисти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жол боюндагы сервис чөйрөсүндөгү ишкерлер үчүн салыктык жеңилдиктерди жана башка преференцияларды алуу багытындагы иштер жүргүзүлөт.
Жол боюнча сервис объекттерин жайгаштыруудагы техникалык шарттарды берүү боюнча жумуштарды иретке салуу үчүн жол боюндагы сервис объекттерин жайгаштыруунун башкы схемасы иштелип чыгат жана бекитилет. № 8 тиркеме, п.6.
Министрлик тарабынан жол боюндагы сервистен келип түшкөн каражаттарды жол боюндагы объекттерди ремонттоого жана күтүүгө жумшоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечими демилгеленет, алар ишкерлер үчүн чыгашалуу болуп саналат (коомдук туалеттерди куруу жана күтүү, шарттары бар автостоянкалар, туристтер үчү'н атайын белгилер, сезондук медпункттар ж.б.).
5.2.8. Автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо
Автомобиль жолдорун курууга жана ремонттоого кыйла көп каражаттар чыгымдалат жана жол тармагынын негизги бири анын сакталышын камсыздоо, ошондой эле автомобиль жолдорунун транспорт каражаттарынын кыймылынын коопсуздугу менен өз ара байланышта болуу.
Мындай тармактын ишин жөнгө салуучу кеңейтилген ченемдик укуктук база түзүлгөн жана жетиштүү иштөөдө:
- жалпы массасы боюнча өзөктүү күч келтирүү жана башка линиялык параметрлер боюнча жол берилген нормадан ашкан транспорт каражаттарын өтүүсүнө тыюу салуучу ченемдер "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында киргизилген;
- жол пайдалануучулардын ашыруулары үчүн жоопкерчилиги "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" кодексте жөнгө салынган;
- жол берилген чектөөлөр жана транспорттук каражаттардын салмагын тартуу үчүн жыйымдарды алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен жөнгө салынат.
Автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо боюнча ишти ишке ашырууда пайда болгон бардык маселелерди иш жүзүндө козгоочу жана жөнгө салуучу мындай кеңири ченемдик укуктук базага карабастан дале болсо көптөгөн проблемалар, эң оболу пайдалануучулар тарабынан мыйзамдарды сактоо жана контролдоочу органдар тарабынан сактоо боюнча проблемалар сакталып калууда.
Мындай проблемаларды чечүү үчүн министрликтин саясаты салмактуу процессин толук автоматташтырууга жана транспорт каражаттарын салмактоо үчүн акы төлөөнү алууга багытталат. Жолдорду пайдалануучулардын ыңгайлуулук үчүн салмактоо үчүн жыйымдарды алуу жана жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптарды алуунун жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу органдар менен бирдиктүү карточкалык системасын түзүү маселесин иштеп чыгуу пландаштырылууда.
Мындан тышкары, министрлик тарабынан жол берилген салмак габариттик ченемдерди системалуу бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу жөнүндө ченемдик укуктук акты демилгеленет.
2025-жылга карата автоматташтырылган салмак-көлөмүн көзөмөлдөө пункттарынын саны 12 бирдикке чейин жеткирилет. Бул максаттар үчүн жыл сайын салмак-көлөмүн көзөмөлдөө пункттарын автоматташтырууга 14-15 млн. сомдон кем эмес каражат бөлүштүрүү зарыл.
5.2.9. Финансылык пландаштыруу
2015-2025-жылдарда финансылык пландаштырууну түзүүдө төмөнкүлөр эске алынат:
- 2013-2017-жылдардагы Туруктуу өнүгүү улуттук стратегиясына ылайык жол иштеринин көлөмү;
- 2015-2017-жылдарда орто мөөнөттүү бюджеттин болжолу боюнча каражаттардын көлөмү;
- Эл аралык финансы институттары менен кол коюлган кредиттик макулдашуулар;
- автомобиль жолдорунун жана жол курулмаларынын абалынын мониторингдик техникалык маалыматтары.
Бул бөлүмдө берилген пландаштырылган каражаттардын көлөмү бир аз өзгөртүлүшү мүмкүн. Жыл сайын бөлүнүүчү финансылык каражаттардын көлөмү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине көз каранды эместиктен улам, министрлик тарабынан чыгашалардын түрлөрү боюнча киргизилген параметрлер максималдуу кармалат.
Узундугу 1095 км эл аралык транспорт коридорлорунун участокторун калыбына келтирүү боюнча колдонуудагы жана пландаштырылган долбоорлор үчүн финансылык каражаттардын жалпы керектелиши 1 млрд. 611 млн. АКШ долларын түзөт, анын ичинде 1 млрд. 177,93 млн. АКШ доллары үчүн каржылоо булактары аныкталган. 433,07 км автомобиль жолдорун реабилитациялоо үчүн 177 млн. 93 миң АКШ доллары көлөмүндөгү каражат тартуу зарыл. Каражаттары көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлор боюнча толук маалымат № 3 тиркемеде берилген.
10-сүрөт: Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу графиги
11-таблица: Жол тармагынын каражаттарга муктаждыгы жана республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү
Жылдар | Каражаттарга муктаждыгы, миң сом | Бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү, миң сом | Каржылоонун камсыздыгы, % |
2016 | 5247,86 | 2202,30 | 42% |
2017 | 5457,77 | 2284,40 | 42% |
2018 | 5771,06 | 2375,78 | 41% |
2019 | 5979,68 | 2470,81 | 41% |
2020 | 6416,57 | 2569,64 | 40% |
2021 | 6850,85 | 2672,42 | 39% |
2022 | 7347,12 | 2779,32 | 38% |
2023 | 7602,00 | 2890,49 | 38% |
2024 | 8026,26 | 3006,11 | 37% |
2025 | 8684,71 | 3126,36 | 36% |
12-таблица: Жол тармагын каржылоонун ар кандай көлөмдөрүндөгү каражаттарды бөлүштүрүү сценарийи:
Ремонттун түрү | Каржылоонун көлөмдөрүнө жараша каражаттарды бөлүштүрүү | |||||
Капиталдык ремонт | Бөлүштүрүү жок | Керектөөнүн 18%ы | Керектөөнүн 41% | Керектөөнүн 87%ы | 100% | |
| 7,8 | 17,8 | 37,8 | 43,3 | ||
Орточо ремонт | Жергиликтүү а/ж 82%га төшөлөт |
|
|
| 100% | |
20,6 | 22,8 | 22,8 | 22,8 | 22,8 | ||
Учурдагы ремонт | 7,5 | 7,5 | 7,5 | 7,5 | 100% 7,5 | |
Күтүлбөгөн кырдаалдар |
|
|
|
| 100% | |
1,0 | 1,0 | 1,0 | 1,0 | 1,0 | ||
Каржылоонун көлөмү | Млн. $ |
|
|
|
| 100% |
30,0 | 40,0 | 50,0 | 70,0 | 78,9 | ||
Млн. сом | 1917,0 | 2556,0 | 3195,0 | 4473,0 | 5046,02 | |
11-сүрөт: Дефицит, бюджеттин болжолу жана керектөөлөр
Эгерде учурдагыдай деңгээлде каржылоону уланта берсек (керектөөнүн 40%ы), анда жолдор орто жана капиталдык ремонттун көлөмдөрүнүн жетишсиздигинен улам бузула берет.
Жолдорду күтүүнүн каржылоонун азыркы деңгээли 30-40 млн. АКШ долларга эквиваленттүү, ал эми керектөө 100 млн. ашуун АКШ долларын түзөт. Орто мөөнөттүү бюджеттин болжолуна ылайык каржылоонун ушундай деңгээли сактала берет.
Күтүүнү каржылоонун дефицити жыл сайын 60тан 70 млн. чейин АКШ доллары өлчөмүндө, аны ар кайсы булактардан жабууга болот:
- жол пайдалануучулардан жыйымдарды мүмкүн болсо көбүрөөк жол тармагын сактоо керек (азыркы учурда алардын суммасы 238 млн. АКШ долл. түзөт), аларды Өкмөт жол пайдалануучулардан чогултат (башка тармактарда бөлүштүрүү каралганга чейин каражаттарды бөлүштүрүү артыкчылыгы);
- жол пайдалануучулардан жыйымдардын деңгээлинин жана структурасынын көрүнүшү;
- Күтүүнү каржылоонун потенциалдуу булактары катары же концессия боюнча күтүүнүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун баштоо.
Жолдордун абалынын мындан ары начарлашынан арылуу үчүн капиталдык инвестицияларды тартууну уланта берүү маанилүү.
5.3. Мамлекеттик-жекече өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча чаралар
5.3.1. Мамлекеттик-жекече өнөктөштүк саясатын өнүктүрүү
Акыркы жылда Өкмөт негизги жолдорду өркүндөтүүгө жана анклавдардын чек ара аймактарын айланып өтүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык мамлекеттик-жекече өнөктөштүктү өнүктүрүүгө ылайык республикалык бюджеттин түйшүгүн жеңилдетүүнүн куралы болуп бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн Мыйзам кабыл алуу зарыл. 2012-жылдагы "Мамлекеттик-жекече өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен кабыл алынган мыйзам алдындагы актылар МЖӨ долбоорлорун даярдоодо жана ишке ашырууда пайда болгон бардык иш жүзүндөгү маселелерди жөнгө салат.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун киргизүүнүн бирден бир жана маанилүү жетишпеген шарты "Мамлекеттик-жекече өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында мындай ченем бар экендигине карабастан, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруудагы башкаруу коркунучтары үчүн атайын фонддун жоктугу болуп саналат.
ЖТӨНБ-2025 алкагында жол тармагындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча эки пилоттук долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу каралат. Пилоттук долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги коркунучтарды башкаруу боюнча убактылуу атайын фондду түзүүгө тийиш.
Долбоорлор кыргыз стандарттарына ылайык келген жогорку стандарттары чектелүү кирүү жолдору болуп калат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагындагы жекече өнөктөш тарабынан иштелип чыгат жана башкарылат, алар 2012-жылдагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамга ылайык аткарылат. Долбоорлор талаптагыдай түрдө, анын ичинде эл аралык үлгүдөгү техникалык-экономикалык негиздемеси менен даярдалат жана атаандаштык жана ачык негизде ишке ашырылат.
5.3.2. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча пилоттук долбоорлордун кыскача баяндалышы
5.3.2.1. Кувакы ашуусу
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча биринчи долбоор - Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Кувакы ашуусу участогун (мындан ары - Долбоордук жол) акы төлөө негизине которуу.
Узундугу 25,68 км долбоордук жол Бишкек-Нарын-Торугарт 147 км - 173 км автожолунун бир бөлүгү болуп саналат. Азыркы учурда Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу башкармалыгынын № 955 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тейленүүдө. Балыкчы шаары аркылуу 147 км - 214 км участогунун узундугу 67 км. Жолдун кыскарылышы 41 км түзөт.
Участокту реабилитациялоо 2013-жылдын башында аякталган. Реабилитациялык иштердин жалпы наркы 13,1 млн. АКШ долл. түзгөн.
Бул долбоор төмөнкү принциптер боюнча ишке ашыруу сунушталат:
Жекече өнөктөш автоматташтырылган жабдууларды жеткирүүнү камсыздайт, алар транспорт каражаттарынын салмак габариттик параметрлерин автоматтык ченөөнү жүргүзүшөт, өтүү үчүн акы төлөөнүн эсеби салмак габариттик параметрлерге жараша төлөнөт жана Долбоордук жол аркылуу төлөө алынат. Каражаттар атайын эсепте топтолот. Каражаттардын бир бөлүгү жабдууларды жана долбоордук жолду күтүүгө жумшалат (утурумдук жана орточо ремонт), бир бөлүгү - жабдууларды жеткиргендиги үчүн жеке өнөктөштүн чыгымдарын жабууга жумшалат.
Кошумча маалымат № 4 тиркемеде.
5.3.2.2. Өзгөн шаарынын айланма автожолу
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча экинчи долбоор - Бишкек-Ош автожолунун бир бөлүгү катары Өзгөн ш. айланма автожолун куруу (мындан ары - Долбоордук жол).
Бишкек-Ош автожолу Өзгөн шаарынын аймагы аркылуу өтөт. Өзгөн шаарынын борборундагы транспорт каражаттарынын кыймылынын жогорку интенсивдүүлүгүнөн улам транспорт каражаттарынын такай камалышы пайда болот. Кыймылдын интенсивдүүлүгү азыркы учурда төмөнкүлөрдү түзөт: Өзгөн-Ош багыты боюнча - суткасына 14146 авто; Өзгөн - Жалал-Абад багыты боюнча - суткасына 10700 авто (Бишкек-Ош автожолунун мамлекеттик дирекциясынын 2015-жылдын 4-августундагы маалыматы боюнча. Кыймылдын мындай интенсивдүүлүгү ЖТӨНБ-2025 тиркелет).
"Кыргызжолунаадолбоор" долбоордук-изилдөө институту тарабынан Өзгөн шаарынын айланма автожолун куруунун 4 варианты сунушталган (ЖТӨНБ-2025 тиркемеси). Курулуштун алдын ала наркы 7ден 15 млн. АКШ доллары чектеринде болжолдонот.
Эл аралык техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу жана финалдык тандап алууга чейин курулуштун толук долбоорун иштеп чыгуу зарыл. Өзгөн шаарын айланып өтүүнүн варианттарынын схемасы № 4 тиркемеде.
5.3.2.3. Алматы - Ысык-Көл
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн мүмкүн болгон үчүнчү долбоору Алматы (Казакстан) жана Ысык-Көлдүн ортосундагы түз байланыштыруучу жол. Алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме 2008-жылы жүргүзүлгөн. Долбоор жаңы коридорду ачууга багытталган, ал Алматыдан Ысык-Көл облусуна барчу жолду олуттуу кыскартат.
Долбоордук коридор жогорку сүрөттө келтирилген. Консультант трассалоонун үч альтернативасын изилдеген: кызыл, жашыл жана көк. Куруунун наркы жана долбоорлорду башкаруу 91 млн. 114 млн. АКШ долларын түзөт.
Долбоор Евразия бирлигинин кызматташтыгынын натыйжасында жаңы импульска ээ болду. Акыркы чечимди кабыл алуу үчүн жаңыртылган жана кеңейтилген техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо зарыл.
5.3.2.4. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн башка потенциалдуу долбоорлору
Азыркы учурда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн бир нече долбоорлору талкууланууда, анын ичинде Бишкек-Чалдовар альтернативалуу жолу, аны изилдөө бир нече жолу жүргүзүлгөн жана Кеминди айланып өтүү жолу, андагы кыймылдын интенсивдүүлүгү жетиштүү. Эки долбоор үчүн техникалык-экономикалык Негизди жүргүзүү зарыл,
5.3.2.5. Натыйжаларга негизделген күтүү контракты
Кыргыз Республикасы жолдорду реабилитациялоо боюнча иштерге көп каражаттарды жумшады. Жолдордун туруктуу абалына жетишүү үчүн күтүү натыйжалуу болууга тийиш. Ошондуктан күтүүнү каржылоону камсыздоо, майнаптуу күтүүнү камсыздоо - татаал маселелер. Бир нече долбоорлор жана консультанттар жолдорду күтүүнү башкаруу системасына өзгөртүү киргизүүнү жана контракттарды түзүүнү сунушташкан. Өкмөт Жол тейлөө ишканаларын коммерциалаштыруудан башка мындай сунуштарды эске алган. Күтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу өзүбүздүн күчтөр менен ишке ашырылат.
Башка өлкөлөрдө күтүүгө кеткен чыгымдардын чоң натыйжалуулугуна жетишүү үчүн бир нече мүмкүнчүлүктөрдү байкап көрүшкөн. Натыйжага багытталган тейлөөнүн (НБТ) аутсорсинги (күтүү боюнча иштерди подрядчыга өткөрүп берүү) практикаланган өлкөлөрдө кеңири белгилүү болууда. НБК тибиндеги контракттарды элүүдөн ашык өлкөдө колдонот. Мындай контракттык система негизинен оңдуу натыйжаларды берген (жол пайдалануучулар үчүн натыйжалуу, майнаптуулугу көбүрөөк). Натыйжага багытталган, контракттарды (НБКК) түзүү жол активдерин башкаруунун жана күтүүнүн майнаптуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга арналат. Мындай система контракт боюнча тейленүүчү жолдордун физикалык абалын, контракт колдонулган бардык мезгилдин ичинде жол пайдалануучулардын керектөөлөрүнө ылайыктуулукту камсыз кылууга тийиш, ага жетүү адатта бир нече жылды түзөт. Контракттын мындай түрү жекече сектордун ролун иштерди жөнөкөй аткарылган жол активдерин башкарууга жана сактоого чейинки ролун кыйла жогорулатат.
Натыйжага багытталган тейлөө контрактты ийгиликтүү аткарууну стимулдоого мүмкүндүк берет. Тоорук процессинде подрядчылар бири-бири менен атаандашып, жолдорду күтүүнү белгилүү бир деңгээлге жеткирүүдө күтүүнүн белгилүү бир деңгээлиндеги иштерди белгиленген жылдагы бааларды жана салыштырмалуу узак мезгил ичинде мындай деңгээлде күтүүнү сунушташат. Подрядчыга акы төлөө "өндүрүш иштеринин чыгымдары" же физикалык иштер үчүн эмес, күтүүнүн белгилүү бир деңгээлине жетишүү үчүн ишке ашырылат, башкача айтканда жолдорду мурда эле аныкталган деңгээлдерде кармоо үчүн акы төлөнөт. Күтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр контракт боюнча жолдордогу кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү бир деңгээлин камсыздап, ал акыркы натыйжаларды чагылдырат.
2016-жылдан тартып Негизги багыттарды ишке ашыруунун башталышында натыйжага багытталган тейлөөнүн пилоттук контракты ишке ашырылат. Пилоттук долбоордун жүрүшүндө топтолгон тыянактардын жана тажрыйбалардын негизинде пилоттук долбоорду узартуу же натыйжага багытталган тейлөөнүн өзгөртүлгөн үлгүсүн, же болбосо күтүүгө контрактты түзүүнүн башка үлгүсүн пайдалануу чечими кабыл алынат.
5.4. ЖТӨНБ-2025 ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы
Министрлик жогоруда аталган иш-чараларды ишке ашыруу боюнча проблемаларды тез жана сапаттуу чечүү үчүн убактылуу инженердик-эксперттик топту түзөт. Атайын изилдөөлөрдү талап кылбаган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун негизги бөлүгү инженердик-эксперттик топ тарабынан иштелип чыгат, калгандары тендерге коюлат.
ЖТӨНБ-2025 ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планы жана баалоо индикатору № 8 жана № 9 тиркемелерде келтирилген.
6. Күтүлүүчү натыйжалар
ЖТӨНБ-2025 ишке ашыруу тармакты өнүктүрүүдөгү оңдуу тенденцияны көрсөтөт.
Атап айтканда, жол тармагын реформалоо заказчы менен подрядчынын функцияларын бөлүштүрүү аркылуу бюджеттик каражаттарды пайдаланууда ачык-айкындыгына жана натыйжалуулугуна жетишүүгө; - жол тармагын башкаруу системасын оптималдаштырууга; - жана ченемдик укуктук актыларды ылайык келтирүүгө мүмкүндүк берет.
Автожолдордун утурумдук ремонтун күтүү боюнча иштерин жүргүзүүнүн жетишсиздиги автожолдорду реабилитациялоонун зарылдыгына алып келет, бул белгилүү болгондой олуттуу чыгымдарды талап кылат. Жол тармагын каржылоонун жетиштүү шарттарын (керектөөнүн 50%-55%на каршы) аларды талап кылынган ченемдик деңгээлде кармоого мүмкүндүк берет.
Сапаттуу автомобиль жолдору жол кыймылынын коопсуздугун кыйла жогорулатууда, жол боюндагы сервисти өнүктүрүүгө, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берип, анын аркасында калктык социалдык-экономикалык абалына оңдуу таасир берет.
Жол тармактарын жетиштүү каржылоо жыл сайын иштердин төмөнкүдөй көлөмдөрүн аткарууга мүмкүндүк берет:
150 км узундуктагы асфальт бетонду төшөө менен автомобиль жолдорунун капиталдык ремонтун жүргүзүүгө, 300 км быдырлуу-кыртышын иштетүү түзүлүштөрү аркылуу автожолдордун эскирген катмарын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет.
Жол тармактарындагы инвестициялык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу эл аралык транспорт коридорлор тармагын сактоого жана өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет, бул калктын турмушунун сапатына түздөн-түз таасир көрсөтөт. Мисалы, 2025-жылдарга карата 1650 км эл аралык транспорт коридорлорун реабилитациялоо пландаштырылууда.
Жол тармагындагы мамлекеттик-жекече өнөктөштүктү өнүктүрүү жол чарбасын каржылоонун кошумча булактарын издеп табууга жана өлкөнүн бюджетинин түйшүгүн төмөндөтүүгө көмөк берет.
7. Жагымдуу өбөлгөлөр жана коркунучтар
2013-2017-жылдарда өлкөнүн Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык азыркы учурда автомобиль жолдорун реабилитациялоо боюнча инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда, өлкөнүн транспорттук көз карандысыздыгын камсыздоо жана автомобиль жолдорунун ички тармагын сактоо жана жакшыртуу боюнча иш жүргүзүлүүдө.
БАРЭК соода жана транспорттук катнашты өнүктүрүү үчүн тоскоолдуктарды жоюу боюнча иш-аракеттер планынын чектеринде азыркы учурда Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу, Ош-Баткен-Исфана автожолу эл аралык транспорт коридорлору реабилитацияланууда. "Түндүк-Түштүк" альтернативдүү жолун, Суусамыр-Талас-Тараз биринчи фазасы, Бишкек-Ош ж.б. куруу башталган.
2012-жылдын 22-февралында "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзам кабыл алынган, ал мамлекеттик жана жекече сектордун өз ара мамилесин жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн башка аспекттерин колдонуу тармагын жөнгө салат. Азыркы учурда донорлор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоодо практикалык жардам көрсөтүшүүдө. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун алга жылдыруу боюнча иш Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан координацияланат.
2025-жылга чейин жол тармактарын өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын максаттарын ишке ашыруудагы негизги коркунучтар төмөнкүлөр:
- тармакты жетишсиз жана өз убагында каржылоо;
- ченемдик-укуктук актылар долбоорлорун бекитүү жол-жоболорунун узактыгы;
- жол тармагын реформалоонун жаңы шарттарында Жол тейлөө ишканаларынын өз алдынча иштөөгө даяр эместиги.
8. Тиркемелердин тизмеси
1-тиркеме | Функцияларды кайра бөлүштүрүү |
2-тиркеме | Жол коопсуздугу боюнча иш-чаралар |
3-тиркеме | Инвестициялар жана күтүү боюнча иш-чаралар планы |
4-тиркеме | Схемалар жана карталар |
5-тиркеме | ЖТӨНБ-2025 ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы |
6-тиркеме | ЖТӨНБ-2025 ишке ашырууну баалоонун индикаторлору |
(1) ЖАБСтын маалыматтар базасынан алынган маалыматтар, 2014-жылдын декабры.
№ 1 тиркеме
Функцияларды кайра бөлүштүрүү
№ | Негизги функциялар | Азыркы учурда (жоболорго ылайык) | Функцияларды кайра бөлүштүргөндөн кийин | |||||||
ТКМ | ЖЧД | АЖӨТБ | ЖТИ | ТКМ | Агентство | АЖӨТБ | ЖТИ | Инженер | ||
1 | Өнүктүрүү саясатын түзүү | 1 |
| 3 |
| 1 | 3 | 3 |
|
|
2 | Ченемдик-укуктук актылар долбоорлорун иштеп чыгуу | 1 | 3 |
|
| 1 | 3 |
|
|
|
3 | Тармакты жыл сайын каржылоону түзүү | 1 | 3 |
|
|
| 1 | 3 |
|
|
4 | Инвестицияларды тартуу | 1 | 3 |
|
| 1 | 3 |
|
|
|
5 | Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу | 1 |
|
|
| 1 |
|
|
|
|
6 | Илимий-изилдөө, долбоордук-технологиялык иштерди уюштуруу | 1 |
|
|
| 2 | 1 |
|
|
|
7 | Автожолдордун абалына мониторинг жүргүзүү | 1 |
| 1 |
| 2 | 1 | 3 |
|
|
8 | Ведомстволук уюмдардын финансылык-чарбалык иштерин талдоо | 1 |
| 1 |
| 1 | 3 |
|
|
|
9 | Республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүштүрүү функциясы | 1 | 1 |
|
| 2 | 1 | 3 |
|
|
10 | Тендерлерди өткөрүү жана товарларды жеткирүүгө, иштерди аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө заказдарды жайгаштыруу үчүн келишим түзүү | 1 | 1 |
|
|
|
|
|
|
|
10.1 | КР ТКМ борбордук аппаратынын муктаждыктары үчүн товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу |
|
|
|
| 1 |
|
|
|
|
10.2 | Тармактын муктаждыгы үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу |
|
|
|
| 1 | 1 |
|
|
|
10.3 | Тармактын муктаждыгы үчүн иштерди сатып алуу |
|
|
|
|
| 1 | 4 |
|
|
10.4 | Тармактын муктаждыгы үчүн товарларды сатып алуу |
|
|
|
| 2 | 3 |
| 1 |
|
11 | Тармактык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу |
| 1 |
|
| 2 | 1 | 3 |
| 1 |
12 | Автомобиль жолдорун эсепке алуу |
| 1 |
| 1 | 2 | 1 | 3 |
|
|
13 | Жол иштери үчүн техникалык көзөмөлдү ишке ашыруу |
| 1 | 1 |
|
| 2 | 3 |
| 1 |
14 | Автожолдорду эксплуатациялоого кабыл алуу | 1 | 3 |
|
| 1 | 3 | 3 |
|
|
15 | Автожолдордун курулушу, ремонту жана аларды күтүү долбоорлорун даярдоо |
| 3 |
|
| 2 | 1 | 3 |
|
|
16 | Аткарылган жол иштерин кабыл алуу |
| 1 |
|
|
| 2 | 3 |
| 1 |
17 | Бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну контролдоо | 1 |
|
|
|
| 1 | 4 | 3 |
|
18 | Автожолдорду ремонттоо жана күтүү боюнча иштерди ишке ашыруу |
|
| 1 | 1 |
| 2 |
| 4 |
|
19 | Автожолдордун ремонту жана аны күтүү боюнча жылдык пландарды түзүү |
|
| 1 |
| 2 | 1 | 3 | 3 |
|
20 | Жол техникаларын жана жабдууларды натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо |
|
| 1 | 1 |
| 2 | 3 | 4 |
|
Эскертүү: № 10 функция кайра бөлүштүрүлгөндөн кийин 10.1, 10.2, 10.3 жана 10.4 түзгөн 4 бөлүккө бөлүнөт.
Шарттуу белгилер: | - түздөн-түз аткаруу - 1; |
| - функцияларды контролдоо же аткарылышын координациялоо - 2; |
| - функцияларды аткарууга катышуу же көмөк көрсөтүү - 3; |
| - контракт боюнча - 4. |
№ 2 тиркеме
Кыска убакытта иштеп чыгара турчу ченемдик-укуктук, ченемдик-техникалык актылардын ТИЗМЕСИ
№ | Иш-аракеттердин негизги түрлөрү | КР Мыйзамы | Мыйзамдардагы ченем | Жол иштерин жөнгө салуучу мыйзам алдындагы актылар |
1 | Жолдорду классификациялоо | "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | Бар | - Эл аралык жана мамлекеттик мааниси бар Кыргыз Республикасынын аймагындагы автомобиль жолдорунун тизмегине өзгөртүү киргизүү зарыл |
2 | Автожолдордун абалын мониторингдөө | "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | Жок | - Баалоо критерийлери менен автожолдордун абалын мониторингдөө боюнча колдонмону иштеп чыгуу жана бекитүү зарыл |
3 | Жол иштерин пландоо | "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | Жок | - Жол иштерин пландоо жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана жактыруу зарыл |
4 | Бюджеттик каражаттарды пайдалануу | "Жол фондусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | Бар |
|
5 | Каржылоо системасын өркүндөтүү | "Жол фондусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | Бар | "Жол фондусу жөнүндө" КР Мыйзамынын Жол фондусунун булактарын түзүү бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү зарыл |
6 | Автожолдорду куруу долбоорлорун ишке ашыруунун тартиби | "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | Бар | - Курулуш долбоорлорун даярдоо, ишке ашыруу жана жол органдарынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу зарыл |
7 | Автомобиль жолдорун ремонттоо жана күтүү | "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | Аз-аздап | - Аң-чөнөктөрдү ремонттоо боюнча нускама (колдонулууда). - "Жол активдерин башкаруу системасын киргизүү" Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында сунушталган ЖАБС долбооруна ылайык техникалык ЧУАны иштеп чыгуу зарыл |
8 | Автожолдорду ремонттоонун жана күтүүнүн сапатын камсыздоо | "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | Бар | - Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, ремонттоодо жана күтүүдө туруктуу техникалык көзөмөл жүргүзүү жөнүндө жобо (колдонулууда). - Эмгек акы төлөөнүн сертификаттык формасын иштеп чыгуу жана бекитүү (иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча төлөө). - Жаңы жол техникасына отундун чыгымдарына норма коюу |
9 | Туруктуу техникалык көзөмөлгө каражатты пландаштыруу | "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | Бар | - Туруктуу техникалык көзөмөлгө каражаттардын пландуу көлөмүн эсептөө тартиби (колдонулууда) |
10 | Автомобиль жолдорун коргоо саясаты | "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | Бар | - Кыргыз Республикасынын аймагындагы жалпы пайдалануучу автомобиль жолдорун, жол түзүлүштөрүн пайдалануу жана аларды коргоо эрежелери |
11 | Автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо | "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | Бар | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-августундагы № 454 токтому |
12 | Жол тармагында структуралык бөлүмдөрдүн ишин уюштуруу |
| Бар | КР ТКМнын алдындагы Жол чарбасы департаменти, АӨЛБ, Бишкек-Ош ГДАД жана УАД жөнүндө жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизүү |
13 | Жол участокторун акы төлөө негизине которуу | "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | Бар | Жалпы пайдалануучу акы төлөмө автомобиль жолдорун эксплуатациялоонун тартибин жана шарттарын иштеп чыгуу зарыл |
№ 3 тиркеме
Инвестициялар жана күтүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
Автомобиль жолдорун реабилитациялоо жана куруу боюнча долбоорлордо инвестициялардын көлөмү боюнча жайылтылган маалымат:
№ | Жолдордун аталышы | Ишке ашыруунун графиги | Донор | Наркы, млн. АКШ долл. | Узундугу, км | Күтүлгөн натыйжа | Жооптуу |
1. Бишкек-Ош | |||||||
1.1 | 9дан 61 км чейин | 2020-ж. декабры | АӨБ жана ЕАӨБ | 100,00 | 52 | Жолдор реабилитацияланат (км) | КР ТЖМ ИДИТ |
1.2 | 498ден 571 км чейин | 2020-ж декабры | АӨБ жана ЕАӨБ | 60,00 | 73 | ||
| Жыйынтыгы |
|
| 160,00 | 125 | 125 |
|
2. Бишкек-Нарын-Торугарт | |||||||
3.2 | 272ден 365 км чейин | 2018-ж. декабры | АКГ | 72,35 | 93 | Жолдор реабилитацияланат (км) | КР ТЖМ ИДИТ |
3.5 | 479дан 539 км чейин | 2018-ж. декабры | АӨБ | 55,00 | 60 | ||
| Итого |
|
| 435,72 | 522 | 522 |
|
3. Ош-Баткен-Исфана | |||||||
6.2 | 28-75 |
|
| 120,00 | 47 | Жолдор реабилитацияланат (км) | КР ТЖМ ИДИТ |
6.3 | 75-108 | 2019-ж. декабры | ИӨБ | 23,76 | 33 | ||
6.8 | 220дан 232 км чейин | 2017-ж. декабры | КЭИБ | 91,44 | 12 | ||
6.9 | 271ден 360 км чейин | 2017-ж. декабры | КЭИБ | 89 | |||
6.10 | 360тан 402 км чейин | 2019-ж. декабры | ДБ | 54,17 | 42 | ||
| Жыйынтыгы |
|
| 383,89 | 371 | 371 |
|
4. Тараз-Талас-Суусамыр | |||||||
| 75тен 105 км чейин | 2017-ж. декабры | ИӨБ, СФР | 22,08 | 30 | Жолдор реабилитацияланат (км) | КР ТЖМ ИДИТ |
| 105тен 199 км чейин | 2016-2021 |
| 75,07 | 94 | ||
| Жыйынтыгы |
|
| 97,15 | 124 | 124 |
|
5. Түндүк-Түштүк жолу | |||||||
5.1 | Фаза 1: 183төн 195 км жана 291ден 433 км, узундугу 3,7 км тоннель менен бирге | 2019-ж. декабры | Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы | 400,00 | 154 | Жолдор реабилитацияланат (км) | КР ТЖМ |
5.2 | Фаза 2: 195ден 291 км | 2020-ж. декабры | Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы | 299,00 | 96 | ИДИТ | |
5.3 | Фаза 3: 159дан 183 км |
|
| 34,00 | 24 | ||
5.4 | Фаза 3: 0дон 43 км жана 64төн 159 км |
|
| 145,00 | 138 | ||
5.5 | 43төн 64 км - Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун участогу |
|
|
| 21 | ||
| Жыйынтыгы |
|
| 878,00 | 433 | 433 |
|
6 | Тюп-Кеген | 2021-ж. декабры | ДБ | 25,0 | 37 | 37 | КР ТЖМ ИДИТ |
| Жалпы жыйынтыгы |
|
| 1611,67 | 1132 | 1132 |
|
№ 4 тиркеме
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
№ 5 тиркеме
ЖТӨНБ-2025 ишке ашыруу боюнча ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ:
№ | Милдеттер | Чаралар | Жооптуулар | Мөөнөттөрү | Күтүлгөн натыйжа | Каржылоо булактары |
1 | Функцияларды кайра бөлүштүрүү | Ведомстволук уюмдардын жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү. Мамлекеттик ишканаларды түзүү | КР ТЖМ | 01.07.2016-31.12.2016 Министрликтер жана ведомстволор менен макулдашууну эске алганда | Жол уюмдарынын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу. Жоопкерчиликти жогорулатуу | ТКМнын бюджетинин каражаттарынын чегинде |
2 | Электрондук отчеттуулукка өтүү | Жол чарба департаментинин ички структурасын оптималдаштыруу (бекемдөө) | КР ТЖМ | 01.07.2016-31.12.2016 | Жол чарба департаментинин структурасы оптималдаштырылат | ТКМнын бюджетинин каражаттарынын чегинде |
|
| Жол тейлөө ишканасынын персоналын пилоттук окутуу | КР ТЖМ | 01.01.2017-30.06.2017 | Жол тейлөө ишканасынын потенциалы жогорулайт | Инвестициялар |
|
| 2017-ж. III кварталында агентствонун схемасы боюнча биринчи сынамык электрондук отчеттуулугу | КР ТЖМ | 2017-ж. 4-кварталы | Отчеттуулук жогорулайт | Инвестициялар |
3 | ЖАБСды киргизүү | Баалоонун критерийлерин баяндоо менен автожолдордун абалын мониторингдөө боюнча ЧУАны даярдоо (ЖАБС долбоорунун негизинде, КРӨ бекитет) | КР ТЖМ | 01.06.2016-31.12.2016 | Жол иштерин пландоонун натыйжалуулугу | ТКМнын бюджетинин каражаттарынын чегинде, инвестициялар |
|
| Жол иштерин пландаштыруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу ЧУАны иштеп чыгуу (КРӨ бекитет) | КР ТЖМ | 01.06.2016-31.12.2016 | Жол иштерин пландоонун натыйжалуулугу | ТКМнын бюджетинин каражаттарынын чегинде, инвестициялар |
|
| Көпүрөлөрдү жана тоннелдерди техникалык тейлөө системасы боюнча ЧУАны иштеп чыгуу (ТКМ бекитет) | КР ТЖМ JICA (Япон Эл аралык кызматташтык агенттиги) эксперттик тобу (макулдашуу боюнча) | 01.06.2016-31.12.2016 | Жол иштерин пландоонун натыйжалуулугу | ТКМнын бюджетинин каражаттарынын чегинде, инвестициялар |
4 | Жол иштеринин сапатын контролдоо системасын киргизүүнү аяктоо | Туруктуу техникалык контролдоо жүргүзүү жөнүндө жобого толуктоолорду киргизүү (ФИДИКтин негизинде) | КР ТЖМ | 01.09.2016-01.03.2017 | Жол иштеринин сапаты жогорулайт | ТКМнын бюджетинин каражаттарынын чегинде, инвестициялар |
|
| Эмгек акы төлөөнүн сертификаттык формасын иштеп чыгуу труда | КР ТЖМ | 01.03.2017-30.09.2017 | Эмгегине жараша акы төлөө үчүн өбөлгөлөр | ТКМнын бюджетинин каражаттарынын чегинде, инвестициялар |
|
| Мобилдик жол лабораторияларын сатып алуу | КР ТЖМ | 2017-2020 | Жол иштеринин сапаты жогорулайт | ТКМнын бюджетинин каражаттарынын чегинде, инвестициялар |
5 | Автомобиль жолдорун ремонттоо жана күтүү боюнча ченемдерди өркүндөтүү | Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун ремонттоонун жана күтүүнүн сапатынын стандарттарын иштеп чыгуу | КР ТЖМ КРӨК АКжТЖКЧМА | 2016-2017-жж. | Бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугу | ТКМнын бюджетинин каражаттарынын чегинде, инвестициялар |
6 | Жол коопсуздугу боюнча иш-чаралар | Оор жүктүү транспорт каражаттарын өтүшүн токтотуу | КР ТЖМ | ар дайым | Оор жүктүү транспорт каражаттарын өтүшүнүн кесепетинен жолдордун бузулушунун темпи азаят | ТКМнын бюджетинин каражаттарынын чегинде, инвестициялар |
|
| Керектүү жол белгилерин коюу жана жол чийимдерин чийүү | КР ТЖМ | ар дайым | Жол транспорттук кырсыктардын азайышы | ТКМнын бюджетинин каражаттарынын чегинде |
|
| Жолдун долбоорун даярдоодо айдоочулар эс-алуучу жайларды куруу же болбосо жүк ташуучу транспорт каражаттары токтоо үчүн обочиналарды кенен кылуу, эс-алуучу жерлер жана бурулуштар жөнүндө керектүү маалымат щиттерин тургузуу | КР ТЖМ | ар дайым | Жол транспорттук кырсыктардын азайышы | ТКМнын бюджетинин каражаттарынын чегинде |
7 | Жол боюндагы сервисти өнүктүрүү | Жол боюндагы сервис объекттерин жайгаштыруунун типтүү техникалык шарттарынын башкы схемасын иштеп чыгуу | КР ТЖМ | 01.06.2016-31.12.2016 | Иштерди пландаштыруунун натыйжалуулугу | ТКМнын бюджетинин каражаттарынын чегинде, инвестициялар |
8 |
| Автомобиль жолдорун мамлекеттик каттоо | КР ТЖМ | 01.06.2016-31.12.2016 | Иштерди пландаштыруунун натыйжалуулугу | ТКМнын бюджетинин каражаттарынын чегинде, инвестициялар |
| Жол фондунун (ЖФ) жаңы булактарын киргизүү | Отунга салык киргизүү жөнүндө жана Жол фондунун кеңеши жөнүндө КР Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу (мыйзам долбоорунун варианты бар) | КР ТЖМ, КР ФМ | 31.06.2016-31.12.2016 | Республиканын жолдорун жакшыртуу, ЖФнын каражаттарын көбөйтүү | ТКМнын бюджетинин каражаттарынын чегинде, инвестициялар |
9 | Автомобиль жолдорунун сакталуусун камсыздоо | Салмак-көлөмдү көзөмөлдөөнүн автоматташкан пункттарын 12 бирдикке чейин киргизүү | КР ТЖМ | Жыл сайын | Республиканын жолдорун жакшыртуу | ТКМнын бюджетинин каражаттарынын чегинде, инвестициялар |
10 | Акы төлөмө автомобиль жолдорун киргизүү | "Акы төлөмө автомобиль жолдорун эксплуатациялоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" КР Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу | КР ТЖМ | 31.06.2016-31.12.2016 | Республиканын жолдорунун абалын колдоо, жакшыртуу үчүн шарттар. МЖӨнү өнүктүрүү үчүн шарттар | ТКМнын бюджетинин каражаттарынын чегинде, инвестициялар |
11 | Республикалык бюджетке оордукту азайтуу жана бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берүү | Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун киргизүү | КР ТЖМ | 2016-2015 | Мамлекеттик- жеке өнөктөштүктүн ишке ашкан долбоорлору | ТКМнын бюджетинин каражаттары жана инвестициялар |
12 | ЖТӨНБ-2025 жол иштерин ишке ашырууну баалоо | Жол тармагын мониторингдин изилдөө жана ЖТӨНБ-2025 баалоо индикаторлору боюнча отчет даярдоо | КР ТЖМ | Жыл сайын | Отчеттук маалымат. Иш-аракеттерди оңдоп-түздөө | ТКМнын бюджетинин каражаттарынын чегинде |
№ 6 тиркеме
ЖТӨНБ-2025 ишке ашырууну баалоо индикаторлору
№ | Индикатор | Жылдар | Индикатордун параметрлери | % | Булагы |
1 | Эл аралык транспорт коридорлорунун реабилитацияланган участокторунун узундугун көбөйтүү | 2016 | 1599 | 60 | Отчеттук маалымат |
2017 | 1740 | 65 | |||
2018 | 1900 | 71 | |||
2019 | 2030 | 76 | |||
2020 | 2170 | 81 | Мониторинг | ||
2021 | 2300 | 86 | Отчеттук маалымат | ||
2022 | 2385 | 89 | |||
2023 | 2545 | 95 | |||
2024 | 2675 | 100 | |||
2025 | 2675 | 100 | Мониторинг | ||
2 | Акы төлөмө автомобиль жолдорунун узундугун көбөйтүү, км | 2016 | 0 | 0 |
|
2017 | 0 | 0 |
| ||
2018 | 26 | 5 |
| ||
2019 | 26 | 5 |
| ||
2020 | 43 | 9 |
| ||
2021 | 43 | 9 |
| ||
2022 | 307 | 61 |
| ||
2023 | 307 | 61 |
| ||
2024 | 450 | 90 |
| ||
2025 | 500 | 100 |
| ||
3 | Жергиликтүү автомобиль жолдорунун узундугун көбөйтүү, аларды ремонттоо жана күтүү жергиликтүү коомчулукту тартуу менен ишке ашырылат, км | 2016 | 200 | 2,2 |
|
2017 | 250 | 2,8 |
| ||
2018 | 300 | 3,3 |
| ||
2019 | 350 | 3,9 |
| ||
2020 | 400 | 4,5 |
| ||
2021 | 450 | 5,0 |
| ||
2022 | 500 | 5,6 |
| ||
2023 | 600 | 6,7 |
| ||
2024 | 700 | 7,8 |
| ||
2025 | 800 | 8,9 |
| ||
4 | Автоматташтырылган ПВКнын санын көбөйтүү | 2016 | 4 | 20 |
|
2017 | 6 | 30 |
| ||
2018 | 8 | 42 |
| ||
2019 |
|
|
| ||
2020 | 9 | 47 |
| ||
2021 | 10 | 53 |
| ||
2022 | 11 | 58 |
| ||
2023 |
|
|
| ||
2024 |
|
|
| ||
2025 | 12 | 63 |
| ||
5 | GPS көрсөткүчү менен жабдылган жол техникаларынын санын көбөйтүү | 2016 | 147 | 14 |
|
2017 | 200 | 19 |
| ||
2018 | 300 | 29 |
| ||
2019 | 435 | 42 |
| ||
2020 | 550 | 53 |
| ||
2021 | 655 | 63 |
| ||
2022 | 750 | 72 |
| ||
2023 | 881 | 84 |
| ||
2024 | 1044 | 100 |
| ||
2025 | 1044 | 100 |
|
Кыскартуулар
АӨБ | - | Азия өнүктүрүү банкы |
АШ | - | Азия шоссеси (БУУ ЭСКАТОнун белгилөөсүнө ылайык) |
АКТ | - | Арабкоординациялык топ |
ДБ | - | Дүйнөлүк банк |
ГМС | - | Геомаалыматтык система |
ИДИТ | - | Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобу |
ЖЧД | - | КР Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти |
ЖФ | - | Жол фонду |
ЖЭИ | - | Жол-эксплуатациялык ишкана |
ЕАӨБ | - | Евразия өнүктүрүү банкы |
ЕБРР | - | Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы |
ЕБ | - | Европейский бирлиги |
КР ЖК | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши |
ЖПЧ | - | Жолдорду пайдалануучулардын чыгымдары |
ИБР | - | Ислам өнүктүрүү банкы |
КР | - | Кыргыз Республикасы |
НБКК | - | Натыйжага багытталган күтүп алууга контракт |
КР ТЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги |
КР Финмин | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭФИ | - | Эл аралык финансылык институту |
ЧУА | - | ченемдик укуктук акты |
ТӨУС | - | 2013-2017-жылдарга Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы |
АӨЛБ | - | Автожолдорду өндүрүштүк-линиялык башкаруу |
ЖКК | - | Жол коопсуздугу боюнча катчылык |
НБК | - | Натыйжага багытталган күтүп алуу |
БОМБ | - | Бюджеттин орто мөөнөттүү болжолу |
СПД | - | Жолдорду пайдалануучулардан жыйым |
ЖТӨНБ | - | Жол тармактарын өнүктүрүүнүн негизги багыттары |
ЖАБС | - | Жол активдерин башкаруу системасы |
АФ | - | Атайын фонд |
СӨФ | - | Сауд өнүктүрүү фонду |
ТТ | - | Техникалык тапшырма |
ТЖ | - | Техникалык жардам |
ТЭЧ | - | Транспорттук-эксплуатациялык чыгымдар |
БАРЭК | - | Борбордук Азиялык региондук экономикалык кызматташтык |
КЭИБ | - | Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы |
JICA | - | Эл аралык кызматташтык япон агенттиги |
КР Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
МЖӨ | - | Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк |
ТЭН | - | Техникалык-экономикалык негиздеме |