Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-июлу № 375
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери күчүн жоготкондугун таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоонун, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүүнүн алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери тиркемеге ылайык тизме боюнча күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күчүн жоготкон чечимдеринин ТИЗМЕГИ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 2-мартындагы № 55 "Эколото" ар жылдык экологиялык акча лотереясын өткөрүү жөнүндө" токтому.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 10-мартындагы № 67 "Газификация боюнча "Кыргызгаз" республикалык өндүрүштүк бирикмеси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
3. Кыргызстан Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 26-августундагы № 426 "Кыргызстан Республикасында "Кайра жаралуу" жарнамалык-инвестициялык акча буюмдук лотереясын өткөрүү жөнүндө" токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 18-мартындагы № 117 "Чарбакер" дыйкан-товар-кредит фондусун түзүү жөнүндө" токтому.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 29-апрелиндеги № 264 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулуш инспектору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 20-январындагы № 18 "Суу жөнүндө мыйзамдардын бузулушунан улам келип чыгуучу чыгымдардын ордун толтуруунун тартиби жана өлчөмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 23-майындагы № 183 "Эл аралык "Манас" акча лотереясын өткөрүү жөнүндө" токтому.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 19-декабрындагы № 609 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн архитектура жана курулуш иши жаатында айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун он үчүнчү-он алтынчы абзацтары.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.