Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-январындагы № 53 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-июлу № 383
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга кризиске каршы иш-аракеттеринин планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу, ишкерчиликти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, республикалык бюджеттин чыгымдарын азайтуу жана мамлекеттин эл алдындагы социалдык милдеттенмелерин сактоо, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишеним жана биримдик" программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга кризиске каршы иш-аракеттеринин планы (мындан ары - Кризиске каршы план) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- белгиленген мөөнөттөрдө Кризиске каршы планды аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;
- ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Кризиске каршы планды аткаруу жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кризиске каршы планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Кризиске каршы пландын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кризиске каршы ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
№ | Милдетnер/чаралар | Индикатор/күтүлүүчү натыйжа | Салмагы | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Жооптуулар | Каржылоо булактары |
1. Макроэкономикалык туруктуулук | ||||||
1 | Бюджеттик чыгымдарды кыскартууну жана мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн төмөндөө тобокелдиктери боюнча компенсациялык чараларды караган кризиске каршы бюджеттин долбоорун киргизүү | Бюджет боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому | 10% | 01.10.2016 | ФМ, ЭМ, МСК, МБК | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында |
2 | 2015-жылы курулуп бүткөн 96 объектини эксплуатацияга киргизүү | 96 курулуш объект эксплуатациялоого берилди | 11% | 01.12.2016 | Экотехинспекция, Курулуш агенттиги | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында |
3 | 2017-жылга титулдук баракты түзүүдө жаңы социалдык объектилерди курууга 1 жылга мораторий киргизүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому | 11% | 25.11.2016 | Курулуш агенттиги, ФМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында |
Артыкчылыктуу социалдык объекттерди бүтүрүү үчүн каражаттарды натыйжалуу бөлүштүрүү | 12% | 31.12.2016 | ||||
4 | Россия Федерациясынан Казакстан Республикасы аркылуу транзит менен Кыргыз Республикасына темир жол транспорту менен мунай продуктуларын ташууга байланыштардын түрлөрү боюнча (экспорттук, импорттук, ички республикалык) унификацияланган тарифти Казакстан Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын колдонуусу боюнча Казакстан Республикасы менен маселени иштеп чыгуу | Макулдашууга кол коюлду. Ташып киргизилген КММнын баасын бир тонна үчүн 40-50 АКШ долларына төмөндөтүү | 11% | 20.12.2016 | ТЖМ, "КТЖ" УК" МИ, Нефтетрейдерлер ассоциациясы (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында |
5 | Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарлар үчүн контролдук баалардын минималдуу деңгээлин аныктоонун жана колдонуунун тартибин иштеп чыгуу | Бюджеттин кирешелеринин төмөндөөсүнүн болжол менен 600 млн. сомго кыскарышы | 11% | 30.09.2016 | ЭМ, МСК, УСК (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында |
6 | Нөлдүк ставкадагы берүүлердөн КНС боюнча бошотулган берүүлөргө которуу аркылуу руданын бардык түрлөрүн экспорггоого салык салуу системасын кайра карап чыгуу | Кыргыз | Республикасынын Өкмөтүнүн токтому | 11% | 01.12.2016 | ЭМ, ФМ, МСК | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында |
7 | Казакстан Республикасынан ташып киргизилген жана Казакстан Республикасынын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуусунун алкагында алынууга тийиш болгондордун тизмесине кирген товарларды көзөмөлдөөнүн жана аныктоонун механизмдерин иштеп чыгуу | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөн товарлардын эсепке алуу тартиби боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому | 11% | 01.10.2016 | ЭМ, МСК, Ветинспекция | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында |
8 | Тажикстан Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чек арасында ЕАЭБдин санитардык, фитосанитардык, ветеринардык талаптарын сактоо боюнча көзөмөлдү камсыздоо | ЕАЭБдин санитардык, фитосанитардык, ветеринардык талаптарына жооп бербеген товарлардын Кыргыз Республикасына ташып киргизилген көлөмүнүн кыскарышы | 12% | Жылдын ичинде | Ветинспекция | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында |
|
|
| 100% |
|
|
|
2. Бизнести колдоо | ||||||
9 | Объекттерди инженердик тармактарга кошуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана мөөнөтүн кыскартуу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому | 7% | 20.10.2016 | Курулуш агенттиги, ӨЭККПМК, энергокомпаниялар (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында |
Объектилерди инженердик тармактарга кошуунун мөөнөтүн 2 күнгө кыскартуу | 10% | 25.12.2016 | ||||
10 | Индустриялаштыруу программасын ишке ашыруу үчүн ресурстарды тартуу максатында ЮНИДОнун өнөктөш - өлкө статусун алуу | Кыргыз Республикасы менен ЮНИДОнун ортосундагы макулдашуу | 6% | 01.10.2016 | ӨЭККПМК | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында |
11 | Массалык маалымат каражаттарын пайдалануу менен "Кыргызстанда жасалган" кеңири пиар-компаниясын уюштуруу | Чекене товар жүгүртүүнүн 7%га чейин жогорулашы | 4% | Квартал сайын | ЭМ, ММТМ, Базар жана соода ишканаларынын ассоциациясы (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында |
12 | Ар бир облуста ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн жарманкелерди өткөрүү | Иш-чаралар пландалган, ар бир облуста жарманкелерди өткөрүү үчүн каражаттар бөлүнгөн | 4% | Жылына 2 жолу | КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, бизнес ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү бюджеттин алкагында жана донордук каражаттар |
13 | "Айыл чарбаны каржылоо - 3" долбоору боюнча жеңилдетилген пайыздык ставка менен кредиттерди жайгаштыруу үчүн коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелердин чыгымдарына субсидия берүү: экинчи фаза 133,5 млн. сом, "Айыл чарбаны каржылоо - 4" долбоору боюнча биринчи фаза - 483,6 млн. сом суммасында | 617,1 млн. сом суммасында финансылык ресурстарды бөлүү | 10% | Жылдын ичинде | ФМ, АЧТММ, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында |
14 | Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча өндүрүшкө кредит берүүнү көбөйтүү максатында "Айыл чарбаны каржылоо - 4" долбоорун ишке ашырган коммерциялык банктар менен иштерди жүргүзүү | Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча секторго кредит берүүнү көбөйтүү боюнча коммерциялык банктар менен өткөрүлгөн консультациялардын саны жана биргелешип көрүлгөн чаралар | 7% | Жылдын ичинде | АЧТММ, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында |
Кредиттин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу | 9% | |||||
15 | Агротехникалык тейлөө борборлорун түзүү жана айыл чарба техникаларын колдоо максатында, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба техникаларын лизингге берүүнү камсыздоо | 250 даана техниканы лизингге берүү | 9% | Жылдын ичинде | АЧММ, "Айыл Банк" ААК (макулдашуу боюнча) | ЕАӨБдүн, Түркия Республикасынын инвестициялык кредиттери, КЭРдин жана Япониянын гранттары |
16 | Мамлекеттик кепилдик фондун капиталдаштыруу механизмин иштеп чыгуу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу | 7% | 01.08.2016 | ЭМ, ФМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында |
17 | Ишкерлерди колдоо боюнча бирдиктүү маалымат борборун түзүү | Бирдиктүү маалымат борбору түзүлдү | 4% | 25.07.2016 | ЭМ, МСК, МБК, Ветинспекция, СӨП (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында |
18 | Онлайн режиминдеги кайтарым байланыш мүмкүнчүлүгү бар "Кыргызстанда жасалган" мамлекеттик сайтынын концепциясынын долбоору боюнча сунуш киргизүү | "Кыргызстанда жасалган" мамлекеттик сайтынын концепциясынын долбоору | 4% | 25.09.2016 | ЭМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында |
19 | Онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы менен контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү | Онлайн режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналардын санын жалпы катталган контролдук-кассалык машиналардын санынын 15%на чейин жеткирилет | 9% | 20.12.2016 | МСК, ЭМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
20 | Чет элдик валюталарды алмаштыруу операцияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясы жок жүргүзгөн субъектилерге лицензияланбаган иш үчүн таасир берүүчү чараларды колдонуу менен биргелешкен рейддерди жүргүзүү | Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча текшерүүлөрдүн саны жана көрүлгөн чаралар | 10% | Жыл ичинде | УБ (макулдашуу боюнча), МСК, Финполиция | УБтын бюджетинин жана республикалык бюджеттин чегинде |
|
|
| 100% |
|
|
|
3. Экспортко колдоо көрсөтүү | ||||||
21 | Инвестицияларды тартуу жана экспортту алдыга жылдыруу боюнча бирдиктүү институтту түзүү | Инвестицияларды тартуу жана экспортту алдыга жылдыруу боюнча бирдиктүү институт түзүлөт | 6% | 10.09.2016 | ЭМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
ИИА тарабынан өткөн жылга салыштырмалуу тартылган инвестициялар 5%га чейин өсөт | 7% | 25.12.2016 | ||||
22 | Негизги фонддорду жаңылоого, экспортко багытталган ишканалар үчүн жабдууларды модернизациялоого жана технологиялык жабдууга жеңилдетилген кредиттерди берүү механизмдерин киргизүү | Экспортко багытталган ишканаларга кредит берүүнүн көлөмүн көбөйтүү | 7% | 25.12.2016 | ЭМ, РКӨФ (макулдашуу боюнча), АЧТММ | Тартылган каражаттар |
23 | Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун 9 бөлүмүн жана Ош зоналык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун 6 бөлүмүн реконструкциялоо жана капиталдык ремонттон өткөрүү | Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун 9 бөлүмү жана Ош зоналык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун 6 бөлүмү эксплуатацияга берилет | 7% | 01.12.2016 | Ветинспекция | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, РФнын жана Казакстан Республикасынын гранттык жардамы |
24 | 4 региондук ветеринардык лабораторияны куруу | 4 региондук ветеринардык лаборатория эксплуатацияга берилет | 8% | 01.12.2016 | Ветинспекция, АЧТММ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, РФнын жана Казакстан Республикасынын гранттык жардамы |
25 | Айыл чарба продукцияларын сертификациялоо үчүн эки региондук карантиндик фитосанитардык лабораторияны түзүү (Талас жана Ысык-Көл облустарында) | Лабораторияларды эксплуатацияга киргизүү | 8% | 01.12.2016 | Ветинспекция, АЧТММ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде, РФнын жана Казакстан Республикасынын гранттык жардамы |
26 | ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн системаларына республиканын ветеринардык контролдоо системасынын эквиваленттүүлүгүн таануусун камсыздоо боюнча чараларды көрүү | Ветеринардык контролдоо системасынын ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн системаларына шайкештиги жөнүндө ЕЭКтин чечими | 7% | 01.08.2016 | Ветинспекция, АЧТММ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
27 | Чек аранын кыргыз-казак участогунда ветеринардык контролдоону алып салууну камсыз кылуу | Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын чек аралар тилкесиндеги чектөөлөрдү алуу жөнүндө ЕЭКтин чечими | 10% | 01.08.2016 | Ветинспекция, АЧТММ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
28 | Кыргыз Республикасынан/андан үчүнчү өлкөлөргө айыл чарба продукцияларынын өткөрүүнү жөнөкөйлөтүү үчүн "жашыл коридор" системасын киргизүү | Айыл чарба продукцияларын чек арадан бажы контролун өтүү процедурасынын убактысы 30 мүнөткө чейин кыскарат | 9% | 01.08.2016 | МБК | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
29 | Кыргыз ишкерлеринин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө тендерлерге катышуу маселелерин иштеп чыгуу жаатында маалыматтык жана практикалык иш-чараларды жүргүзүү | 2 иш чара өткөрүлөт | 9% | 20.09.2016 | ЭМ, ФМ, МИ "БТБ" | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
30 | ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн мал чарба тармагы ишканаларынын тизмегин кеңейтүү жана РФнын реестрине кирген экспорттоочу кайра иштетүүчүлөргө сатып алуучуларды издөө боюнча көмөк көрсөтүү | Мал чарбасы боюнча 5-7 ишкана реестрге киргизилет | 9% | 15.12.2016 | АЧТММ, Ветинспекция | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
31 | Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында, облустук жана райондук маанидеги борборлордо, инвестициялык өндүрүштүк объекттерди жайгаштыруу үчүн жер участокторун аныктоо | Жергиликтүү кеңештердин чечими | 10% | 15.08.2016 | Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | Муниципалдык жана республикалык бюджеттердин чегинде |
32 | Үчүнчү өлкөлөр менен органикалык айыл чарба продукцияларын экспорттоону алга жылдыруу сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү | Тиешелүү келишимдерге кол коюлат | 11% | 15.10.2016 | АЧТММ, ТИМ, Ветинспекция | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде |
|
|
| 100% |
|
|
|
4. Айыл чарбасын колдоо | ||||||
33 | "Айыл чарбаны каржылоо" долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында 100 гектардан кем эмес жер үлүшү бар дыйкан жана жамааттык чарбаларга жеңилдетилген кредиттерди берүү аркылуу айыл чарба кооперациясына түрткү берүү системасын түзүү | 100 гектардан кем эмес жер үлүшү бар дыйкан жана жамааттык чарбаларга кредиттерди берүүнү көбөйтүү боюнча биргелешип көрүлгөн чаралар жана коммерциялык банктар менен өткөрүлгөн консультациялардын саны | 16% | Жылдын ичинде | АЧКММ, ФМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында |
Жеңилдетилген кредиттердин көлөмүнүн көбөйүшү | 20% | Жылдын ичинде | ||||
34 | Кыргыз Республикасынын региондорунда механизацияланган агротехникалык кызматтарды көрсөтүү (машина-трактордук станциялар) боюнча уюмдарды түзүү | 7 МТС түзүлдү | 20% | 25.08.2016 | КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, АЧТӨЖМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Ички жана тышкы инвестициялардын эсебинен |
35 | Ветеринардык диагностикалык лабораторияларды аккредитациялоо зонасын кеңейтүү | Лабораториялар эл аралык стандарттарга ылайык кеңири спектрдеги сыноолорду жүргүзүүгө мүмкүндүгү бар | 22% | 01.12.2016 | Ветинспекция | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана РФ грантынын чегинде |
36 | Республиканын пилоттук райондорунда бодо малды идентификациялоо боюнча долбоорду ишке киргизүү | 3 пилоттук райондо идентификацияланган малдын саны | 22% | 01.08.2016 | Ветинспекция | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында |
5. Өнөр-жай ишканаларынын ишин колдоо | ||||||
37 | "Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууну улантуу | Эксплуатацияга киргизүү: - турбиналык цехтин башкы корпусун; - казанды; - жаңы блоктор үчүн отун берүүчү системаны; - күл чыгаруу системасын; - ОРУ 110 кВт куруу | 14% | 20.12.2016 | ӨЖЭКМК, "Электр станциялар" ААК (макулдашуу боюнча) | КЭРдин Экспорттук-импорттук банкы |
38 | Катуу отунду (көмүрдү) пайдаланууга которуу менен Ош ш. ЖЭБди реконструкциялоо жана аны Ош ш. мэриясынын балансына өткөрүп берүү маселелерин иштеп чыгуу | Ош ш. ЖЭБдин натыйжалуулугун жогорулатуу | 14% | 20.12.2016 | ӨЖЭКМК, ММБФ, ФМ, "УЭХК" ААК (макулдашуу боюнча), "Электр станциялары" ААК (макулдашуу боюнча), Ош ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) | Тартылган каражаттар |
39 | Таш-Көмүр шаарындагы металлургиялык кремнийди өндүрүү боюнча заводду (ЖЧК "Кварц") ишке киргизүүнү камсыз кылуу | Заводду ишке киргизүү | 14% | 15.12.2016 | ӨЖЭКМК, ТИМ, КРӨ облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен |
40 | Токмоктогу нефтини кайра иштетүүчү заводдун өнөр жайлык эксплуатациялоосун камсыз кылуу | Өнөр жайлык эксплуатацияга киргизүүгө көмөктөшүү | 15% | 10.12.2016 | ӨЖЭКМК, ТИМ, КРӨ Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен |
41 | Кара-Балтадагы нефтини кайра иштетүүчү заводдун өнөр жайлык эксплуатациялоосун камсыз кылуу | Чийки нефть - сырьё менен камсыз кылууга көмөктөшүү, өндүрүштүк кубаттуулукту 500 миң тоннага жеткизүү | 14% | 10.12.2016 | ӨЖЭКМК, ТИМ, КРӨ Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен |
42 | Жерүй кенин иштетүүнү тездетүү | Жерүй кенинин техникалык долбоорун иштеп чыгууну, экологиялык экспертизаны, техникалык долбоордун экспертизасын өткөрүүнү макулдашуу | 14% | 01.11.2016 | ӨЖЭКМК, Токой агенттиги, Курулуш агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), | Чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен |
43 | Иштамберди кенинде өнөр жайлык эксплуатациялоого кен байытуучу комбинатты ишке киргизүүнү камсыз кылуу | Кен байытуучу комбинатты ишке киргизүү | 15% | 10.12.2016 | ӨЖЭКМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен |
|
|
| 100% |
|
|
|
6. Социалдык жактан колдоо чаралары | ||||||
44 | Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн тиешелүү программаларынын алкагында КТУ базасында окутуу жана кайра окутуунун кыска мөөнөттүү курстарын ишке киргизүү | Окууга жиберилген жумушсуздардын саны (8000 адамдан кем эмес) | 14% | 25.12.2016 | БИМ, ЭСӨМ, ФМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында |
Окуудан кийин жумушка орношкон жумушсуздардын саны (50% кем эмес) | 14% | 25.12.2016 | ЭСӨМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында | ||
45 | Кепилденген минимумдук кирешенин өлчөмүн жогорулатуу | Кепилденген минимумдук кирешенин өлчөмүнүн өткөн жылга салыштырмалуу 10%дан кем эмес көбөйүшү | 14% | 01.12.2016 | ЭСӨМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында |
46 | Балдары бар аз камсыздалган үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу | Аз камсыздалган үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмүнүн өткөн жылга салыштыр малуу 10%дан кем эмес көбөйүшү | 14% | 01.12.2016 | ЭСӨМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында |
47 | Азык-түлүк коопсуздугунун статусу төмөн аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү коомдук пайдалуу жумуштарга катышуусун эске алуу менен кошумча продуктулук жардам (ун, өсүмдүк майы) менен камсыз кылуу | Коомдук пайдалуу жумуштарга катышуусун эске алуу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөр 15,0 миң сомдон кем эмес продуктулук жардамды алуусу | 14% | 01.12.2016 | ЭСӨМ | БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын каражаттарынын эсебинен |
48 | 2016-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүн 10%га жогорулатуу | 2016-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнүн 10%га жогорулашы | 15% | 01.10.2016 | СФ | СФ бюджетинин алкагында |
49 | Жумуш берүүчүлөрдүн өтүнмөлөрүнө ылайык ишкерлик сектордун өнүгүүсүн колдоо үчүн кадрларды даярдоо | Баштапкы кесиптик билим берүүнүн кеминде 1000 окуучусу 2016-2017-окуу жылынын ичинде даярдоодон өтүшөт | 15% | Жылдын ичинде | БИМ | Республикалык бюджетте каралган каражаттардын алкагында, АӨБ долбоорунун каражаттарынын эсебинен |
|
|
| 100% |
|
|
|