Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 384 токтому менен бекитилген |
2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында пахта тармагын өнүктүрүүнүн КОНЦЕПЦИЯСЫ
1. Кыргыз Республикасында пахта тармагынын учурдагы абалы
§ 1.1. Кыргыз Республикасында пахта чарбачылыгынын абалы
Пахтачылык республикада өндүрүштүн экспортко багытталган тармактарынын бири болуп эсептелет. Пахта негизинен түштүк региондордо - Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында өстүрүлөт. Пахта эккен райондор деңиз деңгээлинен 700-1200 м бийиктикте, пахта өстүрүүгө ыңгайлуу Фергана өрөөнүндө жайгашкан. Өрөөндү курчап турган тоо кыркалары сырттан аба массаларынын кирүүсүнөн коргоп турат. Эффективдүү температуралардын суммасы (1955-2360 градус), жаз мезгилинин эрте келиши, аптаптуу жана кургак жай мезгили, ошондой эле жылуу жана узакка созулган күз мезгили пахтаны өстүрүүгө ыңгайлуу.
Азыркы мезгилде пахтачылыкты өнүктүрүү жана реформалоо тармактын натыйжалуу жана алдыга карай өнүгүшүнө тоскоолдук түзгөн бир катар олуттуу жана чечилбеген көйгөйлөрдүн келип чыгышы менен коштолууда. Мындай көйгөйлөрдүн катарына өлкөбүздө чигиттүү пахтанын басымдуу бөлүгүн өстүргөн пахта эгүүчү майда чарбалардын көбүнүн өтө оор финансылык-экономикалык абалы, тармакты мамлекеттик колдоо жана экономикалык жөнгө салуу системаларынын жетишсиз өнүгүшү кирет. Пахта рыногунун катышуучуларынын инфраструктуралык камсыздоосу начар бойдон калууда, бул кайра өндүрүүнүн туруктуулугун төмөндөтөт. Сатуу чөйрөсүндө да чигиттүү пахта жана пахта буласын сатуунун уюштурулган каналдары жок, сатуунун кепилдиги камсыз кылынбайт, пахта комплексинде ири тармактар аралык диспропорциялар жана диспаритеттер сакталууда.
Учурдагы экономикалык жөнгө салуунун системасы, каржылоо жана кредиттөө пахтачылыктын натыйжалуулугун жогорулатууга түрткү бербейт жана тиешелүү кредиттик жана башка ресурстарда муктаждыктын керектүү деңгээлин камсыздабайт. Айыл чарбасындагы камсыздандыруу системасынын жоктугу пахта тармагында ишкерлик иштин тобокелин жогорулатат.
Өлкөбүздүн айыл чарба өндүрүшү, анын ичинде пахтачылык өзүнүн өзгөчөлүгүнө байланыштуу тармактын экономикалык натыйжалуулугун жана атаандаштыкка жөндөмүн жогорулатууга түрткү берген шайкеш экономикалык механизмге, агрардык өнөр жай комплексинин (мындан ары - АӨЖК) чектеш тармактарында монополизмди жана алардын өнүгүшүндөгү диспропорцияны жеңүүгө, учурдагы баалардын диспаритетин жеңилдетүү боюнча зарыл компенсациялык чараларды ишке ашырууга муктаж.
Бүгүнкү күндө жер реформасынын натыйжасында пахтачылык менен майда дыйкан чарбалар алектенет, алар болгону 60,0 миң тонна чигиттүү пахта өндүрөт. Ал эми 1960-1980-жылдары Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун райондорунда чигиттүү пахтаны өндүрүү 210,0 миң тоннага чейин, пахта буласын өндүрүү 65,0 миң тоннага чейин жеткен, анын ичинен 60,0% ашыгы экспорттолчу.
1982-1994-жылдарда объективдүү жана субъективдүү себептер боюнча пахтаны эгүү аянты, ошондой эле аны өндүрүү көлөмү кыскарып кеткен.
Республикабыз эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин пахта эгүү 1991-жылы 25,9 миң га чейин, ал эми 1993-жылы 20,2 миң га чейин азайды. Чигиттүү пахтанын дүң өндүрүшү ушул жылдары тиешелүү түрдө 62,5 миң тонна жана 49,9 миң тоннаны түзгөн.
Чигиттүү пахтаны өндүрүүнүн туруктуу көбөйүшү айдоо аянтынын жана түшүмүнүн өсүшүнө байланыштуу 1998-жылдан башталды, ошол жылы пахтанын дүң өндүрүшү 77,8 миң тоннаны түздү, 2000-жылы - 87,9 миң тонна, ал эми 2002-жылы - 98,7 миң тонна, ушул жылдары өндүрүүнүн өсүшү 20,9 миң тоннаны түздү. Бул жылдары республиканын пахтачылары эгүү аянттарын 36,4 миң га чейин кеңейтти, же 1998-жылга караганда 4,8 миң га көбүрөөк (31,6 миң га).
2004-жылы дүң өндүрүү 121,7 миң тоннага чейин жетти (46,3 миң га аянтта). Бирок, ушул мезгилден тартып пахтаны жыйноо көлөмдөрү жана эгүү аянттары төмөндөп баштады, 2005-жылы өндүрүү 118,1 миң тоннаны түздү (45,7 миң га аянтта), 2006-жылы - 117,5 миң тоннаны (45,7 миң га аянтта), 2007-жылы - 95,1 миң тоннаны (34,8 миң га аянтта), 2008-жылы - 82,0 миң тоннаны (32,6 миң га аянтта), 2009-жылы - 77,0 миң тоннаны (16,9 миң га аянтта) түздү. 2015-жылы пахтанын эгүү аянты 14,2 миң га түзүп, дүң жыйноо 43,5 миң тоннаны гана түздү.
Чигиттүү пахта өндүрүүнүн жана пахта эгүү аянтынын төмөндөө тенденциясы, башка факторлор менен бирге чигиттүү пахтаны сатып алуу бааларына тыгыз байланыштуу.
Чигиттүү пахтанын сатып алуу баасы 2014-жылы 1 кг 35 сомдон 37 сомго чейин болду. Пахта буласына болгон баа 2014-жылы 1 тоннасына болжол менен 1330$-дан 1360$ чейин (79-81 сом/кг) болду. Түштүк региондогу агрардык өнүктүрүүнүн райондук башкармалыктарынын маалыматы боюнча 2015-жылдын март айына карата чигиттүү пахтанын сатып алуу баасы орто эсеп менен алганда 1 кг үчүн 33-37 сомду түздү. Бул баа акыркы 5 жылдын ичинде өзгөргөн жок. Аталган баа кирешелүү болуп эсептелбейт жана дыйкандардын үрөнгө, агротехникалык иштерди жүргүзүүгө, түшүм жыйноо жана башка иш-чараларга болгон чыгымдарын актабайт.
Ош жана Жалал-Абад облустарынын агрардык өнүктүрүүнүн райондук башкармалыктарынын маалыматы боюнча бүгүнкү күнү 1 кг чигиттүү пахта 41-42 сомго сатып алынууда. Ливерпуль биржа тооругунда пахта буласына болгон баа 1 тоннасына 1200$ түздү.
§ 1.2. Пахтанын үрөнүн өстүрүүнүн, селекциясынын жана сорт сыноолорунун абалы
Республиканын пахта эккен салттуу зоналарында айдалган "Кыргыз-3" сорту Кыргызстанга гана эмес, андан сырткары, анын ичинде Өзбекстан сыяктуу пахта айдоочу мамлекетинде да аброю чоң. Аны жогорку сапаттагы пахта буласынын көп пайызда бөлүнүп чыгышы, өңүнүн жогорку сапаттуу актыгы, төмөн булгангандыгы жана жүз пайыздык кол менен жыйналганы айырмалап турат.
Пахта кайчылаш чаңдашуучу, ар түрдүү сортторду эгүү ортосунда орун калтырып изоляциялоону милдеттүү талап кылган өсүмдүк экендигин белгилеп кетүү керек. Болбосо, бир сорт башка сорт менен чаңдатылышы мүмкүн жана бир сортто болгон жогорку технологиялык жана түшүмдүүлүк касиеттери башка сорттун төмөн технологиялык жана төмөн түшүмдүүлүк касиеттерине ээ болуп калышы мүмкүн.
Ошондуктан Кыргыз Республикасында совет мезгилинен бери үрөнчүлүктү ийне жибине чейин өздөштүргөн адистештирилген чарбалар гана пахтанын үрөнүн өндүрүшү керек деген эреже коюлган. Мындай үрөн чарбалары пахтанын өндүрүштүк эгүү планын аткаруу үчүн пахтанын үрөнүнө толук көлөмдө гана ээ болбостон, мүмкүн болгон табигый кырсыктардын себебинен кайрадан эгүү талап кылынган учурда, аталган көлөмдөн 50% запасы да болуучу.
Бирок, айыл чарбаны реформалоого байланыштуу, пахта үрөнүн өндүрүү менен алектенген үрөн чарбаларынын көбү тарап кеткен, азыр болгону 7 калган: Ош облусунда - 4 жана Жалал-Абад облусунда - 3. Эгерде үрөнчүлүк чарбалары 90-жылдардын аягында республиканын үрөнгө болгон муктаждыгын толугу менен камсыздаса, акыркы жылдары 45% гана камсыздап калды, 2015-жылы болгону 35% камсыздады. Пахтанын үрөнүн өндүрүүнүн мындай кескин түрдө төмөндөшүнүн себеби болуп үрөн чарбаларынан сугат айдоо жерлерин системалуу түрдө алып салуу эсептелет. Акыркы жылдарда эле пахтанын өзгөчө баалуу элита үрөндөрүн өндүрүү жана сатуу милдеттери жүктөлгөн биринчи топтогу үрөн чарбалары жапа чеккен. Пахтанын үрөнүн өндүрүү менен алектенген республиканын үрөн чарбаларынын ишин талдоо көрсөткөндөй, ушул жылдары алар мурда өздөрүнө бекитилген сугат айдоо жерлеринин жарымынан кол үзгөн.
Ушунун баары пахта эгилген аянттын кыскарышына алып келди, ал эми ички рынок республиканын же коңшу Өзбекстан Республикасынын квалификациялуу эмес чарба субъекттери өндүргөн сапатсыз эгүү материалдары менен толууда.
Ушуга байланыштуу, ар түрдүү пахта сортторуна жана эл аралык рынокто талап кылынган "Кыргыз-3" сортуна кайрадан чаңдашуу процесси жүрүүдө жана аталган сорттун мыкты технологиялык касиеттерин жоготуп алуу коркунучу бар.
Фермерлерге жаңыдан жакшыртылган, узун буланы өндүрүүгө жөндөмдүү жана Кыргызстанда кездешкен зыянкечтерге жана ооруларга туруктуу сорттор керек. 2002-жылы "Кыргыз-3" сортунун түшүмдүүлүгүн 3,0 ц/га жогору, вилт оорусуна туруктуу, буланын сапаты жогору, чыгышы 36% түзгөн "Кыргыз-5" пахтанын жаңы сорту чыгарылган. Бул сорт бардык сыноо мөөнөтүн ийгиликтүү өтүп, 2003-жылы Араван районунун "Бирлик" үрөн чарбасына жана Ош облусунун Кара-Суу районундагы пахтачылыкты Кыргыз сыноо станциясына келечекте көбөйтүү үчүн өткөрүлүп берилген.
Үрөн чарбаларындагы жана чарба субъекттериндеги, ошондой эле башка өлкөлөрдөн алып келген пахтанын үрөнүн өндүрүүнү, сактоону жана пайдаланууну контролдоого байланыштуу маселелер Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Республикалык мамлекеттик үрөн инспекциясына (мындан ары - РМҮИ) жүктөлгөн. РМҮИ бардык үрөн чарбаларындагы пахта үрөндөрүнүн сорттук жана эгүү сапатын сактоону контролдогон жалгыз орган болуп эсептелет.
Пахтанын жаңы сортторуна расмий сыноо жүргүзүү жана аларды каттоо менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Сортторду сыноо жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары боюнча мамлекеттик борбор (мындан ары - ССӨГРМБ) алектенет. Бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлгөн, анын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын аймагында ата-мекендик селекциянын төмөнкү сортторун колдонууга уруксат берилди - "Кыргыз-3", "Кыргыз-5" жана "Кыргыз-6" сорттору, болгар селекциясынын - 2 сорту, Австралиядан - 2 сорту, түрк селекциясынын - 2 сорту, Кытай Эл Республикасынан - 1 сорту. Ата мекендик селекциянын "Канбакыт-80" сорту 2015-жылдын перспективдүү сортторунун тизмесине киргизилген.
Мындан сырткары, ССӨГРМБ тарабынан плёнка жаап эгүүнү жана тамчылатып сугарууну пайдалануу менен пахта айдоонун заманбап технологияларын киргизүү боюнча иш жүргүзүлүүдө. Ал үчүн Кара-Суу мамлекеттик сорт сыноо участогунда керектүү жабдууларды орнотуу менен демонстрациялык аянтча уюштурулган. Кытай селекциясынын жаңы сорттору эгилүүдө.
§ 1.3. Пахта эгиндеринин фитосанитардык абалы
Акыркы жылдары агротехникалык жана агрохимиялык ыкмаларды, анын ичинде улам жакшы жерлерге себүүнүн (которуштуруп эгүүнүн), минералдык жер семирткичтердин толук комплексин берүүнүн, өсүмдүктөрдүн туура тыгыздыгынын түзүлгөндүгүнүн, катарларды өз учурунда тазалоону жана зыянкечтер менен болгон күрөшүүнү сактабагандыктын натыйжасында пахта эккен райондордо пахта эгиндеринин фитосанитардык абалы начарлады. Мындан сырткары, каражаттын жетишсиздигине байланыштуу, кошумча тоюттандыруу азоттук жер семирткичтер менен гана болууда, ал эми фосфордук жана калийдик жер семирткичтер пахта түбүнө берилбейт.
Ушунун бардыгы пахта эгүүлөрүндө, өзгөчө акыркы жылдарда пахта өсүмдүктөрүндө желе кенеси, зыянкечтердин жана оорулардын көбөйүшүнө жагымдуу шарттарды түзүүдө. Жабыркаган өсүмдүктөрдүн өскөнү жана өнүгүшү артта калууда.
Бул зыянкеч жабыркаткан пахта эгүүлөрү Жалал-Абад облусунда - 9000 га, Ош облусунда - 6000 га түздү, ал эми пахта өсүмдүгү жакшы өскөн жана өз учурунда химиялык тазалоолор жүргүзүлгөн жерлерде желе кенесинин зыяны төмөндөдү.
Өткөн он жылдыктын ортосунда айрым препараттарга желе кенесинин туруктуулугу байкалган, алар: Омайт, Неорон, Би-58. Булардын бардыгы пахта айдоочулардан кенеге каршы күрөшүндө жаңы уу химикаттарды же аларды башка эффективдүү акарициддер менен так кезектешүү ыкмасын колдонууну талап кылат.
Өткөн он жылда пайда болгон көптөгөн көйгөйлөр чечилбей калган. Бул өсүмдүктөрдү коргоо боюнча техниканын эскириши, пестициддерге жана минералдык жер семирткичтерге болгон баанын жогорулашы, ошондой эле жер участокторунун кичинекейлигине байланыштуу которуштуруп айдоону киргизүүгө мүмкүндүктүн жоктугу.
Чигиттүү пахтанын белгиленген өндүрүш көлөмүнө (150,0 миң тоннага) жетүү үчүн 2017-жылдан тартып жыл сайын орто эсеп менен алганда 250,0 миң тонна азот, 170,0 миң тонна фосфор жана 80,0 миң тонна калий жер семирткичтери талап кылынууда.
§ 1.4. Пахтаны кайра иштетүү тармагынын абалы
Республикада пахта буласын өндүрүүнү Ош облусундагы Кара-Суу жана Араван райондорунда, Жалал-Абад облусундагы Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы 24 чарба субъекттери ишке ашырат (алар үрөндөн буланы бөлүү үчүн алгачкы тазалоону жүргүзөт). Учурдагы пахтаны кайра иштетүүчү ири жана орто ишканалар болуп "Потенциал" жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары - ЖЧК), "Тепе Коргон биримдиги" ЖЧК, "Ак-Ниет" ЖЧК, "Пахта Корпорациясы Лиматекс" ЖЧК, "Интер Коттон Групп" ЖЧК, "Белхлоппром" ЖЧК, "Гулам Ата" ЖЧК, "Алтын Камар" айыл чарба соода-өнөр жай фирмасы, "Ак-Була" Аравандагы пахта заводу" Ачык типтеги акционердик коому (мындан ары - АТАК) "Коттон Текстиль Фектори" Ачык акционердик коому (мындан ары - ААК) эсептелет.
Бирок азыркы учурда республикада текстиль өнөр жайынын ишканалары иштебейт. Продукцияларынын талап кылынбаганына жана сырьёнун жетишсиздигине байланыштуу, алар ички, ошондой эле тышкы рыноктордо өз позицияларын жоготушту. Ушул себептен текстиль ишканаларындагы жабдуулардын кыйла бөлүгү сатылган, ал эми калганы эскирген, убакыттын өтүшү менен жараксыз болуп калган. Цехтер жана административдик корпустар талкаланган, аларды калыбына келтирүүгө чоң финансылык каражаттар талап кылынат.
Азыркы каржылоо жана кредит берүү, экономикалык жөнгө салуу системасы пахтачылыктын натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшпөйт жана тиешелүү кредиттик жана башка ресурстарга муктаждыктын зарыл деңгээлин камсыз кылбайт. Айыл чарбасында камсыздандыруу системасынын жоктугу пахтачылыктагы ишкерлик иштин тобокелдүүлүгүн жогорулатат.
Рыноктук шартта чарба жүргүзүүгө ыңгайлаштырылган өлкөбүздүн бүтүндөй агрардык сектору жана атап айтканда пахта комплекси ишинин экономикалык механизмин, ошондой эле пахта продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу чөйрөсүндө экономикалык өз ара мамилелерди жөнгө салуу жана кредиттик, салыктык, камсыздандыруу системаларын өркүндөтүү боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгуусу зарыл.
Пахта буласын өндүрүү (2010-2015-жж.)
| Эсептөө бирдиги | 2010-жыл | 2011-жыл | 2012-жыл | 2013-жыл | 2014-жыл | 2015-жыл |
Айдоо аянты | га | 26693 | 37429 | 30959 | 23437 | 23300 | 14200 |
Түшүмдүүлүгү | ц/га | 27,9 | 27,2 | 27,4 | 29,3 | 27,4 | 30,6 |
Чигиттүү пахтанын дүң жыйналганы | миң т | 74,0 | 101,3 | 84,7 | 68,5 | 68,9 | 43,5 |
Пахта буласы | миң т | 19,8 | 22,9 | 26,4 | 18,6 | 19,2 | 14,6 |
Өлкөдөгү калкты камсыз кылуу үчүн заманбап сапаттуу кездемелерди чыгаруу менен ата мекендик текстиль өнөр жайын жандантуу керек.
2014-жылы пахта буласынын экспорту 18,6 миң тоннаны, сумма менен алганда 1315,8 млн. сомду түздү, же 2013-жылга салыштырмалуу 19,4%га (15,5 миң тоннага) көбөйдү. Көбүнчө Россия Федерациясына - 12,6 миң тонна (67,7%), Түркия Республикасына - 4,4 миң тонна (23,7%) жана Латвия Республикасына - 1,0 миң тонна (5,4%) экспорттолгон.
2. Кыргыз Республикасынын пахта тармагындагы көйгөйлөр
Азыркы учурда пахта тармагынын натыйжалуу деңгээлге чыгуусуна мүмкүндүк бербей жаткан бир катар олуттуу жана чечиле элек көйгөйлөр бар. Бул көйгөйлөрдүн арасына өлкөдөгү чигиттүү пахтанын негизги бөлүгүн чыгаруучу пахта эккен майда чарбалардын көбүнүн финансылык-экономикалык оор абалы, тармакты мамлекеттик колдоо, экономикалык жөнгө салуу системасынын жетиштүү өнүкпөгөнү кирет. Пахта рыногунун катышуучуларын инфраструктуралык камсыздоо начар бойдон калууда, ал өндүрүш процессинин туруктуулугун төмөндөтүүдө. Сатуу чөйрөсүндө чигиттүү пахтаны жана пахтанын буласын сатуунун уюштурулган каналдары жок, алардын сатуу кепилдиги камсыздалган эмес, пахта жаатында баалардын тармактар аралык көптөгөн диспропорциясы жана диспаритети сакталууда.
Тармактагы негизги көйгөйлөрдүн бири - чигиттүү пахтанын төмөн баасы. Чигиттүү пахтаны сатып алуу баасы 2015-жылдын мартына карата 1 кг орточо 33-37 сомду түзгөн (дүйнөлүк рыноктогу бааларга жараша).
Салыштыруу үчүн, технологиялык картага ылайык, 1 га жерде пахтаны өстүрүү жана жыйноо үчүн 70-80 миң сом чыгымдоо керек. Эгерде пахтанын түшүмдүүлүгү 30 ц/га деңгээлинде болсо, 1 га жерден чарбанын иштеп тапканы 3000 кг х 35 сом (чигиттүү пахтаны сатып алуунун орточо баасы) = 105000 сом - 70000 сом (дыйкан чарбанын чыгашасы) = 35000 сом. Мындай рентабелдүүлүк менен орто жана майда дыйкан чарбалар иштей албайт.
Пахтанын түшүмдүүлүгүн көбөйтүүнүн бир жолу - кытайлык ыкма, тамчылатып сугарууну колдонуп, плёнка жабуу менен өстүрүү. Бул ыкма пахтанын тушумун 40-50 ц/га чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк түзөт, жетилүү процессин ылдамдатат, отоо чөптөрдүн санын азайтат жана топурактын нымдуулугун көпкө сактайт. Ушундай түшүм алууда, 1 кг пахта 35 сомдон болсо, анда чарба 1 гектардан 140000-175000 сом иштеп табат. Чигиттүү пахтанын рентабелдүүлүгү 50%дан ашат. Мына ушундай көрсөткүчтөрдө дыйкан жана фермерлерге пахта өстүрүү пайда алып келет.
Мындан сырткары, республиканын пахта тармагындагы көйгөйлөргө төмөнкү факторлор кирет:
- жаңы экономикалык (рыноктук) мамилелерге өтүү жана тармактын материалдык-техникалык базасынын бузулушу;
- пахта жыйноочу техниканын, минералдык жана органикалык жер семирткичтердин кымбаттыгы, үрөндүн төмөн сапаты, мелиорация жана сугат системаларынын начар иштөөсү, пахта өндүрүүчүлөр жана аны кайра иштетүүчүлөрдүн (пахта тазалоочулар) ортосундагы мамиленин ачык эместиги;
- пахтаны өстүрүү процессинде агротехникалык иш-чараларды бузуу, ал түздөн-түз пахтанын түшүмдүүлүгүнө таасирин тийгизет;
- жерлердин топурагынын түзүмүн изилдөө жана айыл чарба багытындагы жерлердин картограммасын түзүү иштери жүргүзүлбөйт;
- бир эле жерде көп жылдардан бери кайра-кайра пахтаны өстүрө берүү анын оорусунун жана зыянкечтердин көбөйүшүнө себеп болду;
- колдонулуп келе жаткан экономикалык жөнгө салуу, каржылоо жана кредиттөө системалары пахта тармагынын натыйжалуулугун өстүрүүгө түрткү бере албайт жана тиешелүү кредиттерди жана башка ресурстарды жетиштүү деңгээлде камсыздабайт;
- бул чөйрөдөгү жогорку квалификациялуу адистердин жетишпегендиги.
3. Концепциянын максаттары
Концепциянын негизги максаты эл аралык жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен пахта буласын кайра иштетүүчү ишканаларын түзүүнү эске алуу менен пахта тармагын калыбына келтирүүнүн жана өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо болуп эсептелет.
Пахта тармагынын мындан аркы өнүгүшү дүйнөлүк рынокто да, республиканын ичинде да атаандашууга жөндөмдүү баада сатыла турган, жогорку сапаттагы продукция өндүргөн кубаттуу айыл чарба жана өнөр жай индустриясына айланууга түрткү болушу керек. Пахта тармагы айыл тургундарынын социалдык жана экономикалык көйгөйлөрүн чечүүдө салмактуу салым кошо турган натыйжалуу тармак болуп калышы керек.
Ушул Концепция, өлкөдө пахта буласын кайра иштетүү ишканаларын түзүүнү эске алуу менен бирге, ошондой эле чигиттүү пахтаны өндүрүүнүн көлөмүн акырындык менен көбөйтүүгө, аны 2021-жылы 120-150 миң тоннага чейин жеткирүүгө, ал эми пахта эгүү аянттарын 30 миң га чейин кеңейтүүгө, ошону менен бирге анын түшүмүн 40,0-50,0 ц/га кылууга багытталган. Пахта буласынын алынышы орто эсеп менен 35-45 миң тонна болушу керек.
Концепциянын максаттарынын бири, республикадагы селекционерлерге бат жетилүүчү, жогорку түшүм берүүчү, ооруларга жана зыянкечтерге туруктуу, механизациялашкан жыюуга жана иштетүүгө ыңгайлашкан, сапаты жана буланын чыгуусу жогору болгон пахтанын жаңы сортторун чыгаруу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн керектүү шарттарды түзүүгө багытталган. Чарбачылык жүргүзүп жаткан субъекттерди үрөн менен толук камсыздоо үчүн жетишпей жаткан санын мыкты сорттор менен толуктоо керек.
Мындан сырткары, Концепция сырьёнун сапатынын жогорулашын өндүрүштүн ар бир этабында, эгилүүчү үрөндүн селекциялык тандоосун жакшыртуудан баштап, пахтаны сертификациялоо системасын мындан да жакшыртууга чейин болжолдойт.
Ушул Концепция 2017-2021-жылдардын мезгилинде машина-трактордук паркты 35%га чейин жаңыртуу жумуштарын жүргүзүүнү максат кылат.
4. Артыкчылыктары
Пахтачылыктагы азыркы көйгөйлөр тармактын өнүгүшүнө жолтоо болууда. Ошондуктан кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү, үрөн жана өсүмдүктү өстүрүүнүн агротехникасы, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, пахта продукциясын өндүрүүчүлөрдүн социалдык турмушунун инфраструктурасын өнүктүрүү, кредиттерди берүү механизмдерин өөрчүтүү зарыл, аларды пахтаны кайра иштетүүчү ишканаларга да, чигиттүү пахтаны өндүрүүчүлөргө да карата колдонуу пахта тармагын Кыргыз Республикасында мындан ары өнүктүрүү багыттарынын артыкчылыгы болуп эсептелет.
Ушул Концепцияда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүү чигиттүү пахтаны өндүрүүнүн көлөмүн жогорулатууга жана аны өлкөнүн ичинде кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
5. Ушул Концепцияны ишке ашыруу милдеттери жана чаралары
Ушул Концепциянын максаттарына жетүү жана пахта тармагын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясатын жүргүзүү үчүн төмөнкү милдеттер жана чаралар аткарылышы керек:
- чигиттүү пахтаны өндүрүүдө жана кайра иштетүүдө өнүгүүнүн жана натыйжалуулуктун динамикасын, пахта комплексинин экономикалык жөнгө салуу системасын талдоо;
- тармакта узак мөөнөткө ипотекалык кредиттөө жана камсыздандыруу системасынын механизмдерин түзүүгө методикалык ыкмаларды иштеп чыгуу;
- айыл чарба багытындагы жерлерди күрөө катары коюуну колдонуп, ипотекалык (узак мөөнөттүк) кредиттөөнү ишке киргизүү, бул айыл чарба өндүрүшүн туруктуу өнүктүрүү үчүн кошумча финансылык ресурстарын камсыздоого жол ачат;
- пахтаны кайра иштетүүчү ишканаларга жана пахта эккен чарбаларга жеңилдетилген узак мөөнөттүк кредиттерди берүү;
- үрөндүн, минералдык жер семирткичтердин жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын сапатын камсыздаган сертификацияланган каражаттарды колдонуунун ченемдик укуктук негиздерин өркүндөтүү;
- айыл чарба техникасынын лизингин өнүктүрүү;
- текстил өндүрүшүндөгү негизги фонддорду модернизациялоо жана жаңыртуу;
- пахтанын үрөнчүлүгү жана селекциясы боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, пахтанын селекциясынын ата мекендик жана чет өлкөлүк сортторунун эң мыктыларын расмий сыноодон өткөрүү жана каттоо, кайдан чыкканы дайынсыз болгон пахтанын үрөнүн алып келүүгө тыюу салууну эске алуу менен;
- пахтанын жогорку түшүмүн алуу үчүн минералдык жер семирткичтерди эффективдүү колдонууга көмөктөшүүчү топурактын курамына диагностика жүргүзүүнү уюштуруу;
- топурактын күрдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүүчү көп жылдык чөптөрдү колдонуу аркылуу кыска мөөнөттүү жер которуштуруп айдоону кеңири жайылтуу;
- жеке жана сырткы инвестицияларды колдонуу менен, үрөн себүүнүн нормаларын сактоочу заманбап үрөн сепкичтерди сатып алып, пахтаны так себүү технологиясын ишке киргизүү;
- жеткиликтүү көлөмдө органикалык жана минералдык жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочу материалдар, сапаттуу үрөн, айыл чарба техникасы жана белен тетиктер менен камсыздоо, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине жана ооруларына каршы химиялык заттарды өз убагында пайдалануу.
Бул Концепциянын алкагында чарбачылык кылып жаткан субъектилерге пахта буласын кайра иштетүү ишканаларын курууга мүмкүнчүлүк түзүү максатында пахта тармагындагы инвестициялык жана кредиттик саясатты түзүүгө жана ишке ашырууга багытталган, ошондой эле кластердик өнүгүүнүн принциптерин эске алуу менен текстилдик жана тамак-аш өнөр жайларынын интеграциясына түрткү берген ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү каралган.
Пахта тармагынын технологиялык жабдууларын жаңыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги биргелешкен ишканаларды түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын, Индия Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуунун алкагында пахта тармагына инвестицияларды тартуу иштери каралган.
Техниканын жетишсиздигин жана машина-трактордук парктын эскиргенин эске алсак, пахтаны өстүрүү үчүн адистештирилген айыл чарба техникасын Өзбекстан Республикасынан сатып келүү маселеси каралууда, ал товардык кредит түрүндө пахта өстүрүүчүлөргө бөлүнүп, кайтаруу мөөнөтү 7-10-жылга коюлат.
Чигиттүү пахтаны өстүрүү технологиясын жакшыртуу максатында өндүрүшкө жер которуштуруп айдоо системасын кеңири жайылтуу каралган, мисалы, пахта-бедени которуштуруп айдоо системасында көп жылдык чөптөрдүн үлүшүн 30%дан кем эмес деңгээлге жеткирүү. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмдүк бөлүнүштөрү илимдин өкүлдөрү менен бирге пахта эккен зонада дыйкандарга ушундай жер которуштуруп айдоо системасын иштеп чыгууда жана ишке киргизүүдө практикалык жардам көрсөтүшөт.
Жер кыртышынын күрдүүлүгүн аныктоо үчүн изилдөөлөрдү уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Кыргызжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасы пахта өстүрүүчү зонадагы жер кыртышынын толук талдоосун жүргүзөт.
Ушул Концепциянын алкагында пахтаны селекциялоо жана үрөнчүлүк системасын өркүндөтүү каралган. Ал үчүн, биринчи иретте ата мекендик "Кыргыз-3" жана "Кыргыз-5" сортторун коргоо боюнча конкреттүү чаралар төмөнкүлөр аркылуу көрүлөт:
- пахта эккен райондордун чарба субъекттеринин ушул сорттогу өздөрүнүн үрөндөрү менен камсыз болушун талдоо. Ал үчүн үрөн чарбаларга кайра бөлүштүрүү фондусунан кошумча бөлүп берүүнүн эсебинен айдоо жерлери берилет же пахта үрөнүн өндүрүү боюнча кошумча жеке үрөн чарбалары түзүлөт;
- тендердик негизде баштапкы чарбалардан жогорку репродукциялуу пахта үрөнүн сатып алууну уюштуруп, ошол үрөндү кийин андан ары көбөйтүү максатында экинчи топтогу үрөн чарбаларына товардык кредит түрүндө өткөрүп берүү.
Ушул Концепцияны ишке ашыруунун алкагында үрөндүк эгиндерди обочолоо маселесин чечүү каралган. Ушул максатта пахта эккен зонанын ар бир районунда пахтанын бир сортун тандоо жана пайдалануу каралууда.
Ошондой эле пахта өстүрүүдө заманбап технологияларды кеңири колдонуу менен айдап-эгүүдө плёнка жабуу менен өстүрүү жана тамчылатып сугаруу каралган. Бул максатта Кара-Суу мамлекеттик сорт участогунун ийгиликтүү тажрыйбасы колдонулат. Мындай агротехникада пахтанын гозосу бышып жетүү мөөнөтү үч жумага ылдамдайт, топурактын нымдуулугу сакталат, отоо чөптөрдүн санын азайтат, натыйжада пахтанын түшүмү 45-50 ц/га чейин көбөйөт. 2020-жылы плёнка жабуу менен пахтаны өстүрүү 100% деңгээлге чейин жеткирүү күтүлүүдө.
Ушул Концепцияны ишке ашыруунун алкагында айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн муктаждыгын канааттандыруу үчүн минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча ата мекендик ишканаларын түзүү каралган. Жер семирткичтерди чыгаруу боюнча заводду куруу үчүн эл аралык донордук уюмдарды тартуу каралууда. Айыл чарбаны арзан жер семирткичтер менен камсыз кылуу маселесин чечүү максатында минералдык жер семирткичтерди жеткирүүчүлөрдүн Кыргыз ассоциациясы суюк аммиакты кайра иштетүүнүн негизинде аммиак селитрасын өндүрүү боюнча Чүй облусунда завод куруу демилгесин көтөрүштү. Суюк аммиакты Россия Федерациясынан ташып келүү божомолдонууда, долбоордун алдын ала наркы - 80-100 миң АКШ доллары, өндүрүмдүүлүгү жылына 120-150 миң тонна аммиак селитрасы.
Пахтанын зыянкечтерине жана ооруларына каршы күрөшүү үчүн экологиялык көз караштан алганда абдан маанилүү химиялык, агротехникалык жана биологиялык ыкмаларды биргелешип пайдаланууну камтыган күрөшүүнүн интеграцияланган системасын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу каралган. Ал үчүн Кыргыз агробиологиялык борборунун Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен бирге республиканын пахта өстүрүүчү райондорунда пайдалуу курт-кумурскаларды чыгаруу боюнча биологиялык лабораторияларды кеңейтүү жана аларды пахта өстүрүүдө пайдалануусу каралууда.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти тарабынан пахта эккен чарбаларды өз убагында өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары менен толук камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү каралууда.
Пахтаны өстүрүү боюнча зарыл иш-чараларды ушул өсүмдүктү туура айдоо аркылуу жүргүзүү - жер которуштурууну аткаруу, агротехниканы жана агротехнологияны колдонуу дыйкан чарбаларды бириктирүүдө жана ирилештирүүдө гана мүмкүн, анткени майда жер үлүштөрү жер которуштурууга, агротехнология боюнча жер айдоого эле эмес, жада калса талаада техниканы колдонууга мүмкүндүк бербейт.
Ушул Концепция пахта тармагында орто жана жогорку звенодогу адистерди окутууну, анын ичинде К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин базасында адистердин квалификациясын жогорулатуу курстарында окутууну пландаштыруу жана уюштуруу иштерин карайт.
6. Негизги сунуштар
Пахта тармагын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү максатында бул Концепция төмөнкү негизги иш-чараларды жүзөгө ашырууну көздөйт:
1) "Пахтачылык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы негизин түзгөн ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу. Бул Мыйзамда ченемдер так аныкталышы керек, аларды ишке ашыруу үрөндүк ресурсту түзүүгө, мелиорациялык жана ирригациялык иш-чараларды жүргүзүүгө, ошондой эле пахта өндүрүүчүлөр үчүн кредиттерди берүүгө жардам берет;
2) пахтачылык тармагынын атаандаштыкка жөндөмүн жогорулатуудан, бардыгынан мурда, пахта эгүүнүн концентрациясынан улам түзүлөт. Бул маселени чечүүдө фермердик кооперацияны өнүктүрүү маанилүү ролду ойнойт, ал жеке жана үй-бүлөлүк пахтачылык фермердик чарбалардын атаандаштык деңгээлин жогорулатууга жана пахта тазалоочу заводдор менен экономикалык мамилелерди жакшыртууга көмөктөшөт. Бул жагдайда фермердик кооперативдер пахта тазалоочу заводдун ээлери катары болушу мүмкүн. Чигиттүү пахтаны чыгаруучу жана кайра иштетүүчү фермердик кооперация гана ири өндүрүштүн артыкчылыктарын колдонууга мүмкүндүк берет;
3) чигиттүү пахтанын түшүмүн пахта өстүрүүнүн инновациялык технологияларын киргизүү аркылуу көбөйтүүгө мүмкүн. Пахтанын жаңы сортторун чыгаруу менен иштеген жана аны өстүрүүдө жаңы инновациялык технологиялардын үстүндө иштеп жатышкан Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун пахтачылык боюнча Кыргыз тажрыйба станциясынын илимпоздорунун илимий-изилдөө иштерин күчөтүү керек;
4) пахтаны кайра иштетүүчү өнөр жайынын экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүү багыты болуп пахта продукциясын чыгаруунун тереңдетилген адистештирүүсүнүн негизинде бардык звенолорун интеграциялоо болуп саналат. Бул максатта жогорку даражадагы кошумча наркы бар атаандаштыкка жөндөмдүү пахта продукциясын түзүүгө багытталган, көз карандысыз адистештирилген өндүрүштөрдүн жана бири-бирин толуктоочу ишканалардын аракеттенүүсүн көрсөткөн, пахта-текстиль кластерин түзүү максатка ылайыктуу. Пахта-текстиль кластеринин технологиялык чынжыры төмөнкүлөрдү камтыйт: чигиттүү пахтаны өндүрүүнү, аны кайра иштетүүнү, пахта-буласынан жип, кездеме, текстиль буюмдарын чыгарууну жана тигүү өндүрүшүн;
5) текстиль секторуна инвесторлорду тартуу үчүн эркин экономикалык зонаны түзүү керек. Эркин экономикалык зонанын аймагында пахтаны кайра иштетүүнү камсыз кылган текстиль ишканаларынын курулушу каралат, ал жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эркин экономикалык зонанын аймагында иштеген ишканалар үчүн жеңилдиктерди берүү каралууда.
Эркин экономикалык зонанын максаттуу багытына экономиканы ылдам өнүктүрүүдө, инвестицияларды тартууда, алдыңкы технологияларды колдонууда, заманбап инфраструктураны түзүү кирет. Чарба механизми өзгөчө укуктук режимдин, бажылык жөнгө салуунун, салык салуунун, финансы, материалдык ресурстарды тартуунун принциптерине негизделген.
Мында эркин экономикалык зонаны түзүү жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алууну жана чет өлкөлүк тажрыйбаны изилдөөнү талап кылат.
7. Күтүлүүчү натыйжалар
Практикалык жактан бул Концепцияны ишке ашыруу төмөнкү жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүндүк берет:
- ички жана тышкы инвестицияларды пахта тармагына тартуу үчүн жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүгө;
- пахта буласын кайра иштеткен ишканаларды түзүүгө;
- чигиттүү пахтанын дүң жыйноосун 120-150 миң тоннага чейин жеткирүүгө, анын ичинен болжол менен 35-45 миң тонна пахта буласы иштелип чыгарылат, анын 50% ашыгын пахтаны кайра иштетүүчү ишканалар иштеп чыгышат. Мында май чыгаруучу өнөр жайы үчүн сырьёнун көлөмү көбөйөт;
- пахтанын түшүмүн 40 50 ц/га болушун эске алуу менен эккен пахтанын аянтын 30 миң га чейин кеңейтүүгө;
- текстил өнөр жайын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө;
- экспортту кеңейтүү менен текстиль өнөр жайынын продукциясынын жана сапаттуу пахта буласынын көлөмүн көбөйтүүгө;
- айылдын социалдык жана экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө (жаңы жумуш орундарын түзүү, фермердик чарбалардын жана кайра иштетүүчү ишканалардын кирешесин көбөйтүү);
- ата мекендик пахта тармагынын атаандаштыкка жөндөмүн жогорулатууга;
- пахта эккен региондордо жер участокторунун кыртышынын күрдүүлүгүн жакшыртууга;
- пахта эккен аянттарда жагымдуу фитосанитардык абалды түзүүгө;
- мал чарба тармагын кошумча тоют менен камсыз кылууга.