Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-июлу № 384
2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында пахта тармагын өнүктүрүүнүн концепциясын бекитүү жөнүндө
Пахта тармагын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, экспортко багытталган продукцияны өндүрүүнү көбөйтүүгө көмөктөшүүчү жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында пахта тармагын өнүктүрүүнүн концепциясы 1-тиркемеге ылайык;
- 2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында пахта тармагын өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттө ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
- мониторинг жүргүзсүн жана жыл сайын 5-февралга чейин, Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
2-тиркеме
2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында пахта тармагын өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Ресурстук камсыздоо | Ишке ашыруу формасы | Аткарууга жооптуулар | Күтүлүүчү натыйжалар |
1 | Пахтачылык чөйрөсүндөгү мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жылдын III кварталы | Талап кылынбайт | Тиешелүү актты кабыл алуу | Айылчарбамин | Пахта тармагын өнүктүрүү үчүн укуктук-ченемдик база түзүлөт |
2 | Пахта эккен чарбалардын айыл чарба техникаларын жеңилдетилген кредит аркылуу жана лизингге алуусунун механизмдерин иштеп чыгуу | 2017-жылдын IV кварталы | Талап кылынбайт | Тиешелүү актты кабыл алуу | Айылчарбамин | Атаандашууга жөндөмдүү экспортко багытталган продукцияны өндүрүү көлөмү жогорулайт |
3 | Пахтаны кайра иштетүү жана текстиль өнөр жайынын ишканаларын курууга жана модернизациялоого инвестицияларды тартуу боюнча эл аралык донорлор менен сүйлөшүү | 2017-2021-жж. | Талап кылынбайт | Тиешелүү актты кабыл алуу | Айылчарбамин | Кайра иштетилген продукцияны өндүрүүнүн көлөмү жогорулайт, экспортту өнүктүрүү жана импортту алмаштыруу камсыздалат, жумуш орундары түзүлөт |
4 | Пахтаны, аны кайра иштетүүнү, пахтанын буласынан жипти, кездемени, текстиль буюмдарын жана тигүү өндүрүшүн камтыган пахта-текстиль кластерин өнүктүрүү механизмин иштеп чыгуу | 2019-жылдын II кварталы | Талап кылынбайт | Тиешелүү актты кабыл алуу | Айылчарбамин | Продукциянын атаандаштыкка жөндөмү жогорулайт, тармактар аралык аракеттенүүнү жана илимдин, өндүрүштүн, кайра иштетүүнүн жана сатуунун ортосунда жана сатуунун ортосунда натыйжалуу байланыштар өнүктүрүлөт |
5 | Пахта-текстиль секторуна инвесторлорду тартуу үчүн эркин экономикалык зонаны түзүүнүн чарбалык механизмин иштеп чыгуу | 2020-жылдын II кварталы | Талап кылынбайт | Тиешелүү актты кабыл алуу | Айылчарбамин | Чет өлкөлүк инвесторлорго текстиль ишканаларын куруу, жумуш орундарын түзүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт |
6 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтунун Кыргыз тажрыйба станциясынын эл аралык илимий борборлору менен бирге пахтанын жогорку түшүмдүү сортторун чыгаруу, пахта өстүрүүдө ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды иштеп чыгуу боюнча активдүү илимий кызматташуу | 2017-2021-жж. | Талап кылынбайт | Практикалык иштер | Айылчарбамин, БИМ | Пахта-буласынын түшүмдүүлүгү жана сапаты жогорулайт, айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн кирешеси, өндүрүштүн натыйжалуулугу көтөрүлөт |
7 | Өндүрүшкө пахтаны өндүрүүнүн инновациялык технологияларын киргизүү боюнча семинарларды, көргөзмөлөрдү, консультацияларды өткөрүү | 2017-2021-жж. | Талап кылынбайт | Практикалык иштер | Айылчарбамин, АКК (макулдашуу боюнча) | Пахтанын түшүмүн көбөйтүү жана өндүрүүнүн инновациялык технологиялары жөнүндө айыл чарбадагы товар өндүрүүчүлөрдүн маалымдуу болушу жогорулайт |
8 | Айыл чарба кооперативдерин башкарууда жана уюштурууда көмөк көрсөтүү жана семинарларды өткөрүү | 2017-2021-жж. | Эл аралык донордук уюмдар | Практикалык иштер | Айылчарбамин, ККС (макулдашуу боюнча) | Майда дыйкан чарбалары айыл чарба кооперативдерине ирилештирилет, продукциянын атаандаштыкка жөндөмү жана өндүрүштүн натыйжалуулугу жогорулайт |
9 | Пахта эккен чарбаларды керектүү минералдык жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, күйүүчү май менен толук көлөмдө камсыздоо | 2017-2021-жж. | Талап кылынбайт | Практикалык иштер | Айылчарбамин | Пахта өстүрүүдө бардык технологиялык операциялар өз убагында жүргүзүлөт, пахтанын түшүмү жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн кирешеси көбөйөт |
10 | Пахтаны инновациялык технологияны колдонуп өстүрүү боюнча окуу жана методикалык материалдарды иштеп жана басып чыгаруу | 2017-2021-жж. | Эл аралык донордук уюмдар | Практикалык аракеттер | Айылчарбамин | Инновациялык технология жөнүндө айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн билими жогорулайт жана пахта-чийки затынын түшүмдүүлүгү көбөйөт |
11 | Республикада пахта тармагын өнүктүрүү максатында эл аралык агенттиктер жана донорлор менен диалог уюштуруу | 2017-2021-жж. | Талап кылынбайт | Практикалык аракеттер | Айылчарбамин | Пахта тармагына донорлордун инвестицияларын тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт |
12 | Пахта өстүрүү зонасында топурактын асылдуулугун аныктоо максатында изилдөө жүргүзүү | 2017-2021-жж. | Талап кылынбайт | Практикалык аракеттер | Айылчарбамин | Илимий негизделген багытта минералдык жер семирткичтер колдонулат (топурактын асылдуулугун аныктоонун жыйынтыгынын негизинде) |
13 | Өсүмдүктөрдү биологиялык ыкма аркылуу коргоо менен катар пахтаны зыянкечтерден жана илдеттен коргоо максатында комплекстүү системаны колдонуу | 2017-2021-жж. | Талап кылынбайт | Практикалык аракеттер | Айылчарбамин | Пахтанын зыянкечтеринин жана илдеттеринин таасиринин төмөндөшү пахта-чийки затынын түшүмдүүлүгүн көбөйтөт |
14 | Үрөн чарбаларында пахта үрөнүн өндүрүүдө, сактоодо жана пайдаланууда көзөмөлдү күчөтүү
| 2017-2021-жж. | Талап кылынбайт | Практикалык аракеттер | Айылчарбамин | Пахта-чийки затынын түшүмдүүлүгү жана үрөндүн сапаты жогорулайт |
Кыскартуулардын тизмеси:
Айылчарбамин | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
АКК | - | Айылдык кеңеш берүү кызматы; |
ККС | - | Кыргызстандын кооперативдер союзу. |