Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-июну № 365
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы Эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 6-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 8, 11, 12 жана 14-беренелеринин бүткүл тексти боюнча "Бажы бирлигинин" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 6-беренесинин 8-бөлүгүндөгү "ата мекендик жана чет өлкөлүк товарларды" деген сөздөр "чет өлкөлүк товарларды жана Евразия экономикалык бирлигинин товарларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 11-беренесинин 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ЭЭЗ башкы дирекциясынын ЭЭЗдин ишинин шарттары жөнүндө келишимди түзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык административдик (сотко чейинки) тартипте, андан кийин соттук тартипте даттанылат.";
4) 14-беренесинин 12-бөлүгүндөгү "товарларды бажылык декларациялоо" деген сөздөр "товарларды бажылык жол-жоболорго жайгаштыруу менен байланышкан бажы операциялары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|