Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-июну № 359
Саламаттык сактоо тармагындагы 2016-2025-жылдарга карата инвестициялык программаны бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасына инвестицияларды тартуу процессин активдештирүү жана аларды пайдалануунун натыйжалуулугун арттыруу, ошондой эле аткаруу бийлигинин органдары тарабынан саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн программаларын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилсин:
- Саламаттык сактоо тармагындагы 2016-2025-жылдарга карата инвестициялык программа, 1-тиркемеге ылайык;
- Саламаттык сактоо тармагындагы 2016-2025-жылдарга карата иш-чаралардын инвестициялык планы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
2-тиркеме
Саламаттык сактоо тармагындагы 2016-2025-жылдарга карата иш-чаралардын ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралардын аталышы | Мамлекеттик программалар менен байланыш. Чечилүүчү маселелер | Бенефициар | Инвестициялардын объектиси | Керектүү инвестициялардын жалпы суммасы | Бенефициардын уюштуруу структурасынын сунушталган формасы | Инвестициялардын артыкчылыгы (5 балл шкала боюнча) | Каржылоо булактары |
1 | Улуттук эне жана баланы коргоо борборундагы медициналык тейлөөнү жакшыртуу | - | Улуттук эне жана баланы коргоо борбору | Медициналык тейлөөнү жакшыртуу боюнча долбоор | 0,15 млн. АКШ доллары | Өзгөртүүсүз | 5 | Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин "Өсүмдүк тамырлары жана адам коопсуздугу" программасынын алкагында |
2 | Жаңы блокту куруу, имаратты реконструкциялоо | "Эне жана баланы коргоо IV жана V" программасы | Улуттук эне жана баланы коргоо борбору | Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун алдындагы Перинаталдык борбор | 11,4 млн. евро | Өзгөртүүсүз | 5 | KfW Немец банкы - гранттык жардам |
3 | Улуттук эне жана баланы коргоо борборун модернизациялоо жана жабдуу | Балдардын өлүмүн азайтуу. Балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу. Балдардын жашоосунун сапатын жакшыртууга жана өмүрүн узартууга багытталган далилдөөчү жогорку технологиялуу жана жогорку адистештирилген жардамды киргизүү | Улуттук эне жана баланы коргоо борбору | Медициналык жабдууларды берүү. Трансплантация борборун жана лаборатория куруу. Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу | 25-27 млн. АКШ доллары | Өзгөртүүсүз | 5 | Донорлор, гранттар. МЖӨ негизинде болуусу ыктымал |
4 | Электрондук саламаттык сактоону киргизүү (телемедицина) | Ага-Хан фондунун принциптери. Коюлган маселелер: телеконсультация, экспертизалар жана окутуу үчүн алыскы региондор менен электрондук байланышты орнотуу | Улуттук эне жана баланы коргоо борбору | Алыскы региондор | Сүйлөшүү стадиясында | Өзгөртүүсүз | 5 | Кыргызстандагы Ага-Хан фонду |
5 | Бөлүмдү эндоскопиялык аппарат менен жабдуу | Бронханын, ашказандын, жоон ичегинин онкологиялык ооруларын диагностикалоону жакшыртуу | Улуттук онкология борбору | Эндоскопия бөлүмү | 1 млн. АКШ доллары | Өзгөртүүсүз | 5 | Донорлор, гранттар, МЖӨ негизинде болуусу ыктымал |
6 | Бөлүмдү аппаратура менен жабдуу | Зыяндуу шишиктерди морфологиялык диагностикалоону жакшыртуу | Улуттук онкология борбору | Гистология бөлүмү | 0,7 млн. АКШ доллары | Өзгөртүүсүз | 5 | Донорлор, гранттар, МЖӨ негизинде болуусу ыктымал |
7 | Аппаратура менен жабдуу | Онкологиялык бейтаптарды нур менен дарылоону жакшыртуу | Улуттук онкология борбору | Радиология бөлүмү | 7 млн. АКШ доллары | Өзгөртүүсүз | 5 | Донорлор, гранттар, МЖӨ негизинде болуусу ыктымал |
8 | Кардиологиялык профилдеги медициналык кызматтарды артыкчылыктуу өнүктүрүү менен Улуттук кардиология жана терапия борборунун инфраструктурасын модернизациялоо | 1. 2012-2016-жылдарга карата "Ден соолук" программасы. 2. Инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана контролдоо боюнча 2013-2020-жылдарга карата мамлекеттик программа. 3. 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы. Маселелер: 1. Медициналык тейлөө сапатын жогорулатуу аркылуу жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоонун сапатын жакшыртуу. 2. Калктын өз убагындагы кардиологиялык жардамга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана оор абалдагы бейтаптар үчүн кардиокызматтын спектрин кеңейтүү. 3. Заманбап жана натыйжалуу эндоваскулярдык кийлигишүүлөрдү алдыга жылдыруу | Улуттук Кардиология жана терапия борбору | Улуттук Кардиология жана терапия борбору | 35,0 млн. АКШ доллары: - курулуш, реконструкция (13,0 млн. АКШ доллары); - жабдуулар (14,5 млн. АКШ доллары); - долбоорлоо, долбоорду башкаруу (4,0 млн. АКШ доллары); - кызматкерлерди окутуу, күндөлүк чыгымдар (3,5 млн. АКШ доллары) | МЖӨ механизмин колдонуп жүзөгө ашырууда - мамлекеттик ишкана түзүү | 5 | МЖӨ негизинде |
9 | Жабдууларды модернизациялоо, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактап калуучу эндоваскулярдык кийлигишүүлөрдүн көлөмүн жана түрлөрүн кеңейтүү үчүн адам ресурстарын өнүктүрүү | - | Улуттук Кардиология жана терапия борбору | Улуттук Кардиология жана терапия борбору | 33,0 млн. АКШ доллары: - түз чыгымдар (21,3 млн. АКШ доллары); - долбоорлоо, долбоорду башкаруу (1,8 млн. АКШ доллары); - окутуу, күндөлүк чыгымдар (9,9 млн. АКШ доллары) | Өзгөртүүсүз | 5 | Донорлор, гранттар, МЖӨ негизинде болуусу ыктымал |
10 | Төрөткө көмөктөшүүчү кызматтын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу | "Ден соолук" программасы. Эне жана бала ден соолугун сактоо жана чыңдоо. Милдет: медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу | Талас облустук бириккен оорукана | Талас облустук бириккен оорукана | 100 жатак орундуу объектти курууга кетүүчү сумма | Өзгөртүүсүз | 5 | KfW Немец банкы (күтүлүүдө) |
11 | Инфекциялык корпусту оңдоо | SWАр, "Ден соолук". Милдет: медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу | Чүй районунун аймактык ооруканасы | Аймакnык оорукананын инфекциялык корпусу | 0,11 млн. АКШ доллары | Өзгөртүүсүз | 4 | Бюджет (грант). "Натыйжанын негизинде каржылоо" долбоору |
12 | Стационардык рентген аппараттарды сатып алуу | - | Чүй районунун аймактык ооруканасы | Чүй районунун аймактык ооруканасы | 0,1 млн. АКШ доллары | Өзгөртүүсүз | 5 | Бюджет (грант). "Натыйжанын негизинде каржылоо" долбоору |
13 | Балдардын жана төрөт курагындагы аялдардын ден соолугун жакшыртуу, балдардын жана энелердин өлүмүн азайтуу | "Ден соолук" программасынын алкагында | Чүй облустук бириккен оорукана | 2 кабат имаратты ажыратып бузуу. Чүй облустук перинаталдык борборду куруу жана жабдуулар менен камсыздоо | 8,0 млн. евро: - бузуу жана куруу иштери (4,5 млн. евро); - жабдуулар (3,5 млн. евро) | Өзгөртүүсүз | 5 | KfW Немец банкынын гранты (күтүлүүдө) |
14 | Оорукананын аймагында 3 кабаттуу имаратты куруу | "Ден соолук" программасынын алкагында | Сокулук аймактык оорукана | Операциялык блок үчүн, хирургия бөлүмдөрүн бириктирүү үчүн жаны имарат | 2,4 млн. АКШ доллары | Болуусу мүмкүн | 5 | КЭР Өкмөтүнүн, ошондой эле өнүктүрүү боюнча башка өнөктөрдүн жардамынын алкагындагы гранттын эсебинен (МЖӨ негизинде болушу мүмкүн) |
15 | Оорукананы капиталдык оңдоо | SWAp, донордук каражаттарды пайдалануу (бюджетти колдоого жана ар кыл долбоорлорду каржылоого жумшалуучу каражаттар) | Сокулук аймактык оорукана | Оорукананын бөлүмдөрү | 1,6 млн. АКШ доллары | Өзгөртүүсүз | 5 | Донорлор, гранттар, МЖӨ негизинде болуусу ыктымал |
16 | Аймактык оорукананы заманбап жабдуулар, суу ысытуучу приборлор жана атайын кийим менен жабдуу | SWAp, донордук каражаттарды пайдалануу (бюджетти колдоого жана ар кыл долбоорлорду каржылоого жумшалуучу каражаттар) | Сокулук аймактык оорукана | Сокулук аймактык оорукана | 2,5 млн. АКШ доллары | Өзгөртүүсүз | 5 | Донорлор, гранттар, МЖӨ негизинде болуусу ыктымал |
17 | Калкты диагностикалык кызмат менен камтууну кеңейтүү | 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы | ССМ | Өлкө боюнча саламаттык сактоо объекттери | 5 млн. АКШ доллары | Болуусу мүмкүн | 5 | МЖӨ негизинде (компьютердик томографтарды орнотуу) |
18 | Калктын диагностикалык кызмат менен камтууну кеңейтүү | 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы | ССМ | Өлкө боюнча саламаттык сактоо объекттери | 5 млн. АКШ доллары | Болуусу мүмкүн | 5 | МЖӨ негизинде |
19 | Борбордук лаборатория жана гемодиализ бөлүмдөрүн түзүү | 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы | ССМ | Саламаттык сактоо объекттери | 3 млн. евро | Болуусу мүмкүн | 5 | IFC жана KFW колдоосу менен. МЖӨ негизинде |
20 | Улуттук госпиталдын нейрохирургия клиникасын куруу | Араб координациялык тобунун ишинин алкагында | ССМ | Улуттук госпитал | 23,4 млн. АКШ доллары | - | 5 | Кувейт өнүктүрүү фонду |
21 | Медициналык тез жардамдын шаардык клиникалык балдар ооруканасынын хирургиялык корпусун куруу | Араб координациялык тобунун ишинин алкагында | ССМ | Медициналык тез жардамдын шаардык клиникалык балдар ооруканасы | 30 млн. АКШ доллары | - | 5 | Саудия өнүктүрүү фонду |
22 | Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын жаңы корпусун куруу | - | ССМ | Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана | 8,9 млн. АКШ доллары | - | 5 | Донорлор, гранттар, МЖӨ негизинде болуусу ыктымал |
23 | Каракол шаарында облустук оорукананы куруу | - | ССМ | - | 7,3 млн. АКШ доллары | - | 5 | Корей ЕDCF фонду |
24 | Бишкек шаарында көп профилдүү клиниканы куруу | - | ССМ | - | 40,0 млн. АКШ доллары | - | 5 | Корей ЕDCF фонду |
25 | Магниттик-резонанстык томографты жайгаштыруу үчүн Улуттук госпиталдын поликлиникалык корпусун реконструкциялоо | - | ССМ | Улуттук госпиталь | 5 млн. АКШ доллары | - | 5 | Корей ЕDCF фонду |
26 | Гематологиялык кызматты өнүктүрүү | - | ССМ | Кыргызстандын гематология илимий борбору | 30,0 млн. АКШ доллары | - | 5 | Корей ЕDCF фонду |
Бардыгы: 290 млн. АКШ доллары = 265,2 млн. АКШ доллары + 22,4 млн. евро (24,64 млн. АКШ доллары)(1).
(1) КР УБ 2016-жылдын 01.03.2016-ж. курсу боюнча. АКШ долларынын курсу - 73,6 сом жана евронун курсу = 81,0 сом