Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-июлу № 394
"Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары - Илим департаментинин директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2002-жылдын 7-августу, № 59) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
1-бөлүк "УИА мүчөлөрүн" деген сөздөрдөн кийин "УИА бөлүмдөрүн мамлекеттик илим-изилдөө мекемелери менен" деген сөздөр менен толукталсын;
3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Улуттук илимдер академиясы юридикалык жак статусуна ээ жана коммерциялык эмес уюм болуп саналат. УИАнын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү. УИА өз иши боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет.";
2) 3-беренеде 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"УИАнын иши илим чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты төмөнкү жолдор менен ишке ашырууга багытталган:
- Кыргыз Республикасында табигый, техникалык, гуманитардык жана коомдук илимдер чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- республиканын социалдык-экономикалык, саясий, илимий-техникалык, инновациялык жана маданий өнүгүшүнүн актуалдуу проблемаларын изилдөө;
- илимий иштеп чыгууларды жана жетишкендиктерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга.";
3) 4-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. УИАнын негизги милдеттери
УИАнын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу алкагында негизги милдеттери:
- илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча фундаменталдык жана прикладдык, инновациялык илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүү;
- илимий, илимий-техникалык, экономикалык, социалдык жана экологиялык программаларды, инновациялык долбоорлорду илимий экспертизадан өткөрүүнү уюштуруу жана катышуу;
- жогорку квалификациядагы илимий кызматкерлерди даярдоо, окумуштуулардын жана адистердин квалификациясын жогорулатуу, анын ичинде чет өлкөлүк илимий борборлордо жогорулатуу;
- өлкөнүн экономикалык, социалдык, маданий өнүгүүсүн, жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону илимий камсыздоо;
- илимди өнүктүрүүнүн принциптүү жаңы жолдорун табуу, ички жана дүйнөлүк илимдин жетишкендиктерин практикада колдонуу боюнча сунуштарды жана механизмдерди иштеп чыгууга катышуу.";
4) 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. УИАнын функциялары
УИАнын функциялары:
- илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик бирдиктүү саясатты түзүүгө жана ишке ашырууга, Кыргыз Республикасынын илимий-техникалык өнүгүшүнүн комплекстүү божомолун иштеп чыгууга, республикадагы илимдин абалы жана өнүгүүсүнүн келечеги жөнүндө жылдык докладды даярдоого катышуу:
- илимий-техникалык программалардын, келечектеги изилдөө иштеринин пландарынын алкагында фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- инновациялардын жана жогорку технологиялардын үлгүлөрүн жаратуу боюнча тажрыйбалык-конструктордук жана тажрыйбалык-технологиялык иштеп чыгууларды жүзөгө ашыруу;
- эл аралык илимий-техникалык кызматташтыктын алкагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди даярдоо, илимий билимдерди пропагандалоо жана жайылтуу;
- илимий техникалык маалыматтын мамлекеттик ресурстарын түзүүгө катышуу.";
5) 9-берененин 1-бөлүгүндөгү "УИАнын Уставына ылайык" жана "чечүүчү добуш берүү укугу менен" деген сөздөр алып салынсын;
6) 10-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"10-берене. УИАнын Жалпы чогулушу
УИАнын анык мүчөлөрүнөн (академиктеринен), корреспондент мүчөлөрүнөн, илимий мекемелеринин жетекчилеринен жана жетектөөчү окумуштууларынан турган УИАнын Жалпы чогулушу УИАнын жогорку органы болуп саналат.
УИАнын Жалпы чогулушу:
- УИАнын Уставын жана ага киргизилүүчү оңдоолорду кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктарынын алкагында УИАнын илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыттарын аныктайт;
- УИАнын Президиумунун, бөлүмдөрүнүн, илимий мекемелеринин, ошондой эле мүчөлөрүнүн (академиктеринин) жана корреспондент мүчөлөрүнүн отчетторун угат жана бекитет;
- УИАнын уставы менен аныкталуучу тартипте УИАнын анык мүчөлөрүн (академиктерин), корреспондент мүчөлөрүн, УИАнын чет өлкөлүк мүчөлөрүн, УИАнын Президентин жана УИАнын Президиумунун мүчөлөрүн шайлайт;
- илимий жана уюштуруучулук мүнөздөгү маселелерди карайт.
УИАнын Жалпы чогулушунун сессиясы зарылдыгына жараша, бирок жылына экиден кем эмес өткөрүлөт.";
7) 11-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
УИАнын Жалпы чогулушунун сессияларынын аралыгында туруктуу иштөөчү коллегиялуу аткаруучу орган болуп УИАнын Президиуму саналат. УИАнын Президиумунун төрагасы болуп УИАнын Президенти саналат.
УИАнын Президиуму УИАнын Президентинен, вице-президентинен, башкы окумуштуу катчысынан, бөлүмдөрүнүн төрагаларынан жана УИАнын Президиумунун мүчөлөрүнөн турган курамда УИАнын Уставында аныкталуучу санда шайланат.
УИАнын Президиумунун мүчөлөрү 4 жылдык мөөнөткө шайланышат. УИАнын Президиумунун мүчөлүгүнө кандидатураларды көрсөтүү жана мүчөлүккө шайлоо, алардын милдеттери жана укуктары УИАнын Уставы менен аныкталат.
УИАнын Президиуму:
- УИАнын Жалпы чогулушунун сессияларын чакырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган тартипте илимий-изилдөөчү жана илимий-көмөкчү мекемелерди түзүү, өзгөртүп түзүү жана жоюу маселелерин карайт;
- УИАнын баардык түзүмдүк мекемелери жана кызмат адамдары тарабынан УИАнын Уставы сакталышын контролдойт;
- УИАнын Уставына ылайык башка милдеттерди жана ыйгарым укуктарды аткарат.";
8) 12-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"12-берене. УИАнын Президенти
УИАнын ишин УИАнын Президенти жалпы жетектейт.
УИАнын Президенти:
- УИАнын Жалпы чогулушунун жана Президиумунун ишине жетекчилик кылат;
- УИАга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкер болот;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында, эл аралык уюмдарда, коомчулукта, ассоциацияларда УИАнын атынан чыгат;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине, илим тармагы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана УИАнын Жалпы чогулушуна өзүнүн иши жөнүндө отчет берет.
УИАнын Президенти УИАнын Жалпы чогулушу тарабынан 65 жаштан улуу эмес анык мүчөлөрдүн (академиктердин) жана корреспондент мүчөлөрдүн арасынан жашыруун добуш берүү менен 4 жылдык мөөнөткө альтернативдүү негизде шайланат. УИАнын Жалпы чогулушунун шайлоосунун жыйынтыгында шайланган УИАнын Президентине талапкер УИАнын Президентинин кызматына Кыргыз Республикасынын , Премьер-министри тарабынан бекитилет же четке кагылат. УИАнын Жалпы чогулушунун Президенти шайлоо жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилбеген учурда УИАнын Президентин шайлоо болгон жок деп эсептелет. УИАнын Президентин кайрадан шайлоо бир айдын ичинде өткөрүлүүгө тийиш.
Бир эле адам УИАнын Президентинин кызматына катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.
УИАнын Президентинин укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- өз арызы менен;
- УИАнын Жалпы чогулушунун мүчөлөрүнүн тизмедеги курамынын үчтөн экисинен кем эмеси тарабынан кызматынан кетирүү демилгеленген учурда;
- ооруга байланыштуу кызматтык милдеттерин аткара албай калганда;
- дүйнөдөн кайткан учурда;
- соттун күнөөлөгөн чечими күчүнө кирген учурда.";
9) 17-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"17-берене. УИАны каржылоо
УИАнын илимий мекемелерин каржылоонун формалары (базалык, программалык-максаттуу жана гранттык) илим жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
УИАнын илимий мекемелеринин финансылык каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- республикалык бюджеттин каражаттарынан;
- атайын багытталган фонддордун каражаттарынан;
- жеке адамдардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдарынан жана кайрымдуулук жардамдарынан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган чет өлкөлүк жана башка булактардан.
УИАнын илимий мекемелери Улуттук илим фондунун каражаттарынан каржыланат.
УИАнын илимий мекемелери, жеке окумуштуулар жана окумуштуулардын тобу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Улуттук илим фондунун гранттарын утуп алуу үчүн конкурска катыша алышат.
Учурдагы жылдын аягына чейин сарпталбаган атайын каражаттар кийинки жылда пайдалануу үчүн сакталып калат.
Каржылоо булактарына (бюджеттик каражат, гранттар, кредиттер) карабастан илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө алынган финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышы үчүн жекече жоопкерчиликти теманын, программанын же долбоордун илимий жетекчиси тартат.";
10) 19-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"19-берене. Эмгек акы төлөө, социалдык-тиричилик маселелерин чечүү
УИАнын кызматкерлеринин, анын ичинде УИАнын анык мүчөлөрүнүн (академиктердин) жана корреспондент мүчөлөрүнүн эмгек акылары Кыргыз Республикасынын эмгектик мамиле жагындагы мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
УИАнын мүчөлөрүнүн, илимий кызматкерлердин, адистердин, тейлөө кызматчыларынын жана башка кызматкерлеринин социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн УИА ички каражаттарынын эсебинен материалдык жардам көрсөтө алат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|