Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-июлу № 407
"Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары - Илим департаментинин директору Кыргыз, Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Илим жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Мыйзамдын максаты
1. Ушул Мыйзамдын максаты болуп Кыргыз Республикасында илимдин жана илимий-техникалык иштин болушун камсыз кылуучу негизги укуктук, экономикалык жана социалдык шарттарды жана кепилдиктерди белгилөө саналат.
2. Ушул Мыйзам төмөнкүлөрдү аныктайт:
- илим менен техниканы өнүктүрүүдөгү, республиканын калкынын социалдык-экономикалык бакубатчылыгын камсыздоо үчүн илимий-техникалык натыйжаларды пайдалануудагы, коомдук өндүрүштү кайра түзүүдөгү жана коомдун керектөөлөрүн канааттандыруудагы мамлекеттин ролун;
- мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негизги максаттарын, багыттарын жана принциптерин;
- илимий-техникалык чөйрөдө мамлекеттик жөнгө салуунун формаларын жана методдорун;
- илимий-техникалык ишти өнүктүрүүнүн экономикалык жана укуктук кепилдиктерин;
- илимий кызматкерлердин жана илимий уюмдардын укуктук негиздерин.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда негизги түшүнүктөр төмөндөгүдөй мааниде колдонулат:
- грант - илимий же башка изилдөө иштерин, тажрыйбалык-конструктордук иштерди жүргүзүүгө жана башка максаттарга аларды пайдалануу жөнүндө кийин отчет берүү менен юридикалык жана жеке жактарга акчалай же натуралай формада берилген акысыз субсидия;
- мамлекеттик заказ - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин каражатынын эсебинен товарларды берүүгө, жумуш аткарууга, кызмат көрсөтүүгө заказ;
- илимий-техникалык саясат - Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык саясатынын курамдык бөлүгү, ал илим, техника жана инновациялар чөйрөсүндө мамлекеттин ишинин негизги максаттарын, багыттарын, принциптерин, формаларын жана методдорун аныктайт;
- илимий жана илимий-техникалык иш - технологиялык, инженердик, экономикалык, социалдык, гуманитардык жана башка проблемаларды чечүү үчүн жаңы билим алууга, колдонууга, илимдин, техниканын жана өндүрүштүн бирдиктүү система катары иштешин камсыз кылууга багытталган иштер;
- илимий жана илимий-техникалык уюмдар - илимий-изилдөө, тажрыйбалык-конструктордук жана долбоордук-изденүүчүлүк иштерди, ошондой эле башка илимий-техникалык иштерди жүргүзгөн юридикалык жактар;
- илимий жана илимий-техникалык кызматкер - жогорку билимдүү же магистратура, аспирантура, изденүүчүлүк, докторантура түрүндөгү тийиштүү даярдыгы бар, илимий жана илимий-техникалык иштер менен кесиптик иш жүргүзгөн адам;
- инновациялык иш - идеяларды (адатта илимий изилдөөлөрдүн жана иштеп чыгуулардын же башка илимий-техникалык жетишпегендиктердин жыйынтыктарын) рынокко киргизилген технологиялык жаңы же өркүндөтүлгөн продуктуга же кызмат көрсөтүүгө, практикалык иште пайдаланылган жаңы же өркүндөтүлгөн технологиялык процесске же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү (өткөрүп берүү) ыкмаларына которуу менен байланышкан иштин түрү. Инновациялык иш илимий, технологиялык, уюштуруу, финансылык жана коммерциялык иш-чаралардын бүтүндөй комплексинен туруп, жыйындысында инновацияларга алып келет;
- инновация - жаңы же жаңы өркүндөтүлгөн технологиялар, продукциялардын же кызмат көрсөтүүнүн түрлөрү, ошондой эле технологияларды, товардык продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү рынокко түздөн-түз чыгарууга көмөк көрсөтүүчү өндүрүштүк, администрациялык, коммерциялык же башка мүнөздөгү уюштуруучулук-техникалык чечимдер;
- технопарк (технологиялык парк) - илимий билимдерди, ойлоп табууларды, ноу-хауну, жогорку технологияларды коммерциялык өздөштүрүү жана аларды рынокко чыгаруу үчүн ишти натыйжалуу колдоо максатында түзүлгөн юридикалык жак;
- технополис - изилдөөчү лабораториялардан, заманбап продукцияларды иштеп чыгуучу, ишке киргизүүчү жана чыгаруучу венчурдук, ишке киргизүүчүлүк, ири өнөр жай, ортомчулук жана башка компаниялардан турган илимий-техникалык комплекс.
3-берене. Кыргыз Республикасынын илим жөнүндөгү мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын илим жөнүндөгү мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
4-берене. Мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негизги максаттары жана багыттары
Мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- социалдык-экономикалык, маданий жана башка проблемаларды чечүүдө илимдин кайтарымынын натыйжалуулугун жана ролун жогорулатуу;
- илимий жана илимий-техникалык уюмдарды оптималдаштыруу, илимий жана илимий-техникалык потенциалдарды өнүктүрүү;
- илимий жана илимий-техникалык уюмдардын өнүгүшү жана иштеши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;
- илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин туруктуу иштеши үчүн социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу;
- илим менен техниканын ролун жогорулатуу, илимий чыгармачылыктын эркиндигин өнүктүрүү, илимий жана илимий-техникалык ишти активдештирүү.
2-глава. Илимди мамлекеттик жөнгө салуу
5-берене. Илимий-техникалык саясаттын негизги принциптери
Илимий-техникалык саясат төмөнкү принциптерге негизделет:
- коомдун экономикалык, социалдык жана рухий өнүгүшү менен илимий-техникалык прогресстин тыгыз өз ара байланышы;
- илим системасын башкаруунун ачыктыгы;
- экологиялык коопсуздукту камсыздоо;
- илимий-изилдөө иштеринин артыкчылыктуулугу;
- интеллектуалдык менчик укуктарын коргоонун бирдей шарттарын камсыз кылуу;
- экономикалык жана башка жеңилдиктер системасы аркылуу илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иштерди, техникалык чыгармачылыкты стимулдаштыруу жана мотивациялоо;
- илимий жана илимий-техникалык ишти уюштуруунун бардык формаларынын тең укукта болушу;
- илимий, билим берүү жана өндүрүштүк потенциалдын биримдиги жана интеграциялоо;
- илимий жана илимий-техникалык иштин субъектилеринин мамлекеттик илимий-техникалык саясатты түзүүгө жана ишке ашырууга катышуусу;
- илимий-техникалык прогрессти камсыз кылуу үчүн дүйнөлүк илимдин жана эл аралык илимий-техникалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдалануу;
- илимий-техникалык маалыматты жайылтуунун жана илимий-техникалык жетишкендиктерди пропагандалоонун эркиндиги.
6-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик илимий-техникалык саясат жаатындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- илим, техника, технология жана инновацияны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырат;
- мамлекеттик. илимий жана илимий-техникалык уюмдарды, анын ичинде башка мамлекеттер жана чет өлкөлүк уюмдар менен биргелешип түзүлгөн илимий уюмдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык түзөт жана жоёт;
- илимдин өнүгүшүнө инвестицияларды тартуу боюнча чараларды көрөт;
- илимий изилдөөлөрдүн аткарылышына баа берет жана мониторинг жүргүзөт;
- илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишине дем берүүчү уюштуруучулук жана укуктук механизмдерди түзөт;
- илимий-техникалык чөйрөдөгү кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууларды, келишимдерди түзөт, эл аралык илимий-техникалык кызматташтык чөйрөсүндөгү илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишин координациялайт;
- илимий-техникалык потенциалды түзүү жана натыйжалуу колдонуу үчүн социалдык-экономикалык, уюштуруучулук, укуктук шарттарды камсыз кылат;
- илимдин заманбап инфраструктурасын түзөт, илимий жана илимий-техникалык кадрларды даярдайт, аларды укуктук жана социалдык коргоону, илимдин, билим берүүнүн жана өндүрүштүн интеграциясын камсыздайт;
- илимий изилдөөлөрдү, илимий-техникалык программаларды каржылайт, ошондой эле бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланышын контролдойт;
- илимди, технологияларды жана инновацияларды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча ресурстардын топтолушун камсыздайт;
- илимий-техникалык продукциянын рыногун түзөт жана илим менен техниканын жетишкендиктерин өндүрүштүк жана социалдык чөйрөгө киргизүүнү камсыздайт;
- илимий-техникалык чөйрөдө статистикалык жана маалыматтык камсыздоону уюштурат.
7-берене. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим боюнча кеңеш
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим боюнча кеңеш мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын илимди өнүктүрүү менен байланышкан маселелерди кароодо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө илимий-техникалык өнүгүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын актуалдуу маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгууда өз ара байланышта иштешин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим боюнча кеңешти түзүү жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим боюнча кеңеш жөнүндөгү жобо менен аныкталат.
3-глава. Илим системасы, илимий жана илимий-техникалык уюмдар
8-берене. Илим системасы
1. Илим системасына төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;
- илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- мамлекеттик жана мамлекеттик эмес илимий жана илимий-техникалык уюмдар;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы;
- илимий кызматкерлер.
2. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, жогорку окуу жайларынын илимий бөлүмдөрү, тармактык жана тармактар аралык илим-изилдөө уюмдары, илимий борборлор жана технопарктар, технополистер, илимий-өндүрүштүк бирикмелер, тажрыйба станциялары, илимий базалар, станциялар жана лабораториялар кирет.
3. Кыргыз Республикасында мамлекеттик да, мамлекеттик эмес да илимий жана илимий-техникалык уюмдар, ошондой эле мамлекеттик-менчик өнөктөштүктүн негизинде биргелешкен уюмдар иштеши мүмкүн.
9-берене. Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын укуктук абалы
1. Илимий жана илимий-техникалык уюмдар уставында каралган максаттарга жана милдеттерге ылайык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген илимий жана илимий-техникалык иштерди жүзөгө ашырышат.
2. Илимий жана илимий-техникалык уюмдар төмөнкүлөргө укуктуу:
- илимий жана илимий-техникалык ишинин негизги багыттарын аныктоого;
- илимий изилдөөлөрдү каржылоо боюнча конкурстарга катышууга;
- башка илимий жана башка уюмдар менен тикелей байланыштарды өнүктүрүүгө;
- белгиленген тартипте бирикмелерге кирүүгө, филиалдарды түзүүгө;
- илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялуу басылмаларды чыгарууга, маалыматтардын илимий-техникалык базасын түзүүгө, конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүүгө;
- илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аспирантура, докторантура аркылуу адистерди даярдоого;
- белгиленген тартипте илимий даражаларды берүү жана илимий наамдарды ыйгаруу боюнча кеңештерди түзүүгө катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттер аралык жана эл аралык илимий-изилдөө программаларына катышууга.
Илимий жана илимий-техникалык уюмдар өздөрүнүн уюштуруу документтеринде каралган башка укуктарга ээ.
3. Мамлекет мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдарга алардын уюштуруу документтеринде каралган иштер үчүн пайдаланылуучу негизги, жүгүртмө фонддорду жана мамлекеттик мүлктөрдү бекер пайдаланууга берет.
4. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдарга илимий, сыноо полигондорун (геоэкологиялык, физикалык, химиялык) уюштуруу үчүн жер участоктору Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык акысыз пайдаланууга берилиши мүмкүн.
5. Берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышына жана максаттуу пайдаланылышына жоопкерчиликти мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдун жетекчилиги тартат.
6. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар тармактык, аймактык бөлүмдөрдү, илим-изилдөө уюмдарын, илимий, окуу-илимий инженердик жана инновациялык борборлорду, технопарктарды, илимий-окуу-дарылоо комплекстерин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүшөт.
10-берене. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарды түзүүнүн, кайра уюштуруунун жана жоюунун тартиби
1. Мамлекеттик илимий илимий-техникалык уюмдарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашырылат.
Мамлекеттик эмес илимий жана илимий-техникалык уюмдарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу алардын уюштуруучусунун (уюштуруучуларынын) чечими менен ишке ашырылат.
2. Илимий жана илимий-техникалык уюмдар менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды каттоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
11-берене. Илимий жана илимий-техникалык уюмдун жетекчилиги
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясын кошпогондо, мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдун жетекчиси эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда тиешелүү багыттагы жана квалификациядагы илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар же тиешелүү тармактагы жетекчилик тажрыйбасы бар жана илимий (академиялык) даражасына ээ адистердин ичинен альтернативалык негизде жашыруун добуш менен 4 жылдык мөөнөткө шайланат.
Бир эле адам мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдун жетекчиси кызмат ордун катары менен эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт.
2. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдардын жетекчилерин иштен бошотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Мамлекеттик эмес илимий мекемелердин жетекчилерин дайындоо жана бошотуу тартиби алардын уюштуруу документтери менен аныкталат.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жетекчисин шайлоо жана бошотуу тартиби "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
4-глава. Илимий жана илимий-техникалык иштин субъектилери
12-берене. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлер жана уюмдар
Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлер жана уюмдар, ошондой эле илим изилдөө процессине, илимий жана илимий-техникалык продукцияларды жана технологияларды түзүүгө жана жайылтууга катышкан жеке адамдар жана юридикалык жактар илимий жана илимий-техникалык иштин субъектилери болуп саналат.
13-берене. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин укуктук абалы
1. Илимий жана илимий-техникалык кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик, коомдук же башка уюмдар тарабынан конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча берилген долбоорлорду жана иштерди каржылоого;
- жеке өзү тарабынан алынган илимий же техникалык жыйынтыктарга Кыргыз Республикасынын авторлук укук жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык алардын автордугун таанууга;
- өзүнүн илимий көз караштарын эркин билдирүүгө, өзүнүн чыгармачылыгынын эркиндигин ага кол салгандардан коргоого, интеллектуалдык менчигин каргоого, илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын көз карандысыз экспертизадан өткөрүүгө жана аларды ишке ашырууга;
- алдыңкы илим-изилдөө уюмдарында, анын ичинде чет өлкөлөрдө стажировкадан өтүү, аспирантурада, докторантурада жана илим менен билим берүү системасынын башка квалификациялык формаларында окуу, илимий форумдарга катышуу аркылуу квалификациясын жогорулатууга;
- чет өлкөлүк кесиптештери менен илимий маалыматтарды алмашууга жана биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, чет өлкөдөгү илимий уюмдарда белгиленген тартипте иштөөгө жана илимий иштерин эл аралык илимий басылмаларда жарыялоого;
- илимий коомдорго, анын ичинде чет өлкөлүк коомдорго да кирүүгө жана шайланууга.
2. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин милдеттери илимий жана илимий-техникалык уюмдун уюштуруу документтери же контракттын (эмгек келишиминин) шарттары менен регламенттелет.
14-берене. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин көз карандысыздыгы
1. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлер изилдөө темасын жана методдорун тийиштүү илим тармагындагы мамлекеттик илимий-техникалык саясатты эске алуу менен өз алдынча аныктоого укуктуу.
2. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлер жамааттарга эркин жана өз алдынча биригүүгө, юридикалык жактарды жана илимий бирикмелерди, коомдук жана башка уюмдарды түзүүгө укуктуу.
15-берене. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерди социалдык жактан коргоо
Мамлекет илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерди төмөнкү жолдор менен социалдык жактан коргоону камсыз кылуу үчүн шарттарды түзөт:
- илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек акы төлөө жаатындагы мыйзамдарына ылайык эмгек акысына үстөк белгилөө;
- мамлекеттик илимий уюмдарда иштеп жаткан илимдин докторлоруна (профессорлорго) жана кандидаттарына эмгек өргүүсүн тиешелүү түрдө 48 жана 36 жумуш күнү узактыгында берүү;
- мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдарда иштеп жаткан илимдин докторлоруна (профессорлорго) жана кандидаттарына Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жеңилдиктерди берүү.
16-берене. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин жоопкерчилиги
1. Илимий жана илимий-техникалык кызматкер жүргүзүп жаткан илимий изилдөөлөрүнүн багытына, ыкмаларына, тууралыгына жана алардын жыйынтыгына жоопкерчилик тартат.
2. Өзүнүн эмгектик (кызматтык) милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарбаган илимий жана илимий-техникалык кызматкер Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
3. Илимий жана илимий-техникалык кызматкер ошондой эле төмөнкүлөр үчүн да жоопкерчилик тартат:
- булактарына карабастан каржылоо каражаттарын максаттуу колдонбогондугу үчүн;
- кесиптик этиканын ченемдерин жана адеп-ахлактын эрежелерин бузгандыгы үчүн.
17-берене. Илимий жана илимий-техникалык кадрларды түзүү
1. Мамлекет илимий эмгектин кадыр-баркын жогорулатууну, илимий-техникалык кызматкерлердин жана илимий-педагогикалык кадрлардын социалдык, экономикалык жана укуктук жактан корголушун камсыз кылат.
2. Илимий жана илимий-техникалык кадрларды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- таланттуу жаштарды издеп табуу жана тандап алуу системасын түзүүнү камсыз кылат;
- жогорку окуу жайларынын, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын базасында адистештирилген илимий-изилдөө жана окуу-өндүрүштүк уюмдарды түзүүнү камсыз кылат;
- жаштарды стажировкадан өткөрүүгө, илимий кызматкерлердин, окутуучулардын, адистердин окутуучулук жана илим-изилдөө иштеринде, илим менен билим берүүнү интеграциялоонун башка түрлөрүндө айкалыштырып иштешине көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасында илимий-техникалык жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат.
3. Илимди, техниканы, технологияны өнүктүрүүгө, аларды өндүрүшкө киргизүүгө олуттуу салым кошкон илимий жана илимий-техникалык жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоодо айырмаланган адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте илим жана техника жаатындагы жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлык, көрүнүктүү кыргыз окумуштууларынын атындагы сыйлыктар белгиленет.
18-берене. Илимий квалификациясын жогорулатуу формалары
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, жогорку окуу жайлар жана квалификациялуу илимий кадрлары жана зарыл болгон материалдык-техникалык базасы бар башка илимий жана илимий-техникалык уюмдар белгиленген тартипте аспирантураны, докторантураны жана илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуунун башка формаларын ачышат, диссертацияларды коргоо боюнча адистештирилген кеңештерди ачууга катышат, илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерди стажировкадан өткөрүүнү уюштурат.
19-берене. Жогорку аттестациялык комиссия
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоочу, аларга окумуштуулук даражаларды жана илимий наамдарды ыйгаруучу мамлекеттик илимий-эксперттик коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын милдеттери, функциялары жана ишин уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Жобо менен аныкталат.
5-глава. Илимдин жана техниканын артыкчылыктуу багыттары
20-берене. Илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик артыкчылыктарын аныктоо
1. Илим менен техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары учурдагы кырдаалды талдоонун жыйынтыктарын жана мамлекеттик экспертизанын, көз карандысыз эксперттердин жана коомдук талкуунун корутундуларын пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана илимий-техникалык жактан өнүгүшүнүн комплекстүү божомолунун негизинде аныкталат.
2. Мамлекеттик органдар илим менен техниканы өнүктүрүүнүн ар бир артыкчылыктуу багыты боюнча тийиштүү илимий жана илимий-техникалык уюмдар менен бирдикте илим менен техниканын тиешелүү багытын өнүктүрүүнүн концепциясын, ошондой эле күтүлүүчү натыйжаларды жана аткаруунун конкреттүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен аны ишке ашыруу планын иштеп чыгат.
21-берене. Улуттук, мамлекеттик жана мамлекеттер аралык илимий-техникалык программалар
1. Улуттук илимий-техникалык программалар Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жараша түзүлөт жана маанилүү социалдык-экономикалык проблемаларды чечүүгө багытталат.
2. Улуттук программаларды ишке ашыруунун негизги каражаты болуп мамлекеттик илимий-техникалык программалар эсептелет.
3. Мамлекеттик илимий-техникалык программалар илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан конкурстук негизде тандалып алынган максаттуу долбоорлордун жана иштеп чыгуулардын негизинде түзүлөт жана ишке ашырылат.
4. Мамлекеттик илимий-техникалык программалардын ар бири боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү программаны ишке ашыруу үчүн жооптуу болгон мамлекеттик органды, илимий жана илимий-техникалык уюмду аныктайт.
5. Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасы мамлекеттер аралык илимий-техникалык программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат.
22-берене. Илимий-техникалык чөйрөдөгү мамлекеттик заказ
Мамлекеттик заказ мамлекеттик илимий-техникалык программаларга ылайык жана мамлекеттик органдардын конкурстук долбоорлору боюнча ишке ашырылат, каржылоо менен камсыз кылынат жана зарыл болгон материалдык-техникалык ресурстар менен колдоо көрсөтүлөт.
23-берене. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза
1. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза илим менен техниканы, тиешелүү илимий-техникалык программалар менен долбоорлорду өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын түзүмүнүн жана мазмунунун илимий жактан негизделишин камсыз кылуу, илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруунун социалдык-экономикалык жана башка натыйжаларын аныктоо, илимий-техникалык потенциалды пайдалануунун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү, изилдөөлөрдүн жана алардын натыйжаларынын деңгээлин аныктоо максатында жүргүзүлөт.
2. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле айрым адистердин, анын ичинде чет өлкөлүк адистердин катышуусу менен жүргүзүлөт.
3. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерди, адистерди, ошондой эле илимий жана илимий-техникалык уюмдардын өкүлдөрүн экспертиза өткөрүүгө тартуу контракттын (келишимдин) негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Экспертиза өткөрүүгө кетүүчү каражаттар илимий-техникалык ишти каржылоого жалпы сарптоолордун көлөмүндө каралат.
5. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза органдарынын уюштуруу жана иш тартиби, алардын түзүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
6-глава. Илимий жана илимий-техникалык ишти материалдык-техникалык жана маалымат менен камсыз кылуу
24-берене. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
1. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарды материалдык-техникалык жактан камсыздоо илимий жана илимий-техникалык уюмдарды, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду каржылоо аркылуу жүргүзүлөт.
2. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарды материалдык-техникалык жактан камсыздоо келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.
25-берене. Илимий-техникалык маалымат системасы
1. Илимий-техникалык маалымат системасын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү маалыматтык продукцияны жайылтуу жана анын сапаттык деңгээлин жогорулатуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат, маалыматтын, адабияттардын, мезгилдүү басма сөздүн мамлекеттик маалымат борборлоруна, илимий китепканаларга келип түшүүсүнө колдоо көрсөтөт, илимий-техникалык маалыматтын ачык болушуна, жалпы пайдаланылышына жана сакталышына көмөк көрсөтөт.
2. Мамлекеттик, кызматтык же коммерциялык сыр болуп эсептелген маалыматты жайылтууга жана аны алууга чек коюу Кыргыз Республикасынын маалымат жаатындагы мыйзамдары менен аныкталат.
7-глава. Илимди каржылоо
26-берене. Илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоо
1. Илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикалык бюджет;
- бюджеттен тышкаркы фондулар;
- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын өз ыктыяры менен кошкон каражаттары;
- кредиттер жана гранттар;
- илимий-изилдөөлөрдөн, басма, консультациялык иштерден жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерден алынган илимий жана илимий-техникалык уюмдардын каражаттары;
- чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестициялар.
2. Илимий жана илимий-техникалык ишти финансылык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Илимий жана илимий-техникалык иштерди кайрымдуулук же келишимдик негизде өз каражаттарынын эсебинен каржылаган жеке адамдарга жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жеңилдиктер берилет.
27-берене. Илимий жана илимий-техникалык иштерди мамлекеттик каржылоо
1. Илимий жана илимий-техникалык иштерди мамлекеттик каржылоо Улуттук илим фондунун каражаттарынан долбоорлорду конкурстук негизде тандоонун жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
2. Мамлекеттик каражаттардын эсебинен төмөнкүлөр каржыланат:
- фундаменталдуу изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар;
- илим менен техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча долбоорлор;
- мамлекеттик маанидеги колдонмо илимий иштеп чыгуулар;
- мамлекеттер аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык илимий долбоорлор.
3. Илимий жана илимий-техникалык долбоорлорду каржылоо төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
- базалык каржылоо;
- программалык-максаттуу каржылоо;
- гранттык каржылоо.
4. Базалык каржылоо илимий жана илимий-техникалык уюмдарга базалык каржылоо ченемдери боюнча илимий инфраструктураны жана мүлктү, анын ичинде имараттарды, жабдууларды жана материалдарды учурдагы камсыздоо үчүн, административдик жана тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн бөлүнөт.
5. Программалык-максаттуу каржылоо илимий иштеп чыгууларды колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин артыкчылыктуу программаларына жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим жана инновациялар боюнча кеңештин чечимдерине ылайык конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча жүзөгө ашырылат.
6. Гранттык каржылоо илимий жана инновациялык долбоорлорду колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим жана инновациялар боюнча кеңеш тарабынан аныкталган артыкчылыктуу илимий багыттарга ылайык конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча жүзөгө ашырылат.
7. Илимий жана илимий-техникалык ишти базалык, максаттуу жана гранттык каржылоону ишке ашыруунун жалпы тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
8. Мамлекеттер аралык жана тармактар аралык илимий-техникалык келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде ишке ашырылуучу илимий жана илимий-техникалык программаларды каржылоо, кызыкдар тараптардын ортосунда келишимдик негизде үлүштүк катышуу тартибинде жүзөгө ашырылат.
28-берене. Улуттук илим фондусу
1. Илимдин, техниканын жана инновациялардын өнүгүүсүн камсыздоо, келечектүү иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүү үчүн Улуттук илим фондусу түзүлөт.
2. Улуттук илим фондусунун каражаттары төмөнкүлөргө жумшалат:
- фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү, илимий-техникалык программаларды жана илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча максаттуу илимий изилдөөлөрдү каржылоого;
- илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин, илимий жамааттардын жана уюмдардын илимий изилдөөлөрүнө гранттарды каржылоого;
- тармактар аралык илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди өнүктүрүүнү колдоого;
- илим менен техниканын келечектүү жана жаңы багыттары боюнча илимий кадрларды, анын ичинде кадрларды чет өлкөдө даярдоону камтыган программаларды ишке ашырууга;
- илимий жана илимий-техникалык маалыматтарды жарыялоого, алууга жана камсыздоого (журналдар, электрондук материалдар ж.б.).
3. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарга, менчигинин түрүнө карабастан жогорку окуу жайларына, илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерге, алардын жамааттарына Улуттук илим фондусунун каражаттарынын эсебинен грант алуу үчүн конкурска катышууга бирдей мүмкүнчүлүк камсыздалат.
4. Улуттук илим фондусу жөнүндөгү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
29-берене. Колдонмо илимий изилдөөлөрдү, долбоордук-конструктордук жана технологиялык иштерди өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо жана алардын натыйжаларын өндүрүштө колдонуу
1. Өндүрүштү техникалык жактан кайра жабдуу жана реконструкциялоо үчүн жаңы техниканы жана технологияны түзүүгө, өздөштүрүүгө жана кеңири таркатууга багытталган колдонмо инновациялык изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар келишимдик негизде жүргүзүлөт.
2. Илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча колдонмо илимий изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бюджеттик каражаттардын эсебинен финансылык колдоо көрсөтөт.
3. Мамлекет өндүрүштүн техникалык деңгээлин жана продукциянын сапатын ички жана тышкы рыноктун талаптарына ылайык көтөрүүгө, ресурс сактоочу экологиялык коопсуз технологияларды жана техниканын жаңы түрлөрүн түзүүгө жана өздөштүрүүгө, ойлоп табууларды пайдаланууга көмөк көрсөтөт.
4. Өнүккөн илимий-техникалык потенциалы бар илимий жана илимий-техникалык уюмдар менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык аларга максаттуу кредиттерди жана субсидияларды, мамлекеттик заказдарды жана экономикалык дем берүүнүн башка түрлөрүн берүү аркылуу колдоого алынат.
5. Мамлекет кесиптердин кадыр-баркын коомдук таанууга, эмгектин жана квалификациянын сапатына жараша материалдык жана моралдык дем берүү системасын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтөт.
30-берене. Инновациялык иштерди мамлекеттик колдоо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү илим жана техника чөйрөсүндө иш жүргүзгөн бардык жеке жана юридикалык жактарга бирдей шарттарды камсыздоо аркылуу инновациялык иштерди мамлекеттик коргоого жана колдоого кепилдик берет.
8-глава. Эл аралык кызматташтык
31-берене. Эл аралык илимий-техникалык кызматташтык
1. Эл аралык илимий-техникалык кызматташтык төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырылат:
- биргелешкен илимий изилдөөлөрдү, техникалык жана технологиялык иштеп чыгууларды, биргелешкен илимий-техникалык программаларды жүргүзүү;
- биргелешкен изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды чет өлкөлүк адистердин, эл аралык уюмдардын катышуусунда жүргүзүү, илимий-техникалык иштин субъектилеринин ортосундагы келишимдердин негизинде илимий-техникалык продукцияга интеллектуалдык менчик укугунун объекттерин пайдалануу;
- өз ара илимий-техникалык маалымат алмашуу, мамлекеттер аралык бириктирилген маалымат фонддорун, маалымат банктарын колдонуу;
- эл аралык конференцияларды, конгресстерди, симпозиумдарды өткөрүү;
- өз ара илимий-техникалык жана окутуучу кадрларды студенттерди жана аспиранттарды бири бирине жиберишүү, адистерди биргелешип даярдоо.
2. Илимий-техникалык иштин субъектилери эл аралык программаларды аткарууга катышып жана чет өлкөлүк уюмдар менен келишимдерди түзө алышат, чет өлкөлүк жана эл аралык илимий коомдордун, ассоциациялардын жана союздардын ичине мүчөлүк укугу менен катышып, чет өлкөлүк уюмдар менен контракт түзө алышат, эл аралык симпозиумдарга жана башка иш-чараларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катышат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында алынган мамлекеттик илимий уюмдардын эл аралык илимий иштеринин жыйынтыктары Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык пайдаланылат.
32-берене. Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк илимий уюмдардын иши
Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк илимий уюмдардын жана окумуштуулардын иши мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
9-глава. Корутунду жоболор
33-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1486-XIII Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл, № 5, 161-бер.);
- "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июндагы № 44 Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 1999-жылдын 16-июну, № 47-48);
- "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын 9-беренесинин 19-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-жыл, № 8, 923-бер.);
- "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 1-июнундагы № 77 Мыйзамы; ("Эркин Тоо" гезити, 2012-жылдын 19-июну, № 54).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|