Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 21-июлу № 410

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин ишин координациялоону күчөтүү жана оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин курамы:

төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;";

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"социалдык блок маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;";

төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары;".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

С.Жээнбеков