Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 30-марты № 183
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө
Экономикалык кырдаалды координациялоону ишке ашыруу жана анын өзгөрүшүнө натыйжалуу чара көрүү, макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты түзүүнүн механизмдерин чыңдоо, ошоидой эле бул чөйрөдө көрүлүп жаткан чаралардын ырааттуулугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги аныкталсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы №215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №515 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-маиындагы №215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун тиркемесинин 22-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 658 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 104 "Кыргыз Республикасыньтн Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 261 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун 2-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы № 410 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-январындагы № 65 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы №215 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров
1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялыкГсат боюнча коордниацнялык кеңештии
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясыньш Жетекчиси, Координациялык кенештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басарлары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кецештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын ТӨМ, өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү, донордук жана гранттык жардамга мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы.
2-тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнундө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча координацияланган чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуучу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кеңеш өз жыйналыштарына катышуу үчүн Кецештин курамына кирбеген аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин тартууга укуктуу.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин деггутаттары, эл аралык уюмдардын жана донор өлкөлөрдүн өкүлдөрү, өндүруүчүлөрдун ассоциацияларынын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана чарбакер субъекттердин жетекчилери Кеңештин жыйналыштарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы) чечими боюнча чакырылышы мүмкүн.
2. Кеңештин максаты жана милдети
5 Кеңештин негизги максаты макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча координацияланган чечимдерди кабыл алуу аркылуу Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өнүгүүсүн турукташтыруу жана ага жетишүү болуп саналат.
6. Кеңештин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты түзүүнүн механизмин чындоо;
2) Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык жана инвестициялык саясатын жалпы координациялоону жана ишке ашыруу процессин башкарууну камсыз кылуу;
3) ички жана тышкы социалдык-экономикалык кырдаалдын өзгөрүүсү менен байланышкан алдын алуучу чараларды иштеп чыгуу;
4) социалдык-экономикалык жана пландарын иштеп чыгуу жана демографиялык факторлорду эсепке алууну камсыздоо
5) макроэкономикалык саясатты түзүүдө Кыргыз Республикасында демографиялык тенденцияларга чара көрүү боюнча мамлекеттик башкаруу түзүмдөрүнүн ортосунда өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү;
6) Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугунун зарыл болгон деңгээлин камсыз кылуу;
7) мамлекеттик органдардын инвестициялык иш-аракеттерди чектөөчү негизсиз административдик чараларды киргизүүсүнө жол бербөө;
8) аткаруу бийлигинин органдарынын, чарбакер субъекттердин чет өлкөлүк инвестицияларды жана экономикалык жардамдарды пайдалануу боюнча ишти координациялоо, ошондой эле бул иштин натыйжалуулугун контролдоону ишке ашыруу;
9) республикага экономикалык жардам берип жаткан чет өлкөлүк инвесторлор, эл аралык жана чет өлкөлүк мекемелер жана уюмдар менен иштөөнүн натыйжалуу системасын түзүү;
10) Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жана чет өлкөлүк инвесторлор менен келишимдерди жана макулдашууларды түзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо;
11) экономиканын артыкчылыктуу тармактарына жана социалдык чөйрөгө, ошондой эле республиканын белгилүү бир аймактарында инвестициялоону жүзөгө ашыруучу инвесторлорго жана чет өлкөлүк инвестициялардын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана мамлекеттик программаларга (долбоорлорго) ылайык инвестициялык жеңилдиктерди берүү жөнүндө сунуштарды кароо;
12) республиканын экономикасы үчүн артыкчылыктуу чет өлкөлүк инвестицияларды, экономикалык жардамдарды тартуу жана аларды пайдаланууну контролдоо боюнча долбоорлорду кароо.
1. Кенештин чечимдери сунуштамалык мүнөзгө ээ.
3. Кеңештии функциялары
2. Кенештин негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) макроэкономикалык жана инвестициялык саясат чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төмөнкүлөргө тиешелүү чечимдеринин долбоорлорун алдын ала карап чыгуу:
- макроэкономикалык стабилдүүлүккө;
- экономикалык жардамды жана чет өлкөлүк тике инвестицияларды тартуу жана пайдалануу артыкчылыктарын аныктоого;
- эл аралык финансылык институттар жана донор өлкөлөр колдогон социалдык-экономикалык программаларды ишке ашырууга.
2) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү болжолдоолорун кароо;
3) Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн тармактык жана региондук программаларында демографиялык факторлорду эсепке алууга системалуу талдоо жүргүзүү;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилдиги менен берилүүчү чет өлкөлүк инвестицияларды, ошондой эле экономикалык жардамдарды жана чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуунун артыкчылыктарын аныктоо;
5) мамлекеттик жеке өнөктөштүк маселелерин кароо;
6) Министрлер Кабинетинин Төрагасы аныктоочу макроэкономикалык жана инвестициялык саясаттын башка маселелерин кароо.
4. Кеңештин ыйгарым укуктары
9. Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) каралып жаткан маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн, ошондой эле Кеңештин жыйналышына чакырылган адамдарды угууга;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү тарабынан же башка кызыкдар тараптардын Кеңештин кароосуна сунуш кылынган маселелер боюнча чечим кабыл алууга;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө Кенеш тарабынан каралып жаткан маселелер боюнча милдеттерди чечүүнү сунуштоого;
4) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кароосуна сунуштарды киргизүүгө;
5) Координациялык кецештин алдында туруктуу иштөөчү техникалык топту, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу топторду түзүүгө.
5. Кеңештин ишин уюштуруу
10. Кеңештин жыйналыштары макроэкономикалык жана инвестициялык саясатты ишке ашыруу процессин координациялоону жана башкарууну камсыздоо зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кеңештин жыйналышы эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/3 бөлүгүнөн кем эмеси катышса, укуктуу деп эсептелет.
11. Өзгөчө учурларда Кеңештин кароосуна киргизилип жаткан маселелерди кароо оперативдүү тартипте жүргүзүлүшү мумкүн. Мында Кеңештин чечими протоколдук чечимдин долбоору Кенештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси менен, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен милдеттүү түрдө макулдашылгандан кийин кол коюлууга тийиш.
12. Кеңеш ушул Жобого ылайык өзүнүн компетенциясына киргизилген маселелер боюнча көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алат. Добуштар тең болгон учурда Кеңештин төрагасы добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
13. Кеңештин чечими иштелип чыккан сунуштар же рекомендациялары менен протокол түрүндө таризделет.
14. Кеңештин ишин уюштуруу-методикалык, маалыматтык жана техникалык жактан камсыздоону Кеңештин катчылыгы ишке ашырат.
15. Кеңештин катчылыгы Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин депозитарийи болуп саналат.
16. Кеңешти жоюу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чечими боюнча ишке ашырылат.
6. Кеңештин катчылыгынын функциялары
17. Кеңештин катчылыгы төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыздоо, кабыл алынган чечимдерди аткарууну жана Кеңештин мүчөлөрү менен иштиктүү байланыштарды колдоону уюштуруу;
2) Кеңештин иши үчүн зарыл болгон маалыматтар базасын түзүү;
3) экономикалык саясатты жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн болжолдоону ишке ашыруунун жыйынтыгын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо;
4) Кенештин чечимдерин, рекомендацияларды жана сунуштарды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнү камсыздоо;
5) ички иш кагаздарын жүргүзүү, анын ичинде протоколдорду, чечимдерди жана Кеңештин иши менен байланышкан башка документтерди жүргүзуү жана сактоо.