Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-июлу № 412
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү маселелерин иретке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул токтомдун тиркемесине ылайык киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Коргоо министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 38-пункт "кызматка чакырууда -" деген сөздөрдөн кийин "паренхиматоздук органдарды УҮИ, вирустук гепатиттин маркерлери," деген сөздөр жана аббревиатура менен толукталсын;
- 49-пункттун төртүнчү абзацындагы "жана КР КК ГШ АДКга көрсөтүлөт" деген сөздөр алып салынсын;
- 86-пункттун экинчи абзацы ", жаракат алуу" деген сөздөрдөн кийин "Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандырылгандарда камсыздандыруу учуру пайда болгондугу жөнүндө чечим кабыл алына турган оор же жеңил мертинүүлөрдүн (травмалардын, жаракаттардын, контузиялардын) тизмесине ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
- 130-пунктта:
"а" пунктчасынын жетинчи абзацы "жаныбардын" деген сөздөн кийин ", ошондой эле профилактикалык эмдөөдөн келип чыккан поствакциналдык оордошуу пайда болсо" деген сөздөр менен толукталсын;
"в" пунктчасында:
экинчи абзацындагы "аскердик кызмат оорусуна жана аскердик кызматка жарактуулугуна таасир этпесе" деген сөздөр "аскердик кызмат өтөп жаткан мезгилде күбөлөнүүчүнүн аскердик кызматка жарактуулугунун категориясын өзгөрүүчү даражага жетпесе" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацындагы "же этиятсыздыктан" деген сөздөр алып салынсын;
- 140-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Штаттык АДКнын бекитүүсүнө (кароого, контролдоого) тийиш болбогон АДКнын токтомдору медициналык күбөлөндүрүү күнү таризделет жана күбөлөнүүчүнүн колуна берилет же болбосо белгиленген тартипте аскер бөлүгүнө жиберилет. Штаттык АДКда бекитүүгө (кароого, контролдоого) тийиш болгон токтомдору менен оору жөнүндө күбөлүк, маалымдама (№ 9 жана 16 тиркемелер) медициналык күбөлөндүрүүдөн кийин 5 күндөн кечиктирбей кароого жиберилет. Мында тынчтык мезгилде аскер кызматын өтөөнүн чектик курагына жетпеген жана аскер кызматына жараксыз деп таанылган офицердик курамдагы адамдар боюнча штаттык АДКга оору жөнүндө күбөлүк менен кошо оору тарыхы жана медициналык китепче берилет. Оору жөнүндө күбөлүк, Маалымкат бекитилген токтом менен, ал бекитилгенден (штаттык АДКдан алган) эки күндөн кийин, күбөлөнүүчү кызмат өтөй турган аскердик бөлүктүн командирине же аны медициналык күбөлөндүрүүгө жиберген башчыга жиберилет.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын АДКнын оору жөнүндө күбөлүктү кароо мөөнөтү 5 жумуш күндөн көп болбошу керек. Күбөлөнүүчүнүн диагнозун тактоо же органдарынын функцияларынын жана системаларынын канчалык даражада бузулгандыгын аныктоо максатында ал контролдук текшерүүгө, адистештирилген медициналык мекемеге консультация алууга жиберилген учурда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын АДКсы жыйынтыктар алынгандан кийин 5 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө чечим кабыл алат.
Оору жөнүндө күбөлүктү күбөлөнүүчүнүн колуна берүүгө тыюу салынат.";
- 150-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Медициналык изилдөөнүн сапаты, штаттык АДКга жиберилген медициналык документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы жана толуктугу үчүн госпиталдык, гарнизондук АДК, аскердик комиссариаттардын дарыгердик комиссиялары, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо-профилактикалык мекемелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.";
аталган Жобонун "Оорулардын жана дене түзүлүшүнүн кемчиликтеринин расписаниеси" деген 2-тиркемесинде:
- 78-80-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
78 | Аялдын жыныс органдарынын өнөкөттүү сезгенүү оорулары |
|
|
|
|
|
|
| а) органдын функцияларынын кыйла бузулушу менен | Аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыздар | Жараксыздар | Тынч убакта аскердик кызматка жараксыздар, согуш убагында II даражадагы чектүү жарактуулар | Жараксыздар | Жараксыздар | Жараксыздар |
| б) органдын функцияларынын орточо даражада бузулушу менен | Тынч убакта аскердик кызматка жараксыздар, согуш убагында чектүү жарактуулар | Жараксыздар | Жарактуулугу жеке аныкталат | Жараксыздар | Жараксыздар | Жараксыздар |
| в) функцияларынын кичине бузулушу менен | Жарактуулар | Жараксыздар | Жарактуулар | Жарактуулар | Жараксыздар | Жарактуулугу жеке аныкталат |
79 | Аялдын жыныс органдарынын түшүшү же бүйүргүчтүн бүтүндүгүнүн бузулушу менен чатынын толук жырылуусу, зара-жынысынын, ичеги- жыныстык тешик жарасы |
|
|
|
|
|
|
| а) органдын функцияларынын кыйла бузулушу менен | Аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыздар | Жараксыздар | Тынч убакта аскердик кызматка жараксыздар, согуш убагында II даражадагы чектүү жарактуулар | Жараксыздар | Жараксыздар | Жараксыздар |
| б) органдын функцияларынын орточо даражада бузулушу менен | Тынч убакта аскердик кызматка жараксыздар, согуш убагында чектүү жарактуулар | Жараксыздар | Жарактуулугу жеке аныкталат | Жараксыздар | Жараксыздар | Жараксыздар |
| в) функцияларынын кичине бузулушу менен | Тынч убакта аскердик кызматка жараксыздар, согуш убагында чектүү жарактуулар | Жараксыздар | Жарактуулар | Жарактуулар | Жараксыздар | Жарактуулугу жеке аныкталат |
80 | Жумурткалык-айыз функциясынын туруктуу бузулушу (аменорея, меноррагия, метроррагия, гипоменорея, альгодисменорея) |
|
|
|
|
|
|
| а) органдын функцияларынын кыйла бузулушу менен | Аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыздар | Жараксыздар | Тынч убакта аскердик кызматка жараксыздар, согуш убагында II даражадагы чектүү жарактуулар | Жараксыздар | Жараксыздар | Жараксыздар |
| б) органдын функцияларынын орточо даражада бузулушу менен | Тынч убакта аскердик кызматка жараксыздар, согуш убагында чектүү жарактуулар | Жараксыздар | Катардан тышкары кызматка жарактуу | Жараксыздар | Жараксыздар | Жараксыздар |
| в) функцияларынын кичине бузулушу менен | Жарактуулар | Жараксыздар | Жарактуулар | Жарактуулар | Жараксыздар | Жарактуулугу жеке аныкталат |
";
аталган Жобонун "Оорулардын жана дене бой кемчиликтеринин тизмесинин айрым пункттарын пайдаланууга түшүндүрмө" деген 3-тиркемесинде:
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Залалсыз шишиги бар аскерге чакырылуучуларга жана аскер кызматчыларына операциялык дарылануу сунушталат.
"а" пунктчасына төмөнкүлөр кирет: дем алуунун жана (же) үн чыгаруунун функцияларынын бир кыйла бузулушу менен, үстүңкү дем алуу органдарында залалсыз шишиги; жакын жайгашкан анатомиялык органдарынын иштешинин бузулушуна алып келүүчү же патологиялык сынуу коркунучу менен коштолгон, сөөк жана кемирчек ткандарынын шишиги; орто көңдөйдүн бир кыйла клиникалык көрүнүшү менен залалсыз шишиги (көкүрөк клеткасынын жылып кетүүсү, кысылышы); байкалган клиникалык көрүнүшү менен коштолгон (кан аралаш түкүрүү, колконун тарышы же бүрүшүп калышы менен) дем алуу органдарындагы залалсыз шишик; тамактануунун начарлоосу жана тамак-аштын өтүүсүнүн жана жутуунун кыйындашы менен коштолгон тамак сиңирүү органдарынын залалсыз шишиги; аскердик форма кийимин, бут кийим же жарак-жабдыктарды кийүүгө тоскоол болгон теринин, анын жанындагы ткандардын, кан тамырлардын жана лимфа тамырларынын залалсыз шишиги; зааранын бузулушу же кан агуу менен коштолгон заара чыгаруу органдарынын залалсыз шишиги; эмчектеги, жатындагы, жатындын оозундагы (дары-дармек менен дарылануунун канааттандыраарлык эмес жыйынтыгынан жатындын оозундагы өтүшүп кеткен эктопия, жатындын оозундагы эктропион, жатындын оозундагы лейкоплакия, жатындын оозундагы оор түрдөгү же орточо түрдөгү дисплазия менен) жана хирургиялык дарылоо талап кылуучу башка жыныс органдарынын (12 жумадан жогорку түйүлдүк көлөмүндөгү же айыздын узарышы менен коштолгон гемоглобиндин деңгээлинин 90 г/л төмөндөшү), энелик бездердин ыйлаакчаларынын (дары-дармек менен дарылануудан майнап чыкпаганда көлөмү 5 см жогору же бүктөлүп калуу коркунучу менен тамырлаган) залалсыз шишиги.
"б" пунктчасына төмөнкүлөр кирет: дем алуунун жана/же үн чыгаруунун функцияларынын орточо жана бир аз бузулушу менен үстүңкү дем алуу жолдорунун залалсыз шишиги; аскердик форма кийимин, бут кийим же жарак-жабдыктарды кийүүгө тоскоол болгон сөөк жана кемирчек ткандарынын шишиги; орточо клиникалык көрүнүшү менен орто көңдөйдүн, дем алуу органдарынын залалсыз шишиги; тамак сиңирүүсү бузулбастан тамак сиңирүү органдарынын залалсыз шишиги; аскердик форма кийимин, бут кийим же жарак-жабдыктарды кийүүгө тоскоол болгон теринин, анын жанындагы ткандардын, кан тамырларынын жана лимфа тамырлардын залалсыз шишиги; зааранын орточо бузулушу менен заара чыгаруу органдарынын залалсыз шишиги; хирургиялык дарыланууну талап кылбаган эмчектин, жатындын, энелик бездин жана башка аялдардын жыныс органдарынын залалсыз шишиги, оперативдик дарыланууну талап кылган тышкы жыныс органдарынын жана энелик бездердин ыйлаакчалары.
"в" пунктчасы органдардын функциялары кичине даражада бузулганда оперативдик дарылануудан баш тартылган учурда колдонулат.
Аскердик форма кийимин же жарак-жабдыктарды кийүүгө тоскоол болбогон залалсыз шишиктер - липоматоз, гемангиомалар, невустар, хондромдор, ичеги-карын жолдорунун үчтөн жогору же бирин-эки полиптери, ички органдардын функциясын бузбоочу, табарсыктагы залалсыз папилломалар ж.б. - аскерге чакырулуучулардын, аскер кызматчылардын аскер кызматына жарамдуулугун чектебейт.";
- 78-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"78. 78-пунктка хирургиялык кийлигишүүнү талап кылган жатындын, энелик бездердин, жатын түтүктөрүнүн, жанбаш клетчаткасынын, ич челинин, кындын, вульванын өнөкөт сезгенүү ооруларынын тез-тез күчөөчү сезгенүү процесстери кирет. Оорунун диагнозу стационардык шарттарда белгилениши керек.
"а" пунктчасына стационардык шарттарда дарыланууну талап кылган байкалган клиникалык көрүнүштөрү жана тез-тез күчөп туруулары (бир жылда 3 жолудан жогору) менен аялдардын жыныс органдарынын сезгенүү оорулары кирет.
"б" пунктчасына стационардык шарттарда дарыланууну талап кылган бир жылда 1-2 жолку күчөп туруулары менен орточо клиникалык көрүнүштөрү менен аялдардын жыныс органдарынын сезгенүү оорулары кирет.
"в" пунктчасына стационардык шарттарда дарыланууну талап кылбаган клиникалык көрүнүштөрү анча байкалбаган жана анда-сандагы күчөп туруулары менен аялдардын жыныс органдарынын сезгенүү оорулары кирет.";
- 79-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"79. 79-пунктка жатындын же кындын түшүшү, тешик жара жана аялдардын жыныс органдарынын башка сезгентпеген оорулары кирет.
"а" пунктчасына дарылоо канааттандыраарлык жыйынтык бербеген учурда же операциядан баш тартылганда жатындын же кындын толук түшүшү, жыныстык органдары менен кошо тешик жаралары (зара-жыныстык, ичеги-жыныстык) кирет. Жатындын түшүшү болуп аялдын тике турган (же жаткан абалда - ыйынганда) абалында жатын толугу менен жыныс жылчыгынын чегинен сыртка чыгып, кындын капталдары менен чогуу аңтарылып чыгып калаарын түшүндүрөт. Чаттын толук айрылышы (III даражадагы) - чаттын булчуңдарынын бүтүндүгүнүн толук бузулушу жана алар көтөн чучуктун капталына өтүүчү тырык ткандар менен алмашып калгандагы айрылуу эсептелинет; көтөн чучук аңырайып калат жана туура сөлөкөткө ээ эмес болот.
"б" пунктчасына аялдардын жыныстык органдарынын түшүшү кирет. Жатындын же кындын түшүшү болуп ыйынганда жыныс жылчыгы аңырайып жана анын ичинен жатындын башы же кындын алдыңкы же арткы капталдары көрүнсө, бирок алар анын чегинен чыкпаган абал эсептелинет.
Жыныстык органдардын түшүүсүндө, заараны кармай албай калуунун өтүшүп кеткен учурунда, дарылануунун жыйынтыгына жараша "а" же "б" пунктчасы боюнча күбөлөндүрүлөт.
Функциясы бузулбастан, жатындын туура эмес жайгашышы ушул пунктту колдонууга негиз болуп эсептелбейт, аскер кызматын өтөөгө, аскердик-окуу жайларына тапшырууга тоскоолдук болбойт. Меноррагия, ичтин катышы, куймулчактын жана ичтин ылдый жагынын оорушу менен коштолгон жатындын туура эмес жайгашуусунда күбөлөндүрүү "в" пункту боюнча жүргүзүлөт.
"в" пунктчасына кындын капталдарынын бир аз түшүшү, кичи жанбаштын тегерегиндеги оору белгилерисиз тырык жана жабышып калуу процесси кирет.";
- 80-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"80. 80-пунктка жумурткалык-айыз функциясынын оорулары кирет. Айыз циклинин бузулушунда төмөнкүлөрдү эске алуу керек:
а) ювенилдик кан агуу (20 жашка чейинки куракта) б.а. айыздын 8 күнгө чейин узарышы же айызга карабастан тынымсыз кайталануучу кан агуу же адам жумуш кылганда дайыма пайда болгон кан агуу; аденоматоздук көрүнүштөр менен эндометрийдин бездик гиперплазиясы (альгодисменорея менен күчтүү эндометриоз; гемоглобиндин деңгээлинин 90 г/л төмөндөшү менен айыздын абдан көп келиши; бир жылда эки жолу жатын көңдөйүн тазалоого алып келген айыздын токтобой келиши; жүргүзүлгөн дары-дармек менен жана оперативдик дарылоодон натыйжанын жок болушу).
б) альгодисменоррея жана жыныс органдарынын жана жыныстык органдардын толук жетилбей калышы менен шартталган анын жанындагы органдардын бир кыйла байкаларлык башка бузулуулары (жатындын байкаларлык жетилбестиги ж.б.). Мындай учурларда дарылоо (дарылоо-профилактикалык) же аскердик дарылоо-профилактикалык мекемесинде текшерилүү зарыл. Оорулар ырааттамасынын I графасы боюнча күбөлөнүүчүлөр аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз, ал эми оорулар ырааттамасынын III графасы боюнча - тынч убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында 2-даражадагы чектүү жарактуу деп таанылат. Аменорея көрүнүштөрүндө анын себептери аныкталат, анткени ал патологиясынын болушун дайыма көрсөтүп турат.
"а" пунктчасына анемияга алып келүүчү органикалык шартталбаган жатындагы кан агуулар гана кирет.
"б" пунктчасына анемияга алып келбеген жана дары-дармек менен дарылоого боло турган жатындагы кан агуулар, ошондой эле олигоменорея, аменорея (операциядан кийинки эмес), анын ичинде Штейн-Левенталь синдрому менен мүнөздөлгөн жумурткалык-айыз функциясынын бузулушу кирет.
"в" пунктчасына жумурткалык функциясынын бузулууларсыз жалпы канааттандыраарлык өнүгүүсүндө жыныстык жетилбестик, тукумсуздук кирет";
аталган Жобонун "Маалымкат" деген 25-тиркемесиндеги "Маалымкат камсыздандыруу суммасын алуу үчүн берилди." деген сөздөр алып салынсын.