Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомунун негизинде
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-июлу № 417
Ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык кызматы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 33 токтомуна редакциясына ылайык)
Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мамлекеттик органдардын негизсиз кийлигишүүсүн жоюу, аларды укуктук коргоону күчөтүү, жагымдуу ишкердик жана инвестициялык чөйрөнү түзүү, укук коргоо органдары жана салык кызматы органдары тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коррупциялык коркунучтардын пайда болушуна каршы туруу, мамлекеттик башкаруу системасында мамлекеттик тактыкты чыңдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 58 "Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин укук коргоо жана салык органдары тарабынан текшерүүдө аларды укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун убактылуу эрежелери (мындан ары - Убактылуу эрежелер) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагалары Убактылуу эрежелерде каралган тартипте прокуратура органдарында каттоосуз текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жол берилбестиги жөнүндө жетектеген структураларынын жекече курамдарына маалымдашсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги алты айлык мөөнөттө укук коргоо органдары жана салык кызматы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду караштыруучу мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен өз ара аракеттенүүдө төмөнкүлөр сунушталсын:
- республиканын аймагында ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык органдары жүргүзүүчү текшерүүлөрдү каттоонун белгиленген тартиби жөнүндө маалыматтык өнөктүктү жүргүзсүн;
- ушул токтомду аткаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана ишкердик субъекттерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин колдонулат.
6. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин дайындалган укук коргоо жана салык органдары жүргүзүүчү учурдагы текшерүүлөргө ушул токтомдун колдонулушу таркатылбайт.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо экономика, ишкердик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлерине жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
Ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык кызматы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун УБАКТЫЛУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу эрежелер ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата кылмыш - жаза сот өндүрүшү жана изин суутпай издөө иши жөнүндө мыйзамдардын алкагында укук коргоо органдары жана салык мыйзамдарынын алкагында салык кызматы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун, статистикалык эсепке алуунун жана контролдоонун тартибин белгилейт.
2. Ушул Убактылуу эрежелер төмөнкүлөргө таркалбайт:
- рейддик салык контролу жана салык постун орнотуу формасындагы салык контролуна;
- жоюу, банкроттук жол-жоболорун жүргүзүү мезгилинде же уюмду кайра уюштурууга байланыштуу юридикалык жана жеке жактарга карата жүргүзүлүүчү пландан тышкары текшерүүлөргө;
- жеке ишкердик ишин токтотууга байланыштуу жүргүзүлүүчү пландан тышкары текшерүүлөргө;
- бажы мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча бажы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү бажы текшерүүлөрүнө;
- салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү камералык текшерүүлөргө жана контролдук сатып алууларга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 33 токтомуна редакциясына ылайык)
3. Ушул Убактылуу эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат:
- текшерүүлөрдү каттоо - эсепке алуу жана текшерүүлөргө мыйзамдуулукту берүү максатында текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө актыларды эсепке алуу китебинде белгилөө (жазуу). Текшерүүлөрдү каттоо басма (жазуу) формасында ошондой эле электрондук формада да жүргүзүлөт;
- ишкердик субъекттери - уюштуруу-укуктук формасына жана алар жүзөгө ашырган иштин түрүнө карабастан, жеке ишкерлер, коммерциялык жана коммерциялык эмес юридикалык жактар;
- текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө акт - укук коргоо органынын, салык кызматы органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын буйруктары, токтомдору жана көрсөтмөлөрү, текшерүүлөрдү дайындоо жана текшерүүлөрдүн план-графиктери жөнүндө актты чыгаруу үчүн негиз укук коргоо органдары жана салык кызматы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү дайындоонун тартибин жана жол-жобосун жөнгө салуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар болуп саналат.
- текшерүү - салык мыйзамдарын, изин суутпай издөө иши жөнүндө мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин кошо алганда, текшерүүлөр жөнүндө мыйзамдарда берилген түшүнүктөгү иш-чаралар. Текшерүү деп укук коргоо органдарынын жана салык кызматы органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алар жайгашкан жерине баруудан тышкары, укук коргоо органдарына жана салык кызматы органдарына ишкердик субъекттерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын чакыруу жана текшерүү жүргүзүү максатында алардын финансы чарбалык ишинин документтерин суратып алуу да түшүнүлөт.
- пландуу текшерүү - бул текшерүүлөр планына ылайык салык кызматы органдарынын бири тарабынан жүргүзүлгөн акыркы текшерүү аяктаган күндөн кийинки күндөн 12 ай өткөндөн кийин салык кызматы органы тарабынын кеминде бир жолу жүргүзүлүүчү, салыктын бардык түрлөрү боюнча салык төлөөчү тарабынан салык милдеттеринин аткарылышын текшерүү;
- пландан тышкары текшерүү - буга чейин жерине барып текшерүүнү камтыбаган жана акыркы текшерүү аяктаган күндөн кийин 12 ай өткөндүгүнө карабастан, салыктын бардык түрлөрү боюнча салык төлөөчү тарабынан салык милдеттеринин аткарылышын текшерүү;
- КР Министрлер Кабинетинин2022-жылдын 28-январындагы № 33 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
- камералык текшерүү - ишкердик субъекттери тарабынан салык милдеттеринин толук аткарылышы маселеси боюнча салык кызматы органдарында бар болгон ишкердик субъекттеринин отчётторун жана маалыматтарын изилдөө, тактоо максатында салык органы жайгашкан жерде жүргүзүлүүчү текшерүү, анын жыйынтыгы боюнча, зарыл болгон учурларда, аныкталган шайкеш эместиктерди жокко чыгаруу жөнүндө салык кызматы органынын тийиштүү чечими ишкердик субъектине жөнөтүлүшү мүмкүн;
- кайра текшерүү - салык төлөөчү тарабынан такталган салык отчётун берүүнү кошо алганда, буга чейин салыктык текшерүү (пландык, пландан тышкары, кайра текшерүү) камтылган мезгилде жүргүзүлүүчү салыктарды туура эмес эсептөө фактыларын текшерүү;
- утурлай текшерүү - салык органдары тарабынан үчүнчү жактарга, салык төлөөчү тарабынан белгиленген жактар менен жүргүзүлүүчү операцияларга түздөн-түз байланыштуу айрым документтерге карата, анын ичинде башка мамлекеттердин салык органдарынын суроо - талабы боюнча жүргүзүлүүчү текшерүү;
- укук коргоо органдары - ички иштер, финансы полициясы, улуттук коопсуздук, бажы кызматы, прокуратура органдары.
4. Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыны каттоо, статистикалык эсепке алуу жана контролдоо төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:
- ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мамлекеттик органдардын негизсиз кийлигишүүсүн жоюу;
- аларды укуктук коргоону күчөтүү, жагымдуу ишкердик жана инвестициялык чөйрөнү түзүү;
- укук коргоо органдары жана салык кызматы органдары тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коррупциялык коркунучтардын пайда болушуна каршы аракеттенүү.
5. Ушул Убактылуу Эрежелердин 2-пунктунда көрсөтүлгөн текшерүүлөрдөн тышкары, кайсы гана болбосун текшерүүлөрдү каттоосуз жүргүзүүгө уруксат берилбейт. Каттоосуз жүргүзүлгөн текшерүүлөр, анын ичинде изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүүгө байланыштуу, текшерүүлөр ошондой эле жазык-процесстик мыйзамдардын алкагында жүргүзүлүүчү текшерүүлөр ушул Убактылуу эрежелерди бузуу деп эсептелет, ал эми мындай текшерүүлөр жараксыз деп таанылат.
6. Укук коргоо органдарынын жана салык кызматы органдарынын ушул Убактылуу эрежелерди бузууга күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралган административдик, материалдык жана жазык жоопкерчилигине тартылышат.
7. Ишкердик субъекттерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүлөрдү каттоо Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан арыз берилген органдын жайгашкан жериндеги анын деңгээли жана статустук принциби боюнча (район - район, шаар - шаар, облус - облус, Борбордук аппарат - Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы) жүргүзүлөт.
2. Текшерүүлөрдү каттоо тартиби
8. Текшерүүлөрдү каттоо текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө актыларды каттоону караштырат.
9. Укук коргоо органдары жана салык кызматы органдары ишкердик субъектин жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыны прокуратура органдарына беришет. Пландын тышкары текшерүүнү (пландан тышкары текшерүү, кайра текшерүү, утурлай текшерүү) дайындоо жөнүндө акт (көрсөтмө) пландан тышкары текшерүүнү дайындоо жөнүндө акт чыккан күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, бирок текшерүү башталган күндөн кечиктирилбей, ал эми пландуу текшерүүлөр боюнча (текшерүүлөрдүн бекитилген планы/тизмеси, графиги) - текшерүүлөр планы/тизмеси, графиги бекитилген күндөн кийинки 10 күндүн ичинде берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 33 токтомуна редакциясына ылайык)
10. Текшерүүнү дайындоо жөнүндө акт каттоого арыз (өтүнүч) жана текшерүүнү дайындоо үчүн негиз болгон документтер менен бирге эки нускада (түп нускасы жана көчүрмөсү) берилет.
Текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыда төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек: текшерүү объекти, текшерүү предмети, текшерүүнү жүргүзүү үчүн негиздер, текшерүүнүн түрү, текшерүү жүргүзүлө турган мезгил, анын алкагында текшерүү укугу пайда болгон мыйзамдар, текшерүү жүргүзүү мөөнөтү, текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамы.
11. Текшерүүнү дайындоо жөнүндө актты каттоо тууралуу арыз (өтүнүч) ушул эрежелердин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча берилет.
Текшерүүнү дайындоо жөнүндө акт Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте түзүлөт.
12. Арыз жана ага тиркелген текшерүүнү дайындоо жөнүндө акты жана текшерүүнү дайындоо үчүн негиз болгон документтер келип түшкөн кат-кабарлар катары эсепке алынууга тийиш. Арызга номерин жана келип түшкөн датасын көрсөтүү менен прокуратура органдарына анын келип түшкөндүгү жөнүндө штамп коюлат.
13. Прокуратура органдары ушул Убактылуу эрежелердин 10 жана 12-пункттарында көрсөтүлгөн документтерди алып, дайындалган текшерүүнү мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн, текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыда көрсөтүлүүгө тийиш болгон маалыматтардын толуктугун, текшерүү жөнүндө актынын каттоого өз убагында берилгендигин, текшерүүнү дайындоодо аймактуулук принцибинин сакталышын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелерин текшеришет.
14. Изилдөөнүн натыйжалары боюнча прокуратура органдары текшерүүнү дайындоо жөнүндө актты каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алышат, бул тууралуу текшерүү жөнүндө актынын жогорку сол бурчунда текшерүүнү каттоо же баш тартуу жөнүндө прокуратура органынын штампы коюлат.
15. Текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыны каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат:
- пландуу текшерүүлөр боюнча бекитилген план/тизме - график келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде;
- пландан тышкары текшерүүлөр (пландан тышкары текшерүү, кайра текшерүү, утурлай текшерүү) боюнча текшерүү жөнүндө акт келип түшкөн күндөн тартып 24 сааттын ичинде.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 33 токтомуна редакциясына ылайык)
16. Текшерүүлөрдү каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим прокуратура органынын жетекчиси тарабынан кабыл алынат.
17. Текшерүүнү каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө маалыматтар текшерүү жөнүндө актыларды каттоо же каттоодон баш тартуу китебине тийиштүү чечим кабыл алынган күнү киргизилет.
18. Каттоодон кийин текшерүүнү дайындоо жөнүндө актынын түп нускасы тийиштүү документтер менен бирге кайтарылат, ал эми алардын көчүрмөлөрү прокуратуранын каттоо органында калат.
19. Текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыны каттоодон баш тартылган учурда прокуратура органы баш тартуу үчүн негизди көрсөтүү менен жүйөлүү корутундуну түзөт. Корутунду жазуу жүзүндө эки нускада түзүлөт, алардын бири текшерүүнү дайындаган ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
20. Текшерүүнү дайындоо актысын каттоодон баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болот:
укук коргоо органдары үчүн:
- эгерде обьект ведомстволук болуп саналбаса, тергелген кылмыш ишин кошо алганда;
- эгерде объект тергөө алдында болбосо, тергелүүдөгү кылмыш-жаза ишин кошо алганда;
- көрсөтүлгөн маалыматтардын ушул Убактылуу эрежелердин 13 жана 15-пункттарынын талаптарына ылайык эместиги;
салык кызматы органдары үчүн:
- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген, текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыда көрсөтүлгөн текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү ашып кеткенде же аяктаганда;
- текшерүүнү ыйгарым укугу жок адам дайындаса;
- тоголок арыз боюнча ишкердик субъектин текшерүү дайындалса;
- текшерүүнү дайындоо үчүн кат жүзүндөгү ырастоолордун жоктугу.
21. Текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыны каттоо тууралуу чечим, ошондой эле каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим жогору турган прокурордон даттанылышы мүмкүн. Мындай кайрылуулардын прокуратура органдарында каралышы даттанылуучу чечимдин аракеттерин токтотпойт.
3. Текшерүүнүн мөөнөтүн узартуу, отчёт берүү жана жоопкерчилик
22. Текшерүү мөөнөтүн узартуу, текшерүүнү токтотуу, кайта жаңыртуу жөнүндө, ошондой эле текшерүүгө катышкан адамдардын курамы өзгөргөндө ыйгарым укуктуу орган изин суутпай издөө иштеринин алкагында жүргүзүлүүчү, Текшерүүлөрдү каттоо китебине тийиштүү оңдоолорду киргизүү үчүн текшерүүнү дайындоо жөнүндө актысында көрсөтүлгөн текшерүү аяктаган датадан кечиктирбестен, киргизилген өзгөрүүлөр жана толуктоолор жөнүндө прокуратуранын каттоочу органына кабарлоону жөнөтөт.
Мында кабарлоодо прокуратура каттоо органынын текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыларды каттоо китеби боюнча негизги актыны каттоо номери жана күнү, текшерилүүчү объекттин толук аталышы, жайгашкан жери, идентификациялык салык номери, текшерүүгө катышкан адамдардын курамынын өзгөргөнү же узартуунун конкреттүү мөөнөтү көрсөтүлөт.
Текшерүүнүн мөөнөтүн узартуу, токтотуу, кайта жаңыртуу, ошондой эле текшерүүгө катышкан адамдардын курамынын өзгөрүшү негизделүүгө жана укук коргоо органынын же салык кызматы органынын жетекчисинин колу коюлуп бекемделүүгө тийиш.
23. Прокуратуранын каттоо органы текшерүүнүн мөөнөтүн узартуунун, текшерүүгө катышкан адамдарды алмаштыруунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн карап чыккандан кийин, тийиштүү реквизиттерди толтуруу менен текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыларды каттоо китебине тийиштүү белгини коёт, ал эми текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыда өзгөрүү жөнүндө тийиштүү штампты коёт.
24. Текшерүү жөнүндө катталган акт боюнча текшерүү жүргүзүлбөгөн учурда укук коргоо органынын же салык кызматы органынын жетекчиси тарабынан себептерин көрсөтүү менен кабарлоо түзүлөт жана текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыда белгиленген текшерүү аяктаган мөөнөткө чейин 3 суткадан кечиктирбестен, текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыларды каттоо китебине маалымат киргизүү үчүн прокуратуранын каттоо органына жөнөтүлөт.
25. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы ай сайын ушул Убактылуу эрежелердин 1 жана 2-тиркемелерине ылайык отчеттук мезгилден кийинки айдан 10уна чейин прокуратура органына берилет.
Текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалымкаттагы маалыматтар текшерүү жөнүндө эсеп китебине киргизилет.
|
| Ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо органдары жана салык кызматы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун убактылуу эрежелеринин 1-тиркемеси |
|
| Кимге _____________________________________ (салыктык текшерүүнү каттоодон өткөргөн прокуратура органы) |
Көчмө текшерүүнүн түрү ____________________________________________________________________
(пландан тышкары, утурлама, кайра текшерүү ж.б.)
___________________________________________________________________________________________
(чарб. субъектинин аталышы, ИСН)
________-жылдын ___________ айында №__________ катталган, _________ -жылдын _________ айында № _______________ көрсөтмөнүн негизинде дайындалган
(текшерүүнү каттоодон өткөргөн прокуратура органы)
1) Текшерүү мезгили _________________________________________________________________________
2) Текшерүү жүргүзүү мөөнөтү ________________________________________________________________
3) Дайындалган текшерүү статусу:
4) Аяктады: Текшерүү актысы ______-жылдын "___" "______________"
5) Текшерүүнүн натыйжалары
____________________________________________________________________________________________
(аяктады, токтотулган, жүргүзүлгөн эмес, анткени)
____________________________________________________________________________________________
Жетекчи | __________________________ (МСКнын аталышы) | ________________________ (колу жана мөөр) | _____________________________ (аты-жөнү) |
Эскертүү: № 1 форма боюнча маалымат көчмө текшерүүнүн натыйжасы боюнча чечим чыгарылгандан тартып беш жумушчу күндүн ичинде көчмө текшерүү, кайра текшерүү, пландан тышкары текшерүү боюнча гана берилет. Утурлай текшерүүлөр боюнча - мындай текшерүү аякталган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде берилет.
|
| Ишкердик субъекттерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо органдары жана салык кызматы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун убактылуу эрежелеринин 2-тиркемеси |
Ишкердик субъекттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө БИЛДИРҮҮ ______________ району/шаары боюнча 201___- жылдын (отчеттук) __________ айы үчүн
№ | Ишкердик субъектинин аталышы | ИСН | Объектинин жайгашкан жери | МСКБ катталган (райондун коду) | №/эскертүү датасы | Текшерүү актысынын күнү | Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
201___- жылдын ___.___. прокуратура органында катталды № ___________
МСКБнын начальниги __________________________________ |
| ________________________________ |
району/шаары боюнча |
| (аты-жөнү) |
Эскертүү: Ушул маалымат ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирилбестен берилет.