Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-апрели № 194
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 628 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 628 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри |
| Т.Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2771-бет) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренеде:
- он төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жыйырма төртүнчү абзацтагы "Лицензиялык төлөмдөр" деген сөздөр "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн төлөмдөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жыйырма жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы отуз төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Көз карандысыз экспертиза - мыйзамдарда белгиленген тартипте аккредитациялоодон өткөн көз карандысыз жак тарабынан жүргүзүлүүчү жер казынасын пайдалануу боюнча техникалык долбоорлорду экспертизалоо.";
- элүү бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Форс-мажор - жер казынасын пайдалануу шарттарын аткарууга жолтоо кылуучу жана татаалдаштыруучу, токтото алгыс күчтөр жараткан жагдай. Токтото алгыс күчтөр - жер титирөө, суу ташкыны же курчоо, согуш, иш таштоо жана алдын ала айтууга же болтурбай коюуга мүмкүн эмес, же алдын ала айтуу мүмкүн, бирок болтурбай коюуга мүмкүн болбогон башка жагдайлар сыяктуу табигый кырсыктардын натыйжасында өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн болбогон жагдайлардын пайда болушу. Көрсөтүлгөн жагдайлар жалпыга белгилүү фактылардын, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоонун жана атайын далил каражатына муктаж эмес башка жагдайлардын бар экендиги менен аныкталат.";
2) 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) конкурска коюлууга тийиш жалпы мамлекеттик маанидеги Пайдалуу кендер чыккан жерлердин реестрин бекитет;";
3) 15-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-берене. Жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кен чыккан жерлердин реестри.
1. Мамлекеттин экономикалык кызыкчылыгын жана коопсуздугун камсыздоо максатында айрым пайдалуу кен чыккан жерлер жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кен чыккан жерлерге таандык болот.
2. Жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кен чыккан жерлердин реестрин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча бекитет.
Реестр милдеттүү түрдө жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлердин бурчтук чекиттеринин координаттарын камтышы керек.";
4) 21-берененин 3 жана 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар жер казынасын пайдалануу укуктарын берүү боюнча конкурстарга же аукциондорго катышууга же "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө берүүгө укуктуу.
4. Аукциондун же конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылган же "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугун анын пайдасына берүү жөнүндө чечим чыгарылган чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жак жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны анын наамына тариздөө үчүн Кыргыз Республикасында 100 пайыз үлүштүк катышуусу менен туунду компанияны түзүүгө милдеттүү.";
5) 21-1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
"12). Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте КТАД стандарттарына ылайык жер казынасын пайдалануучу кассалык негизде жүргүзгөн бардык салыктары жана төлөмдөрү жөнүндө отчётторду жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жыл сайын берүүгө.'';
6) 22-берененин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) геологиялык-издөө иштерине - кийин бир жолу 2 жылга узартуу укугу менен 3 жылга;
2) геологиялык чалгындоо иштерине - кийин бир жолу 3 жылга узартуу укугу менен 4 жылга;
3) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө - кийин пайдалуу кендердин запастары түгөнгөнчө узартуу менен 20 жылга;";
1) 23-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн тартиби
1. Жер казынасын пайдалануу укугу конкурстарды, аукциондорду өткөрүү жолу менен жана "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча берилиши мүмкүн.
2. Конкурстар Жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кен чыккан жерлердин реестрине киргизилген пайдалуу кен чыккан жерлер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча өткөрүлөт.
3. Аукциондор жер казынасынын аукциондук участокторунун реестрине киргизилген жер казынасынын участоктору боюнча өткөрүлөт.
Жер казынасынын аукциондук участокторунун реестри жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген критерийлерге ылайык бекитилет.
Реестр милдеттүү тартипте аукциондук обьекттердин бурчтук чекиттеринин координаттарын камтууга тийиш.
4. "Биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугу төмөнкүлөргө берилет:
1) жер казынасынын участокторуна, конкурс же аукцион жолу менен берилгендерден тышкары;
2) жер казынасынын участокторуна, эгерде алар боюнча эки аукцион өткөн жок деп таанылса;
3) жер казынасын геологиялык изилдөөгө жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө байланышпаган жер казынасынын участокторуна.
5. Эгерде эки аукцион өткөн жок деп таанылса, жер казынасын пайдалануу укугу "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жалгыз арыз ээсине берилет.
6. Жер казынасын пайдалануу укугун концессиялык келишимдердин жана продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулардын негизинде берүүнүн тартиби "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" жана "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.";
8) 24-беренеде:
- 1-бөлүгүндөгү "объект" деген сөз "пайдалуу кен чыккан жерлер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-бөлүгүндөгү:
1-пунктта "жер казынасынын ушул объектине" деген сөздөр "ушул пайдалуу кен чыккан жерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) аукционду өткөрүү жолу менен жер казынасын пайдалануу укуктарын берүү максатында жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кен чыккан жерлердин санынан жер казынасынын ушул объектин алып салуу жөнүндө.";
9) 25-берененин 7-бөлүгүндө:
- биринчи абзацтагы "түз сүйлөшүүлөр жолу менен" деген сөздөр "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
10) 26-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26-берене. "Биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби
1. "Биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. "Биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн арыз ээси жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берет.
3. "Биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.";
11) 27-беренеде:
- берененин аталышындагы "токтотуу" деген сөздөн кийин "(жокко чыгаруу)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-бөлүгүндөгү:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) жумушчулардын жана калктын ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч түзгөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун талаптары бузулганда, ошондой эле пайдалуу кендердин запастары жоготулганда;";
5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдү жана (же) бонусту төлөө мөөнөтүн бузганда жана (же) лицензиялык аянттарга кирген айылдык аймактардын так чектери жана аянттары жөнүндө маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерин жер казынасын пайдалануучу аткарбаганда.";
- төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Конкурс боюнча бөлүштүрүлүүчү, Жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кен чыккан жерлердин реестрине киргизилген объекттердин жер казынасын пайдалануу укугу лицензиат социалдык пакеттин шарттарын аткарбаган учурда жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан үч айга токтотулат.";
- 3-бөлүгүндөгү:
- биринчи абзац "токтотуу" деген сөздөн кийин "(жокко чыгаруу)" деген сөздөр менен толукталсын;
6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-бөлүгүндөгү биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кен чыккан жерлердин тизмегине киргизилген, конкурс боюнча бөлүштүрүлүүчү объекттердин жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу (жокко чыгаруу) үчүн кошумча негиздер:";
6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу жөнүндө чечим сот тарабынан анык эмес деп таанылган учурда, жер казынасын пайдалануунун ушул укугу жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калыбына келтирилүүгө тийиш.";
12) төмөнкүдөй мазмундагы 27-1-берене менен толукталсын:
"27-1-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу жана токтотуу жөнүндө маселени кароонун тартиби
1. Жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу же токтотуу үчүн негиздер табылса, жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануучуну жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу же токтотуу маселесин кароо датасы, орду жана убактысы жөнүндө кароого чейин үч жумушчу күндөн кечиктирбей кабарлоого милдеттүү.
2. Жер казынасын пайдалануучу маселени кароого чейин же түздөн-түз кароо процессинде ырастоочу документтерди тиркөө менен же аларсыз өзүнүн каршы пикирин берүүгө укуктуу.
3. Жер казынасын пайдалануучу маселени кароого жеке өзү же ишеним кагазы бар өзүнүн өкүлдөрү катышууга укуктуу.
4. Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануучунун катышуусуз кароо жөнүндө жер казынасын пайдалануучуну талаптагыдай кабарлаганынын далили болгон учурда гана жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу же токтотуу маселесин карайт.
Талаптагыдай кабарлоо деп жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу же токтотуу жөнүндө маселени кароо датасы, убактысы жана орду жөнүндө жер казынасын пайдалануучу өзү берген акыркы белгилүү реквизиттер боюнча факс же электрондук почта боюнча жөнөтүү (почта же электрондук дареги, факстын номери ж.б.), тапшырык кат менен почта аркылуу тапшыруу жөнүндө кабарлоо, кабарлоону чабарман аркылуу тапшыруу жолу менен жер казынасын пайдалануучуну кабарлоо эсептелет.
Байланыш маалыматтары өзгөргөн учурда жер казынасын пайдалануучу бул тууралуу жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды өзгөрүүгө чейин үч күн мурун кабарлоого милдеттүү. Мындай кабарлоо болбосо, бардык кабарлоолор акыркы белгилүү дареги же номери боюнча жөнөтүлөт жана дарек ээси бул дарек боюнча жайгашпаган учурда да жеткирилген болуп саналат.
5. Маселени кароо процессинде жер казынасын пайдалануучу жана/же анын өкүлдөрү каралып жаткан маселе боюнча чыгып сүйлөөгө, өзүнүн түшүндүрмөлөрүн берүүгө, далилдерин көрсөтүүгө укуктуу.
6. Кабарлоо жана жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу же токтотуу маселесин кароо тартибин бузуу мындай чечимди аныксыз деп таануу үчүн негиз болуп саналат.";
13) 30-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30-берене. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны берүүнүн тартиби.
1. Жер казынасын пайдалануу укугунун төмөнкүлөрдөн башка бардык түрлөрү лицензияланууга тийиш:
1) концессиялык келишим боюнча жер казынасын пайдалануу укугу берилгенде;
2) продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуу боюнча жер казынасын пайдалануу укугу берилгенде;
3) мамлекеттик каттоодо.
2. Жер казынасын пайдалануучуга берилүүчү жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялардын саны чектелбейт.
Лицензиат жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн тартып 30 календардык күндүн аралыгында Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте бонусту жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны биринчи жылда колдонуу үчүн лицензиялык төлөмдү төлөөгө жана төлөө фактысын ырастаган документтерди жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырууга милдеттүү.
3. Конкурстун же аукциондун жеңүүчүлөрү үчүн конкурска же аукционго катышууга берилген документтери жана конкурстук же аукциондук комиссиянын протоколу жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү үчүн негиз болуп саналат.
4. Жер казынасын пайдаланууга лицензия алгандан кийин лицензиат өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча эксперттик оң корутундусу бар техникалык долбоорду түзөт жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
5. Жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кендер чыккан жер боюнча техникалык долбоорду берүү мөөнөтү конкурстун шарттарында каралат. Мында техникалык долбоорду берүү мөөнөтү бир жолу техникалык долбоорду берүүнүн баштапкы мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
Жер казынасынын калган участоктору боюнча техникалык долбоорду берүү мөөнөтү жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
6. Бардык керектүү экспертиза алынган техникалык долбоорсуз иштөөгө тыюу салынат.
Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобого ылайык жүргүзүлөт.";
14) 30-1-беренеде:
1-бөлүгүндөгү "объекти" деген сөз "участогу" деген сөз менен алмаштырылсын;
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Социалдык пакетти түзүү боюнча милдет жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кен чыккан жерлерде жер казынасын пайдалануу укугунун ээлерине жайылтылат. Мындай социалдык пакетке жергиликтүү коомчулуктун социалдык-тиричилик шарттарына инвестициялоо программасы (кадрларды даярдоо, жергиликтүү калкты иш менен камсыздоо, инфратүзүмдөрдү куруу жана башка шарттар) кирет.";
15) 32-беренеде:
- 2-бөлүгүндөгү:
4-пунктта "жер казынасын пайдалануу объектисинин" деген сөздөр "жер казынасынын участогунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын алгач берилген датасы, узартуу датасы жана колдонуу мөөнөтү;";
8-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-бөлүгүндөгү:
5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) лицензиат - жеке жактын, лицензиаттын жетекчисинин - юридикалык жактын же алардын өкүлдөрүнүн аты-жөнү, кол тамгасы, ошондой эле юридикалык жактын мөөрү.";
4-бөлүгүндөгү 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
16) 33-беренеде:
- 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-бөлүгүндөгү "ачылган жана Кадастрда катталган көрүнүштөргө жана кен чыккан жерлерге карата геологиялык издөө иштерине жер казынасын пайдалануу укугунун лицензиясынын геологиялык чалгындоо иштери үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны" деген сөздөр "жүргүзүлгөн геологиялык издөө иштери жөнүндө корутунду отчётту бергенден кийин геологиялык издөө иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны геологиялык чалгындоо иштерине жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
- 7-бөлүгүндөгү "лицензиялык төлөмдөр" деген сөз "жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Пайдалуу кендердин төмөнкү түрлөрү үчүн геологиялык издөө иштерин жүргүзүү талап кылынбайт:
- кум-шагыл көрүнүштөрү;
- топурактар;
- жасалгалоочу таштар;
- жер астындагы суулар.";
17) 34-беренеде:
- 3-бөлүгүндөгү "Лицензиялык төлөмдөр" деген сөздөр "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүгүндөгү "ЗМК апробацияланган корутундунун негизинде" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
18) 35-беренеде:
- 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) пайдалуу кендердин өтүнмө берилген түрлөрүнө лицензиялык аянттын бурчтук чекиттеринин тик бурчтуу координаттарынын чегинде жер казынасын геологиялык изилдөөгө;";
- 3 жана 5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Минералдык сырьёну казып алууда жана кайра иштетүүдө пайдалуу кендердин жана пайдалуу компоненттердин ченемден жогору жоготуулары боюнча баалоо жана эсептөө методикасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.";
19) 36-берененин 2-бөлүгүндөгү "жер казынасын пайдалануу укугу үчүн лицензиялык төлөмдөр" деген сөздөр "жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
20) 37-беренеде 5-бөлүгүндөгү "лицензиялык объектти өздөштүрүүнүн техникалык долбоорун ишке ашырган" деген сөздөр "иштерди жүргүзүүгө лицензиялык макулдашуу берген" деген сөздөр менен алмашылсын;
21) 38-беренеде:
- 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Лицензиат жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонуу мөөнөтүнүн бүтүшүнө 30 күнгө чейин, бирок бир жылдан эрте эмес, жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.
2. Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимди арыз берилген күндөн тартып 60 жумуш күндүн аралыгында кабыл алат.";
- 3-бөлүгүндөгү "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен форма боюнча жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонуунун бардык мөөнөтүндөгү аткарылган иштер жөнүндө белгиленген мөөнөттө отчет" деген сөздөр алып салынсын;
22) 39-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-бөлүк менен толукталсын:
"11-1. Эгерде жер казынасын пайдалануунун түрүнө карабай лицензиялык аянт чек ара жанындагы аймакка таандык болсо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоо жана сактоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү макулдугун алуу зарыл.";
23) 47-беренеде:
- 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Долбоорлоо стадиясында аянты кыскартылганда кыскартылуучу аянтта аткарылган иштердин жыйынтыгы жөнүндө маалыматты (отчётту) берүү жана бузулган жерлерди рекультивациялоо талап кылынбайт.";
- 5-бөлүгүндөгү "объекттин" деген сөз "участогун" деген сөз менен алмаштырылсын;
24) 48-беренеде:
төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Техникалык долбоордун экспертизасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же көз карандысыз эксперттер жүзөгө ашырат.
Жер казынасын пайдалануучу мамлекеттик экспертизанын ордуна өнөр жай коопсуздугу жана жер казынасын коргоо жаатында өзүнүн техникалык долбоорунун көз карандысыз экспертизасын жүргүзүү үчүн кайрылууга укуктуу.
Техникалык долбоордун көз карандысыз экспертизасын жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кен чыккан жерлер боюнча өткөрүүгө болбойт.
Техникалык долбоорлордун көз карандысыз экспертизасы ушул берененин 2-бөлүгүндөгү "а" пунктунда каралган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.";
- 2-бөлүгүндөгү "а" пунктчасында "жер казынасынын жалпы мамлекеттик маанидеги объекттери" деген сөздөр "жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кен чыккан жерлери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. Көз карандысыз экспертизалардын корутундулары жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон кийин күчүнө кирет.
Көз карандысыз эксперттерди аттестациялоо, экспертизаларды жүргүзүү жана корутундуларды тариздөө тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.";
25) 49-берененин 2-бөлүгүндөгү "төлөмдү эсептөөнүн" деген сөз "кошуп эсептөөнүн, төлөтүп алуунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
26) 53-беренеде:
- 2-бөлүгүндөгү "Лицензиялык төлөмдөрдү" деген сөздөр "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдөрдү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүгүндөгү "Лицензиялык төлөмдөр" деген сөз "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
1. 2012-жылдын 17-сентябрына чейин жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны алган жер казынасын пайдалануучулар лицензиялык шарттарды аткаруунун кайсы стадиясында (долбоорлоодо же иштерди жүргүзүүдө) болгонуна карабай колдонуудагы техникалык долбоорлорго ылайык бурчтук чекиттердин координаттарын оңдоого укуктуу болушат.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген кезден баштап жер казынасын пайдалануу укугуна колдонуудагы лицензиялардын иш мөөнөтүн узартуу төмөнкү тартип боюнча өткөрүлөт:
- геологиялык издөө иштерине - 3 жылга бир жолу;
- геологиялык чалгындоо иштерине - 5 жылга бир жолу.
3-берене.
1. Ушул Мыйзам, расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын көз карандысыз экспертизасы жөнүндө ченемдерин кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|