Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-августу № 469
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Этномаданиятты жана ат-спорт индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик ишканасынын дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин объекттерин куруу максатында, анын ичинде Көчмөндөрдүн экинчи дүйнөлүк оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүүгө байланыштуу канализация трассасын долбоорлоо жана куруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 30-июнундагы № 55 токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл аймагында жайгашкан 1,85 га сугат айдоо жери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Этномаданиятты жана ат-спорт индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик ишканасынын дене тарбия-ден соолукту чыӊдоо комплексинин объекттерин куруу, анын ичинде канализация трассасын долбоорлоо жана куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков