Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-сентябры № 496
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А.Султанбекова демилгелеген "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А.Султанбекова демилгелеген "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна КОРУТУНДУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.Л.Султанбекова демилгелеген "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, сунуш кылынган мыйзамдын долбоорун кабыл алууну төмөнкү негиздер боюнча максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Спорттук бирикмелерди (федерацияларды, союздарды, ассоциацияларды) мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу органдын кат жүзүндө уруксат берүүсү болгондо гана жүргүзүү федерациялар жана дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу органдын ортосунда кызыктардын кагылышуусуна алып келет, себеби, мыйзамдарга ылайык бир эле федерация аккредитациядан өтөт жана мамлекет тарабынан финансылык жардам алууга укугуна ээ болот. Ал эми ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги спорттун бир эле түрү боюнча бир канча спорттук бирикмелерди каттоодон өткөрөт.
Мындай өзгөртүүлөр "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген, дене тарбиясын жана спортту уюштуруунун жана башкаруунун негизги принциптерин бузууга алып келет, атап айтсак: дене тарбия жана спорт системасындагы демократизмды жана спорт уюмдарынын өз алдынчалуулугун жана көп түрдүүлүгүн таанууну бузат.
Ушул эле Мыйзамдын 8-беренесинин биринчи абзацында, Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорт жагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү максатында дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук багытта иштеген коомдук бирикмелердин тармагы каралган.
Ушул себепке байланыштуу, дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук багытта иштеген коомдук бирикмелердин иштерин өз алдынча жөнгө, тартипке салууга мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 16-октябрындагы № 649 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында спорттун айрым түрлөрү боюнча дене тарбия-спорт бирикмелерин (федерациялар, союздар, ассоциациялар) аккредитациялоо жөнүндө жобого ылайык, дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ар бир 4 жылда федерацияларды аккредитациядан өткөрүп турат.
Спорттун бир эле түрү боюнча спорттук уюмдардын (федерация, союз, ассоциация) көп болуусу күчтүү конкуренцияны жана анын ичинде мамлекеттен финансылык колдоону алууну камсыздайт, ал өз учурунда дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген тартипке толук жооп берген спорттук уюмдарды аккредитациядан өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Мыйзамдын долбоорунда көрсөтүлгөн маалыматтардын базасында аккредитациядан өткөн спорттун ошол эле түрү боюнча башка спорттук уюмдардын бардыгы, мыйзамдын долбоорунда көрсөтүлгөн спорттук уюмдардын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүүдөн баш тартуусу, ар бир 4 жылда аккредитация өткөргөн дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын спорттук уюмдарды тандоо укугун чектөөгө алып келет.
Ушуну менен катар, буга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А.Султанбекова тарабынан "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамга окшош маанидеги Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору демилгеленген, ал аталган Мыйзамдын 10-беренесине спорттук бирикмелерди (федерацияларды, бирликтерди, ассоциацияларды) мамлекеттик каттоо үчүн дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугун алууга багытталган түзөтүүнү караган.
Мыйзамдын бул долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2012-жылдын 1-ноябрындагы № 2455-V токтому менен кабыл алынган. Бирок мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайра кайтарылган.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 4306-V токтому кабыл алынган, аны менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макулдугун билдирген жана жогоруда аталган мыйзамдын долбоорун четке каккан.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун сунушталган редакцияда кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.