Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-сентябры № 500
"Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Лотереялар жөнүндө
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Аффилиацияланган жак - төмөндө саналган бир же бир нече белгиге туура келүүчү жак:
лотерея операторун тандоо боюнча чечим кабыл алууга таасир көрсөтүүчү жак;
кесиптик лотереяны уюштуруучунун жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле алардын жакын туугандары;
алардын жеткирүүчүлөрү (подрядчылар), уюштуруучулары жана (же) катышуучулары болуп саясий мамлекеттик кызмат ордун, саясий муниципалдык кызмат ордун, атайын мамлекеттик кызмат ордун ээлеген адамдар жана алардын жакын туугандары эсептелет. Бул учурда ушул белгиге акционердик коомдун 20 пайыздан аз акцияларына ээ болгон (ээ болушкан) акционер (акционерлер) кирбейт;
утуш - байге фондунун лотереялык билетке туш келген бөлүгү, ал лотереянын шарттарына ылайык утуп алды деп таанылган лотереянын катышуучусуна акчалай формада төлөнөт же анын менчигине натуралай формада өткөрүп берилет. Мында утуштун лотереялык билетке туш келиши өзгөчө учур болуп эсептелет жана аны эч ким атайын жасап коюшу мүмкүн эмес;
лотерея өткөрүүдөн түшкөн акча - лотереялык билеттерди сатуудан алынган жана иш жүзүндө сатылган лотереялык билеттердин санына жана аларды лотереянын катышуучусу болуп калган адамдарга сатылган наркына жараша лотереянын (лотереялык билеттин) шарттарында көрсөтүлгөн баа боюнча эсептелген акча каражаттарынын жалпы көлөмү;
лотереянын кирешеси - лотереяларды чыгаруу, башкаруу жана сатуу менен байланышкан алынган пайдага туура келүүчү операциялык жана административдик чыгымдарды, оператордун сый акысын, лотереянын байге фондунун акчалай эквивалентин чыгарып салгандагы лотерея өткөрүүдөн түшкөн пайда;
лотерея - ушул Мыйзамга, лотерея өткөрүү шарттарына ылайык өткөрүлүүчү оюн, мында бир тарап (лотереяны уюштуруучу) байге фондун ойнотууну өткөрөт, ал эми экинчи тарап (лотереянын катышуучусу), эгерде ап лотерея өткөрүү шарттарына жараша утуп алды деп таанылса, утушка укук алат;
лотереялык иш - лотереяларды уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан, товар (жумуш жана кызмат көрсөтүү) сатуу болуп эсептелбеген иштин өзгөчө түрү;
лотереялык билет - таратуу үчүн атайын даярдалган маалымат булагы же лотереянын оюн системасы менен белгиленген жана өткөрүлүп жаткан лотереяга катышууга жана эгерде ушул билетке утуш туура келсе утушту алууга адамдын укугун ырастоочу жекече идентификациялык номер (код);
лотереялык жабдуу - техникалык түзүлүш же тираждык лотереяда ойнотууну өткөрүү үчүн арналган түзүлүш (механикалык, электрдик);
лотереялык терминал - лотереялык билеттерди сатуу жана (же) лотереялык ставкаларды (лотереялык айкалыштырууларды тандоо же болбосо киргизүү) кабыл алуу жана лотерея өткөрүү шарттарында каралган, лотереялык ставканы (ставкаларды) каттоону ырастоочу документти берүү үчүн арналган жабдуу. Лотереялык терминал ошондой эле төлөө булагынан жекече киреше салыгын кармоону эске алуу менен утушту төлөп берүү мүмкүндүгүн карашы мүмкүн;
лотереялык айкалыштыруу - лотерея өткөрүү шарттарында каралган символдордун (жазуулардын, сандардын, белгилердин, сүрөттөрдүн) жыйындысы, ал жеңүүчүнү (жеңүүчүлөрдү), утуштун болушун жана өлчөмүн аныктоого мүмкүндүк берет;
лотереялык ставка төлөнгөн лотереялык айкалыштыруу;
талап кылынбаган байге фонду - лотерея өткөрүүнүн шарттарында белгиленген мөөнөттө талап кылынбаган акчалай жана/же мүлктүк утуштар;
лотереяны уюштуруучу - лотереялык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак. Лотереяны уюштуруучулар төмөнкүлөргө бөлүнөт:
кызыктыруучу лотереяны уюштуруучу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу мамлекеттик органдар, ошондой эле мамлекеттик эмес чарбакер субъекттер;
мамлекеттик лотереяны уюштуруучу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу мамлекеттик органдар;
муниципалдык лотереяны уюштуруучу - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечиминин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары;
кесиптик лотереяны уюштуруучу - лицензиянын негизинде кесиптик лотерея өткөрүүгө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген юридикалык жак;
лотереянын оператору - юридикалык жактарды каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагында дайыма иштеген, ушул Мыйзамга ылайык лотерея өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүү үчүн кесиптик лотереяны уюштуруучу менен келишим түзгөн юридикалык жак;
лотереянын байге фонду - лотереяны өткөрүү шарттарында билдирилген жана акчалай формада туюнтулган, утуштарды төлөө (өткөрүп берүү, берүү) үчүн арналган каражаттардын, мүлктүн же кызмат көрсөтүүнүн жыйындысы, ал сатылган лотерея билеттери үчүн акы алуунун эсебинен же болбосо лотереяны уюштуруучунун өздүк каражаттарынын эсебинен түзүлөт;
лотереяны өткөрүү - лотереялык билеттерди даярдоочу (лотереяга катышуу укугун ырастоочу документтер), лотереялык жана лотерея өткөрүү үчүн зарыл болгон жабдууларды, программалык продуктуларды жана (же) лотереяларды өткөрүү үчүн зарыл болгон келишимдерди даярдоочу менен келишимдерди түзүүнү, лотереялык билеттерди таратууну жана эсепке алууну (лотереяга катышуу укугун ырастоочу документтер), байге фондун утууну, утуштуу лотерея билеттерин экспертизалоону (лотереяга катышуу укугун ырастоочу документтер), лотереянын катышуучуларына утуштарды төлөп берүүнү, өткөрүп берүүнү же берүүнү, лотерея өткөрүү үчүн зарыл болгон аракеттерди жана иш-чараларды аткарууну өзүнө камтыган иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
лотереянын байге фондун утуп алуу - жүрүшүндө (лотереялык жабдууларды пайдалануу менен же андайы жок эле) лотереядан утуп алган катышуучулар жана ушул катышуучуларга төлөп берилүүчү, өткөрүп берилүүчү же берилүүчү утуштар аныкталуучу жол-жобо;
лотереянын катышуучусу - он сегиз жашка чыккан, байге фондун утуп алууга катышууга укук берүүчү лотереялык билеттин ээси болгон жеке адам;
ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу, Кыргыз Республикасында лотереялык ишти жөнгө салуучу мамлекеттик орган;
максаттуу чегерүүлөр фонду - кесиптик лотереяны уюштуруучулар тарабынан түзүлүүчү, лотереяларды өткөрүүнүн натыйжасында алынган акча каражаттарынын жыйындысы;
лотереялык маалыматтарды иштеп чыгуу борбору - байланыш тармактарына туташтырылган жана сатылган лотереялык билеттерден түшкөн акча, кабыл алынган лотереялык ставкалар жана төлөнгөн, накталай түрдө өткөрүп берилген же берилген утуштар жана анын лотереянын операторунан кесиптик лотереяны уюштуруучуга берилгендиги жөнүндө маалыматтарды алуу, сактоо жана эсепке алуу үчүн арналган аппараттык-программалык комплекс;
максаттуу чегерүүлөр - лотереяларды өткөрүүдөн түшкөн акчанын ушул Мыйзамда каралган максаттарга жана тартипте жумшалуучу бөлүгү.
2-берене. Мыйзамды жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам лотереяларды уюштурууда жана өткөрүүдө келип чыгуучу мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуунун, лотереяларды жөнгө салуунун жана сатуунун укуктук негизин аныктайт жана лотереялык иштин жакшы өнүгүшү жана лотереялык иштен түшкөн кирешелерди ачык-айкын пайдалануу жолу менен коомдук бакубаттуулукту жогорулатуу үчүн негиз түзөт, ошондой эле лотереяларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышуучу адамдардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.
3-берене. Лотереялар жөнүндө мыйзамдар
Лотереялар жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамды аткаруу үчүн кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
Лотереяны уюштуруучунун терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланышкан жосундардын алдын-алуу, аныктоо жана бөгөт коюу бөлүгүндөгү иши терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
4-берене. Лотереялардын типтери жана түрлөрү
1. Кыргыз Республикасынын аймагында лотереяларды ойнотуу ыкмалары боюнча лотереялардын төмөнкү түрлөрүнө бөлүнөт:
көз ирмемдик - лотереянын катышуучусу лотерея билетин сатып алгандан кийин лотерея билетинин утуштуу же утуштуу эместигин түздөн-түз аныктоого мүмкүн болгон лотерея;
тираждык лотерея - белгилүү бир датага карата өзүнчө тираждар менен өткөрүлүүчү лотерея (лотерея билеттеринин партиясын таратууну, лотереянын байге фондунун бир бөлүгүн ойнотууну жана утуштардын бөлүгүн төлөөнү, өткөрүп берүүнү жана берүүнү билдирет), мында лотереянын катышуучусу анын лотерея билетинин утуштуу же утуштуу эместигин тиешелүү тираж ойнотулгандан кийин гана аныктай алат.
2. Лотереялардын типтери лотереяны уюштуруучунун алдындагы максаттарына жараша төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- мамлекеттик лотерея - мамлекеттик органдар уюштурган лотерея;
- муниципалдык лотерея - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары уюштурган лотерея;
кесиптик лотерея - пайда алуу максатында лицензиянын негизинде кесиптик лотереяны уюштуруучу тарабынан өткөрүлүүчү лотерея;
кызыктыруучу лотерея - жарнамалык максатта же товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга кызыктыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу максатта жана тартипте кызыктыруучу лотереяны уюштуруучу тарабынан өткөрүлүүчү лотерея. Бул учурда катышуу атайын билетти сатып алууну же болбосо кошумча акы төлөөнү талап кылбайт.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Мыйзамга ылайык каралбаган лотереянын башка түрлөрүн өткөрүүгө тыюу салынат.
5-берене. Мамлекеттик, муниципалдык жана кызыктыруучу лотереялар
1. Мамлекеттик лотереялар республикалык бюджеттин кирешелерин толтуруу максатында өткөрүлөт.
2. Мамлекеттик лотереяларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу мамлекеттик органдар ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган пландарга, ченемдерге жана мөөнөттөргө ылайык өткөрүшөт.
3. Муниципалдык лотереялар жергиликтүү бюджеттин кирешелерин толтуруу максатында өткөрүлөт.
4. Мамлекеттик жана муниципалдык лотереяларды өткөрүүгө ыйгарым укуктуу органдан лицензия алгандан кийин гана жол берилет.
5. Мамлекеттик жана муниципалдык лотереяларды өткөрүүдөн түшкөн бардык каражаттар, милдеттүү төлөмдөрдөн тышкары мамлекеттин менчиги болуп саналат жана тиешелүү түрдө республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге түшөт же максаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген программаларга жумшалат.
6. Кызыктыруучу лотереяга катышуу кандайдыр бир товарларды же кызмат көрсөтүүнү сатып алуу менен байланышта болот. Лотереянын катышуучусу тарабынан мындай лотереянын эрежелеринде жазылган шарттардын аткарылышы же товарда ойнолуучу маалыматтардын (анын ичинде газетада, журналда. коштоочу документтерде, атайын кошумча баракчаларда, квитанцияларда ж.б.у.с.) болушу лотереяны уюштуруучу менен мындай товарды же кызмат көрсөтүүнү сатып алган же алган кардардын ортосунда жарыяланган байгелерди ойнотууга катышуу себеби боюнча укуктук мамилелердин пайда болушу үчүн негиз болуп саналат.
7. Жалпы кабыл алынган лотерея билеттерине же тираждык жана тез (тиражсыз) лотереялардын ойнолуучу купондоруна окшош ойнолуучу маалыматтарды алып жүрүүчүлөр сыяктуу, ар кандай түрдөгү кирүү билеттери, квитанциялар, айрып алынуучу купондор, кошумча баракчалар, коштолуучу документтердин нускалары, таңгагы, таңгактагы же буюмдагы маркировка жана ушул сыяктуулар да кызыктыруучу лотерея билеттери боло алат.
Кызыктыруучу лотереяга катышуу үчүн акы өзүнчө алынбайт жана сатылуучу товарды же кызмат көрсөтүүнү алуу түрүндө (формасында) болот.
8. Товардын нускаларында (анын ичинде газетада, журналда, кызмат көрсөтүү үчүн берилген квитанцияда ж.б.у.с.) лотерея өткөрүүнүн шарттарына ылайык келген ойнолуучу маалыматтардын болушу аларды шарттуу лотерея билеттери катары кароо үчүн негиз болуп саналат.
9. Эгерде өткөрүлүүчү маркетингдик, жарнамалык же башка иш-чарада каттоочу орган кызыктыруучу лотерея өткөрүүнүн белгилерин тапса, анда аталган иш-чаранын лотереялык элементтеринин жыйындысы аны уюштуруучулардын бул маселе боюнча ээлеген позициясына карабастан кызыктыруучу лотерея деп таанылат.
Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери тарабынан өндүрүлгөн (берилүүчү) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга, алардын кызыктыруучу лотереяларды өткөрүүнүн шарттарына ылайык келген маалыматы болсо, төмөнкүдөй шартта жол берилет:
- кызыктыруучу лотереянын шарттарын ыйгарым укуктуу органда каттоо;
- кызыктыруучу лотереяны уюштуруучунун алдын ала түзүлгөн байгелик фонддун Кыргыз Республикасынын аймагында ойнотулуучу үлүшүн (квотасын) аныктоосу.
6-берене. Лотереялык иштин чөйрөсүндөгү негизги принциптер
1. Лотереялык иштин чөйрөсүндөгү негизги принциптер:
1) лотереянын катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо;
2) лотереяга катышууда катышуучуларга утушка бирдей мүмкүнчүлүк берүүчү бирдей шарттарды, камсыздоо;
3) тийиштүү лотерея ойнотуунун шарттарын жана тираждык лотереялардын байге фондунун утуштарынын жыйынтыктарын милдеттүү жарыялоону караштырган ачык-айкындыкты камсыздоо;
4) лотереяны уюштуруучунун өзүнүн ишин мыйзамдуу жүргүзүшүн камсыздоо.
2. Ушул Мыйзамда каралбаган жактарга лотерея өткөрүүгө тыюу салынат.
3. Лотереяга катышуу жөнүндө келишим ыктыярдуу негизде түзүлөт жана лотерея өткөрүүнүн шарттарына ылайык таризделип, лотереялык билет берилет, лотереянын ставкасы катталат.
7-берене. Кесиптик лотереяны уюштуруучу
1. Кесиптик лотереяны уюштуруучу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен мамлекеттик ишкана формасында түзүлгөн, өзүнүн ишин лотереялык иш чөйрөсүндө жүргүзүүчү юридикалык жак эсептелет.
2. Кесиптик лотереяны уюштуруучу лотереяны лотереянын оператору менен түзүлгөн келишимде белгиленүүчү байгени алууга лотерея өткөрүү кызматын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүп, лотереянын оператору аркылуу өткөрөт.
3. Лотереянын операторуна талаптарды, анын ичинде лотереянын операторунун уставдык капиталына талаптарды кесиптик лотереяны уюштуруучу аныктайт.
4. Максаттуу которууларды төлөө боюнча милдеттенменин аткарылышын камсыздоонун минимум өлчөмүн кесиптик лотереяны уюштуруучу конкурстук документтеринде белгилейт жана ал потенциалдуу оператор белгилеп жаткан максаттуу которуулардын суммасынын он пайызынан кем болушу мүмкүн эмес.
8-берене. Лотереянын оператору
1. Лотереянын операторун кесиптик лотереяны уюштуруучу мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамга ылайык өткөрүлүүчү конкурстун жыйынтыгы менен аныктайт.
2. Лотереянын оператору ишкердиктин кесиптик лотереядан башка түрлөрүн жүргүзүүгө укугу жок.
3. Лотереянын оператору айына бир жолудан кем эмес отчёт топтоп, түзүп жана кесиптик лотереялык маалыматтарды иштеп чыгуу борборуна берүүнү камсыздоого тийиш.
Лотереянын оператору кесиптик лотереяны уюштуруучуда кесиптик лотереянын маалыматтарын иштеп чыгуу борборунун жайгаштырылышын жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого тийиш.
4. Лотереянын оператору кесиптик лотереяны лотереянын оператору эмес башка жактар менен биргелешип өткөрө албайт.
5. Лотереянын операторунун максаттуу которууларды төлөө боюнча милдеттенмени аткарышы банктын өзгөртүлбөөчү кепилдиги менен камсыздалат.
6. Банктын кепилдигинин суммасы конкурстун жыйынтыгында жеңүүчү деп таанылган оператордун арызына ылайык келишимде аныкталат.
Кесиптик лотереяны уюштуруучу менен келишим түзүлүп жаткан учурда лотереянын операторунун уставдык капиталы толук көлөмдө түзүлүп жана акча менен гана төлөнүүгө тийиш.
7. Лотереянын оператору кесиптик лотереяны уюштуруучуга банктын кепилдигин келишим түзүлгөнгө чейин берүүгө тийиш.
8. Лотереянын оператору берүүчү банктын кепилдигинин жарактуулук мөөнөтү бир жылдан аз болбоого тийиш.
Банктын кепилдигинин жарактуулук мөөнөтү келишимдин мөөнөтү аяктаганга чейин бүтүп калган учурда лотереянын оператору банктын кепилдиги бүтөөргө 30 календарлык күн калгандан кечиктирбестен кесиптик лотереяны уюштуруучуга ошол кепилдикти берген банктын кепилдиктин мөөнөтүн узартаары же банктын жаңы кепилдигин берээри жөнүндө катын берүүгө милдеттүү.
9. Төмөнкүлөр лотереянын оператору боло алышпайт:
1) мамлекет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары уюштуруучусу (катышуучусу) жана аффилиацияланган жактары болгон мамлекеттик органдар, юридикалык жактар;
2) лотереянын операторун тандоо боюнча конкурсту өткөрүүчү ыйгарым укуктуу органдын жана (же) комиссиянын жетекчилеринин жакын тууганы (жубайы) болгон адамдар уюштуруучусу (катышуучусу) жана аффилиацияланган жактары болгон юридикалык жактар;
3) экономика чөйрөсүндөгү кылмышы үчүн алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар адамдар жана (же) терроризмди жана экстремизмди каржылоого байланыштуу адамдардын тизмесине киргизилген адамдар уюштуруучусу болгон юридикалык жактар;
4) финансылык-чарбалык иши Кыргыз Республикасынын граждандык мыйзамдарына ылайык токтотулган юридикалык жактар.
9-берене. Лотерея өткөрүүгө жалпы талаптар
1. Лотереялык терминалдар кесиптик лотереяны уюштуруучуга жана/же лотереяны уюштуруучуга менчик укугунда таандык болууга тийиш.
2. Кесиптик лотерея өткөрүү үчүн пайдаланылуучу лотереялык маалыматтарды иштеп чыгуу борбору Кыргыз Республикасынын аймагында болууга тийиш.
Лотереялык маалыматтарды иштеп чыгуу борбору маалыматтарды жоголуудан, уурдалуудан, бурмалоодон, жасалмалоодон, аны жок кылуу, модификациялоо, копиялоо боюнча санкциясыз иш-аракеттерден сактоону камсыздоого тийиш.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында ойнотулуучу лотереялар түрүнө карабастан ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Мыйзамга ылайык каттоодон өткөрбөстөн лотерея өткөрүүгө тыюу салынат.
5. Лотереяны мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн лотереяны (анын ичинде мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереянын) уюштуруучу ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй документтерди тапшырат:
- лотерея өткөрүүнүн шарттары;
- бизнес-план (мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереядан башкаларында).
6. Лотереянын шарттарында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- лотереянын аталышы;
- лотереянын түрүн сыпаттоо;
- анын турган ордун, банктык реквизиттерин, бизнес-идентификациялык номерин көрсөтүү менен лотереяны уюштуруучунун аталышын;
- катышуу эрежеси тууралуу лотереянын катышуучуларына маалыматтын тартиби жана байге фондундагы утуштардын жыйынтыгы;
- лотерея ойнотуунун мөөнөттөрү;
- лотереяга катышуу эрежелери;
- лотерея билеттеринин (ставкалардын) баасы;
- лотерея билеттерин таратуунун тартиби (лотереяга катышуу укугун ырастаган башка документтер), лотереялык ставкаларды кабыл алуу;
- байге фондусун түзүүнүн тартиби, анын түзүмү жана көлөмү;
- байге фондун утуштар боюнча бөлүштүрүү;
- оюндарды өткөрүүнүн тартиби;
- утуштарды алуу тартиби.
7. Бизнес-план төмөнкүлөрдү камтыйт:
- сыпаттама бөлүгү - долбоорду ийгиликтүү жүзөгө ашырууга негиз болгон рыноктун абалы, маркетингдик жана башка изилдөөлөрдүн натыйжасында мүмкүн болгон тобокелдиктер жана тенденциялар;
- эсептик бөлүгү - инвестициялык жана кредиттик пландар, пайданын-чыгымдын эсеби, финансылык көрсөткүчтөр, салыктарды төлөө.
8. Лотереялык билетте төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- лотереянын аталышы жана түрү;
-логотип;
- лотереяны уюштуруучунун почталык (юридикалык) дареги;
- оюнду өткөрүүнүн шарттары;
- тиражды (оюнду) өткөрүүнүн убактысы жана датасы, номери;
- билеттин баасы.
9. Лотерея билеттеринде 6дан (алты) кем эмес коргоо даражасы болууга тийиш, алардын тизмеси колдонулган технологияларга жараша өзгөрүшү мүмкүн.
10-берене. Шайлоо өнөктүгү, референдум өнөктүгү учурунда лотереяларды өткөрүүгө чектөөлөр
Шайлоо өнөктүгү, референдум өнөктүгү учурунда лотереяларды өткөрүүгө жол берилбейт, аларда байгелерди утуу же ойнотууга катышуу добуш берүүнүн жыйынтыктарына, шайлоолордун, референдумдун натыйжаларына же болбосо шайлоолордун, референдумдардын жыйынтыктарына жараша болот.
11-берене. Лотереялык ишти ишке ашыруунун шарттарынын сакталышын контролдоо
1. Мамлекеттик лотереяларды кошпогондо, лотереяны уюштуруучунун жана лотерея операторунун лотереялык ишин жүзөгө ашыруу шарттарынын сакталышын контролдоону ишкер субъекттерге текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүү жүргүзүү аркылуу жүзөгө ашырат.
2. Лотереяны уюштуруучу жана лотерея оператору ыйгарым укуктуу орган анын ишин текшергенде талап кылган бардык керектүү документтерди, ошондой эле өзүнүн иши боюнча суроолорго тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө милдеттүү.
12-берене. Лотереяны жарнамалоо өнөктүгүн өткөрүүгө карата коюлуучу талаптар
1. Лотереяны жарнамалоо өнөктүгү аяктагандан, тыюу салынгандан же токтотулгандан кийин ал токтотулууга же токтоп турууга тийиш.
2. Лотереяны жарнамалоо аны өткөрүүнүн шарттарын бурмалабашы керек.
3. Жарнамалоо материалдары мамлекеттик жана расмий тилдерде таратылат.
13-берене. Лотерея билеттерин сатып өткөрүү
1. Лотерея билеттерин сатуунун тартиби аларды сатып алуунун ыктыярдуулук принцибине негизделет.
2. Кыргыз Республикасында катталган лотерея билеттерин сатуунун төмөнкүдөй тартиби белгиленген:
- адистешкен күркөлөрдүн тутуму аркылуу;
- жекече таратуучулар аркылуу;
- лотереялык терминалдар аркылуу;
- телекоммуникациянын (телефон, Интернет) жекече каражаттары аркылуу.
14-берене. Байге фондун ойнотуунун тартиби
1. Байге фондун ойнотуунун тартиби лицензия алууда жана (же) лотереяны каттоодо лотереяны уюштуруучу белгилеген шарттарга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Байге фондун ойнотуу боюнча комиссиянын курамына лотереяны уюштуруучунун жана лотерея операторунун өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын, коомчулуктун өкүлдөрү киргизилет. Байге фондун ойнотуучу комиссия үчтөн кем эмес адамдан турууга тийиш. Байге фондун ойнотуучу комиссиянын курамын лотереяны уюштуруучу бекитет.
3. Байге фондун ойнотуу телекөрсөтүү аркылуу алып берилген учурда лотереяны уюштуруучу ойнотуунун өзүн утуштарды аныктоо жол-жоболорун көрсөтүү менен камсыз кылат.
4. Байге фондун ойнотуу ойнотуунун башталышына карай сатылбаган лотереялык билеттер ылгалгандан, жана ылгоо актысына лотереяны уюштуруучу тарабынан уюштурулган комиссия кол койгондон кийин гана өткөрүлүшү мүмкүн.
Лотереялык билеттерди ылгоо жөнүндө актыга кол коюучу комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү кирүүгө тийиш.
5. Байге фондун ойнотуунун натыйжалары боюнча протокол түзүлөт, ага байге фондун ойнотуу боюнча комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат жана бир жумалык мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
15-берене. Лотереянын байге фонду
1. Лотереянын шарттарында билдирилген жана лотереянын катышуучуларынын каражаттарынын бөлүштүрүлбөгөн бөлүгү болуп саналган лотереянын байге фонду лотереяны уюштуруучунун активи болуп саналбайт жана аларды утуп алган катышуучуларга төлөөдөн жана берүүдөн тышкары ал тарабынан башка эч кандай максатка пайдаланылышы мүмкүн эмес.
2. Байге фонду лотереяны уюштуруучунун менчиги болуп саналбайт жана алардын милдеттенмелери боюнча өндүрүп алуу ага карата коюлушу мүмкүн эмес.
3. Байге фондунун каражаттары лицензия алууда жана (же) аны каттоодо бекитилген конкреттүү лотереянын шарттарында белгиленген эрежелер боюнча ойнотулууга тийиш.
4. Утуштарды төлөөнүн жана берүүнүн мөөнөттөрү аяктагандан кийин лотереяны өткөрүүнүн шарттарына ылайык байге фондунун ойнотулган, бирок алынбай калган бөлүгү лотереяны уюштуруучунун менчиги деп таанылат.
5. Лотереянын байге фонду ойнотууну өткөрүү башталганга чейин кулактандырылат жана лотереяны өткөрүүдөн түшкөн акчанын 50 пайызынан кем эмес өлчөмдө белгиленет.
6. Көз ирмемдик лотереянын байге фонду лотерея катталганга чейин байге фондунун жалпы көлөмүнүн 30 пайызынан кем эмес өлчөмдө түзүлүүгө тийиш, анын түзүлгөндүгү жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга документ түрүндө берилиши керек.
7. Тираждык лотереянын байге фонду билдирилген байгелик түзүмгө ылайык лотереянын тиражын ойнотуу башталганга чейин толук түзүлүүгө тийиш.
16-берене. Утуштарды төлөөнүн, берүүнүн же ыйгаруунун тартиби
1. Утуштуу билеттин ээсине лотереяны уюштуруучу тарабынан утушту төлөө, берүү же ыйгаруу ар бир конкреттүү лотереяны өткөрүүнүн шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Утуштуу билеттер лотереяны өткөрүүнүн шарттарында көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде төлөп берүүгө кабыл алынат. Бул мөөнөт тираждын же ойнотуунун жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып 3 айдан кем болбоосу керек.
3. Утуштар лотереяны өткөрүүнүн шарттарына ылайык лотерея билети көрсөтүлгөн учурдан тартып 10 күндөн кечиктирбестен утуштуу лотерея билети көрсөтүлгөндөн кийин бардык учурларда бир жолу төлөнөт, берилет же ыйгарылат.
4. Лотереяны уюштуруучу байге фондун ойнотуунун жыйынтыктары жана утуштар аныкталган күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен байге фондун ойнотуунун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого милдеттүү.
17-берене. Лотереянын катышуучуларынын укуктарына кепилдиктер
1. Лотерея билетин сатып алуу жарандык-укуктук милдеттенменин келип чыгышы үчүн негиз болуп саналат, ага ылайык лотереянын катышуучусу лотереяны уюштуруучудан төмөнкүлөрдү талап кылууга укуктуу:
- лотереянын шарттарын жана эрежелерин сактоону;
- лотерея билетине түшкөн утушту төлөөнү, берүүнү же ыйгарууну;
- утуш фактысы жана анын өлчөмдөрү жөнүндөгү маалыматтардын купуялуулугун сактоону;
- лотереянын эрежелерине ылайык лотерея жөнүндөгү маалыматты алууну;
- утуш жөнүндө маалымкатты;
- сотто талаштарды жана дооматтарды кароону.
2. Лотереянын катышуучусу - лотерея билетинин менчик ээси лотереянын катышуучусунун мүлктүк укугу, лотереяны өткөрүүнүн шарттары жана эрежелери бузулган учурда лотереяны - уюштуруучунун эсебинен өзүнүн бузулган мүлктүк укуктарын калыбына келтирүү максатында лотереяны уюштуруучуга карата таасир этүү чараларын көрүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу.
18-берене. Лотерея билеттерин сактоонун, төлөөнүн жана утилизациялоонун тартиби
1. Лотереяны уюштуруучунун колунда болгон лотерея билеттери, ошондой эле төлөнгөн утуштуу лотерея билеттери тыкыр эсепке алынуу аркылуу, күзөт жана өрт ишараттоо каражаттары менен жабдылган кампада сакталууга тийиш.
2. Утуштары төлөнүп берилген бардык билеттер лотереяны уюштуруучунун штампын коюу менен төлөнүүгө тийиш.
3. Ар бир тираждык чыгарылышты сатуунун мөөнөттөрү аяктагандан кийин сатылбай калган бардык лотерея билеттери лотереяны уюштуруучунун чечими менен түзүлгөн тираждык комиссия тарабынан жок кылынат.
4. Лотереяны өткөрүү аяктагандан жана анын аяктагандыгы жөнүндө лотереяны уюштуруучунун жалпыга билдирүүсүнөн кийин утилизациялоо актысынын тиркемеси болуп эсептелүүчү реестрлерге ылайык утуштуу лотерея билеттерине инвентаризациялоо жүргүзүлөт.
5. Утуштуу жана сатылбай калган лотерея билеттерин утилизациялоо актысы комиссия тарабынан түзүлөт жана кол коюлат.
6. Лотереяны өткөрүүнүн жүрүшүндө утуштар төлөнүп берилген утуштуу билеттерди жана сатылбай калган лотерея билеттерин утилизациялоо лотерея билеттерин майдалоо аркылуу жүзөгө ашырылат, алар кийин кайра иштетилет же өрттөлөт.
19-берене. Лотерея боюнча отчет берүүнүн тартиби
1. Лотереялар боюнча отчет берүүнүн тартиби, жүргүзүү шарттары жана формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2. Лотерея боюнча отчет ыйгарым укуктуу органга ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирилбестен берилет.
3. Бүткөрүлгөн ар бир лотерея боюнча отчет ал аяктаган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө ыйгарым укуктуу органга берилет.
20-берене. Максаттуу чегерүүлөр фонду
1. Кесиптик лотереяны уюштуруучу лотереяны өткөрүүдөн түшкөн акчанын, байге фондунун жана лотерея өткөрүүгө кеткен чыгымдардын ортосундагы айырманын өлчөмүндө Максаттуу чегерүүлөр фондун түзөт.
2. Максаттуу чегерүүлөр фондунун эсебинен каражаттарды багыттоо (каржылоо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат, алар дене тарбия, спорт, билим берүү, маданият жаатындагы инфраструктураны өнүктүрүүнү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн өндүрүштү түзүүнү жана социалдык маанилүү иш-чараларды каржылоого пайдаланылат.
3. Кесиптик лотереяны уюштуруучу жылына бир жолудан кем эмес Максаттуу чегерүүлөр фондуна максаттуу чегерүүлөрдү багыттайт.
4. Максаттуу чегерүүлөр фондун учурдагы администрациялоо жана анын ишин кесиптик лотереяны уюштуруучу жүргүзөт.
5. Кесиптик лотереяны уюштуруучу Максаттуу чегерүүлөр фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчетту жалпыга маалымдоо каражаттары, лотереянын ойнотулушун көрсөткөн теле каналы аркылуу жыл сайын жарыялоого милдеттүү.
21-берене. Ушул Мыйзамды бузуу үчүн жоопкерчилик
1. Лицензия албастан жана (же) лотереянын шарттарын каттабастан лотереяларды уюштуруу жана өткөрүү лотереяларды уюштуруучулардан лотереяны өткөрүүдөн түшкөн акчанын бүткүл суммасын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды жана балдар үйлөрүндөгү жана интернаттардагы жетим балдарды багуу максатына багыттоо менен республикалык бюджетке алып коюуга, бул лотереяны кийин жок кылуу менен сатуудан алып салууга жана лотереяны уюштуруучуларды, анын ичинде алардын кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын административдик укук бузуулары жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык административдик жоопкерчилик тартууга алып келет.
2. Лотереянын катышуучусу менен уюштуруучунун ортосунда келип чыккан бардык талаш-тартыштар административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык каралат.
22-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2009-жылдын 12-майы, № 34-35);
- "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2013-жылдын 13-августу, № 67);
- "Айрым мыйзам актыларына лицензиялоону жүзөгө ашыруу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ("Эркин-Тоо" гезити, 2016-жылдын 25-марты, № 24) 8-беренеси.
Кыргыз Республикасынын Президенти