Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-сентябры № 506
"Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.Ш.Өмүркулов, Ө.Т.Бабанов, К.К.Исаев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин башка депутаттары тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-сентябрындагы № 506 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.Ш.Өмүркулов, Ө.Т.Бабанов, К.К.Исаев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин башка депутаттары тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Жогоруда аталган Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун референдумга чыгаруу сунушталат.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында аталган референдумду өткөрүүгө байланышкан финансы-экономикалык эсептөөлөрдүн жок экендигин белгилей кетүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдын ала маалыматы боюнча жалпы элдик добуш берүүнү өткөрүүгө 317 млн. сомго жакын финансы каражаты талап кылынат.
Муну менен бирге 2016-жылдын ноябрь айынын аягында 411 жергиликтүү кеңештин депутаттарын кезектеги жана мөөнөтүнө чейинки шайлоону өткөрүү болжолдонгонун белгилейбиз. Аларды өткөрүүгө республикалык бюджетте зарыл болгон 293 млн. сомдон 235 млн. сом суммасындагы каражат каралган.
Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында жогоруда аталган референдумду жана 2016-жылга пландалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнүн бир күндө өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайбыз.
Жогоруда аталган иш-чаралар бир күндө өткөрүлсө референдумду жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө жумшалуучу чыгым Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтары боюнча 369 млн. сомго жакын сумманы түзөт.
Добуш берүүнү өткөрүү күндөрүн бириктирүүдө шарттуу үнөмдөө 241 млн. сомго жакын сумманы түзөт.
Мында жогоруда аталган иш-чараларды өткөрүүгө зарыл болгон 134 млн. сомго жакын суммадагы кошумча каражаттардын издеп табыла тургандыгын белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 'Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна оң корутундусун берет жана аны кабыл алуу максатка ылайык деп эсептейт.