Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-сентябры № 509
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору бул Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 527-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "97-101" деген цифралар алып салынсын.
2) 546-5-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "99," деген цифралар "97-101, 103, 103-2, 103-3," деген цифралар менен алмаштырылсын.
2-берене.
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2771-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-берененин 9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2) Төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-берене менен толукталсын:
"8-1-берене. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануучулар тарабынан жер казынасын сарамжалдуу пайдаланышына жана корголушуна контролдоо жүргүзөт.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти