Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-сентябры № 516
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Т.Бабанов, Р.А.Казакбаев, М.К.Жеенчороев, А.С.Өмүрбекова, М.Э.Сабиров, А.Алтынбеков, Т.К.Тиллаев, Б.К.Райымкулов, Н.Н.Нишанов демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-сентябрындагы № 516 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Т.Бабанов, Р.А.Казакбаев, М.К.Жеенчороев, А.С.Өмүрбекова, М.Э.Сабиров, А.Алтынбеков, Т.К.Тиллаев, Б.К.Райымкулов, Н.Н.Нишанов демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндө мыйзамда белгиленген тартипте оперативдүү-превентивдүү каттоодо турган адамдар Президенттин, Жогорку Кеңештин депутатынын кызмат ордуна шайланууга укугу жок экендигин белгилөө сунушталган.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн экендигин белгилейбиз. Киргизилген чектөөлөр аталган максаттар менен ченемдеш болушу керек.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболорун эске алууну сунуштайбыз, ага ылайык ар бир адам мыйзамда каралган тартипте анын күнөөсү далилденгенге жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечим менен белгиленгенге чейин кылмыш жасоодо күнөөсүз деп эсептелет. Ушул принципти бузуу материалдык жана моралдык зыянды сот аркылуу калыбына келтирүү үчүн негиз болуп эсептелет.
Конституциялык Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесин 19-бөлүк менен толуктоо жана анда шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн баштап жана шайлоолордун жыйынтыгы расмий жарыяланган күнгө чейинки мезгилде шайлоо штабдарынын мүчөлөрү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, саясий партиялардын ишенимдүү адамдары катары, ошондой эле шайлоочулардын койгон колдорун чогултуу жана шайлоо алдындагы агитацияларды жүргүзүү (агитаторлор) боюнча жумуш (кызмат көрсөтүү) аткаргандыгы (көрсөткөндүгү) үчүн жарандардын эмгегине акы төлөөгө келишимде салыктарды жана социалдык чегерүүлөрдү төлөөдөн бошотулаары жөнүндө ченемди кароо сунушталган.
Мында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары болуп эсептелбеген мыйзамдарына ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдерди киргизүүгө тыюу салынат.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 10-беренесинин ченемдерине ылайык жекече мүнөздөгү салыктык жеңилдиктерди көрсөтүүгө тыюу салынат.
Ошондой эле мыйзамдардын долбоорлорунда киргизилүүчү өзгөртүүлөр негиздеме-маалымкаттарда жеке адамдардын киреше салыгын төлөөгө карата салыктык түшүүлөрдүн төмөндөшүнө алып келээри көрсөтүлбөгөнүн белгилөө керек. Ушундан улам түздөн-түз шайлоо кампаниясын өткөрүүгө байланышкан жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаргандыгы (көрсөткөндүгү) үчүн жарандардын эмгек акысына шайлоо фондунан төлөнүүчү жогоруда аталган төлөөлөргө салыктык жеңилдиктерди берүү киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алууга байланыштуу бюджеттин кирешелеринин төмөндөшүнө алып келет.
Ал эми социалдык чегерүүлөрдөн бошотуу жөнүндө айтсак "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык камсыздандыруу төгүмдөрү эмгек акынын (кирешенин) бардык түрлөрүнө, дем берүүчү жана компенсациялоочу мүнөздөгү төлөөлөргө (анын ичинде бир жолку сый акыларга), ошондой эле подряд келишимдери боюнча иштерге, тапшырмаларга жана аткарылган иштер үчүн автордук калем акыларга чегерилээрин белгилейбиз.
Ушул сыяктуу эле пикирди "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 7-бөлүгү боюнча да айтабыз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесин 7-бөлүк менен толуктоо сунушталат, ага ылайык арызды кароодон мыйзамсыз баш тартуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу кызмат адамын ээлеген кызматынан бошотуу үчүн негиз болуп эсептелет.
Мамлекеттик жарандык кызматчыларды дайындоо жана бошотуу маселелери "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынаарын белгилөө зарыл. Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин дайындоо жана бошотуу атайын мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
Жогоруда айтылгандардын негизинде жогорудагы сунушталган ченем белгиленген ченемдик укуктук актыларды жөнгө салуунун предмети болуп эсептелээрин белгилейбиз.
Ушундай эле сын пикирди "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 30-бөлүгү боюнча да айтабыз.
Сунушталган мыйзам долбоорлорун кабыл алган учурда андагы коюлган ченемдерди ишке ашыруу республикалык бюджеттин чыгымдарын көбөйтүүгө жана анын киреше бөлүгүн кыскартууга алып келээрине көңүл буруу керек.
Алсак, мисалы, Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүндө диагоналы 1 метрден кем эмес мониторду добуш берүү үчүн жайларга орнотуу каралган.
Ошону менен бирге Мыйзам долбооруна финансы-экономикалык негиздеме, тиешелүү эсептөөлөр, ошондой эле каржылоо булактары жөнүндө маалыматтар берилген эмес.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн караган мыйзам долбоорлору Өкмөт каржылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү берилген сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлорун кабыл алууга болот деп эсептейт.