Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 токтомуна ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 524 токтому менен бекитилген |
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алуунун ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 11-декабрындагы № 226 "2015-жылдын 16-октябрында Бурабай поселогунда кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Мыйзамынын, Жогорку Евразия экономикалык кеңештин 2015-жылдын 16-октябрындагы № 22 "Дүйнөлүк соода уюмуна Казакстан Республикасынын кошулуусуна байланышкан айрым маселелер жөнүндө" чечиминин, Евразия экономикалык бирлиги (мындан ары - ЕАЭБ) жөнүндө келишимдин № 18 тиркемесинин 20-пунктунун 3-пунктчасынын, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын негизинде иштелип чыккан жана кыйыр салыктарды башкаруу максатында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин биринин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды өткөрүүнү эсепке алуу жол-жобосун аныктайт жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында жогоруда аталган ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоодо ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин биринин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды эркин өткөрүүгө тыюу салууну (чектөөнү) караштырбайт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) товарды импорттоо - ишкердик максатында колдонуу үчүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүү;
2) импорттоочу - импорттолуучу товарды сатып алуучу же алуучу болуп саналган юридикалык же жеке жак, Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси. Эгерде товарларды сатып алуучу болбосо, товарды жеткирүүчү импорттоочу деп таанылат;
3) топтоштурулган жүк - ар башка жөнөтүүчүлөргө таандык болгон жана/же ар башка алуучуларга арналган, бир ташуучу тарабынан бир транспорт каражатында өткөрүлүүчү товарлардын ар башка партиялары;
4) товарды ташуучу - Кыргыз Республикасынын аймагына товарды ташып келүүчү же ташып келүүгө жооптуу адам;
5) коштомо кагаз - ташып өткөрүлүүчү товар жөнүндө маалыматтарды ырастаган белгиленген формадагы коштоочу документ;
6) жеке жактар тарабынан коштолуучу жол жүк менен өткөрүлүүчү товарлар - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу кол жүгү менен өтүүчү товарлар;
7) товарларды экспорттоо - ишкердик максаттарда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды ташып чыгаруу.
3. ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алуу салык кызматынын органдары тарабынан төмөнкүлөр менен бирдикте жүргүзүлөт:
1) товарларды автомобиль транспорту менен ташууда - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; же
2) товарларды темир жол жана аба транспорту менен ташууда - товарларды ташуу жана/же менчик ээсине (жүк алуучуга) өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдар.
4. Товарларды темир жол транспорту менен ташууда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компания" мамлекеттик ишканасы товарларды ташуу жана/же менчик ээсине (жүк алуучуга) өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюм болуп саналат.
Товарларды аба транспорту менен ташууда "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому же товарларды эсепке алуу жана/же жүк алуучуга өткөрүп берүү боюнча милдет жүктөлгөн агент товарларды ташуу жана/же менчик ээсине (жүк алуучуга) өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюм болуп саналат.
5. Ыйгарым укуктуу салык органы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана товарларды ташуу жана/же менчик ээсине (жүк алуучуга) өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдардын ортосунда маалымат алмашуу жана өз ара аракеттенүү ушул Тартиптин жана жогоруда аталган мамлекеттик органдардын жана уюмдардын биргелешкен чечими менен бекитилүүчү регламенттин негизинде ишке ашырылат.
6. Товарды Кыргыз Республикасынын аймагына автомобиль транспорту менен импорттоого ниеттенген юридикалык же жеке жак ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча, ушул Тартип менен белгиленген талаптарга ылайык товарга коштомо кагазды тариздейт.
7. 2015-жылдын 16-октябрында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн товарлардан тышкары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде колдонулган Бирдиктүү бажы тарифтерине салыштырмалуу бажы алымдарынын азайтылган өлчөмдөрүн колдонуу каралган товарлардын тизмегине киргизилген товарларды Казакстан Республикасынан импорттоодо товарга эсеп-фактуранын (инвойстун) жана Кыргыз Республикасы менен ЕАЭБдин ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык таризделген, Кыргыз Республикасынын аймагына бул товарды ташып келүү укугун ырастаган тийиштүү коштоочу документтердин көчүрмөлөрүнүн милдеттүү түрдө болушу талап кылынат.
Мында эсеп-фактурада жана коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар Казакстан Республикасынын тийиштүү органдарынан алынган маалыматтарга шайкеш келиши керек.
Товарга эсеп-фактуранын (инвойстун) жана Кыргыз Республикасынын аймагына бул товарды ташып келүү укугун ырастаган тиешелүү коштоочу документтердин аныктыгын текшерүү аймактык мобилдик топ, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык рейддик салык контролунун жүрүшүндө аймактык салык органдары тарабынан ишке ашырылат.
8. Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды экспорттоодо коштомо кагазды тариздөө жана колдонуу талап кылынбайт.
9. Импорттоочу жана/же ал ыйгарым укук берген адам товарга коштомо кагаздагы жана ушул Тартиптин 7-пунктунда көрсөтүлгөн документтердеги маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
10. Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоо фактысы боюнча импорттоочу жана/же ал ыйгарым укук берген адам тарабынан салык органдарына тийиштүү салык отчету берилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте импорт боюнча каралган кыйыр салыктар төлөнөт. Тийиштүү салык отчету берилбеген жана/же импорт боюнча кыйыр салыктар төлөнбөгөн учурда импорттоочу жана/же ал ыйгарым укук берген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
11. Кыргыз Республикасынын аймагына автомобиль транспорту менен товарды импорттоого ниеттенген юридикалык же жеке жак ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча коштомо кагазды өз алдынча тариздейт (толтурат) жана колдонот.
Топтоштурулган жүктү импорттоодо (ташып келүүдө) ташуучу ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча топтоштурулган жүккө коштомо кагазды тариздейт.
12. Товарды ташуу жана/же менчик ээсине (жүк алуучуга) өткөрүп берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу уюмдар тарабынан ишке ашырылуучу, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алуу ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча эсепке алуу журналдары боюнча ишке ашырылат.
13. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн дата болуп төмөнкүлөр саналат:
- товарларды автомобиль транспорту менен ташууда - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан коюлган коштомо кагаздагы штампта көрсөтүлгөн дата;
- товарларды темир жол транспорту менен ташууда - белгиленген станцияга келген дата;
- товарларды аба транспорту менен ташууда - ыйгарым укуктуу уюмдар тарабынан товарлар таризделген дата.
14. Ушул Тартипке ылайык түзүлүүчү товарларды эсепке алуу боюнча маалыматтар салыктык башкаруу максатында салык кызматынын органдары тарабынан колдонулат.
2. Коштомо кагазды тариздөө жана пайдалануу тартиби
15. Ишкердик иш максатында товарларды импорттоого ниеттенген юридикалык же жеке жак (субъект) салыктык катталган жери боюнча тиешелүү салык органына "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максаттары үчүн" деген белги менен салыктык каттоонун бар экендиги жөнүндө маалымдама алууга арызын берет. Салыктык каттоонун бар экендиги жөнүндө маалымдаманын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
16. Салык органы арызды карайт жана импорттоочунун салыктык каттоосунун бар экендигин, анын ишинин мурунку мезгилдери үчүн салык отчетун бергендигин текшерет.
17. Салык органы арызды кароодо бир иш күндүн ичинде маалымдама берүү же аны берүүдөн баш тартуунун себебин негиздөө менен маалымдама берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимин чыгарат. Субъект тарабынан мурунку отчеттук мезгилдер үчүн салык отчетторунун берилбегендиги салыктык каттоонун бар экендиги жөнүндө маалымдама берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
18. Салык төлөөчүнүн салыктык каттоосу жок болсо, салык органынын кызмат адамы аны салыктык каттоо жол-жобосунан өтүүгө жөнөтөт.
19. Коштомо кагазды тариздөө жана колдонуу импорттоочу жана/же ал ыйгарым укук берген адам тарабынан ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча ишке ашырылат.
20. Коштомо кагаз импорттоочунун салыктык каттоосу болгон учурда таризделет жана колдонулат. Салыктык каттоонун бар экендиги салык органынын маалымдамасы менен ырасталат.
Ишкердик максаттарга эмес, жеке өзү үчүн бир жеңил транспорт каражатын ташып келүүдө салык органынын маалымдамасы талап кылынбайт.
21. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден сатып алынган автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө, ага автотранспорт каражатын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда автотранспорт каражатын каттоо үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтар киргизилүүчү тийиштүү коштомо кагаз таризделет:
- кузовдун номери;
- автотранспорт каражатынын тиби;
- кыймылдаткычынын көлөмү;
- чыгарылган жылы.
22. Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды убактылуу ташып келүүдө "убактылуу ташып келүү" деген белги менен тиешелүү коштомо кагаз таризделет.
Ташып келинген товарларды кийин кайра ташып кетүү менен товарларды кайра иштетүү же концерттик оюн-зоок, спорттук, көргөзмө-жарманке иш-чараларын ишке ашыруу максатында товарларды, жабдууларды убактылуу ташып келүүдө, төмөнкүлөрдүн салыктык каттоосунун бар экендиги жөнүндө маалымдаманы тиркөө менен, "убактылуу ташып келүү" деген белги коюлган тиешелүү коштомо кагаз таризделет жана берилет:
- кайра иштетүү үчүн товарларды ташып келүүдө - товарды кайра иштетүүчү болуп саналган субъекттин;
- концерттик оюн-зоок, спорттук, көргөзмө-жарманке иш-чараларынын уюштуруучусу (коюучусу) болуп саналган субъекттин.
23. Эгерде товарды импорттоо адистештирилген жеткирүүчү (транспорттук, почта уюму же жеткирүүлөрдү уюштурган адам) тарабынан жүргүзүлгөн учурда, мында товарды алуучу (сатып алуучу) бир нече импорттоочу болуп саналса, коштомо кагазды тариздөө ар бир импорттоочуга өзүнчө же топтоштурулган товарды ташып келүү жөнүндө белги менен коштомо кагаздын ташуучу тарабынан таризделиши аркылуу жүргүзүлөт.
24. Топтоштурулган жүктү ташып келүү жөнүндө белги менен коштомо кагаз таризделген учурда, топтоштурулган жүктү ташуучу ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден топтоштурулган жүктү алуучулардын реестрин түзөт жана ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен өзүнүн салыктык катталган жери боюнча аймактык салык органына кошумча берет.
25. Ишкердик максаттарда колдонуу үчүн товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо, импорттоочу жана/же ал ыйгарым укук берген адам бул товарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө чейин тиешелүү коштомо кагазды тариздөө жол-жобосун жүргүзүүгө милдеттүү.
Тиешелүү коштомо кагаз таризделбеген, тийиштүү салык отчету берилбеген жана импорт боюнча кыйыр салык төлөнбөгөн факты аныкталган учурда импорттоочу жана/же ал ыйгарым укук берген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
26. Товарды импорттоодо товар жөнүндө бардык каралган реквизиттер жана маалыматтар толтурулган товарга карата коштомо кагаз (2 нускадан турган комплект) жана салыктык каттоонун бар экендиги жөнүндө тиешелүү салык органынын маалымдамасынын түп нускасы же анын импорттоочунун мөөрү же нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү милдеттүү түрдө болушу керек. Товарларды ташып келүү максатында субъекттин салыктык каттоосунун бар экендиги жөнүндө маалымдама ал берилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жарактуу болот.
27. Жүктү ташып келүү көлөмү боюнча коштомо кагазда көрсөтүлгөн маалыматтардын инвойстогу жана/же товардык коштомо кагаздагы маалыматтардан 5%га чейин айырмаланышына жол берилет.
28. Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды убактылуу ташып келүүдө убактылуу ташып келүүчү адам салык органына мындай ташып келүүнү ырастаган тиешелүү документтерди кошумча берет.
29. Импорттоочу жана/же ал ыйгарым укук берген адам таризделген коштомо кагаздарды эсепке алуу журналын жүргүзөт, анда төмөнкү көрсөткүчтөр чагылдырылат: тариздөө датасы, жөнөтүүчү, товардын көлөмү, ТЭИ ТН боюнча товардын тобу.
30. Коштомо кагаздарды эсепке алууну уюштурууга жана сакталуусун камсыздоого жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте импорттоочу тартат.
3. Өткөрүү пункттарында коштомо кагаздарды берүү жана эсепке алуу тартиби
31. Кыргыз Республикасынын аймагына товарды автомобиль транспорту менен импорттоо үчүн импорттоочу товарга тийиштүү коштомо кагазды тариздеши керек. Мында бул коштомо кагаз (2 нускада) ыйгарым укуктуу салык органынын салыктык каттоонун бар экендиги жөнүндө маалымдамасы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - МЧК кызматкери) кызмат адамына импорттоочу же ташуучу тарабынан өткөрүү пунктунда берилиши керек. Коштомо кагаздын эки нускасы тең бирдей маалыматты камтышы керек.
32. МЧК кызматкери бирдейлик предметине карата коштомо кагаздын эки нускасын тең салыштырып текшерет, андан кийин чек арадан өткөн датаны көрсөтүү менен штампты басуу аркылуу эки нускасына тең белги коёт жана Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрөт.
Мында МЧК кызматкери товардын (аталышы, коду, салмагы, көлөмү, наркы) коштомо кагазда көрсөтүлгөн тизмек менен шайкештигин текшербейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан өткөрүлүүчү, аларга карата коштомо кагазды милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмегинде жана товарларды ташып келүү боюнча сунушталган минималдык ченемдерде каралган товарлардын көлөмүн контролдобойт.
33. Салыктык каттоонун бар экендиги жөнүндө маалымдама менен коштомо кагаздын бир нускасы импорттоочуга же ташуучуга кайтарылат, маалымдаманын көчүрмөсү менен экинчи нускасы тийиштүү салык органына андан ары өткөрүп берүү үчүн МЧК кызматкеринде калат.
4. Мобилдик топтун ишин уюштуруу
34. Коштомо кагаз жок болгон, коштомо кагазда кырып өчүрүүлөр жана сызып оңдоолор болгон же нускаларында көрсөтүлгөн маалыматтар бири-бирине дал келбеген учурда, МЧК кызматкери бул тууралуу тиешелүү аймактык мобилдик топтун жооптуу кызмат адамына токтоосуз маалымдайт жана Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрүүнү ишке ашырат. МЧК кызматкери ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык маалыматты берүүнү эсепке алуу журналына жазат.
Аймактык мобилдик топко маалымдоо мүмкүн болбогон шарттарда маалымдоо аймактык мобилдик топтун ишине тартылган мамлекеттик органдардын ыкчам-күзөт кызматтарынын линиясы боюнча ишке ашырылат.
35. Аймактык мобилдик топ экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (ЭККМК), салык кызматы органынын жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын кызматкерлеринин ичинен түзүлөт.
36. Аймактык мобилдик топ товарларды эсепке алынбай ташып келүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү боюнча талаптарды бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча контролдук-ыкчам жана рейддик иш-чараларды жүргүзөт.
37. Аймактык мобилдик топ ЭККМКнын жооптуу кызмат адамынын атынан маалыматты алгандан кийин ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык маалыматты кабыл алууну эсепке алуу журналына жазуу аркылуу маалыматты алгандыгын ырастайт жана бул маалымат боюнча тиешелүү чараларды көрөт.
38. Товарды импорттоочуда жана/же ташуучуда коштомо кагаздын жана ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин жок экендиги аныкталган, ошондой эле коштомо кагаздагы көрсөткүчтөрдүн импорттолуучу жүктүн иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнө шайкеш келбеген учурда жүгү менен автотранспорт каражаты аймактык мобилдик топ тарабынан кармалат.
39. Аймактык мобилдик топ жагдайлар аныкталганга жана тиешелүү коштомо кагаздардын таризделиши камсыздалганга, коштомо кагаздын экинчи нускасын тиешелүү салык органына берилгенге чейин кармалган жүгү менен автотранспорт каражатын автотоктотуучу жайга же товарды импорттоочунун жана/же ташуучунун кампалык, өндүрүштүк аймагына жайгаштырат.
40. МЧК кызматкери ушул Тартиптин 7-тиркемесине ылайык форма боюнча коштомо кагаздарды эсепке алуу журналына тиешелүү маалыматты жазуу аркылуу кабыл алган коштомо кагаздарды эсепке алат.
41. МЧК кызматкери кабыл алган коштомо кагаздарды салык органынын кызмат адамына андан ары өткөрүп берүү үчүн пакеттерге салат. Коштомо кагаздарды өткөрүп берүү сүйлөшүлгөн мөөнөттөрдө, бирок бир айда бир жолудан кем эмес жана кийинки отчеттук айдын 5инен кечиктирбестен жүргүзүлөт.
"Чоң-Капка" (Манас району), "Чалдыбар" (Панфилов району), "Ак-Жол" (Аламүдүн району), "Ак-Тилек" (Ысык-Ата району) өткөрүү пункттарында таризделген коштомо кагаздар салык органдарына күн сайын өткөрүлүп берилет.
42. МЧК кызматкерлерин ушул Тартипте каралган журналдар, ишкердик максаттар эмес, жеке өзү үчүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден сатып алган жеңил автотранспорт каражаттары үчүн жана убактылуу ташып келинүүчү товарлар үчүн коштомо кагаздардын бланктары менен камсыздоо ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан ишке ашырылат.
43. Товарларды Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөөдө коштомо кагаздар колдонулбайт. Бул учурда салык төлөөчү транзиттик декларациянын көчүрмөсүн МЧК кызматкерлерине берүүгө милдеттүү.
44. МЧКнын, ыйгарым укуктуу уюмдардын кызматкерлери транзиттик декларациянын көчүрмөлөрүнө штамп (датасы жана өткөрүү пунктунун аталышы менен) коюшат жана ушул Тартиптин 7-тиркемесине ылайык форма боюнча коштомо кагаздарды эсепке алуу журналында транзиттик декларацияларды эсепке алышат.
|
| ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алуунун тартибине 1-тиркеме |
FORM STI-150
Коштомо кагаз
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
|
| ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алуунун тартибине 2-тиркеме |
FORM STI-151
Топтоштурулган жүккө коштомо кагаз
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
|
| ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алуунун тартибине 3-тиркеме |
Форма
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды темир жол/аба транспорту менен өткөрүүнү эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
Станциянын/аэропорттун аталышы ________________________________________
№ | Жазуу датасы | Станциянын, аэропорттун аталышы | Жүктү алуучу жөнүндө маалыматтар | Эсеп-фактуранын, инвойстун № жана датасы | Жүк жөнүндө маалыматтар | Жүктү жөнөтүүчү жөнүндө маалыматтар | |||||||||||
Аталышы | ИСН | Код | МСКБ коду | ТЭИ ТН боюнча товарлар тобунун коду | Жүктүн аталышы | Өлчөө бирдиги | Көлөмү (салмагы) | Жүктүн максаттуу арналышы | Жүктүн түрү (топтоштурулган - "К", топтоштурулган эмес - "Н") | Алып келүү белгиси (убактылуу ташып келүү "В", башкасы - "-") | Жөнөтүү өлкөсү | Субъекттин аталышы | Субъекттин ИСН | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алуунун тартибине 4-тиркеме |
FORM STI-152
ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден топтоштурулган жүк алуучулардын РЕЕСТРИ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
|
| ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алуунун тартибине 5-тиркеме |
Форма
Маалымат берүүнү эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
№ | Маалымат берүү убактысы, датасы | Маалымат берген МЧК кызматкеринин аты-жөнү жана кызмат орду | Автотранспорт каражаты жана айдоочу тууралуу маалыматтар | Ташып келген жүктүн (товардын) негизги түрү | Маалыматты кабыл алган ЭККМК кызматкеринин аты-жөнү жана кызмат орду | |||
Автотранспорт каражатынын маркасы | Автотранспорт каражатынын мамлекеттик номери | Айдоочунун аты-жөнү | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алуунун тартибине 6-тиркеме |
Маалыматты кабыл алуу ЖУРНАЛЫ
№ | Маалымат кабыл алынган убакыт, дата | Маалыматты кабыл алган ЭККМК кызматкеринин аты-жөнү жана кызмат орду | Автотранспорт каражаты жана айдоочу тууралуу маалыматтар | Ташып жүктүн (товардын) негизги түрү | Маалымат берген МЧК кызматкеринин аты-жөнү жана кызмат орду | Көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат | |||
Автотранспорт каражатынын маркасы | Автотранспорт каражатынын мамлекеттик номери | Айдоочунун аты-жөнү | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алуунун тартибине 7-тиркеме |
Форма
Коштомо кагазды эсепке алуу ЖУРНАЛЫ (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү автомобиль пункттары)
№ | Жазуу датасы | Коштомо кагаздын номери | Коштомо кагаздын датасы | Жүктүн түрү (топтоштурулган - "К", топтоштурулган эмес - "Н") | Алып келүү белгиси (убактылуу ташып келүү - "В", башкасы - "-") | Салык төлөөчү жөнүндө маалыматтар | МЧК аймактык бөлүмдөрүнүн жооптуу адамынын аты-жөнү | Колу | ||
Аталышы | ИСН | МСКБ коду | ||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: Журналга жазуулар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүдө салык төлөөчү тарабынан берилген коштомо кагазда көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде күн сайын жүргүзүлөт.