Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 токтомуна ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 3-октябры № 524
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407, 2018-жылдын 23-августундагы № 396 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 токтомунун 6-п.
Кыйыр салыктарды башкаруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин биринин аймагынан товарлар өткөрүлгөн жана эсепке алынган датаны аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 11-декабрындагы № 226 "2015-жылдын 16-октябрында Бурабай поселогунда кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Мыйзамына, Жогорку Евразия экономикалык кеңештин 2015-жылдын 16-октябрындагы № 22 "Дүйнөлүк соода уюмуна Казакстан Республикасынын кошулуусуна байланышкан айрым маселелер жөнүндө" чечимине, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 18 тиркемесинин 20-пунктунун 3-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алуунун тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан өткөрүлүүчү, аларга карата коштомо кагазды милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеги жана товарларды ташып келүү боюнча сунушталган минималдык ченемдер 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарына бекитилген биргелешкен аймактык мобилдик топторду түзсүн жана товарларды эсепке алынбай ташып келүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү боюнча талаптарды бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча контролдук-ыкчам жана рейддик иш-чараларды жүргүзүүнү уюштурсун.
3. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында транспорттук контролдоону жана товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 1-пункту күчүнө кирген күндөн тартып Талас облусунун Манас районунда ("Чоң-Капка-автожол"), Чүй облусунун Панфилов районунда ("Чалдыбар автожол"), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ("Ак-Тилек автожол"), Чүй облусунун Аламүдүн районунда ("Ак-Жол автожол") жайгашкан кыргыз-казак мамлекеттик чек ара участогундагы өткөрүү пункттарына карата ушул токтомдун 1-пунктунун колдонулушу токтотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 554 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ортосунда жүктөрдү алып өтүүнү эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-мартындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы № 38 "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун колдонулушун токтото туруу жөнүндө" токтому.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
2-тиркеме
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке пайдалануу үчүн жеке адамдар тарабынан өткөрүлүүчү, аларга карата коштомо кагазды милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеги жана товарларды ташып келүү боюнча сунушталган МИНИМАЛДЫК ЧЕНЕМДЕР
№ | ТЭИ ТН коду | Позициянын аталышы | Өлчөө бирд. | Саны |
1 | 01 | Бодо мал | баш | 3 |
2 |
| Кой-эчки | баш | 5 |
3 |
| Башка тирүү малдар | баш | 10 |
4 | 02 | Бодо малдын эти | кг | 20 |
5 |
| Кой-эчкинин эти | кг | 50 |
6 |
| Канаттуулардын эти | кг | 50 |
7 |
| Башка эт жана тамак-аш эти субпродуктулар | кг | 70 |
8 |
| Тирүү балык | кг | 20 |
9 |
| Тоңдурулган балык | кг | 20 |
10 |
| Башка балыктар жана рак сымалдар, моллюскалар жана суудагы башка омурткасыздар | кг | 20 |
11 | 04 | Сүт азыктары | литр | 20 |
12 |
| Ак май | кг | 20 |
13 |
| Сыр жана быштак | кг | 20 |
14 |
| Жумуртка | даана | 60 |
15 |
| Накта бал | кг | 10 |
16 |
| Малдан алынуучу башка тамак-аш продуктулары | кг | 20 |
17 | 07 | Картошка | кг | 100 |
18 |
| Томаттар | кг | 100 |
19 |
| Пияз | кг | 100 |
20 |
| Капуста | кг | 100 |
21 |
| Сабиз | кг | 100 |
22 |
| Бадыраң | кг | 100 |
23 |
| Буурчак жашылчалары | кг | 100 |
24 |
| Башка жашылчалар жана айрым жегенге жарамдуу тамыры азык жана тамыры түймөк өсүмдүктөр | кг | 100 |
25 | 08 | Жаңгактар | кг | 50 |
26 |
| Банандар | кг | 50 |
27 |
| Курма, инжир, ананас, авокадо, гуайява, манго | кг | 50 |
28 |
| Цитрус мөмөлөрү | кг | 50 |
29 |
| Жүзүм | кг | 50 |
30 |
| Коон, дарбыз | кг | 50 |
31 |
| Алма, алмурут жана айва | кг | 50 |
32 |
| Кызыл өрүк, алча жана гилас, шабдаалы, кара өрүк | кг | 50 |
33 |
| Башка кургатылган жемиштер жана жаңгактар; цитрус мөмөлөрүнүн кабыгы же коондун кабыгы | кг | 50 |
34 | 09 | Кофе | кг | 10 |
35 |
| Чай | кг | 10 |
36 |
| Башка кофе, чай, мате, же парагвай чайы, жана татымалдар | кг | 10 |
37 | 10 | Буудай | кг | 300 |
38 |
| Кара буудай | кг | 300 |
39 |
| Арпа | кг | 300 |
40 |
| Сулу | кг | 300 |
41 |
| Жүгөрү | кг | 300 |
42 |
| Күрүч | кг | 300 |
43 |
| Башка дандар | кг | 300 |
44 | 11 | Ун | кг | 200 |
45 |
| Угут | кг | 200 |
46 |
| Крахмал | кг | 100 |
47 |
| Ун-акшак өнөр жайынын башка продукциясы | кг | 200 |
48 | 15 | Малдан жана өсүмдүктөн алынуучу тоң майлар жана суюк майлар | кг | 50 |
49 |
| Өсүмдүктөн же малдан алынуучу башка тоң майлар жана суюк майлар | кг | 50 |
50 | 16 | Колбасалар | кг | 20 |
51 |
| Эт субпродуктулары | кг | 20 |
52 |
| Даяр же консерваланган балык | кг | 20 |
53 |
| Эттен, балыктан жасалган башка даяр продуктулар | кг | 20 |
54 | 17 | Кант | кг | 50 |
55 |
| Кондитер азыктары | кг | 50 |
56 |
| Канттан жасалган башка азыктар | кг | 50 |
57 | 19 | Ундан жасалган даяр тамак-аш продуктулары | кг | 50 |
58 |
| Макарон азыктары | кг | 50 |
59 |
| Нан, ундан жасалган кондитер азыктары | кг | 50 |
60 |
| Ундан жасалган башка кондитер азыктары | кг | 20 |
61 | 22 | Минералдуу жана газдалган суулар | литр | 20 |
62 |
| Угуттуу пиво | литр | 20 |
63 |
| Жүзүм шарабы | литр | 10 |
64 |
| Спирт ичимдиктери | литр | 10 |
65 |
| Этил спирти | литр | 10 |
66 |
| Уксус | литр | 10 |
67 |
| Башка алкоголдуу жана алкоголсуз суусундуктар | литр | 50 |
68 | 24 | Тамеки сырьесу | кг | 20 |
69 |
| Башка тамеки жана өнөр жайлык тамекини алмаштыруучулар | кг | 20 |
70 | 25 | Туз | кг | 50 |
71 |
| Мрамор, травертин | кг | 200 |
72 |
| Гранит | кг | 200 |
73 |
| Майда таш, гравий, шагыл же майдаланган таш | кг | 4000 |
74 |
| Гипс | кг | 300 |
75 |
| Акиташ | кг | 300 |
76 |
| Портландцемент, цемент | кг | 1000 |
77 |
| Цемент | кг | 1000 |
78 |
| Асбест | кг | 300 |
79 |
| Башка топурак жана таш, шыбак материалдары | кг | 500 |
80 | 27 | Таш көмүр, брикеттер | кг | 4000 |
81 |
| Кокс | кг | 4000 |
82 |
| Автомобиль бензини | литр | Бак жана 20 |
83 |
| Дизель отуну | литр | Бак жана 20 |
84 |
| Мотор майлары | литр | 50 |
85 |
| Башка отундар | литр | Жогоруда көрсөтүлгөн позициядан ашпаган санда |
86 | 30 | Дары каражаттары | даана | Эки аталышта, 10 даанадан ашык эмес |
87 |
| Башка фармацевт продукциясы | даана | Эки аталышта, 10 даанадан ашык эмес |
88 | 31 | Малдан же өсүмдүктөн алынуучу жер семирткичтер | кг | 1000 |
89 |
| Башка жер семирткичтер | кг | 1000 |
90 | 32 | Сырлар жана лактар; мастика шпатлевкасы | литр | 50 |
91 |
| Башка боёчу заттар; мастика; полиграфия боёгу, сыя, тушь | литр | 50 |
92 | 33 | Атыр | таңгак | Эки аталышта, 3төн ашык эмес |
93 |
| Атырлуу суу | таңгак | Эки аталышта, 3төн ашык эмес |
94 |
| Башка эфир майлары жана резиноиддер; парфюмердик, косметикалык же атыр каражаттары | таңгак | Эки аталышта, 3төн ашык эмес |
95 | 34 | Самын | таңгак | 20 |
96 |
| Башка жуучу каражаттар, үстүңкү-активдүү органикалык заттар, жуучу каражаттар, майлоочу материалдар, жасалма жана даяр момдор, тазалоо же жылмалоо үчүн курамдар, шамдар жана окшош буюмдар, жабыштырып жасоо үчүн пасталар, пластилин "тиш дарыгеринин мому" жана тиш дарыгеринин гипстин негизиндеги курамдары | кг | 20 |
97 | 36 | Фейерверктер | даана | 20 |
98 |
| Башка пиротехникалык буюмдар | даана | 20 |
99 | 39 | Түтүктөр, түтүкчөлөр, шлангдар жана алардын фитингдери, пластмассадан жасалган | даана | 50 |
100 |
| Ванналар, душтар, раковина, биде, унитаздар, пластмассадан жасалган | даана | 2 |
101 |
| Ашкана идиштери, пластмассадан жасалган | даана | 50 |
102 |
| Пластмассадан жасалган башка буюмдар | даана | 50 |
103 | 40 | Жаңы резина шиналары жана покрышкалары | даана | 8 |
104 |
| Мурда колдонууда болгон резина шиналары жана покрышкалар | даана | 8 |
105 |
| Резина камералары | даана | 8 |
106 |
| Башка каучук, резина жана алардан жасалган буюмдар | даана | 5 |
107 | 41 | Бодо малдын иштетилбеген терилери | даана | 5 |
108 |
| Кой-эчкинин иштетилбеген терилери | даана | 5 |
109 |
| Ийленген булгаары | даана | 2 |
110 |
| Башка иштетилбеген терилер (накта мехтен тышкары) жана өңдөлгөн булгаары | даана | 5 |
111 | 42 | Саквояждар, чемодандар, аялдардын сумкалары | даана | 5 |
112 |
| Накта булгаарыдан жасалган башка буюмдар (жибек куртунун фиброининин буласынан тышкары) | даана | 5 |
113 | 44 | Иштетилбеген жыгач материалдары | м3 | 10 |
114 |
| Тактайлар | м3 | 10 |
115 |
| Желимделген фанера | м3 | 10 |
116 |
| Башка жыгачтар жана алардан жасалган буюмдар; жыгач көмүрү | м3 | 10 |
117 | 46 | Токулган жана токуу үчүн материалдан жасалган ошол сыяктуу буюмдар | даана | 10 |
118 |
| Башка токулган буюмдар | даана | 10 |
119 | 47 | Жыгачтан же башка булалуу целлюлоза материалдарынан масса; регенирленген кагаз же картон | м3 | 5 |
120 | 48 | Кагаз жана картон; кагаз массасынан буюмдар, кагаз же картон | даана/кг | 10 же 50 |
121 | 49 | Басма китептер, гезиттер, репродукциялар жана полиграфия өнөр жайынын башка буюмдары | даана | 10 |
122 |
| Башка басма продукция | даана/кг | 10 же 50 |
123 | 50 | Жибек | кг/метр | 20 |
124 |
| Жибектен жасалган башка буюмдар | кг/метр | 20 |
125 | 51 | Жүн | кг | 20 |
126 |
| Жүн жиптен жасалган кездемелер | кг/метр | 10 |
127 | 52 | Пахта | кг | 20 |
128 |
| Пахтадан жасалган башка буюмдар | даана | 10 |
129 | 55 | Синтетика булаларынан жасалган кездемелер | кг/метр | 10 |
130 |
| Химиялык буладан жасалган башка буюмдар | даана | 10 |
131 | 57 | Килемдер | даана | 2 |
132 |
| Башка килемдер жана текстиль полго салынуучу жабуулар | даана | 2 |
133 | 59 | Линолеум | метр | 10 |
134 |
| Башка текстиль материалдары | метр | 10 |
135 | 61 | Пальто, кыска пальто, жамынма, плащь, күрмө, ветровка, штормовка | даана | 2 |
136 |
| Костюмдар, комплекттер, пиджактар, блайзерлер, шымдар, комбинезондор | даана | 2 |
137 |
| Көйнөктөр | даана | 10 |
138 |
| Блузкалар, блузылар | даана | 10 |
139 |
| Кальсондор, трусылар, ич көйнөктөр, пижамалар, мончого кийүүчү халаттар, үйдө кийүүчү халаттар | даана | 10 |
140 |
| Майкалар, жеңи менен фуфайкалар жана башка машина же кол менен токулган трикотаж фуфайкалары | даана | 10 |
141 |
| Свитерлер, пуловерлер, кардигандар, жилеттер | даана | 5 |
142 |
| Балдар кийими | даана | 10 |
143 |
| Спорттук костюмдар | даана | 5 |
144 |
| Колготкилер, чулкилер, гольфалар, байпактар | даана | 20 |
145 |
| Мээлейлер, кол каптар | даана | 5 |
146 |
| Башка кийим предметтери | даана | 5 |
147 | 63 | Жууркандар жана пледдер | даана | 5 |
148 |
| Ич кийим | даана | 10 |
149 |
| Көшөгө | даана | 5 |
150 |
| Брезенттер; чатырлар | даана | 2 |
151 |
| Башка даяр текстиль буюмдары | даана | 5 |
152 | 64 | Бут кийим | даана | 10 |
153 |
| Башка бут кийим | даана | 10 |
154 | 65 | Шляпалар | даана | 3 |
155 |
| Башка баш кийим жана алардын бөлүктөрү | даана | 3 |
156 | 66 | Зонттор | даана | 5 |
157 |
| Күндөн коргоочу башка зонттор, тросттор, отургучтар, атка минүү үчүн чыбыктар, камчылар жана алардын бөлүктөрү | даана | 5 |
158 | 68 | Брусчатка, бордюр таштары жана плиталары | даана | 200 |
159 |
| Иштетилген таш | даана | 200 |
160 |
| Цементтен, бетондон же жасалма таштан жасалган буюмдар | даана | 200 |
161 |
| Гипстен, цементтен, асбесттен, слюдадан же ошол сыяктуу материалдардан жасалган башка буюмдар | даана | 100 |
162 | 69 | Кыштар, блоктор, плиткалар | даана | 1000 |
163 |
| Отко чыдамдуу кыштар | даана | 1000 |
164 |
| Башка керамика буюмдары | даана | 5 |
165 | 70 | Айнек тактасы | даана | 10 |
166 |
| Айнек күзгүлөр | даана | 5 |
167 |
| Ашкана идиши | даана/ компл. | 20/3 |
168 |
| Айнек буюмдар жана алардан жасалган башка буюмдар | даана/ компл. | 20/3 |
169 | 71 | Табигый же жасалма бермет, кымбат баалуу же жарым-жартылай кымбат баалуу таштар, кымбат баалуу металлдар, кымбат баалуу таштар менен жасалгаланган металлдар жана алардан жасалган буюмдар; бижутерия; тыйындар | даана | 10 |
170 |
| Кымбат баалуу металлдардан жана таштардан жасалган башка буюмдар | даана | 10 |
171 | 72 | Кара металлдар | кг | 1000 |
172 |
| Башка кара металлдар | кг | 1000 |
173 | 73 | Кара металлдардан жасалган буюмдар | даана | 1000 |
174 |
| Кара металлдардан жасалган башка буюмдар | даана | 1000 |
175 | 74 | Жез жана андан жасалган буюмдар | кг | 1000 |
176 |
| Башка жез жана андан жасалган буюмдар | даана | 1000 |
177 | 76 | Алюминий жана андан жасалган башка буюмдар | кг | 1000 |
178 |
| Башка алюминий жана андан жасалган буюмдар | кг | 1000 |
179 | 78 | Коргошун жана андан жасалган буюмдар | кг | 1000 |
180 |
| Башка коргошун жана андан жасалган буюмдар | кг | 1000 |
181 | 82 | Кымбат баалуу эмес металлдардан жасалган аспаптар, шаймандар, бычак буюмдары, кашыктар жана аш айрылар, шаймандар, кымбат баалуу эмес металлдардан алардын бөлүктөрү | даана | 50 |
182 | 83 | Кымбат баалуу эмес металлдардан башка буюмдар | даана | 10 |
183 | 84 | Казандар | даана | 2 |
184 |
| Насостор | даана | 2 |
185 |
| Машиналар, жабдуулар жана станоктор | даана | 2 |
186 |
| Аспаптар | даана | 10 |
187 |
| Башка жабдуулар жана механикалык түзүлүштөр | даана | 2 |
188 | 85 | Кыймылдаткычтар | даана | 2 |
189 |
| Трансформаторлор | даана | 2 |
190 |
| Аккумуляторлор | даана | 3 |
191 |
| Башка электр машиналары жана жабдуулар, алардын бөлүктөрү, үн жазуучу жана үн чыгаруучу аппаратура, сүрөттөрдү жана үндөрдү жазуу жана теле көрсөтүү үчүн аппаратура, алардын бөлүктөрү | даана | 2 |
192 | 87 | Темир жол же трамвайдын кыймылдуу курамынан тышкары, жер бетинде жүрүүчү транспорт каражаттары жана алардын бөлүктөрү | даана | 1 |
193 |
| Башка транспорт каражаттары жана алардын бөлүктөрү | даана | 1 |
194 | 89 | Кемелер, кайыктар | даана | 1 |
195 |
| Башка сүзүүчү конструкциялар | даана | 1 |
196 | 90 | Оптикалык, фотографиялык, кинематографиялык, өлчөө, контролдоо, прецизиондук, медициналык же хирургиялык аспаптар жана аппараттар; жана алардын бөлүктөрү | даана | 5 |
197 |
| Башка приборлор жана түзүлүштөр | даана | 5 |
198 | 91 | Бардык түрдөгү сааттар жана алардын бөлүктөрү | даана | 5 |
199 | 92 | Музыкалык аспаптар; алардын бөлүктөрү жана тетиктери | даана | 5 |
200 | 94 | Эмерек | даана | 2 |
201 |
| Медициналык, хирургиялык, стоматологиялык же ветеринариялык эмеректер | даана | 2 |
202 |
| Матрас үчүн негиздер; шейшеп-жаздык каптар жана ушуга окшош буюмдар | даана | 10 |
203 |
| Башка эмеректер жана анын бөлүктөрү | даана | 2 |
204 | 95 | Оюнчуктар, оюндар жана спорттук инвентарь жана алардын бөлүктөрү, тетиктери | даана | 10 |
205 | 97 | Көркөм өнөр чыгармалары, коллекциялоо предметтери жана антиквариат | даана | 5 |
Эскертүү:
Ушул тизме төмөнкүлөргө таркалбайт:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө тыюу салынган же чектелген товарларга;
2) ишкердик максаттарда колдонулган товарларга.