Загрузка документа…
Тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-октябрындагы № 527 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик турак жай фондундагы көп батирлүү үйдү башкаруу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип мамлекеттик турак жай фондундагы көп батирлүү үйдү башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу эрежелерин аныктайт, андагы бардык турак жана турак эмес жайлар мамлекеттик менчикте турат (мындан ары - көп батирлүү үйдү башкаруу).
2. Көп батирлүү үйдү башкаруу ошол көп батирлүү үй балансында турган ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) менен ачык конкурстун жыйынтыгында тандалуучу башкаруучу уюмдун ортосунда келишим түзүү же көп батирлүү үйдү башкаруу үчүн атайын адистештирилген мамлекеттик мекемени түзүү жолу менен ишке ашырылат.
3. Көп батирлүү үйдү башкаруу үчүн атайын адистештирилген мамлекеттик мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлөт.
4. Эгер ыйгарым укуктуу орган экономикалык жактан ылайыксыздыгынан улам атайын адистештирилген мамлекеттик мекеме түзбөсө, ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинде жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте көп батирлүү үйдү башкаруу үчүн башкаруучу уюмду тандоо боюнча ачык конкурс (мындан ары - конкурс) өткөрүүнү демилгелейт жана өткөрөт.
2. Көп батирлүү үйдү талаптагыдай күтүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл жумуштардын жана кызматтардын тизмеги
5. Көп батирлүү үйдү талаптагыдай күтүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл жумуштардын жана кызматтардын ушул Тартиптин 1-тиркемесинде баяндалган тизмеги мамлекеттик турак жай фондундагы көп батирлүү үйдү башкаруунун бардык ыкмаларына таратылат.
6. Ар бир көп батирлүү үйгө карата жумуштардын жана кызматтардын тизмеги төмөнкүлөрдү эске алуу менен аныкталат:
1) көп батирлүү үйдүн конструкциялык элементтерин;
2) керектөөчүлөргө үйдүн ичинде инженердик тармактарды пайдалануу менен коммуналдык кызматтардын ошондой түрүн көрсөтүүнү камсыз камсыз кылган инженердик тармактардын болушун жана курамын;
3) жашылдандыруу жана көрктөндүрүү элементтери, ушул үйдү тейлөө жана пайдалануу үчүн арналган башка объекттери бар, көп батирлүү үй жайгашкан жер участогунун болушун;
4) көп батирлүү үйдүн геодезиялык жана табигый-климаттык шарттарын.
7. Жумуштардын жана кызматтардын тизмегинде каралган кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу аралыгы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
8. Жумуштардын жана кызматтардын тизмегинде каралган кызматтарды көрсөтүүнү жана жумуштарды аткарууну камсыздоо максатында, көп батирлүү үйдү башкарууга жооптуу жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) авариялык-диспетчердик кызматтын ишин камсыздоого;
2) көп батирлүү үйдүн техникалык документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүүгө жана сактоого;
3) көп батирлүү үйдү күтүү жана оңдоо боюнча пландагы күнүмдүк жумуштарды аткаруу жөнүндө сунуштарды, ошондой эле капиталдык оңдоо жүргүзүү боюнча сунуштарды даярдоого жана аларды ыйгарым укуктуу органга маалымдоого;
4) турак жайларды күтүү жана оңдоо үчүн акыларды эсептөө жана чогултуу боюнча жумуштарды уюштурууга.
3. Көп батирлүү үйдү башкаруу үчүн башкаруучу уюмду тандоо боюнча конкурс өткөрүү
9. Конкурс өткөрүү үчүн негиз болуп көп батирлүү үйдү башкаруу үчүн башкаруучу уюмду тандоо боюнча ачык конкурс өткөрүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими (буйругу) саналат.
10. Конкурс катышуучулардын саны жана арыздарды берүү формасы боюнча ачык болот.
11. Конкурс өткөрүүдө талапкерлерге төмөнкүдөй талаптар коюлат:
- талапкердин мамлекеттик турак жай фондундагы көп батирлүү үйдү башкаруу келишиминде каралган жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө ылайык келиши;
- талапкердин салыктар, жыйымдар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча карызынын жоктугу.
12. Талапкердин ушул Тартиптин 11-пунктунда аныкталган талаптарга туура келбеши конкурска катыштыруудан баш тартуу үчүн негиз болот.
13. Ыйгарым укуктуу орган конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандырууну жарыялаганга чейин беш иш күндөн кеч эмес мурдатан конкурстук комиссия түзүү жөнүндө чечим чыгарат, анын курамын жана иш тартибин аныктайт, комиссиянын төрагасын дайындайт. Ыйгарым укуктуу орган туруктуу иштөөчү комиссия түзө алат, мында комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү эки жылдан ашпайт.
14. Конкурстук комиссиянын курамына жетиден кем эмес адам кириши керек.
15. Конкурстук комиссия эгерде анын мүчөлөрүнүн жалпы санынан 50 пайыздан ашыгы катышса чечим кабыл алууга укуктуу.
16. Конкурстук комиссиянын жыйынында ассоциациялардын (союздардын) өкүлдөрү, конкурстун талапкерлери, катышуучулары же алардын өкүлдөрү, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катыша алышат. Конкурстук комиссиянын чечими кабыл алынган күнү протокол менен таризделет, жыйынга катышкан конкурстук комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет. Протокол келишимдикиндей күчкө ээ болот.
17. Конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат мамлекеттик же расмий тилдер, расмий басылмада жана ыйгарым укуктуу органдын сайтында конкурска катышууга арыздарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин отуз календардык күндөн кечиктирбей жарыяланат.
18. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү конкурстук документтер өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- көп батирлүү үйдүн техникалык паспорту (инвентаризация делосу), эгерде бар болсо;
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүнүн абалы жөнүндө акт, ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык;
- көп батирлүү үйдү тийиштүү күтүү үчүн керектүү жумуштардын жана кызматтардын тизмеги;
- мамлекеттик турак жай фондундагы көп батирлүү үйдү башкаруу келишиминин долбоору.
19. Конкурстук документтерди конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат расмий басылмага жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жарыяланганга чейин берүүгө болбойт.
20. Конкурска катышуу үчүн кызыкдар жак конкурска катышууга жазуу түрүндө арыз берет. Бир жак бир лотко карата бир гана арыз берүүгө укугу бар. Конкурска катышууга арыз өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- юридикалык жактын аталышы, уюштуруу-укуктук формасын көрсөтүү, жайгашкан жери жана дареги, телефон номерлери;
- юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен көчүрмө - юридикалык жак үчүн;
- конкурска катышууга арыз берген юридикалык жактын атынан иш-аракеттерди жүзөгө ашыруучу адамдын ыйгарым укуктарын ырастаган документ;
- финансылык операцияларды жүргүзүү үчүн катышуучунун банктагы эсебинин реквизиттери (турак жайды күтүү жана оңдоо ж.б. үчүн менчик ээлери акы төлөшү үчүн).
21. Конкурска катышуу үчүн арыз берүү талапкердин келишимге ылайык милдеттүү жумуштарды жана кызматтарды аткарууга макулдук берүүсү болуп саналат.
22. Конкурска катышуу үчүн берилген ар бир арыз каттоодон өтөт жана талапкердин талабы боюнча конкурстук комиссия мындай арыз алгандыгы жөнүндө тил кат берет.
23. Эгерде конкурска катышууга берилген арыз салынган конверттерди ачуу жол-жобосу башталганга чейин конкурска катышуу жөнүндө бир да арыз түшпөсө, конкурстук комиссия арыздарды берүү мөөнөтү аяктаган күндөн тартып бир айдын ичинде ушул Тартипке ылайык жаңы конкурс өткөрөт.
24. Конкурстук комиссия арыз салынган бардык конверттерди ачык конкурска катышуучулардын же алардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ачат.
25. Конверттерди ачуу протоколун конкурстук комиссия жүргүзөт жана конкурстук комиссиянын катышып отурган бардык мүчөлөрү кол коюшат. Протокол ыйгарым укуктуу органдын сайтына жайгаштырылат.
26. Конкурска катышууга берилген арыздарды кароо мөөнөтү конкурска катышууга берилген арыз салынган конверттерди ачуу жол-жобосу башталган күндөн тартып он иш күндөн ашпашы керек.
27. Арыздарды кароонун жыйынтыгынын негизинде конкурстук комиссия талапкерди конкурстун катышуучусу деп таануу жөнүндө же ушул Тартиптин 12-пунктунда каралган негиздер боюнча талапкерди конкурска катыштыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Конкурстук комиссия конкурска катышууга арыздарды кароо протоколун тариздейт, ага катышып отурган бардык мүчөлөрү кол коюшат жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
28. Конкурска катышууга киргизилбеген талапкерлерге конкурстук комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө конкурска катышууга берилген арыздарды кароо протоколуна кол коюлган күндөн кийин бир иш күндөн кечиктирилбей билдирүү жөнөтүлөт.
29. Эгерде бир гана талапкер конкурстун катышуучусу деп таанылса, конкурстук комиссия конкурска катышууга берилген арыздарды кароо протоколуна кол коюлган күндөн кийин үч иш күндүн ичинде ошол талапкерге конкурстук комиссиянын курамына кирген мамлекеттик турак жай фондундагы көп батирлүү үйдү башкаруу келишиминин долбоорун өткөрүп берет.
30. Көп батирлүү үйдү башкаруу келишими (мындан ары - келишим) конкурстук документтерде көрсөтүлгөн жумуштардын жана кызматтардын тизмегин аткаруу шарты менен түзүлөт.
31. Эгерде арыздарды кароонун жыйынтыгынын негизинде бардык талапкерлерди конкурска катыштыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса, конкурсту уюштуруучу бир жарым айдын ичинде ушул Тартипке ылайык жаңы конкурс өткөрөт.
32. Конкурс конкурстук комиссия конкурска катышуучунун аталышын, жумуштар жана кызматтар үчүн акынын өлчөмүн жарыялоо менен башталат.
33. Конкурстун катышуучулары жумуштардын жана кызматтардын жалпы наркы боюнча сунуштарды беришет.
34. Конкурстун жеңүүчүсү деп жумуштардын жана кызматтардын түрлөрү боюнча арзан баада көбүрөөк сунуш киргизген катышуучу таанылат.
35. Конкурстун катышуучусу конкурстун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанууга укуктуу.
36. Конкурстук комиссиянын чечими боюнча беш иш күндүн ичинде конкурстун жеңүүчүсүнө конкурстук комиссия тарабынан кол коюлган протокол берилет, анын негизинде он күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу орган менен башкаруучу уюмдун (же башкаруучунун) ортосунда келишим түзүлөт.
37. Башкаруучу уюмду тандоо боюнча ачык конкурс өткөрүүнүн чыгымын ыйгарым укуктуу орган көтөрөт.
38. Ыйгарым укуктуу орган жумуштардын жана кызматтардын тизмегине ылайык жумуштардын жана кызматтардын ар биринин эсептешүү наркын өз алдынча аныктайт.
39. Келишим башкаруучу уюм менен бир документти жазуу түрүндө түзүү аркылуу тараптар кол коюшкан эки нускада түзүлөт.
40. Башкаруу келишими бир жылдан кем эмес жана үч жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт.
41. Мамлекеттик турак жай фондундагы көп батирлүү үйдүн техникалык документтери жана көп батирлүү үйдү башкарууга байланышкан башка документтер келишим түзүлгөн күндөн тартып он күндөн кеч эмес убакта башкаруу уюмуна өткөрүп берилиши керек.
42. Өткөрүп берилүүчү документтер өткөрүп берилүү учурунда көп батирлүү үйдүн курамы жана абалы жөнүндө актуалдуу маалыматтарды камтышы керек.
43. Өткөрүп берүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча ишке ашырылат, ал анын түзүлгөн күнү жана орду жөнүндө маалыматта жана өткөрүп берилүүчү документтердин тизмегин камтышы керек.
44. Көп батирлүү үйдүн өткөрүп берилүүчү техникалык документтеринин жана ушул үйдү башкарууга байланышкан башка документтердин сандык жана (же) сапаттык курамы боюнча пикир келишпестиктер кабыл алуу-өткөрүп берүү актысында чагылдырылат.
45. Келишим бузулганда (токтогондо) көп батирлүү үйдүн техникалык документтери жана көп батирлүү үйдү башкарууга байланышкан башка документтер беш иш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берилиши керек.
46. Башкаруучу уюм көп батирлүү үйдү башкаруу боюнча милдеттерин аткарууга башкаруу келишими түзүлгөн күндөн тартып он беш күндөн кечикпей киришет.
47. Ыйгарым укуктуу орган башкаруучу уюмдун ишин төмөнкүлөр аркылуу контролдойт:
- башкаруучу уюмдан көрсөтүлгөн кызматтардын жана (же) аткарылган жумуштардын тизмектери, көлөмдөрү, сапаты жана мезгил аралыгы жөнүндө маалымат (кайрылгандан кийин беш иш күндөн кеч эмес) алуу;
- кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу көлөмдөрүн, сапатын жана мезгил аралыгын текшерүү (анын ичинде тийиштүү экспертиза жүргүзүү жолу менен);
- башкаруучу уюмдан аныкталган кемчиликтерди жоюуну талап кылуу, алардын өз убагында жана толук жоюлганын текшерүү.
48. Башкаруучу уюм ыйгарым укуктуу орган менен башкаруучу уюмдун ортосундагы түзүлгөн келишимге ылайык көп батирлүү үйлөрдү күтүү жана оңдоо боюнча милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
|
| Мамлекеттик турак жай фондундагы көп батирлүү үйдү башкаруунун тартибине 1-тиркеме |
Көп батирлүү үйдү талаптагыдай күтүүнү камсыздоо үчүн керектүү кызматтардын жана жумуштардын ТИЗМЕГИ
1. Көп батирлүү үйдүн тирөөч жана тирөөч эмес конструкцияларын талаптагыдай күтүү үчүн керектүү жумуштар
1. Түрдүү пайдубалдарга карата аткарылуучу жумуштар:
- имараттын айланасындаш аймакты тигинен пландаштыруу параметрлеринин долбоордогу параметрлерге туура келишин текшерүү. Аныкталган кемчиликтерди жоюу;
- конструкциялардын көрүнгөн бөлүктөрүнүн техникалык абалын төмөнкүлөрдү аныктоо менен текшерүү:
пайдубалдын бардык түрлөрүнүн текши эмес чөгүүсүнүн белгилери;
арматуралардын дат басышы, сыйрылуусу, жаракадан көөп кетүүсү, пайдубалы бетон, темир-бетон жана таш үйлөрдүн вертикалдан кыйшаюсу;
түркүк же жыгач мамы пайдубалдуу үйлөрдө жыгачтан турган негиздеринин чириши жана жарым-жартылай бузулушу;
- кемчиликтер аныкталса - бузулуу табылган жерде контролдук шурфтарды иштеп чыгуу, бузулуунун себебин кылдат изилдөө жана конструкциянын эксплуатациялык сапаттарын кайра калыбына келтирүү боюнча иш-чаралардын планын түзүү;
- пайдубалдын нымдан изоляциялоо абалын жана суу кетүүчү системасын текшерүү. Кемчиликтер аныкталса, алардын ишке жарактуулугун калыбына келтирүү.
2. Жертөлөсү бар имараттарда аткарылуучу жумуштар:
- жер төлө жайлардын температура-нымдуулук шарттамын текшерүү, кемчиликтер табылганда - анын себептерин жоюу;
- жер төлө жайлардын, жер төлөгө кире бериштердин жана мамылардын абалын текшерүү, андай жайларды суу капташын, булганышын жана акыр-чикир толуп кетишин болтурбоочу, ошондой эле долбоордун талаптарына ылайык желдеп турушун камсыздоочу чараларды көрүү;
- жер төлөлөрдүн жана техникалык подполдордун каалгаларынын, аларды бекитүүчү жабдыктардын абалын текшерүү. Аныкталган бузуктарды жоюу.
3. Көп батирлүү үйлөрдүн дубалдарын талаптагыдай күтүү үчүн аткарылуучу жумуштар:
- эксплуатациялоонун долбоордун шарттарына туура келбегендигин, конструкциялык чечимди санкциясыз өзгөртүүнү, тирөөч бөлүктөрүнүн туруктуулугу азайганын, деформациянын белгилерин, жылуулук сактоочу касиеттери бузулушун, имараттан цоколдук бөлүгү менен дубалдарынын ортосундагы гидроизоляциянын, суу өтүүчү жабдуулардын бузуктарын аныктоо;
- арматуралар жана туташтыруучу тетиктер коюлган жерлерде дат басууну, деформацияны жана жаракаларды, ички туура дубалдардын сырткы тирөөч панелдерден жана чоң өлчөмдөгү блоктордон жасалган дубалдар менен туташкан жерлериндеги жаракаларды аныктоо;
- дубалдын кирпичтериндеги мандемдерди, жаракалардын бар экендигин жана алардын кандай экендигин, шамалдан бузулушун, дубалдын кыйшаюусун жана айрым жерлериндеги көөп кеткендигин, майда блоктордон, дубалы жасалма жана табигый таштардан тургузулган үйлөрдө айрым конструкциялардын ортосундагы байланыштын бузулушун аныктоо;
- кемчиликтер жана бузуктар аныкталганда - дубалдарды инструменттер менен изилдөө, эксплуатациялоонун долбоордогу шарттарын калыбына келтирүү боюнча иш-чаралардын планын түзүү жана аны аткаруу.
4. Көп батирлүү үйлөрдүн кабаттарынын жабууларын жана каптоолорун талаптагыдай күтүү үчүн аткарылуучу жумуштар:
- эксплуатациялоонун долбоордогу шарттары бузулгандыгын, конструкциялык чечимдин санкциясыз өзгөртүлгөнүн, ийилген, жарака кеткен жана кыймылдап калган белгилерин аныктоо;
- кабат аралыгындагы жабуулары монолит темир бетондон, ошондой эле курама темир-бетон такталардан жасалган үйлөрдө жабуунун өзүндө жана дубалга туташкан жерлеринде жаракаларды, бетондун коргоочу катмарынын үбөлөнүшүн жана арматуранын ачылып калышын, дат баскандыгын аныктоо;
- курама темир-бетон жабуулары жана каптоолору бар үйлөрдө плиталардагы жаракаларды, плиталардын бири-бирине карата бийиктиги боюнча жылышып кетүүсүн, туташкан жерлериндеги тегиздөөчү шыбагынын түшүп калганын, плиталардын дубалга таянган жерлеринде суу өткөндүктүн жана суукка тоңгондуктун белгилерин, бетондун коргоочу катмарынын үбөлөнүшүн жана арматуранын көрүнүп калгандыгын аныктоо;
- үйдүн кирпич тирөөчтөрдөн курулган төбөсүндөгү жаракаларды, алардын мүнөзүн жана чоңдугун, коюлган кирпичтердин абалынын өзгөрүшүн, устундарындагы коррозияны аныктоо;
- үстүңкү жабуусу жана каптоолору жыгачтан курулган үйлөрдө жабуунун кыймылдуулугун, шыбагында жаракалардын бар экендигин, жараканын кандай экендигин жана чоңдугун жыгач тирөөчтөрдүн жана алар таянган жерлердин бүтүндүгүн, шыпта суу өткөндүктүн белгилерин, жабуунун үстүндөгү жылуулачу катмардын тыгыздыгын жана нымдуулугун, жыгач элементтердин чиришин жана курт жегендигин аныктоо;
- жабуунун жылуулук кармоочу, нымдан сактоону, үндү тосуучу катмарларынын абалын, бети сыйрылбагандыгын аныктоо;
- кемчиликтер жана бузуктар аныкталса - калыбына келтирүүчү жумуштардын планын түзүү (зарыл болсо) жана ал жумуштарды аткаруу.
5. Көп батирлүү үйлөрдүн колонналарын жана мамыларын талаптагыдай күтүү максатында аткарылуучу жумуштар:
- эксплуатациялоонун долбоордогу шарттары бузулгандыгын, конструкциялык чечимдин санкциясыз өзгөртүлгөнүн, туруктуулугу жоголгонун, жарака кеткенин, анын мүнөзүн жана чоңдугун, вертикалдан четтегенин аныктоо;
- курама жана монолит темир-бетон үйлөрдө арматуранын жана арматура тордун абалын контролдоо жана коррозиясын, бетондун коргоочу катмарынын сыйрылганын, арматура жылаңачтанганын жана бетондун жабышуусу бузулганын, бетондун терең жарылып кеткен жерлерин аныктоо;
- мамылары кирпичтен тургузулган үйлөрдө кирпичтин бузулганын же түшүп калганын, болот байламталардын жана анкерлердин үзүлгөнүн же чыгып калгандыгын, устундардын жана перемычкалардын алдындагы кирпичтин бузулганын, таштын майдаланып калгандыгын же кирпичтин катарларынын горизонт байлоолору боюнча жылышкандыгын аныктоо;
- жыгач түркүктүү үйлөрдө жыгачтын чиригенин, жыгачты бузуучу грибоктор жана жыгачты жечү коңуздар тешкенин, жыгачтын катмарланган жаракаларын, сынганын аныктоо;
- курама жана монолит темир-бетон үйлөрдө металл туташтыргычтардын абалын контролдоо;
- бузуктар жана кемчиликтер аныкталса - калыбына келтирүү жумуштарынын планын түзүү (зарыл болсо) жана калыбына келтирүүчү жумуштарды аткаруу.
6. Көп батирлүү үйдүн кабаттарындагы жабуулардын жана каптоолордун устундарын (ригельдерин) талаптагыдай күтүү максатында аткарылуучу жумуштар:
- эксплуатациялоонун абалын жана долбоордогу шарттардын бузулгандыгын, ийилгендигин, бошогон жана жарака кеткен жерлерин аныктоо;
- монолит жана курама темир-бетондон жабуучу устундары жана каптоолору бар көп кабаттуу үйлөрдө бетондун сыртындагы коргоочу катмары бузулганын, арматура жылаңачтанып калганын жана дат басканын, бетондун чоң сыныктарын жана кетилип калган жерлерин аныктоо;
- болот жабуучу устундары жана каптоолору бар көп кабаттуу үйлөрдө тирөөч элементтердин туташкан жерлерин азаюу менен дат баскандыгын, конструкциялардын туруктуулугу азайгандыгын (дубалдардын жана устундардын капталдарынын көөп чыккандыгын), элементтердин негизги материалындагы жаракаларды аныктоо;
- жыгач устундардын нымдашканын жана чиригенин, дубалга коюлган устундардын жылуулагычтары бузулганын, бутактуу жерлери үзүлүп же ажырап ачылып кеткендигин, туташкан жерлериндеги жаракаларды аныктоо;
- бузуктар жана кемчиликтер аныкталса - калыбына келтирүү жумуштарынын планын түзүү (зарыл болсо) жана калыбына келтирүүчү жумуштарды аткаруу.
7. Көп батирлүү үйдүн чатырын талаптагыдай күтүү максатында аткарылуучу жумуштар:
- чатырдын үстүнөн суу кирбегендигин текшерүү;
- чагылгандан коргоочу түзүлүштөрдү, мачталардын жана чатыр үстүндөгү башка жабдуулардын жердештирилгенин текшерүү:
- чатырдын тирөөч конструкцияларынын деформациясын жана бузулбаганын, антисептикалык жана өрткө каршы коргогучун, чатырдын тирөөчү бөлүктөрүнүн бекиткичтерин, суу кетиргич түзүлүштөрүн жана жабдууларын, угуу үчүн арналган терезелерин, чатырга чыгуучу жолдорун, чатырдагы басуучу тактайларды жана өтүүчү көпүрөлөрдү, чөгүүчү жана температуралык туташуучу жерлерин, ички суу агызгычтын суу кирүүчү воронкаларын текшерүү;
- эксплуатацияланып жаткан чатырларда тосуучу бетон плиталардын, тосмолордун абалын, дренаж катмардын чыпкалоого жарактуулугун, темир-бетон коробдордун таяныч орундарын жана башка элементтердин абалын текшерүү;
- чатырдагы температуралык-нымдуулук режимди жана абанын алмашуусун текшерүү;
- катмарланган муздун жана салаңдаган муздун тоңуп туруп калышын болтурбоочу жабдуулардын же түзүлүштөрдүн абалын текшерүү;
- сырттагы аба узакка суук болуп үйдүн жабуусу тоңуп калышы мүмкүн болгон кездерде нормативдик талаптарга ылайык эксплуатациялоону камсыздоо үчүн айкалыштырылган (чатырсыз) жабылган үйлөрдүн үстүңкү кабаттарын текшерип кароо;
- суу агып кетүүчү жабдууларды текшерип, зарыл болсо жамгырдын жана кардын суулары агып кетүүсүнө тоскоол болгон акыр-чикирден, кирден жана муздан тазалоо;
- чатырга текшерип карап, зарыл болсо чогулган кардан жана муздан тазалоо;
- металл элементтерди текшерип карап, зарыл болсо коргоочу сырдалган катмарын калыбына келтирүү, чатырдын металл бекиткичтерин дат басууга каршы коргоочу сырлар жана кошулмалар менен сырдоо;
- чатырлардын жабууларын бириктирүүнүн балласт ыкмасындагы эластомер же термопластик мембраналар үчүн төшөлүүчү коргоочу катмарды текшерүүгө жана зарыл болсо калыбына келтирүү;
- эластамер жана термопластик материалдардан жасалган чатырдын жабууларындагы киши басуучу зонасында жолдорду текшерүү жана зарыл болсо калыбына келтирүү;
- чатырдагы болот байламталардын жана техникалык жайлардагы металл деталлдардын дат басууга каршы жабуусун текшерүү жана зарыл болсо калыбына келтирүү;
- тамчы өтүшүнө алып келген бузуктар бар болсо аларды дароо оңдоо. Калган учурларда - калыбына келтирүү жумуштарынын планын түзүү (зарыл болсо) жана калыбына келтирүүчү жумуштарды аткаруу.
8. Көп батирлүү үйлөрдүн тепкичтерин талаптагыдай күтүү максатында аткарылуучу жумуштар:
- тирөөч конструкциялардагы деформацияларды жана бузуктарды, тосмолордун бекемдигин, тепкичтердеги омурулуп жана кетилип калган жерлерди аныктоо;
- темир-бетон тепкичтүү үйлөрдө тепкич плиталардын тирөөч конструкциялар менен туташкан жерлеринде жаракаларды жана жараканын параметрлерин, арматуранын жылаңачтанганын жана дат басканын, тепкичтердеги байланыштардын бузулганын аныктоо;
- металл косоурдуу үйлөрдө косоурларын ийилгенин, косоурдун аянтча менен байланышындагы бузуктарды, металл конструкциялардагы дат басууну аныктоо;
- жыгач тепкичтүү үйлөрдө тирөөч конструкциялардын ийилгенин, тепкич аянтчаларды тосуучу коолордун түркүккө бекитилишиндеги бузуктарды, тепкичтин конструкциясындагы оюктардын бузулганын, ошондой эле чириктин жана жыгачты жечү коңуздардын жоктугун аныктоо;
- бузуктар жана кемчиликтер аныкталса калыбына келтирүү жумуштарынын планын түзүү (зарыл болсо) жана калыбына келтирүүчү жумуштарды аткаруу;
- металл косоурдагы тепкичтүү үйлөрдө косоурдун абалын текшерип жана зарыл болсо шыбагын калыбына келтирүү же отко туруктуулугун бир саатка чейин камсыздоочу сыр менен сырдоо;
- жыгач тепкичтүү үйдө жыгачтардын абалын текшерүү жана бетине антисептик жана антиперен кошулмаларды шыбоо.
9. Көп батирлүү үйдүн сырткы фасадын талаптагыдай күтүү максатында аткарылуучу жумуштар:
- фасаддын жана анын башка элементтеринин жасалгасындагы бузуктарды, жасалга катмарлардын дубал менен байланышындагы бошоңдоолорду, сырттагы суу түшкүчтөрдүн туташтыгы жана жылчыксыздыгы бузулбаганын аныктоо;
- үйдүн маалыматтык белгилеринин (үйдүн белгилери ж.б.), кире бериштин жарык кылынышын контролдоо;
- балкондогу, лоджиядагы жана кырбудагы тирөөч конструкциялардын, металл тосмолордун элементтериндеги бузуктарды жана эксплуатациялык сапаттарын аныктоо;
- имаратка, подвалдарга кире бериштин үстүндөгү жана балкондун үстүндөгү жабуунун жана зонттордун абалын контролдоо жана айрым элементтерин калыбына келтирүү же алмаштыруу;
- кирүүчү эшиктердин жакшы жабылышын, өзү жабылуучу түзүлүштөрдүн (тартып тургучтар, пружиналар), каалганын ачылышын чектегичтердин абалын контролдоо жана калыбына келтирүү;
- бузуктар жана кемчиликтер аныкталса калыбына келтирүү жумуштарынын планын түзүү (зарыл болсо) жана калыбына келтирүүчү жумуштарды аткаруу.
10. Көп батирлүү үйдүн ичиндеги бөлүп туруучу дубалдарды талаптагыдай күтүү максатында аткарылуучу жумуштар:
- үйдүн ичиндеги бөлүп туруучу дубалдардын бири-бири менен жана капиталдык дубалдар, жабуулар, жылытуучу панелдер, каалганын коробкалары менен туташкан жерлерин, санитардык-техникалык приборлор орнотулган жана ар кандай түтүктөр өткөн жерлеринде бошоо, жаракалар, көөп калуу жок экендигин аныктоо;
- үн изоляциясын жана өрттөн корголушун текшерүү;
- бузуктар жана кемчиликтер аныкталса калыбына келтирүү жумуштарынын планын түзүү (зарыл болсо) жана калыбына келтирүүчү жумуштарды аткаруу.
11. Көп батирлүү үйдүн ички жасалгасын талаптагыдай күтүү максатында аткарылуучу жумуштар:
- ички жасалгалардын абалын текшерүү. Жасалга катмарларынын түшүп калуу коркунучу бар болсо же жасалгалардын тирөөч конструкцияларга жана инженердик жабдууларга карата коргоочу касиеттери бузулган болсо - аныкталган кемчиликтерди жоюу.
12. Көп батирлүү үйдүн астанасын талаптагыдай күтүү максатында аткарылуучу жумуштар:
- астынын, үстүңкү катмарынын абалын, вентиляция системасынын иштөө жөндөмдүүлүгүн текшерүү (жыгач астаналар үчүн).
- бузуктар жана кемчиликтер аныкталса калыбына келтирүү жумуштарынын планын түзүү (зарыл болсо) жана калыбына келтирүүчү жумуштарды аткаруу.
13. Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүнө тиешелүү болгон терезелерди жана эшиктерди талаптагыдай күтүү максатында аткарылуучу жумуштар:
- көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүнө тиешелүү болгон терезелердин жана эшиктердин бүтүндүгүн, жылчыксыз жабылуусун, фурнитура элементтеринин механикалык бекемдигин жана ишке жарактуулугун текшерүү;
- жылуулук берүү мезгилинде бузуктар аныкталса дароо оңдоо. Калган учурларда калыбына келтирүү жумуштарынын планын түзүү (зарыл болсо) жана калыбына келтирүүчү жумуштарды аткаруу.
2. Көп батирлүү үйдүн жабдууларын-жана инженердик-техникалык камсыздоо тутумун талаптагыдай күтүү үчүн зарыл жумуштар
14. Көп батирлүү үйдүн таштанды төккүч түтүктөрүн талаптагыдай күтүү максатында аткарылуучу жумуштар:
- таштанды төккүч түтүктүн техникалык абалын жана элементтеринин ишке жарактуулугун текшерүү;
- толуп тыгылып калган учурларда аларды токтоосуз тазалоо;
- таштанды төккүч түтүктүн төгүүчү жериндеги клапандарын, таштанды чогулуучу камераны жана жабдууларын тазалап, жууп жана дезинфекциялоо;
- бузуктар жана кемчиликтер аныкталса калыбына келтирүү жумуштарынын планын түзүү (зарыл болсо) жана калыбына келтирүүчү жумуштарды аткаруу.
15. Көп батирлүү үйдүн желдетүү жана түтүн чыгаруучу тутумдарын талаптагыдай күтүү максатында аткарылуучу жумуштар:
- желдетүү жана түтүн чыгаруу тутумдарынын жабдууларын техникалык тейлөө жана сезондук башкаруу, жабдуулардын жана тутумдун элементтеринин ишке жарактуулугун аныктоо;
- желдетүүчү түзүлүштүн абалын контролдоо, ал иштеген учурда жол берилгис титирөө жана шуулдоо болгон себептерин аныктап жана оңдоо;
- чатырларды жылуулоонун абалын, ал жакка кирүүчү эшиктердин жылчыксыз жабылуусун текшерүү;
- желдетүүчү каналдардагы жана шахталардагы жылчыктарды бүтөө, каналдардагы тыгылып калгандарды тазалап, абаны соруп чыгаруучу шахталардагы шиберлердин жана дрюссель-клапандардын, шахтанын үстүндөгү зонттордун жана дефлекторлордун бузуктарын оңдоо, аба соргучтун жараксыз болгон торчолорун жана алардын бекитүүлөрүн алмаштыруу;
- салкындатуу тутумунун оңдугун текшерүү, техникалык тейлөө жана оңдоо;
- түтүндү автоматтык түрдө чыгаруу тутумун контролдоо жана оң болушун камсыздоо;
- калориферди аба келүүчү жагын сезондук ачуу жана жабуу;
- металл аба соруучу каналдардын, түпкүчтөрдүн жана дефлектордун абалын контролдоо жана дат басууга каршы сырын калыбына келтирүү;
- бузуктар жана кемчиликтер аныкталса калыбына келтирүү жумуштарынын планын түзүү (зарыл болсо) жана калыбына келтирүүчү жумуштарды аткаруу.
16. Көп батирлүү үйдөгү мештерди, каминдерди жана очокторду күтүү боюнча аткарылуучу жумуштар:
мештердин, каминдердин жана очоктордун морлорунун конструкциялары бүтүн экендигин аныктоо;
мештердин, каминдердин жана очоктордун өрт коопсуздугунун талаптарынын бузулушуна жана газ чыгышына, ошондой эле морлордун (түтүн чыккычтардын) баштарына муз тоңушуна алып келүүчү бузуктарын оңдоо;
мештердин кернейлерин жана морлорун көөдөн тазалоо;
морлордогу бүтөлүп калган жерлерин оңдоо.
17. Көп батирлүү үйдүн жеке жылытуучу пункттарынын суу чыгаргычтарын талаптагыдай күтүү максатында аткарылуучу жумуштар:
- көп батирлүү үйдөгү жеке жылытуучу пункттарда жана суу чыгаргычтарда жабдуулардын оңдугун жана ишке жарактуулугун текшерүү, жөнгө салуучу жана оңдоо жумуштарын аткаруу;
- жылуулук бергичтин жана суунун параметрлерин (басымын, температурасын, сарпталышын) такай контролдоо, жылытуунун жана суу менен камсыздоонун керектүү параметрлерин, жабдуулардын жылчыксыздыгын калыбына келтирүү үчүн токтоосуз чара көрүү;
- жекече жылытуучу пункттардын жана суу чыгаргычтардын жабдууларын гидравликалык жана жылытуу жагынан текшерүү;
- дат, кеберлерди кетирүү үчүн жылуулук берүүчү жабдууларды тазалоо боюнча жумуштар;
- ысык суу менен камсыздоо тутуму үчүн сууну даярдоочу жабдуулардын ишке жарактуулугун текшерүү жана тейлөө. Бузуктар жана кемчиликтер аныкталса калыбына келтирүү жумуштарынын планын түзүү (зарыл болсо) жана калыбына келтирүүчү жумуштарды аткаруу.
18. Көп батирлүү үйдүн суу менен камсыздоо (муздак жана ысык), жылытуу жана суу чыгаруу тутумдарын талаптагыдай күтүү максатында аткарылуучу жумуштар:
- насостордун, тирөөч арматуралардын, өлчөөчү-контролдоочу приборлордун, автоматтык жөнгө салгычтардын жана түзүлүштөрдүн, жамааттык (жалпы үйдөгү) эсептегич приборлордун, кеңейтүүчү челектерди жана бөтөн көзгө көрүнбөчү элементтердин (чатырдагы, жертөлөдөгү жана каналдардагы өткөргүч түтүктөрдү жана жабдууларды) бузук эместигин, ишке жарактуулугун текшерүү, жөнгө салуу жана техникалык тейлөө;
- жылуулук бергичтин жана суунун параметрлерин (басымын, температурасын, сарпталышын) такай контролдоо, жылытуу жана суу менен камсыздоо тутумдарынын керектүү параметрлерин жана жылчыксыздыгын калыбына келтирүү үчүн токтоосуз чара көрүү;
- өлчөөчү-контролдоочу приборлордун (манометрлердин, термометрлердин ж.б.) абалын такай контролдоп, бузуктарын алмаштыруу;
- жабдуулардын жана жылытуучу приборлордун, сууну бөлүштүрүүчү приборлордун (аралаштыргычтар, чорголор ж.б.) ишке жарактуулугун калыбына келтирүү;
- өткөргүч түтүктөрдүн жана туташтыруучу элементтердин абалын контролдоо, жылчыксыздыгы бузулган учурда токтоосуз калыбына келтирүү;
- ички канализациянын, канализациялык соргучтардын элементтеринин, ички суу жолдорунун, дренаждык тутумдун жана короодогу канализациянын абалын контролдоо, бузук болсо калыбына келтирүү;
- ички суу жолдорун, ички суу жолунун гидравликалык бекиткичин натыйжалуу эксплуатациялоо максатында иштөө режимин которуштуруп туруу;
- суу түтүктөрүндө жасалган оңдоо-куруу жумуштарынан кийин ал жерлерди жууп тазалоо;
- суу челектерин жууп тазалоо;
- ошол жердеги тазалагыч курулмаларды (скептиктерди) жана короодогу ажатканаларды текшерүү жана ишке жарактуулугун камсыздоо;
- кеберди жана датты кетирүү үчүн суу менен камсыздоо тутумун жууп тазалоо.
19. Көп батирлүү үйдүн жылуулук менен камсыздоо тутумун (жылуулук берүү, ысык суу менен камсыздоо) талаптагыдай күтүү максатында аткарылуучу жумуштар:
- жылуулук берүү тутумунун туташтырылган жерлеринин бекемдигин жана тыгыздыгын текшерүү (гидравликалык сыноолор), жылуулук берүү тутумун жууп тазалоо жана жөнгө салуу;
- текшерүүчү сынамык иштер (текшерип жылытуу);
- жылуулук берүү тутумундагы абаны чыгаруу;
- кеберди, датты кетирүү үчүн борбордоштурулган жылуулук берүү тутумун жууп тазалоо.
20. Көп батирлүү үйдөгү электр жабдууларын, радио жана телекоммуникациялык жабдууларды талаптагыдай күтүү максатында аткарылуучу жумуштар:
- электр кабелдин, жабдууларды (насосторду, щит вентиляторлор ж.б.) жердештирилгенин текшерүү, проводдордун, өткөргүч түтүктөрдүн изоляциясынын туруктуулугун өлчөө жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жердештирүү тутумдарын калыбына келтирүү;
- коргоочу өчүрүү жабдыктарын текшерүү жана ишке жарактуулугун камсыздоо;
- күч келүүчү жана жарык кылуучу түзүлүштөрдү, түтүндөн арылтуу системасынын электрдик жабдууларын, өрткө каршы автоматтык сигнализация системасын, ички өрт өчүрүүчү суу түтүктөрүн, лифттерди, котельныйлардын, бойлердин, жылытуу пункттарынын автоматташтыруучу түзүлүштөрүн, чагылгандан коргоо элементтерин жана үй ичиндеги электр тармактарын техникалык тейлөө жана оңдоо, жамааттык щиттерде жана бөлүштүрүүчү шкафтарда клеммаларды жана туташууларды тазалоо, электр жабдууларын жөнгө салуу;
- датчиктерди, проводдорду жана өрттөн сактоо сигнализациясынын абалын текшерүү жана жараксыз болуп калгандарын алмаштыруу.
21. Көп батирлүү үйдүн ичиндеги газ жабдуулар тутумун талаптагыдай күтүү максатында аткарылуучу жумуштар:
- үй ичиндеги газ жабдуулар тутумунун жана анын башка элементтеринин абалын текшерүүнү уюштуруу;
- имараттын ичинде газ канча экенин контролдоо тутумун техникалык тейлөөнү жана оңдоону уюштуруу;
- үй ичиндеги газ жабдууларында, түтүндөн арылтуу жана желдетүү тутумдарында имаратта газ топтолуп калышына алып келүүчү кемчиликтер жана бузуктар аныкталган учурда - аларды оңдоо боюнча жумуштарды уюштуруу.
22. Көп батирлүү үйдүн лифттерин талаптагыдай күтүү максатында аткарылган жумуштар:
- диспетчердик контроль тутумун уюштуруу жана лифттин кабинасы менен диспетчердик байланышты камсыздоо;
- лифтти (лифттерди) байкоого алууну, техникалык тейлөөнү жана оңдоону камсыздоо;
- лифтти (лифттерди) авариялык тейлөөнү жүргүзүүнү камсыздоо;
- жабдуу элементтерин алмаштыргандан кийин лифтти (лифттерди) техникалык күбөлөндүрүүнү камсыздоо.
3. Көп батирлүү үйдүн жалпы пайдаланылуучу жайларын күтүү боюнча жумуштар жана кызматтар
23. Көп батирлүү үйдөгү жалпы пайдаланылуучу жайларды күтүү боюнча жумуштар:
- тамбурларды, холлдорду, коридорлорду, галереяларды, лифт аянтчаларын, лифт холлду жана кабиналарын, тепкич аянтчаларын, марштарды, пандустарды кургак тазалоо жана жууп тазалоо;
- терезе текчелерин, терезе торлорун, тепкичтин перилаларын, токту аз жеген түзүлүштөрдүн электр эсептегич шкафтарын, почта жашиктерин, эшиктин коробкаларын, каалгаларды, эшикти автоматтык жапкычтарды суулап сүртүү;
- терезелерди жууш;
- тосуучу тутумдарды (темир торлорду, приямокторду, текстиль маттарды) кирден тазалоо;
- көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүнүн курамына кирген жайларды дератизациялоо жана дезинфекциялоо, ошол үй турган жер участогундагы скептиктерди, короодогу ажатканаларды дезинфекциялоо.
24. Көп батирлүү үйгө жайгашкан жер участогун (үйдүн аймагын) жашылдандыруу элементтери жана ошол үйдү жылдын суук мезгилинде тейлөө жана эксплуатациялоо үчүн абаттоонун башка объекттери менен жабдуу боюнча жумуштар:
- кудуктардын люгунун капкактарын жана өрткө каршы гидранттарды калыңдыгы 5 см ашык кардан жана муздан тазалоо;
- жаңы жааган кардын калыңдыгы 5 см ашса үйдүн айланасындагы карды күрөө жана муздан тазалоо;
- көп батирлүү үйдүн тегерегин күрткүдөн тазалоо (же кар жок жерлерин шыпыруу);
- үйдүн тегерегин муздан тазалоо;
- көп батирлүү үйдүн кире беришине коюлган урналардагы таштандыларды чыгаруу, контейнер аянттарын тазалоо;
- үйгө кире бериштеги кырбуну жана эшиктин алдын тазалоо.
25. Үй тегерегиндеги аймакты жылдын жылуу мезгилинде күтүү боюнча жумуштар;
- үйдүн тегерегиндеги аймакты шыпырып тазалоо;
- көп батирлүү үйдүн кире беришиндеги урналарды таштандыдан тазалап жууп, контейнер аянтын тазалоо;
- газондорду оруп тазалоо;
- жаандын суусу кетүүчү канализацияны тазалоо;
- үйгө кире бериштеги кырбуну жана эшиктин алдын, темир торлорду жана приямокту тазалоо.
26. Тиричиликтин таштандыларын, анын ичинде суюк калдыктарды ташып чыгарууну камсыздоо боюнча жумуштар:
- үйдүн аймагындагы ажатканалардагы суюк тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу;
- үйдүн аймагындагы септиктеги тиричиликтин саркынды сууларын ташып чыгаруу;
- тиричилик таштандыларын чогултуучу орунду уюштуруу, I-IV класстагы коркунучу бар таштандыларды (курамында сымап бар иштетилип бүткөн лампалар ж.б.) чогултуу жана аларды ушундай таштандыларды жыйноо, пайдалануу, зыянсыздандыруу ташуу жана жайгаштыруу боюнча иштөөгө лицензиясы бар адистештирилген уюмдарга өткөрүп берүү.
27. Өрт коопсуздугунун талаптарын камсыздоо боюнча жумуштар - өрт тепкичтерин, өткөөлдөрүн, чыгуучу жерлерин, авариялык жарык берүү, өрт өчүрүү, сигнализация, өрткө каршы суу камдоо тутумдарын, өрттөн сактануу, түтүндөн сактануу каражаттарын текшерип кароо жана ишке жарактуулугун камсыздоо.
28. Көп батирлүү үйдө үй ичиндеги инженердик тутумдардагы аварияларды белгиленген мөөнөттүн ичинде тез арада жоюуну, элдин арыздарын аткарууну камсыздоо.
|
| Мамлекеттик турак жай фондундагы көп батирлүү үйдү башкаруунун тартибине 2-тиркеме |
Форма
Конкурстун объекти болуп саналган көп батирлүү үйдүн абалы жөнүндө АКТ
Көп батирлүү үй жөнүндө жалпы маалымат
№ | Аталышы | Маалымат |
1 | Көп кабаттуу үйдүн дареги |
|
2 | Көп кабаттуу үйдүн кадастрдык номери (эгер болсо) - инвентардык номери |
|
3 | Сериясы, курулуштун тиби |
|
4 | Курулган жылы |
|
5 | Акыркы капиталдык ремонт болгон жыл |
|
6 | Кабаттардын саны |
|
7 | Жертөлө барбы |
|
8 | Цоколдук кабаты барбы |
|
9 | Мансарды барбы |
|
10 | Мезонин барбы |
|
11 | Батирлердин саны |
|
12 | Подъезддердин саны |
|
13 | Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүнө кирбеген турак эмес жайлардын саны |
|
14 | Курулуштардын көлөмү |
|
15 | Аянты: |
|
| а) көп батирлүү үйдүкү, лоджиялары, балкондору, коридорлору жана тепкич аянттары менен |
|
| б) турак жайыныкы (батирлердин жалпы аянты) |
|
| в) турак эмес жайлардыкы (көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүнө кирбеген турак эмес жайлардын жалпы аянты) |
|
| г) жалпы пайдалануудагы жайлардыкы (көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүнө кирген турак эмес жайлардын жалпы аянты) |
|
16 | Тепкич марштардын саны |
|
17 | Тепкич аянттардагы жыйнап-тазалоочу аянт |
|
18 | Жалпы коридорлордун жыйнап-тазалоочу аянты |
|
19 | Жалпы пайдалануудагы башка жайлардын жыйнап-тазалоочу аянты (техникалык кабаттар, чатыр, техникалык жертөлө менен кошо) |
|
20 | Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүнө кирген жер участогунун аянты |
|
21 | Жер участогунун кадастрдык номери |
|