КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-октябры № 527
Мамлекеттик турак жай фондундагы көп батирлүү үйдү башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик турак жай фондун эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик турак жай фондундагы көп батирлүү үйдү башкаруунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүңө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |