Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-ноябры № 567
"Эл аралык валюта фондунун Башкаруучулар кеңешинин 2010-жылдын 15-декабрындагы № 66-2 резолюциясы менен кабыл алынган Квоталарды он төртүнчү жалпы кайра кароо жана Аткаруучу кеңештин реформасы жөнүндө Эл аралык валюта фондунун макулдашуу беренелерине карата оңдоону ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Эл аралык валюта фондунун Башкаруучулар кеңешинин 2010-жылдын 15-декабрындагы № 66-2 резолюциясы менен кабыл алынган Квоталарды он төртүнчү жалпы кайра кароо жана Аткаруучу кеңештин реформасы жөнүндө Эл аралык валюта фондунун макулдашуу беренелерине карата оңдоону ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Эл аралык валюта фондунун Башкаруучулар кеңешинин 2010-жылдын 15-декабрындагы № 66-2 резолюциясы менен кабыл алынган Квоталарды он төртүнчү жалпы кайра кароо жана Аткаруучу кеңештин реформасы жөнүндө Эл аралык валюта фондунун макулдашуу беренелерине карата оңдоого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министри жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Эл аралык валюта фондунун Башкаруучулар кеңешинин 2010-жылдын 15-декабрындагы № 66-2 резолюциясы менен кабыл алынган Квоталарды он төртүнчү жалпы кайра кароо жана Аткаруучу кеңештин реформасы жөнүндө Эл аралык валюта фондунун макулдашуу беренелерине карата оңдоону ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Эл аралык валюта фондунун Башкаруучулар кеңешинин 2010-жылдын 15-декабрындагы № 66-2 резолюциясы менен кабыл алынган Квоталарды он төртүнчү жалпы кайра кароо жана Аткаруучу кеңештин реформасы жөнүндө Эл аралык валюта фондунун макулдашуу беренелерине карата оңдоо ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Эл аралык валюта фондундагы квоталарын карыз алуунун атайын укуктарын (КАУ) 88,8 миллиондон 177,6 миллионго чейин жеткирүү менен көбөйтсүн, мында:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
Эл аралык валюта фондунун № 1 эсебин толтурууну эске алуу менен минималдуу калдыкты (квотанын 1 пайызынын ¼ өлчөмүндө) кармап туруу үчүн квоталардын көбөйгөн суммасынын 75 пайызын (башкача айтканда, карыз алуунун атайын укуктарынын (КАУ) 66,6 миллионун) төлөө үчүн улуттук валютадагы жөнөкөй векселди чыгарсын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сактоого өткөрүп берсин;
бөлүштүрүлгөн карыз алуунун атайын укуктарынын (КАУ) пайдаланылган бөлүгүн кайрып берүү үчүн резервдик транштын алкагында квотанын көбөйгөн суммасынын 25 пайызына эквиваленттүү суммада (башкача айтканда, карыз алуунун атайын укуктарынын (КАУ) 22,2 миллионун) карыз алуунун атайын укуктарын (КАУ) сатып алууга төлөө үчүн улуттук валютадагы жөнөкөй векселди чыгарсын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сактоого өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына ыйгарым укуктар берилсин:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсебинде турган бөлүштүрүлгөн карыз алуунун атайын укуктарын (КАУ) пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын атынан квоталарды көбөйтүү суммасынын 25 пайызын (башкача айтканда, карыз алуунун атайын укуктарынын (КАУ) 22,2 миллионун) төлөөгө;
бөлүштүрүлгөн карыз алуунун атайын укуктарынын (КАУ) пайдаланылган бөлүгүн кайтаруу үчүн резервдик транштын алкагында квотанын көбөйгөн суммасынын (башкача айтканда, карыз алуунун атайын укуктарынын (КАУ) 22,2 миллионун) 25 пайызына эквиваленттүү суммада карыз алуунун атайын укуктарын (КАУ) сатып алууга.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы - Эл аралык валюта фондундагы Кыргыз Республикасынын башкаруучусу аталган оңдоонун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык валюта фондуна билдирсин.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 567 токтому менен жактырылган |
Эл аралык валюта фондунун Башкаруучулар кеңешинин 2010-жылдын 15-декабрындагы № 66-2 резолюциясы менен кабыл алынган Квоталарды он төртүнчү жалпы кайра кароо жана Аткаруучу кеңештин реформасы жөнүндө Эл аралык валюта фондунун макулдашуу беренелерине карата оңдоого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Эл аралык валюта фондунун Башкаруучулар кеңешинин 2010-жылдын 15-декабрындагы № 66-2 резолюциясы менен кабыл алынган Квоталарды он төртүнчү жалпы кайра кароо жана Аткаруучу кеңештин реформасы жөнүндө Эл аралык валюта фондунун макулдашуу беренелерине карата оңдоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Кыргыз Республикасы 1992-жылдын 8-майынан тартып карыз алуунун атайын укуктары (мындан ары - КАУ) 43 млн. (63,4 млн. АКШ долларына жакын) түзгөн баштапкы квота менен Эл аралык валюта фондуна (мындан ары - ЭВФ) мүчө болгон. 1995-жылы Кыргызстандын квотасы 64,5 млн. КАУга (95,2 млн. АКШ долларына жакын) чейин жана 1999-жылы - 88,8 млн. КАУга (131,1 млн. АКШ долларына жакын) чейин көбөйгөн.
2010-жылы ЭВФтин директорлор кеңеши ЭВФ макулдашуусунун беренелерине карата өлкөлөрдүн квоталарын 2 эсеге көбөйтүү боюнча оңдоолорду (Resolution № 66-2) кабыл алган. Бул ЭВФтин инвестициялык ыйгарым укуктарын кеңейтүү менен алардын дүйнөлүк экономикада өсүүчү ролун чагылдыруу үчүн рынок түзүлгөн өлкөлөрдүн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн пайдасына көбөйтүү жана мүчөлөрдүн квоталарын кайра бөлүштүрүү боюнча ЭВФ жүргүзгөн реформа менен, ошондой эле ЭВФтин бардык мүчө өлкөлөрү тарабынан шайлануучу Аткаруучу кеңештин түзүмүнө тиешелүү реформа менен байланыштуу. Бул 1998-жылдан берки эң биринчи көлөмдүү көбөйүү болуп саналат.
Ошентип, Кыргыз Республикасы үчүн ЭВФтеги өлкөлөрдүн квоталарын 2 эсеге, 177,6 млн. КАУга чейин көбөйтүү ЭВФтин реформасынын башкы жыйынтыгы болуп калат, мында тийиштүү түрдө мүмкүн болгон карыз каражаттардын өлчөмү 2 эсе көбөйөт. Бул оңдоону ишке ашыруу республикага жыл сайын 177,6 млн. КАУга (же 262,2 млн. АКШ доллары) чейин жеңилдетилген карыз каражаттарын тартуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
Квоталарды төлөө төмөнкүдөй пропорцияда жүргүзүлөт: квотанын 25%ы - КАУ менен (б.а. 22,2 млн. КАУ же 2,2 млрд сом), квотанын 75%ы - улуттук валютада же векселдерди чыгаруу жолу менен (66,6 млн. КАУ же 6,7 млрд сом).
Чет өлкөлүк валютадагы 25%дык квотаны төлөө ЭВФке мүчө мамлекеттерге КАУну бөлүштүрүүнүн алкагында 2009-жылы Кыргыз Республикасы тарабынан алынган жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептеринде активдер жана милдеттенмелер катары эске алынуучу бөлүштүрүлгөн КАУдан ишке ашырылат.
Бөлүштүрүлгөн КАУнун пайдаланылган бөлүгү боюнча жабылбаган чыгымдардын келип чыгуусун болтурбоо максатында чет өлкөлүк валютадагы 25%дык квотаны төлөө үчүн пайдаланылган бөлүштүрүлгөн КАУнун суммасын калыбына келтирүү зарыл. Бөлүштүрүлгөн КАУнун пайдаланылган суммасын калыбына келтирүү улуттук валюта үчүн резервдик транштын алкагында КАУну сатып алуу аркылуу жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги КАУну сатып алууга акы төлөө үчүн улуттук валютадагы векселди чыгарат жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сактоого берет. Ошентип, жыйынтыгында чет өлкөлүк валютадагы 25%дык квотаны төлөө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан улуттук валютадагы векселди чыгаруунун эсебинен жүргүзүлөт.
Квотанын 75%ы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыгаруучу жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сактоого берилүүчү векселдин эсебинен жабылат.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ЭВФтин биринчи талабы боюнча ЭВФтеги квотанын жогоруда аталгандай көбөйүшүнүн алкагында чыгарылган векселдерди инкассациялоо боюнча операцияларды жүргүзөт.
Эгерде ЭВФ жогоруда аталган векселдерди инкассациялоону талап кылса, республикалык бюджеттин чыгымдары болжол менен 8,9 млрд сомду (квотанын 75%ы улуттук валютада же векселдерди чыгаруу жолу менен - 6,7 млрд сом, квотанын 25%ы КАУ менен - 2,2 млрд сом) түзөт.
Кыргыз Республикасынын ЭВФтеги квоталарынын көбөйүшүнө байланыштуу векселдерди чыгаруу жолу менен улуттук валютадагы квоталардын 75%ын төлөөнүн алкагында квотанын эсептеги 1 пайызынын ¼ өлчөмүндөгү минималдуу калдыгын кармап туруу, тактап айтканда 444,444 КАУга чейин көбөйтүү үчүн (азыркы учурда № 1 эсептеги минималдуу калдык 222,222 КАУ) ЭВФтин № 1 эсебиндеги калдыктарын толуктоо зарылдыгы келип чыгат, бул болжол менен 22518086 сомду түзөт. ЭВФтин № 1 эсебин толуктоо көбөйтүлгөн квотанын 75%ын төлөө үчүн чыгарылган векселдердин наркын азайтуу аркылуу ишке ашырылат (болжол менен 22518086 сомго).
Ошентип, Кыргыз Республикасынын ЭВФтеги квоталарынын көбөйүшүнө байланыштуу бардык чыгымдар - 8998236217,00 сом суммасында ЭВФтин талабы боюнча жана зарылчылыкка жараша тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эсебинен жабылат.
2016-жылдын 29-июнунда ЭВФтин Аткаруу органы квоталарды көбөйтүүнүн мөөнөтүн 2016-жылдын 30-декабрына чейин узартуу жөнүндө чечим кабыл алган.
Аткаруучу кеңешти реформалоо жөнүндө оңдоого ылайык Аткаруучу кеңештин курамы жыйырма аткаруучу директорду түзө тургандыгы аныкталган.
Ошондой эле, Башкаруучу кеңеш добуштардын жалпы санынын сексен беш пайыз көпчүлүк добушу менен аткаруучу директорлордун санын көбөйтө же азайта ала тургандыгы көрсөтүлгөн.
Аткаруучу директорлорду шайлоо Башкаруучу кеңеш кабыл алган эрежеге ылайык эки жылда бир жолу өткөрүлөт.
Башкаруучу кеңеш эреже кабыл алат, ага ылайык мүчө мамлекеттер Аткаруучу кеңештин бардык жыйынына катышуу үчүн өкүлдөрдү жибере алат.
ЭВФтин пайдасына чыгарылуучу векселдерди жоюуга байланышкан чыгымдар тиешелүү жылга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылат.
Жогоруда аталган оңдоону ишке ашыруу социалдык, экономикалык, укуктук, коррупциялык, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди алып келбейт.