Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-ноябры № 570
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(В редакции постановления Правительства КР от 10 марта 2021 года № 85)
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги системасындагы функциялык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 2-пунктундагы "194" деген цифралар "196" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жободо:
- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашыруучу коррупцияга каршы чаралардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт жана баалайт.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 6-пунктунда "369" жана "176" деген цифралар тиешесине жараша "367" жана "174" деген цифралар менен алмаштырылсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 170 "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттун үчүнчү абзацындагы "Экономика министрлигине" деген сөздөр "Өкмөтүнүн Аппаратына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пункттун биринчи абзацындагы "Экономика министрлиги" деген сөздөр "Өкмөтүнүн Аппараты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планында:
бүткүл текст боюнча "ЭМ" деген аббревиатура "Өкмөттүн Аппараты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Чаралар/аракеттер" графасынын 7-пунктунун 2-пунктчасындагы "Экономика министрлигине" деген сөздөр "Өкмөттүн Аппаратына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Чаралар/аракеттер" графасынын 15-пунктунун 3-пунктчасындагы "Экономика министрлигиндеги" деген сөздөр "Өкмөттүн Аппаратындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- кыскартуулардын тизмегиндеги кырк үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| С.Жээнбеков |