Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-ноябры № 585
Кыргыз Республикасында ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүү маселелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу тартибин бекитүү жөнүндө
Эл аралык спорттук аренада Кыргыз Республикасынын кадыр-баркын жаратуу жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун камсыздоо максатында, "Дене тарбия жана спорт жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында ири масштабдагы спорттук иш-чараларды өткөрүү маселелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүү маселелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүү маселелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуунун ушул тартиби (мындан ары - Тартип) "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында иштелип чыккан.
Ушул Тартип аккредиттелген дене тарбия - ден соолукту чыңдоочу жана спорттук багыттагы коомдук бирикмелерге (мындан ары - спорттук бирикмелерге) Кыргыз Республикасынын ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгы жөнүндө эл аралык уюмдарга расмий билдирүүлөрдү берүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдук берүүсүнүн жол-жоболорун жөнгө салат.
2. Ири масштабдагы спорттук иш-чаралардын тизмеси
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү спорттук бирикмелерге Кыргыз Республикасынын төмөнкү ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгы жөнүндө эл аралык уюмдарга расмий билдирүүлөрдү берүүлөрүнө макулдугун берет:
- Эл аралык олимпиада комитетинин, Азия Олимпиада кеңешинин калкасы астында өткөрүлүүчү спорттук иш-чаралар;
- Азия чемпионаттары;
- дүйнөлүк чемпионаттар;
- дүйнөлүк кубоктор (финалдык бөлүгү);
- дүйнөлүк оюндар;
- чакырык кубоктору;
- дүйнө чемпионаттарында, Азия чемпионаттарында спорттук оюндарын түрлөрү боюнча тандап алуу таймаштары;
- шахмат олимпиадасы.
3. Кыргыз Республикасынын ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгы жөнүндө эл аралык уюмдарга расмий билдирүүлөрдү даярдоо боюнча талаптар
3. Ушул тартипке ылайык дене тарбия жана спорт тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдаштыкта ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын даярдыгы жөнүндө эл аралык уюмдарга расмий билдирүүлөрдү берүү укугуна (мындан ары - расмий билдирүү берүү) спорттук бирикмелер ээ болушат.
4. Спорттук бирикмелер тиешелүү эл аралык уюмдарга расмий билдирүү бергенге чейин, дене тарбия жана спорт тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу түрүндө Кыргыз Республикасынын аймагында ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүү ниети жөнүндө расмий кайрылат.
Кайрылууда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:
- ири масштабдагы спорттук иш-чаранын аталышы;
- ири масштабдагы спорттук иш-чараны өткөрүүнүн болжолдуу мөөнөтү;
- иш-чаранын чыгымдарынын сметасы, каржылоо булактарын көрсөтүү менен;
- эл аралык талаптарга материалдык-техникалык базанын ылайыктуулугун көрсөтүү менен ал өткөрүлүүчү жер;
- ири масштабдагы спорттук иш-чара өткөрүү пландаштырылган спорттун түрү;
- дене тарбия жана спорт тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда аккредиттелгендиги жөнүндө аттестаттын каттоо номуру;
- Кыргыз Республикасынын улуттук курама командаларынын мүчөлөрүнүн улуттук жана эл аралык спорттук аренадагы жетишкендиктери жана пландаштырылган ири масштабдагы спорттук иш-чараларда медалдарды жеңип алуу болжолу жөнүндө маалымат берүү менен алардын тизмеси;
- судьялар категорияларын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын судьяларынын тизмеси.
5. Спорттук бирикмелер үчүн расмий билдирүүлөрдү берүү жөнүндө сунуштарды киргизүүнүн милдеттүү шарты төмөнкүлөр:
- дене тарбия жана спорт тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда аккредиттелгендиги;
- Кыргыз Республикасынын спорттун түрлөрүнүн улуттук реестринде жана спорттук сабактарында колдонулуучу спорттун түрүнүн болушу.
6. Ушул Тартиптин 4 жана 5-пункттарында көрсөтүлгөн кайсы бир маалыматтар жок болгон же шарттар аткарылбаган учурда дене тарбия жана спорт тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган документтерди карабастан кайра кайтарууга укуктуу.
7. Дене тарбия жана спорт тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган спорттук бирикменин кайрылуусун ушул Тартиптин талаптарына ылайыктыгын эки жумалык мөөнөттө карайт.
Кайрылуу ушул Тартиптин талаптарына жооп берсе, дене тарбия жана спорт тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечиминин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиешелүү чечим кабыл алган учурда, спорттук бирикме Кыргыз Республикасынын ири масштабдагы эл аралык спорттук иш-чараны өткөрүүгө даярдыгы тууралуу эл аралык уюмдарга расмий билдирүүнү жөнөтөт.