Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-ноябры № 596
"Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 11, 900-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-статья менен толукталсын:
"1-1. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында ВИЧ/СПИДдин таралышынын алдын алуу, ВИЧ/СПИД менен ооруган адамдардын укуктарын коргоо боюнча иш-чаралардын тутумун, Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо маселелерин мыйзамдык жөнгө салуу тартибин аныктайт.".
3. 2-статьянын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 7-статьянын тогузунчу абзацындагы "саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 19-статьянын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти