Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-ноябры № 597
"Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Бекешев, А.Алтыбаева, М.Жеенчороев, У.Кыдыралиев, Д.Джумабеков, Т.Исакунова, М.Бакиров, Жунус уулу А., А.Акматов жана А.Шыкмаматов тарабынан демилгеленген "Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 597 токтому менен жактырылган |
"Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Бекешев, А.Алтыбаева, М.Жеенчороев, У.Кыдыралиев, Д.Джумабеков, Т.Исакунова, М.Бакиров, Жунус уулу А., А.Акматов жана А.Шыкмаматов тарабынан демилгеленген "Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине сунушталган өзгөртүүлөр боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин кызмат ордун же кызматтык абалды пайдалануу менен шайлоо комиссиясынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын шайлоо жана референдум жөнүндө мыйзамдарында белгиленген анын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, анын чечимине таасир этүү максаты менен кийлигишүү, атап айтканда, кызмат адамынын талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо, шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын добуштарын эсептөө маселелери боюнча жана шайлоо комиссиясынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын өзгөчө компетенциясына кирген жана башка маселелер боюнча талаптар же көрсөтмөлөр үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган 139-беренеси боюнча кылмыш жасоо ишин иликтөөнү ички иштер органдарынын караштуулугуна киргизүү сунушталууда.
Бирок сунушталган ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесине каршы келет, ага ылайык мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата жазык куугунтуктоо прокуратура органдарынын компетенциясына кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине сунушталган өзгөртүүлөр боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесин квалификацияланган белги катары сатып алууну алып салуу сунушталат, бирок бул сунуш негизделген эмес.
Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктун калтырууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз, себеби сатып алуу жарандын өзүнүн шайлоо укуктарын же референдумга катышуу укуктарын жүзөгө ашыруусуна, ошондой эле шайлоо комиссияларынын же референдум өткөрүү боюнча комиссиялардын ишине тоскоолдук жаратуунун бир ыкмасы болушу мүмкүн жана депутатка талапкердин өз талапкерлигин алып салгандыгы, ошондой эле жаранга шайлоого же референдумга катышпагандыгы же шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө шайлоо комиссиясынын ишине катышпагандыгы же ар кандай адамга шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылгандыгы үчүн ар түрдүү мүлктүк дөөлөттөрдү берүү менен көрүнүшү мүмкүн.
Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн иш үчүн эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн үч жүзгө чейин өзгөргөн өлчөмдө айып түрүндөгү жазаны белгилөө сунушталат.
Ушуга байланыштуу, бул жобону потенциалдуу түрдө коррупциялык деп эсептейбиз, анткени бул сотко так, мыйзамдарда бекитилген критерийлерди жетекчиликке албастан тиешелүү санкцияларды өз билгениндей колдонуу укугун берет.
Ошол эле учурда санкциялар боюнча азыркы мезгилде мыйзамдарда тигил же бул кылмыш үчүн санкциялардын көлөмүн аныктоо тартибин белгилеген документ жок экендигин белгилейбиз.
Ошондой эле негиздеме-маалымкатта жогоруда аталган кылмышты жасагандыгы үчүн санкциянын өлчөмүн аныктоочу критерий же аныктоо механизми белгиленген эмес.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 1-пункттун үчүнчү абзацы боюнча да ушундай эле эскертүү бар.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-пунктунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 140-беренесинин 1-бөлүгүнүн редакциясын өзгөртүү боюнча жакын туугандардын конкреттүү чөйрөсүн аныктоону максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Мындан тышкары, заманбап технологияларды, атап айтканда Кыргыз Республикасынын шайлоого укуктары бар жарандарынын биометрикалык маалыматтарын пайдалануу биздин пикирибиз боюнча иш жүзүндө, шайлоочулардын кандайдыр бир шайлоо компанияларын өткөрүү учурунда башка бир адам же адамдар тобу үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.
Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесине төртүнчү бөлүктү киргизүү мүмкүндүгүн жана белгилүү бир зарылчылыгын кошумча талдоону сунуштайбыз.
3. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине сунушталган өзгөртүүлөр боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
Шайлоо комиссиялары тарабынан арыздарга (даттанууларга) жооп берилбегендиги же кароо мөөнөттөрүнүн бузулгандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликти киргизүү сунушталууда.
Ошону менен бирге, шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) даттануу маселелери "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 44-беренеси жана "Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренеси менен жөнгө салынган.
Жогоруда белгиленген беренелерге ылайык жарандарда шайлоо комиссияларынын аракеттерине (арызды (даттанууну) кароо мөөнөтү бузулган учурда) же аракетсиздиктерине (жооп берилбеген учурда) карата төмөнкү тартипке ылайык даттануу мүмкүнчүлүгү бар:
1) Участкалык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) карата аймактык шайлоо комиссиясына даттанылат.
2) Аймактык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына даттанылат.
3) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) карата биринчи инстанциядагы сотко, биринчи инстанциядагы соттун чечими - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанылат.
Жогоруда келтирилген тартип кызмат адамдарын администрациялык жоопкерчиликке тартуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат, ошондуктан Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесин кайра карап чыгуу зарыл деп эсептейбиз.
4. Мыйзамдын долбоорун тариздөөдө ченем чыгаруу техникаларынын талаптарын сактоо боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 77 жана 78-пункттарына ылайык Мыйзамдын долбоорундагы бланкеттик аныктамалар төмөнкүлөргө шилтеме кылат:
1) мыйзам чыгаруу тармагына (мисалы, "жарандык мыйзамдарда каралган тартипте");
2) мыйзамдык актынын түрүнө (мисалы, конституциялык мыйзам, мыйзам, кодекс менен жөнгө салынат);
3) жөнгө салуу чөйрөсүнө (мисалы, "жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзам менен жөнгө салынат" же "лицензиялоо-уруксат берүү чөйрөсүндөгү мыйзам менен жөнгө салынат");
4) тийиштүү эрежелерге (мисалы, "жарандык сот өндүрүшүнүн эрежеси боюнча").
Жалпысынан мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерге жол берилбейт (мисалы, "мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат").
Баяндалгандарды эске алып, Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "мыйзамдар менен" деген сөздөрдү кайра кароону сунуштайбыз.
Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе, мыйзамдын долбоорунда Мыйзамдын долбоору расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирерин белгилөө сунушталган. Муну менен катар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жана аны ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү тапшырылып жатат.
Мисалы, Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, шайлоо жана референдум өткөрүү мезгилинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, шайлоо жана референдум өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттын эсебинен Өкмөт белгилеген өлчөмдө акы төлөнөт.
Бирок, бланкеттик ченемдин (шилтеменин) мазмуну шилтеме жасалып жаткан түздөн-түз таасир этүүчү ченем кабыл алына электигине байланыштуу ал убакта коомдук мамилелер жөнгө салынбай турган мезгилдин жаралышына алып келет, бул болсо потенциалдуу коррупциялык ченем болуп эсептелерин белгилей кетүү зарыл.
Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгү боюнча, Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн нускаманын 57-пунктуна ылайык, күчүнө кирүү тартиби жөнүндө берене Мыйзамдын долбооруна эгерде бул мыйзамдын күчүнө кирүүсүнүн "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамында каралган тартиптен башкача өзгөчө тартибин белгилөө зарыл болгон учурда киргизилет. Эгерде Мыйзамдын долбоорунда анын күчүнө кирүүсүнүн өзгөчө тартиби каралбаган болсо, анда мындай беренени долбоордун текстине киргизбесе болот.
Эгерде Мыйзамдын долбоорунда анын күчүнө кирүү мөөнөтүн көрсөтүү зарыл болсо, анда "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ченемдик укуктук актынын мыйзамдуулугун камсыздоонун бир ыкмасы - аны Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү болоорун эске алууну сунуштайбыз, реестрге киргизүү расмий жарыяланган күндөн тартып 7 иш күндүн ичинде ишке ашырылат. Бул үчүн Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
"1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.".
Мындан тышкары, негиздеме-маалымкатка ылайык бул Мыйзамдын долбоору шайлоо процессинде укук бузууларды жасагандыгы үчүн кылмыш жана административдик жоопкерчиликти күчөтүүгө, ошондой эле шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары жана статусу менен байланышкан айрым маселелерди тактоого багытталган.
Ушуну менен бирге, Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында, көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорду бөлүүнү талап кылбайт деп белгиленген.
Бирок, Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 2-пунктунда шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү мезгилине, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө сый акы төлөө каралууда.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын алдын-ала эсептөөлөрүн эске алып, бул маселе боюнча, референдумдарды жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолорун өткөрүүдө участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө сый акы төлөөгө каралуучу сумма 2016-жылы 142,6 млн. сомдун (чегерүүлөрдү эске алуу менен) тегерегин түзөт, 2017-жылы - 285,2 млн. сом талап кылынат. Бул кошумча каражаттарды издеп табуу зарыл.
Баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда баяндалган эскертүүлөрдү көңүлгө алуу менен ушул мыйзамдын долбоорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.