Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-майы № 318
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна-киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| Т.Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 180-статьянын 1-бөлүгүндөгү "каттоосуз" деген сөз "мамлекеттик каттоосуз, анын ичинде салык мыйзамдарында жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамдарында каралган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 212-статьяда:
1) аталышындагы жана 1-бөлүктөгү "жеке" деген сөз "индивидуалдык" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 1-бөлүктөгү "ошого тете жалган жана товарсыз документтерди, анын ичинде КНС боюнча так отчеттуулук эсеп-фактураларынын бланктарын колдонуусу" деген сөздөр алып салынсын;
3) эскертүүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 213-статьянын 1-бөлүгүндөгү "ошого тете жалган жана товарсыз документтерди, анын ичинде КНС боюнча так отчеттуулук эсеп-фактураларынын бланктарын колдонуусу" деген сөздөр алып салынсын.
4. 214-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"214-статья. Салык кызматынын органдарынын, Социалдык фонддун органдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо жана аларга каршылык көрсөтүү
Салыктык контролдоону жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу салык кызматынын органынын жана Социалдык фонддун органдарынын кызмат адамын салык төлөөчүнүн жайына киргизүүдөн мыйзамсыз баш тартуу, ошондой эле салыктык контролдоону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон белгиленген тартипте таризделген документтерди салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө тапшырбоо же салык органдарына берүүдөн баш тартуу, ошого тете Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 348-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык, администрациялык айыпка кабылган жак тарабынан документтерди толук эмес көлөмдө же бурмаланган түрдө берүү, ошого тете салык кызматтары салган пломбаларды жана мөөрлөрдү жулуп салуу, -
эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн эки миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга, болбосо жүз сексен сааттан эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге, болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
5. 22-глава төмөнкүдөй редакциядагы 2141-статья менен толукталсын:
"214-1-статья. Жалган жана жасалмалуу эсеп-фактураларын тариздөө жана өткөрүп берүү
Жалган жана жасалмалуу эсеп-фактураларын тариздөө жана өткөрүп берүү - он миң эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып пул салынат.
(2) Ошол эле жосун:
1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалган;
2) өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгон;
3) ушул статьяда каралган кылмыштуулук үчүн мурда соттолгон адам тарабынан -
мүлкүн конфискациялоо менен үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү.
1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен толтурулган КНС эсеп-фактуралары туура эмес деп эсептелет.
2. КНС эсеп-фактурасы салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген, бирок жалган жана (же) анткорлук бүтүмдөрдү түзүүдө салык салынган жеткирип берүүлөрдү түзүүгө ниеттенбеген түр үчүн таризделген КНС эсеп-фактурасы жасалма деп эсептелет.
3. Ушул статьяда өзгөчө ири өлчөм деп кылмыш жасалган күнгө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, эсептик көрсөткүчтөн элүү миң эсе ашкан суммага жалган же жасалмалуу эсеп-фактураны тариздөө жана өткөрүп берүү саналат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 30-статьяда:
- 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жарандарга салынуучу айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз (ушул Кодекстин 238-статьясын, 242-статьясынын 4-бөлүгүн, 248-статьясынын 3-бөлүгүн, 353-статьясынын 4-бөлүгүн кошпогондо) өлчөмүнөн, ал эми кызмат адамдарына - эки жүз өлчөмүнөн ашпоого тийиш (ушул Кодекстин 353-беренесинин 4-бөлүгүн жана 356-статьясынын 2-бөлүгүн кошпогондо).".
2. 310-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"310-статья. Документтерди алмаштыруу, өзгөртүү, кайра жасоо, жасалмалоо
Алгачкы бухгалтердик документтерди, анын ичинде эсеп-фактураларды, коштомо кагаздарды өзгөртүү, кайра жасоо, жасалмалоо -
жарандарга - ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - жыйырмадан отузга чейинки эсептик көрсөткүчтөгү администрациялык айып салууга алып келет.".
3. 346-статьянын 2-бөлүгүндөгү "бухгалтердик отчетторду, баланстарды" деген сөздөр "финансылык отчеттуулукту, салыктык отчеттуулукту" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 348-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"348-статья. Салык кызматынын кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо
Салыктык контролдоону жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу салык кызматынын органынын жана Социалдык фонддун органдарынын кызмат адамын салык төлөөчүнүн жайына киргизүүдөн мыйзамсыз баш тартуу, ошондой эле салыктык контролдоону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, белгиленген тартипте таризделген документтерди салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө тапшырбоо же салык органдарына берүүдөн баш тартуу, ошого тете мындай документтерди администрациялык жазага тартылган адам тарабынан толук эмес көлөмдө же бурмаланган түрдө берүү, -
жарандарга эсептик көрсөткүчүнүн - он, кызмат адамдарына - элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык айып салынгандан кийин жыл ичинде кайталап жасалса, -
эсептик көрсөткүчүнүн жарандарга - жыйырма, кызмат адамдарына - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
5. 353-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"353-статья. Экономикалык ишти салык мыйзамдарында каралган каттоосуз жүргүзүү
Салыктык каттабай туруп экономикалык иш жүргүзүү -
жарандарга эсептик көрсөткүчүнүн жыйырма, кызмат адамдарына жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык айып салынгандан кийин жыл ичинде кайталап жасалса, -
эсептик көрсөткүчүнүн жарандарга - элүү, кызмат адамдарына - эки жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Экономикалык ишти кошумча нарк салыгы боюнча каттоосуз жүргүзүү, мындай каттоо салык мыйзамдарында каралган учурда - жарандарга элүү, кызмат адамдарына эки жүз эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык айып салынгандан кийин жыл ичинде кайталап жасалса, -
жарандарга - эки жүз, кызмат адамдарына - миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
6. 356-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"356-статья. КНС боюнча чегерим алуу үчүн жалган эсеп-фактураларды пайдалануу
Салык төлөөчүлөргө жалган же жасалма эсеп-фактуралар боюнча кошумча нарк салыгын чегерүү, -
жарандарга элүү, кызмат адамына жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза чаралар колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталап жасалса,-
жарандарга - жүз, кызмат адамдарына - миң эсептик көрсөткүчүнүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
7. 535-статьядагы "341" деген цифралар алып салынсын, "356" деген цифралар "3511" деген цифралар менен алмаштырылсын.
8. 556-1-берененин биринчи бөлүгүнүн 1-пунктунун жыйырма үчүнчү абзацындагы "341," деген цифралар "346," деген цифралар менен, ошондой эле "354" деген цифралар "348-356-1" деген цифралар менен алмаштырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
163-статьянын 5-бөлүгүндөгү "215" деген цифралар "214" деген цифралар менен алмаштырылсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 24-пункт менен толукталсын:
"24) КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмеси - КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруунун жеңилдетилген тартибине укуктуу КНС төлөөчүлөрдүн тизмеси.".
2. 14-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "аларда" деген сөз "эгерде алар, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актыларда түз каралган болсо" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 141-берене менен толукталсын:
"14-1-берене. Айрым учурлардагы убактарда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын колдонулушу
1. Өткөн мезгил үчүн салык отчётун берүү, ошондой эле, салык отчётун такташтыруу, ошол салык отчёту берилген же салык органына берилүүгө тийиш болгон датага карата колдонулган салык мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат.
2. Салык органынын кызмат адамы тарабынан салыктык текшерүүнүн натыйжасында жүргүзүлгөн салык милдеттенмелерин эсептөө, текшерүү мезгилинин аралыгында колдонулган салык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
3. Салык органы чечим кабыл алган датага карата колдонулган салык мыйзамдарына ылайык, ушул Кодекстин 19-главасында каралган мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн салык төлөөчүнүн жоопкерчилиги жөнүндө чечим кабыл алат.".
4. 51-берененин 1-бөлүгүнүн 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) ушул Кодексте белгиленген учурларда, салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча аны алган күндүн кийинки күнүнөн тартып 2 жумушчу күндөн кечиктирбей салык төлөөчүнүн өздүк эсебинин абалы тууралуу документти, ошондой эле салык төлөөчүгө жана/же анын салык милдеттенмесине жана/же анын салык карызына карата кабыл алынган салык кызматынын органынын чечимин берүүгө;".
5. 72 жана 73-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"72-берене. Салык төлөөчүнүн банктык кепилдиги
1. Салык төлөөчүнүн банктык кепилдиги болуп, салык төлөөчүнүн банктык кепилдигинде көрсөтүлгөн сумманы салык кызматы органына төлөп берүүнүн жазуу жүзүндөгү гарант милдеттенмеси саналат.
2. Салык төлөөчүнүн банктык кепилдиги салык төлөөчүнүн салыктык карызынын суммасын, ошондой эле салык төлөөчүнүн алдыдагы салык мезгилинде пайда болуучу салык карызынын суммасын төлөө боюнча милдеттерди камсыз кылат:
1) ушул Кодекстин 79-беренесинин талаптарына ылайык, салык төлөөчүгө салыктык карыздын суммасын төлөө боюнча кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтү берилгенде;
2) ушул Кодекстин 229-беренесинин талаптарына ылайык, ыктыярдуу тартипте КНС боюнча салык төлөөчүнү каттоодо.
3. Салык төлөөчүнүн банктык кепилдигинин суммасы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:
1) ушул Кодекстин 79-беренесине ылайык, салыктык карыздын суммасын төлөө боюнча кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтү берилгендигине байланыштуу салык төлөөчүгө банктык кепилдикти сунуштоодо салык төлөөчүнүн салыктык карызынын суммасында;
2) ушул Кодекстин 229-беренесинин талаптарына ылайык, ыктыярдуу тартипте КНС боюнча салык төлөөчүнү каттоого байланыштуу салык төлөөчүгө банктык кепилдикти сунуштоодо 10000 эсептик көрсөткүчтөрүнүн өлчөмүндө.
4. Салык төлөөчүнүн банктык кепилдиги төмөнкүдөй мөөнөттөргө таризделет:
1) ушул Кодекстин 79-беренесине ылайык, салыктык карыздын суммасын төлөө боюнча кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө салык төлөөчүнүн арызында көрсөтүлгөн;
2) ушул Кодекстин 229-беренесинин талаптарына ылайык, ыктыярдуу тартипте КНС боюнча салык төлөөчүнү каттоого байланыштуу салык төлөөчүгө банктык кепилдикти сунуштоодо 12 ай.
5. Салык кызматы органдары салык төлөөчүнүн банктык кепилдигинде көрсөтүлгөн сумманы төлөө жөнүндө төмөнкү датадан кийинки күндөн кечиктирбестен салык төлөөчүнүн банктык кепилдигин көрсөткөн гарантка талаптарын коюшат:
1) ушул Кодекстин 79-беренесинин талаптарына ылайык, салыктык карыздын суммасын төлөө боюнча кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтү бүткөн;
2) ушул Кодекстин 229-беренесине ылайык, ыктыярдуу тартипте КНС боюнча катталган, КНС салык төлөөчүнүн КНС боюнча салыктык карызын өндүрүп алуу жөнүндө салык кызматы органы тарабынан чечим кабыл алынган.
6. Салык төлөөчүнүн банктык кепилдиги боюнча акчалай сумманы төлөөгө карата гарантка салык кызматы органдарынын талаптары салык кызматы органынын жетекчисинин колу коюлуп, салык кызматы органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, салык төлөөчүнүн өздүк эсебинен көчүрмөнү тиркөө менен жазуу жүзүндө болот.
Эгерде, ыктыярдуу түрдө КНС боюнча каттоодон өткөн жана салык кызматы органына банктык кепилдигин сунуштаган салык төлөөчүдө КНС боюнча каттоо токтотулуп калса жана салык төлөөчү КНС боюнча ыктыярдуу каттоодон өтүү жөнүндө арызында көрсөтүлгөн даректе жок болсо, салык кызматы органынын талабы менен банктык кепилдик боюнча акчанын суммасын төлөөгө карата гарантка салык карызынын суммасын эсептөө жөнүндө салык органынын чечими тиркелет.
7. Салык төлөөчүнүн банктык кепилдиги гарант тарабынан чакыртылып алынбайт.
8. Салык кызматы органдарынын, салык төлөөчүнүн жана гаранттын ортосундагы салык төлөөчүнүн банктык кепилдигине карата болгон бардык маселелер боюнча мамилелер ушул Кодексте жөнгө салынбаган бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынат.".
73-берене. Салык төлөөчүнүн депозити
1. Салык төлөөчүнүн депозити болуп салык кызматы органынын атайын эсебине салык төлөөчү тарабынан салынган акча каражаттары саналат.
2. Салык төлөөчүнүн депозити менен салык төлөөчүнүн алдыдагы салык мезгилинде келип чыгышы мүмкүн болгон салык карыздарынын суммасын төлөө боюнча милдеттенмелери камсыздалат:
1) ушул Кодекстин 291-беренесинин талаптарына ылайык иштетүүгө берилген сырьедон акциздик товар чыгарууда;
2) ушул Кодекстин 229-беренесинин талаптарына ылайык, ыктыярдуу тартипте КНС боюнча салык төлөөчүнү каттоодо.
3. Салык төлөөчүнүн депозитинин суммасы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:
1) ушул Кодекстин 291-беренесинин талаптарына ылайык эсептелген акциздин суммалары;
2) ушул Кодекстин 229-беренесинин талаптарына ылайык, ыктыярдуу тартипте КНС боюнча салык төлөөчүнү каттоого байланыштуу 10000 эсептик көрсөткүчтө.
4. Салык төлөөчүнүн депозити төмөнкүдөй мөөнөттөргө таризделет:
1) ушул Кодекстин 291-беренесине ылайык аныкталган;
2) ушул Кодекстин 229-беренесинин талаптарына ылайык, ыктыярдуу тартипте КНС боюнча салык төлөөчүнү каттоодо 12 ай.
5. Эгерде салык төлөөчүдө салыктык карыздар пайда болсо, аны төлөө салык төлөөчүнүн депозити менен камсыздалса, ушул салык карызынын суммасы салык органынын чечиминин негизинде салык төлөөчүнүн депозитинин суммасынын эсебинен жабылат. Мында төлөөчүнүн арыз бериши талап кылынбайт.
Эгерде, ыктыярдуу түрдө КНС боюнча каттоодон өткөн жана салык кызматы органына салык депозитин берген салык төлөөчүдө КНС боюнча каттоо токтотулуп калса жана салык төлөөчү КНС боюнча ыктыярдуу каттоодон өтүү жөнүндө арызында көрсөтүлгөн даректе жок болсо, салык төлөөчүнүн депозитинин эсебинен төлөнүүчү салык карызынын суммасын аныктоо үчүн салык карызынын суммасын эсептөө жөнүндө салык органынын чечими негиз болот.
6. Эгерде салык төлөөчүнүн депозит аркылуу камсыз кылынган салык милдеттенмеси өз убагында аткарылбаса, мөөнөтү өткөн күндөр үчүн туум эсептелбейт.
7. Салык төлөөчүнүн депозити аркылуу салык карыздарын төлөөнү камсыз кылуу үчүн ушул Кодексте белгиленген мөөнөттөрдүн убакыты өткөндө, салык төлөөчүнүн депозитинин суммасы салык карыздарынын суммасынан ашса, бул суммалардын ортосундагы айырма салык төлөөчүнүн арызы менен башка салыктар боюнча милдеттенмелерди аткаруу эсебине чегерилүүгө же салык төлөөчүгө кайтарылууга тийиш.
8. Ушул берененин 7-бөлүгүндө каралган кайтарып берүү же чегерүү төмөнкү учурларда ишке ашырылат:
1) иштетүүгө берилген сырьедон акциздик товарды чыгарууда - салык төлөөчүнүн салык кызматы органына ушул Кодекстин 292-беренесинин талаптарына ылайык документтерди берүү менен арызын тапшырган күндөн кийинки 20 күндөн кем эмес мөөнөттө;
2) ушул Кодекстин 229-беренесинин талаптарына ылайык салык төлөөчүнү ыктыярдуу тартипте КНС боюнча каттоодо - салык төлөөчү арызын берген күндөн кийинки 20 күндөн аз эмес мөөнөттө.".
6. 82-берененин 3-бөлүгүндөгү "Чечим" деген сөз "Эгерде ушул главада башкача каралбаса, чечим" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 83-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 21-30-пункттар менен толукталсын:
"21) КНС боюнча каттоо жөнүндө жана депозитти кабыл алуу же салык төлөөчүнүн банктык кепилдиги жөнүндө;
22) КНС боюнча каттоону кайра жаңыртуу жөнүндө;
23) КНС боюнча иликтөөнү дайындоо жөнүндө;
24) КНС боюнча иликтөөнү токтотуу жөнүндө;
25) КНС боюнча иликтөөнү кайра улантуу жөнүндө;
26) КНСтин эсеп-фактураларынын серияларын жана номерлерин ыйгаруу жөнүндө;
27) Салык төлөөчүнү КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизүү жөнүндө;
28) КНС төлөөчүнү КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө;
29) КНС төлөөчүнү КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесинен чыгаруу жөнүндө;
30) Салык төлөөчүгө КНС ашыкча суммасынын ордун толтуруу жана кайтаруудан баш тартуу тууралуу.".
8. 100-беренеде:
- 5-бөлүмдүн 3-пункту "салык текшерүүсүн жүргүзүү" деген сөздөрдөн кийин "же КНС боюнча иликтөө" деген сөздөр менен толукталсын;
- берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүм менен толукталсын:
"8. Салык төлөөчүгө пландуу көчмө текшерүү же пландан тышкары текшерүү жүргүзүүдө, КНС боюнча иликтөө жазма буйрукта көрсөтүлгөн мезгилдердин алкагында мурдагы салыктык текшерүүлөр же КНС боюнча иликтөөлөр менен камтылбаган мезгил үчүн 114-1, 114-2 жана 114-3-беренелердеги талаптарга ылайык жүргүзүлөт.".
9. 105-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүм менен толукталсын:
"6. Пландуу көчмө текшерүү же пландан тышкары текшерүү аяктагандан кийин салык кызматы органынын кызмат адамы көчмө текшерүү актысына көрсөтүү менен, 1141-берененин талаптарына ылайык КНС боюнча иликтөөгө өзүнчө акт түзөт.".
10. 15-глава төмөнкүдөй мазмундагы 114-1, 114-2 жана 114-3-беренелер менен толукталсын:
"114-1- берене. КНС боюнча иликтөө
1. КНС боюнча иликтөө салык кызматы органдары тарабынан төмөнкүлөрдү ырастоо максатында жүргүзүлөт:
1) салык төлөөчүнүн КНС боюнча катталууга болгон укуктарын жана милдеттерин;
2) салык төлөөчү тарабынан чегерүүгө кабыл алынган КНС боюнча жалган эсеп-фактуралардын жоктугун;
3) Салык төлөөчүнүн КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизүү үчүн белгиленген шарттарга ылайык келишин.
2. КНС боюнча иликтөө төмөнкү учурларда милдеттүү түрдө жүргүзүлөт:
1) салык төлөөчү КНС боюнча каттоо жөнүндө арыз бергенде;
2) КНС боюнча салык төлөөчүнү каттоону токтоткондо;
3) Салык төлөөчү КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизүү жөнүндө арыз бергенде.
4) КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча КНС төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген субъекттерден башка, КНС төлөөчү тарабынан КНСтин ашыкча суммасынын ордун толтуруу жана кайтаруу жөнүндө арыз түшкөндө;
5) пландуу көчмө текшерүү жүргүзүүдө.
3. КНС боюнча иликтөө төмөнкү учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) мурунку иликтөө же пландык текшерүүдө камтылган салык мезгилинен кийинки салык мезгили аяктаган күндөн тартып 12 календардык ай өткөндө;
2) салык төлөөчүдөн КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арыз түшкөндө;
3) КНС төлөөчүгө карата өз ара көз каранды субъекттердин белгилерине туш келген, КНС төлөөчүнүн уюмунун бир же бир нече катышуучулары алмашканда;
4) пландык эмес көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.
114-2-берене. КНС боюнча иликтөө жүргүзүүнүн тартиби
1. КНС боюнча иликтөө салык органынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт жана 114-1-берененин 2-бөлүгүндө каралган негиздер пайда болгон мезгилден тартып 5 иш күндөн кечиктирбей башталат.
114-1-берененин 3-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча иликтөө учурунда, иликтөө салык органынын чечиминде көрсөтүлгөн күндөн тартып башталат.
2. КНС төлөөчүнүн ыктыярдуу тартипте КНС боюнча каттоого алуу жөнүндө, ошондой эле, КНС боюнча ордун толтуруу жана/же кайтаруу жөнүндө арызынын негизинде КНС боюнча иликтөө учурунда, КНС боюнча иликтөө жүргүзгөн салык органынын кызмат адамы КНС боюнча иликтөө жүргүзүү тууралуу чечимди салык төлөөчүнүн жетекчисине же анын орун басарына тапшырат.
Салык төлөөчүнүн жетекчиси же анын орун басары жок учурда, КНС төлөөчүнүн ыктыярдуу тартипте КНС боюнча каттоого алуу жөнүндө, ошондой эле, КНС боюнча ордун толтуруу жана/же кайтаруу жөнүндө арызынын негизинде жүргүзүлгөн КНС боюнча иликтөө токтотулат. КНС боюнча иликтөөнү кайра улантуу салык төлөөчүнүн КНС боюнча иликтөөнү кайра улантуу жөнүндө арызынын негизинде жүргүзүлөт.
Эгерде, салык төлөөчү иликтөөнү кайра улантуу жөнүндө арызын КНС боюнча иликтөө үчүн белгиленген мөөнөт өткөнгө чейин берсе, иликтөө кайра улантылат, андай болбосо токтотулат.
3. КНС боюнча иликтөөнүн мөөнөтү 10 иш күндөн ашпоого тийиш. Көчмө текшерүү жүргүзүүдө КНС боюнча иликтөө мөөнөтү, көчмө текшерүүнүн түрүнө карата, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 102-беренесинин талаптарына ылайык белгиленет.
4. Мурдагы салыктык текшерүүдө же КНС боюнча иликтөөдө камтылбаган салык мезгилиндеги КНС төлөөчүнүн иши КНС боюнча иликтөөгө жатат.
5. КНС боюнча иликтөө үчүн негиздемеге жараша салык кызматы органынын кызмат адамы төмөнкүлөрдү текшерүүгө укуктуу:
1) салык төлөөчү КНС боюнча ыктыярдуу түрдө каттоого алуу жөнүндө арыз бергенде - салык төлөөчүнүн КНС боюнча ыктыярдуу катталуу үчүн ушул Кодексте белгиленген шарттарга ылайык келишин;
2) КНС боюнча каттоо токтотулганда - КНС төлөөчүгө мурда ыйгарылган эсеп-фактуралардын номерлеринин эсепке алынышын жана пайдаланылышын;
3) салык төлөөчү КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизүү жөнүндө арыз бергенде - салык төлөөчүнүн бул Тизмеге кирүү үчүн ушул Кодексте белгиленген критерийлерге ылайык келишин;
4) КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча КНС төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген субъекттерден башка КНС төлөөчү КНС ашыкча суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу жөнүндө арыз бергенде - иликтөө мезгили үчүн КНС төлөөчү тарабынан берилген КНСтин эсеп-фактураларынын реестринин аныктыгын;
5) салык төлөөчү салык салынуучу беримдердин наркынын каттоо чегинен ашып кеткендигине байланыштуу, КНС боюнча каттоо жөнүндө арыз бергенде - каттоо чегинен ашкан учурда салык төлөөчү тарабынан КНС салууга жаткан жеткирүүлөрдүн түзүлүүсүн;
6) мурдагы иликтөө же салыктык текшерүүдө камтылган салык мезгилинен кийинки салык мезгили аяктаган күндөн тартып 12 календардык ай өткөндө - иликтөө мезгили үчүн КНС төлөөчү тарабынан берилген КНСтин эсеп-фактураларынын реестринин аныктыгын;
7) салык төлөөчү КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арыз бергенде - иликтөө мезгили үчүн КНС төлөөчү тарабынан берилген КНСтин эсеп-фактураларынын реестринин аныктыгын;
8) пландык көчмө текшерүү жүргүзүүдө - иликтөө мезгили үчүн КНС төлөөчү тарабынан берилген КНСтин эсеп-фактураларынын реестринин аныктыгын;
9) КНС төлөөчүгө карата өз ара көз каранды субъекттердин белгилерине туш келген КНС төлөөчүнүн уюмунун бир же бир нече катышуучулары алмашканда - КНС төлөөчүнүн салык салынуучу беримдерди түзүү ниетин, субъекттин башкаруу органынын кызмат адамынын же анын катышуучусунун субъекттин жетекчилигине же мекемесине тиешеси бардыгын, КНС боюнча аларды каттоо салык органы тарабынан жокко чыгарылгандыгын же алардын жараксыз же жалган эсеп-фактураларды тариздегендиги жана бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын.
6. Иликтөө аяктагандан кийин салык кызматы органынын кызмат адамы төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен иликтөө актысын түзөт:
1) КНС боюнча иликтөө жүргүзүү тууралуу негиздемени көрсөтүү менен КНС боюнча иликтөө ишин белгилөө тууралуу салык органынын чечиминин реквизиттерин;
2) салык төлөөчүнүн юридикалык дарегин, иликтөө жүргүзүлгөн ордун, акт түзүлгөн датаны;
3) иликтөө жүргүзгөн салык органынын кызматкеринин же кызматкерлеринин толук аты-жөнүн, кызмат ордун;
4) салык төлөөчүнүн аты-жөнүн же толук аталышын, ошондой эле анын идентификациялык салык номерин;
5) салыктык жана бухгалтердик отчётту жүргүзүү жана салыктарды бюджетке төлөө үчүн жооптуу салык төлөөчүнүн жетекчисинин же кызмат адамынын аты-жөнүн;
6) КНС боюнча мурдагы иликтөө иши тууралуу маалыматты жана анын жыйынтыктарын, анын ичинде салыктык текшерүүнүн алкагында жүргүзүлгөн иликтөөнү;
7) иликтөө мезгилин жана иликтөө жүргүзүү үчүн салык төлөөчү тарабынан берилген документтер жөнүндө жалпы маалыматты.
7. Иликтөө актысына салык кызматынын органынын кызмат адамы тарабынан жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн, документтердин, КНС боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө алынган жана башка материалдардын зарыл болгон көчүрмөлөрү тиркелет.
8. Иликтөө актысы эки нускадан кем эмес санда түзүлөт жана иликтөө жүргүзгөн салык кызматынын органынын кызмат адамы жана салык төлөөчү тарабынан кол коюлат. Салык төлөөчү иликтөө актысына кол коюудан баш тарткан учурда, иликтөө жүргүзгөн салык кызматынын органынын кызмат адамы иликтөө актысына бул фактыны белгилейт.
9. Иликтөө актысынын бир нускасы салык төлөөчүгө тапшырылат. Иликтөө актысын алган учурда салык төлөөчү актынын эки нускасына тең тийиштүү жазууну киргизүү жолу менен, актынын мазмуну менен макул эместигин билдирүүгө укуктуу жана аны алгандыгы тууралуу кол коюуга милдеттүү.
10. КНС боюнча иликтөө жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу салык кызматы органынын кызмат адамын салык төлөөчүнүн имаратынын ичине жана аймагына киргизүүдөн, ошондой эле, КНС боюнча иликтөө үчүн зарыл болгон эсептөө документтерин берүүдөн мыйзамсыз баш тарткан учурда, салык кызматы органынын кызмат адамы иликтөө актысына мыйзамсыз баш тарткан фактысын белгилейт жана административдик укук бузгандыгы тууралуу протокол түзөт.
11. Салык төлөөчүнүн анын юридикалык дареги боюнча жок болуусу, КНС боюнча иликтөө жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу салык кызматы органынын кызмат адамын салык төлөөчүнүн имаратынын ичине жана аймагына киргизүүдөн, ошондой эле, КНС боюнча иликтөө үчүн зарыл болгон эсептөө документтерин берүүдөн мыйзамсыз баш тартуу салык төлөөчүнү КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесинен чыгарууга, ошондой эле, КНС боюнча каттоону токтотууга негиз болот.
114-3-берене. КНС боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы жөнүндө чечим чыгаруу
1. КНС боюнча иликтөөнүн материалдары салык кызматы органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан каралат.
2. КНС боюнча иликтөөнү карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча салык кызматы органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары төмөнкүдөй чечим чыгарат:
1) КНС боюнча каттоо жөнүндө;
2) Салык төлөөчүнү КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизүү жөнүндө;
3) Салык төлөөчүнү КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесинен чыгаруу жөнүндө;
4) КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине кирбеген КНС төлөөчүлөр үчүн КНСтин ашыкча суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу жөнүндө;
5) Камералык же көчмө салыктык текшерүүнү белгилөө жөнүндө.
3. КНС боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча салык кызматы органынын чечими салык төлөөчүгө тапшырылат. КНС боюнча иликтөөнүн жыйынтыгына карата чечимди алган салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген тартипте анын үстүнөн даттанууга укуктуу.".
11. 119-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"119-берене. Салык милдеттенмелерин эсептөөнүн кыйыр методдорун пайдалануу
1. Салык кызматы органы төмөнкү учурларда кыйыр методдордун негизинде салык милдеттенмелерин аныктайт:
1) калк менен накталай эсептешүү операцияларын эсепке алуу тартиби бузулган;
2) эсепке алуу документтери жок болгон;
2. Салык милдеттенмелерин эсептөөнүн кыйыр методдору болуп, активдерди, милдеттенмелерди, жүгүртүүлөрдү, сарптоолорду, чыгымдарды жана/же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте орнотулган салык постунун натыйжасында алынган маалыматтарды баалоого негизделген метод саналат.".
12. 122-беренеде:
- бүткүл текст боюнча "финансылык полиция" деген сөздөр "экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүктүн 4-пунктундагы "КНСтин эсеп-фактураларын алган бланктары боюнча эсептешпеген" деген сөздөр алып салынсын, ошондой эле "салык төлөөчүлөр КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарын жоготкон, КНСтин жасалма эсеп-фактураларын жана" деген сөздөр "салык төлөөчүлөрдүн жалган ишкердиктери, КНСтин жараксыз же жалган эсеп-фактураларын же жасалма акциз маркаларын тариздеген жана берген" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13. 126-берененин 1-пунктундагы "мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актынын негизинде, салык төлөөчүнүн эсебин" деген сөздөр "салык төлөөчүнүн катталган жери боюнча салык органдарында эсебин ачкан же жапкан күндөн кийинки айдын бешинчи күнүнөн кечиктирбестен, ай сайын эсебин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
14. 142-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"142-берене. Салыктын суммаларын азайтуу, салык отчётторун бербөө жана КНСти укукка жат түрдө эсепке алуу
1. Эгерде салыктык отчетто көрсөтүлгөн салыктын суммасы салыктык отчетто көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына салыштырмалуу азайтылгандыгы салык кызматы тарабынан белгиленсе, салык төлөөчүгө:
1) тийиштүү салык мезгилиндеги салыктык отчетто көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына карата салыктын суммасы 10 пайызга чейинки өлчөмдө азайтылса - салык санкциясы колдонулбайт;
2) тийиштүү салык мезгилиндеги салыктык отчетто көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына карата салыктын суммасы 10дон 50 пайызга чейинки өлчөмдө азайтылса - салыкты азайтуу суммасынын 50 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат;
3) тийиштүү салык мезгилиндеги салыктык отчетто көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына карата салыктын суммасы 50 пайыздан жогорку өлчөмдө азайтылса - салыкты азайтуу суммасынын 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат;
2. Эгерде салык төлөөчүнүн белгиленген салык мезгили үчүн салык органына салык отчётун бербегендиги салык кызматы тарабынан белгиленсе, ушул салык отчетунда чагылдырылууга тийиш болгон салык милдеттенмелеринин бардык суммасы бюджетке өндүрүлөт жана ошол салык төлөөчүгө карата аныкталган салык милдеттенмесинин суммасынын 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.
3. Эгерде салык төлөөчү жараксыз эсеп-фактура боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон КНСтин суммасын чегерүүгө болгон укугун пайдалангандыгы салык кызматы тарабынан белгиленсе, ошол салык төлөөчүгө чегерүүгө кабыл алынган КНСтин суммасынын 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.
4. Эгерде салык кызматы органы тарабынан салык төлөөчү жалган эсеп-фактуралар боюнча материалдык ресурстарды алгандыгы үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон КНС суммасын эсепке алуу укугун колдонуу менен салыктын суммасын азайткандыгы белгиленсе, ушул салык төлөөчүгө азайтылган салыктын суммасынан 100 пайыз өлчөмдө салык санкциясы колдонулат.".
15. 224-берененин 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын аймагына" деген сөздөр "Эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу" бажы режиминде" деген сөздөр менен толукталсын.
16. 228 жана 229-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"228-берене. Салык салынуучу субъект. КНС төлөөчүлөр тууралуу маалыматтарга кирүү
1. Эгерде субъект салык органдарында ушул бөлүмгө ылайык КНС төлөөчү катары катталса же каттоодон өтүүгө милдеттүү болсо ал салык салынуучу субъект болуп эсептелет.
2. Ар бир салык төлөөчү төмөнкүлөрдү ичине камтыган, КНС төлөөчүлөр тууралуу маалыматтарга эркин кирүүгө укуктуу:
1) КНС төлөөчүнүн толук аталышы, ИСНи жана КНС боюнча катталган датасы;
2) КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине кирген датасы;
3) КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесинен чыгарылган датасы;
4) КНС боюнча каттоону токтотуу/кайра улантуу датасы;
5) КНС боюнча каттоо жокко чыгарылган дата;
6) салык төлөөчүгө ыйгарылган бланктардын, эсеп-фактуралардын сериялары жана номерлери;
7) жараксыз же жалган деп таанылган эсеп-фактуралардын сериялары жана номерлери.
3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтар салык органы тийиштүү чечим кабыл алган күндөн кийинки күндөн кечиктирилбей, ыйгарым укуктуу салык органынын ачык веб-сайтына жайгаштырылат. Салык органы ушул салык органында КНС боюнча катталган салык төлөөчүнүн көрсөтүлгөн маалыматты алуусун камсыз кылат.
229-берене. КНС боюнча талаптар жана каттоо тартиби
1. Эгерде ал ырааттуу 12 айдын ичинде же болбосо ырааттуу 12 айга жетпеген мөөнөттү түзүүчү мезгилдин ичинде наркы 4000000 сом суммадан ашкан (мындан ары бул бөлүмдө - КНС боюнча каттоо чеги) ушул Кодекстин 224-беренесинин 2-пунктунда каралган товарларды берүүнү, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырса, экономикалык иш жүргүзгөн субъект, КНС төлөөчү катарында каттоого алуу тууралуу салык органына арыз берүүгө милдеттүү.
Ушул бөлүмдүн максаттары үчүн салык салынуучу беримдердин наркы төмөндөгүдөй аныкталат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында бул субъектинин бардык өзүнчө бөлүмдөрүнүн салык салынуучу беримдердин наркын эске алуу менен - ата мекендик уюмдар үчүн;
2) ушул Кодекстин 96-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык каттоону эске алуу менен - туруктуу мекеме аркылуу иш жүргүзүүчү чет өлкөлүк уюмдар жана жеке ишкерлер үчүн;
3) жөнөкөй шериктештик келишими боюнча иш жүргүзүүнү эске алуу менен - жөнөкөй шериктештик келишими менен бул шериктештиктин иштерин жүргүзүү милдеттери жүктөлгөн субъект үчүн.
2. Мүлк ишенимдүү башкарууга берилгенде ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкаруу келишими боюнча жүзөгө ашырылган иш боюнча ушул берененин талаптарына ылайык КНС төлөөчү катары каттоодон өтүүгө милдеттүү. Мындай учурда ишенимдүү башкаруу өз алдынча, башкарууну уюштуруучудан өзүнчө КНС төлөөчү катары каралат.
3. Субъект салык салынуучу беримдердин жалпы наркы КНС боюнча каттоо чегинен ашкан мезгил өткөндөн кийин бир айдын ичинде КНС төлөөчү катарында каттоого алуу тууралуу арыз берүүгө милдеттүү.
Эгерде, ушул берененин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, каттоодон өтүүгө милдеттүү болгон субъект каттоо жөнүндө арыз бербесе же аны өз учурунда бербесе, салык салынуучу субъект КНС төлөөчү катарында каттоого алуу тууралуу арыз берүүгө милдеттүү болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып ал салык органынын чечиминин негизинде салык салынуучу субъект катары эсептелет.
4. Катталууга милдеттүү болбогон субъект, төмөнкү шарттарды бир учурда аткарганда КНС төлөөчү катары катталууга укуктуу:
а) субъекттин иш ордун идентификациялоого жана субъекттин ишкердик иши ишке ашырылып жаткан турак эмес жайды пайдалануу же жеке менчик укугун ырастоого мүмкүндүк берген, салык төлөөчүнүн юридикалык дарегинин болушу;
б) салык төлөөчүнүн ата мекендик банкта алыш-бериш эсебинин болушу;
в) салыктык отчётту электрондук түрдө берүүгө салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү милдеттенмесинин болушу;
г) төмөнкү шарттардын бирин сактоо:
- салык төлөөчү салык отчетун ушул Кодекске ылайык, 12 календардык айдан кем эмес аралыктын ичинде берүүсү же
- салык төлөөчү ушул Кодекстин 72 жана 73-беренелеринде каралган талаптарга ылайык, КНС боюнча салык төлөөчүнүн милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу катары 12 айлык мөөнөттө жана 10 000 эсептик көрсөткүч суммасында салык төлөөчүнүн банктык кепилдигин же депозитин берүүсү.
Чарба субъектин ыктыярдуу түрдө КНС төлөөчү катары каттоого жол берилбейт, эгерде субъектти башкаруу органдарынын кызмат адамдары же анын өз ара көз каранды субъекттеринин аныктамасына кирген бир же бир нече катышуучулары:
- мурда субъекттерди башкарса же салык органдары тарабынан КНС боюнча каттоосу жокко чыгарылган субъекттерди уюштурса;
- жараксыз же жалган эсеп-фактураларын тариздөө жана берүү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышса.
5. КНС боюнча салык төлөөчү катары каттоосу жокко чыгарылган субъект, ыктыярдуу тартипте КНС төлөөчү катары катталуу укугуна ээ болот.
6. КНС төлөөчү катары субъектти каттоо, салык салынуучу субъект салыктык каттоого алынган жери боюнча жүргүзүлөт.
7. Салык органы ушул Кодекстин 114-2-беренесинде белгиленген мөөнөттө салык төлөөчүгө КНС боюнча иликтөө жүргүзүүгө жана салык төлөөчүнүн ыктыярдуу тартипте КНС боюнча каттоого алуу тууралуу арызы түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып 18 иш күнүнөн кечиктирбестен арыз боюнча чечим чыгарууга милдеттүү.
Каттоо салык органы тарабынан КНС төлөөчү катарында каттоого алуу тууралуу чечим кабыл алынган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.".
17. 36-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2291-берене менен толукталсын:
"229-1-берене. КНС боюнча каттоону токтото туруу.
1. Отчет берилүүгө тийиш болгон айдан кийинки айдын 10-күнүнө чейин салык төлөөчү тарабынан КНС боюнча отчет берилбеген учурда, салык органынын чечиминин негизинде КНС боюнча каттоо токтотула турат.
2. КНС боюнча каттоону токтото туруу төмөнкү натыйжаларга алып келет:
1) эгерде, салык төлөөчү КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилсе, КНС боюнча каттоону токтото туруу тууралуу чечим кабыл алынган күндүн кийинки күнүнөн тартып, бул тизмеден чыгарылат;
2) салык төлөөчүгө ыйгарылган эсеп-фактуралардын номерлери жана сериялары менен ал КНС боюнча отчет бербесе, алар КНС төлөөчүгө берилген күндөн тартып жараксыз деп табылат;
3) ушул Кодекстин 114-1, 114-2 жана 114-3-беренелеринин талаптарына ылайык салык төлөөчүнүн ишине КНС боюнча иликтөө дайындалат;
3. Ушул беренеде белгиленген негиздемелер боюнча КНС боюнча каттоону токтото туруу салык төлөөчүнү КНС боюнча салык милдеттенмелерин аткаруудан, ошондой эле эсептелген жана/же эсептелүүгө тийиш болгон пайыздардан, туумдардан жана салык санкцияларынан бошотпойт.
4. Салык төлөөчү тарабынан КНС боюнча отчет берилүүгө тийиш болгон күндүн кийинки күнүнөн тартып, 2 календардык айдан кечиктирилбестен КНС боюнча отчет берилген шартта, КНС боюнча каттоо кайра жаңыртылат.
КНС боюнча каттоо КНС төлөөчү отчет берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып кайра жаңыртылат.
5. КНС боюнча каттоо кайра жаңыртуу салык төлөөчүгө эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин алуу укугун берет, бирок КНС боюнча каттоону токтото турууга алып келген натыйжалар жокко чыгарылбайт.".
18. 230-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"230-берене. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу
1. Эгерде беримдердин салык салынуучу наркы акыркы 12 айдын ичинде каттоо чегинен ашпаса, КНС боюнча милдеттүү түрдө катталган салык салынуучу субъект каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.
2. Салык салынуучу субъекттин банкроттук процесси козголгон учурда КНС боюнча каттоо жокко чыгарылат. Каттоону жокко чыгаруу банкроттук жол-жобо башталган күндөн кийинки 10 күндүн ичинде арыз берүүгө милдеттүү атайын администратордун арызы боюнча жүргүзүлөт.
3. Салык салынуучу субъект, эгерде ал жоюлуу жөнүндө чечим кабыл алынган айдан кийинки айдан кечиктирбестен жоюлууга байланыштуу салык салынуучу беримдерди жүзөгө ашырууну токтотсо, каттоону жокко чыгаруу максатында салык органдарына арыз менен кайрылууга милдеттүү.
4. Салык төлөөчүнүн арызы боюнча салык кызматы органдары салык салынуучу беримдерди жүзөгө ашырганга чейин товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдерин жүзөгө ашыруу жөнүндө ниети токтотулса, КНС боюнча ыктыярдуу каттоону жокко чыгарууга милдеттүү.
5. Каттоо жокко чыгарылган учурда салык салынуучу беримдердин КНСтин суммасынан ашык сатып алынган материалдык ресурстардын КНСте ашкан суммасы ушул бөлүмдө белгиленген тартипте толтурулууга же кайтарылууга тийиш.
6. Отчет берилүүгө тийиш болгон күндүн кийинки күнүнөн тартып
2 календардык айдын ичинде салык төлөөчү тарабынан КНС боюнча отчет берилбеген учурда, салык органынын чечиминин негизинде салык төлөөчүнүн арызы жок эле, КНС боюнча каттоого алуу жокко чыгарылат, салык төлөөчү КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесинен чыгарылышы мүмкүн.
Эгерде, өз ара көз каранды субъекттердин аныктамасына кирген КНС төлөөчүнүн башкаруу органдарынын кызмат адамдары же анын бир же бир нече катышуучулары:
- мурда КНС боюнча каттоосун салык органы жокко чыгарган субъекттерди башкарганы же субъекттерди уюмдаштырганы;
- жараксыз же жалган эсеп-фактураларды тариздөө жана берүү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган фактысы табылса, КНС боюнча салык төлөөчүнү каттоону жокко чыгаруу үчүн негиз болот.
Каттоону жокко чыгаруу салык органы тарабынан чечим кабыл алынган айдын кийинки айынын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.
7. Ушул беренеде каралган учурлардан тышкары КНСти төлөөчү катары ыктыярдуу катталган субъектти каттоо, мындай каттоо күчүнө кирген күндөн тартып 24 ай өткөнгө чейин жокко чыгарылышы мүмкүн эмес.
8. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арызды берген учурда салык салынуучу субъект же атайын администратор КНС боюнча салык отчетун берүүгө милдеттүү.
Эсеп-фактуралардын пайдаланылбаган номерлери ушул Кодексте белгиленген тартипте жараксыз деп таанылат.
9. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу салык төлөөчүнү КНС боюнча салык милдеттенмелерин аткаруудан, ошондой эле эсептелген жана/же эсептелүүгө тийиш болгон пайыздарды, туумдарды жана салык санкцияларын төлөөдөн бошотпойт.".
19. 265-берененин 7-бөлүгүнүн 2-пункту "өндүрүүгө кеткен" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык эсептелген амортизациянын суммасына карата азайтылган" деген сөздөр менен толукталсын.
20. 266-берененин 9-бөлүгүндөгү "жана жоголду" деген сөздөр алып салынсын.
21. 271-берененин 5-бөлүгүндөгү "жана жоголду" деген сөздөр алып салынсын.
22. 275-берененин 1-бөлүгүндөгү "жана жоголгон" деген сөздөр алып салынсын.
23. 278 - 280-беренелери төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"278-берене. КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу
1. КНСтин ашып кеткен суммасы болуп чегерилүүгө тийиш болгон сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммасы менен салык салынуучу субъекттин салык салынуучу беримдери боюнча эсептелген КНСтин суммасынын ортосундагы оң айырма саналат.
2. КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу болуп салык салынуучу субъекттин белгилүү бир салыктык мезгил үчүн КНСтин ашып кеткен суммасын кийинки салык мезгилдеринин эсептелген туумдарынын, салык санкцияларынын, КНСтин, ошондой эле ушул салык салынуучу субъекттин импортуна КНСтин эсебине кошуу саналат.
3. Салык салынуучу субъекттин КНСнин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) салык салынуучу субъекттин арызы жок эле анын КНС боюнча туумдарынын жана салык санкцияларынын төлөө эсебине;
2) салык салынуучу субъекттин арызы жок эле кийинки салык мезгилиндеги анын КНС боюнча салыктык милдеттенмелеринин эсебине;
3) салык салынуучу субъекттин арызынын негизинде товарлардын импортуна КНСтин эсебине.
279-берене. Нөлдүк ставкалар боюнча салык салынуучу беримдерге карата КНСтин ашып кеткен суммасын кайтаруу
1. Эгер салык салынуучу субъект беримдерди нөлдүк ставка менен жүзөгө ашырса жана бул беримдердин наркы удаалаш келген 6 календардык айдын ичинде ошол мезгилдеги салык салынуучу беримдердин жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмести түзсө, анда мындай субъект КНСтин ашып кеткен суммасын кайтарууга укуктуу.
КНСтин ашып кеткен суммасын кайтаруу болуп КНСтин ашып кеткен суммасын башка салыктарды төлөөнүн эсебине кошуу, ошондой эле ашып кеткен суммаларды бюджеттен салык салынуучу субъекттин банктык эсебине төлөп берүү саналат.
2. Салык салынуучу субъектке КНСтин ашып кеткен суммасын кайтаруу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) анын салыктардын башка түрлөрү боюнча салык карызын төлөө эсебине;
2) КНСтин ашып кеткен суммасын анын банктык эсебине төлөп берүү.
3. КНСтин ашып кеткен суммасы нөлдүк ставка боюнча беримдерди ишке ашыруучу салык салынуучу субъекттин банктык эсебине товарларды импорттоого КНС боюнча милдеттенмени кошкондо, салыктардын башка түрлөрү боюнча салык карызы жок болгондо гана кайтарылууга тийиш.
4. Салыктардын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу, бөлүп төлөө мүмкүндүгү берилген учурда кайтаруу жүргүзүлбөйт.
280-берене. КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруунун жана/же кайтаруунун тартиби
1. Эгерде, салык төлөөчү КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген болсо, КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
2. КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилбеген салык төлөөчүлөр үчүн КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу ушул берененин 10 жана 11-бөлүктөрүндө каралган тартипте, чегерүүгө болгон укугу КНС боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы менен ырасталган КНСтин ашып кеткен суммасынын чегинде ишке ашырылат.
3. КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине бул Тизмеге киргизүү үчүн критерийлерге иши шайкеш келген салык төлөөчүлөр киргизилет. Салык салынуучу субъектти КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизүү үчүн критерий болуп бир убакта төмөнкү шарттарды сактоо саналат:
1) салык салынуучу субъект КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизүү тууралуу арызын берген учурга карата ал удаалаш келген 12 календардык айдан аз эмес мезгилдин ичинде КНС төлөөчү болуп саналса;
2) салык салынуучу субъекттин салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карыздары жок болсо;
3) удаалаш келген 12 календардык айдан аз эмес мезгилдин ичинде салык салынуучу субъекттен жараксыз же жалган эсеп-фактуралар боюнча КНСти чегерүү фактысы аныкталбаса;
4) салык салынуучу субъекттин КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизүү тууралуу арызын берүү жана/же кароо учуруна карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын же бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузгандыгы үчүн козголгон кылмыш ишинин жоктугу.
4. Салык органы салык төлөөчүнүн КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизүү тууралуу арызын кабыл алууга милдеттүү. Текшерүүнүн жыйынтыгы салык органы тарабынан КНС боюнча иликтөө аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып 3 иш күнүнөн кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу салык органына берилет. Салык төлөөчүнү КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизүү тууралуу чечим ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан КНС төлөөчү арыз берген күндөн тартып 40 календардык күндөн кечиктирилбестен кабыл алынат.
5. КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп бул Тизмеге киргизүү ушул Кодексте белгиленген критерийлерге салык төлөөчүнүн шайкеш келбеши саналат.
6. Салык төлөөчүнү КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесинен чыгарууга төмөнкү учурларда жол берилет:
1) жалган эсеп-фактураларды пайдалануу менен КНС боюнча мыйзамсыз чегерүү фактысы аныкталган учурда салык органынын чечиминин негизинде;
2) КНС боюнча каттоо токтотулганда;
3) КНС боюнча каттоо жокко чыгарылганда.
7. Салык төлөөчүнү КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесинен чыгаруу тууралуу чечимге салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген тартипте каршы чыгышы мүмкүн.
8. КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине кирген субъекттерге КНСтин суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу жөнүндө чечим ушул Кодекстин 278-беренесинде каралган учурлардан тышкары, арыздын негизинде берилет.
9. КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген субъекттер үчүн КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу тууралуу чечим ашып кеткен суммага карабастан ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык жана/же функционалдык бөлүктөрү тарабынан кабыл алынат.
10. КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген субъекттер үчүн КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу тууралуу чечим субъект тарабынан ашып кеткен сумманын ордун толтуруу жана/же кайтаруу тууралуу арыз берилген күндүн кийинки күнүнөн кечиктирилбестен кабыл алынат.
КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине кирген субъекттерге КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу 10 иш күнүнөн ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
11. КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилбеген субъекттер үчүн КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу ушул Кодекстин 278-беренесинде каралган учурлардан тышкары, КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу тууралуу арызды салык органы алган күндөн кийинки 45 календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
Нөлдүк ставка менен беримдерди жүзөгө ашырган салык төлөөчүнүн арызына КНС боюнча акыркы жолу текшерүү жана/же иликтөө жүргүзүлгөн учурдан башталган мезгил үчүн төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:
1) жүктүк бажы декларациялар;
2) тиркарнет сыяктуу багытталган өлкөгө импортту ырастаган документ, эл аралык темир жол аркылуу жүк ташууда таризделүүчү эл аралык товардык-транспорттук коштомо кагаз, коштомо кагаз, келишимдерге же контракттарга ылайык товар үчүн төлөнгөн фактыны ырастоочу төлөм документи.
12. КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилбеген субъекттер үчүн КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу тууралуу чечим ушул Кодекстин 114-1, 114-2 жана 114-3-беренелерине ылайык милдеттүү түрдө КНС боюнча иликтөөнүн негизинде кабыл алынат:
1) ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык жана/же функционалдык бөлүктөрү тарабынан:
а) салыктын ар бир түрү боюнча өз-өзүнчө айына 10000 эсептик көрсөткүчкө чейинки суммалар боюнча;
б) КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген салык салынуучу субъекттер боюнча орду толтурулган жана кайтарылган суммага карабастан;
2) КНСтин ашып кетүүсүнүн суммасынын ордун толтуруу жана кайтаруу боюнча комиссия тарабынан - КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген салык салынуучу субъекттер тарабынан көрсөтүлгөн суммалардан тышкары, айына 10000 эсептик көрсөткүчтөн жогорку суммалар боюнча.
КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана кайтаруу боюнча комиссиянын курамы жана анын иштөө регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
13. КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтаруу, ошондой эле дипломатиялык жана аларга теңештирилген өкүлчүлүктөргө ушул Кодекстин 278, 279 жана 281-беренелерине ылайык КНСти кайтарып берүү Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.".
24. 282-беренеде:
- берененин аталышындагы "жана документтер" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. КНСтин эсеп-фактурасы салык салынуучу беримдерге карата салык салынуучу субъект тарабынан таризделүүчү жана төмөнкү шарттарга шайкеш келүүчү салыктык документ болуп саналат:
1) ушул Кодексте белгиленген тартипке ылайык КНС төлөөчүнүн эсеп-фактурасына серия жана номер ыйгарылган;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттүү реквизиттер толтурулган.
Ушул бөлүктүн шарттарына шайкеш келбеген эсеп-фактура жараксыз болуп саналат.
Ушул бөлүктүн шарттарына шайкеш келген, бирок жалган бүтүмдөрдү түзүүдө салык салынуучу беримдерди түзүү ниети жок көрүнүш үчүн гана таризделген КНСтин эсеп-фактурасы КНСтин жалган эсеп-фактурасы деп саналат.
КНСтин жараксыз жана/же жалган эсеп-фактурасынан тышкары, ушул бөлүмдө каралган тартипте сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммаларын чегерүүгө кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.";
- 8 жана 9-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
- 10 жана 11-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Салык салынуучу субъекттин эсеп-фактураларынын бланкаларына эсеп-фактуралардын номерлери жана сериялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген чектөөлөрдү эске алуу менен, салык органына берилген арыздын негизинде ыйгарылат.
11. Ыйгарылган серияларды жана номерлерди көрсөтүү менен эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин ыйгаруу жөнүндө чечим жана эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин ыйгаруудан баш тартуу тууралуу чечим эгерде, арыз ал берилген күндүн биринчи жарымында катталган болсо, салык салынуучу субъект арыз берген күнү салык кызматы органы тарабынан салык салынуучу субъектке берилет.
Эгерде салык салынуучу субъекттин арызы ал берилген күндүн экинчи жарымында катталган болсо, эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин ыйгаруу жөнүндө чечим же эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин ыйгаруудан баш тартуу тууралуу чечим субъект арыз берген күндөн кийинки иш күндүн биринчи жарымында салык кызматы органы тарабынан салык салынуучу субъектке берилет.
Ыйгарылган серияларды жана номерлерди көрсөтүү менен эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин ыйгаруу жөнүндө чечим жана эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин ыйгаруудан баш тартуу тууралуу чечим белгиленген тартипте тапшырылат.
Эгерде салык салынуучу субъект арыз берген күндөн тартып 10 календардык күндөн ашкан мөөнөттүн ичинде эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин ыйгаруу жөнүндө салык органынын чечимин алуудан баш тартса, салык кызматы органы эсеп-фактуралардын номерлерин жана серияларын ыйгаруу жөнүндө чечимди бузуу жана аларды жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.";
- берене төмөнкүдөй мазмундагы 12-бөлүк менен толукталсын:
"12. КНСтин эсеп-фактурасынын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
337-берененин 6-бөлүгүндөгү "жана үч жолудан ашырбай" деген сөздөр алып салынсын.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
6-берене.
Ушул Мыйзам 2015-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирүүчү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 114-2-беренесинин 1-бөлүгүнөн жана 280-берененин 4-бөлүгүнөн тышкары, 2015-жылдын 1-январынан тартып кирет.
7-берене.
Ушул Мыйзамдын 4-беренеси ал күчүнө киргенден кийин төмөнкүдөй тартипте колдонулат:
1) салык төлөөчүнүн КНСти башкаруу маселеси боюнча кароого кабыл алынган арызын кароо жана ал боюнча ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин кабыл алынбаган чечим ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат;
2) КНС боюнча каттоо чегинен ашып кеткенине байланыштуу КНС боюнча каттоого алуу тууралуу салык төлөөчүнүн арызын кароо ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин колдонуудагы салык мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат;
3) салык төлөөчү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып жана ушул Мыйзам күчүнө кирген айдан кийинки экинчи айдын акыркы күнүнө чейинки мезгилде ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата анын тескөөсүндө калган КНСтин эсеп-фактураларынын так отчеттук бланкаларын салык салынуучу беримдерди тариздөө үчүн пайдаланууга укуктуу;
4) КНСтин эсеп-фактураларынын реестрлери Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып жана ушул Мыйзам күчүнө кирген айдан кийинки экинчи айдын акыркы күнүнө чейинки мезгил үчүн ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата салык төлөөчүнүн тескөөсүндө калган КНСтин эсеп-фактуралары так отчеттук бланкаларына карата салык төлөөчү тарабынан берилүүгө тийиш;
5) ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата кошумча нарк салыгынын ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана кайтаруу жөнүндө чечим ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин колдонулган редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 280-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кабыл алынуучу Салык салынуучу субъекттердин тизмесине киргизилген КНС төлөөчү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып КНСтин ордун толтуруу жана/же кайтаруу боюнча салык төлөөчүлөрдүн тизмесине арыз берүүсүз жана КНС боюнча иликтөөсүз киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Президенти