Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
1998-жылдын 8-июлу N 450
1998-2001-жылдарга Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү Концепциясы жөнүндө
Айыл чарбасын андан ары чыңдоо жана аны андан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1998-2001-жылдарга Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү Концепциясы бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба министрлиги, областтардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары экономиканын айыл чарба секторун өнүктүрүүдөгү маанилүү маселелерди чечүүдө ушул концепциянын жоболорун жетекчиликке алсын.
Премьер-министри |
| К.Жумалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 8-июлундагы N 450 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын 1998-2001-жылдарда өнүктүрүүнүн КОНЦЕПЦИЯСЫ
I. Киришүү
Ушул концепция "Аткаруу бийлигинин борбордук органдарынын структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 3-апрелиндеги Указын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 15-апрелиндеги N 195 токтомуна ылайык иштелип чыкты.
Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн концепциясы келечекте төмөндөгү негизги үч багытты чечүүнү көздөйт:
- айыл чарбасынын негизги продукциялары боюнча азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу;
- финансылык ресурстар менен реалдуу камсыз болгон көлөмдө өнөр жайынын сырьего болгон керектөөсүн канааттандыруу;
- товар берүүчүлөр менен товар алуучулардын ортосунда түзүлгөн келишимдердин, контракттардын шарттарына жараша тармактын экспорттук күч-кубатын арттыруу.
II. Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн азыркы күндөгү тенденциясы
1991-жылы башталган экономикалык реформа көп тармактуу экономиканын негизин түзүп, жерди кайра уюштурууну ишке ашырууга мүмкүнчүлүк ачты.
Жер жана агрардык реформанын иштелип чыккан программасында республикада 1991-1996-жылдардын аралыгында агрардык сектордогу социалдык-саясий кырдаалды турукташтыруу боюнча этаптарга бөлүнгөн иш-чаралар, рыноктун структураларды түзүү, жеке менчикке ээ болууда граждандардын укугун ишке ашыруу каралган. Негизинен Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев демилгечи болуп саналган айыл чарбасын реформалаштыруу боюнча мына ушул башкы багыт аткарылды.
Өз ыктыярдуу негизде ар кандай чарбакер субъектилер, жеке менчиги бар фермерлик чарбалар, кооперативдер, акционердик коомдор, бирикмелер жана коллективдүү чарбалар түзүлдү. Бүгүнкү күндө 54,4 миңден ашык ар кандай формадагы менчиги бар чарбакер субъектилер уюштурулду.
Реформаны ишке ашыруу граждандардын демилгелерин жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашыруу үчүн шарт түзүүгө, айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн укугун кыйла кеңейтүүгө мүмкүндүк берди. Чарбакер субъектилер бардык уюштуруучулук-укуктук формада өндүрүлгөн продукцияларга өз алдынча ээлик кылып, өндүрүштүн багытын, структурасын жана көлөмүн аныктай башташты.
Жеке чарбаларда маңдай тер төккөн эмгек зарылчылыкка айланды, ошондуктан жеке чарбалардын дээрлик бардык ишке жарактуу мүчөлөрү (80-90%) өндүрүш процессине катышууда, бирок алардын эмгеги анчалык жогорку өндүрүмдүү эмес, демек анын баасы да айыл чарбасында төмөнкү бойдон калууда.
Региондор аралык байланыштардын бузулушу, айыл чарбасындагы финансы-кредит системасынын жана агросервистин негизги инженердик-техникалык кызматынын ойрондолушу, айыл чарбасы менен өнөр жайынын ортосундагы баалардын тең салмагынын бузулушу, ошондой эл кайра иштетүүчү уюмдарда финансылык каражаттардын жоктугу айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мурдагы структураларды өзгөртүп, өндүрүштүн көлөмүн азайтууга муктаж кылды.
Бирок, рыноктук мамилелерге багыт алган айыл чарбасы соңку эки жылда абалды бир кыйла оңой алды. 1995-жылы өндүрүштүн төмөндөшү токтоду, ал эми 1996-1997-жылдарда ал өсүшкө ээ болду. Өткөн жылы 1997-жылдын деңгээли менен салыштырганда дүң продукциянын өсүшү 19,7% түздү.
1997-жылы 1734 миң тонна эгин жыйналды (1996-жылдагы деңгээлине 121,8%) анын ичинде буудай - 1400 миң тонна (131,0%), тамеки - 25,7 миң тонна (143,7%), кант кызылчасы - 207,6 миң тонна (109,3%), картошка - 677,9 миң тонна (120,5%), жашылча - 478,7 миң тонна (130%), мөмө жемиш - 110,7 миң тонна (133,8%), жүзүм - 22,7 миң тонна (158,7%). Сүт саап алуу 910,9 миң тоннага (1996-жылдын деңгээлине карата 102,9%) көбөйүп, 163,8 миллион даана (102,6%) жумуртка даярдалды.
Малдын башы турукташып, өсүү тенденциясына ээ болууда. Бодо малдын саны 1996-жылдын деңгээлине салыштырганда 4,4 процентке өсүп, 884,8 миң башка жетти, кой менен эчки 2,4 процентке өсүп, 3804,9 миң башка чыкса, жылкы 325,4 миң башты түзүп, 1996-жылга салыштырганда 3,6 процентке көптүк кылды, чочконун саны 5,2 процентке, ал эми бакма канаттуулардыкы 9,8 процентке көбөйдү.
III. Келечектеги максаттар жана милдеттер
Айыл чарбасы азыркы учурда ресурстардан айрылуу принциби боюнча иштеп жатат. Тракторлордун, автомашиналардын, комбайндардын жана башка айыл чарба машиналарынын парктары кыскарып, алардын жалпы абалы начарлоодо. Машина-трактор паркын жаңылоо жайбаракат жүргүзүлүүдө. 1997-жылы мурда алынуучу 3500 бирдиктин ордуна 145 трактор, 65 үрөн жыйноочу комбайн алынды.
Минерал жер семирткичтерин, пестициддерди, гербициддерди пайдалануу жана мал чарбасында зооветеринардык препараттарды колдонуу улам азаюуда. Эгерде 1990-жылы 178,8 миң тонна минералдык жана 2950,6 миң тонна органикалык жер семирткичтери пайдаланылса, 1996-жылы 15,8 миң тонна же, 1990-жылдын деңгээлине карата 8,9% минералдык семирткич пайдаланылган. 1996-жылы 65,6 миң тонна органикалык жер семирткичтер пайдаланылган, бул 1990-жылдын деңгээлинин 2,2 процентин түзөт.
Ошондуктан керектөөгө кеткен чыгымдардан кийин кирешенин кыйла бөлүгүн пайдаланылган капиталдын-жер семирткичтердин жана өндүрүш ресурстарынын ордун толтурууга белендөө менен кирешенин деңгээлин камсыз кылуу айыл чарба өндүрүшүнүн келечектеги башкы милдеттеринен болуп саналат.
Узак мөөнөттүү стратегиянын максаты Кыргызстандын азык-түлүккө көз каранды эместигин камсыз кылуу аркылуу агрардык экономиканы кризистик абалдан алып чыгып, айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн өсүшүн камсыз кылуу, айыл чарба продукцияларын түпкү продукт катары республиканын тамак-аш жана кайра иштетүүчү ишканаларында максималдуу түрдө кайра иштетүүгө багыт алуу менен тамекини, пахтаны, кант кызылчасынын, беденин жана эспарцеттин үрөнүн, мөмө, жашылча-жемишти экспорттоону көбөйтүү болуп саналат.
Экономикалык максаттарга жетишүү үчүн жерге жана өндүрүштүн башка каражаттарына чарба жүргүзүүнүн көп түрдүү формалары менен менчиктин ар кандай формаларын киргизүүнүн негизинде жер жана агрардык реформаны жүргүзүүгө, агроөндүрүштүк комплексте атаандашууга жарамдуу чөйрөнү түзүүгө, агрардык рынокту өнүктүрүүгө, айыл чарбасынын өндүрүш потенциалын, жаратылыш ресурстарын, адам жана өндүрүш капиталдарын келечекке сактоого, биринчи иретте айдалуучу жердин түшүмдүүлүгүн арттырып, алардын мелиоративдик абалын жакшыртууга, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн прогрессивдүү технологиясын жапырт пайдаланууга, үрөнчүлүктү өркүндөтүүгө жана асыл-тукум малдын генофондун сактоого негизги орун бөлүнөт.
Жер жана агрардык реформанын андан ары тереңдеп тамыр жайышы баарыдан мурда жерге жеке менчиктин конституциялык нормаларын киргизүүгө жана толук жер рыногуна байланышкан. Ал үчүн нормативдик-укук базасы өркүндөтүлүп, жерге жеке менчикти киргизүүнүн канчалык маанилүү экендиги, реформанын жүрүшүндө ээ болгон укук менен милдеттерди кантип пайдалануу керектигин калайык калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү.
Маалымат менен камсыз кылуунун жана кеп-кеңеш берүүнүн мыкты жолго коюлган системасысыз рыноктук мамилелерге өтүү мүмкүн эмес. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн негизги түрлөрү, мал, үй канаттуулары жана материалдык-техникалык ресурстар боюнча өндүрүшчүлөрдү, кайра иштетүүчүлөрдү жана айыл чарба продукциясын керектөөчүлөрдү туура, үзгүлтүксүз жана өз учурундагы рынок маалыматтары менен камсыз кылуу максатында, ошондой эле рыноктун ачык-айкын болушуна жетишүү жана экспорттук кудуретти күчөтүү үчүн республикада айыл чарба консультацияларынын бирдиктүү республикалык фондусунун иш-аракетин координациялоо боюнча түзүлгөн. Кыргыз агроөнөржайлык рыноктук маалымат системасынын (КАРМС) иши күчөтүлөт.
Айыл чарбасынын 2005-жылга карата экономикалык өсүшүн баалоо тармактын дүң продукциясынын өсүшүнүн жеке темпи 1997-жылдын деңгээлине карата 23,3 процентти түзөрүн, ал эми айыл чарбасынан түшкөн киреше 30 проценттен ашарын көрсөтүүдө. Түздөн-түз айыл чарба өндүрүшүндө иштегендердин саны 20 процентке чейин кыскарат, бул эмгек өндүрүмдүүлүгүн, ошону менен бирге айыл тургундарынын кирешесин көтөрүү менен аны орто жашоо деңгээлине жакындатат.
Калктын керектөөсү толук түрдө канааттандырылган айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн өсүшү керектөөнүн өсүш темпине ылайык келүүгө тийиш, ал эми калктын керектөөсү камсыз болбогон айыл чарба продукциясын өндүрүүнү толук түрдө камсыз болгонго чейин көтөрүү зарыл.
Жогоруда айтылган максаттар менен милдеттерден улам орто жана чакан ишкердикти (фермердик, дыйкан жана жеке үй чарба) өнүктүрүү, рыноктук инфраструктураны калыптандыруу, кредиттик ресурстар менен камсыз кылуу жана алардын айыл чарба өндүрүшчүлөрүнө жеткиликтүү болушу, өндүрүштү стимулдаштыруу жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, айыл чарба продукциясынын маркетингинин натыйжалуу системасын жана каналдарын иштеп чыгуу жана түзүү, жаңы сатып өткөрүү рыногун табуу, учур талабына шайкеш, алдыңкы технологияны жана башкаруу формаларын киргизүү, республиканын агроөнөржай комплекстерине чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана алуу үчүн шарт түзүүнүн негизинде айыл чарба продукциясын өндүрүүдө келечекте структуралык кайра куруу күтүлүүдө.
IV. Айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктары
Кыргыз Республикасы агрардык өлкө болуп саналат, ошондуктан айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун көтөрүү жалпысынан мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө көмөктөшөт. Жүргүзүлүп жаткан реформалар жана менчиктөө формасына карабастан бардык чарбакер субъектилердин ишмердиги үчүн укуктук негиз түзүү өндүрүштү башкаруунун алдыңкы методдорунун жаңы технологиясын киргизүүгө, айыл чарбасын агроөнөржай комплексинин башка тармактары менен байланышын чыңоого, айыл чарба продукцияларын экспорттоо үчүн жаңы сатып өткөрүү рыногун табууга шарт түзөт.
Тармакка капиталды киргизүүнүн негизги проблемасы келечекте перспективалуу жана өндүрүмдүү иштеп жаткан чарбаларга ички жана чет элдик инвестицияларды тартуу аркылуу чечилүүгө тийиш.
Айыл чарбасынын негизги продуктыларына азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу аларды республикага ташып келүүгө, демек ошого жараша валютанын сыртка кетишин кыскартууга мүмкүндүк берет. Айыл чарба продукциясын экспорттоо жана аны кайра иштетүү валютанын келишин көбөйтөт, аны өндүрүш процессинде сарпталган өндүрүштүк ресурстарды калыбына келтирүү үчүн пайдаланса болот.
Айыл чарба өндүрүшүнүн азыркы структурасы негизинен республиканын жаратылыш жана экономикалык шартына ылайык келет, бирок айрым өзгөртүүлөр зарыл керек.
Келечекте эгинди, май өсүмдүктөрүнүн, картошканын аянтын, аларды өндүрүүнүн көлөмүнө залакасын тийгизбей туруп кыскартуунун эсебинен пахтаны, тамекини, фабрикалык кант кызылчасын, көп жылдык чөптү айдоону кеңейтүү каралууда.
Эгин проблемасын чечүү биринчи кезектеги милдеттерден болуп саналат. 1996-жылдан баштап республиканын калкынын азык-түлүк эгинине болгон керектөөсү чечилди. Бирок мал чарбасын жем жана "Кыргызпатока заводу" ГАОсунун жүгөрү сырьесу менен камсыз кылууда проблема бар. Мына ушуга байланыштуу 2000-жылга карата эгин өндүрүүнүн көлөмү 1,9 миллион тоннага, ал эми келечекте 2,5 миллион тоннага жетет. Болгондо да азык-түлүк буудайын өндүрүүнүн көлөмү 1400 миң тоннанын деңгээлинде турукташмакчы, бул калктын ички керектөөсү үчүн жана республикадан сырткары 250-350 миң тоннанын экспорттоо үчүн жетиштүү. Эгин даярдоонун өсүшү көп жылдык чөптү айдоону кеңейтүү үчүн айдоо аянттарын кыскартуу менен бирге өндүрүштү интенсивдештирүүнүн, агротехниканы сактоонун, түшүмдүүлүктү жогорулатуунун эсебинен жүзөгө ашырылат.
Үрөнчүлүк проблемасын чечүү өсүмдүк чарбасынын негизги маселелеринен болуп саналат.
Ички керектөөнү камсыз кылуу жана өтө кирешелүү продукцияны экспорттоо үчүн адистештирилген мамлекеттик жана жеке үрөнчүлүк чарбаларынын тармагын түзүү аркылуу үрөн өндүрүүнү өндүрүштүк негизде ишке ашыруу каралууда.
Кант кызылчасын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү да приоритеттүү милдеттердин ичине кирет. Республиканын калкынын кантка болгон керектөөсү 170 миң тоннаны түзөт. Айдоо аянттарын кеңейтүүнүн жана кызылча плантациясынын түшүмдүүлүгүн көтөрүүнүн эсебинен кант кызылчасын өндүрүүнүн көлөмүн 2005-жылга 420 миң тоннага жеткирип, келечекте 700 миң тоннага көтөрүү каралууда, бул калктын кантты керектөөсүнүн 90 процентин канааттандырат. Фабрикалык кант кызылчасын өндүрүүнү көбөйтүү айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн кирешесин көбөйтүп, кошумча жумушчу орундарды түзөт.
Пахтачылык. Өзүбүз өндүргөн сырье пахтаны кайра иштетүүчү ишканалардын кубаттуулугунун жарымын гана камсыз кылууда. Чет өлкөлөрдөн келүүчү пахта-буласына болгон зор муктаждык анын өндүрүшүн натыйжалуу кылууда. Ошондуктан пахта сырьесунун көлөмүн көбөйтүүнүн зарылчылыгы бар. 1997-жылы пахта сырьесунун дүң жыйымы 62,4 миң тоннаны түзгөн. Келечекте айдоо аянтты кеңейтип, агротехниканы жакшыртып, иштетүүнүн технологиясын өркүндөтүү аркылуу пахта сырьесун өндүрүүнүн көлөмүн 100-120 миң тоннага жеткирүү каралууда.
Тамекичиликти өндүрүү агроөнөржай комплексинин экономикалык абалын кыйла деңгээлде жакшыртат. Тамеки республика экспортко чыгаруучу товарлардын башкыларынын бири болуп саналат. Тамекини сырье катары эмес, даяр тамеки продукциясы катары экспортко чыгаруу пайдалуу. Ошондуктан тамеки өскөн зоналарда сигарет фабрикаларын куруу долбоорлорун турмушка ашыруу зарыл.
Жакынкы жылдарда тамеки сырьесун өндүрүүнү 35 миң тоннага, ал эми келечекте жылына 50 тоннага жеткирүү каралууда. Айдоо жерлеринин 15-20 миң гектарын ушул өсүмдүккө берүү менен, анын түшүмүнүн деңгээли ар бир гектардан 25-30 центнерден алуу каралууда. 2000-жылга чейин кубаттуулугу жылына 8,0 миллиард даана сигаретке жеткен тамеки фабрикасынын курулушу жана ишке киргизилиши каралууда. "Реемст" фирмасы жана "Реемст-Кыргызстан" АК орток ишканасы 60,0 миллион АКШнын доллары суммасындагы инвестицияны ишке салууда. Ушуга байланыштуу 2000-жылга карата тамеки өндүрүү 40,0 миң тоннага жетет.
Өсүмдүк майына керектөөнү канааттандыруу үчүн май берүүчү өсүмдүктөрдүн дүң өндүрүмүн 59 миң тоннага чейин көбөйтүү каралууда. Бул жакынкы жылдарда түшүмдүүлүктү 12 центнерге көтөрүүнүн эсебинен жетишилүүгө тийиш, 1997-жылы гектарынан 6,9 центнер алынган. Алардын айдоо аянттары үстүбүздөгү жылдагы 55,1 миң гектардан келечекте 50,0 миң гектарга чейин кыскарат.
Картошка өстүрүү. Республика эки жылдан бери калктын картошкага болгон керектөөсүн толук түрдө камсыз кылууда жана аны экспорттоого мүмкүнчүлүгү бар. Чет өлкөлүк рыноктун жана республиканын кайра иштетүүчү ишканаларынын керектөөсү болсо, картошканы өндүрүүнүн көлөмү дагы кыйлага өсүшү мүмкүн.
Картошканы экспорттоодо байланыштын жоктугунан картошка өндүрүүнүн көлөмү 600 миң тоннанын тегерегинде болууда.
Натыйжада айдоо аянты 1997-жылдагы 56,1 миң гектардан келечекте 20-30 миң гектарга кыскарууда. Белгиленген өндүрүү көлөмү үрөнчүлүктү жакшыртуунун, өтө натыйжалуу технологияны киргизүүнүн эсебинен түшүмдүүлүктү көтөрүү аркылуу жетишилмекчи.
Республикада жашылча өсүмдүктөрү ички керектөө үчүн жетиштүү санда өстүрүлүүдө. Бирок анын кыйла бөлүгү кайра иштетүүгө, сактоого жана соода точкаларына жеткизүүгө байланышкан проблемалардын чечилбегендигинен улам ысырапка учуроодо. Келечекте жогорку түшүмдүү сортторду жана алдыңкы технологияны пайдалануу менен түшүмдүүлүктү көтөрүүнүн эсебинен жашылча өсүмдүктөрүн өндүрүүнүн көлөмү өсмөкчү, ал эми жашылча өсүмдүктөрүнүн айдоо аянты 3,0 миң гектарга кыскартылат. Кайра иштетүүчү тармактын өсүшүнө жараша жашылча өндүрүүнү 550-600 миң тоннага жеткирүү зарыл.
Бакча өсүмдүктөрүн өндүрүү 48-50 миң тоннанын чектеринде болот.
Өндүрүштү интенсификациялоонун негизинде бошотулган айдоо аянттарын көп жылдык чөптөрдү айдоону кеңейтүү үчүн пайдаланылат, ал мал чарба продукцияларын өндүрүүнү көбөйтүүгө көмөктөшүү менен бирге, чарбакер субъектилерге жер кыртышынын түшүмдүүлүгүн сактап жакшыртууга жардам берет Тоют өсүмдүктөрү үчүн айдоо аянты келечекте жалпы айдоо аянтынын 30 процентин түзөт жана 1997-жылга салыштырганда тоютту 50 процентке көп өндүрүүгө мүмкүнчүлүк ачат.
Багванчылык жана жүзүм өстүрүү келечекте жогорку рентабелдүү тармак болушу керек. Мына ушуга байланыштуу алардын аянты андан ары акырындап көбөйтүлүүгө тийиш, бул аны республикадан сырткары жерлерге экспорттоого мүмкүнчүлүк ачат 45 миң гектар жерден өндүрүлүп алынган жер-жемиш жана мөмөнүн көлөмү 140 миң тоннаны түзөт, ал эми 9,0 миң гектар жерден алынган жүзүм 30-35 миң тоннанын чегинде болот.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн көбөйтүүнүн жана алардын сапатын жакшыртуунун негизи селекциялык-үрөнчүлүк иштерди жакшыртуу болуп саналат. Үрөнчүлүктү жөнгө салуунун эсебинен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн 20 жана андан ашык процентке көтөрүүгө болот.
Республиканын жаратылыш-климаттык өтө ыңгайлуу шарты айыл чарба өсүмдүктөрдүн үрөнүнө болгон анын керектөөсүн толугу менен камсыз кыла алат жана ири көлөмдөгү үрөндү алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө сатууга жана жакынкы жылдарда өз ара пайдалуу келишимдик башталышта 3,0 миң тонна кант кызылчасынын үрөнүн, ошондой эле сандагы беденин үрөнүн жана 5,0 миң тонна жүгөрү үрөнүн сатууга жетишүүгө мүмкүнчүлүк ачат. Келечекте республикалык үрөнчүлүк ассоциациясы түзүлмөкчү, ал республиканын ичиндеги гана эмес, ошондой анын чегинен тышкаркы жерлердеги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн уругун өстүрүү жана сатуу боюнча уюштуруу маселелерин чечүүнү, тармакты материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылууну өз мойнуна алат.
Үрөнчүлүк ассоциациясы мурда уюшулган үрөнчүлүктү өнүктүрүү фондусу менен тыгыз байланышта иш алып барат. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү жана сатуунун сапаты үчүн көзөмөлдүк функцияны аткарууну республикалык үрөн инспекциясы өзүнүн областтык жана райондук структуралары менен ишке ашырат, ал эми пахтанын үрөнү боюнча көзөмөлдөөнү республикалык көзөмөлдөөчү-үрөнчүлүк пахта инспекциясы жүргүзөт.
Республикада 1998-1999-жылдарда айыл чарба үрөнүнүн республикалык жана областтык сертификация кызматы уюштурулат, бардык үрөндөр үчүн алардын сертификаты милдеттүү тартипте колдонулат.
Келечекте адал чарбачылыгын өнүктүрүү, малдын асыл тукумун жакшыртуу жана тоют базасын бекемдөөнүн эсебинен анын санын көбөйтүү жана азыктуулугун көтөрүү каралууда.
Мал чарбасындагы башкы милдет мал башынын азайышына жана мал менен бакма канаттуулардын азыктуулугунун төмөндөшүнө жол бербөө, ошондой эле жаңы технологияларды киргизүүгө инвестицияларды тартуу, ошондой эле малдын продукциясын өткөрүүдө маркетингди уюштуруу аркылуу мал чарбачылыгынын кирешелүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.
Келечекте кой чарбачылыгы, бодо мал жана жылкы чарбасы андан ары өнүгүүгө ээ болот.
Бүткүл Дүйнөлүк Банк тарабынан аткарылып жаткан кой чарбачылыгын өнүктүрүү программасы тармактан алынган продукциянын сапатын эл аралык стандарттын деңгээлине жеткирүүгө багытталган. Жүн менен кой этине болгон чет өлкөлүктөрдүн талабы анын сапатына жана туруктуу берилип турушуна негизденген. Жибек жүндүү койдун саны 2,0 миллион башты түзөт, бул 7,0 миң тонна жүндү алууну камсыз кылат. Экспортко кетүүчү кой эти бирдей салмактагы туш түрүндө козу эти менен берилет.
Мына ушул программага ылайык кой чарбачылыгынын ассоциациясын түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат, анын негизги максаты мал чарбасынын укуктук, экономикалык, социалдык жана кесиптик кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу болуп саналат.
Үстүбүздөгү жылы жүндүн маркетингдик борборун жана жүндү тестилөө боюнча лабораторияны түзүү пландаштырууда, бул мал чарба продукциясын чыгаруучулардын эл аралык рынокко чыгуусуна мүмкүнчүлүк ачат.
Айрым региондордо фермерлерге зооветеринардык сервисти жана койду жасалма тукумдаштырууну жүргүзүүгө жардам көрсөтүү боюнча пункттар уюштурулууда. Бул андан ары кеңейтилип, республиканын бардык жерлеринде колдонула баштайт. Кабыл алынып жаткан чаралар койдун башын 2005-жылга карата 3,8 миллиондон 4,5 миллион башка көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Алай жана башка эт жүндүү кой тукумдарын өнүктүрүү республиканын ички муктаждыктарын канааттандыруу үчүн керек.
Мал чарбачылыгынын продукциясын өндүрүү кеңири табигый жайыттарды . пайдаланууга гана негизденүүгө тийиш. Бул максаттарда келечекте алыскы жайыттарда маданий борборлорду (медпункттарды, байланышты) күтүүдө мамлекеттик колдоо көрсөтүү принциби сакталууга тийиш.
Мал чарбачылыгын өнүктүрүү сүт саап алууну көбөйтүү сыяктуу эле, эт өндүрүүнү көбөйтүү багытында да жүргүзүлүүгө тийиш.
Мал чарбачылыганда сүт саап алуу рентабелдүү болуп саналат, ошондуктан 2005-жылга карата республиканын калкынын сүткө жана сүт продуктуларына болгон керектөөсү канааттандырылат жана сүт продуктуларын чет өлкөлөргө экспорттоо мүмкүнчүлүгү жаралат.
2001-жылга карата бодо малдын санын 905,0 миң башка жеткирүү, анын ичинде тубар малды 491,5 миң башка жеткирүү каралууда.
Бул тармакты өнүктүрүү башка мыкты асыл тукумдар менен аргындаштыруу, ошондой эле таза тукумдарды өнүктүрүү жолу менен азык-түлүктүү уйлардын санын көбөйтүүнүн натыйжалуу методдорун ишке киргизүү. жана мал чарбачылыгынын интенсивдүүлүгүн көтөрүүнүн, чакан фермаларды түзүүнүн, швецариялык-кыргыз "Сүт" программасы жана герман-кыргыз "Эль-Вест" орток ишканасы өңдүү ишканаларды түзүү үчүн чет өлкөлүк инвестицияны тартуунун эсебинен ишке ашырылат.
Эт багытындагы мал чарбачылыгы республиканын калкынын этке жана тери сырьесуна болгон керектөөсүн канааттандыруу үчүн өнүгөт. Алыскы тоо жайыттарын рационалдуу пайдалануу үчүн "Кыргыз Республикасындагы топоз багууну өнүктүрүү" программасын ишке ашыруунун эсебинен топозчулук иши андан аркы өнүгүүгө ээ болот, бул программа мүнөз этин алуу жана топоздун жүнүнөн буюмдарды жасоо үчүн сырье даярдоо максатында топоздордун асыл тукумун өнүктүрүү үчүн мамлекеттик жардам көрсөтүүнү карайт.
Жылкы чарбасы негизинен республиканын ички муктаждыгын канааттандыруу максатында өнүктүрүлөт. Чет өлкөлүк инвестицияны тартуунун эсебинен асыл тукум күлүктөрдү жана экспорт үчүн спорт аттарын даярдоо боюнча иштер жандандырылат.
Күлүк жылкыларды багып өстүрүү фермер чарбаларынын рентабелдүүлүгүн көтөрүүгө кызмат кылат.Мындан тышкары, сүт катары гана эмес, менчик дарылоочу жайларды уюштуруунун эсебинен кымызды дарылоочу каражат катары өндүрүү каралууда. Жылкынын саны 2001-жылга карата 332 миң баштан кем эмести түзөт.
Тоют эгинин айдоону кеңейтүүнүн натыйжасында чочко жана үй канаттууларын багуу андан ары өнүктүрүлөт.
Чочко чарбасы чакан чочко фермаларын түзүүнүн жана жеке менчик секторунда анын башын көбөйтүүнүн эсебинен өнүктүрүлөт. Бул 2001-жылга карата чочконун башын 102,2 миңге жеткирип, чочко этин жана анын кайра иштетилген продуктуларын өндүрүүнү кескин көбөйтүүнү камсыз кылат.
Үй канаттуулар чарбасы министрлик тарабынан иштелип жаткан "Кыргыз Республикасында үй канаттууларын өнүктүрүү" программасын ишке ашыруунун, ошондой эле чет элдик инвестицияларды тартуу менен уюмдарды түзүүнүн эсебинен өнүгүүгө эз болот, бул үй канаттуулар чарбасынын өндүрүштүк тармагын түп тамырынан өзгөртүүгө шарт түзөт.
Бул эскилерин алмаштыруу менен жаңы технологиялык жабдууларды колдонуунун аркасында эт жана жумуртка багытындагы жаңы жогорку продуктылуу кроссторду пайдалануу боюнча селекциялык иштерди тереңдетүү аркылуу мүмкүн болот. Бул жабык түрдөгү өтө адистештирилген уюмдарга эт менен жумуртканы өндүрүштүк негизде өндүрүлүп, андан соң аларды кайра иштетип, соода түйүндөрүнө берип турууга мүмкүндүк берет.
Балчылыкты андан ары өнүктүрүү тармакты балчылыкка керектүү буюм-тайымдар менен жабдууну, дарылоо-профилактикалык иш чараларды жакшыртууну, мыкты технологиялык методдорду жана илимдин жетишкендиктерин киргизүүнү камсыз кылуучу анын индустриялык базасын түзүүгө негизденет. Республиканын балчыларынын бирикмесин түзүү каралууда.бул тармактын ыкчам өнүгүшү үчүн балчылардын күч аракетин жумшап, 2005-жылга карата аарылардын үйүрүн 273,0 миңге жеткирип, товардык балды 5,0 миң тоннага өндүрүүгө көмөктөшөт.
Балык чарбасын андан ары өнүктүрүү балык өндүрүүгө, республиканын калкынын керектөөсүн канааттандыруу үчүн балык продуктыларынын ассортиментин жана салатын кыйла көбөйтүүгө багытталган.
Балык алуунун көлөмүнүн кеңейиши балык товарларынын жалпы санын жана калк өтө керектеген тирүү балыктарды сатууну көбөйтөт.
1993-жылга чейин жалпы кармалган балыктын 70 проценттен ашыгын түзгөн көлмөлөрдөн балык кармоо иши балыкчылык тармагында өтө продуктивдүү жана келечектүү деп эсептелинген.
Бирок балык чарбасы менчиктештирилгенден кийин көлмө чарбаларынын өндүрүштүк кубаттуулугу канааттандырарлык эмес пайдаланууда. Балык чарбаларынын өндүрүштүк кубаттуулугун пайдалануу жокко эсе.
Келечекте товардык балык өндүрүүнүн негизги резерви Ысык-Көл, Соң-Көл, Токтогул суу сактагычы өңдүү көлдөр болууга тийиш.
Республикада балык чарбасы көлдөрдөгү жана көлмөлөрдөгү кубаттуулукту толук өздөштүрүүнүн, өндүрүштү интенцификациялоонун, балык чарба ишканаларынын көлмө фондуларын оңдоп калыбына келтирүүнүн жана реконструкциялоону өткөрүүнүн, балыкты жана жем организмин көбөйтүүнүн технологиясын өркүндөтүүнүн, балыктардын жаңы түрлөрүн киргизүүнүн эсебинен өнүгүүгө ээ болот.
V. Айыл чарбасынын өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү
Рыноктук экономикага багытталган айыл чарбасын өнүктүрүү өндүрүштүк инфраструктураларды түзүүнү көздөйт.
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү зооветеринардык жактан тейлөө.
"Ветеринария жөнүндө" мыйзамга ылайык мамлекеттик ветеринардык кызмат малдын жугуштуу ылаңдарынын пайда болушун алдын алуу жана жоюу боюнча иш чараларды өткөрүүнү ветеринардык кызмат кароочу экспорттук жана импорттук товарлар менен жүктөргө мамлекеттик ветеринардык көзөмөл жүргүзүүнү, ветеринардык мыйзамдардын жоболорун юридикалык жана жеке жактардын.ар бир айылды эпизоотияга каршы иш чаралар менен толук камтууну камсыз кылуу аркылуу зооветсервиз кызматынын аны сакташын, ошондой эле малды жасалма кууттан өткөрүүнү камсыз кылат.
Кой көп багылган жерлерде жеке менчик жүн кыркуу көчмө пункттарын түзүү каралууда.Бул мыкты адистерди тартуу менен жүндү эл аралык стандарт боюнча класстарга бөлүүнү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү агрохимиялык жактан тейлөө.
Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча мамлекеттик кызматка айылдык товар өндүрүүчүлөрдү агрохимикаттар менен камсыз кылуу, агрохимиясервис кызматын уюштуруу, бүлүндүрүүчү оорулар менен отоо чөптөрдүн кесепетинин алдын алуу, пестициддерди колдонуунун тартибин сактоо үчүн мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүү, химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча агрохимиялык препараттарды, айыл чарба продукциясын сертификациялоону жүргүзүү, жеке жана юридикалык жактардын агрохимиялык ишмердигине лизенция берүү, пестициддерди каттоодон өткөрүү, өзгөчө коркунучтуу бүлүндүргүчтөргө, өсүмдүктөрдүн оорусуна, отоо чөптөргө, каршы күрөшүү агрохимиялык сервистин кызматы өңдүү милдеттер жүктөлөт.
Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча мамлекеттик кызмат өз ишмердигинде өзгөчө коркунучтуу бүлүндүргүчтөргө, оорууга, отоо чөптөргө, саранчыларга каршы күрөшүүгө, химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо кызматын эң жаңы аппаратуралар жана лабораториялык жабдуулар менен жабдууга өзгөчө көңүл бурат.
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү техникалык жактан тейлөө.
Айылдык товар өндүрүүчүлөргө өндүрүштүк-техникалык кызмат көрсөтүү системасын өркүндөтүү жана аларды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу максатында үйлөп-желимдөө, ширетүү, токардык, көзөө, жыгач уста жана башка иштерди аткаруу боюнча айыл,кыштактарда өндүрүш участкаларын жана цехтерди ачуу.дыйкан жана фермер чарбаларын техника.запастык бөлүктөр жана ремонттоочу материалдар менен камсыз кылуу үчүн майда фирмалык дүкөндөрдү жана соода пункттарын, механикалык мастерскойлордун, нефтебазалардын жана чарбалардын башка өндүрүш объектилеринин базасында май куюучу станцияларды уюштуруу жолу менен техникалык сервистик тейлөө тармактары, ошондой эле альтернативдик жеке менчик сервис кызматтары өнүгө баштайт.
VI. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн артыкчылыктары
Кайра иштетүү өнөр жайы республиканын өнөр жайынын артыкчылыктуу тармактарынын бири болуп саналат. Жакынкы келечекте мындай абал сактала бермекчи, анткени өндүрүлгөн өнөр жай продукцияларынын көлөмүнүн 30 проценти жана экспорттолгондордун 25 проценттен ашыгы мына ушул тармакка тиешелүү.
Мурда кайра иштетүү өнөр жайы продукциянын жана анын жасалгаланышынын сапатына анчалык талап коюлбаган рынокко негизденип келген. Союздук системанын кыйрашы менен атаандашууга жөндөмсүз, калк анчалык талап кылбаган продукцияларды чыгаруу экономикалык жактан чыгашалуу боло баштады. Өнөр жайынын көпчүлүк ишканалары бир же чектелген продукциянын ассортиментин чыгарууга долбоорлоштуруп ошол багытта курулган. Продукцияны жасалгалоо Батыш өлкөлөрүнүн үлгүлөрүнөн ого эле көп артта калууда, ал турсун экологиялык жактан таза деген сертификаты турса да кардарлар албай жатат. Ошондуктан, бизде чыгарылып жаткан продукция сырткы рынокту мындай коелу чет өлкөлүк продукцияга жык толгон ички рыноктун конкуренциясына да туруштук бере албай жатат. Айыл чарба продукцияларын өндүрүштүн кайра иштетүүнү арттыруу үчүн тармакты түп тамырынан бери модернизациялоо, жаңы профилге өткөрүү, жабдуу эң актуалдуу маселелерден болуп саналат жана республиканын экспорттук мүмкүнчүлүгүн көтөрөт.
Республиканын сырьелук мүмкүнчүлүгүн натыйжалуу пайдалануу, кубаттуулукту пайдалануунун коэффициентин көтөрүү, реконструкциялоо, өндүрүштүн кубаттуулугун модернизациялоо үчүн инвестициялык климатты түзүү жана продукциянын сапатын көтөрүү максатында жаңы технологияны киргизүү тармактын негизги милдеттеринен болуп саналат. Бул милдеттерди чечүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 28-ноябрындагы N 554 ток- тому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн концепциясында каралган мөөнөттө жана шарттарда ишке ашырылат.
Тармакты андан ары өнүктүрүү конкурентке жөндөмдүү, сапаттуу продукцияларды чыгаруу үчүн чарбакер субъектилерди техникалык жактан жабдууга жана кайра багыттоо жолу менен өндүрүштүн туруктуу өсүшүн камсыз кылууга, тармакты структуралык жактан кайра курууга багытталууда.
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын ишканаларын техникалык жактан кайра жабдууга жана жаңыларын курууга ишкерлердин кызыгуусун көтөрүү үчүн мамлекеттик деңгээлде республикага ташылып келинген технологиялык жабдууларга жана алардын запастык бөлүктөрүнө бажы жыйымын алуудан бошотуу жөнүндөгү маселени чечүү зарыл.
Кайра иштетүүчүлөрдүн жана товар өндүрүүчүлөрдүн өз ыктыярдуу ассоциацияларын уюштуруу жолу менен чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүүчү бирдиктүү саясатты жүргүзүү жана айыл чарба продукциясын айдоодон даяр продукция чыгарууга чейинки технологиялык жолду түзүү аркылуу тармак өнүгүүгө ээ болот.
Экспорттук мүмкүнчүлүктү бекемдөө үчүн дүйнөлүк стандартка таянуу менен сырьего жана даяр продукцияга тийиштүү өкүм сүргөн мамлекеттик стандартты кайра карап чыгуу зарыл.
Бир жагында өндүрүүчүлөр менен кайра иштетүүчүлөр, экинчи жагында керектөөчүлөр ортосундагы рыноктук байланыштарды түзүү жана жөнгө салуу сырьелорду сатып өткөрүү жана даяр продукция үчүн уюмдарда, регионалдык биржаларда, дүң рынокторунда жана акционердик соодаларда маркетингдик кызматты түзүү аркылуу камсыз кылынат.
Тармактын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү үчүн чет элдик жана ички инвестициялар жана кредиттер пайдаланылат.
VII. Суу чарбасын өнүктүрүү жана суу ресурстарын пайдалануу
Айдалуучу жерлердин башкы стратегиялык багыттары - бул төмөндөгүлөрдүн негизинде суу чарба базаларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү болуп саналат:
- уюштуруу структурасын реформалоо жана башкаруу системасын децентрализациялоо, мамлекеттик баланста ири суу сактагычтарды, түйүндөрдү, курулмаларды, райондор аралык магистралдык каналдарды жана насос станцияларын калтыруу менен айылдык суу керектөөчүлөрдүн, алардын ассоциацияларынын жана бирикмелеринин жеке менчигине мамлекеттик ирригациялык системанын кыйла бөлүгүн берүү;
- суу объектилерин күтүү жана кайтаруу үчүн келишимдик негизде сууну пайдалануунун жана сууну керектөөнүн (мамлекеттин ичинде сыяктуу эле, мамлекеттер аралык деңгээлде дагы) иштелип чыккан таасирдүү системасы менен суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга көмөктөшүүчү экономикалык чараларды иштеп чыгуу, өркүндөтүү жана киргизүү;
- эксплуатациялоону андан ары камсыз кылуу үчүн зарыл керектүү нормативдик потенциалды түзүү менен чарбалар аралык жана чарбалык деңгээлдеги ирригациялык инфраструктураны реабилитациялоо;
- андан ары эксплуатациялоону камсыз кылуу, колдо болгон ирригациялык фонддорго колдоо көрсөтүү жана жүргүзүлүп жаткан реформаны өнүктүрүү үчүн сырткы жана ички инвестицияларды тартуу;
- сугаруу жана айдоо түзүлмөлөрүнүн илимий жактан негизделген, техникалык жактан сыналган жана экономикалык жактан үнөмдүү типтүү долбоордук чечимдерин, эң башкысы фермерлердин жана ассоциациялардын ички суу керектөөлөрү жана суу пайдалануулары үчүн иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- суу чарба системасынын тийиштүү техникалык абалында колдо бар айдоо жерлерин толук өздөштүрүү жана иштеп жаткан айдоо режимин камсыз кылуу;
- суу керектөөчүлөрдүн ассоциациясынын экономикалык өз алдынчалыгын мүмкүн болушунча көтөрүү аркылуу акырындап кыскартылуучу мамлекеттик дотация;
- инвестициялык жана каржылоонун ички булактарынын эсебинен мамлекеттик ирригациялык тармактарга бардык реабилитациялык иштердин биринчи кезегин аяктоо;
- суу керектөөнүн көлөмүн жалпысынан республика боюнча керектөөнү толук камсыз кылуу менен тийиштүү деңгээлге жеткирүү;
- айдоо жерлеринин жана суу чарбасынын мыйзамдык базаларын төмөндөгүлөрдү эске алуу менен өркүндөтүү:
а) Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын пайдалануу боюнча келишимдик экономикалык мамлекеттер аралык мамиле;
б) суу керектөөчүлөрдүн ассоциациясын, алардын райондук жана бассейндик бирикмелерин, алардын менчигине мамлекеттик ирригациялык фонддун бир кыйла бөлүгүн бекер берүү менен түзүүнү аяктоо;
в) суу чарбасынын бардык өндүрүштүк бассейндик башкармасын чарбалык эсептеги принципте иштөөгө өткөрүү;
г) суу берүү үчүн акы төлөп кызмат көрсөтүү тарифин суу объектилерин жана суу чарба курулмаларын күтүүгө жана эксплуатациялоого кеткен чыгымдарды толук жабууну камсыз кылуучу деңгээлге чейин кайра карап чыгуу.
Суу ресурстарын бир кыйла толук пайдаланууну ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүүчү бүткөрүлө элек төмөндөгү суу чарба курулуш объектилерин ишке киргизүү, Чүй суусунан агып түшкөн агындыларды топтоштурган Түштүк БЧК, Кара-Буу суу сактагычы, Түштүк Талас каналы, Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычы алып өткөрүлгөн Чүй каналынын экинчи кезеги жана башкалар жана колдо бар мелиоративдик фонддордун эсебинен айдалуучу жерлерди кеңейтүү.
VIII. Тышкы экономикалык ишмердик жана чет элдик инвестиция
Соңку жылдарда айыл чарба тармагындагы тышкы экономикалык ишмердик жана айыл чарба өндүрүшүнүн керектөөлөрү үчүн чет элдик инвестицияларды тартуу өзүнүн өнүгүшүнүн жаңы чегине көтөрүлдү. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө айыл чарба продукциясын экспорттоо 1996-жылга салыштырганда 1997-жылы болжол менен 12 процентке көбөйдү Айыл чарба продукцияларын экспорттоонун үлүшү туруктуу түрдө импорттон ашып жатат.
Айыл чарбасынын тышкы экономикалык ишмердигин өнүктүрүү КМШга катышкан мамлекеттер менен эки тараптуу жана көп тараптуу байланыштарды кеңейтүү жана тереңдетүүгө негизденмекчи. Тышкы сооданы кеңейтүү бажы режимин жумшартып, чет элдик инвестицияларды стимулдаштырууну жана кепилдик жасоону камсыз кылууну көздөп жатат. Казакстан жана Өзбекстан республикаларынын айыл чарба продукциялары менен чек аранын жанында дүң соодасын уюштуруу жолу аркылуу экономикалык жана чарбалык байланыштарды жөнгө салуу жана тараптардын макулдашуусу боюнча жеңилдетилген салык алууну киргизүү, ошондой эле Казакстан, Беларусь Республикалары жана Россия Федерациясы менен жалпы агрардык рынокту түзүү жана алар менен эл аралык азык-түлүк консорциумун түзүү.
Тармакта сырттан каржылануучу долбоорлор кеңири пайдаланылат. Бүткүл дүйнөлүк банк каржылаган "Мал чарбачылыгын өнүктүрүү" долбоору ветеринар, маркетинг жана башка кызматтарды менчиктештирүү жана алардын системасын өркүндөтүү, ошондой эле табигый жайыт ресурстарын башкаруу жана сактоо жолу менен мал чарбачылыгынын рентабелдигин көтөрүүнү көздөйт.
"Айыл чарбасында кошумча кызмат көрсөтүү" долбоору айыл чарба изилдөөлөрүндө институциялык өзгөрүүлөрдү жүргүзүү аркылуу, техникалык жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү менен айыл чарбасындагы жеке менчик секторду өнүктүрүүнү карайт.
Өнүгүүнүн Азиялык банкы тарабынан ишке ашырылып жаткан "Айыл чарба секторунда кызмат көрсөтүүнү каржылоо" долбоору жеке менчик секторуна жана чакан бизнестин уюмдарына айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча кредиттерди алууну камсыз кылат "Негизги ирригациялык структураларды жакшыртуу жана суу ресурстарын башкаруу" долбоорун ишке ашыруу бузулган курулмаларды ремонттоону ишке ашырып, эскилиги жеткен гидротехникалык жабдууларды алмаштырып, ошондой эле каналдардын аябай бүлүнгөн бөлүктөрүн калыбына келтирип, соңку учурларда байкалган кемчиликтерди четтетет.
IX. Тармакты башкарууну структуралык жактан кайра куруу
Жер рыногун калыптандыруу жана айыл чарбасын кредиттөөнүн рыноктук системасын түзүү жолу менен республикадагы жер жана агрардык реформа аякташы керек.
Кыска мөөнөттө укуктук базаны түзүү жана өркүндөтүү, менчиктештирүүнү ишке ашыруунун механизмин иштеп чыгуу, жеке менчик чарбаларды уюштуруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, рынок мамилелерди, фирмалык чекене соода базаларын кеңейтүүнүн негизинде тийиштүү инфраструктураларды калыптандыруу жана өнүктүрүү, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү тейлөө үчүн товар сатып алуучу фирмаларды, товардык биржаларды, дүң рынокторун, маркетинг жана сервис кызматтарын түзүү реформанын мындан аркы милдеттеринен болуп саналат.
Келечекте айыл чарбасына керектүү жерлерди пайдалануу үчүн жер-укуктук мамилелер жана мамлекеттик көзөмөл боюнча нормативдик-укуктук документтерди иштеп чыгуу аякталат.
Өзүнүн маанилүүлүгүнө жараша жеке сектордун кеңири катышуусу менен айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани бурулат.
Республиканын бардык мамлекеттик айыл чарба уюмдары айыл жана суу чарба министрлигинин түздөн-түз карамагына өткөрүлөт. Бир жылдын ичинде айыл чарбасын өнүктүрүүдө алардын орду жана ролу аныкталып, көрсөтүлүүчү кызмат үчүн алардын жоопкерчилиги күчөтүлөт. Алардын тизмеси жана ишмердиги айыл жана суу чарба министрлиги тарабынан катуу көзөмөлгө алынат. Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү менен алекеттенген чарбакер субъектилердин ишмердигин өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү караган эрежелер жана нормаларга ылайык иретке келтирүү жолу менен жөнгө салынат. Ошондой эле айыл чарба продукцияларын ташып жеткирүү, сатып алуу жана сактоо боюнча агробизнес уюмдарынын ишмердигин жөнгө салуучу нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жүзөгө ашырылат. Айыл чарба продукцияларынын сапатын, аларда керексиз заттардын тийиштүү өлчөмүн аныктоо мамлекеттик лабораторияларда жүргүзүлөт, кийин алардын функциясы мамлекеттик лицензия алган техникалык жактан компетенттүү, белгиленген тартипте аккредиттештирилген жеке менчик лабораторияларга өткөрүлүп берилет.
Тармакты башкарууда кайталабоону четтетүү максатында айыл чарбасы боюнча борбордук жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын ишмердиги ажыратылып бөлүнөт.
Жергиликтүү айыл чарба органдарынын негизги милдети өзүнүн компетенциясынын чектеринде өндүрүштүк жана технологиялык маселелерди чечүү, айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн керектөөлөрүн иликтөө жана чечим кабыл алуу болуп саналат. Республикалык деңгээлде чечилүүнү талап кылган маселелер жана проблемалар боюнча алар сунуштарын даярдап, айыл жана суу чарба министрлигинин кароосуна коет.
Айыл жана суу чарба министрлигинин милдети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка нормативдик документтеринде аныкталган чектерге ылайык, агрардык жана суу саясатын, тармактагы инвестициялык программаларды иштеп чыгуу, жаңы технологияларды, сортторду, жаныбарлардын тукумун киргизүү, тышкы-экономикалык ишмердик жана мониторингди ишке ашыруу, балык чарбасын жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү, эпизоотияга каршы, коргоочу жана. карантин иш чаралары боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыруу, мамлекеттик инспекциялык иштерди жүргүзүү болуп саналат. Келечекте республикада өкмөттүк эмес фермердик өз ыктыярдуу уюм түзүлөт. Бардык өкмөттүк эмес уюмдарды башкаруу демократиялык негизде жүргүзүлүшү тийиш, алардын Кеңешинин (Башкармалыгынын) мүчөлөрүнүн 50 проценттен кем эмесин түздөн-түз айыл чарба өндүрүшүндө иштеген жана айыл жерлеринде туруктуу жашаган фермерлер түзүшү керек.
Мамлекеттик айыл органдары алар менен кызматташууга тийиш жана укуктары (добушу) алар менен тең болуусу керек. Мамлекеттик органдар аларга айрым функцияларын тапшырууга же берүүгө укугу бар, тараптардын макулдугу боюнча тапшырма берүүгө, ошондой эле тапшырманын талаптарын аткарууга жана түзүлгөн макулдашууда каралса, бөлүнгөн каражаттарды пайдаланууга көзөмөлдү ишке ашырууга укугу бар.
Айылдык калктуу пункттарда тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жайынын чакан жана орто ишканаларын, чакан өндүрүштүн тармагын фермер чарбасын түзүү жана дыйкан чарбаларынын кирешелүүлүгүн көтөрүүгө багытталган жеке менчик фермерлер үчүн уюштуруучулук жана окутуу иштерин жүргүзүү боюнча консультация берүүнүн улуттук кызматын уюштуруу аркылуу айыл калкын жакырчылыктан чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлөт.
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 8-июлундагы N 450 токтому менен бекитилген |
1998-2001-жылдарда айыл чарбасын өнүктүрүүнүн Концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча ИШ ЧАРАЛАР
N | Иш чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2 | 3 | 4 |
1 | Дан эгиндерин өндүрүүнү интенсификациялоо жана агротехниканы сактоо, өнөр жайлык дан эгиндеринин жана өнөр жайынын сырьего болгон республиканын калкынын керектөөсүн, ошондой эле мал чарбачылыгын тоют эгини менен толук камсыз кылуу үчүн анын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу | 2000-2001-жылдар | Айыл жана суу чарба министрлиги областтык жана райондук мамадминистрация |
2 | Фабрикалык кант кызылчасынын аянтын 15,0 миң гектарга чейин кеңейтүү жана анын түшүмдүүлүгүн гектарына 230 центнерге чейин жогорулатуу | 2001-жылга карата | Айыл жана суу чарба министрлиги, Чүй областтык жана райондук мамадминистрация |
3 | Пахта айдоонун аянтын кеңейтүү, алдыңкы технологияны киргизүү жана аны республиканын негизги экспорттук өсүмдүгүнүн бирине айландыруу | 2001-жылга карата | Айыл жана суу чарба министрлиги жана Ош жана Жалал-Абад областтык, райондук мамадминистрация |
4 | Тамеки өндүрүүнүн көлөмүн өстүрүү жана даяр тамеки затын экспортко чыгарууну көбөйтүү максатында сигарет фабрикасынын курулушун долбоорлоону ишке ашыруу | 2001-жылга карата | Айыл жана суу чарба министрлиги, Ош, Жалал-Абад, Талас областтык жана райондук мамадминистрация |
5 | Экспорттук максаттар үчүн картошканы кайра иштетүүнү кеңейтүү | 2001-жылга карата | Айыл жана суу чарба министрлиги, областтык жана райондук мамадминистрация |
6 | Багып өстүрүүнүн агротехникасын өркүндөтүү, жашылча, багванчылык, жер-жемиш жана мөмө өсүмдүктөрүнүн, ошондой эле жүзүмдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн мол түшүмдүү сортторду чыгаруу, алдыңкы практикаларды жана тажрыйбаларды колдонуу | 2001-жылга карата | Айыл жана суу чарба министрлиги, Кыргызагрардык академиясы, областтык жана райондук мамадминистрация |
7 | Айыл чарба өсүмдүктөрүнөн жогорку түшүмдү алуу үчүн агрохимкартограмманын талаптарына ылайык минералдык жер семирткичтерди пайдаланууну камсыз кылуу | 2001-жылга карата | Айыл жана суу чарба министрлиги, областтык жана райондук мамадминистрация |
8 | Топоздун, койдун, эчкинин санын 4,4 миллионго, жылкыны - 320,0 миңге, чочкону - 115,0 миңге кескин көтөрүү менен ири бодо малдын санын 90,5 миң башка жеткирүү | 2001-жылга карата | Айыл жана суу чарба министрлиги, областтык жана райондук мамадминистрация, мал чарбачылыгынын өкмөттүк эмес уюмдары |
9 | Таза кандуу асыл тукум күлүктөрүн жана экспортко спорт жылкыларын көбөйтүү үчүн инвестицияларды тартуу | 1998-2001-жылдар | Айыл жана суу чарба министрлиги, мамлекеттик эмес уюмдар |
10 | Алардын санын 1500гө жеткирүү менен жер-жерлерде жеке менчик зооветсервистин пункттарын уюштуруу | 1998-2001-жылдар | Айыл жана суу чарба министрлиги, областтык жана райондук мамадминистрация |
11 | Товардык балыктарды өндүрүүнү көбөйтүү максатында көлмө чарбаларынын, көлчөлөрдүн колдо болгон кубаттуулугун өздөштүрүү | 1998-2001-жылдар | Айыл жана суу чарба министрлиги |
12 | Чет элдик инвесторлор менен кооперациялашуу негизинде колдо бар үй канаттуулар заводун реконструкциялоо жана тоок эти менен жумуртканы өндүрүү | 1998-2001-жылдар | Айыл жана суу чарба министрлиги |
13 | Кайра иштетүүчү ишканалар менен бирге айыл чарба сырьелорун өндүрүүчүлөрдүн тармактык ассоциациясын түзүү | 1998-1999-жылдар | Айыл жана суу чарба министрлиги |
14 | Айыл чарба продукцияларынын дүң соодасын уюштуруу, чарбакер субъектилердин дүң-даярдоочу тармактарын түзүү | 1998-1999-жылдар | Айыл жана суу чарба министрлиги |
15 | Чыгым тартып иштеген кайра иштетүүчү ишканалардын банкротко, санацияга тушугуу процессин тездетүү жана жоюу | 1998-1999-жылдар | Айыл жана суу чарба министрлиги |
16 | Тамак-аш продуктуларынын бардык түрлөрүн өндүрүү укугуна лицензия берүүнү киргизүү жолу менен калктын ден соолугун сактоону камсыз кылуу | 1998-1999-жылдар | Айыл жана суу чарба министрлиги |
17 | Кайра иштетүүчү ишканаларда маркетингдик кызматтарды түзүү жана өркүндөтүү | Дайыма | Айыл жана суу чарба министрлиги, областтык мамадминистрация |
18 | Сырьенун жергиликтүү түрлөрүнөн (ит мурун, барбарис, алча, чычырканак ж.б.) консерва продукцияларын өндүрүүнү көбөйтүү үчүн жапайы жер-жемиштерин жана мөмөлөрүн жыйноо жана даярдоону уюштуруу | 1998-1999-жылдар | Айыл жана суу чарба министрлиги, областтык жана райондук мамадминистрация |
19 | Коньяк спиртин алууга жарактуу жүзүмдү өстүрүү үчүн Баткен жана Лейлек райондорунун жүзүм чарбасын адистештирүү | 1998-1999-жылдар | Айыл жана суу чарба министрлиги, Лейлек жана Баткен райондорунун мамадминистрация |
20 | Тараптардын макулдугу боюнча Казакстан жана Өзбекстан Республикалары менен чек аранын жанында дүң соодасын уюштуруу. Россия, Казакстан жана Өзбекстан менен жалпы агрардык рынокту түзүүгө көмөктөшүү | 1998-жыл | Айыл жана суу чарба министрлиги |
21 | Чарбанын инфраструктурасына жана жабдуусуна инвестицияларды салуу аркылуу жер жана агрардык реформа программасын колдоо | 2000-жыл | Айыл жана суу чарба министрлиги, областтык мамадминистрация |
22 | Айыл чарба изилдөөлөрүн өткөрүүдө, техникалык жана консультациялык кызмат көрсөтүүдө институциялык мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө аркылуу айыл чарбасында натыйжалуу жеке менчик секторду өнүктүрүү | 2000-жыл жана андан ары | Айыл жана суу чарба министрлиги, областтык мамадминистрация |
23 | Айыл чарбасындагы жеке менчик секторуна кредит берүү жана инвестициялоо системасын түзүү жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча чакан бизнести уюштуруу | 2000-жыл жана андан ары | Айыл жана суу чарба министрлиги, областтык мамадминистрация |
24 | Негизги ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу жана суу ресурстарын башкаруу | 2000-жыл жана андан ары | Айыл жана суу чарба министрлиги, областтык мамадминистрация |
25 | Бюджеттик уюмдардын жаңы функцияларын жана милдеттерин иликтөө жана аныктоо, рыноктун шартында алардын иштешин жакшыртуу максатында алардын ишмердигинин мониторингин ишке ашыруу | 1998-2000-жылдар | Айыл жана суу чарба министрлиги |
26 | Мамлекеттик айыл чарба ишканаларынын, 50 проценттен ашык мамлекеттик үлүшү бар акционердик ишканалардын тизмесин тактоо жана аларды айыл жана суу чарба министрлигинин түздөн-түз баш ийүүсүнө өткөрүп берүү | 1998-1999-жылдар | Айыл жана суу чарба министрлиги |
27 | Бирдиктүү улуттук айыл чарба консультациялык кызматын түзүү жана фермерлер менен айылдык ишкерлерди окутууну жана консультация берүүнү уюштуруу | Дайыма | Айыл жана суу чарба министрлиги, областтык жана райондук мамадминистрация |
28 | Республикалык бюджеттик каражаттардын эсебинен мамлекеттик ветеринардык, башка көзөмөлдөөчү кызматтарды каржылоо жөнүндө сунушту даярдоо | 1999-2000-жылдар | Айыл жана суу чарба министрлиги, областтык жана райондук мамадминистрация |
29 | Мамлекеттик жана башка чарбакер субъектилерде, алардын базасында жеке менчиктин ар түрдүү формаларындагы фермердик жана бириккен дыйкан чарбаларын, кооперативдерин, акционердик коомдорун жана башка чарбаларды түзүү жолу менен агрардык жана жер реформасын жүргүзүү | 1998-2000-жылдар | Мамжергеодезия |
30 | Жер участокторун пайдалануу укугу менен рынокту түзүү үчүн мыйзам базасын иштеп чыгуу | 1998-2000-жылдар | Мамжергеодезия |
31 | Айыл чарбасына жарактуу жерлердин фондусунун өлчөмүн тактоо жана аларды үрөнчүлүк, асыл тукум, чакан сүт товар фермалары жана башка чарбакер субъектилердин пайдаланышына көзөмөлдүктү ишке ашыруу | 1998-1999-жылдар | Мамжергеодезия |