Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 27-декабры N 728
"2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруу жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы N 593 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда айыл калкынын социалдык маселелерин чечүү, сугат дыйканчылыгын өнүктүрүү жана ирригациялык объекттердин курулушун жаңылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрында N 593 токтому менен бекитилген 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруу жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү программасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 14-глава менен толукталсын:
"14. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы
"Буйга" каналын куруу
Бул объекттин долбоордук-сметалык документациясы 5 айыл кеңешинин калкын сугат жана ичүүчү суу менен камсыздоо максатында "Кыргызсуудолбоор" долбоордук конторасынын Ош филиалы тарабынан 1983-жылы иштелип чыккан. Сметалык наркы 7,6 млн.рублди түзгөн. Бул каналды куруу 1988-жылы башталган, 1991-жылдан тартып консервацияланып турат. Курулуш башталгандан тартып 1,7 млн.рубль суммасына иштер аткарылган. Каналдын жалпы узундугу - 30,4 км. Каналдын курулушу бүткөндөгү иштердин болжолдуу наркы 200,0 млн. сомду түзөт.
Бул каналдын курулушун аяктоо келечекте сугат жерлердин 5,0 миң гектардан ашык көбөйүшүнө мүмкүндүк берет.";
- 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруу жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү программасына тиркемеде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:
"
┌──┬────────────┬───────────┬─────────┬─────┬───────┬─────┬─────┬─────┐
│14│Ош облусунун│Объектти │0,222 ПВ │ 200 │ 60 │ - │ 20 │ 40 │
│ │Кара-Кулжа │изилдөө │0,1 сугат│ │ │ │ │ │
│ │районундагы │ │ │ │ │ │ │ │
│ │"Буйга" │ │ │ │ │ │ │ │
│ │каналын │ │ │ │ │ │ │ │
│ │куруу │ │ │ │ │ │ │ │
└──┴────────────┴───────────┴─────────┴─────┴───────┴─────┴─────┴─────┘
";
- 4-пунктта:
"Бардыгы 2008-2010" графачасындагы "120" деген цифралар "110" деген цифралар менен алмаштырылсын;
"2009" графачасындагы "50" деген цифралар "40" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 8-пунктта:
"Бардыгы 2008-2010" графачасындагы "220" деген цифралар "210" деген цифралар менен алмаштырылсын;
"2009" графачасындагы "70" деген цифралар "60" деген цифралар менен алмаштырылсын:
- 9-пунктта:
"Бардыгы 2008-2010" графачасындагы "160" деген цифралар "120" деген цифралар менен алмаштырылсын;
"2010" графачасындагы "100" деген цифралар "60" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте жогоруда аталган Программага киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов