Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 106 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-ноябры № 625
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жободо:
29-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Эгерде мындай салык төлөөчү бюджетке салыктарды төлөөнүн тандалып алынган салык режими жөнүндө арызын салык органына бербесе, салык органы тарабынан салыктарды жалпы негиздерде төлөө режими коюлган салык төлөөчүнүн каттоо картасы толтурулат.
Салык төлөөчүнүн каттоо картасынын биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык төлөөчүгө кол койдуруу менен тапшырылат же заказдык кат менен жиберилет.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |