Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-ноябры № 629
"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде ушул мыйзамдын долбоору каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 87-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
2) I бөлүмдүн аталышындагы "I бөлүм" деген сөз "1-глава" деген сөз менен алмаштырылсын;
3) 3-статьяда:
а) 1-бөлүктүн 1) пунктундагы "өрт коопсуздугу" деген сөздөр "өрттү алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1-1) пункт менен толукталсын:
"1-1) өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан;";
4) 4-статьядагы "өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "өрттү алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү, өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-статья. Өрт коопсуздугун сактоо боюнча мамлекеттик өрт көзөмөлү
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын өрт коопсуздугун сактоосуна мамлекеттик өрт көзөмөлү өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.";
6) 6-статьянын 1-бөлүгүнүн 2) пункту "өрттү өчүрүү" деген сөздөрдөн кийин "жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 8-статьянын 1-бөлүгүндө:
а) 1) пункту "өздөрүнө баш ийген ведомстволук объектилерде" деген сөздөрдөн кийин "жана/же аймактарда" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3) пункту "иштелип жаткан" деген сөздөрдөн кийин "техникалык регламенттердин долбоорлору" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 10-статьяда:
а) 1-бөлүгүндөгү "өрттөн сактоо кызматына" деген сөздөр "өрткө каршы мамлекеттик кызматка" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бардык үй ээлери жана батир ээлери өрт коопсуздугу кызматынын кызмат адамдарына өндүрүштүк, турак жай жана көмөкчү жайлардын аймактарында өрттү алдын алуу иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк түзүп берүүгө милдеттүү.";
9) 11-статьяда:
а) 1-бөлүктүн 1) пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
өрттү алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан, ошондой эле ыктыярдуу төлөмдөрдөн жана мыйзам менен тыюу салынбаган башка каражаттардан;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1) пункт менен толукталсын:
"1-1) өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - мамлекеттик бюджеттин каражатынан;";
10) 12-статьянын 1-бөлүгүндөгү "өрт коопсуздугу" деген сөздөр "өрттү алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11) II бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-глава. Өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышына мамлекеттик өрт көзөмөлү жана мамлекеттик өрткө каршы алдын алуу";
12) 14-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-статья. Мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн жана өрт коопсуздугуна контролдун негизги милдеттери
Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик өрт көзөмөлү өзүнө төмөнкү негизги милдеттерди камтыйт:
1) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын, кызмат адамдарынын, жеке менчик ээлеринин жана жарандардын ушул Мыйзамдын, өрт коопсуздугу жагындагы башка мыйзамдардын, техникалык регламенттердин, стандарттардын, ченемдердин жана эрежелердин талаптарын аткаруусун көзөмөлдөө жана контролдоо;
2) мамлекеттик органдарга жана элге чарбалык объекттердин жана калктуу пункттардын өрт коопсуздугунун абалы, жүргүзүлгөн көзөмөлдөө иш-чараларынын жыйынтыгы жөнүндө маалымат берүү;
3) кызыкдар юридикалык жана жеке жактар менен биргеликте товарлардын, иштердин жана кызматтардын өрт коопсуздугун контролдоо.".
13) төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-статья менен толукталсын:
"14-1-статья. Мамлекеттик өрткө каршы алдын алуунун негизги милдеттери
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик өрткө каршы алдын алуу өзүнө төмөнкү негизги милдеттерди камтыйт:
1) өз алдынча же кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, мекемелер жана уюмдар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн ишин жүргүзүүчү бардык жеке жана юридикалык жактар аткарууга милдеттүү болгон өрт коопсуздугу жаатындагы стандарттардын, ченемдердин жана эрежелердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
2) өрт коопсуздугу тармагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү координациялоо жана уюштуруу;
3) ведомстволук жана ыктыярдуу өрттөн сактоо кызматтарынын түзүмдүк бөлүктөрүнө жана уюмдарына өрттү алдын алуу иштерин жана күжүрмөн даярдыгын уюштурууга жардам көрсөтүү;
4) өрткө каршы ченемдерди чыгаруу, жеке жана юридикалык жактар расмий кайрылганда объекттерди куруунун, реконструкциялоонун жана арналышын өзгөртүүнүн долбоордук документтерин макулдашып, тийиштүү мыйзамдарга, техникалык регламенттерге, стандарттарга, ченемдерге жана эрежелерге ылайыктыгы тууралуу корутунду берүү;
5) жеке жана юридикалык жактар расмий кайрылганда материалдарга, түзүлүштөргө, агрегаттарга, жабдууларга, өрткө каршы автоматтык системаларга, курулуп, реконструкцияланып, арналышы өзгөртүлүп жаткан имараттарга жана курулмаларга, эксплуатацияланып жаткан имараттар менен курулмаларга тийиштүү мыйзамдардын техникалык регламенттердин, стандарттардын, өрт коопсуздугунун ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына ылайыктыгы тууралуу корутунду берүү;
6) өрт чыккан учурда жайларды, имараттарды, курулмаларды, түзүлүштөрдү жана агрегаттарды өрттөн жана өрттө күйүүнүн продуктуларынан автоматтык коргоо каражаттарын жана системаларын киргизүү боюнча иштерди жүргүзүү;
7) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, уюмдар жана ишканалар менен биргеликте алардын күчтөрүн жана каражаттарын өрт өчүрүүгө жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүүгө тартуунун тартибин иштеп чыгуу;
8) региондорду, аймактарды, тармактарды жана облустагы ишканаларды өрттүн алдын алуу жана өчүрүү жаатында комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгууга катышуу;
9) Кыргыз Республикасынын аймагындагы элдин өмүрүн, ден-соолугун, калктуу пункттарды жана материалдык баалуулуктарды өрттөн сактоо максатында өрттүн алдын алууну уюштуруу.".
14) 15-статьяда
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-статья. Өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүргүзүүчү кызмат адамдары";
б) 1-бөлүгүндөгү "өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
15) 16-статьяда:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-статья. Өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүргүзүүчү кызмат адамдарынын укуктары";
б) 1-бөлүктүн 2) пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-бөлүктө:
1) биринчи абзацтагы "мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн" деген сөздөр "өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 1) пункт төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын турак жай фондуна тиешелүү объекттерден башка объекттерди ведомстволук тиешелүүлүгүнө карабастан өрт коопсуздугун текшерип, анын жыйынтыгы боюнча ушул Мыйзамдын, тийиштүү техникалык регламенттердин, өрт коопсуздугунун ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарын аткарууга эскертүүлөрдү, көрсөтмөлөрдү берүүгө;";
3) жана 5) пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
16) төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-статья менен толукталсын:
"16-1-статья. Өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү жагындагы кызмат адамдарынын укуктары
Ыйгарым укуктуу мамлекеттир органдын өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү жагындагы кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өрткө каршы иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн, өрттүк-техникалык экспертиза жасоо үчүн, ал эми зарыл учурларда - өрт коопсуздугунун стандарттарынын, ченемдеринин жана эрежелеринин аткарылышын контролдоо боюнча ишке катышуу үчүн илимий изилдөөчү жана долбоорлоочу уюмдардын адистерин, объекттердин инженердик-техникалык жана башка кызматкерлерин ишке тартууга;
2) техникалык регламенттерге, стандарттарга жана техникалык шарттарга киргизилүүчү өрт коопсуздук талаптарын макулдашууга;
3) өрттөр жана өрт коопсуздугунун эрежесин бузгандык жөнүндө иштер боюнча тергөөлөрдү, өрттүн себептерин белгиленген тартипте техникалык иликтөө иштерин жүргүзүүгө, алардын жыйынтыгы боюнча милдеттүү түрдө аткарылуучу чечимдерди кабыл алууга;
4) өрттү өчүрүү жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу зоналарында транспорттук каражаттардын жүрүүсүн жана жарандардын кирүүсүн чектөө боюнча чараларды көрүүгө.";
17) III бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-глава. Өрт өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча жалпы жоболор";
18) 17-статьяда:
а) аталышы жана бүткүл тексти ар түрдүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "өрт өчүрүү" деген сөздөрдөн кийин тийиштүү жөндөмөдөгү жана сандагы "жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-бөлүктөгү "мамлекеттик өрткө каршы кызматтын" деген сөздөр "өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
19) 18-статьяда:
а) ар түрдүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "өрт өчүрүү" деген сөздөрдөн кийин тийиштүү жөндөмөдөгү жана сандагы "жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өрттү өчүрүүдө жана кырсыктан-куткаруу иштерин жүргүзүүдө аскер кызматчыларын жана өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерин уюштуруунун жана ишти жүргүзүүнүн тартиби өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.";
в) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
20) 19-статьянын аталышы "өрт өчүрүү мезгилиндеги" деген сөздөрдөн кийин "жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүүдөгү" деген сөздөр менен толукталсын;
21) 20-статьядагы "өрт коопсуздугу" деген сөздөр "өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
22) IV бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-глава. Өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү, ошондой эле өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын социалдык-укуктук кепилдиктери";
23) 21-статьянын аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча "өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү" деген сөздөр "өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү жаатындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
24) 21-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
21-1-статья. Өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каза болгон же майып болгон аскер кызматчылары жана кызматкерлери курман болгон же майып болгон учурдагы мамлекеттик камсыздандыруу жана зыяндын ордун толтуруу
Өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле өрт коопсуздугун көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери жана аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө мамлекеттик камсыздандырууга алынууга тийиш.";
25) V бөлүмдүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-глава. "Өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын камсыздандыруучу уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү";
26) 22-статьяда:
а) аталышындагы "өрт коопсуздугу" деген сөздөр "өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндөгү "мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн республикалык, аймактык, жергиликтүү органдарынын" деген сөздөр "өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү жаатындагы аймактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 4-бөлүгүндөгү "өрт көзөмөлү органдары" деген сөздөр "өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
27) VI бөлүмдүн аталышындагы "VI бөлүм" деген сөз "6-глава" деген сөз менен алмаштырылсын;
28) 23-статьядагы "мамлекеттик өрт көзөмөлү органдары" деген сөздөр "өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
29) VII бөлүмдүн аталышындагы "VII бөлүм" деген сөз "7-глава" деген сөз менен алмаштырылсын;
30) 25-статьяда:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери аларга алдын алуу боюнча жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.";
б) 2-бөлүгүндөгү "үчүн алардын жетекчилери керт башы менен," деген сөздөр "тийиштүү кызмат адамдарына жана юридикалык жактарга жүктөлөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айдын ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти